Суперстан: Тагдырдын белеги... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (12 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тагдырдын белеги...

#121 Пользователь офлайн   aiger86gu   17 Март 2017 - 14:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 31 Январь 17
  • Соңку аракети: 05 Апр 2017 15:14

Эже сонун эле жазып жатасыз Кутконго татыктуу кылып Сураныч жакшы кундорунузго эми жетти дегенде токтотуп койбонуз Убакыт таап жазгандын озу да чон жетишкендик Сабырсыздар да жазса окуйт элем деп кутуп,кундо карап атышса керек Жаза бериниз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Gulzada_09   17 Март 2017 - 15:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 14 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Апр 2017 21:29

Мени качан турмушка чыгат деп күтүп жүргөн тууган-туушкан, курбу-курдаш, кесиптештерим бар. Чакан болсо да белгилеп, той кыла аласыңбы деп сурагам кетээрде. "Ооба, той элеби?!" деп кыйын болуп койгон. Кайдагы... Кошуна-колоң, кайненемдин төркүндөрү 20 жылдан бери келише элек экен, ошолорду коноктоп, чакан тойчук беришти биздин шылтоо менен. Бирок мен ага деле анча терикпедим. Башкысы бактылуу болсок болду деп жумуштан колум бошобой жүрдүм. Авысыным, кайынсиңдим болуп мага аябай эле жеңил болду. Андан кийин кайра үйдөгүлөр кийим жеткирип келип кетишти. Бакыт деген ушул го деп телегейим тегиз ичимде жетине албай жүрдүм. Бир күнү үй жыйнаштырып жүрүп сүрөттөр сагынган альбомдорун көрүп, жанымдан чыкпай жүргөн кайынсиңдимден Уладын өткөн күндөрү жөнүндө кызыгып сурап калдым. Менден бир аз кичүү, көп нерселерди ойлонбой эле болгонун айта берген кыз экен. Көңүлүмө катуу тийген өткөн окуяларын айтып берди. Мурда үйлөнөм деген кызы 2 күйөөгө тийип чыккан, 2 кызы бар өзбек келин экен. Аны менен жашап да жүргөн көрүнөт. Үйдөгүлөр каршы болуп, канча айтышканына болбой, айлалары кетип аларды ажыратуу үчүн айылга алып келген. Андан кийин канча кыз тааныштыдык, көңүлү жок, алардын дагы көңүлдөрүң калтырчу. Дагы бир кызды тааныштырып, үйлөнө турган күнүн белгилеп жатсак шаарга качып кетиптир. Андан кийин таежемдер сизди тааныштырган окшойт. Сиз мага жактыңыз, мага "аталарымдан" ушундай жакшы жеңелүү болосуң деп аян келген. Өткөндө да биз Улан акем экөөбүз Манас атанын күмбөзүнө түнөп сыйынып келгенбиз. Ошондон да болсо керек сиздей жанга жолуктурган. Көп ойлонбоңуз баары жакшы, сиздер бактылуу болосуздар. Атам да акеме таарынып ага сүйлөчү эмес. Эми көңүлү ачылып жакшы маанайда жүргөнүн көрүп, мен да кубанып атам деп койду аягында.
Мага анын сөздөрү бир кызык эле туюлду. Булар башка динде болбосо эле болду деп койдум ичимден. Атасы улам айтып кайталап атып, бизди никеге туруу үчүн ЗАКСка жөнөттү. Азыр жазып, бир айдан кийин келгиле деп арызыбызды кабыл алып кайра-кайра карап коюшту. Мына ушинтип үй-бүлөлүү болуп жаным тынып, жай алдым. Бирок, чыныгы көйгөйлөр ушул үй-бүлөөлүү абалда көбөйөт экенин анда кайдан килем...
Мага башында баарынын эле мамилелери жакшы болду. Кайним сыртта иштейт экен, үйлөнгөнүбүздө келе албаптыр, андан кийин кайынсиңдим үч бир тууган экен. Бир жумадан кийин үйдө чакан кеңеш болуп, анын жүргүзүчүсү кайненем: Мына сен да биздин чакан мамлекетке келип кошулдуң. Мында ары бардык маселени чогуу чечебиз деп үмүттөнөм, кандай нерсе да кеңешип тургула. Эми сага келсек алдыңа баралбайбыз, шартыбызды көрүп атасың. Кечээ тойчукта сойгон койлорду да карызга алдык. Эми карыздары кутулушубуз керек. Мына ... жакшы билет, бизде келиндер үйдө отурбайт. Айгүл (авысыным) шаарга барарың менен жумушуна кир. Иштешибиз керек. ... Сенин оюң кандай деп сурады күтүүсүз.
- Менин жумушум бар, 1 эмес, эки жерде иштейм. Эгер мүмкүн болсо ошол жакта эле иштей берем. Эгер жок бул жакта эле болосуңар десеңиз дагы көрөрбүз. .. Анан.. алмыга түшкөн боюнча: биз жактылар да ойлорун айтышат да, ата-энем жок болсо деле мен үчүн күйгөн бир туугандарым, атамдын бир тууганы бар. Алдыма бара албасаңар биздикилер деле сеп даярдабай эле коюшсунбу анда? Бирок, ырымын кылып болсо да барышыңар керек го дедим чыдабай.
- Ооба, ырымын кылабыз. Бирок, азыр эмес, шартыбыз жок...
Шарты болбосо эмнесине үйлөнтөт деп ичимден жиним келе түшүп, бирок үндөбөдүм. Улан дагы былтыйып үнсүз. Атасы гана "барабыз да, кантип барбай коймок элек" деди.
- Эгер кайра шаарга кетсеңер, сенин мурунку жумушуна кайра кирсең болобу деп сурады Уландан.
- Болсо керек, сүйлөшүп көрөм го..
Андан кийин келечектеги пландары жөнүндө сүйлөшүп, башка эле үй-бүлөгө ушинтип көнүп бараттым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Gulzada_09   17 Март 2017 - 15:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 14 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Апр 2017 21:29

