Ойлоно берип нервим чарчады Ойлоно берип нервим чарчады
#1 17 Март 2017 - 03:52
Менин азыркы турмушум экинчиси.Биринчи турмушума ата энем берип коюшкан.Бала деле мен сыяктуу.Ажырашып тындык аз убакыт жашап.Арадан убакыттар өтуп азыркы жолдошума жолуктум.Мунун деле экинчи турмушү бирок уулу бар.Чет жерде журуп уйлөндук кичине тойчо кылып.Боюмда болду.Жети ай болгондо Кыргызстанга бардык.Жети айыма чейин иштедим жумушум жакшы болчу анан калса акчадан кыйналбайлы дедим.Барып 2айдан кийин уул төрөдум.Кыркымды чыгарганы апам алып кетти.Баардык нерсемди апам алып берет чындыгында жолдошумду аядым.Акчадан кыйналып турган.Бир жолу келди уйгө телефонунан кыздар менен суйлөшкөнүн билип калдым.Одноклассникте укмуш жазышыптыр бир кыз менен.Жолугушуп жүргөнүн да билдим.Андан кийин эле башка кызы чалганын байкадым,трубканы мен алдым мен жубайы болом деп айтсам тушунбөйт сөгунуп.Апамдын уйундө болгонум учун унчукпадым.
Болду кылаар дедим.Кыркымды чыгарып алып кетти.Кайын журттума таштап өзу Москвага келе берди иштегени.Мен калдым бала менен.Балам да ыйлаак болду.Түнү уктабайт,күндүзү уктайт.Арыктап аябай кыйналдым.кайын энемдин кызматтын кылып журө бердим.Арадан 10 ай өтту.Бир күнү вацаптан сурөт келди.Жолдошум бир кызды өбуп тушуптур.Суйлөшуп журушуптур ошол кыз айтат.Биринчи аялын айткан баласы менен,силерди айткан эмес деп.Ал кызга сени сүйөм,бирок ата энем туугандарым келинчегимди дейт дептир угуп аябай жаман болдум.Болбосо мен аны деп кандай гана сөз укпадым башкалардан чыдадым баарына.Акырына ушундай мамиле кылдыбы.Урушпадым айттым жолдошума апана айтам деп.Кайын энеме вацаптан жибердим.Жиберсем муну мага не жибердин дейт.Акыбалымды айтпай эле коёюн,ыйлагым келип титиреп калдым.Жок дегенде кайын энем мындай кылбаш керек эле.Унчукпадым чыдадым.Москвага барам деп жатып бардым,оюмда барсам токтот брлсо керек дегем.жанылыпмын дагы да билдим ал кыз менен однодо суйлөшуп жатканын.Ал кызды да көрөм дайыма.
#3 17 Март 2017 - 04:12
Жолдошум ушундай болсо да кээде аяп кетем.Кээде аябай ачуум келет мени башкаларга алмаштырганына,
тенсинбей башкалар менен жүргөнүнө.Мен муну аяп турам жок нерсемди айтпай а бул башкалар менен суйлөшөт.Ал кыз ажырашкан экен кызы бар.мен ал менен урушпадым.Жаман көргөнум ажылдар урушкан аялдар эле бирок чыдап да тура албайм.Ызаа болом аябай.Көнулум калды мурункудай боло албайм эми.Кантип жашайбыз мындан ары билбейм.Дайыма көнулумдө турат бул мени суйбөйт калп эле жашап жатат деп.Жалгыз кызмын сырдашаар эч ким жок.Апама айткым келбейт кыжаалат кылгым келбейт
#4 17 Март 2017 - 04:37
Катуу айтсам кечириниз, эркектин уругу ушу сиздин эринизделе болсода, ага анча жабыштыныз?
Ажыращ дебейм, бирок Адам озун сыйлабаса ушинтип шылдындап тебелей беришет. Башынан баштап унчукпай уйротуп коюпсузда. Паттисин бирден жулмакмын мен. ( тьфу- тьфу, кудай сактасын бирок)
#5 17 Март 2017 - 08:53
Блин эмне ээрчип дурос дагы эле аяй турган адам эмес экенго ажыраш дебейм ага карабай оз жашоонузду уланта бериниз бир куну келет жалдырап келбесе эмне сизге эркек калбай калыппы катуу айтсам кечиресиз
#7 17 Март 2017 - 09:21
Андай эркек барынан жогу жакшы, бир балан бар азырашып кет бир жолу сени башка адамга алмаш тырдыбы омур бойу ал кылыгы калбайт. Иштеп балан учун жаша еркектер козун карабай.
#8 17 Март 2017 - 09:39
Мен да жалгыз кызмын ,сени жакшы тушуном.Сен нерв болгон менен ,ал эркек соройун сени ойлойбу ??? сен ошончолук кыйналып ,ыйлаганына арзыйбы ??? сен ооруп калсан ,сен менен коршо ооруйбу ??? ушул суроолорду ойлоп кор .Эч качан жургон эркек озгорбойт экен ( мен озумун турмушуман кордум ).Балан учун жаша ,ЭЧ КАЧАН СЕНИ СЫЙЛАЙ АЛБАГАН ЭРКЕК УЧУН ЫЙЛАБА !!!
#9 17 Март 2017 - 12:16
Ажырашып кет бир баланы озун да багып аласын биринчи аялы да ушинтип журсо кетип калса керек да, сен аны аябай эле кой сени сыйлабагандан кийин сени уруп да ойнобойт экен кичине болсо да сени сыйласа ойношторуна сенин номерини бермек эмес
#10 17 Март 2017 - 12:27
Ой Кудай мындай кордука эмне кылганыныз учун чыдап журос ,сиздин кадырынызды билбесе эмне кылас убактынызды коротуп ойлонбой таштап кетин ,
#11 17 Март 2017 - 14:49
тиги келиндин уй булоосуно айтып кой да.
эркек куругансып менин жолдошума асылып атат кызынар, жон журсун иштегени келгенден кийин деп.
суротторун кошуп жибер...
Кызынар ушунтип журот деп кой.
эркек куругансып менин жолдошума асылып атат кызынар, жон журсун иштегени келгенден кийин деп.
суротторун кошуп жибер...
Кызынар ушунтип журот деп кой.
#12 17 Март 2017 - 16:01
Жогорудагы форумчулар туура айтышат. Кээ бироолор унчукпай койгон сайын моюнга минишет, Ошого бир аз катуу болгонду уйронушунуз керек.
Аял куйоосунон ар кандай нерсе талап кылып туруусу керек. Ото чектен чыгып эмес албетте, бирок таптакыр эч нерсе талап кылбай койгон да болбойт. Аяймын деп отуруп, озунуздун кадырынызды кетиресиз. Эч нерсе талап кылбаган аялдын эркекке кызыгы жок.

#14 17 Март 2017 - 16:03
Master_KG (17 Март 2017 - 16:01) жазган:
Жогорудагы форумчулар туура айтышат. Кээ бироолор унчукпай койгон сайын моюнга минишет, Ошого бир аз катуу болгонду уйронушунуз керек.
Аял куйоосунон ар кандай нерсе талап кылып туруусу керек. Ото чектен чыгып эмес албетте, бирок таптакыр эч нерсе талап кылбай койгон да болбойт. Аяймын деп отуруп, озунуздун кадырынызды кетиресиз. Эч нерсе талап кылбаган аялдын эркекке кызыгы жок.
Аял куйоосунон ар кандай нерсе талап кылып туруусу керек. Ото чектен чыгып эмес албетте, бирок таптакыр эч нерсе талап кылбай койгон да болбойт. Аяймын деп отуруп, озунуздун кадырынызды кетиресиз. Эч нерсе талап кылбаган аялдын эркекке кызыгы жок.

#15 17 Март 2017 - 18:26
Сен күйөөңдү аяйт экенсиң, а сени ал аяп жатабы? Неге биринчи өзүңдү ойлобой аны ойлойсуң?Адам эң биринчи өзүнү ойлош керек,башканы эмес!Боор ачысаң боорго тебишет ушинтип кутуруп. Жоош окшойсуң, жалгыз кыз бп бүт нерсени ичиңе салып.Мен да сендей жалгыз кызмын же уулдан же кыздан шерик жок.Кайын журтум болушаары жок дегенсип түзүкле кылышатле.Өзүмө тың,жемимди бирөөгө жедирбегенди үйрөндүмго чиркин,турмуш ошого тарбиялады айласыздан.
Кеңешим,күйөөң мн ачык сүйлөшүп алганың жакшы ата энесинин алдында ватсаптагы бүүт сүрөттөрдү бетине коюп.Кайталанбайт десе жашаганың жакшы ортодо балаңар баркен.Жаңжал салбай,"өлүмүш" бп адебин колуна карматып кой андай эркектин.Нервди сакта, андай эркеке баш оорутуп кереги жок.

Билдирүүнү түзөткөн: zzari-83: 17 Март 2017 - 19:24
#16 18 Март 2017 - 11:25
Конок болгонум учун билдируу чектелуу экен.Туура айтасыздар адаты эч качан калбаса керек.Бирок эч бир чечим чыгара албай жатам.Жолдошумду бир карасан андан жакшы адам жок,көнулумө карап айтканымды кылып калат.Ажырашпайм сени менен дейт.Айтыш оной болгону менен адамды ар тараптан ойлор кыйнай берет экен.Баламды ойлойм,өзумду экинчи эринен чыкты атка сөзгө калгым келбейт.Жолдошумдун биринчи турмушуна алиментти бар көп суммада.Аны төлөшу керек.Ал учун да кайын энем мени жек көрө берет.Аялындан ашыра албайсын,көзун карайсын.Мага да аябай жаман сөздөрду айтат.Сага окшогон келиндин кереги да жок деген сыяктуу сөздөр.Эримдин жакшы жери ичпейт оозуна да алган эмес,чекпейт,
сөгунбөйт.Ар тараптан ойлонуп көрдум.Чыдап жашай берсем кыз жанлуулугу калат беле дейм.Азыркы убакта эч ким менен суйлөшпөйм болду деп сөз берип жатат.Бирок мурдагы суйлөшкөнүнө таянып ойлоно берем да ал кызга айткандары чын беле мени чындап эле суйбөстөн жашайбы.Ушул ойлордү ойлогондо азырдан калбай кетекии келет.Башындп айткандай алимент төлөшу керек дебедимби..Жакында бир жумуш кылмакчы болуп атат ошого акча керек деп ойлонуп журот.Ошол акчаны апамдан сурасам берем деп айткан.чон суммадагы акча.Алып берип койо берсемби башым катты.Жооштугумдун себеби ажырашып апамдын алдына баргым келбейт.элге сөзгө калгым келбей ушинтип журөм.Чыдап койсом женемби деп
#17 18 Март 2017 - 11:44
ажырашпа кербен барып онолот эн негизи унутпан бул дуйнодо биз конокбуз убактылуу сыноо учун келгенбиз
#18 18 Март 2017 - 13:37
Jalguz_jan (18 Март 2017 - 11:25) жазган:
Конок болгонум учун билдируу чектелуу экен.Туура айтасыздар адаты эч качан калбаса керек.Бирок эч бир чечим чыгара албай жатам.Жолдошумду бир карасан андан жакшы адам жок,көнулумө карап айтканымды кылып калат.Ажырашпайм сени менен дейт.Айтыш оной болгону менен адамды ар тараптан ойлор кыйнай берет экен.Баламды ойлойм,өзумду экинчи эринен чыкты атка сөзгө калгым келбейт.Жолдошумдун биринчи турмушуна алиментти бар көп суммада.Аны төлөшу керек.Ал учун да кайын энем мени жек көрө берет.Аялындан ашыра албайсын,көзун карайсын.Мага да аябай жаман сөздөрду айтат.Сага окшогон келиндин кереги да жок деген сыяктуу сөздөр.Эримдин жакшы жери ичпейт оозуна да алган эмес,чекпейт,
сөгунбөйт.Ар тараптан ойлонуп көрдум.Чыдап жашай берсем кыз жанлуулугу калат беле дейм.Азыркы убакта эч ким менен суйлөшпөйм болду деп сөз берип жатат.Бирок мурдагы суйлөшкөнүнө таянып ойлоно берем да ал кызга айткандары чын беле мени чындап эле суйбөстөн жашайбы.Ушул ойлордү ойлогондо азырдан калбай кетекии келет.Башындп айткандай алимент төлөшу керек дебедимби..Жакында бир жумуш кылмакчы болуп атат ошого акча керек деп ойлонуп журот.Ошол акчаны апамдан сурасам берем деп айткан.чон суммадагы акча.Алып берип койо берсемби башым катты.Жооштугумдун себеби ажырашып апамдын алдына баргым келбейт.элге сөзгө калгым келбей ушинтип журөм.Чыдап койсом женемби деп
Эриндин эркектик намысы болсо эле жизн апандын акчасын албайт. Же сени таап бер деп сенден сурабайт
#19 18 Март 2017 - 14:05
бир гана кызжанддулугу болсо,анда сен төшөктө ойундагыдай эмес экенсиң,ошон үчүн башка кыздарды эңсей берет,
айтаарым төшөктө сойку бол күйөөң үчүн,ошондо күйөөң башка кыздарга барбай калышы мүмкүн...
айтаарым төшөктө сойку бол күйөөң үчүн,ошондо күйөөң башка кыздарга барбай калышы мүмкүн...
#20 18 Март 2017 - 14:08