Сүйүү, бири-бири жактыруу, жакшы көрүү" деген сезимдер турмуштун арабасын түртүп кетүүдө максимум 50% жардам бере алат. Калган 50%- ата-эне, тууган-уруктун мамилеси, айлана-чөйрөдөгү адамдар, үй-бүлөдөгү социалдык, экономикалык абал ж.б көптөгөн нерселер. Арабанын бир дөңгөлөгү сынык болсо, арабаны ордунан козгоо кыйынга турат. Жубайлардын бирөөсү же экөө тең никеге чейин бирөө -жарымды жактырып калып, көңүлсүз турмуш курса башта айтылган пайыз төмөндөп кетери анык. А ал эми бири-бирин сүйүп турган жубайларга башка жактан ар кандай кыйынчылыктар болсо пайыз дагы төмөндөйт. Наристе жытына зар болгондор канча, айтор ушундай ар түрдүү себептер арабанын бир жеринин бузулушуна алып келет. Эгер аны тезинен оңдобосо араба алдыга жүрбөй калат. Ошентип турмуш дагы бузулат. Бузулган жерди оңдоодо эки тараптан тең бирин-бирин колдоо, сүйөнүч таяныч болуш керек да. А балким ошол колдоо, таяныч жоктугунан ажырашуулар көп болуп жаткандыр.
Кыскасы ажырашуунун себептери көп...
Кыскасы ажырашуунун себептери көп...
Туура, бирок сүйүү никеден кийин келет да деп көрүнгөн адамга баш кошкон дагы туура эмес, өмүрлүк жар тандоодо кайдыгер карагандардын кийинки жашоосуна 100% кепилдик жок.

Супер-Инфо
super.kg
видео


