Шашылып жазып, каталар кетип калып жатат, өзүнүздөр оңдоп окуп коёрсуздар.
10 күндөн кийин кетүүгө камындык. Кайда барарыбызды да он ойлонуп, толгонгонбуз. Алыс эле туугандарыныкын эле айтып жатышты, алары да шаардан алыс. Жумушума ыңгайсыз, анан дагы эми бардык жерде келиндик милдетим, жетише алар бекем деп өзүмө да карайм. Жумуштан берилген жатаканада акыркы кездери жалгыз эле болчумун. Аны айтсам, барбайм деп көнбөйт го деп ойлогом, бирок дароо эле мейли деп макул болду. Жумуштагыларга тамак берип коюшум керек десем, колума 1000 сом берди, окорачка менен күрүч басып бер деп. Таң калдым, 20 кишиге тамак берем, жетпейт деп чыр салмак белем, анда дагы мейличи чын эле жок болсо деп үндөбөдүм. Өзүмдүн акчаларым бар болчу, уят болбоюн деп жакшынакай эле дасторкон жазып, жумушка барып чай бердик. Уланды көрүп эле сынайын деп күтүп отургандар унчуга алышпай, көзүбүзчө жакшы каалоолорун айтышты. Кээ бир кек сактаган кесиптештерим мени 1 жумадан бери жок, кетиргиле деп деканга чейин киргендери болуптур. Чоңдор куттуктап, болгон окуяларды айтса, жаныңдагы адамдардан көп нерсени күтсө болот тура деп, көзүнө күлүп сүйлөгөн адамдарга өзүндөй эле күлүп коёсун, айла жок. Ошондой улуулар бизге ушундай үлгү көрсөтүп, турмушка бышырат тура...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   VIK   17 Март 2017 - 15:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 607
  • Катталган: 30 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 26 Янв 2022 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Торт тоонун ортосу...:-)

Азаматсыз! Жаза бериниз окуп жатабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   DetiNawaRadost   17 Март 2017 - 17:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 11
  • Катталган: 13 Март 17
  • Соңку аракети: 05 Апр 2017 11:37

Kutup jatabyz jaza beriniz bowogonunuzda
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   nur0924   18 Март 2017 - 01:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 07 Март 17
  • Соңку аракети: 04 Апр 2017 08:14

Жакшы жерге келин болуп бактылуу кундордон жазатго деп ойлодум эле.Кайын журттун закону башкача окшойт.Эмнеси болсо да тагдырдын бактылуу белегине жетип биз менен болушунуз.Эн негизгиси куйоонуз жакшы болсо экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Nuura-shirin   18 Март 2017 - 01:02

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 28 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 29 Авг 2017 06:05

Ээх турмуш, Ар адамды Ар кууго салат экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Gulzada_09   18 Март 2017 - 09:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 14 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Апр 2017 21:29

Күйөөмдүкөргөндөрдүн баары эле суктанып атышты. Кээ бирлери аны мага ыраа көрбөсүн датамашалап калышты. Курбу кыздарым айрыкча көргөнчө аябай ашыгышты. Баары эле “жакшынакайэкен, бактылуу болгула” дешет. “Качан күйөөгө тиесин эми” деп какшык аралашсурагандан тажабаган баягы чогуу жашаган курбум ачык эле көрө албай, ошолбоюнча жүзүн буруп кетти. Кээ бир кыздар эми достукка да эсеп менен карашатэкен да. Ушинтип анан убакыт достукту деле иргеп коет тура.

