Дагы бир кылыгы, башта айткан хоббиси массаж жасоо жана иога экен. Башыда жумуштан келип алып иога кылабыз деп мени кошо мажбурлар экөөбүз жинди боло берчү элек. Анан жер-жемиштерди алып келип массаж жасап берем дей берчү. Мага бул жаш балача кылган кылыктары жакчу эмес. Салон ачам дегени ушул массажный салон экен. Кээде кеч келгенинде айтып калчу бүгүн шабашка болду деп, мен жумушу боюнча го деп тактап деле сурачу эмесмин. Көрсө, тааныш-билиштерден билгендер чакырчу окшойт, аларга массаж жасап келчү окшойт, аны да кийин билип жүрөм. Дарыгерге көрүнгөндө да инфекция жуккан деп айтканы эсиме келип, анан анын оң жолдо жүргөнүн кайдан билем, көңүлүм да иренжип, жийиркенип калдым...
Тагдырдын белеги...
#143 18 Март 2017 - 18:36
Жоопкерчилиги жок, эрке чонойгон обычный эгоист эркек турбайбы. 20 жашында акылына келбеген эркек 40 да жаш болот дечуу беле иши кылып онолбойт дегендик да. Кайдыгерлиги жаман экен. Все можно вернуть все можно изменить но только не равнодушии.
Жада калса ташты урсан да ун чыгат. Ыммдаа окуп алып ушундай жиним келип атат озунда бактысыз кылып сени да бактысыз кылган акмак экен. Жоопкерчиликтин жоктугу
#144 18 Март 2017 - 18:40
BORORED (18 Март 2017 - 18:36) жазган:
Жоопкерчилиги жок, эрке чонойгон обычный эгоист эркек турбайбы. 20 жашында акылына келбеген эркек 40 да жаш болот дечуу беле иши кылып онолбойт дегендик да. Кайдыгерлиги жаман экен. Все можно вернуть все можно изменить но только не равнодушии.
Жада калса ташты урсан да ун чыгат. Ыммдаа окуп алып ушундай жиним келип атат озунда бактысыз кылып сени да бактысыз кылган акмак экен. Жоопкерчиликтин жоктугу
Туура баамдадыңыз. Жоопкерчиликтен журдай экен. Мен күчүмдүн барынча аракет кылдым, бирок, баары бир ойлонбоду.
#145 18 Март 2017 - 18:48
Куйоонузго жиним келип жатат алып кетип жатканда не деп ойлоп алып кеткен экен эле
#146 18 Март 2017 - 22:37
#147 18 Март 2017 - 23:22
Окуп алып журогум ооруп атат, Кудайым бактынызды ачып, телегейинизди тегиз кылса экен. Жакшы кундор алдыда ин шаа Аллах.
#148 19 Март 2017 - 00:50
Тооба, мазар кыдырып, Манастын күмбөзүнө түнөгөнү жүрөктүн үшүн алат го.
Мээси жайында элеби деги? Баласы үчүн кайгырып койбосо же сүйүнүп койбосо.
Уялбай кайнисинен машина сураганын кантесиң..

#150 19 Март 2017 - 02:01
Багы жокко дагы жок болуптур да, турмушка чыгып жакшы болуптур деп суйунуп атса саны бар сапаты жок тура. Конулу жок болсо уйлонбой эле койбоптур балким алдыда башка бироо кутуп турган. Кудайым сабыр берсин. Коп олонуп озунузду эзе бербениз балага зыян. Жашоонун манызы боло турган наристенисти аман эсен тороп алыныз. Жолдошунуз акылына келет деген умуттомун
#151 19 Март 2017 - 03:18
ооо Аллахым ушундай еркек аттуулардан озун алыс кыла гор.сизге деги еле баардык адам затына сабыр тилейм.баарыбызга Кудайым ыйман, ынсап,мееримдуулук берсин.
#152 19 Март 2017 - 10:32
Ошондой тылтыйгандарды башын жара чаап салса мээсине не жетишпейби мынчалык кайдыгерлик болбойт го
#153 19 Март 2017 - 19:54
Турмушка чыканынды окуганда суйундум эле кыйын кундору арта калды деп.
#154 19 Март 2017 - 20:28
Мен да суйундум эле турмушка чыкканында ... Автор бошобой жаткан го, уландысын кутуудобуз.
#155 19 Март 2017 - 22:08
Күйөөсү кызыкча эр бекен аа. Мелтейиип эле тел кучактап жатса жиниң келет да . Автор дагы чыдамкай экен.мага окшоп кошо тел чукуп көгөрүп жатып албайт экен
)

#156 20 Март 2017 - 14:19
Гулзаада айым тагдырын жакшы коз ирмемдер мн коштолушуна тилектешмин.
АЛЛАХ сага куч кубат берсин ден соолук берсин кетпес тугонбос бакыт берсин. Сенин тагдырындан кийин мен аяабайле коркуу сезими мн жашап калдым себеби менде да кызбар дегендей .бешенесине жакшы камкор эркек жазбаса аяал кишиге кыйын эле болот экен .сага келсем жакшы бактылуумун деген теманды бутушун Аллахдан тилейм
#157 20 Март 2017 - 14:22
Уландын ушундай кайдыгер мамилесинен тажап, баары чегине жетип калган. Ал күнү жумуштан эрте келип, жай дастокондо,
жакшынакай сүйлөшүп чечүү үчүн күтүп отурдум. Ал дагы кечикти, бир.., эки..., үч саат. Телефон чалам, албайт... Жиним менен смс жаздым: "Биздин ушундай мамилебиз качанкыга чейин уланат? Айткан сөздөрүңө дагы тура албадың. Мени да, өзүңдү да чайнай бербей бир чечимин кылалы анда? Жоопкерчилик сезе албасаң биротоло эркин бол" дедим. Көп өтпөй жооп келди. Кыска, бирок ушунчалык жүрөктү ооруткан сөздөр... "Мени күтпө... Мен эми сендик эмесмин... Бактылуу бол..."
Жашоом баш аламан болуп кетти. Алып кетээрде алдымда жалдырап отурганы эсиме келди. Кооз сүйлөп адамды өзүнө тартканды эле жакшы билет тура, колунан эч нерсе келбеди. Менин тагдырымды талкалагандан башка мындан эмне жакшылык көрдүм?! Жакшылыкты билбеген айбан тура. Айбан демекчи итти деле алып келип багып алсаң, жок дегенде үрүп берип кожоюнуна кызмат кылат эмеспи?! А бул ошол итче да болбоду!! ! Мейли мен ага жат көрүнүп, мага боор бере албасын, өзүнүн канынан жаралып жаткан баласынан кантип баш тартты экен. Ээх! Ушунай адай адамдар бар экен арабызда. Мендеги жылуулук азайып, ал дагы башкалардан жалуулук издеп кетти! Алфонс деп коёбу мындайларды. .. Кызуу кандуулук мээмди тээп, жарып кетчүдөй абалда алгыз отурдум. Ушундай абалды кээде өзүбүзгө-өзүбүз кылабыз. Анан артынан өкүнгөндө эмне?! Мамилебизди айтып коюу үчүн бизди тааныштырган бөлөсүнө чалдым. "Ушундай кайдыгер адам экенин кантип билбей каласың, аягы ушинтип бүтөөрүн деле балким билсен керек. Укмуш жигитиң ушул беле? Эмнеге аны менин жашоомо аралаштырдың экен? Баласын ойлобогон адамдан кандай жакшылык күтсө болот айтчы?" Ал менин абалымды түшүндү окшойт, азыр кайра чалам деп, Уланга канча чалбасын албай коюптур. Андан кийин кайненеме чалдым болгон окуяны айтып. Ал: "Ай айтканды укпаган неме болсоң мен да кетип калам. Менин балдаымдын артынан керек болсо кыздар чуркап жүрүп жашашат. Эр керек десең артынан чуркап жаша. Антпесең жайына кой. Мен балдарымды эркин өстүргөм, алардын ар бир кадамы өздөрүнүн каалосундай болот. Сен болбосоң эртең чекесинен чертип кыз алып берем. Ме, атаң менен да сүйлөшөсүңбү? деп берип койду. Аны менен эмне деп сүйлөшмөк элем. Куру калбай ал дагы "Кызым али да кеч эмес, артынан бар" деп коёт. Эркектин түгөнүчү болсо дагы эмнеге артынан барам. Эмне кылган күнөөм үчүн артынан чуркашым керек! "Мен сиздерден башкача сөздөрдү күткөн элем. Бирок ойлоруңуздар ушундай болсо, эртең бала деп басып келбегиле! Башка айтаарым жок." Демек Улан ата-энесин да колго алып, "куралданган" экен. Ошол боюнча мен аны көргөн жокмун, көзүмө көрсөтпөсө экен дейм!

#159 20 Март 2017 - 15:18
Документтерин карасам эбак эле даярданып, жанына алып жүрүп калыптыр да көрсө. Баары бир кийимдерине келээрин билдим. Жумушка кетип жатып: "Эркек болсоң келип, эмнеге кетип жатканыңды адамча түшүндүрүп жообуңду берип кет. Жаманбы, жакшыбы жарым жыл чогуу жашадык. Акыркы жакшылыгың ошол болсун, мен сени кармап калбайм" деп записка жазып кеткем. Ойлогонумдай эле келиптир, мен сатып берген кийимдерин баарын салыштырып,
"Мен эркекмин!
Сени менен сүйлөшөр сөзүм жок. Талак, талак, талак" деп жазып кетиптир. Эмне демек элем, сөзүм жок! Баалы толуп ичимде калды...
Мен эми баланы гана ойлонушум керек дегеним менен ошондогу абалым абдан оор болду. Жумуш, үй, ичимден эмнеге мындай болду деп жеген ойлор... Үйдөгүлөрдөн башка эч кимге билдирбегенге аракет кылам деп жүрүп бир топ жүдөп кеттим. Иним балалуу болуп, айылга бардым. Жаман кабар бат тарайт эмеспи, көрө албас туугандар кайра-кайра күйөө баласын сурашат. Куттуктап чалып, отко чакырып коё албаган туугандар кайра-кайра ахыбал сураган болушат. Эки жүздүү болуш дагы кыйын экен, айсам табаалары кангансып эс ала түшүштү окшойт. Эми мен алар үчүн жашамак белем, эми балам үчүн жашоо менен күрөшө баштадым...
Башында инимдер үй-бүлөдө боло турчу таарыныч да, кайра жарашат деп эле жүрүштү. Ал эмес мага айтпай кайын журтума да жеңем экөө барып келишиптир. Кеткен келинди мактамак беле. Жок шылтоолорду айтып, баласын да бир аз күнөөлөгөн болуптур. Эми алып кетебиз деп келсе деле бармак эмесмин да, барбасымды алар деле жакшы билишет. Бала бар да баары бир ортоңордо деп биздикилер эле кыжаалат. Менин ырайымды көрүп түңүлүштү окшойт, бир жолу иним: "анда балаңды алдырып сал да, жакшынакай элесиң, эртен башкага чыгып алсаң жеңилирээк болот. Бала деп жүрүп жаштыгың өтүп, жалгыз калып калба" деп акыл айтып коёт. Анын да чындыгы бар дечи, бирок, Кудайдан күндө тиленип тапкан баладан кантип баш тартмак элем?! Төрөйм, өзүм эле багып алам. Силер мен үчүн кыйналбай эле койгула! дедим да, врачка барып учетко турдум. Күнүмдүк түйшүгүмө эми баланыкы кошулду, узун кезек күтмөй, анализ тапшырмай ж.б.
Бир күнү ойлонуп отуруп, бир ой келди. Эмнеге минтти деген суроо ушуга чейин жаныма тынчтык бербей келген. Аны өзүнөн гана биле алам. Башка почта ачтым да, тандап туруп татынакай бир кыздын сүрөтүн коюп алып, Уланга запрос жөнөттүм. Көп күттүрбөй эле кошту. Мен аны менен оусча сүйлөшүп коргөн эмесмин. Байкабасын деп орусча жаза баштадым. 10-15 күндө бир аз таанышып калгандай болдук. Анын акчага кызыгаарын билем, мен банкта иштеген кыз болдум. Кийинки кездери мамилебиз жакындаган түр төрсөтүп үй-бүлөсү жөнүндө такап сурап баштадым. Ал ажырашып кеткенин, себеби тааныбаган кызды алганга мажбур болуп, эми аялы адамдардын эң арты, өзүнөн улуу адам менен жүрүп кетип, үйгө жолобогон жүргүч. Ага тийгичекти бир нече ирет боюнан алдырган бузулган кызды алып алган имиш" Аны окуп отуруп андан бекер жаным чыкты. Аягында мен экенимди айтсам, үндөй албай игнор кылып жоголду.
Чыдай албай башка почтасына толтуруп кат жаздым.
Салам. Кандай экенинди го билем. Сага жазбасам да болмок, бирок, жаман аялдарча артымдан акылга сыйгыс ушактарынды угуп кайран калдым. Ошончо ичине батпаган менин куноолорум болгон болсо бетиме эмнеге келип айтып кете алган жоксун? Мен сенден акыркы жолу ошону гана сурандым. Артына карабай качып кетип жатканындын себебин тушуно албай кыжаалат болдум. Бирок мындай ойго коошпогон нерселер артымдан ээрчийт деп уч уктасан тушумо кирбес эле. Ошондон бери фантазиян менен ойлоп тапканын ошол болдубу? Озун деле ойлонсон болмок. Мен башка уй булосу бар адамды жакшы коро турган болсом сага тийип эмнем бар эле? Анын байлыгын жакшы корсом мен иштеп эмне кылам кечке чейин. Сени кайсы убакта алмаштыра тургандай убактым бар эле? Мен тагдырыма баш ийип мен учун эч нерсе кылбаганына да кайыл болуп, өзүм иштеп, сени ачка болбосун деп которунуп келип тамагынды жасап, киринди жууп козуно карап отургандан башка эч нерседен жазганым жок. Мага тийгенге чейин аборт кылдырыптыр деген созду айткандан коро оозун кыйшайып калбайбы! Сени ошол куну коруп, ошол куну кетсем, мен кыздык тиктирип ала тургандай сени кутуп отургам дейсинби. Мен журо турган болсом 26 жашка чейин деле уй булоолуубу, бойдок мененби каалашымча журо бермекмин да эгер сен айткандай жургуч болсом. Мен буга чейин деле айткам, кудайга шугур менин ата-энем асыл адамдар экен, бизди акылдан да, абийирден да, намыстан да куру кылбай тарбиялаган. Мен 10 жылдан бери шаарда оз эрким менен окуп, иштеп келатам. Бирок эч качан намыстын айынан бироонун бир алдында сынып коргон эмесмин. Ошол учун мен сенин алдына абийирим менен ак баргам. Эгер сенин кушча мээн болгондо ошол учун деле мени бополоп алганга татыктуу болчумун, мындай создорунду уккандын ордуна. Свидетель издеп атам дейсин кайра долдуроп. Коп нервимди козгой бербей коркуп качып кеттинби ошол боюнча жайында бол Жоопкерчилигинди сезгин келбесе биротоло эркин бол дегем, сен мени кутпой эле кой дедин. Сен озундун жолунду тандадын да, бетиме келип суйлошкондон коркуп кийимдеринди жыйнап кетиптирсин. Эркек мындай болбойт. Кудай баарын коруп турат, эгер сен жапкан жалаанын бироо чын болсо, мен анда бул жарык дуйнодо жашабай эле коеюн. Менин азыркы максатым ден соолугу чын бала тороп алыш. Чынын айтыш керек сен ошонун жоопкерчилигинен коркконун учун качып кеттин, бул айтпаса да тушунуктуу болуп турат.
- ubagynda baaryn korobuz деп коет.
-У багында сенин ким экенинди кордум, ошол жетиштуу мага! деп ал почтасын дагы жаап салдым.

#160 20 Март 2017 - 15:44
Ушуга окшогондорду ЭРКЕК дегим келбейт. Буроонун тагдырын ойлобогон.