Ошентип шаарда, жаңы бүткөн үйүбүздө тирилик өтуп жатты чоң балам мектепке барат экөө садикте, кызым колумда. Иним үйлөнөм деп жатыптыр кызы 96-ж экен, апам чакырып калды барып кенештик чоң той беришсе жардам берем деген Шумкар. Иним келиниңиз оронот ата-энелери да ошондой мусулманча үйлөнөбүз деп сүйлөштүк деди. Макул болдук. Ошентип ноябрьда мусулманча үйлөдүк иними акча жаатында маселе болгон жок куда кудагыйларды раазы кылып жөнөттүм. Келинимин пешенесинен өөп жолук салдым сен менин келиним эмес сиңдимсин мен жалгыз кызмын, сындашып эмес сыйлашып жүрөйлу деген ниетте. Апам келинди аңдып отура бербей көнгөн ишиме чыгайын деп ишине иштей баштады иним да иштейт. Келин келип жыргап калдым иштен келип тамак жасап идиш жуубайм, шифонердеги кийимдеримен бери бүктөп койот деди. Сүйүнүп калдым. Кептин баары апамда да азыр чоң энеме окшоп кыздарына келинди жамандай берсе, жашпыз каныбыз суюк барып келинди беттен алып жиберишибиз эч кеп эмес.
Чоң энеме кат Чоң энеме кат
#142 22 March 2017 - 15:41
Ошентип ойлонуп отуруп айылга чоң энеме баргым келди азыркы апамын турмушун, өзүмүн турмушуму мактанып жар салгым келди адам өлбөсө алтын аяктан суу ичерин айткым келди. Шумкарга айттым атама барып келейин чакыртып атыптыр деп алдадым, иними жүр барып келейли десем акыл эсим жайында экен атама бут баспайм деп көнбөй койду, кызымы чоң баламы алып эки баламы садикке таштап адамдарды тагдырдын жолу менен аяк-биякка ташыган учу көрүнбөгөн узун жолдо кетип бараттым. Берекеси учуп, кунары өчкөн чоң энемин үйүнө кирип келдим
#146 22 March 2017 - 18:03
Дарбазасы ачык экен түз эле кирип бардым. Чоң энем тизесин укалап ойлуу отуруптур. Каарылыкка моюн сунгандай 70тен ашып калбадыбы. Адамдар баарыбыз бир күн болбосо бир күн өлөөрүбүз чындык бирок ага чейин ар нерсе болот экенбиз да. Адам озүн актап күнөөсүн танганын койбойт экен, только гений признает свои ошибки дегендей кебирки адамдар гана жаман жагын мойнуна албаса көбу актангандан жадашпайт экен алар бири чоң энем. Дагы деле ошол сөзүндө менде күнөө жок сүттөн акмын деп. Атамы ата, чоң энеми чоң эне дей албайм анткени эсимде жок 2 жашымдан ажырасам кантип эстемек элем. Мага бейтааныш гана туюлуп турду айыл, көчөлөрү, үйү, атам өзү чоң энем кыскасы баарысы. Чоң үйдөн музыканын үнү кату угулат кирип бардым 4-5кл окуган кыз танцаны тытып жатыптыр
мени көрүп токтоп калды бул атамын аялынын ээрчитип келген кызы экен. Бир кездерде каалаганын кылган, баарысын ийментип турган чоң энемде ал калбаптыр. Бир маалда аялы келди уул төрөп алыптыр атаман. Берки экөөнү тай эжеси Москвага алып кетиптир өгөй апа менен батышышпаптыр ошолорго эле убал болду, албетте бизге дагы. Баарыбыздын убалыбызга калган каардуу чоң эне ай!!!
Атам мал менен алек, кел деди аялы келдим. Тааныштык.
Дал чоң энемдей битин эмес кумурсканын ичегесине кан куйган келин экен.
Тирүү болуп жерге, өлүк болуп гөргө батпайт. Мындайларды жер да албайт, көрөсүнго какмачтай болуп жүзгө чыгат деди. Эжелерими сурадым баарын жайлагам деди, апасын биз карай албасак өздөрү карап алышсын десем намыс деп отурат, көрсүн деди. Эч нерсеме аралаштырбайм каалаган жериме барам каалаганча жүрөм, үй уулума калат. Баары меники, баары сонун деди. Ушу какмачты жерге берип алсак балам менен силерди катташтырам деди.
Атамы көрбөдүм, чоң энем көзүнүн кыйыгы менен бир ооз сөз сүйлөй албай кала берди.
Баардыгына кудай бар!
Бир келген өмүрдө сыйлашып эле жашайлы, бул жалган дүйнөдө бүгүн конок болсок эртен жомокпуз. Кимдин канча өмүрү калганы бир кудайга маалим. Буну жазганымдын себеби кимдир бирөөлөргө сабак болсун дедим
УДАНДЫСЫ БАР

#147 22 March 2017 - 18:39
Чон эненер силерге кун бербеген эле эми кайтар дунуйо болуп ошо кундор озуно кайтып атат экенда а.
#148 22 March 2017 - 18:59
Инимин аялы ыймандуу, дин менен жашаган жердин кызы экен. Үйдө жоолугун чечип кадимкидей жүрө берет, көчөгө чыкканда оронуп алат. Ауратын жабып, иним да намазга жыгылып диндар болуп кетишти апам да кошулуп. Ал тургай мен дагы. Мага барган сайын дин тууралуу таалим окутат. Бактылуулук динде экенин түшүнүп жүрөгүмө ыйман кирип мен да жоолук ороно баштадым. Шумкар мечитке жаштайынан эле көп барчы экен ороном десем шап көтөрүп сүйүнүп кетти. Өзү да мечиттен калбай таксыр болуп калды, бизнесин да таштаган жок айтор бизди мурункудай эле жакшы багат. Милдетин билет.Иним 40күндүк дааватка чыгып келди, жакында жолдошум да кеткени жатат. Айперинин күйөөсү дагы (кайним жолдошум ээрчитип алам деди ).
#149 22 March 2017 - 19:03
Келиним таалимге барган сайын мени ээрчитип алат. Ошентип чыныгы динди түшүнүп, дүнүйө ислам менен гана кооз экенин, басып өткөн жолубуз тагдыр экенин адамдын өмүрү бир кудайдын колунда экенин динди таркатып балдарыбызды дин менен тарбиялаш керек экенин түшүндүм.
Ой-пикирлер суроолор болсо бере берсеңиздер болот. Окугандарга рахмат. Түшүнгөн адамдарга сабак а түшүнбөгөндөргө түшүндүрүп не пайда?!
АЯГЫ
Ой-пикирлер суроолор болсо бере берсеңиздер болот. Окугандарга рахмат. Түшүнгөн адамдарга сабак а түшүнбөгөндөргө түшүндүрүп не пайда?!
АЯГЫ
#154 22 March 2017 - 19:48
Азамат экенсиз.Апаңызга рахмат,өтө соонун тарбия бериптир сиздерге.Көөп жашасын сиздердин бактыңыздарга.
Бактыңарга көз тийбесин!
!!
#155 22 March 2017 - 20:29
Бир ашыкча деген суйлом жок , баары оз ордунда жазылыптыр.
Апаныз бактылуу болгонго жуз пайыз тете аял экен. Бактылуу болуп, оорубай сиздердин сыйынарды корсун мындан кийин ылайым!
#156 22 March 2017 - 20:34
#157 22 March 2017 - 20:41
#159 22 March 2017 - 23:05
Бактылуу болуңуз автор. Кыйынчылыкты ашыгы менен эле көргөн экенсиз мындан аркы жашооңуз жалаң бактылуулук мн өтсүн.
#160 22 March 2017 - 23:06

Супер-Инфо
super.kg
видео