Ал эми Улан элдердинкөзүнчө өзгөчө жапакеч, сылык-сыпаа, жаркылдап-жайнап жакшы адам болот деле,экөөбүз калганда баягы маанайы сузга айланат. Себебин билгим келип сурасам, “башымооруп атат, чарчадым” деген жоопту угам. Эртелеп жумушка кетип, бүтүп-бүтөэлекте үйгө шашам. Жанында болуп, жолдошумду жакындан тааныгым келет...Тамак- аш көтөрүнүп алып, келип жасап берип, көңүлүн алууга аракет кылам. Үйдө отурабербей эшикке сейилдеп келелиби, бир жактарга баралыбы деп да өзүм сунушкиргизем, бирок, оң жооп ала албай жүрдүм. Ал жумушун күтүп 1 айча үйдө болупкалды. Жумушта эжелердин күйөөлөрү ар бир саат сайын жубайынын эмне менен алекболуп жатканын билгиси келип, чалып, жаңылыктары болсо бөлүшүп турганын көрүп суктанаберчүмүн, мен качан турмушка чыгар экенмин, ушинтип бирөө сага кабатыр болупсурап турса кандай жакшы деп. Бирок, Улан антип чалбайт дагы, мени менен ишижоктой. Балким акчасы жок, иштебей үйдө отурса деп жумуштан чыгып бирдик жүктөпкоем. Сен салдыңбы деп да чалып сурап койбойт. Келсем апасы менен ушакташыпсалган бирдигимдин аягына чыккан болот. Ичимден эмнеге минтет деп, өзүнөнсуроого оозум барбай жакшы мамиле кылып жүрө бердим. Күнүгө бош эмесмин,көбүндө анан шаарда туугандары отко чакырышат, барып келебиз. Бир күнү менинтаякемдер чакырып калышты. Барбайм, жумушум бар деп чыкса боло. Аябай жаманболдум. Күлүп сурандым, түшүндүрүп айттым, жиним келген түр көрсөттүм, көнбөй, жокжумушу менен кетип баратты. “Мейли, сеникилер эле бара турган адамдар болсо,мен тарапка баргың келбейт экен демек, кийин сеникилер дагы чакырса мен делебарбай эле коеюн” десем деле укмаксан болуп кетип калды. Артымдан жалынып,жалдырайт деди окшойт, ошондой дагы адаты бар экен. Мен үн дебей үйдө калабердим. Кайра келди айласы кетип: “Болбойсуңбу али отурасыңбы? ” деп кызык сурооберип. Ушундай майда-барат пикир келишпестиктер болуп калат, бирок муну деле арбир үй-бүлөдө болуучу нерсе катары кабыл алып, күндөр өтө берди...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Gulzada_09   18 Март 2017 - 12:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 14 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Апр 2017 21:29

Бизди тааныштыган бөлөсү, таежеси дагы отко чакырышкан. Биздин кандай жашап жатканыбыз кызык болсо керек да. Үйлөнгөнүбүздөн 2 айдан кийин боюмда бар экенин билип, эми кубанычымда чек жок болчу. Уланга сүйүнчүлөп айтсам, сүйүнгөн түр көрсөттү, өтө деле кубанганын көрө албадым. Бир жолу дагы таежемдер чакырып атат деп, Улан экөөбүз бардык. Ал таежесинин да, болжоп айтып, адам көрүп, жолун ачып, мазар кыдырып, айтымчылык жайы бар имиш. Бүгүн шам жагалы деди элек, шарты: биз этибар бербеген, сыр кылган нерселерибизди ортого салабыз, жашырбай айтканга аракет кылгыла, баары бир менин адамдарым мага айтышат дегенсип "жаш балдарды" алдады. Кулак чукугучту майга малып, күйгүзүп коюп баарыбыз тегеректеп отурдук. Бир нерселерди күбүрөнүп бүткөндөн кийин мени карап: "Сенин боюңда болуптур, эркек бала туулат, атын ..... коёсуңар, артынан эле кыз келет экен... дагы бир топ нерселерди айткан.. Андан кийин ар ким нааразы болгон, таарыныч болобу же жакшы нерселери менен бөлүшкүсү келеби ортого айтсаңар болот деп кезек мага да келди. Боюңда болгондо бир нерселерге кыжаалат болуп, бат таарынып, оюңа көп нерселерди ала бере турган болгом. Майда-барат болсо да ичимден таарынып айта албай жүргөн нерселеримди Уландын көзүнчө төгүп бердим. Кысаңдап, качкан менен аны баары - чындык. Мага да мындай мүмкүнчүлүк берилип, айтып алганыма бир аз жеңилдеп калдым. Аны болсо таежеси сынга алып, акылын айтып, эми кайталанбасын, капа кылба, кош бойлуу да болсо балага да зыяны тийбесин деп эскертип, бизди узатып жиберишти. Экинчи андай жерге барбайсың деди үйгө келгенде.
Бир күнү эртең менен жумушка чыгып баратсам жолдон көзүмө жылуу учураган бир жигитти көрүп, кайчы өтүп кеттик. Жигиттерге көңүл бурбай калганыма көп болгон. Жумушта жүрсөм Улан чалды. Дубайдан иним келиптир, бүгүн эртерээк кел, кайниң манты жакшы көрөт деп. Жанталашып келип манты жасап, аларды күтүп алдык. Эртең менен көргөн жигит ошол экен. Ал агасынан өтүп жакшынакай экен. Ал эми адамдык касиетин байкай албадым. Бир аз отургандан кийин байкелеримди бир жактарга алып барып отуруп келели деп, Уланды да ээрчитип кетти. Авысыным экөөбүз сүйлөшүп көпкө отурдук. Келебиз деп айткан убактарында жок, чалсак албайт, таң ата араң келишти. Саунага барышкандарын кийин билдим. Ичимден ойлонуп кабатыр болгом ар нерсени ойлонуп. Эртеси дагы продукты көтөрүнүп чыгып, бир нерселерди кылып жүргөм, ичим ооруп эле тура албай калдым. Эс алуу күндөрү болгондуктан ооруканага да бара албай жаттым. Ошондо эми такси жалдап берип койсо эмне, маршрут менен жалгыз араң барган элем. Шанс жок, балаңызды жоготуп алдыңыз дешти. Кайненем чалды эмне болду деп, эмне болгонун өзүм деле билбейм, сарсанаа болгондон болсо керек. ал эми күндө көтөрүп жүргөн эле тамак аш да дейм. Үйгө келип, отуруп алып өкүрүп ыйладым. Бала менен алаксып, баары жакшы болуп кетет го деп ойлогом, эми ал да жок. Жиним менен эмне кылаарымды билбей кечке кир жуудум. Кечинде боюмдан түштү. Кадимкидей адам боло баштаган экен... кандай оор.. Кичинекей ак чүпөрөккө ороп алып, телевизор карап отурган Уланга келип: "Мындай болбосо бул да адам болмок, таежем айткан ысымды ыйгарып, адам баспагаган жерге алып барып жашырып коёлу" десем, анда эч кандай реакция жок, тылтыйып гана отуруп берди. Өзүм чыгып бир жерди чукур жашырдым да, буркурап ыйлап алып, үйгө келсем, ал дагы деле баягы калыбынан жазбаптыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Gulzada_09   18 Март 2017 - 12:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 14 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Апр 2017 21:29

Эл көзүнө баары жакшы, бирок, мен анын кайдыгер мамилесинен тажай баштадым. Ичиңдеги баланы жоготуу деле аял үчүн азап тура. Ушундай учурда мени колдоп койгондун ордуна кайра мени жекирчү болду. "Мен эми балалуу да боло албайт турбаймынбы. Анда бул жашоонун деле кандай маңызы бар" деген сыяктуу сөздөр... Мен сабактарымды эжелерге суранып атып дайындап, ооруканалап аналыз тапшырып жүрүп калдым. Аны да тапшыртайын десем жумушун шылтоолоп көнбөйт. Дарыгерлерде узак кезек күтүп, дарыларын жаздыртып алып дарыланып жүрдүм. Отпускага чыгып үйдө отуруп калганда, үйдө эле эмне кылып атасың дей баштады. Кээде күнүмдүк болсо деле бир жерлерге иштей калам. Башында барын өзүм алып келип атып жаман да көндүрүп алыптырмын. Биринчи айлыгын карыз төлөдүм деген. Экинчисин апасына салдым деди, эми биз дагы келечегибизди ойлойлу дегичекти болбой 3-сүнө планшет (жумушунан скучно болуп кино көрөт имиш), апасына дагы бирдемелерди сатып келдим деп дагы кыжырыма тийди. Бир күнү достору чогулуп отуралы дешкен экен, баратып, карточкасынан акчасын чечээрде менин жанында туруума каршылык көрсөткөндө жаман жаным чыкты. 4-айлыгын түшкөн бекен десем: "Меники чогула берсин, сеники менен деле жашасак жетет экен го дейт күйдүрүп. Ушул убакка чейин бир нан көтөрүп келбей, минтип айтып отурганына кайран калдым. Бирок анда да кимге турмушка чыккандымды биле элек экенмин.
Үйдө болгон убакта эле анын тынбай башы ооручу, чын элеби же калп элеби билбейм. Мен айламды таппай себебин билгим келет. "Бир жолу катуу жыгылып мээм чайкалган" деп койчу. Көнүшүп калбадыкпы эми деп, бир күнү баягы өзбек келинди сурадым. Балким ошол окутуп алып жүрбөсүн, таежең ушундайдарды көрөм дейт го, балким дубадан ооруйт чыгар. Сен да аны аябай жакшы көрчү белең? Ачыгын айта бер, мен түшүнөм, сүйүү оңой эмес экенин да билем. Сен ооруп атам деген сайын менин жүрөгүм ооруп атат. Ал кыз эмне болгон кыз эле? Азыр кайда?.. Бир топ ойлонуп отургандан кийин ал жөнүндө айтып берди. "Ошто өзбектер менен ызы-чуу болгондон кийин, биз жашаган жакка кошуна болуп көчүп келишкен. Кийинчерээк жакындан таанышып жакын болуп кеттик. Анын ошондо эле бир кызы бар болчу, бир өзбеке тийген экен, жашоолору болбой ажырашып кетиптир. Сенден бир жаш кичүү, иниң менен тең иниси бар болчу, ошол менен да дос болуп кетип, ал да бизди жакындатты окшойт. Кийинчерээк ал жок жашай албайм го деген учурга да жеттим, үйгө айтсам алар каршы болуп коюшкан. Бирок, ал менен никесиз эле жашап алгам. Бирок ал менин акчаларыма кызыгып эле жашап жүргөн окшойт, бир күнү акчалуу бир уйгурду кезиктирип, мени таштап ага турмушка чыгып кетти. Андан дагы кыздуу болду деп уктум. Ал жок жашоо мага азапка айланды. Кайда жашаарын таап артынан бардым. Эки кызы болсо деле мага баары бир, ошол жанымда болсо болду болчу. Бирок, ал дагы деле мени пайданып, ажырашпай жүрө берди. Балким башымды да айлантып, ысытма окутуп койгон окшойт. Таежемдин мындайга күчү жетпейт, күчтүү молдо керек го" деди. Менин көзүмдөн жаштар өзүнөн-өзү кулап атты. Жаныңдагы жолдошуңдун башка бирөөнү сүйөрүн угуш дагы өтө кыйын экен. Бирок, ал эми азыр меники, аны өзүмө көңүл бурдуруп каратуу үчүн аракет көрө баштадым. Университетте окуп жүргөндө бир профессор агайыбыз бар болчу, ушундай магиялар боюнча кө айтып калар эле. Кийин угушума караганда көп кишинерди көрүп, айыктырган имиш. Агайга кирүү дагы оңой эмес, кезек күткөндөр бир жумага чейин жүрүшөт имиш.. Агайдын дарегин, башка дагы ысытма кайтарган молдолордун даректерин алып, Уланды алып барууга көндүрүп жүрдүм.

Ал дагы бир жумага суранып, айылга бардык. Каадасын кылып иштеп жаткандан кийин деп аны-муну алып алганымды айтам. Бир аз жүргөндөн кийин үй жакка да баргым келди. Кайненеме айтсам, шартыбыз жок, сен иштеп атасың, бир аз кредитке акча алсаң, кийин айлыгыңардан төлөп коймоксунар, ошону менен бетибизди аччып барып келмекпиз деп уялбай. Анан дагы келиндей болуп кредитке акча алып үйүндөгү мебелдерин алмаштырып беришим керек экен. Кызык!...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   asil-08   18 Март 2017 - 13:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 23 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Сен 2019 17:06
  • Жынысы:Аялзаты

Тобаа айбан деле баласын жоготсо ыйлайт го куйоондо боорукерлик деген нерсе ноль экен окуп алып жаман болдум, ушундайында токтотушун керек экен эле

Билдирүүнү түзөткөн: asil-08: 18 Март 2017 - 13:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Nuura-shirin   18 Март 2017 - 13:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 28 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 29 Авг 2017 06:05

Тооба кызык
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   sladkaja_konfetka   18 Март 2017 - 13:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 363
  • Катталган: 11 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 01 Сен 2020 14:34
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения asil-08 (18 Март 2017 - 13:02) жазган:

Тобаа айбан деле баласын жоготсо ыйлайт го куйоондо боорукерлик деген нерсе ноль экен окуп алып жаман болдум, ушундайында токтотушун керек экен эле

Онолуп кетээр деген умут менен жашап журду да...
Эххх, бактылуу болсонуз эле болду....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Gulzada_09   18 Март 2017 - 13:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 14 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Апр 2017 21:29

Эгер шартыңыздар жок болсо, биз өзүбүз эле барып келели деп үйдөгүлөрдү көндүрүп Улан экөөбүз төркүнүмө бардык. Турмушка чыкканда негизи төркүнүңө баргың келе берет экен го. Алар бизди жакшы тосуп алышты. 2-3 конок болдук. Чоң апабыз келип эле, биринчи жолу отко кирип атсаңар, эмне жалгыз келип алдыңар? Эмне, коштоп келер эч кимиси жок бекен деди бетиме эле. Андай да салттары бар экенин кайдан билем, сагынып кетип, келдик деп тим болдум. Улан каадасынча жылмайып жакшы көрүнүп жакканга аркет кылып отурган. Ошондо да жөн жүрбөй, 1-жолу эле барган кайын журтунан көзүнө жакшы көрүнгөн нерселерди сурай калганга жетишиптир. Тобаа кылам, ата-энеси жок эле турмуш-тиличилигин өткөрүп аткан инимдерден ошончо нерсени сураганга кантип оозу барды экен. Жакшы деп эле инимдер унчукпай бизди узатышкан, аны кийин айтып отурушат.
Шаага келгенден кийин үйдө жалгыз калганда ойлонуп отуруп чоң апамдын айтканына теригип, кайненеме чалдым ушинтип айтты деп. Ал да арданса керек да баласы үчүн. Карыздансак да ырымын кылып барабыз дешти. Анан келип эле баласына айтат да. Бир нанга акчасын ыраа көрбөй жүргөн баласына анча акча көп көрүнсө керек да, ар кайсы шылтоолоду айтып жүргөнүн угуп жүрдүм. Бекер кыз болсом да баркымды билишпейт экен, эми талаптарымды коё баштайын дедим мен дагы. Күндөгүдөн да кеч келчү болду ар кайсы шылтоолорду айтып. Анан боштуктан эриккенсип компютерде оюн ойноп, балмуздактын таякчаларынан бир нерселерди жасап жиниме тиет. Айтсам катуу тийбесин деп үндөбөйм. Жашаган жерибизге дагы төлөнбөй, акчасы өсүп атканын айта баштадым. Ошолордон кутулам дедиби бир күнү жумушумдан дагы бир жумага сурандым, омурткаларым уюп ооруп атат, кыйшайып кеткен окшойт, айылга барып өкүл атабыз массаж кылат, ошондон дарылаып келем деп жыйналып калды. Менчи? десем, "сенин жумушуң бар да, кечинде корксоң Айгүлдү чакырып ал, иним дагы айылда экен деди. Чыр салууга акым бар болчу, бирок бул жолу да кармандым.
- Жалгыз эле барат экенсиң да демек, а элдер эмне дешет, сага баары бирби?
- Мен ооруп атам, элдин эмне дегени менен менин эмне ишим бар?
- Жакшынакай эле басып жүрөсүң го, омурткасы ооругандар баспай калат, андай оорунун бетин ары кылсын. Айылга болсо жакында эле барып келдик, сагына тургандай деле болбодуң. Улам сурана бербей деле иштейли эми. Үй алышыбыз керек, элдей жашаганга аракет кылбайлыбы? !
- Оорубагандан кийин оору эмне экенин билбейсиң да, мен кеттим деп чыгып кетти.
Жаман ойлобосун деп Айгүлдү үйгө чакырып алып, жатып жүрдүм. Булардын чыныгы жүздөрү анын айтымында дагы ачыла баштады. Келин алар үчүн адам деле эмес экен. Иштетип акчасын алыш үчүн эле курал окшойт. Ал деле тиштенип чыдап, күйөөсүнүн токмогун көтөрүп сыртымдан жылмайып жүрүп эми-эми эле жеңип келатам жеңе деп калды.
Бир жумадан кийин үйгө сиңдим келип калды. Ага чейин боюмдан түшкөнүнөн башка эч нерсе айткан эмесмин. Айтып берсем, мени аяды окшойт, мунунардан жакшылык күткөнгө болбойт окшойт, ажырашып кетсеңерчи деп калды. Ушул сөз ушунчалык жаман угулчу, эмнеге үйлөнүшөт анда ажырашып кетишсе деп.
- Жок, деп сиңдимди тыйдым. Мен антпейм, эл эмне дейт эртең. Жашоо ушудай да, кыйын, эптеп жеңем дедим ичимден...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   Gulzada_09   18 Март 2017 - 15:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 14 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Апр 2017 21:29

Бир жума бою бир жолу чалып ахыбал сурап койгонго алы келбеди. Ал эмес экөөбүз тең интернетте отурабыз кандай деп жазып койгонго кудурети жетпейт. Ошол бир жума ичинде көп нерселерди ойлонгонго жетиштим, бир аз нерсеге көзүм ачылды. Бирок, андан баш тартып кете албай чайналып турдум. Эртең жумуш деген күнү кечинде келди. Алып берген кийимдерим жок, шалбыраган бир шым кийип алган. Сиңдимдин көзүнчө сыр бербегеним менен өзү деле байкады жиним келип атканын. Мен деле унчукпадым, батпай кетти көрүнөт, "мен инимдикине кеттим" деп түн ката дагы кетип калды. Менден бетер сиңдимдин да кыжыры келди.
- Биротоло келбе салбайт белеңер?
- Жашоо сага оюнчук бекен, кийлигишпе, өзүбүз чечебиз деп койдум.
Бир аздан кийин апасы чалды. "Эмне болду, басылдыбы, скорый чакырбайсыңарбы дейт жөн эле. Эшикке чыга калып апасына чалыптыр, жүрөгүм катуу ооруп атат, эмне кыларымды билбейм деп. Өзүнө айтпайбы анан, мага чалып баласы экөө артист болбой.
- Балаңыз жакшынакай эле, бир жумадан бери оорубаган жүрөгү бүгүн ооруп калмак беле. Жаңы эле келген, азыр эшикке чыкты деп трупканы коюп койдум.
Мени түн кезип аны издейт дешсе керек. Жиним менен эшикке дагы чыкпадым. Ал түнү дагы Улан келген жок. Эртеси кайненемдер Көлдөн келишмек. Эртең менен чалып, биз жакка келип кетесизби, көйгөйлөр болсо чогуу чечели деген элеңиз, мен балаңыздын кылыктарын эч эле эле түшүнө албай жатам. Келип кеңешиңиздерди берип кетсеңиз жакшы болмок. Ага чейин анын телефонун деле ала калып текшерген эмесмин. Соц.сеттин баарында катталган, чукулап эле жаны тынчу эмес, бир жолу бир кыз чалып ичи ооруганына чейин айтып атканын угуп калып, мындай болбосун Уланга эскерткем. Досума жолугам деп телефондо сүйлөшүп калган досу дагы баягы өзбек келиндин иниси экенин байкап, аны да айткам. Кыскасы, анын кылыктары күндөн-күнгө күчөй берди, токтолор түрү жок. Үйлөнгөндөгүдөн толуп калган, баары даяр, тамагы, кийими жуулуу, ойлоно турган эч нерсеси жок жашоо жагат да кимге болбосун. Бирок, мага мындай жашоо жакпай баштады. Кайненемдер чалды, биз келатабыз деп. Балаңызды дагы чакырып коюңузчу, мен азыр 2-3 саатка жумуштан суранып барам, мен чалсам албай атат дедим.
Үйгө келсем, эми менден ошончо коркконбу же баары биздин мамилебизди билсин дегенби, айтор киши толтура. Баягы таежеси да бар, кайнатам, кайынсиңдим, келиним ж.б., бирок, Улан келбептир. Эмне маселе деп баары мени күнөлүү карашкандарычы. .. Таежеси: "мен силерди табыштыргандан кийин өзүмдү күнөөлү сезип мен да келдим. Мен сени жактап, төркүн болом" деп коет дагы. "Менин өзүмдүн ата-энем жок болсо эле төркүнүм жок эмес, бар" дедим үндөбөй калбай. Мени басынтуунун кажети жок, жашап кетүү үчүн бардык аракетимди кылып атам. Болгон маселелерди айтып, мындай жашоо уланбашын эскертип айтып, чай берип узаттым. Андан да кызыгы "силер жаштык кылып атасыңар, көзөмөл керек экен силерге, атаңар жумушу менен азыр шаарда жүрөт" анда ал да силер менен чогуу турсун" деп кайненем чечим чыгарып койду. Бир бөлмөгө эми атасы да келсе кандай болот деп кызык абалда кайра жумушка кеттим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   Nazmi8893   18 Март 2017 - 15:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 511
  • Катталган: 08 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июл 2017 07:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россияда

Иии тооба кандай адамдар ээй?
Анан уланта бериниз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Gulzada_09   18 Март 2017 - 16:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 14 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Апр 2017 21:29

Кечинде келди күнөөлүү кишидей жалтылам депанып, апалары урушкан чыгар да. Кайра-кайра кечирип сураган болду. Эми кайталанбайт, жакшы жашоого аракет кылам дейт өлүмүш болуп. Барак толтуруп тамак-ашка керектүүлөрдү жазып бердим да, колуна карматтым.
- Азыр атам келет, биз менен чогуу турат экен кеткенче,үйдө эч нерсе калбаптыр, барып алып кел, тамак жасайын дедим. Ал үндөгөн жок, акчасы бар эле экен, алып келип берди. Тамак жасап алып күтүп отурдук, бирок келген жок. Көрсө мен тамак жасап жүргөндө, "Атасына чалып сизди "келбесин" деп атат" деген экен, аны да андан 3-4 күндөн кийин уктум. Дагы бир башка таежеси үй салып, бизди жардамга чакырды ашар кылып. Мен жууп, тазалап, кайнатам дагы бир нерселерин кагып, түзөп бир бөлмөсүндө кенен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болуп калды. "Кызым, дагы бир аз чыдап кой, үч балабыз эле бар деп көздөрүнө карап отуруп эрке өстүрүп алдык окшойт. Айткан кепке дагы кулак салышпайт. Чоңойдук деп эле бизди да көзгө илгенди коюшту деп бир топ нерселерди насаат кылып айтты. Келиндин тамагын жейли деп коркуп атып тамак да жасадым. Мактап эле жеп алышты. Ошол кездери да көңүлүм айнып араң жүргөм. Эртеси эле дагы боюмда бар экенин билдим. Эми элге жарыялабай эле турайын деп кечинде чыдабай Улана айттым. Бул жолу ага бул кабарым да жакпаганын байкадым. Азыр эми өзүбүз араң жүрсөк, мен машина алайын, үй алыш керек, кыйналып калабыз. Али жашпыз го, алдырып турбайсыңбы кийин деле төрөп аласың деди. Мен уккан кулагыма ишенбедим.
-Балага зар болуп атпайт белең? Кудайдын кулагы угуп бизге перзент жиберип атса, сен эмне деп атасың? Кайдагы жаш? Мен 27ге чыгам. Апам 30 жашында мени, бешинчи баласын төрөгөн. Баладан кеч калып атам.
- ...
Жиним менен ага таарынып жатып алдым. Өзүм да тумоолоп жүргөм. Жумуштагы бир эже айткан, сенин боюнда болду окшойт, биринчи белгиси ушитип ооруп каласың деп, чын чыкты, ичимден сүйүнүп жүрдүм...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   BORORED   18 Март 2017 - 16:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 10 Мар 2018 15:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Улуу кыргыз доолоту

Чыныгы жашоо ушул. Эч кандай корком,ашыкча кооздук жок. Так, таза ток этээр жерин, жашоонун чыныгы жузун, турмуштун кунумдук барактарын аябай чеберчилик менен баяндап берип жатасыз Гулзат айым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Gulzada_09   18 Март 2017 - 16:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 14 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Апр 2017 21:29

Бир күнү кайненем дагы бир ой ойлоп тапты. Алыста, баш бербей баратат деди го. Сага бул жактан жумуш таптым.(райондун өзүндө турушчу). Сен келип бул жакка иште, биз менен болосуң. Уландын жумушу жакшы, ал акчасын ал жактан салып турат, мал алып, үй салгыла деди буйра.
- Экөөбүз эки жакта кандай болор экен?
- Кандай болмок эле, үйүнөр жок, темселеп жатаканада жүрө бермек белеңер?
- Эми болот да, көпчүлүк ушинтип кыйналып эле үйлүү болушат да.
- Кудага да баралы жыйын-терин бүтсө. Кадыры бар адамдарды ортого салып сүйлөштүм, көпкө созбой эртерээк жыйналып кел, Уланга айтсам ал да макул.
- Албетте макул, ага эркин жүргөнгө эмне жетсин. Дегеле мени эмнеге алганыңарга акылым жетпейт, эки жакка иштеткени эле алдыңар беле же мени деп салдым.
- Иштебесе болбосун көрүп атасын го өзүң деле.
- Мен эми төрөгөндөн кийин өргүүгө чыгып барам, менин боюмда бар. Акимчиликке чейин 5 км экен. Жөө барып-келип иштеп дагы баламды жоготуп алгым келбейт. Анын үстүнө менин сиңдилерим дагы бар. Алардан да кабар алып турушум керек.
- Эмне аларды сен тууп алдың беле? Ошолор деп ошон үчүн сенин тыйының да артпай атат да. Кимиси бар, байкеңби, тайкеңби табыштап бер да, сен бул жакка кел.Үйлүү -жайлуу болгуңар келеби деги силердин?
- Эми кудалыкты тездетсек жакшы болмок мен төрөй электе.
- Ооба аны да айтам Уланга деп телефонду койду. Айткандарын улам эстеп жиним кашайды. Баласы шаара калат имиш, мени жанына алып алып жумшагысы бар. Кайын сиңдин элдердин эң бекерчиси. Бакшы болумуш болуп көчө таптагандан башканы билбейт экен. Мектепти араң аяктаган, окугусу келбейт деп жактап калчу апасы. Университетте иштеп турганда сабактарыңа деле жардам берем, окуп ал деп канча айттым, көнбөдү. Жеңелеп келгенде да аны ханышадай керек нерселерин алып берип көзүнө карап атып узатчубуз. Эми дагы бир нерселерди айылга айтып барбасын деп. Эми ортодо сөз чыгарып да бир-эки ирет чыр болгон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Gulzada_09   18 Март 2017 - 18:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 14 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Апр 2017 21:29

Боюмда болгондо баягы кыжырлануу кайра башталды, өзүмдү колго алып, сабыр кылайын деген сайын Уландын кылыктары күчөдү. Ал күнү да үйгө кеч келди. Айылга баруу жөнүндө сүйлөшөйүн дегем. Эртеси жумуштан келсем эрте келип калыптыр. Иним келген экен сүйлөшүп отуруп ыңайы келбеди. Четин чыгарсам, кел десе барасың да деп койду кайдыгер. Мен дагы баралбайм дедим. Барын алардын ойлору менен кыла беришим керекпи? Инимдин машинасын айдап турганга сураптыр уялбай, кайсы бети менен таң калам...
Көйгөйлөрүмдү жакын курбуларыма айтып эс алам. Сиздерден дагы сурагым келип турат: "Менин ордумда болсоңуздар эмне кылмаксыздар? ??
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (12 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июн 2025 00:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: