Апам базарда бирөөнүн местасында жалданып иштер эле күнүнкүсүн чыгарып берет ал күнүмдүк жеген ичкенибизге чыгып турат. Мен чоңоюп столовойлорго дем алыш күндөрү, каникулдарда иштеп жаттым. Ал арада биз жашаган районго апамын классташы көчүп келди бизге окшоп ар жактарда батирлеп жүрүп акыры ушул үйдү алышыптыр, 2кыз 1уулу менен кайненеси ажыраштырып жиберген экен аяш энемди дагы. Жашоодо көп кыйналыптыр ал да балдарын жалгыз багам деп. Апам экөө мектепте да жакын курбулардан болгон экен кийин турмушка чыгып экөө тен бири бири менен байланыша албай тагдыр экен минтип бир көчөдө жашап калышты, аябай жакын болуп бири бирибиздин үйлөрүбүзгө жатып кыздарын эжем деп калдым. Аяш энем да балдарым үчүн гана жашайм дегендерден эле бир эркек менен бөөдө сүйлөшпөгөн дал апамдай таза жүргөн аял.
Чоң энеме кат Чоң энеме кат
#82 20 March 2017 - 18:43
#83 20 March 2017 - 19:43
Менин курбуларым жокко эсе эле эч кимге ишенчү эмесмин, менин эң жакын курбум, сырдашым апам болчу. Бой жетип балдар тийишип, алгачкы сүйүүлөр болуп жашоом шаңга бөлөнө баштады мектеп, үй, жумуш
, классташтар менен эс алмай айтор бүтүрүүчү жылы түзүк эле ойноп, балалык менен коштошуп турмуштун даңгыр жолуна аттануудабыз. Баарыбыз окуу тууралуу сүйлөшөбүз мен Бишкекке мен Москвага мен Томскийге тапшырам деп баарбыз кыялданабыз, бирок турмуш биз айткандай болбойт экен. Өзүмүн турмушум жөнөкөй болсо да эч качан ичимдеги арманымы калассташ эжей агайларга билдирбей башымды бийик көтөрүп жүрчүмүн. Сабакты жакшы окугандыктан Бишкекке тапшырам деп оолуктум апам мени кату кармачу ар бир ишти жасаарда мени менен кенеш дечү, оолукпа азыр жашсын турмуш сен ойлогончолук оңой эмес көзүңдү ач, акылың менен бол деп көп айтаар эле.Жанагы аяш энемин эжеси университетте башы көрүнгөн декан экен. Университетке апам чуркап жүрүп, контракка төлөгөнү акча жок болгондуктан бюджетке эптеп сүйлөшүп киргизди, ошентип окуп калдым сабакты тырышып берилүү менен кызыгып окуйт элем. Апам баарына көз салып турат бир күн да сабактан калба, кыздар менен бей-чеки баспа дечү, күнүнө жол киреме гана 10сом берчү ошол менен барып келем. Бирок топтомойго сөзсүз берчү, ар кандай кийинген кыздар соткалар жаңы чыккан кез көбүндө бар, менде жок ага бирок арданчу эмесмин түнү апамын жанына жатат элем, күндө акыл айткандан тажачу эмес. Эр качпайт оку дечү, анан ошентип ноябрь айынын башында сабакка эрте барып алган экем( түштөн кийин окуучубуз)скамейкада отурган балдар тийишип калды унчукпай олтурсам бир жакшынакай бала келип көздөрүбүз чагылыша кетти, жүрөгүм бир башкача болуп бир көргөндө эле жактыруу сезими пайда болуп билдирбей саламына алик алып койдум. Менин атым Анас мен да айттым таанышпайын дейм кандайдыр бир күч жакындатып баратты. Атымы угуп таң калып жатсан керек ээ төрөлгөнүмдө метиркамы жазган орус экен Манас дешсе Анас деп угуп ошол бойдон калып кеткен деп күлдү. Биринчи таанышканда эле ачылып сүйлөп аябай ачык баладай сезилди мага. Ошентип сабакка бара жатканда келе жатканда жолумдан Анас пайда боло баштады. Күндө жарым жолго чейин сүйлөшүп келебиз бара -бара жакын боло баштадык, номерин жазып алгам тел алганда мага чал дейт. Телефон окууму тоскоол болот деп койдум, акчам жогунан ала албайм же алпергени атам жок дештен намыс кылдым

#86 21 March 2017 - 11:45
Мен ага күндөн күнгө тартылып ойумдун баары Анаста болуп калды. Сабакка такыр көңүлүм тартпай кээде Анас менен жетелеше паркта жүрө берип сабакка да барбай калып жаттым. Сүйүүнү акыл менен башкара албай, сүйүүгө мас болуп көзүмө эч нерсе көрүнбөй Анас менен гана бир болууну ойлоп калдым. Эжейлер сабакты таштап салдын сага эмне болгон? Минте берсен окууңан калып кетесин, сабактан калбай кел деп эскертүү беришкени да кулагыма кирбей, сүйүү келген убакта акыл мээңден чыгып кетет деген туура экен ошондойдо эсиңе кел деп жол көрсөтчү адамың болбосо жолуңдан адашып калышын эч кеп эмес экен.
Анастын 2 эжеси 2 карындашы бар ортодогу жалгыз бала экен, эч жерде окубаган достор менен көчө кафе деген орто үй бүлөөнүн баласы. Жарашыктуу кийингени, ботодой бакырайган көздөрү узун кирпиктери бою башы өзүнө жарашкан айтор турган турпаты кыздардын жүрөгүнө бат эле чокту салган чырайы адамдын акылынан адаштыра сүйдүрөт.Атасынын машинасын минип келет кээде болжошкон жерде жолугушабыз, ушунчалык жакшы көрүп кучакташып отура бергим келет өзүмү өзүм зорго кармайм, кучагына тартып чачымдан сылап болочоктогу балдарыбыз жөнүндө кеп салабыз ал тургай аттарын койуп алып кыялданабыз, машинанын алдына отургузуп алып шаар айланабыз ошентип жүрүп ал күнү сабакка да барбадым, үйгө да кечирак келдим. Апамын аябай ачуусу келип кутуп отуруптур, сага эмне болуп жатканын жакшы билем отур маңдайыма, көзүңдү ачып, акылыңы кел зорго окууга киргизсем бул эмне кылганын деди. Апа мен Анасты жакшы көрүп калдым дедим, жакшы бала сулуу көрсөңүз тааныштырам дедим. Ал убакта Анас Россияга кеткени жаткан мени да аркаман бар ошол жакта үйлөнүп кийинки күздө келип бул жактан той беребиз деп экөөбүз кыялданып алганбыз. Апа мен окууну таштап Россияга кетем дедим. Жаактан нары бирди чапты эч жакка барбайсын, көзүңдү чоң ач 18ге али чыга элексин (мен 6жашыман окуган элем 89дар менен)али башына көп сүйүү келет, эрге жетип эрге жетсен да этегин жерге жетпей кыйналасын өзүмүн азабым менен өмүр бойу ушу күнгө тушуктум сенин азабыңды көтөрө албайм. Бүгүнтөн баштап Анасты өчүр жүрөгүңдөн, сабагыңды оку бир күн да сабактан калба деди. Анан секин отургузуп алып көп көп акыл-насааттарды айтты ал күнү саат3кө чейин уктабадык. Көзүм ачыла түштү, сүйүүнү жүрөк менен эмес акыл менен башкарганга апамын акылы жардам берди.

#87 21 March 2017 - 11:59
Ошентип ал күндөн көп өтпөй Анас Россияга кетти, ошол боюнча байланыша албадык менде телефон жок. Окуума берилип окуп жаттым, иним 10-класс болуп сомодой жигит болуп ал да сабактан сырткары ресторан барларда официант болуп иштеп, мойкаларда иштеп тамак аш, кийим кечебизди өзүбүз эптеп калдык. Атам менен катташпайпыз,
дем алыш күнү столовойдо иштеп жатсам апам келип калды бир базарда иштейбиз. Атанын аялы авария болуп өтүп кетиптир эмнеси болсода бир туугандарыңын апасы батага барып келейли деди атама чоң энеме бир туугандарга бизде такыр сезим калган эмес, бей тааныш бирөөнүн үйүнө бараткансып бара жаттык чоң энем отурат зорго учураштым, атама мээрим жок башымы бийик көтөрүп бир туугандарыма кайрат айтканы озум барбай койду, энесинен эрте ажырап ботодой боздоп кала беришти. Тез кеттикчи дедим ошентип келе бердик, атамын мындан кийинки жашоосу бизди кызыктырбады.
#89 21 March 2017 - 12:18
Башка барбадык,2-3 ай өтүп өңү бозоруп алдан тайып, энтиге дем алып чоң энем, эжем атамын эжеси,атам болуп келишти чай койдук отурабыз чоң энем кеп баштады кызын уулун чоңоюп калды ата журту керек, ата керек?! деп апам да калбай сүйлөп жатты булар эми ушунча чоңоюп калышты атасы жок деле нанын таап жеп жатышат, атасы аба менен суудай керек болгон мезгилде көчөгө таштаган неберелериңиз эми чоңойуп уядан учаарда керек болуп калдыбы деп. Чоң энемин ойу үйүндөгү эки баланы, атамы озүн кошо карап апамы мурункудай кайра кул сыяктуу жумшагысы келип турганы сөздөрүнөн билинип жатты . Атам дагы деле унчукпайт апасынын баласы болсо 50гө чыгып калса да апасынын баласы боюнча калат экен. Ичиме бул толуп калгангабы чыдап туралбай сүйлөп жаттым сүйлөп жаттым, чоң энем атасы жок ушундай болуп калганда карасан каяша сүйлөгөнүн чоң сүйлөгөндө кичине унчукпай калат деп сүйлөп жатты. Кеткиле дедим апамы өзүбүз багып алабыз ата журтубузга каалаганда керек болуп каалабаганда керек болбой калган буюмдай экенибизге ардандым. Үй Тилекке калат дейт атамын кичине баласы, апам айтты ал үйүңөр өзүңөргө буйрусун балам тай тайлап баспаган үйгө, чуркап калганда барбайт өзүнүн үйү бар ушуну кудай кут кылсын деди. Аялы өлдү эми биринчиси үй талашат дешиптир жаман ойунда. Менин иними апам төркүнүндө төрөгөндүктөн атамы чоң энеми такыр эле тааныбайт үйгө келишкенде да барбай көчөгө ойноп чыгып кетип калчу эле. Иним апамы тынч койгула мага ата журттун кереги жок үйлөнсөм атам жок деп шартымы түшүндүрүп үйлөнөм раазы болсо тийет, атасыз көнүп калгам кыйынчылык азаптуу күндөрдө таштап кетип эми жашообуз бир нукка бурулуп калганда өзүңөрдү бизге керек кылбагыла убагында мен сизге кандай керек эмес болсом сиз да мага азыр ошондой керегиңиз жок деп эшикти тарс жаап ишине кетип калды
#90 21 March 2017 - 12:33
Эжем менен да урушуп кеттим. Ошентип алар башка келгис болуп кетишти, ичтеги арман кектин баарын сөз менен чыгарып алдык,сай сөөгүн сыздата турган сөздөр айтылды ар бир сөздөрүнө жооп айтып жаттым, апам унчукпады ушунча жыл сактаган ичиндеги бугун чыгарып алсын деди окшойт.
Дагы менин жакшы көргөн жазым келди,жер аппак тонун чечип, жашыл - кызыл көйнөгүн кийип айлананы кооздукка бөлөп жатты 1- март менин туулган күнүм 18ге толдум 1- курсту да аяктап калдым, апам бир даарынын компаниясында кошумча иштеп жатты. Үйгө келсем апам шаар үйлөп жасап торт анан жаңы телефон алып мени күтүп отуруптур кубанычымда чек жок. Иним саат алыптыр өз колу менен аш демдеп күлүп жайнап апам экөөбүздүн бетибизден өөп, мага тост айтып үйдүн ичи шаңга бөлөнүп айдын жарымы карангы болсо жарымы жарык болуп бир кездердеги апамын көргөн күнү минтип жакшы жагына өзгөрдү. Ажыраштым деп ыйлап ызыга муунуп озүн озү жеген жок, балдарым үчүн деп өтө күчтүү аял болду кадыр баркын кетирип ар ким менен жүрүп кетпеди, арманым аттын башындай деп бөтөлкөнүн түгунө түшүп кетпей биз үчүн биздин жаркын келечегибиз үчүн жашап келе жатат.

#91 21 March 2017 - 12:45
Жаңы телефондуу болуп аябай сүйүндүм, бир күнү телевизор көрүп жатып бир кино болуп жаткан эле. Смс жазып жибердим "кино так романтично,
желаю всем любви"-деп.
Телефонум тынбай калдыго чалуулар келе берип. Бир бала чалыптыр үнү жагымдуу аны-буну сүйлөшө кеттик, 81-жылкымын деди чалсынго деп жибердим, эми сага ошондой туйулуп жатса керек да өзүмө жаш элемин деп күлдү. Ошентип күндө смс, көрбөй сүйлөшкөн күндөр уланып жатты. Бир эле шаарда турат экенбиз, сабактан чыгып жолукмай болдук. Капкара мерседес минген өтө деле сулуу эмес, кийген кийими сүйлөгөн сөздөрү бизнесмендей туюлуп жатты. Жолугушуп күндөн күнгө жакын болуп ал тургай бири бирибизди жактырып да калдык. Жалжаңдай бербеген бир калыпта жүргөн жигит экен. Үйдүн эң чоңумун ата-энем үйлөн деп жатышат, кыз таппай жүргөн экен эле. Апам бир эки кыз тапкан экен таппан өзүм жактырганды алам дегенинен чечкиндүү экенин байкап калдым
#93 21 March 2017 - 14:59
Ммм анан. Келме кезек,терме тезек болуптурда.
Ичиңдеги букту чыгарып алганга жакшы шанс болуптур. Азаматсың уланта бер.
#96 21 March 2017 - 18:15
Ошентип Шумкар менен күндө жолугушчу адат таап алдым бир күн көрбөсөм сагынып кетем,Анаска жөн гана жактыруу сезим болгондой болуп жатты ошондо апам жаактан нары чаап эсиме келтирбегенде Анастын аркасынан Москвага барып же окуудан же эрден жок калмак белем же ага тийип кыйналмак белем ал да жаш, мен да жаш кыскасы элестете албайм эсиме келтирген апама гана раазымын. Шумкардан бир сүйлөгөн, эркектик мүнөздү гана байкап анын орундуу сүйлөгөн сөздөрү мени өзүнө тартып жатты. Атама окшогон чечкинсиз эркекке жолукпасам экен, апасы менен аялынын ортосунда чыр чыкса эркекче сүйлөп калыс болгон эрге жолуксам экен деп ниет кыла берчүмүн. Чоң энемдей кайненеге тушукпайын дечүмүн. Ошентип жайкы сессия да бүтүп каникулга тарадык. Шумкарды апам менен тааныштырдым,
эненин жүрөгү сездиби же менин бактым ушул балада экенин билдиби сүйлөшпө деп тыйу салган жок. Эсин менен этегиңи жыйып акылын менен сүйлөш, бей чеки ар жакка ээрчип барба дечү. Күндө каякка барсам апама айтчумун саат мынчада кеттим мынчада келем деп бир минута кеч калбай айткан саатымда келер элем. Шумкар мечитке көп барып турат экен, жума намазды калтырбайт.
Мусулманчылыкты бир эле жолу көрүшөт анда да күбөлөр менен жалгыз -жалгыздан жолугушуу күнөө деп калчу, мен окууму бүтмөйүнчө турмушка чыга албайм дедим. Окутуп алам деди. Мага турмушка чыкчы Гүлжан сенден башка менен жашаганды элестете албайм, сени сүйөм деп колума шакек такты. Аябай сүйүндүм келечектеги балдарымдын атасы Шумкар гана болот деп жаттым. Анан апамы ойлоп коркуп кеттим урушсачы дагы жыйнаштырып ташта десечи деп ойлорум чачырап кетти, машинадан түшүп жатып ойлонуп көрөйүн апам менен кеңешейин деп шакегин берип түшүп кеттим. Үйгө келип апама баарын айттым канча бир тууган экен 3уул экен эң чоңу экен дедим, айткан сөздөрүн баарын айттым апаман жашырбайм мага акыл айтсын дедим ойлонойлучу деди. Тайнем да келип калды кыздын барар жери күйөө, сандыкка салып сактамак белен окутам десе , жакын эле жер экен ата-энесин жөнөтсүн сүйлөшөйлү деди. Сүйүнүп кеттим Шумкарга чалдым албайт, 3-4 жолу чалдым албайт телефону өчүк болуп калды. Апама айтсам иштери чыгып калгандырда күтө тур деди ал күнү кечке маанайым жок жүрдүм көнүп калган экем, таштап кеттиби кантип? Кечээ эле үйлөнөм деп жаткан деп ойлорум чачырап кыжаалат болуп жүрдүм. Эртеси чалды жиним келди билмексен болуп алдым, мени сагынып менсиз чыдай албай калыптыр деп ойлоп калбасын деп жакшына сүйлөштүм. Документ растап бошой албай калдым зарятым өчүп калды деп актанып жатты, эмнене документ деп да сурабадым. Гүлжан апамдар үйүңө бара жатышат, ушул воскресенье барышат ата-энелерибиз сүйлөшсүн деди. Атам менен апам ажырашып кеткен деп кыскасы менин жашоомду билет. Апам да келе беришсин деп воскресеньеге болжоштук, келишти. Мен аяш энемин үйүнө кетип калдым сүйлөшүп кетишти, Шумкар чалды сүйүнүп алган эми сен менин келинчегим болосун, жумушка узатып жумуштан тосуп ала турганым бар, сүйгөнүм жанымда, сени сүйөм жаным бактылуу кылам деп убада берип жатты, менин да кубанычымда чек жок апам раазы болуптур деп.
Үйгө келдим тайнем айтты жакшы эле адамдар экен үйлөп эле бөлөбүз баламын иши шаарда, өзү окутуп алат табышы жакшы менин инилериме жаштайынан кошулуп бизнестин көзүн таап алган көптөн бери топтоп жүргөн акчасына шаардан 2комнат үй алды үйлөндүрүп ошол үйүнө бөлүп койобуз дешиптир, апам да сүйүнүп алыптыр бакыт тилеп байкушум. Өткөндө документ бүтүрүп жүрөм дегени үйүнүн документи экен эле . Сөйкөнү той күнү эле салып алып кетебиз дешиптир той да белгиленди. Кайнилерим 83 86 жылкылар экен менден чоң. Экөө тен акем үйлөнсүн деп күтүп жүрүшкөн экен. Тайнем тойго жок дегенде атаңды чакыралы деди макул эжем чоң энемдер келишпесин деп так секирип туруп алдым анымы апамдар да колдошту, чоң энең келип секин кудагыйларга бир нерсе деп шыбырап койуп балее болбойлу дедик.
Ошентип августа дүркүрөтө той берип, өзүм сүйгөн мени сүйгөн жигиттин колун кармап турмуштун даңгыр жолуна жетелешип бет алдык. Ак жоолук салынып айылдагы бир ак үйдүн босогосун аттап келин болуп отуруп калдым. 15күн келиндик кызматымды кылып сеп -пебим менен жаңы үйүбүзгө жайгаштык, окуума да жакын экен жөө эле барып келип окуп жаттым. Жолдошум таң эрте кетип кечкурун келет, азыр да ошондой. Нике түн күн бойума бүтүп туптура 9айдан кийин уулду болдук, окууму 3-курстан заочныйга которуп бала менен үйдө отуруп калдым

#99 21 March 2017 - 19:45
Ошентип ак көз, кара көздөрдүн эки көзү төрт болуп менин бактымды аңдып качан апасына окшоп ажырашып келеер экен деп күтүп жатышты. Тилекке каршы кайненем чоң энемен калышпаган кайненелерден болуп чыкты. Бирок мындайда эркектин ролу чоң болот экен. Эркек коркок болсо атамдай болуп өз үй бүлөөсүн сактай албай калат экен, а менин жолдошумда катаал мүноз бар эле. Кайненем Түзүк эле уруштургусу келет эле бирок күйөөм ачуусу келсе ата энесине да түшүндүрүп койо тургандардан болуп жок жерден мени күнөөлүү кылып койушуна жол бербей койду нары бөлүнүп жашагандыктан кайненемдер 2-3 айда бир келчү. Келгенде сыйлап, аяк -биягынан өтүп подаркамды берип, айылга барганда жүгүрүп кызматымды кылып келчүмүн. Айылда ашып барса 2жума жүрөбүз үйдө кечке бекерчимин,
2жума жүгүрүп кызмат кылып койсом эч нерсем кетпейт байкуш кичине келиндер түбөлүк кызматта, ошентсе да алар жаман. Бир кайненем үйгө келиптир кеч чай ичип отурсак ар нерсени тийиштирип сүйлөй баштады. Кара кыздын агынан эмес, багынан дейт. Көрбөгөндүн көргөнү курусун дейт. Баланы тууп чоңойтуп койсон ушинтип өзүнүн баласын ата энеден артык көрүп калат экен да дейт күйөөмө тийиштире. Жолдошум баштады ой апа кызык элесизда эми мен балага байланбайын деп өз баламды ыргытып жиберейинби.
Кайненем шарт эле беттен аласында мен сени ыргыт деп жатамбы жөн эле айтып жатам.
Кандай жөн эле силерди кандай жакшы көрсөм баламы да ошондой жакшы көрөм деди
Кайненем тамашага салып кетти, небересин кучактай.
Ушинтип ар нерсенин башын терип сүйлөп баштаганда жолдошум ордуна койуп жүрүп андай мындай сөздөрдү тийиштирип сүйлөбөй турган болуп калды.
Дагы бир күнү мен бала менен базарлык кылганы чыгып кетсем кайненемдер келип калыптыр, өзүм тазамын бирок ваннада кирлер бар эле, подьезд шыпырылбаган экен жолдошум үйдө болчу дем алыш эле. Кирсем эшик ачык кайненемин сөзүн угуп калдым айт аялына даярды ичип жеп жата бербей кирлерин жуусун деди күйөөм мени катындардын ишине аралаштырбан өзүңүз түшүндүрүп айтып койун башка мага майда чүдө сөздөрүңөрдү айтпагыла деп жатыптыр. Чын да эркекке ошол болбогон сөздөрдү айтып не кереги бар андан көрө мага айтсын кызым мындай кылба андай кыл деп. Ошондон кийин баласына айтпай мага айта турган болуп калды, макул апа айтканыңыздай болот деп айтканын кылам. Жолдошумдун чечкиндүү калыстыгынан мен жашап кеттим. Мени да апасын да оңдоп койду бара-бара кайненеме жакын болуп ар кандай белектерди бергенди адатка айландырып алдым. Атам да менин жолдошум сыяктуу эркектик сыпаты болгондо биздин балалыгыбыз ата-эненин кучагында өтмөк.
Апам жашсын катар -катар төрөп ал, окуу да бүтө берет деди. Ошентип бир жаштан кылып экинчи уулумду жарыкка алып келип үйүбүз бир адамга көбөйүп кубанычыбызга чек жок болуп балалуу үй базар болуп отуруп калдык. Айтмакчы бизден кийин экинчи кайним үйлөнүп (озү Россияда иштейт эле )аялын алып үйдө 3-4 ай туруп эле Москвага кетип калышты. Кезек кичине кайниме келди байкуш бир жоош же кичине балдар ушундай болуп калабы же акча таппай үйдө отургангабы кайненем менен кайнатамын айтканынан чыга албайт.

#100 21 March 2017 - 20:09
Кайнилерим менден чоң болгондуктан башында бир аз ыңгайсыз абалда жүрүп кийин көнүп кеттим. Мен экинчими төрөгөндө, эң кичине кайним үйлөндү келин 92-жылкы. Концерт ошондо башталды. Чоң энемин кейпин кайненем кийип калды, кечке баласына жамандамай байкуш бардык ишти кылат озү да аябай таза экен. Барсан женелеп эле турат ошентсе да Айпери жаман. Кайненеме кайнатам кошулуп алат. Аркасынан ээрчип ар балени сүйлөй берген экен келиним да жарылыптыр айта турган сөзүн айтыптыр ал да. Кетирем эле кетирем деп кайненем түнү күйөөмө чалыптыр, күйөөмү ишендирип болушунча жамандады келинди берки баласына чалыптыр Россияга. Күйөөм үйдүн чоңу болгондуктан и акчаны жакшы табып өзү бутуна тургандыктан кайнатамда жолдошуму угат. Менин апам да кичине келини болуп каардуу кайненесинин сөзүнө туруштук бере албай берген азаптарына чыдай албай атамын дал кайнимдей чечкинсиздигинен жашоодомдо көп кыйынчылыктар менен чоңойгондуктанбы Айперини апамын ордуна койуп, уруш эмнеден чыкканын талдап көрмөкчү болуп, жолдошумду алдап баарын сурап түнү менен ага секин түшүндүрүп күнөөнүн баары келинде эместигин уруш эки алакандан чыгаарын, апамын (кайнене)кандай экенин ачууга алдырып жатканын, курсагындагы баланын келечегин айтып жаттым. Азыр алар жолдошумдун гана сөзүн тыянагын күтүп

Супер-Инфо
super.kg
видео