Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 629
  • 630
  • 631
  • 632
  • 633
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#12601 Пользователь офлайн   Babi.   17 Март 2017 - 12:29

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 141
  • Катталган: 20 Июль 16
  • Соңку аракети: 02 Фев 2025 23:33
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения nazikoooo (16 Март2017 - 21:12) жазган:

Куш келипсиз Датка эже. Мен да интерьвюңузга ийгилик каалап, суроолорду берип кетейин.


1. Адамдарга ишенген түр көрсөт бирок, ишенбе деген сөз бар эмесби. Канчалык ишенчээксиз жана сизди алдаган адамга кандай мамиле кылып каласыз?
2. Эч кимге эч нерсени далилдебе бул жашоо,геометрия эмес дегендей айланадагылардын сиз жөнүндогу сөздөрүнө канчалык маани бересиз?
3.Адамдар өзгөрөт. Көбүнчө алар эч качан андай болбойм дегендей болуп өзгөрөт. Мындай адамдарга сиз да жоолуккансызбы?


Алдын ала жообунузга ыраазычылык! !!



Салам кел)
Озумо ишенгендей эле башкага да ишенем,ишенчээкмин десем болот.Ал эми жалган айткан адам дагы бир себеп мн айткандыр ким билет,бирок мени алдаган адам ишеничтен чыгат..


Мага карата айтылган созду эч четке кагып кое албайм,жакшыбы жаманбы арбир созду журогумо конулумо жакын алам.Ушул нерсеми эч таштай албадым.



Ар бир адам кун сайын жакшы жаман жака озгоротго дейм,андайлар арабызда толтура.А эч качан андай болбойм деп озгорулгон адамга жолуга элек окшойм) билбедим)

Рахмат,сени да дайыма ийгиликтер коштоп журсун)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12602 Пользователь офлайн   admin_superstan   18 Март 2017 - 18:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

ATAKA1 , колдонуучуларды мазактап, кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! 1 күн эс алып келиңиз. БАН!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12603 Пользователь офлайн   aiturgasha   19 Март 2017 - 11:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Датка эже кандайсыз?

Эфирде сиз экенинизди угуп, суроо узатканы келдим.

Жашоо сизге эмнеси менен кызык?

Карыз алуудан коркосузбу же карыз беруудонбу?

Озунуздун хоббиниз жонундо айта кетсениз?

Эркин микрафон :)

Алдын ала рахмат
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12604 Пользователь офлайн   Nura.8993   19 Март 2017 - 12:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 78
  • Катталган: 27 Январь 17
  • Соңку аракети: 21 Авг 2020 00:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан Бишкек

Датка эже сизге бир эки суроо бере кетейин.
1.Жашоодогу урааныныз?
2.Гул остургонго кызыгасызбы жана кайсы гулду жактырасыз?
3.Достук сиз учун?

Акыркысы мен болдум окшойт,алдын ала рахмаат!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12605 Пользователь офлайн   Romanov   19 Март 2017 - 13:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 21 Апр 2017 12:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ала Тоо

Баби айым саламатсызбы.
1) Жашоо сиз үчүн эмне?
2) Көбүнчө сүйүлүп жүргөнсүзбү же сүйүппү?
3) Сүйүү деген эмне?
4) Болду, ушул эле.
Ийгилик!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12606 Пользователь офлайн   Babi.   19 Март 2017 - 16:02

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 141
  • Катталган: 20 Июль 16
  • Соңку аракети: 02 Фев 2025 23:33
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения aiturgasha (19 Март 2017 - 11:41) жазган:

Датка эже кандайсыз?

Эфирде сиз экенинизди угуп, суроо узатканы келдим.

Жашоо сизге эмнеси менен кызык?

Карыз алуудан коркосузбу же карыз беруудонбу?

Озунуздун хоббиниз жонундо айта кетсениз?

Эркин микрафон :)

Алдын ала рахмат


Жакшы рахмат Айтуш,озун жакшысынбы?

Жашоо ар бир адамга берген таасирлери, сыноолору,бугунку эртенки,кызыктуу кызыксыз,кайгылуу бактылуу кундору менен кызык.
Анан дагы мен учун уй булом ата энем бир туугандарым досторум жакындарым ар дайым жанымда аман эсен болушу мн кызык.

Карыз алуудан аябай корком,биродон карызга алсам туну мн ойлонуп чыгам,журокту ойкоп салат 100сом карыз дагы.Карызым болсо бергенден кийин аябай женилдеп терен терен дем алып калам)

Мен караокеде ырдаганды хоббиге айлантып алдым,болгон бугуну ыр мн кошо чыгарып салсан болот экен.


Ананырак жазайын э)

Сага да рахмат)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12607 Пользователь офлайн   Babi.   19 Март 2017 - 16:29

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 141
  • Катталган: 20 Июль 16
  • Соңку аракети: 02 Фев 2025 23:33
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Nura.8993 (19 Март 2017 - 12:46) жазган:

Датка эже сизге бир эки суроо бере кетейин.
1.Жашоодогу урааныныз?
2.Гул остургонго кызыгасызбы жана кайсы гулду жактырасыз?
3.Достук сиз учун?

Акыркысы мен болдум окшойт,алдын ала рахмаат!! !


Кел)


Жашоодогу урааным "Болуп откон нерсеге эч качан кайгырба" ушул созду карманып келем,себеби жакшыбы жаманбы баардык нерсе Кудайдын буйругу мн болот экен,биз канчалык озгортуп оз каалаганыбызды кылгыбыз келгени мн пешенеге жазылганы болот экен,болгон нерсени эстеп кайгырып журокту оорутуп кереги жок,баары алдыда боло турган жакшылык учун болду деп гана алдыга карай жылам)


Ооба кызыгам аябай суйом девейм бирок кызыгып остургон гулдорум бар.Гул оскон уйдо береке бар дейтго,чындап эле ошондой деп ойлойм)
роза гулун апам экооз эшиктин алдын жайнатып ар турдуусун остуробуз.
Эн суйуктуу гулум
Каланхоэ,тюльпан )


Дос мен учун,ыссыка суука карабай,ойдо ылдыйда жанында болуп жакшы созун аябай сен мн болгон адам деп ойлойм.


Рахмаат сага да )
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12608 Пользователь офлайн   Babi.   19 Март 2017 - 16:45

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 141
  • Катталган: 20 Июль 16
  • Соңку аракети: 02 Фев 2025 23:33
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Romanov (19 Март 2017 - 13:06) жазган:

Баби айым саламатсызбы.
1) Жашоо сиз үчүн эмне?

2) Көбүнчө сүйүлүп жүргөнсүзбү же сүйүппү?
3) Сүйүү деген эмне?
4) Болду, ушул эле.
Ийгилик!



Саламатсызбы!
1)Жашоо мен учун дем алуу,тандын атышы жана кундун батышы.Буларсыз жашоо жашоо эмес го дейм.


2)Журок бирди конул минди дегендей бир инсанды ошондой эле жолдошуму суйгом.Балким суйулгодурмун ким билет дейсиз)

3)Суйуу бул эки адамдын тен дем алып,бири биринин козуно карап тушунуу) Ал суйуу кийин сый мамилеге айланып кетет бирок)

4)Рахмат,сизге да ийгилик!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12609 Пользователь офлайн   always-here   19 Март 2017 - 17:04

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 257
  • Катталган: 25 Июль 16
  • Соңку аракети: 03 Авг 2019 04:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бир жерде турбайт

Бабитай интирвуңа ийгилик! Бактылуу айым бол.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12610 Пользователь офлайн   Babi.   19 Март 2017 - 17:14

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 141
  • Катталган: 20 Июль 16
  • Соңку аракети: 02 Фев 2025 23:33
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения always-here (19 Март 2017 - 17:04) жазган:

Бабитай интирвуңа ийгилик! Бактылуу айым бол.


Рахмаат чон,сизди да ар дайым жакшылыктар коштоп журсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12611 Пользователь офлайн   kandaisyn   19 Март 2017 - 17:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 17 Июнь 14
  • Соңку аракети: 24 Сен 2019 03:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сары адамдар жашаган жерде

Ассалам алейкум,мен бере турган суроо деле калбаптыр.Ушуну берип коеюнчу. Берилдиби жокбу билбейм,Баварияга фанат болушунуга эмне себеп болгон? Жездебизби же башынан эле фанат белениз? Ал командадан баалаган оюнчунуз ким жанан быйыл чемпион болот деп ойлойсузбу? Ал команда утулуп калса кайгырып,утса суйунгон учурлардан баяндап берсениз кайсы жылы кантип. Интервьюнузга ийгилик!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12612 Пользователь офлайн   Babi.   19 Март 2017 - 22:24

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 141
  • Катталган: 20 Июль 16
  • Соңку аракети: 02 Фев 2025 23:33
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения kandaisyn (19 Март 2017 - 17:49) жазган:

Ассалам алейкум,мен бере турган суроо деле калбаптыр.Ушуну берип коеюнчу. Берилдиби жокбу билбейм,Баварияга фанат болушунуга эмне себеп болгон? Жездебизби же башынан эле фанат белениз? Ал командадан баалаган оюнчунуз ким жанан быйыл чемпион болот деп ойлойсузбу? Ал команда утулуп калса кайгырып,утса суйунгон учурлардан баяндап берсениз кайсы жылы кантип. Интервьюнузга ийгилик!


Салам кел

Баварияга кантип куйорман болуп калганымы жогоруда жазып отком,ал эми баалаган оюнчум Левандовский, Рибери.
Буйруса быйыл чемпион болот деп ишенем,быйыл каттуу Бавария)
Ар дайым эле женип жеништин устундо журсо суйуном озумчоле,анан кээде утулуу да болуп турат да.Былтыры Евродо сборн Германия финалга чыкпай калганда аябай жаман болгом,ыйлап да алгам)
рахмат сурооно.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12613 Пользователь офлайн   Babi.   19 Март 2017 - 22:30

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 141
  • Катталган: 20 Июль 16
  • Соңку аракети: 02 Фев 2025 23:33
  • Жынысы:Аялзаты

Айтургашанын эркин микрафонунан пайдаланып форумчу ага-ини эже синди,дос курдаштарга ден соолук бактылуулук, ынтымактуулук, бакубат жашоону каалап кетем,ар бириниздерди ийгилик жана жакшылыктар гана коштоп журсун,ар дайым бар болунуздар аман болунуздар!
Рахмат баарыныздарга)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12614 Пользователь офлайн   Gupa   22 Март 2017 - 09:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Babi., келип, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн рахмат, сизге бардык жагынан ийгилик каалайбыз!
Эмесе, кийинки коногубуз Барпынынкызы эже болсун, гезиттеги маегин улай эле бул жактан да маек куруп берсин, купуядан кайрылбай эле чакырып койгонум үчүн кечирим сурайм, куш келиңиз, Айгүлже.

1. Эреже боюнча эле өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз.
2. Билишимче, чет жерде жүрөсүз, эмне менен алексиз, дегеле мекенден башка жердин өзгөчөлүктөрү эмнеде?
3. Сиз кызыккан нерселер жана хоббиңиз?
4. Сиздин пикириңизде, айымдар турмушка чыгууга болжол менен канча жашында даяр болот? Акыркы кездерде мен жапжаш кыздардын турмушка чыгып, бойлорунан түшүп жургөндөрүн коп учуратчу болдум, ошондон улам...
5. Эми романтикадан, жолдошуңузду кайдан, кантип учураттыңыз, кантип сунуш киргизди?
6. Жолдошуңуз романтикпи? Кандай мамилелери менен билинет анысы?
7. Ал мырзага турмушка чыккандан кийинки сизге жаңылык болгон бир өзгөчөлүгү, мүнөзү?

Интервьюңузга ийгилик!

Пы.Сы. Мындан ары интервьюга 10 күн бөлөбүз.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 22 Март 2017 - 09:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12615 Пользователь офлайн   Grey   24 Март 2017 - 14:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 13
  • Катталган: 03 Июнь 15
  • Соңку аракети: 22 Июл 2021 09:58

Барпынынкызы, саламатсызбы? Алгач, куш бооңуз бек болсун! Гезиттен сиз жөнүндө макала көрүп абдан кубандым. Дал ушул форумдан түгөйүн таап, бактылуу үй-бүлө кургандар көп болсо керек. Анда мени кызыктырган суроолордон бере кетейин.
1. Форумга жаңыдан киргенде кайсы форумчу сизге жакты эле? Кайсынысы жаккан эмес? Эмнеси менен?
2. Келин болуп барганда, үй-бүлөдөн кимден сүрдөп, тартындыңыз?
3. Жаңы жашоо башташ үчүн эмне кылыш керек? Кантип өзгөрүү мүмкүн? Деги эле адамдын мүнөзү өзгөрөбү?
4. Кайсы кесиптин ээсисиз? Жумушуңуздун ага тиешеси барбы де такыр башка багыттабы?
5. Сиздин оюңузча, мектепти жаңы бүткөн кызды (баланы) чет жерге чыгаруунун кереги барбы же бул айласыздыкпы?
6. Жогорку билимдүү менен билими жок адамдын айырмасы барбы? Бул маселе маанилүүбү?
7. Ачык сүйлөп, оюндагысын айткан жакшыбы же сөздү тандап сүйлөп, "хитрыйраак" болуш керекпи?

Интервьюга кош келиптирсиз. Ийгилик каалайм.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12616 Пользователь офлайн   USSR   24 Март 2017 - 14:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Барпынынкызы, ошондо барпылык болосуңбу? Мени тага дептирсиң, тага журтуң жөнүндө билгим келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12617 Пользователь офлайн   ozledim.   24 Март 2017 - 18:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 493
  • Катталган: 10 Январь 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 13:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Караңгылык.

Барпынынкызы абжеңер жок го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12618 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   24 Март 2017 - 18:51

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения Gupa (22 Март 2017 - 09:32) жазган:

Babi., келип, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн рахмат, сизге бардык жагынан ийгилик каалайбыз!
Эмесе, кийинки коногубуз Барпынынкызы эже болсун, гезиттеги маегин улай эле бул жактан да маек куруп берсин, купуядан кайрылбай эле чакырып койгонум үчүн кечирим сурайм, куш келиңиз, Айгүлже.

1. Эреже боюнча эле өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз.

Саламатсыңарвы улуу урматтуу форумчулар, биринчиден бул темага көптөн бери баш бакбай калганым үчүн анан мени коноко чакырганынарды көрбөй калганым үчүн кечирим сурайм. Өзүмдү тааныштырып өтсөм, аты жөнүм Бекназар кызы Айгүл. Жердигим Жалалабат областынын Сузак районуна караштуу Барпы айылы. Жашым 30 да. Үй бүлөөдө 2 бир туугандын улуусумун, иним бар.
2. Билишимче, чет жерде жүрөсүз, эмне менен алексиз, дегеле мекенден башка жердин өзгөчөлүктөрү эмнеде?


Ооба, чет жерде деп эле айтылганы болбосо Москва 2-КГ болуп эле калгандай мен үчүн)) Көпчүлүк мекендештерим сыяктуу мен да 10 жыл мурда жакшы жашоо издеп келгем, көптөгөн ой максат пландарды түзүп дегендей, ИншаАллах баарына жетиштим десем болот, 10жыл ичинде көп эле жумуштарда иштедим)) көбүнчө кассада. Акыркы 2 ж бери дистрибьютердик фирмада оператормун. Өзгөчө нерселер көп эле болуш керек, байкагандарымын башында бул жакта биздей иштейм деген жаштарга шарттар көбүрөөк, өзүңдү ар тараптан сынап көрүп ошол багытта алып кете аласың, адилеттүүлүк бар бир аз болсо да, өсүп өнүгүп кетишиң толук мүмүкүн.

3. Сиз кызыккан нерселер жана хоббиңиз?


Чынын айтсам)) аявай эле жалкоо адам окшойм көпчүлүк адамдар сыяктуу бир нерсеге кызыгып, бир нерсени хобби тутпаптырмын)) колуман көп нерсе келе бербейт))
4. Сиздин пикириңизде, айымдар турмушка чыгууга болжол менен каззнча жашында даяр болот? Акыркы кездерде мен жапжаш кыздардын турмушка чыгып, бойлорунан түшүп жургөндөрүн коп учуратчу болдум, ошондон улам...



Мм, моончо жашта деп бир нерсе дей албайм)) 20-25 жаш норма болсо керек деп ойлойм. Акыркы убакта жаш эле турмуш курган кыздар көп эле болуп жатат, бирок көпчүлүгү өз каалосу менен чыгып, өздөрү эне болууга даяр экенин билип анан ошол кадамга барышса керек деп ойлойм. Ал эми сен айткан ситуацияга организимдеринин толук жетиле электигинен улам кабылып жатышат. Баары эмес албетте.

5. Эми романтикадан, жолдошуңузду кайдан, кантип учураттыңыз, кантип сунуш киргизди?



Жолдошумду ушул форумда эле жолуктургам)) форумчу тааныш дос катары эле таанышып баарлашып жүрчүбүз. Анын тамашакөй, адамгерчиликтүү сапаттарын баалачумун. Биринчи сунуш киргизгенде тамаша катары кабыл алып эле жүрө берчүм)) Бир жыл болгондо анан сунушун серьёз кабыл алдым дейт экен да)))

6. Жолдошуңуз романтикпи? Кандай мамилелери менен билинет анысы?



Ооба аявай романтик десем болот)) тфу тфу көз тийбесин, жылуу мамилесинен, жагымдуу комплименттерди көп айтканынан, чогуу басканда ар дайым колуман жетелеп алганынан, чогуу бир жактарга барганды жактырганынан, "жаным" "сассык" "былтык" деген сөздөрдү көп колдонгонунан билинет)) аявай жагат)) (окуп калып айтпай койбосун э)

7. Ал мырзага турмушка чыккандан кийинки сизге жаңылык болгон бир өзгөчөлүгү, мүнөзү?





Чаначыма турмушка чыгалекте мен ар дайым тамашалшып, күлүп жайнап эле жинине тийип, ашыкчале эркелеп жүрчү экенмин)) турмушка чыккан соң ал үй бүлөөсүндө аявай серьёзный, талапты катуу койгон, маселенин баарын чечкен, баары сестенип турганын көрүп билгеним мага жанылык болду десем болот)) кээде сүрдүүлүгүнөн коркуп турам өзүм деле))

Интервьюңузга ийгилик!




Чооң рахмат.

Пы.Сы. Мындан ары интервьюга 10 күн бөлөбүз.


Билдирүүнү түзөткөн: barpynynkyzy: 24 Март 2017 - 18:56

Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12619 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   24 Март 2017 - 19:21

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения Grey (24 Март 2017 - 14:30) жазган:

Барпынынкызы, саламатсызбы? Алгач, куш бооңуз бек болсун! Гезиттен сиз жөнүндө макала көрүп абдан кубандым. Дал ушул форумдан түгөйүн таап, бактылуу үй-бүлө кургандар көп болсо керек. Анда мени кызыктырган суроолордон бере кетейин.


Саламатчылык, чооң рахмат айтканыңыз келсин ылайым. Буюрса көп эле, токтоп калбай, мындан ары да үй бүлөө кургандар көп эле болушат деп ишенем. Себеби форумда соонун адамдар аявай көп.


1. Форумга жаңыдан киргенде кайсы форумчу сизге жакты эле? Кайсынысы жаккан эмес? Эмнеси менен?

Форумга жаңыдан киргенде ошол жылдары(2011-ж) аявай сонун жазган, кеп кеңешин аяваган, ар бир форумчунун пикирин урматтаган сый урматка татыктуу форумчулар аявай көп болчу. Мен жактырган форумчулар көп эле болчу, Aidashka,Adals,Fianit, Temu,Tallas,Nuura, Vais деген никтин ээлери. Билдирүүлөрүн азырга чеин тамшануу мн окуйм.(Архивден албетте көпчүлүгүн) жактырбаган форумчуну эстей албадым. Демек болгон эмес го)) болбой эле койсунчу))


2. Келин болуп барганда, үй-бүлөдөн кимден сүрдөп, тартындыңыз?

Келин болуп келген үйдө (Азырынча Москвада болгон үчүн) 2 кайним, абысыным эле бар. Алар да өзүмө окшош аявай жайдары тамашакөй ачык адамдар экен, ошон үчүн болуш керек сүрдөө деген сезим болбоду такыр. Кайнилериме бир тууган инилериме мамиле кылгандай эле. Бирок, келин болгон үчүн биир аз тартынуу деген албетте болот экен))


3. Жаңы жашоо башташ үчүн эмне кылыш керек? Кантип өзгөрүү мүмкүн? Деги эле адамдын мүнөзү өзгөрөбү?

Өзгөрүү керек сөзсүз. Жаман сапаттарың болсо, баарын төркүнүңдө таштап келишиң керек деинчи тамаша чын аралаштырып)) мүнөзүң да бара бара өзгөрөт окшойт, себеби башка үй бүлөөгө келген соң ошолордун мыйзамы мн жашоо керек. Ал нерсе бара бара калыптанып, мүнөзүңдүн өзгөргөнүн өзүн деле байкабай калат экенсиң))


4. Кайсы кесиптин ээсисиз? Жумушуңуздун ага тиешеси барбы де такыр башка багыттабы?

Мм, кесибим мугалим, дипломумда орус тили жана адабияты боюнча адис деп турат. Ал эми жумушум такыр эле башка багытта))


5. Сиздин оюңузча, мектепти жаңы бүткөн кызды (баланы) чет жерге чыгаруунун кереги барбы же бул айласыздыкпы?

Билим алууга гана чыгышын каалар элем(( иштеп акча тапканы эмес. Кереги жок, ата-эне өз милдетин билишсе дейт элем(( айласыздыктан деп эле жапжаш наристелерди темселетпей((


6. Жогорку билимдүү менен билими жок адамдын айырмасы барбы? Бул маселе маанилүүбү?

Жогорку билимдүү айбандан айырмасы жок наадандар бар, эч кандай жогорку орто эе толук билими жок бирок аявай адамгерчиликтүү, акылдуу, жүрөгү таза АДАМдар бар. Билимди кандай албасын ортобу жогоркубу эн негизгиси адамдык сапатын жоготпосо. Мен үчүн маанилүүсу ушу.


7. Ачык сүйлөп, оюндагысын айткан жакшыбы же сөздү тандап сүйлөп, "хитрыйраак" болуш керекпи?

Менде экөө тең бар экен)) демек мага экөө тең жакшы)) шартка жараша... бирок биринчисине көбүрөөк басым жасайм)))



Интервьюга кош келиптирсиз. Ийгилик каалайм.

Чооң рахмат. Суроолоруңуз сонун экен)) келип туруңуз. Аман болуңуз.



Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12620 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   24 Март 2017 - 19:27

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения USSR (24 Март 2017 - 14:34) жазган:

Барпынынкызы, ошондо барпылык болосуңбу? Мени тага дептирсиң, тага журтуң жөнүндө билгим келет.

Ассалому алейкум Талант тага деинчи))
Оова Барпылык болом, тага журтум Ноокат тарап. Апам Ноокаттын Төөлөс айылынан. Ай тамга уруусунан. Азыркы Төөлөс мурунку Салиева, Медресе Жайылма деген айылдарда төрөлүп өскөн. Көп жылдар бою Найман айылында отурукташып калышкан. Бардык эле жээн неберелер сыяктуу канткул учурунда Ноокат тарапка көп барчук. Балалыгымдын соонун күндөрү алмалуу Ноокатта өткөн. Ошон үчүн да Ноокаттан чыккан тага журт форумчулар көзүмө жылуу учурайт. Сизге да тага дегеним ошондон. )))
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 629
  • 630
  • 631
  • 632
  • 633
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 28 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 28, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 18:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: