Суперстан: Мухаммед пайгамбарыбыз (С. А. В.) өмүр баяны - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мухаммед пайгамбарыбыз (С. А. В.) өмүр баяны Мухаммед С.А.В пайгамбарыбыздын толук 4-чыгарылышындагы китеп

#61 Пользователь офлайн   Meruet84   22 Август 2016 - 19:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

5⃣6⃣❤❤ СҮЙҮКТҮҮ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕД С.А.УДЫН ӨМҮР БАЯНЫ. ❤❤

Пайгамбарыбыздын с.а.у динди жайуусу.

Аллахтын  Элчиси  с.а.у бул улуу милдетти алгандан кийин бүткүл өмүрү динди жайуу менен өттү.Ал үймө үй кыдырып, өз динин кабыл ала турган көңүлдөрдү издеди.
Каапырлардын жана бутпарастардын каршы чыгышы, алгач көңүл бөлбоо, кайдыгерлик түрүндө болчу.Андан кийин алар шылдыңдай башташты. Анан ар кандай кыйноолорду, азаптарды аябай жасашты. Баскан жолуна тикенектер ыргытылды, намаз окуп жатканда башына малдын кан жини төгүлдү жана ар кандай кордоолорго дуушар болду.
А бирок, Аллахтын Элчиси с.а.у булардын эч бирөөсүнөн коркуп артка кетип калган жок, милдетинен баш тарткан жок. Анткени анын дүйнөгө жөнөтүлүш максаты ошол болчу.Эң коркунучтуу душмандарына дагы көп жолу келип, Алла Тааланын динин түшүндүрдү.
Ооба, Абу Жахил жана Абу Лахаб сыяктуу диндин, ыймандын душмандарына ким билет, канча жолу барып, чындыкты Алла Тааланы айтты! АЛ жарманкелерди кыдырып, бир киши болсо да Туура жолго келиши үчүн үймө үй кезди.Кутту жүзүнө эшиктер тарс жабылды. Бирок ал тажабастан башка учурда да ошол эле үйлөргө барды, ошол эле нерселерди айтты.Ал эч тынымсыз бардык жерден чындыкты кабылдоочу таза көңүлдөрдү издеди, тапканда анын көңүлүнө кирип, ага рухунун эргүүлөрүн төкчү.Ушундайча, чөйрөсүндөгү нурдуу айлана күн өткөн сайын каапырлар жинди болуп кете жаздашты. Бул жиндилик аларды ушундай келесоолукка алып келди.Көктөгү Күндү үйлөп өчүрүүгө аракет кылгандар сыяктуу, топтолушуп алып, бул Ыйык нурду өчүрүүгө аракеттеништи. А бирок, Кун -биздин салыштыруубуз, ал эми ал алып келген нур Күнгө дагы жарык бере тургандай саппатта эле.Анткени ал нур -Алла Тааланын нуру болчу. Курандын бир аяты каапырлардын күлкү келтире турган абалын төмөнкүчө баяндайт: ""АЛАР АЛЛАХТЫН НУРУН (ИСЛАМДЫ) ООЗДОРУ (БЕКЕРПОЗ, ПАЙДАСЫЗ СӨЗДӨРҮ) МЕНЕН ӨЧҮРМӨКЧҮ БОЛУШАТ.АЛЛАХ БОЛСО, (КААПЫРЛАР) КААЛАШПАСА ДА, ӨЗ НУРУНАН ТОЛУКТАЙТ ""(Тауба сүрөсу, (9)32-аят) .


ШЫЛТООГО ЖОЛ КАЛТЫРБОО.

Пайгамбарлардын жөнөтүлүүсүндөгү дагы бир максат -адамдардын акыретте Алла Таалага карата эч кандай шылтоосуна жол калтырбоо болуп саналат.
Куранда бул тууралуу мындай деп айтылат:
""АДАМДАРДЫН ПАЙГАМБАРЛАРДАН КИЙИН АЛЛАХКА КАРШЫ ЭЧ БИР ШЫЛТООСУ КАЛБАШ ҮЧҮН, СҮЙҮНЧҮЛӨӨЧҮ ЖАНА ЭСКЕРТИП -КОРКУТУУЧУ КАТАРЫ ПАЙГАМБАРЛАРДЫ (ЖӨНӨТТУК) .АЛЛАХ БААРЫНАН КҮЧТҮҮ ЖАНА ПАРАСАТТУУ ""(Ниса сүрөсү (4)165-аят) .
Пайгамбарлардан башка ар кандай башчылар адамзат топторун толук ынандыра алган эмес.Кээде ынандырышкан абалда да, андайлардын жол жоболору Жараткандын жардамынан куружалак болгондуктан, алар сунган эч бир эреже жана эч бир сөз -аракет карапайым адам жоргунунан ашып түшө албаган жана убакыттын өтүүсү менен сары жалбырактай жок болгон.
Ал эми пайгамбарлардын башчылыгы башка болгон.Алар айтып өткөнүбүздөй түбүнөн эле атайын ушул улуу милдет үчүн даярдалышкан жана жашоолоруу өзүнчө эле чон өрнөк болгон.
Ар бир пайгамбар адамдарды ишендирүүгө жана ишенбегендердин шылтоолоруна орун бербөөгө жөнөтүлүп, .бир топ улуу кереметтер менен кубатталышкан .Пайгамбарыбыз с.а.у болсо, бардык пайгамбарларга тиешелүү кереметтерди көрсөтүп, өзүнүн жол башчы экендигин көрсөткөн.Куран сыяктуу улуу кереметтерди көрүп турган биздер үчүн да эми динибизге кайдыгер мамиле кылууга эч бир шылтоо жок.

➡ Уландысы бар ..

➖➖➖➖➖

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 22 Август 2016 - 19:53

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Meruet84   22 Август 2016 - 19:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

5⃣7⃣❤❤БИРИНЧИ МУСУЛМАНДАР ЖАНА АЛАРГА КӨРСӨТҮЛГӨН КЫЙНООЛОР.❤❤
Биринчи мусулман -Хадича энебиз.
Пайгамбарыбыз с.а.у Мухаммед Хира тоосунан Жараткандын ыйык милдетин алып, улуу пайгамбарлыгын баштайт. Жаңы динди эң мурда, эң жакыны болгон жубайы Хадичага түшүндүрөт. Хадича энебиз дароо эле мусулманчылыкты кабыл кылат.
Пайгамбарыбыз с.а.у андан кийин Хадича энебизге Жебрейил периштеден үйрөнгөндөй даарат алдырып, экөө бирге эки рекет намаз окушат.

Азирети Алинин мусулман болушу.
      Хадича энебиздин дароо ыйман келтирип, мусулман болушу Пайгамбарыбызды с.а.у өтө кубандырган. Ошентип жер жүзүндө анын динине ишенген, кабыл алган бирөө бар эле.
Пайгамбарыбыздын с.а.у Исламга чакырган экинчи адамы жакын туугандарынан азирети Али болду.Ал беш жашынан бери Пайгамбарыбыздын с.а.у тарбиясында жүрүп чоңойгон эле.
Бир күнү ал Пайгамбарыбыздын с.а.у Хадича энебиз менен чогуу намаз окуп жатканын көрдү. (Алгач эки рекет болуп, эки убакыт (күндүзү жана түнү) окуу парз кылынган. Кийинчерээк буга тахажжуд намазы кошулду. Мираж түнүндө намаздын беш убак болуп парз кылынышынан кийин, түнкү намаз үммөт үчүн нафил, ал эми Пайгамбарыбыз с.а.у үчүн парз боюнча калды). Таңдана карап турган жаш Али намаз бүткөн соң:
-Бул эмне? -деп сурады.
Пайгамбарыбыз с.а.у:
-Бул Аллаһтын тандаган, сүйгөн дини. Мен сени бир Аллаһка ыйман келтирүүгө чакырам. Адамдарга пайдасыз, зыянсыз болгон Лат менен Уззага (ошол кезде арабдар сыйынган айкелдердин аттары) сыйыныштан баш тартууга чакырам, -деди.
Азирети Али мындай сунушка ойлонуп, анан мындай дейт:
-Мен муну мурун эч уккан эмесмин, көргөн да эмесмин. Атам Абу Толибге айтмайынча эч нерсе дей албайм.
Бирок Пайгамбарыбыз с.а.у азырынча динин ачык жаюуга буйрук ала элек эле. Ошондуктан азирети Алиге төмөндөгүдөй эскертет:
-Эй, Али! Кааласаң айткандарымы жаса. Эгер жасабайм десең, көргөн укканыңды эч кимге айтпа, жашыруун сакта.!
Азирети Али бул сырды сактоого сөз берет. Ошол түндү ойлонуу менен өткөрөт. Ошентип, таңдын агарышы менен анын көңүлү да агарды. Аллаһтын Элчисинин с.а.у алдына барып:
-Аллаһ мени жаратаарда, атам Абу Талибден сурабаган соң, мен да Аллаһка сыйыныш үчүн андан акыл сурабайм, -деди да, мусулман болду. Мусулман болгон алгачкы бала Али болгону он гана жашта эле.
Абайлоо, алдын алуу (тадбир) -бул дайыма жакшы нерсе. Өзгөчө бир ишенимдин жайылуу учурунда абдан пайдалуу. Ошентип, Пайгамбарыбыз с.а.у азирети Алиге көргөн уккандарын айтпа деп эскертүү менен бул дүйнөнүн тадбир мыйзамын, акырындап түшүндүрүү жана данышмандык мыйзамдарын сактап, кылган акылмандык иштери кийин бизге да үлгү болгон.
Чынында эле, абайлап иш кылуу, учурдун жана жашаган жердин шарттарын эске алып, динди жаюу -Пайгамбарыбызбын с.а.у турмушунда эң маанилүү орунду ээлейт.
Бул мезгилде ыйман жолуна катары менен Хадича энебиз, азирети Али, андан соң Пайгамбарыбыз с.а.у асырап алган Зайд бин Хариса р.а өз ыктыярлары менен тандап алышат.

АТА ЭНЕСИ АЛИНИН ИЗИНДЕ

Пайгамбарыбызды с.а.у көлөкөсүндөй ээрчиген Алинин мындай абалы ата энесин сарсанаага түшүрүп, ойлондурбай койгон жок. Өзгөчө энеси Фатима баласынын мындай чечкиндүүлүгүнөн корко турган болду. Күйөөсүнө: "Абайла, уулуң Мухаммед менен көп жүрөт, башына бир балээ келбесин" , -деди.
Абу Талиб түшүнүктүү адам эле.Абалды Пайгамбарыбыздын с.а.у өзүнөн билейин деген ой менен бир күнү Али менен Пайгамбарыбызбын с.а.у артынан барат. Алар Меккенин четиндеги бир жерде намаз окуп жаткан жеринен жолугат.
Пайгамбарыбыздан с.а.у:
-Эй, бир тууганымдын уулу! Бул эмне деген дин? -деп сурайт.
Пайгамбарыбыз с.а.у:
-Оо, агам! Мен туура жолго чакырамын, сен буга баарынан ылайыктуусун! Айкелдерге сыйынуудан баш тартып, жалгыз Аллаһка ыйман келтир, - деген сунушун айтат.
Бир азга ойлонуп тургандан кийин Абу Талиб мындай дейт:
-Мен эски динимден кайта албайм.Бирок сен өз диниңди уланта бер. Аллаһка ант ичип айтам, мен тирүү турганда сага эч ким тийише албайт.
Анан уулун карап:
Уулум! Сен туткан дин эмне дин? -деп суроо узатат.
Али:
-Атаке , мен Аллаһка, Анын элчисине жана ал Аллаһ тарабынан эмне алып келсе, ошолордун баарына ишенип ыйман келтирдим. Ага кошулуп, аны менен чогуу намаз окудум, -деп жооп кайтарат.
Абу Талиб:
-Эй, уулум! Агаңдын уулунун алып келген динине өз ыктыярың менен киришиң абзел. Ал сени жакшылыктарга гана үндөйт, чакырат. Ага баш ий! -деп Пайгамбарыбызды с.а.у да, Алини да кубандырат. (Ибн Хишам,Сира, 1-том,264-бет)
➡

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 22 Август 2016 - 19:58

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Meruet84   25 Август 2016 - 06:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

5⃣8⃣❤❤СҮЙҮКТҮҮ ПАЙГАМБАР МУХАММЕД САЛЛАЛЛОХУ АЛАЙХИ УА САЛЛАМ ДЫН ӨМҮР БАЯНЫ. ❤❤.

АЗИРЕТИ АБУ БАКРДЫН МУСУЛМАН БОЛУШУ.

Азирети Абу Бакр мурунтан эле Пайгамбарыбыздын с.а.у эң жакын досторунан эле.Анын өзгөчө сыпаты: караңгылык доорунда жаман адаттардын, начар кылык -жорук жана түшүнүктөрдүн таасиринде калбай, оюун, жан дүйнөсүн булгаган эмес болчу. Ал Меккедеги белгилүү соодагерлерден эле. Уруу башчылары анын ой пикирлерин угуп, кеңешип турчу.
Пайгамбарыбыз с.а.у динин али ачык жая элек эле.Бирок ал үгүттөгөн диндин негиздери   ооздон оозго өтүп угулуп, курайштын төбөлдөрүнө да жеткен эле. Азирети Абу Бакр жаңы эле Йемен саякатынан кайтып, курайштын төбөлдөрү аны менен учурашканы үйүнө барышат.
Азирети Абу Бакр:
-Мен Меккеде жок кезимде кандай жаңылыктар, окуялар болду? Маанилүү кабарлар барбы? -деп сурайт.
-Ээ, Абу Бакр, -дешти, -чоң кабар бар! Абу Талибдин жетими Мухаммед ""пайгамбармын ""деп жатат.Биз болсо сени күткөндү эп көрдүк.Эми сен ал досуңа бар, калганын ошондон угасың.
Азирети Абу Бакр ошол замат Пайгамбарыбыздын с.а.у үйүнө барат:
-Досум! пайгамбармын деп, урууңдан алыстап , ата тегиңдин дининен чыгып, алардан баш тартканың чынбы?
Пайгамбарыбыз с.а.у жаш кезинен чогуу өскөн азирети Абу Бакрдын сөздөрүнө оболу жылмайуу менен жооп берет:
-Ээ, Абу Бакр! Мен сага жана бардык адамзатка жиберилген Аллахтын Элчисимин. Адамдарды жалгыз Аллаһка чакырам. Сен да ыйман келтир, -деди.
Азирети Абу Бакрдын жан дүйнөсү ошол замат уйгу туйгу болуп кетти.Мындай сөздөрдү кичине кезинен бери чогуу өскөн, жакшы тааныган, жанынан артык көргөн жана ушул күнгө чейин бир да жалган айтпаган досу Мухаммедден с.а.у угуп жаткан эле.Ал көпкө ойлонбостон, ыйман келтирип, мусулман болду.
Исламга чакырылганда азирети Абу Бакрдын эч шектенбестен туруп, Алла Таалага ыйман келтиришип, Пайгамбарыбыз Мухаммедди с.а.у өтө кубандырган. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз с.а.у мындай дечү:
"Абу Бакрдан башка ыйманга чакырылганда бир аз ойлонуп, шектенип, чоочуркашкан эле, Абу Бакр болсо, шектегенда, чоочуркаган да эмес.  ""
Пайгамбарыбыз с.а.у досунун мусулман болушуна аябай кубанды.Азирети Абу Бакрдын Исламды кабыл алышы мурда көргөн түшүнө төп келген эле.Түшүндө бир ай келип Меккеге конот, анан бөлүнүп Меккедеги үйлөргө тарайт,  андан кийин кайра чогулуп өзүнүн үйүнө кирет.Бул түшүн ошол  мезгилде жашаган чыныгы аалымдарга айтып жооруткан. Алар келе турган Пайгамбар Меккеге келерин, өзүнөн ага ыйман келтирерин айтышкан.
Азирети Абу Бакр Алла Таалага ыйман келтирип, мусулман болгондугун жашырган жок.Анын мусулман болушу бүткүл курайш уруусундагы адамдарды таң калтырды. Себеби ал, курайштын ичинде салмактуу, ишенимдүү, сөзүнө турган беделдүү киши эле.
Азирети Абу  Бакрдын мусулман болушу, Алла Таалага ыйман келтиргендердин катмарын мурдагыдан да кеңейтти жана ыйман келтиргендер  дагы көбөйдү.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Meruet84   25 Август 2016 - 06:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

5⃣9⃣❤❤СҮЙҮКТҮҮ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕД САЛЛАЛЛОХУ АЛАЙХИ УА САЛЛАМДЫН ӨМҮР БАЯНЫ. ❤❤


ЖАШЫРУУН ЧАКЫРЫКТЫН ЖАЙЫЛЫШЫНЫН ТЕЗДЕШИ.

    Абу Бакрдын мусулман болушу менен ыйманга жана Исламга жашыруун чакырыктын журушу ылдамдады.. Исламга кирип оздорун бактылуу сезген адамдар бактыларын жакын туугандары  менен тен болушуп, аларды карангылыктан куткаруу учун колдорунан келген бардык аракеттерин жасап жатышты.

   Динди жайылтуу боюнча Абу Бакр ар дайым озгочолонуп турар эле. Анын угут иштеринин арты менен жашыруун чакырык учурунда Исламга  томондогу адамдар кирген:

-Усман бин Аффан,
-Зубайр бин Аффан,
-Абдурахман бин Ауф,
-Саад бин Аби Ваккас,
-Талха бин Убайдуллах (Аллах баарынан ыраазы болсун)

    Бул беш сахаба кийин бейиш менен суйунчулонгон он сахабанын катарынан орун алды.
   Эркек мусулмандар менен бирге аялдарга да Ислам нуру кундон-кунго жайылып баратты. Эн биринчи мусулман аял Хадичадан кийин, Пайгамбарыбыздын саляллоху алайхи уа саллям) абасы Аббастын аялы Умму Фазл, азирети Абу Бакрдын кызы Асмаа жана Умар бин Хаттабдын карындашы Фатима алгачкы мусулман аядардын катарын толуктады.

   Эми Ислам эки жол менен жайылып баратты. Эркектер эркектерге, аялдар болсо аялдарга Исламды жаюунун жаны жолдорун издеп, конул сергиткен кубануу, журок дегдеткен арзуу менен чакырып журушту. Бирок, аял затынын мусулманчылыкты эч кумон санаба, ыктыярдуу турдо кабыл алуусу башкалардын конулун бурбай койгон жок.
  Албетте, бутпарастар да бекер жатышкан жок. Исламга откондорду жектеп, жалган жалаалар менен кордоого аракеттеништи. Бирок, булардын эч бири алгачкы мусулмандарды коркутуп, же кабыл алган диндеринен баш тарттырган жок. А тугул кичине болсо да шектендире албай койду.

АЗИРЕТИ БИЛАЛДЫН КЫЙНООГО АЛЫНЫШЫ.

Жашыруун үгүт мезгилинде Ислам динине өткөн биринчи мусулмандар бутпарастардын өтө оор кыйноолоруна кабылышкан. Алардын бири "Билал Хабаши ""деп аталган, Билал бин Рабах болуп саналат. Азирети Билал мусулмандардын айыгышкан душманы Умаййа бин Халафтын кулу болчу, ал азирети Абу Бакрдын үгүтү менен Исламга кирген.
Заматта көңүлүн жарык кылган ыйман нуру Билал үчүн чексиз тайманбастыктын булагы болуп калган. Кул болсо дагы ал.өз кожоюнун жана башка бутпарастардын ар кандай кыйноо, зордук -зомбулугун тоттопостон, Аллах жолуна түшкөндүгүн ачык эле жарыя кылуудан корккон жок. Таш боор Умаййа бин Халафтын түшүнүгүндө Билалдын Жараткан Аллахка, Анын жөнөткөн Элчиси Пайгамбарыбыз с.а.у Мухаммедге ыйман келтирилиши чоң кылмыш катары эсептелип, аны эң оор кыйноолорго тарткан.
Бирок Умаййанын бардык аракеттери эч натыйжа берген эмес.Кыйноо, зордук -зомбулук астында, кордук ичинде жан дүйнөсү кыйналып жатса да, бутпарастардын жүзүнө тике карагандан тартынбай: ""Ахад! Ахад! (Аллах жалгыз! Аллах жалгыз!), -деп онтогон.
Ишенген Ислам дини үчүн көргөн кыйынчылыктары астында бир кадамда чегинбеген Билалды эми кожоюуну мээ кайнаткан ысыкта жылаңач денесин оттой ысык кумга-шагылга жаткырып, оозуна туздалып күнгө кургатылган бир кесим этти салгандан кийин, көкүрөгүнө бир чоң ташты бастырып, мындай дейт:
-Сен өлүп, же Мухаммедден жана анын дининен баш тартып, Лат жана Уззага сыйынганга чейин ушул азап -тозокту эч качан токтотпоймун.
Бирок ыймандан кайткыс болуп калган Билал өлүмдөн тайманбастан минтип кыйкырды:
-Мен Лат менен Уззага сыйынбайм. Аллах жалгыз! Аллах жалгыз! Бул сөздөрдү уккан Умаййа ого бетер жинденип, Билалды эсинен танып калганга чейин кайра кайра кыйноого ала берчү болду.Билал көп учурда өлүп кала жаздап, кайра эсине келээр эле......
Дагы бир күнү, Умаййа аны кыйнап жаткан кезде  , ошол жерден өтүп бара жаткан азирети Абу Бакр Умаййага:
-Сен Аллахтан коркпойсуңбу? Ушул байкушту дагы канчага чейин кыйнайсың? -дейт.
-Аны сен буздуң, -дейт Умаййа, -эгер аны куткаргың келсе, анда аны сатып ал.
Ошондо азирети Абу Бакр бир топ алтынга Билалды, кийинчерээк анын энеси Хамаманы да ушул мыкаачы адамдан сатып алып, эркиндикке чыгарат.

Уландысы бар.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Topchubai   02 Сентябрь 2016 - 17:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Мерует эже барбысыз?Мен ар куну ушул жакты бир карап коймой адат таап алдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   sabira.199890   02 Сентябрь 2016 - 18:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 495
  • Катталган: 02 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 01 Окт 2021 12:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Жазынызчыы) Аллах сизден ыраазы болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Meruet84   03 Сентябрь 2016 - 20:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

6⃣0⃣❤❤СҮЙҮКТҮҮ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕД САЛЛАЛЛОХУ АЛАЙХИ УА САЛЛАМДЫН ӨМҮР БАЯНЫ. ❤❤


АЗИРЕТИ УСМАН БИН АФФАН МУСУЛМАНДАРДЫН КАТАРЫНДА.

Пайгамбарыбыз с.а.у дароо эле ачык түрдө пайгамбарлыгын калкка жарыялаган эмес. Ушул убакта азирети Абу Бакр өзүнүн жакын досторуна гана Исламды түшүндүрүп жатты.
Бир күнү Усманга да мусулманчылыктан кеп козгоп, түшүндүргөндөн кийин, аны Пайгамбарыбызга с.а.у алып келет.Пайгамбарыбыз с.а у ар дайым кулумсүрөп караган сүйкүм жүздүү Усманга мындай дейт: ""Аллахтын белеги болгон бейишти көздө. Мен сени жана бардык адамзатты Туура жолго баштоо үчүн жөнөтүлдүм! ""
Аллахтын Элчисинин с.а.у чын дилден чыккан сөздөрү, мээримдүү мамилеси Усмандын мусулманчылыкты кабыл кылышына түрткү болот.
Андан кийин Шамдан кайтып келе жатканда көргөн түшүн Аллахтын Элчисине с.а.у айтып берет: ""Оо, Аллахтын Элчиси, биз уктап жатканда кандайдыр бир үндү уктук:
""Эй, уктагандар, тургула! Ахмад Меккеде пайда болду! ""Меккеге келгенден кийин сиз жөнүндө айтылгандарды эшиттик "".
Мүнөзү жумшак, адеби таза, жоомарт Усмандын да мусулмандардын катарына кириши бутпарастарды кооптондурбай койгон жок. Өз уруусунун адамдары ага кордук, кыйноо көрсөтө баштайт. Бирок ал ар түрдүү зордук зомбулук , кыйноолорго чыдады, туура жолунан бир кадам да чегинбестен, илгерилеп бара жатты.
Өз агасы Хакам бин Абул -Аас аны бакка байлап, сабап жатып мындай дечүү:
-Сен аталарыңдын дининен чыгып, кийин чыккан бир динге киресиңби?
Ант беремин, эгер кайрадан аталарыңдын динине кайтпасаң, сени боң койо бербеймин!
Ыйманынан тайбаган азирети Усман минтип жооп берчү:
-Мен чыныгы динден эч жакка баш тартпайм!
Ал бир нече күн бою зордук -зомбулукту башынан өткөрдү.Бирок ал Аллахтын дининен бир кадам да артка чегинген жок .Анын кажыбаган кайратына агасынын аргасы кетип, эркиндик берүүгө мажбур болгон.
Бейиш менен сүйүнчөлөнгөн он сахабанын бири болгон азирети Усман, Пайгамбарыбызды с.а.у күйөө баласы болчу.Алгач Пайгамбарыбыздын с.а.у кызы Рукыяны алды. Ал дүйнөдөн өткөндөн кийин, дагы бир кызы Умму Гүлсүм менен баш кошту.Ошол себептүү ""Зиннурайн ""(эки нурдун ээси) деген атка конгон.

АЗИРЕТИ ТАЛХА БИН УБАЙДУЛЛАНЫН МУСУЛМАН БОЛУШУ.

Азирети Усмондон кийин Исламга чын көңүлү менен азирети Талха бин Убайдулло кирет.Ошол учурда ал соода кылуу максаты менен саякатка чыккан эле .Бусра жарманкесинде жүрсө, ошол жерде чиркөөдө жашаган бир кечил:
-Меккеден келгендер барбы? , -дейт.
Талха р.а:
-Мен бармын, -деп жооп кайтарат.
-Ал жерде Ахмад пайда болдубу?
-Ахмад ким?
Абдулла бин Абдулмуталлибдин уулу! Мекке -анын төрөлө турган жери! Ал пайгамбарлардын эң акыркысы болуп эсептелет! Ал Меккеде элге белгилүү болот. Кийин курма көп өскөн жерге, таштуу жерге көчүүгө мажбур болот.
Кечилдин сөздөрү Талханын көңүлүн буруп, Меккеге келер менен элден:
-Жаңы кабар барбы? -деп сурайт.
-Ооба, дешет, - Абдулланын уулу Мухаммед пайгамбарлыгын жарыялады. Абу Кухафанын уулу Абу Бакр дагы анын динине кириптир. Ошол замат азирети Абу Бакрдын жанына барып:
-Сен Мухаммеддин динине кирдиңби? -деп сурайт
Абу Бакр р.а:
-Ооба, -дейт, -мен ага баш ийдим. Сен да бар, анын кир, себеби ал Туура жолго жана адал иштерге чакырат!.
Азирети Талха кечилден уккандарын азирети Абу Бакрга айтып бергенден кийин экөө Аллахтын Элчисинин с.а.у алдына барышат.Ошол замат мусулман болгон азирети Талха кечилдин айткандарын Пайгамбарыбызга с.а .у баяндап бергенде, ал жай кана күлүмсүрөп койгон.
Азирети Талха бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахабанын бири. Пайгамбарыбыз с.а. у ал жөнүндө: ""Жер жүзүндө тирүү жүргөн шейитти көргүңөр келсе, Талханы карагыла "",-дечү.
Ал аябагандай жоомарт жана кайраттуу сахаба болчу. Ухуд согушунда Пайгамбарыбызга с.а.у атылган жаанын жебелерин колу менен калкалап, ошол себептүү колу чолок болуп калган.Ошол эле согушта сексенге жакын жаракат алса дагы, Пайгамбарыбыздын с.а.у жанынан ажыраган эмес.

➡Уландысы бар.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   seli   05 Март 2017 - 18:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

ХАЛИД БИН САИД ЖАНА БАШКАЛАРДЫН МУСУЛМАН БОЛУШУ.



Андан кийин курайштын төбөлдөрүнөн Халид бин Саид, он жетидеги Саад бин Аби Ваккас жана анын апасы Хамна, гыфар уруусунан Абу Зар, темир уста Хабаб бин Арат жана башкалар Ислам динине киришкен. Булар мусулман болгондугу айынан далай кордуктарга, кыйноолорго туш келишсе да, акыр - аягына чейин ыймандарын сактап, динде бекем турушту. Халид бин Саиддин атасы анын мусулманчылыкты таштоосун талап кылып, тамак-аш бербей көп күндөргө чейин ачка койуп байлап салды... Азирети Саад бин Аби Ваккас менен Абу Зар үй-бүлөлөрү жана коомчулук тарабынан оор сыноолорго дуушар болду... Хаббаб бин Аратты бүтпарастар алоолонгон от жагып, ага кайра-кайра куйкалап тирүүнүн тозогун көрсөтүштү. .. Ошондо да ал Ислам дининен эч бир тайсалдабай, тоодой сабырдуулук менен ыйманын коргоду.

Ыйман жолун тандагандыгы үчүн жаалдуу азап-тозокко салынып, кыйноолорго алынган азирети Хаббаб, бир күнү Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) алдына кеөип айтты.

-Оо, Аллалхтын Элчиси! Тартып жаткан азаптан кутулуубузду тилеп, Аллахка дуба кылсаңызчы? ...

Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир жактан сабак , дагы бир жактан сүйүнчү болгудай жооп берди:

*"Силердин мурунку үммөттөрдүн арасында ушундай адамдар болгон; темир тарак менен бүткүл териси менен эттерин тарап тытып салганда да, бул кыйноолордун айынан динден кайткан эмес. Араа менен төбөсүнөн экиге жарып араалашканда да бул кыйноолор аларды динлен кайтара алган эмес*

*Аллах албетте бул ишти (Ислам динин) барадына толтурат, бардык диндерден жогору кылат. Кала берсе, унаасына минип Санадан Хадрамаутка дейре жалгыз сапар тарткан адам Аллахтан башка бирөөнөн коркпогон кез келет. Бирок силер шашылып жатасыңар" *.



ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ.

ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕД (С.А.В.) ПАЙГАМБАРЛЫГЫН АЧЫК ТҮРДӨ ЖАРЫЯЛАШЫ.

ПАЙГАМБАРЛЫКТЫН ЖАРЫЯЛАНЫШЫ ЖАНА ЧАКЫРЫКТЫН АЛГАЧКЫ БАСКЫЧЫ.


Бүткүл дүйнөгө кучак жайып, келечекте бардык адамзат баласына жол көрсөтө турган бул дин, албетте, жашыруун кала бербей, адамдарга ачыктан ачык билдирилиши, үгүттөлүшү жана түшүндүрүлүшү өтө зарыл эле...


Жараткан Алла Таала ааламдагы бардык нерселерди "акырындап жарыкка чыгуу мыйзамына" баш ийдирген. Пайгамбарыбыз (с.а.в) дагы Алла Тааладан алган буйруктарды аткарууда ушул мыйзамга баш ийди. Үч жыл бойу өзүнүн пайгамбарлыгын жана Исламды ачык түрдө эч кимге билдирген да, түшүндүргөн да жок. Түшүндүрүү үчүн үгүт иштеринде өтө этият мамле жасап, айрым ишенчилтктүү адамдарды гана динге үгүттөп жана тартып жатты.

Ушул аракеттери менен Исламга жеңиштүү жол ачып жатты. Үч жылдык жашыруун чакырык мезгилинде бир топ адам Исламды кабыл алып , анын үгүтүнүн жайылышынай өз салымдарын кошуп жатышты.

Үч жылдык убакыттан кийин динин жашыруун улантууга эч кандай зарылчылык калган эмес болчу. Анткени курайш бүтпарастары аздыр-көптүр мусулмандардын жасап жаткандарынан кабардар болуп, Ислам үгүт насыяты бир топ кишинин жүрөгүнөн түбөлүк түнөк тапкан эле. Ошондуктан ыйык Ислам динин ачыктан-ачык жалпы элге жарыялоонун мезгили келип жеткен эле.

ЖАКЫН ТУУГАНДАРДЫ ИСЛАМГА ЧАКЫРУУ.


Калкты Исламга ачык чакырууну кайдан баштаарын Пайгамбарыбызга (с.а.в) Жараткан
Алла Таала ыйык кабар аркылуу билдирди:

*"Алгач эң жакын тууган туушкандарыңды (Аллахтын динине чакырып) акырет азабынан айбыктыргын" .*

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мунун оңой эместигин билчү. Ошондуктан бир нече күн үйүнөн чыккан жок. Бир күнү азирети Алини үйүнө чакырып: "Ээ, Али! Алла Таала жакын туугандарымды азап-тозок менен коркутуумду буюурушу, мен үчүн аябагандай чоң жоопкерчилик алып келди. Мен сезип эле турам, аларга ушул маселе жөнүндө айта баштаганда эле, алар көңүлүм жактырбаган нерселер менен айыпташат" - дейт.

Анын бул абалын байкаган Сафиййа баш болгон атасынын бир тууган эжелери Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) үйүнө келишет.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) аларга:
- Менин эч кандай арыз муңум жок. Оору-сыркоо да эмесмин. Бирок Аллах менин жакын туугандарымды акырет азабынан айбыктырып коркутушумду буюурду. Абдулмутталип уулдарын топтоп, аларды Аллахка ыйман келтирүүгө үндөгөнү жатам, - дейт.

Эжелери:
-Чакыра бер, бирок Абу Лахабды чакырба. Себеби, ал сени эч качан укпайт жана сага кошулбайт, - дешет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   seli   05 Март 2017 - 19:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

СЫЙ ТАМАК ЖАНА МУЖИЗА


Үгүт - насыятты ачыктан - ачык айтууга жана жалпы жарыялоого буйрук алган Пайгасбарыбыз (с.а.в) Азирет Алиге:

*"Бул жерде бир кишиге гана жете турган эттен тамак жасап, бир кумурага сүт толтур. Андан кийин Абдулмутталибдин уулдарын чакырып кел, алар менен сүйлөшө турган сөзүм бар. Аллахтан алган буйрукту аларга билдиремин, - дейт."*

Азирети Али анын айткандарын ошол замат аткарат. Эртеси күнү Абу Талибдин үйүнө чакырылбаган Абу Лахаб да келип, туугандарынан экөөсү аял, бардыгы кырк беш киши топтолот.

Дасторконго койулган эт жана сүт бир эле кишиге жетерлик болчу. Пайгамбарыбыз (с.а.в) этти бөлүп, туугандарына "Бисмиллах, кана алыңыздар" , - дейт.

Олтургандын баары ошол бир кесим эттен тойгуча жешет. Карашса, эт бир аз гана кемип, мурдагыдай эле болуп турат. Бул окуяга абдан таң калышат.

Сунулган сүттү иче башташат. Суусундары кангыча ичишсе дагы, түгөтө албай койушат. Таң калыштуу!

Тамак желип бүткөндөн кийин Пайгамбарыбыз (с.а.в) сөз баштаар алдында, Абу Лахаб жөнү жок кийгилишип:

- Буга чейин мындай сыйкырды көргөн жок элек. Мухаммед силерди сыйкыр менен сыйкырлап жатат,- дейт.

Андан кийин Пайгамбарыбызга (с.а.в) акаарат көрсөтө өйдө-төмөн сүйлөп сөз тийгизбейт, келген туугандардын ыркын бузат.

Бул жолу Пайгамбарыбызга (с.а.в) сүйлөөгө мүмкүнчүлүк да берилбей, чакырылгандар сөз эмне жөгүндө болоорун да билбей, үйлөрүнө тарап кетишет.

ЭКИНЧИ ЖОЛКУ СЫЙ ТАМАК ЖАНА АЧЫК КАЙРЫЛУУ.


Пайгамбарыбыз (с.а.в.) натыйжасыз калган биринчи сый тамактан кийин дагы бир ушундай сый тамак уюштуруп, азирети Али аркылуу жакын туугандарын кайра жыйнайт. Тамак желгенден кийин ордунан туруп:

*" Бардык мактоо-даңазалоо жалгыз гана Аллахга тиешелүү. Мен да Ага шүгүр келтиремин. Жардамды жалгыз гана Андан сураймын. Ага ишенем, Ага гана таянамын. Күмөнсүз шексиз билүү менен бирге, силерге муну айтмакчымын: Аллахтан башка кудай жок. Ал бирөө, өзүнө окшошү жана шериги жок"* - деп сөз баштагандан кийин, максатын төмөндөгүчө түшүндүрөт:

"Жакшылык табууга жиберилген бир киши келип үй - бүлөсүнө жалган сүйлөбөсү анык. Аллахтын алдында мен башка бирөөлөргө жалган айтсам да, силерге жалган сүйлөй албастырмын. Бардык адамдарды алдасам да, силерди алдай албайм. Силерди теңдеши болбогон Аллахка ыйман келтирүүгө чакырамын. Мен Анын силерге жана бүткүл адамзатка жөнөтүлгөн элчисимин" .

Пайгамбарыбыз (с.а.в) оюн мындайча улантат:
"Кудай акы, силер уктаганыңардай эле бир күнү, сөзсүз, өлөсүңөр. Уйкудан тургандай эле тирилтирилесиңер жана бардык кылган нерселериңер үчүн суракка тартыласыңар. Кылган жакшылыгыңар үчүн сый көрүп, жамандыгыңар үчүн жазаланасыңар. Бул болсо биротоло бейиште, же биротоло тозок отунда калуу дегенди билдирет. Акырет азабы менен биринчилерден болуп силерди коркутуп атам."

Ушул жерден Пайгамбарыбыздын (с.а.в) "Амиин" деген сыпаты тууралуу айта кетиш парз. Меккеликтер Жахилия доорунда дагы аны туура сөздүү, эч качан жалган сүйлөбөгөн, ишенчиликтүү инсан катары ишенчиликтүү инсан катары таанышчуу. Ал бул сапаты менен белгилүү эле. Аны достору д, душмандары да ушундай билишчүү. Ошол кезде али Мусулман боло элек Меккенин мурдагы башкаруучусу, мусулмандардын эң чоң душмандарынын бири Абу Суфяндын Пайгамбарыбыздын (с.а.в) туура сөздүү экенин колдогонуна чогуу күбө бололу.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн өкүмдарларын да Исламга чакырып турган. Рим императору Гераклийге да чакыруу кат жөнөтөт. Гераклий катты баштан-аяк окуп, Меккенин мурдагы башкаруучусу Абу Суфянды чакыртат. (Ошол убакта Абу Суфян соода иштери менен Рим империясынын аймагында эле). Алардын ортосунда төмөндөгүдөй маек курулат. Гераклий сурайт:

- Ага кимдер көбүрөөк ыйман келирүүшүдө, байларбы же кедейлерби?
- Кедейлер.
- Ага ишенгендерден кайра баш тарткандар болдубу?
- Азыркыга чейин болгон жок.
- Ыйман келтиргендер азайып баратабы же көбөйүп баратабы?
- Күн өткөн сайын көбөйүп баратат.
- Өмүрүндө жалган айтканына күбө болдуңар беле?
- Жок, эч бирибиз анын жалган сүйлөгөнүнө күбө болгон эмеспиз.

Мына ушул каттын таасиртнен кийин, Абу Суфяндын алган жоопторуна таң калган Гераклий мындай дейт:

- Бул адам ушуга дейре адамдарга жалган сүйлөбөсө, Аллах тууралуу да жалган сүйлөшү мүмкүн эмес.

Негизи Гераклийдин айткандары абдан терең мааниге ээ болчу. Ырас, 40 жашка толгонго чейин тамаша болсо дагы жалган сүйлөбөгөн бул улуу адам, Аллах тууралуу кантип жалган айтышы мүмкүн?

Дагы бир мисал, Ясир (биринчи мусулман шейит) али мусулман боло элек эле. Бир күнү ал улуу Аммардан каяка баратканын сурайт. Аммар:
- Мухаммеддин жанына, - деп жооп берет.
Бул жооп Ясирге жетиштүү болчу.
- Ал Амиин (туура сөздүү) инсан. Меккеликтер аны ушундай билишет. Эгер ал Пайгамбар экенин айтса, чын айтат. Анткени анын жалган сүйлөгөнүн эч ким уккан эмес.
Бул сөздөр, бул кабылдоолор жалгыз бир нече кишиге гана тиешелүү эмес болчу. Аны тааныгандардын бардыгы туура сөз деп билишчү.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) сүйлөп бүткөндөн кийин Абу Талиб ордунан туруп мындай дейт:

- Биз сени жакшы көрөбүз жана чын дилибизден жардам беребиз. Үгүттөрүңдү кабыл алдык жана жактырдык. Айткан сөздөрүңдү тастыктадык. Ушул топтолгондор сенин бабаңдын уулдары. Мен да алардын биримин. Сен каалаган нерсени баарынан мурун аткарамын.

Сен буйрулган ишиңди улант. Аллах үчүн мен сеги дайыма коргоймун. Бирок Напсим Абдулмутталибдин дининен башка динге кирүүнү ылайык көрбөй жатат. Ошондуктан мен ошол диним бойунча өлөмүн.

Башка агалары да ушул ойду туура көрүштү жана Пайгамбарыбыз (с.а.в) жактырбаган эч кандай сөз сүйлөшкөн жок. Бир гана Ислам дининин башынан бери аёосуз душманы болуп келген Абу Лахаб:

- Эй, Абдулмутталибдин уулдары! - дейт, - Бул өтө жаман иш. Башка бирөөлөр аны бул ишинен тосо электе, силер тосуп калгыла. Эгер силер бүгүн ага баш ие турган болсоңор, өмүр бою кордук көрөсүңөр. Аны коргойбуз десеңер, каныңар төгүлөт!

Иламдын ушул аёосуз душманына эң туура жоопту Пайгамбарыбыздын (с.а.в) каарман эжесеи Сафиййа берет:

-Эй, бир тууганым! Бир тууганыңдын баласын жана динин жардамсыз таштоо сага жарашабы? Кудай акы, бүгүнкү аалымдар Абдулмутталибдин тукумунан бир пайгамбар келерин кабар берүүдө. Мына ошол пайгамбар биздин - Мухаммед.

Абу Лахаб карындашына каршы чыгып:
- Ант беремин, бул курулай үмүт. Деги аялдардын сөзү эркектердин ишине тоскоол гана болот. Курайш менен бирдикте бүткүл арабдар көтөрүлсө, аларга каршылык кыла турган биздин кандай күчүбүз бар, алар бизди эки чайнап, бир жутуп койушат да! - дейт.

Абу Лахабдын ушул сөзүнө Абу Талибдин кыжыры келип:
- Эй, коркок! - дейт, - Кудай акы, биз тирүү турганда, ага эч ким тие албайт, биз ага ар дайым жардам беребиз, башыбызды сайып болсо да коргойбуз.
Андан кийин Пайгамбарыбызга (с.а.в) карап:
- Эй, бир тууганымдын уулу Сенин диниңе чакыра турган убактыңды билели, куралданып сени менен бирге болобуз!

Ошол убакка чейин унчукпаган Пайгамбарыбыз (с.а.в) ордунан туруп айтты:
- Оо, Абдулмутталиб уулдары! Кудай акы, арабдарга мен алып келген нерсе - дүйнө жана акырет үчүн кайырдуу болгон нерселерден да жогору турат жана мындан кайырдуу нерсени алып келе турган эч кимди билбеймин.
Мен силерди айтылышы тилге оңой келген, бирок салмагы өтө зор эки сөздү айтууга чакырамын. Ал:
*" Ашхаду ан лаа илааха иллаллаах, ва ашхаду анна Мухамаддан расулуллах" * деген сөз.

Андан кийин:
-Анда кимиңер ушул жолдо мага жардам берип, колдоочум жана жардамчым болот? - деп сурайт.

Эч кимден үн чыккан жок. Баары төмөн карашты. Көздөрү Пайгамбарыбызга (с.а.в) тике карай турган абалда эмес болчу. Арасынан Пайгамбарыбыздын (с.а.в) нурдуу көзүнө тике караган бирөө, жалгыз гана бирөө бар эле. Ал эми гана жашы 12-13кө келген Али болчу, бирок Пайгамбарыбыз (с.а.в) ага "Сен отуруп тур деди" - деди.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) суроосун үч жолу кайталайт. Үч жолкусунда тең жооп бир гана азирети Алиден чыгат:
-Ээ, Аллахтын элчиси! Сага жашым кичүү болсода, мен жардамчы боломун!
Бул сөзгө кээси таң калып, кээси келекелеп, айрымдары болгон ишке анча маани бербей, кетип калышты.

Азирети Алинин жаш кезиндеги мындай эр жүрөктүгү жана тайманбастыгы Пайгамбарыбызды (с.а.в) аябай сүйүнткөн. Өз туугандарынан каалаган жообун укпагандыгына, бир натыйжа чыгара албагандыгына эч кандай капаланган жок. Себеби анын милдети бир гана Туура жолду көрсөтүү болгондугун, ага бир гана Жараткан Алла Тааланын баштай турганын билчү.

Сөз ушул жерге келгенде, жалпы пайгамбарлардын жана анын ичинде сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (с.а.в) башкы өзгөчөлүктөрүн айтка кетсек дурус деп ойлойбуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   seli   05 Март 2017 - 22:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

*"РАББАНИЙЛИК. "*


Раббанийлик - Алла Тааладан келген буйрукту гана аткаруу.
Эс бир пайгамбар өздөрүнчө ойлонуп, кандайдыр бир динди алып келейин деген эмес. Алла Таала түздөн - түз адамдардын арасынан бирөөнү пйгамбар кылып тандап алат. Убакыт сааты келгенде бул тандалма инсанга пайгамбарлык милдетин жүктөйт Жана ал пайгамбарлыгын элге жарыя кылат. Ар бир пайгамбар деңгээлине жараша ыйык кабар менен келет, аны менен жашайт жана ыйык кабар үзүлгөндө бул дүйнөдөн кетет. Биздин жашообуз үчүн аба, суу жана азыктануу кандай керек болсо, пайгамбарларга да ыйык кабар ошончо керек.

Алар бүткүл нерсеси менен Алла Таалага берилишкен. Алып келген дини толугу менен Жараткан тарабынан берилгени үчүн алар милдеттин аткарууда раббаний болушат. Милдеттерин аткарууда эл кабыл алабы, же албайбы, бул аларды кызыктырбайт. Ооба, алардын милдети - жалгыз диниди жеткиликтүү кылып түшүндүрүү. Душмандарынын айткандары, же кылгандары аларды ишинен кенедей да алагды кылбайт. Үгүт - насыяттарынан артка чегинүү таптакыр мүмкүн эмес. *<<Айды бир ийниме, Күндү бир ийниме койушса дагы, динимди жайуудан баш тартпайм>> * деп айтыш - алардын жалпы эрежеси.

ИШ АКЫ КҮТПӨӨ.


Иш акы күтпөө - бул бир нерсени макулуктардан үмүт кылбай, Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн гана жасоо.
Пайгамбарлар кылган кызматтарына эч кандай материалдык же рухий бир нерсе талап кылышпайт. Куран алардын бул өзгөчөлүктөрүн түрдүү аяттары менен баса белгилеген. Бардыгы: *"Ин ажрия илла алаллах" ( Менин сый - акымды Аллах өзү гана берет)* деп айтышкан.

Биз байлык болбосо дагы, рухий сыйлыкты үмүт кылышыбыз мүмкүн. Ал эми пайгамбарлар муну да күтүшпөйт, бардык нерсени Алла Таала үчүн гана кылышат.

Ар бир пайгамбар ыкыластуу болот. Бирок эң бийик берилгендикти Пайгамбарыбыз Мухаммедден (с.а.в) көрөбүз. Ал төрөлгөн учурда "Үммөтүм" деген, махшарда дагы "Үммөтүм, үммөтүм!" деп турат. Бул кандай гана улуу берилгендик!

Бейиштин эшиги ачылып, аны күтүшкөн кезде, ал үммөтүнүн дагы ошол жерге алып барыш үчүн махшардын эң кыйын жагына барууга кайыл! Бул кандай гана улуу берилгендик!

Ал жалгыз өзүнүн жолуну жолдогондорду гана эмес, үммөтүнүн ичиндеги күнөөкөрлөрдүн да бейишке киришин каалоодо.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) Аллах жолуна абдан берилген эле. Өмүрүнүн аягына чейин тоё тамак жеген эмес. Кээде күндөр, апталар жана айлар өтсө дагы ырыскы - бакыт толгон үйүндө очок жагылбай, казан кайнабай өткөн.

Абу Хурайра (р.а) айтат: Бир күнү Аллахтын Элчисинин (с.а.в) үйүнө бардым. Намазды отуруп окуп жатыптыр. Намазды бүтүргөндөн кийин мынтип сурадым:
- Оо, Аллахтын Элчиси, бейтапсызбы?
- Жок, Абу Хурайра ачкалык, - деди.
Ыйлай баштадым. Аалам ал үчүн жаралган, ал эми Аллахтын элчиси (с.а.в) ачкачылыктан өйдө турганга дарманы жок, намазын отуруп окуп жатты. Менин ыйлаганымды көргөндө мынтип сооротту:
- Ыйлаба, Абу Хурайра! Бул дүйнөдө ачкачылыктан кыйналган адам тигил дүйнөдө Аллахтын азабынан алыс болот.

Ансарлардан бир аял төшөк сыяктуу бир нерсе алып келет. Азирети Айша энебиз аны Аллахтын Элчиси (с.а.в) жаткан жерге төшөйт. Муну көргөн Пайгамбарыбыз (с.а.в):
- Оо, Айша! Аны дароо кайра бер. Аллахка ант кыламын, эгер мен кааласам, Аллах менин оң колума алтындан, сол колума күмүштөн тоодой үйүп коймок, бирок мен каалабаймын. ..

Ырас, Ал кааласа, эң эле жыргал турмушта жашай алмак, бирок каалаган эмес. Бир күнү периште келип Алла Тааланын саламын айтып, бир суроо берет: "Оо, Аллахтын Элчиси Аллах сенден сурап жатат, өкүмдар пайгамбар болгуң келеби же кул пайгамбар болгуң келеби?"

Жебрейил периште жарламга келет:
- Оо, Аллахтын Элчиси, Жаратуучуңа кичи пейил бол!
Анан Аллахтын Элчиси (с.а.в) айтчу сөзүн айтат:
- Бир күн ачкалып, алсыздыгын билген, кийинки күнү ток болуп шүгүр кылган кул пайгамбар болгум келет.
Ал кызматчылары менен чогуу тамак жечү. Бир аял бул көрүнүшкө күбө болуп:
- Кул сыяктуу тамактанып жатканын карасаң, - дейт.
Пайгамбарыбыз (с.а.в) жооп кайтарат:
- Менден жакшыраак кайсы кул бар? Мен Аллахтын кулумун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Meruet84   14 Март 2017 - 19:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Аллах ыраазы болсун, Seli дагы жазып улантсаң жакшы болот эле.Менин убактым болбой жатат.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   seli   18 Март 2017 - 10:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Ыкыластуулук.

Ыкылас - бул жасалган бардык нерсени Аллах үчүн кылуу жана тыюу салынган нерсени да Аллах үчүн кылбоо.

Кулчулуктун себеби - Алла Тааланын буйругу, натыйжасы - Анын ыраазычылыгы, жемиши болсо - акыретте бериле турган чексиз сыйлар.

Биздин кылымдын бир улуу Ислам ойчулу: *"Аллах үчүн иштегиле, Аллах үчүн баштагыла, Аллах үчүн аракеттенгиле, жана Анын ыраазычылыгы бойунча иш кылгыла"* деп ыкыластуулукка үндөп, ошондой эле анын манилүүгүн түшүндүргөн эле.

Адамзат тарыхында мындай ыкыластуулуктун туу чокусунда бир жалгыз инсан бар, - ал Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в).

Аллахтын Элчиси (с.а.в) динин башындай кандай ыкыластуу баштаса, аягына чейин бул багыттан эч качан тайган жок. Жасаган бардык ишин Алла Тааланын ыраазычылыгына жетиш үчүн гана кылган, башка эч кандай максаты болгон эмес.

ЖАКШЫ ҮГҮТ.

Пайгамбарлар адамдарга жакшы үгүт жана даанышмандык менен гана жакындашат. Эч качан талаш - тартышка киртшпейт. Куранда бул тууралуу төмөнкүчө айтылат:
*"(Оо, Мухаммед) Жаратуучуңдун жолуна (динине) даанышмандык жана көркөм насаат менен чакыргын! Алар (сени менен талашып - тартыша турган адамдар) менен эң көркөм ыкма менен далилдешип тартышкын" .*

Тактап айтканда, аларга бардык нерсенин маңызын, жаратылыштагы сырларды жагымдуу, жылуу сөз менен, ынандыруучу жакшы ыкма менен түшүндүр! Алардын шагын сындырбастан, дилин жана акылын тойгузууга аракеттен! Пайгамбарлардын милдети динди данышмандык жана жакшы үгүт менен жаюудан турат.

ТАУХИДГЕ ЧАКЫРУУ.

Таухид - бул бир гана Аллахга ишенүү акыйдасы. Куранда көптөгөн пайгамбарлардын өз коомчулугуна карата жалгыз Алла Таалага ишенүү тууралуу айткандары төмөнкүчө баяндалат:

*"Оо, менин коомум, Аллахга кулчулук кылгыла! Силер үчүн Андан башка бир да кудай жок."*

Ар бир пайгамбардын дини ушул улуу чындык - Таухид менен башталат. Түрдүү доорлордо жана башка - башка жерлерге жиберилген пайгамбарлар бир эле нерсени - бир Алла Таала ишенүүнү үгүттөгөндөрү муну далилдеп турат, анткени алар динди өз ойлорунан чыгарган эмес, бул дин Алла Тааладан түшүрүлгөн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   seli   18 Март 2017 - 11:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

ИСЛАМГА ЧАКЫРУУНУН ЭКИНЧИ БАСКЫЧЫ: ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (с.а.в) МЕККЕЛИКТЕРГЕ САФАА ДӨБӨСҮНӨН КАЙРЫЛЫШЫ.


Исламдын жайылуу чөйрөсү күн өткөн сайын кеңейе берди. Ачык түрдө ыйман келтирүү жана Исламга чакыруу мусулмандарды кубанычка бөлөп жатса, караңгы бутпарастарды кабатырлантып жатты.

Алла Тааланын *" Сага буйрулган ишти (Акыйкат динге чакырууну) ачык - айкын кабарла!" * деген буйругу келгенде, Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир орунга отура албай калды. Жердештерине материалдык жана рухий бакты таалайдын жолун мүмкүн болушунча тез жана ачык көрсөтүүгө аракеттенди.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) Меккедеги Сафаа дөбөсүндөгү бийтк бир таштын үстүнө чыгып, Мекке калкына үнүн бийик көтөрүп:
*"Оо, курайш калкы, бул жерге келгиле , силерге айтар абдан манилүү кабарым бар!"* - дейт.
Ошол убактын адаты бойунча меккеликтер манилүү бир кабар болгондо, же сырттан душман топтору көрүнгөндө, ушул Сафаа дөбөсүнө чыгып кабар береер эле. Пайгамбарыбыз (с.а.в) да ушул адат бойунча Сафаа дөбөсүнө чыгып меккеликтерге кайрылган.

Мекке калкы таң калып карашса, дөбөнүн башында чынчылдыгы менен таанылган Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) турат. Эл үндү уккандан кийин эмне болуп кетти деп чочулашып, заматта Сафаа дөбөсүнүн айланасына чогулушуп:

- Оо, Мухаммед! Бизди эмне үчүн бул жерге топтодуң, эмне кабар бергиң келип жатат? - деп сурашат.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) жообун берүүдө кечиккен жок:

- Оо, курайш калкы! Мен силерге ушул тоонун аркы тарабында, же тигил жылгада атчан душман бар, эртең менен же кечинде кол салат деп айтсам, ишенесиңерби?

Ошол убакка чейин Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в) оозунан эч качан жалган сөз чыкпаганына күбө болуп келишкен Мекке калкы бир ооздон:

- Ооба, биз сенин сөзүңө ишенебиз. Себеби ушул кезге чейин сенден тууралыктан башка эч нерсе көргөн жокпуз. Сен жалган айта турган адамдардан эмессиң, - дешти.

Элге ушинтип кайрылгандан кийин Пайгамбарыбыз (с.а.в) курайш урууларынын ар бирин өз аты менен бир бирден чакырып, сөзүн мындайча улантат:

- Андай болсо мен силерге келе турган чоң азаптан кабар беремин. Жараткан Аллах мага: "Жакын туугандарыңды акырет азабынан айбыктырып коркут! деп буйрук берди. Силерди: "Аллах бир, андан башка кудай жок" деп айтууга чакырамын.

- Мен болсо анын кулу жана элчисимин. Эгер айткандарымды кабыл алсаңар, бейишке бара турганыңа кепил боло аламын. Ошондой эле силер "Аллах бирөө гана, андан башка кудай жок" деп айтмайынча , силерге мен бул дүйнөдө да, акыретте да жардам бере албаймын.

Пайгамбарыбыздын (с.а.в) акылмандык менен адамдардын жүрөгүнө жеткире таамай айткан сөздөрүнөн кийин Абу Лахаб эмне кылаарын билбей калат. Колуна бир таш алып, Пайгамбарыбызды (с.а.в) көздөй демитип ыргытып: "Өлүп кеткир! Бизди ушул үчүн чакырдыңбы? - деп бакырат.

Мындан башка ошол тургандардын эч кимисинен эч кандай каршылык болгон жок. Күбүр - шыбыр сөздөр менен тарап кетишет.

Ушул жаман иши менен Абу Лахаб, Жараткандын каарына жана азабына дуушар болгон. Пайгамбарыбызга (с.а.в) болгон өтө жек көрүүсү, душмандыгы ага оор азап алып келген. Себеби Алла Таала, *"Масад" * сүрөөсү менен анын коркунучтуу акыбеттин төмөнкүчө билдирет.

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен.

"Абу Лахабдын колдору курусун, жок болсун! (Чындыгында) ал куруду, жок болду! Мал мүлкүнүн жана жыйнаган байлыгынын ага пайдасы тийген жок! Жакында ал жана анын аялы отун көтөргүч болуп жалындуу тозокко кирет, мойнунда бышык буладан (эшилген) аркан болот!".
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   seli   18 Март 2017 - 14:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

ИСЛАМГА ЧАКЫРУУНУН ЭКИНЧИ БАСКЫЧЫ: ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (с.а.в) МЕККЕЛИКТЕРГЕ САФАА ДӨБӨСҮНӨН КАЙРЫЛЫШЫ.


Исламдын жайылуу чөйрөсү күн өткөн сайын кеңейе берди. Ачык түрдө ыйман келтирүү жана Исламга чакыруу мусулмандарды кубанычка бөлөп жатса, караңгы бутпарастарды кабатырлантып жатты.

Алла Тааланын *" Сага буйрулган ишти (Акыйкат динге чакырууну) ачык - айкын кабарла!" * деген буйругу келгенде, Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир орунга отура албай калды. Жердештерине материалдык жана рухий бакты таалайдын жолун мүмкүн болушунча тез жана ачык көрсөтүүгө аракеттенди.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) Меккедеги Сафаа дөбөсүндөгү бийтк бир таштын үстүнө чыгып, Мекке калкына үнүн бийик көтөрүп:
*"Оо, курайш калкы, бул жерге келгиле , силерге айтар абдан манилүү кабарым бар!"* - дейт.
Ошол убактын адаты бойунча меккеликтер манилүү бир кабар болгондо, же сырттан душман топтору көрүнгөндө, ушул Сафаа дөбөсүнө чыгып кабар береер эле. Пайгамбарыбыз (с.а.в) да ушул адат бойунча Сафаа дөбөсүнө чыгып меккеликтерге кайрылган.

Мекке калкы таң калып карашса, дөбөнүн башында чынчылдыгы менен таанылган Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) турат. Эл үндү уккандан кийин эмне болуп кетти деп чочулашып, заматта Сафаа дөбөсүнүн айланасына чогулушуп:

- Оо, Мухаммед! Бизди эмне үчүн бул жерге топтодуң, эмне кабар бергиң келип жатат? - деп сурашат.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) жообун берүүдө кечиккен жок:

- Оо, курайш калкы! Мен силерге ушул тоонун аркы тарабында, же тигил жылгада атчан душман бар, эртең менен же кечинде кол салат деп айтсам, ишенесиңерби?

Ошол убакка чейин Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в) оозунан эч качан жалган сөз чыкпаганына күбө болуп келишкен Мекке калкы бир ооздон:

- Ооба, биз сенин сөзүңө ишенебиз. Себеби ушул кезге чейин сенден тууралыктан башка эч нерсе көргөн жокпуз. Сен жалган айта турган адамдардан эмессиң, - дешти.

Элге ушинтип кайрылгандан кийин Пайгамбарыбыз (с.а.в) курайш урууларынын ар бирин өз аты менен бир бирден чакырып, сөзүн мындайча улантат:

- Андай болсо мен силерге келе турган чоң азаптан кабар беремин. Жараткан Аллах мага: "Жакын туугандарыңды акырет азабынан айбыктырып коркут! деп буйрук берди. Силерди: "Аллах бир, андан башка кудай жок" деп айтууга чакырамын.

- Мен болсо анын кулу жана элчисимин. Эгер айткандарымды кабыл алсаңар, бейишке бара турганыңа кепил боло аламын. Ошондой эле силер "Аллах бирөө гана, андан башка кудай жок" деп айтмайынча , силерге мен бул дүйнөдө да, акыретте да жардам бере албаймын.

Пайгамбарыбыздын (с.а.в) акылмандык менен адамдардын жүрөгүнө жеткире таамай айткан сөздөрүнөн кийин Абу Лахаб эмне кылаарын билбей калат. Колуна бир таш алып, Пайгамбарыбызды (с.а.в) көздөй демитип ыргытып: "Өлүп кеткир! Бизди ушул үчүн чакырдыңбы? - деп бакырат.

Мындан башка ошол тургандардын эч кимисинен эч кандай каршылык болгон жок. Күбүр - шыбыр сөздөр менен тарап кетишет.

Ушул жаман иши менен Абу Лахаб, Жараткандын каарына жана азабына дуушар болгон. Пайгамбарыбызга (с.а.в) болгон өтө жек көрүүсү, душмандыгы ага оор азап алып келген. Себеби Алла Таала, *"Масад" * сүрөөсү менен анын коркунучтуу акыбеттин төмөнкүчө билдирет.

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен.

"Абу Лахабдын колдору курусун, жок болсун! (Чындыгында) ал куруду, жок болду! Мал мүлкүнүн жана жыйнаган байлыгынын ага пайдасы тийген жок! Жакында ал жана анын аялы отун көтөргүч болуп жалындуу тозокко кирет, мойнунда бышык буладан (эшилген) аркан болот!".
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   seli   24 Март 2017 - 10:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

ПАЙГАМБАРЫБЫЗГА (с.а.в) ЖАНА МУСУЛМАНДАРГА ЖАСАЛГАН КЫЙНООЛОР ЖАНА АКААРАТТАР.


Пайгамбарыбыз (с.а.в) Сафаа дөбөсүнөн ачык түрдө пайгамбарлыгын жарыя кылып, калкты ислам динине чакыргандан кийин, курайш бутпарастары зордук - зомбулук, акаарат айтууларын мурдагыдан да күчөтө башташат.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) аларды бир Алла Таалага ыйман келтирүүгө чакыруусун уланта берди. Алар болсо "бабаларыбыздын дини" деп, бутпарастыкта калып, өжөрлөнө каршылык көрсөтүп жатышты. Пайгамбарыбыз (с.а.в) да аларды тажабастан дүйнө жана акырет бакытына чакырып жатты. Алар болсо тескерисинче, жарганаттын жарыктан качканындай, түбөлүктүү бакты - таалайларынан , түгөнбөс ырыскыларынан качып жатышты.

Пайгамбарыбыз (с.а.в)аларды адамча жашоого, адам баласына жараша турган мамиле, карым - катнашта болууга чакырып жатты. Алар болсо адамдын уят - сыйытын, сый - урматтын тебелеген ыплас турмушун уланта беришти.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) алар үчүн түбөлүк жыргалчылык , бейишти каалап, аларды сый - урматка ээ болууга, караңгылыктын ыплас адаттарынан куткарууну көксөп жатты. Алар болсо түбөлүк тозокко алып баруучу иштерден баш тарткысы келген жок.

Албетте, анан ушундай абалдагы бутпарастар Пайгамбарыбыздын (с.а.в) чакырыгына каршы болгон күчүн жумшап жатышты. Ошондуктан түрдүү кыйноолорго, зөөкүрдүккө керек болсо өмүрүнө кол салганга чейин барышты.

Мындай абал бир гана Пайгамбарыбызга (с.а.в)таандык эмес экени талашсыз. Ар бир пайгамбар өз коому, эли тарабынан кысымга алынган, кордук көрүп, эзилген. Алар ар түрдүү кыйноо, зордук - зомбулуктарга карабастан динин жаюудан бир кадам да артка чегинбей, тайманбастан күрөшүшкөн. Тескерисинче, ушул кыйынчылыктарды көргөн сайын, Жараткандын берген буйруктарын аткарууга ого бетер жигердүүлүк менен киришишкен.

Пайгамбарыбызга (с.а.в) кыйынчылык көрсөткөндөрдүн башында Абу Лахаб жана анын аялы Умму Жамил бар эле. Абу Лахаб Пайгамбарыбызга (с.а.в) тынымсыз каршылык көрсөтүп, калкьы андан баш тарттырууга аракеттенип жатты.

Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз. (с.а.в) бир жарманкеде калкты Алла Тааланын бир экендигине, ыйман жана пайгамбарлыгын кабыл алууга чакырып, " Лаа илаахаа иллаллах" дегиле, өзүңөрдү куткаргыла деп жаткан. Ошол замат пайда болгон Абу Лахаб: "Оо, Эл - журт! Бул менин иним болот, жалган сүйлөп жатат, андан алыс болгула!" - деп бакырган.

Абу Лахаб ушу менен эле токтоп калган эмес. Бир күнү Пайгамбарыбыздын (с.а.в) эшигине таштандыларды жана сасык жытуу нерселерди ыргытып салат. Аны көргөн атасынын бир тууганы Хамза (ошол кезде мусулман боло элек эле) жетип келип, ал таштандыларды топтоп, Абу Лахабды башка урган.

Абу Лахаб кээде Пайгамбарыбыздын (с.а.в) тынчын алуу үчүн үйүн тынымсыз таш бараңга алчу.

Абу Лахаб Пайгамбарыбызга (с.а.в) акаарат көрсөтүүгө өзү гана эмес, уулу Утайбаны да тукурчу. Бир жолу Утайба Пайгамбарыбыздын (с.а.в) жанына барган убакта ал *"Ал-Нажм" (жылдыз)* сүрөөсүн окуп жаткан эле. Муну уккан Утайба

- Жылдызды жаратканга ант беремин, мен сенин пайгамбарлыгыңды жокко чыгарамын! - деп туруп, Пайгамбарыбызды (с.а.в) көздөй түкүрүп жиберет.

Пайшамбарыбыз (с.а.в)ушул жийиркеничтүү мамилеге бир гана ушул терс бата менен жооп берет:

*"- Оо, Жараткан! Ага бир итиңди жолдо!" *

Пайгамбарыбыздын (с.а.в) дубасы да, терс батасы да Аллах тарабынан жоопсуз калчуу эмес. Утайбага жасалган ушул терс бата маалы келгенде ишке ашкан. Йемендеги Хавран деген жерде достору менен уктап жаткан учурда, бир арстан келип аны жара тартып кеткен.

Умму Жамил Исламдын башкы душмандарынын бири, Абу Лахабдын аялы болчу. Курандын тили менен "тозок отунчусу" деген атка ээ болгон ушул аял Пайгамбарыбыздын(с. а.в) баскан жолуна күнүгө тажабастан тикенектүү бадалдарды чачып, ушул кылган жоругунан ырахат алчу.



Умму Жамил жөнүндө дагы бир төмөнкүдөй бир окуя болуп өткөн:

"Пайгамбарыбыз (с.а.в) Сафаа дөбөсүнөн биринчи жолу курайш уруусуна кайрылып жаткан учурда, күйөөсү Абу Лахаб Пайгамбарыбызга (с.а.в) каршы чыгат, ошондон кийин Аллах Таала *"Масад*" сүрөөсүнү түшүрөт.

Муну уккан Умму Жамил колуна таш алып, Харам мечитине келет. Пайгамбарыбыз (с.а.в) ишенимдүү досу азирети Абу Бакр менен ошол жерде олтурган. Пайгамбарыбызды (с.а.в) көргөн жок.

- Эй, Абу Бакр! Досуң кайда? Мени шылдыңтаптыр, аны көрсөм, ушул таш менен ошол сөздөрдү айткан оозуна урамын! - дейт.

Абу Бакр көргөн көзү Пайгамбарыбызды (с.а.в) көрө албай, натыйжасыз үйүнө кайткан.

Ушуга окшогон дагы бир өкуя Абу Жахилдин башына келген.
Бир күнү уруусуна мынтип сөз берген: *"Мухаммедди саждада, намаз окуп жатканда көрсөм, башын ушул таш менен жанчамын" .*

Эртеси күнү өзү араң көтөрө ала турган бир ташты көтөрүп алып, Пайгамбарыбыздын (с.а.в) жанына барат. Ал ошол убакта намаз окуп жаткан эле. Колундагы ташты көтөрүп, эми умтулганында, колдору көтөргөн бойунча катып калат. Колу ошол бойдон Пайгамбарыбыз (с.а.в) намазын бүтүрүп, ордунан туруп кеткенге чейин сенек абалда калган. Намаз бүткөндөн кийин гана Абу Жахилдин колдору кыймылга келет.

Бул окуядан кийин да Абу Жахил Пайгамбарыбызга (с.а.в) карата кылган айбандыгын уланта берет. Дагы бир күнү: " Эми мен Мухаммедди намазда көрсөм, мойнунан кармап, башын жерге сүздүрөмүн" - деп ант берет.

Дал ошол убакта Пайгамбарыбыз (с.а.в) келип калат. Ибн Аббас болгон ишти ага айтып бергенде, абдан ачууланып, Харам мечитине кирип, *"Алак" * сүрөөсүн аягына чейин окуган соң, саждага барат.

Карап туршандар Абу Жахилге:
- Эй, Абу Жахил, мына Мухаммед! - дешет.
Абу Жахил Ппйгамбарыбыздын (с.а.в) жанына жакындап, ошол замат аркасына бурулуп качат. Карап тургандар таң калып:
- Эмне болду? Эмне үчүн артка кайттың? - деп сурашат.



Абу Жахил болсо аларга таң калып:
- Мен көргөндү силер көргөн жоксуңарбы? - деп, анан минттп кошумчалайт:
- Экөөбүздүн ортобузда жалындап күйгөн оттуу аңгек ачыл-ды.

Жараткан Алла Таала Абу Жахилдин зөөкүрдүгүнөн сүйүктүү элчисин (с.а.в) ушундайча калкалап коргогон.
Курайш бутпарастарынын Пайгамбарыбызга (с.а.в) кылган акаарат жана жамандыктары абдан көп. Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир күнү Каабада намазын окуп жаткан. Бутпарастардын бир тобу болсо Каабанын айланасында топтолуп сүйлөшүп отурушкан. Арасында Абу Жахил да бар эле. Ал топтолгондорго:

-Кимиңер барып, баланчанын үйүндө сойулган төөнүн карынын алып келип, Мухаммед саждага жыгылганда, анын башына кое аласыңар? - дейт.

Чектен ашкан Укба бин Абу Муайт деген бирөө: "Бул ишти мен аткарамын" деп, бир аздан кийин төөнүн карынын алып, Пайгамбарыбыздын (с.а.в) жанына келет. Пайгамбарыбыз (с.а.в) эч нерседен кабары жок Жараткандын алдында саждага баш коёт. Укба төөнүн кан-жиндүү карынын Пайгамбарыбыздын эки далысынын ортосуна коет. Пайгамбарыбыз (с а.в) карындын оордугунан ордунан тура албай калат. Уят - сыйытсыз бутпарастар болсо боору ката күлүшөт.

Атасынын ушундай акааратка дуушар болгонун уккан Фатима жүгүрүп келип, карынды алып бутпарастарды көздөй ыргытат. Кызынын көз жашын көргөн Пайгамбарыбыз (с.а.в):

- Кабатырланба, кызым, Аллах сенин атаңды зыянга учуратпайт, - дегенден кийин: "Оо, Жаратканым, курайшты сага койдум!" - деген.

Дагы бир күнү Пайгамбарыбыз (с.а в) Каабанын жанында намаз окуп, чекесини саждага коёру менен Укба бин Абу Муайт белиндеги бел курун алып, аны муунта баштаган. Анын максаты Пайгамбарыбызды (с.а.в) муунтуп өлтүрүү болчу. Ошол убакта азирети Абу Бакр жетип келип, Пайгамбарыбызды (с. а. в) ушул зөөкүрдүн колунан куткарып калат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   seli   01 Май 2017 - 23:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫ (С.А.В) ӨЛТҮРҮҮГӨ АРАКЕТТЕНҮҮ.


Бутпарастар кеңешип, Пайгамбарыбызды (с.а.в) өлтүрүү чечимине келишет. Ушул чечимди ишке ашырууну Валид бин Мугыйра аттуу бир бутпараска тапшырышат.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) намазда Куран окуй баштаганда, Валид бин Мугыйра анын жанына келди. Анын кулагына Пайгамбарыбыздын (с.а.в) Куран окуган үнү угулуп турду, бирок көзү менен аны көрө албай жатты.

Валид коркконунан жолдошторунун жанына качып келди да, абалды түшүндүрүп берет. Бул жолу алар баары бирге жөнөшөт. Бирок Пайгамбарыбызды (с.а.в) аларда көрө алышкан жок. Себеби улам алгалап баскан сайын үн аркадан, арка тарапка баскан сайын үн алды тараптан угулуп турду. Алар жадашканда, таң кала тарап кетишкен.





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   seli   06 Май 2017 - 14:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

"ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (саллаллаху алейхи васаллам) ЖАНА МУСУЛМАНДАР АРКАМДЫН (р.а) ҮЙҮНДӨ."*

Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в) пайгамбарлыгынын бешинчи жылы. Биздин замандын 615-жылы эле.
Курайш бутпарастарынын мусулмандарга кылган зордук-зомбулуктары, кыйноо иштери күн өткөн сайын күчөп баратты. Мусулмандар диний милдеттерин жана ибадаттарын ээн-эркин аткара албай калышты.

Ислам жана ыйманды үйрөнүү үчүн, Алла Таалага ээн-эркин сыйынуу үчүн ылайыктуу бир жер керек болчу. Аллахтын элчиси (с.а.в) ушундай жерди бир нече күн бою издеп, ойлонуп, Сафаа дөбөсүнүн чыгыш тарабында жайгашкан, алгачкы мусулмандардын бири Аркам бин Абу Аркам бин Асаддын үйүн ылайык көрөт. Бул үй кирип чыгуу үчүн өтө ыңгайлуу , келип кеткендерди көзөмөлдөп туруу оңтойлуу эле.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) бул жерде мугалим, алгачкы мусулмандар анын шакирттери болушту. Ушул жерде чогуу үйрөнүшкөндөрүн башкаларга да үйрөтүшкөн. Ошондуктан Аркамдын үйүн Пайгамбарыбыз (с.а.в) мугалимдик кылган биринчи медресе катары белгилесек болот.

Азирети Умардын Исламга өтүшүнө чейин, Пайгамбарыбыз (с.а.в) Ислам динин ушул жерден жайылткан. Умар (р.а) баш болуп, көп киши ушул үйдөн Исламды кабыл алышкан.

Аркам бин Абу Аркам (р.а) бул үйдү кийин эч качан сатпоо жана алмашпоо шарты менен уулуна тапшырган.

Ислам тарыхында өтө жогору бааланган ушул үй учурда Каабанын каршы тарабында жайланышып, *"Дарул - Хайзуран" * деген ат менен белгилүү жана бир диний окуу жайына тапшырылган.

Билдирүүнү түзөткөн: seli: 06 Май 2017 - 14:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   seli   06 Май 2017 - 14:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

ЯСИР (Р.А.) ҮЙ-БҮЛӨСҮНҮН БАШЫНАН ӨТКӨРГӨНДӨРҮ.


Ясир Меккеге Йеменден келип, Сумаййа айымга үйлөнөт. Андан эки эркек уул төрөлөт: Аммар жана Абдуллах.

Бул үй-бүлөдөгүлөр баары чогуу Исламга өткөн бактылуу инсандардан болушту. Бирок ушунун айынан оор сыноолорго туш келишти.

Бутпарастар ушул үй-бүлөнү Исламдан баш тарттырыш үчүн күндүн мээ кайнаткан ысыгында таш үстүнө жаткырып кыйнашчу.

Дагы бир күнү алар каттуу кыйноого алынып жатканда, үстүнөн Пайгамбарыбыз (с.а.в) чыгып калат. Даап кароого мүмкүн болбогон оор көрүнүшкө карата:

*"Сабыр кылгыла, оо, Ясирдин үй-бүлөсү! Сабырдуулукта бекем тургула, оо, Ясирдин үй-бүлөсү! Сабыр кыла көр, оо, Ясирдин үй-бүлөсү! Силердин барар жериңер бейиш. Сабыр кылгыла, оо, Ясирдин үй-бүлөсү! "* - деп, алардан сабыр кылууну өтүнөт.

Кыйноо астында эптеп эсин жыйган Ясир (р.а.):
- Оо, Аллахтын Элчиси, - дейт, - бул азап качан бүтөт?
Пайгамбарыбыз (с.а.в) ушул суроого:
*"Оо, Аллахым! Ясир бүлөсүнөн ырайымыңды аяба!"* деген дубасы менен жооп берет.

Ушул окуядан көп өтпөстөн Ясир адам чыдагыс кыйноолор астында жанын Жаратканга тапшырат. Ясир мусулман эркектерден биринчи шейит болуу сыйына арзыган.

Ясирдин картайып калган, алсыз аялы Сумаййаны Абу Жахил кыйноого алып жатып, өтө эле акмактанып:

*"Сен Мухаммеддин сулуулугуна ашык болуп ыйман келтирдиң! - деп маскарлайт.

Ушундай уятсыз сөзгө жооп катары Сумаййа тайманбастан бутпарастарга татыктуу жооп кайтарганда, Абу Жахил мыкаачылык менен колундагы найзаны анын денесине малып алат. Ошентип, Ясирдин аялы Сумаййа да

Ясир Меккеге Йеменден келип, Сумаййа айымга үйлөнөт. Андан эки эркек уул төрөлөт: Аммар жана Абдуллах.

Бул үй-бүлөдөгүлөр баары чогуу Исламга өткөн бактылуу инсандардан болушту. Бирок ушунун айынан оор сыноолорго туш келишти.

Бутпарастар ушул үй-бүлөнү Исламдан баш тарттырыш үчүн күндүн мээ кайнаткан ысыгында таш үстүнө жаткырып кыйнашчу.

Дагы бир күнү алар каттуу кыйноого алынып жатканда, үстүнөн Пайгамбарыбыз (с.а.в) чыгып калат. Даап кароого мүмкүн болбогон оор көрүнүшкө карата:

*"Сабыр кылгыла, оо, Ясирдин үй-бүлөсү! Сабырдуулукта бекем тургула, оо, Ясирдин үй-бүлөсү! Сабыр кыла көр, оо, Ясирдин үй-бүлөсү! Силердин барар жериңер бейиш. Сабыр кылгыла, оо, Ясирдин үй-бүлөсү! "* - деп, алардан сабыр кылууну өтүнөт.

Кыйноо астында эптеп эсин жыйган Ясир (р.а.):
- Оо, Аллахтын Элчиси, - дейт, - бул азап качан бүтөт?
Пайгамбарыбыз (с.а.в) ушул суроого:
*"Оо, Аллахым! Ясир бүлөсүнөн ырайымыңды аяба!"* деген дубасы менен жооп берет.

Ушул окуядан көп өтпөстөн Ясир адам чыдагыс кыйноолор астында жанын Жаратканга тапшырат. Ясир мусулман эркектерден биринчи шейит болуу сыйына арзыган.

Ясирдин картайып калган, алсыз аялы Сумаййаны Абу Жахил кыйноого алып жатып, өтө эле акмактанып:

*"Сен Мухаммеддин сулуулугуна ашык болуп ыйман келтирдиң! - деп маскарлайт.

Ушундай уятсыз сөзгө жооп катары Сумаййа тайманбастан бутпарастарга татыктуу жооп кайтарганда, Абу Жахил мыкаачылык менен колундагы найзаны анын денесине малып алат. Ошентип, Ясирдин аялы Сумаййа да аялдардан биринчи шейит болгон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   seli   07 Май 2017 - 00:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

ЯСИР УУЛУ АММАРДЫН (Р.А) КОРГОН АЗАБЫ Аммардын да коргон кыйноолору ото оор болчу. Бутпарастар ага темирден койнок кийгизип, кундун оттой ысыгына таштап коюп кыйнашкан. Кээде тикелей отко какташып, майын сызгыра азапташкан. .. Ушул кыйноолордон бир аз болсо да кутула тушкон учурда Аммар Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанына келип арыз мунун айтат: - Азаптын ар турдуусун таттык, оо Аллахтын Элчиси! Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) дагы эле сабыр кылууларын отунуп, мындайча дуба кылат: "Оо, Жаратканым! Аммар булосунон эч кимге тозок азабын таттырба! " Дагы бир куну бутпарастар Аммарды отко кактап кыйнап жатканда Пайгамбарыбыз (саллалаху алейх васаллам) келет. Берекелуу колу менен Аммардын бешенесинен сылап, отко карап туруп: "Эй, от, Ибрахим (а.с) серуун жана жайлуу болгондой, Аммарга да ошондой бол!" деп дуба кылат. Андан кийин Аммарга мындай кабар берет: - Эй, Аммар! Сен ушул кыйноодон олбойсун дагы коп жашайсын. Сенин олумун бузуку адамдар колдуу болот! Чынында эле, Алла Таала Аммарга узак омур берип, суйуктуу Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) созун туура чыгарган. Аммар коптогон жылдардан кийин Сыфиин согушунда шейит болгон. Дагы бир куну Аммар кыйноолорго чыдай албай, ыйлап жаткан. Аммарды ушул абалда коргон мээримдуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) берекелуу колдору менен коз жашын арчыгандан кийин: - Сени каапырлар дагы кармап алып, кыйнаштыбы? Эгер дагы кыйнай турган болушса, сен алар каалаганга кон, озунду куткар, - дейт. Бул уруксат берилишинен бир нече кун убактан кийин Аммар дагы бутпарастар тарабынан кармалып, кыйноого алынат: мухаммедге акаарат айтмайынча, Лат менен Узага (айкелдердин аттары) сыйынмайынча, сени кыйноодон эч качан бошотпойбуз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   seli   07 Май 2017 - 01:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Бечара Аммар айласыздан алардын айткандарын аткарат. максатына жеткен зоокурлор аммарды бош кое беришет. Кыйноо жана азаптан кутулган Аммар, туз эле Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) алдына келет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): - Кутулганын кебетенен эле корунуп турат, - дээри менен, томонкучо жооп кайтарат: - Жок! Кудай акы кутулган жокмун! - Эмне учун? - Мени зордоп сенден баш тарттырышты. Лат жана Узанын сенин дининден жакшы экендигин мага зордор айттырышты. аммар капа эле, Аммар айласыз эле. Дуйно башына кулап тушкондой болуп, коркуу ичинде Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васалам) алдында турду. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): - Бутпарастардын айтканын кайталап жатканда журогун эмнени сезди? - деп сурайт. Аммар: - Журогумдо Аллахка болгон ыйманымды мурдагыдан да кучтуроок сездим, - дейт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): - Сага куноо жок, эй, Аммар! Алар дагы сени кармап алып, дагы кайталап айт дешсе, айткандарын кайталап, кутул! - дейт. Ушул окуядан кийин Жараткан Аллах томонку аятты тушургон: "Дилине ыйман орногон абалда (динсиздикее жаткан создорду айтууга) мажбур кылынып (тили менен гана айтып койгондон) башка, ким Аллахка каапыр болсо ага оор азап бар. Бирок конулун каапырлыкка ачкандарга карата, Аллахтын казабы жана чон жазасы бар". Ушундан улам, журогу ыйманга толгон момун-мусулманга уруксат берилген. Момун-мусулман омуруно душман тарабынан коркунуч келтириле турган болсо, же денесинин бир мучосунон ажырай турган абалда, жалгыз тили менен гана динсиздик созун айтса болот. Бирок мындай абалда журоктогу ыймандын бекем болуу шартты менен ганаОшо уруксат берилгендигин эстен чыгарбаш керек. Ошону менен бирге, чындыкты айтуу жана диндин наамысын коргош учун шейит болууга кайыл болуп, Исламга каршы суйлоону тили менен да айтпоо - бул негизги нерсе болуп саналат. Бул бойунча уруксат менен эмес, негиз менен и кылуу соптуу жана улуу иш болуп саналат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 47 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 47, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 13:08

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: