Суперстан: Мен сүйгөн асыл жан - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мен сүйгөн асыл жан Айгүл Шаршен

#21 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   22 Март 2017 - 23:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: Бүгүн, 08:10
  • Жынысы:Аялзаты

- Анын сулуусунун кимге кереги бар? - деп алып Нарбүнү көз алдына келтирип алды.
Акылай унчукпады, күйөөсүнүн жазгырганын сезди, тамактан кийин качан жагууга үлгүргөнү белгисиз сүлгү менен самынды берип мончого киргизди. Каныбек үндөбөй жуунуп чыкты: "Кудай өзүң кечир, атам айткандай балдарды кандай гана тилеп албадык, Акылайды өзүм кетирбей коюп эми аны алмаштырганым болбойт, мен бактылуу болуу үчүн үй-бүлөөмдү сакташым керек, ошондо гана толук бактылуу болом", - деп ойлонуп жуунгандан кийин ордуна жатып калды. Акылай унчукпай жатканда акырын колун арта салды:
- Акы, мага таарынбадыңбы?
- Эмнеге таарынам, балдардын атасына кандай аял таарынат?
- Кечир мени Акы, - деп кучагына кыса аялынын колтугуна башын катты, ошонусу менен дилиндеги өкүнүчүн, кетирген күнөөсүн, жаңылышканын бүт билдирип кечирип сурап жатты. Акылай да үндөгөн жок: "Эркек эмеспи, болсо болгондур, кызуулук менен башка аялга барса барды, анын эмнеси бар, чырактай балдарым үчүн мен кечирем, бул түбөлүк жарым, кудайым кошконум" , - деп ойлонуп жатып күйөөсүнүн төбөсүнөн жыттады:
- Сен миң ирээт жаңылсаң да жарашат, анткени эркексиң, мен сени кечирбегенде кайда барам, болгону бир жаңылыштыгыңдын азабын тартпасаң болду.
- Кечир алтыным, шайтанга алдырдым, кызуулуктан билбей калдым, - деп аялына жаш кезде апасынын колтугуна жашырынып бекинчек ойногондой башын катып алып сүйлөп жатты, - Балдарымдын, сенин алдыңда күнөөлүүмүн Акы.
- Эчтеке эмес, биздин атабызды кыздар карай турган жигит, кыркка чыгып баратсаң да баягыдай жапжашсың, - деп Акылай көзүн жумганда мөлтүлдөгөн тамчы Каныбектин чачына тамып сиңип жатты, ошентип бири-биринен кечирим сураган жубайлар тунжурай түшүштү. Ошону менен бири-бирин түшүнгөндөй болушту. Андан кийин Каныбек Нарбүгө жолуккандан тайсалдап качып турчу болду, ага карабай эле алды артынан чыга калып сөзгө ала берчү болду. Бир күнү Азимбек ал чылым чегип турса жанына келип:
- Мен түшкөн тузакка түшкөн шекилдүүсүң? - деди.
- Кандай тузак?
- Келиндер тарткан тузак.
- Бир жолу байкабастык болду…
- Оо алар шумдук, - деди Азимбек түтүндү бурулдата үйлөп, - Чынында мага Нарбү жагат, Алинага капыстан чалындым, сага суктанам.
- Эмнесине? - Таңгала карады.
- Көп эркектер эңсегени менен жетпеген келинге жанашканыңа, - деди мулуңдай кытмыр караш менен.
- Ой койчу ошону, андан көрө өз аялым эле жетет, - Каныбек колун шилтеди.
- Сен энесинин эмчегинен чыга элек эле баланын өзү турбайсыңбы, аял деген эмне өзүңдүкү, качан барсаң даяр, башка аялдардын кылык-жоругуна батканың рахат эмеспи?
- Мен андайды каалабайм, туулган күнүм дегенинен эле бара калгам, - деп анын намысына тийе айткан сөзүнө кулак салгысы келбей чылымдын калдыгын ыргытып кирип кетмек болгондо:
- Каныбек, бүгүн Алинанын туулган күнү, экөөбүз бирге баралы, жалгыз коошпой жатам, - деди Азимбек, анткени аны Алина менен Нарбү атайын көндүрүп Каныбекти ээрчитип келүүсүн өтүнүшкөн эле.
- Жок, мен бара албайм.
- Азыр барабыз, кечке үйүңдө болуп каласың, алар бүгүн күндүзү эле тозушмак.
- Баары бир барбайм.
- Өкүнүп калба, сени эркек дейт.
- Эркек эле болсо эмне экен? - деп оройлонуп баратып Акылайдын: "Сен эркексиң, миң ирээт жаңылсаң да жарашат", деген сөзү кулагына угулуп кетип токтой калды.
- А өзүң канчадан бери жүрөсүң Алина менен?
- Бир-эки айдай болуп калды.
- Аз эле болгон тура, барбай койсоң болбойбу?
- Неге Каныбек, сен өзү жыргал деген каякта экенин билбейт окшойсөң, өз аялыңа караганда кылыктанып, сени көзүңдөн өөп, жа[moderated]рленип, тамактын жакшысын жалгыз сага арнап көзүн сүзүп турса жашоонун кызыгы ошол эмеспи? - деди Азимбек, - Үйүңө барсаң кайдагы жетпегенин айтып башыңды оорутат.
- Оорутса да үй-бүлөөдөн ашкан бакыт барбы?
- Аның го чын, бирок бир жаралып кайра өтөөр болгон соң жашоодо ырахат алуу да керек, өмүр кыска-а досум, өкүнбөстөй жашап өтүү керек билдиңби?
- Ээ башты оорутуп отурамбы, сабагым бүттү, үйгө барышым керек, - деп кабинетке кирмек болгондо Азимбек дагы токтотту.
- Ээ Каныбек, бир жолку сөзүмө кулак салчы, азыр эрте, бат эле келе беребиз, жүрү бир жолу барып келели.
- Ушу сен азгырдың да калдың, жарайт барса баралы, бирок көпкө отурбайм, - деп күлгөн Каныбек ичке кирип папкасын алып чыкты, - Эмне алып барабыз?
- Дүкөнгө бара көрөбүз да.
- Макул анда, - Каныбек бул жолу Азимбектин: "Энесинин эмчегинен чыга элек балага окшойсуң" , - деген сөзүнө намыстанып кошулуп алды. Айткандай эле алар даярданып күтүп жатышкан экен, Азимбек менен Алина өбүшө учурашты. Баягыдай эле вино-арак менен суусундуктар, тамак-аштар, андан соң туулган күн ээсине каалоо тилектер айтылып отуруп күүгүм кирип кеткенин байкабай дагы калышты. Адаттагыдай Азимбектер башка бөлмөгө кирип кетишти.
- Нарбү, мен өткөндөгүдөй болбой кетишим керек, аядлымдын жүзүн карай албай жаман болдум.
- То-обо, аялыңды ошончолук сүйөсүңбү же коркосуңбу?
- Нарбү, андай дебе, мен аялымдын көзүнө чөп салганым үчүн өзүм уялдым, - деп тура калганда Нарбү:
- Каныбек, мага жок дегенде адамча караганыңа болбойбу, же мени бузулган аял катары кабыл аласыңбы? - деп колунан кармап калды, - Неге бир жолу карап, өз көңүлүң менен өөп койгонго жарабайсың? - Каныбек ага ачуулуу карай бергенде көздөрүндө мөлт-калт жаш турган экен, эчтеке дей албай жанына отуруп:
- Нарбү, мени түшүнчү, аялымды аябай сүйөм, анын үстүнө балдарыбызды зорго таптык, кесирим тиеби деп корком, - деди колун бекем кармап, - Мен азыр эрте барышым керек.
- Бир аздан соң барасың, көп кармабайм, - Келин анын көкүрөгүн ачып төшүнөн жыттап аймалап кирди, - Мен сени көптөн бери сүйөм, сени менен болууну каалайм, түшүнчү мени, көп кармалба, бир эле жолу…
- Нарбү…
- Жо-ок сүйлөбө, мен сени каалап турам, - Болбой эле чечиндирип жиберди, жүзүндө салаалаган көз жаш, Каныбек келиндин эркине көнүп берди, кагып-силке албады, заматта экөө ошол эле жерде аймалашып жатып калышты. Каныбек ишин бүтөөрү менен эле кийинди да чыгып кетти, үйүнө келе жатып өзүн-өзү сөктү, тилдеди, эл орунга отуруп калган кезде кирип келди, Акылай дароо эле анын көздөрүнө тигилди, ал көзүн ала качты.
- Кайда жүрөсүң? - деди Суранбай.
- Районго барып келдим, окуу куралдары боюнча.
- Иш менен жүргөндүр да, такый бергениң жаман, - деп Арзыкан күйөөсүн алая карады, - Кайда барса такыгандай жаш бала беле?
- Жаш бала болбосо дагы менин балам.
- Эми балаң эмес деп ким айтты?
- Контролдоп туруу керек, азыр заман олку-солку, кадам сайын кандай окуя болуп кетээрин ким билет?
- Кудай сактасын, - деп койду Арзыкан. Ошол бойдон эч кимиси үндөбөдү, Акылай деле унчукпады, жатаарда кичүү уулу Ырыс чыркырап ыйлап убара кылды, көптө барып анан уктап калды. Каныбек бул жолу аялына эчтеке дебеди, ары карап жатып алды, Акылай деле сүйлөгөн жок, ошентип аралары бир топко сууп барып анан Акылдын туулган күнү келип, кайната-кайненеси куттуктап келишкенде баары унутулду. Акыл жетиге толду, күздө окуйт, таята-таенеси машина алып келген экен Бакыт экөө талашып жатып калышты. Аны карап куда-кудагыйлар күлүп калышат, алар үч-төрт күн жүрүп анан кайтышты. Билинбей эле арадан үч ай өтүп кыш өтүп күз кылтайып келип калды. Нарбү бир күнү ага жолугуудан качкан Каныбекке кат берип ийди, аны Азимбек алып келип берди: "Каныбек, мени кечир, сүйүүнү мен таптакыр башкача сезгемин, көрсө сүйүү деген эки адамдын гана ортосунда ыйык сезими экен, мен сени сүйүп калып аракет кылганым менен текке кетти… Бирок мен сени өмүрү унуталбастай белек калды, ал менин боюмдагы наристе! Өзүм дагы билбей калдым, мындай болоорун билген эмесмин, бул менин өмүрүмдөгү катуу урулган сокку, берилген сабак болду. Мени түшүн, эми мен кантим иштейм, ата-энеме дагы бара албайм, аргам кетип алым куруп жүрөгүмө эч нерсе барбай отурган кезим. Өлөйүн деп өлө албадым, анткени жан кыюу оңой эмес экен, анан да ичимдеги наристени аядым. Мен бир пенде азап чеккен. Сүйгөнүмө жетпеген, Жашоомдо мен бактысыз, Алсыз жүрөк зырп эткен. Сени сүйгөн Нарбү. 2002-жыл 17-март", - деген катты окуган Каныбектин төбө чачы тик турду: "Демек менин балам анын курсагында кетип кийин "нокотек" , - деген атка конобу, ай иттики эми кандай кылам, Акылай муну укса эмне дейт, үч баламды алып атасыныкына жөнөйт го, курсагында дагы турса, кандай кылам?", - деп ойлоп башы катып дароо Нарбү жашаган үйгө барды. Ал уктап жаткан жеринен туруп чыкты көрүнөт, барыгып көздөрү шишип чыккан. Ыйлагандай түрү бар.
- Нарбү, качан кайда кеткени жатасың? - деди Каныбек шашкалактай.
- Анын сага кызыгы канча?
- Андай дебе, сен көтөрүп жүргөн менин балам.
- Менин дагы балам.
- Ооба дечи, бирок баламдын кандай шартта, кай жерде экенин билип турушум керек, - деди Каныбек келинди карыдан ала жулкулдатып, - Кетпе, мен сага өзүм жардам берем, бул жерде бол.
- Жок Каныбек, кантип жүрөм биерде, эри жок боозуп алыптыр деген ушакка калыш үчүнбү, иштешкендерге кантем, сен эмне дейсиң? - Нарбү жаштуу көздөрү менен жалжылдай карады, - Сен ошого туруштук бере аласыңбы, туура кабыл алып баланы меники деп ачыкка чыга аласыңбы?
- Нарбү…
- Ооба-а, сен анте албайсың, үй-бүлөөңөн ажырап калуудан коркосуң, күнөө менде, өзүм кылган иш, өз башыма муш болду, эми бул баланы дайынсыз алып кетип жок кылам, бири-бирибизди кыйноонун кереги эмне, сен өз жолуң менен мен өз жолум менен кеткеним дурус, кет эми, кетип кал! - деп терс бурулду Нарбү.
- Нарбү суранам, баланы алдырба, кетпей тура тур, мени күт Нарбү! - деди да Каныбек кайра артына бурулуп үйүнө келди. Бирок эч нерсе деп айтууга оозу барбады, сүйлөбөй дагы туруп-туруп эле мелтиреп отуруп калган күйөөсүнө:
- Каныбек, сага эмне болду, ой басып калды да? - деди Акылай, - Каныбе-ек!
- Ээ-ээ-мне болду? - деп кайра өзүнө суроо узатты Каныбек чоочуй.
- Мен сенден сурап жатам, өзгөрүп кеттиң, сүйлөбөйсүң ачылып, менимче азыр сары санаадан арылгандай эле болдук го дейм?
- Койсоңчу Акы, менде эч кандай ой деле жок.
- Жо-ок, сенин жүрөгүңдө бир ой бар, санаа бар, сен менден жашырба, экөөлөп чечели, мен сен эмне десең баарына даярмын, балдарым гана жанымда болсо болду, башканын кереги жок, сен муңайба, сенин жүрөгүңдүн ооруганын каалабайм, - деди Акылай.
- Эмне деп эле жатасың, эмне сыр, эмне ой болмок эле, бир аз ооруп жүрөм, - деп койду Каныбек.
- Макул, оорууну жашырсаң өлүм ашкере кылат деген Каныбек, мен айттым, сен өзүң каалабасаң макул, - деди да Акылай сыртка чыгып кетти. Каныбек катуу ойлонду, арадан эки жума өтүп кеткен, Нарбүнүн кеткен-кетпегени менен кабары болбоду, ойлонуп мектепте деле жакшы иш алып бара албай жүрүп ооруп калды. Акыры бир күнү ал Акылайга түнкүсүн.
- Акы, мен сени сүйөөрүмдү билесиң, бирок мен дагы итчилик кылдым, бир жаңылыштыгыңдын азабын тартып жүрбө деген эмес белең, - деп оор дем алып алды да сөзүн баштады, Акылай үн дебей кулак төшөп жата берди, - Ошонун чындыгы мени кыйнап жүрөт, ошол аялдын боюнда бар! - деди.
- Ошондой болоорун билгем, - деди улутунган Акылай.
- Мени кечирээрсиң Акы…
- Эмне кылайын дейсиң?
- Ал кеткени жатат, биротоло кетет го?
- Каныбек, сенин минткениң жарабайт, - деди Акылай, - Бала деп эмне күндү көрбөдүк эле, ал дагы эне, балким ал аны алдырып коеор, балага убал эмеспи?
- Кетсе кетээр, башка эмне кыла алам?
- Жо-ок Каныбек, сен аны токтот, бетин ачып нике кыйдыр, аны да баланы да сакта.
- Кантип?
- Ушинтип эле, мен эми сени таштап кетпеймин, сенин балаңдын дагы бөтөн бирөөнүн колуна бараарын, же төрөлбөй жатып жок болушун каалабайм.
- Мен аны сүйбөйм Акы, ал мени өзү сүйөм деп азгырды, шайтандын иши болду…
- Актанган пайда жок, андан көрө ага баргын да айтканыңа көнөбү жокпу ошону бил, - деп Акылай күйөөсүнүн көзүнө карады, - Тур, барып сүйлөшүп кел.
- Акы, сен мени кубалайсыңбы?
- Кандай ойлосоң ошондой ойло, эмне болсо дагы барып билип кел.
- Атам укса эмне дейт, сабагандан кайра тартпайт го? - Каныбек кубанаарын же кайгыраарын билбей турду.
- Атамдарга билгизбей эле кой, ишти тез бүтүр, - деп аны Акылай шаштырып жатты, анын ушунчалык адамгерчилигине таңгалган Каныбек кийинип алып эл жаткан кезде Нарбүнүн жашаган үйүнө жөнөдү, кетип жатып ал бир сыр көрдү, үйүнөн эми эле чыкканда ачык турган күн жай баштап чарт-чурт эткен чагылган бут алдына түшкөнсүп басалбай кетээнчиктеп чартылдап, жар-журк эткен чагылгандын жарыгы көзүн уялтып бир жерден жыла албай койду. Анан артына кайрылып кайра үйүнө кирди, кийимин чечип илип жатканда:
- Эмнеге кайра келдиң? - деди Акылай алдынан чыгып.
- Күн жаап, чагылган чартылдап жатат, эртең эле сүйлөшөйүнчү.
- Күн ачык эле турбайбы?
- Өзүң чыгып көрчү, кийимим суу болуп калды.
- Кызык, эми эле жылдыз жайнап турбады беле? - деп сыртка чыгып кайра кирди да күлүп күйөөсүнө кайрылды, - Качан күн жаады, эч кандай чагылганы жок эле мемиреп турат го? - деп кайнаталары ойгонуп кетпесин дегендей бөлмөсүнө кирди, - Кантип калпты айттың?
- Жинди болбочу, курткамдын суу болгонун көрчү, - деп курткасын алып келип Акылайга карматты, ырас эле суу, бирок азыраак ным болуп калыптыр, Каныбек сыртка чыгып өзү таңгалды: "Бул эмнеси, эми эле чар-чурт этип бут бастырбай жатпады беле, жер деле кургак экен", - деп дарбазасынан ары чыгып караса дагы купкургак экен. Кайра кирсе Акылай дагы таңгалып отурган, экөө тең унчукпай жатып калышты. Эртеси мектепке барып мугалимдерге он мүнөт жыйын өткөрүп анан кабинетте көпкө ойлонуп отурду, негедир түндөгү көргөн сыры анын бутун тушап турду: "Мен өз колумдагы балдарымдын өмүрүн берсин, барбай эле койсомбу" , - деп отурганда Азимбек кирди:
- Кандай шеф?
- Жакшы кел-кел.
- Сени Нарбү чакырып жатат.
- Неге чакырат?
- Кайдан билем?
- Болуптур, түштөн кийин барам.
- Болуптур, ортомчулугумду аткардым, - деди да Азимбек ордунан турду, - Тапшырма жокпу?
- Жыйынга катышпадың.
- Аны анан сүйлөшөбүз, сабагыма кирейин, - деп кабинеттен чыгып кетти. Каныбек Нарбүгө барса ал төшөктө жатыптыр, башын көтөрүп:
- Келдиңби? - деди.
- Эмне ооруп жатасыңбы?
- Жок, түндө ичим катуу ооруп боюмдан түшүп калды, аябай кыйналып калдым, эми дагы кан кетип жатат, Алина врачка кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   22 Март 2017 - 23:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: Бүгүн, 08:10
  • Жынысы:Аялзаты

- Түшүп калдыбы, канчада?
- Түндө саат он-он бирлерде.
- Он бирлерде, - деген Каныбек таңгалып калды: "Түндө мен үйдөн чыкканда туура он бир болчу", - деп селдээ туруп калды. Ошол убакта Алина фельдшер-акушерканы ээрчитип келип калды, Каныбек сыртка чыгып кетти. Жарым сааттай убакыт өткөндө фельдшер-акушер минтип айтып аларды таңдандырды:
- Бала түшкөн эмес, менимче экөө болсо керек, сен шаарга барып УЗИге түшүп көрүн, бала чоңоюп баратканда козголуптур, - деди Нарбүгө.
- Экөөсү кандай, эгиз болушу мүмкүнбү?
- Ооба, кыскасы экөөдөй, иши кылса УЗИден аныкташат, өзүңүзгө этият болуңуз, канды токтотуучу укол сайдым, дарыны да унутпай чииңиз, - деп чыгып кетти. Каныбек эмне дээрин билбей тура берди, Нарбү андан бетер тунжурайт, чынында ал кыйналып жаткан.
- Эмне кылабыз, эми күйөө бала, Нарбүнү шаарга өзүң алып барасыңбы? - деди Алина Каныбекке кайрылып.
- Билбейм, жумушум кандай болоор экен?
- Иш эмне, биякта адамдын өмүрү кыл учунда турганын көрүп жатасың го, эртең районго алып барып көрсөтүп кел, минтип жата берсе өлүп калбайбы?
- Мен акчасын берейин, сен алып барып кел аяш эми, өзүң билесиң никелүү аялым болбогон соң эл эмне дейт, таксиге акчасын төлөп, керектүүгө дагы берейин, бир жакшылык кылып кой.
- Жарайт, мен курбум үчүн барайын, сени дагы түшүнөм, - деди Алина. Каныбек акчаны берип анан көпкө отурду, Акылайдын айтканын айтмак болуп айта албады. Анан үйүнө жөнөдү, ар кайсыны ойлонду, бирок Акылайга барганы, анын абалы жөнүндө ооз ачпады.
Калыбекке тели-теңтушу айтып, - деп жатып көндүрүшкөн, ал такыр болбой жатып анан аргасыз макул болду. Иликтеп отурушуп отуз бештердеги Айнагүл деген аялды алып беришти, Айнагүл шуулдаган ачык - айрым, шакылдаган сөзмөр, колунан дагы, тилинен дагы келген аял экен. Калыбекке келгенден бери келген кеткендерге Асылай чай куюп, үйүн жыйнап, жардам берип жүрдү, Туйгундун аялы менен Аргындын аялы чыртыйган немелер, Асылайды тамашалап коюп анча-мынча жардам берген болушат. Айнагүл келгенден кийин Канболот менен Күнболот кээде гана келип чоң атасынын жанында ойноп отуруп кайра кетип калчу болду. Бир күнү эшиктин алдында отурган Калыбек:
- Уулум, менин койнума жатпай кетип калдыңбы? - деди Күнболоттун башынан сылап.
- Чоң апам жок мине, жанагы аял жаман экен.
- Кой антпе уулум, ал дагы сенин чоң апаң болот да, - Калыбек күлүп калды, - Уулум азамат, мындан ары менин жаныма жатып жүр ээ?
- Ыкы, үйүмө барам, таң атканда келебиз, - деп күлүп коюп жүгүрүп кетти.
- Аай чал, неберең мени жамандап жатабы ыя? - деп күлүмсүрөй Айнагүл басып келди, - Кел бери Күнболот!
- Аний, сага барбайм.
- Кел эми, мен сени жакшы көрөм, кел конфет берем, болбосо азыр Турар менен Дилбарга, Канболотко берип коем, - деди чөнтөгүнөн конфет алып чыгып көрсөтүп, - Келе гой жейсиңби?
- Кана? - деп колун оозуна сала момпосуйду укканда карап туруп калды, - Мага кө-өп бересиңби?
- Ананчы, сага көп беремин, сени жакшы көрөм.
- Кана-а, - деп басып келди эле Айнагүл аны кармап алып өпкүлөп, жулмалап туруп анан чөнтөгүнө момпосуйдан толтуруп берип.
- Эми барып ойной бер, кечинде менин койнума жатасың ээ? - деди.
- Ооба-а, - деди да момпосуй салынгын чөнтөгүн кармап алып жүгүрүп кетти.
- Бала менен иттин күчүгү жакшы көргөндүкү да чал, мага капа болбо, балага анча жакын эмесмин, өзүм төрөбөгөнүмдөн улам салкынмын го? - деди муңая Айнагүл, эки күйөөгө тийип төрөбөгөн соң Калыбекке макул болгон, - Менин жолум кайыптан, жинди болгон зайыптан, - дегендей өзүм төрөбөй балалуу күйөөгө тийип көп эле бала бактым, айла канча-а.
- Капаланба, балдарды апасы бизге каратпайт, эрмек болуп эле келип кеткени болбосо, - деп Калыбек айтканда Айнагүл күлүп калды.
- Ой кокуй десе, баккандан коркпойм, өз балаң болбогондон кийин сүйлөсөң да өөн көрүнүп туруп алат экен, канчалык жагынайын десем дагы ушу балдардан улам күйөөдөн чыктым, ким эле жер которуп жүрүүнү кааласын.
- Капаланба, биздин балдар сен экөөбүзгө андай кылбайт, булар болсо жаш, - деди Калыбек, экөө көпкө сүйлөшүп отурушту, анан түш болгондо үйгө кирип түштөнүштү, көп өтпөй Бекмурат Дилбардын тушоо тоюн берди, туугандары, дос-жоролору көбөйгөн убак. Апсамат милицияларга жылкы, кой берип жатып эптеп кутулган, айыл апа аны жек көрүп карап калышат, элден чыга түшкөн. Тушоосун кестирип анан чакырылган конокторун сыйлап, кечкисин достору калып ырдап, чордоп жатышканда сырттан Уланбек кирип:
- Ата, сизди чакырып жатат, - деди акырын.
- Ким экен?
- Чыксаңыз көрөсүз, - деп күлүп койду Улан, Бекмурат чыга калса Апсамат аялы экөө экен, тай желетеп, бир баштыкка майда-барат, кийит-кече көтөрүп алыптыр.
- Кел-кел Апсамат, адашып кайдан?
- Бекмурат, бала кезден коңшу элек, мени кечир, иттик менден кетти, кызыңдын тушоо тоюна ушул тайды кошумча кылып алып келдим, эл мазар, элден чыккан азар дегендей өзүм бушайман болуп жүрөм, - деди Апсамат.
- Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч, деген экен, кечирдим кошуна, бирок котур ташыңды таштай келдиңби? - деди Бекмурат күлүп.
- Жок-жок, жаман оюм жок, чын пейилим менен келдим, эл бололу, ынтымактуу бололу деген тилегим менен келдим.
- Андай болсо кел бери! - деп Бекмурат кучагын жая караганда ал дагы кучактап калды, экөө кучакташып туруп анан, - Эми үйгө киргиле, - деди Гүлайга кайрылып, - Кана коңшу, үйгө киргиле, - деди.
- Кой байбиче, кирбесек болбойт, - деп Апсамат аялына карады да босогону аттады, Бекмурат алардын артынан кирди, Асылай алар киргенде колундагы кармап турган тарелкасын аз жерден түшүрүп ийе жаздап күйөөсүн көрүп тим болуп калды, келгиле дегенде да жарабай делдейип турганда.
- Асыл, Апсамат коңшулар тойго куттук айтып келиптир, - деп жылмайганда гана:
- Келгиле-келгиле, - деди араң эле.
- Тоюңар кут болсун, кызыңардын боосу бек болуп, кадамы күлүк аттай арыштуу болсун Асылай, - деди Апсамат күлгөн болуп ыңгайсыз абалда.
- Айтканыңар келсин, - деди оозу бош Асылай, коноктордун үстүнө киргенден кийин Гүлай кызына көйнөк, балдарына дагы бирден көйнөк, таттуу-тарапа менен Асылайга жоолук салып, колуна көйнөгүн берди, Бекмуратка дагы көйнөк калпак алып келишкен экен, - Тим эле койсоңор болмок, - деди Асылай.
- Жөн койчу беле капырай, түбөлүк коңшубуз да, - деп Гүлай шыпшынып койду, Асылай анча сүйбөдү. Бекмурат гана бакылдап сүйлөп чай сунуп, "тигинден" куюп жатты.
- Алгыла коноктор, бүгүн жаман кызыбыздын тушоосун кестик эле, баарыңарда ушундай жакшылыктар боло берсин.
- Туура, бир-бирибиздин жакшылык-жамандыгыбызга ортоктош болуп жүрө берели, шылтоо кылып той бергенге балдар аман болсун, - деди Бекмураттын досу Эдил бак-бак эте, - Балдарды бизге "подарит" эткен байбичелер бар болсун.
- Туура-туура, - деп кубаттап калышты, Апсамат менен аялын сыйлап жатты, бир кезде достору кетмек болуп Апсамат дагы козголду эле аны отургузуп койду да конокторун узатып кайра кирди.
- Ээ Апсамат, эми сүйлө, өзүбек кетип өз калдык, - дегендей өзүбүзчө боорлошолук, талашалы-тартышалы.
- Тартышып-талашпай эле коелу, элдин жүзүн карай албай ансыз дагы уялып бүттүк, ак чөп башта, экинчи арам ойлоп жаман иш кылсам атама аякташып калайын, - деп Апсамат каргынып ийди.
- Карганга болбойт, мен кектесем жана эле айтмакмын, эч кандай жаман ой жок, Асыл жанагыдан алып кел эми, жакшылап коноктойлу, - деди эле Асылай коньяк алып келип койду, - Мени болсо билесиңер ичпейм, тойго келген киши кичине бакылдап кетет да, - Бекмурат стакандарга куюп сунду.
- Эми биз кемпирим экөөбүз ичебизби? - деп Апсамат күлүп калды, - Өзүңөр албасаңар.
- Бизге капа болбогула, шартыбыз ошондой, ичкиллик ичсек кызыбыз жактырбайт.
- Аны го түшүнбөүз дечи.
- Ботом Асылай алып койбойбу? - деди Гүлай.
- Мен дагы намаз үйрөнүп жатам, силер капа болбогула, - деп Асылай сыртка чыгып кетти. Жаңыдан тамак коюп, кайра-кайра коньяктан куюп туруп экөөнө көйнөк-көнчөк, Апсаматка костюм шым, Гүлайга пальто жаап узатышты. Алар кеткенден кийин Асылай менен Бекмурат Калыбек менен Айнагүлдү чакыртып келип төртөө отуруп сүйлөшүп жатышты.
- Балам, туура кылыпсың, - деди Калыбек, - Астыңа келсе атаңдын кунун кеч деген сөз бар, ата-бабабыз кек сактаган эмес.
- Ооба ата, мен дагы ошону ойлондум, коңшубуз да, аталаштан айылдаш жакын дешет го?
- Сен эстүү экенсиң балам, - деп койду Айнагүл өзү курдуу болсо дагы Бекмуратка кайрылып, - Жамандык кылса өзүнө, таш менен урганды аш менен ур, - дейт го?
- Ооба, мени апам ошентип өстүргөн, бирөөгө ийненин көзүндөй ичиңди кара кылба дечү.
- Жакшы киши экен да.
- Оо ал киши Каныкейдей аял эле, болсо Каныкей ошончолук болгондур, кайраттуу эрктүү, анан өзү да сүрдүү болчу жеңем, - деп калды Калыбек, - Бизге абдан карачу, өлөөр-өлгөнчө баламды жалгызсыратпагыла, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгула, - деп айтып жүрүп өттү кайран киши.
- Бечара, баласынан кабатыр болчу экен да.
- Анан эмне, Беку анын жалгыз баласынан калган бала.
- Арбагы колдосун, апам абдан тың эле, менин эле келечегимди ойлонуп картайып кетти, - деп Бекмурат муңайып кетти.
- Балам, аман бол, өмүрүң узун болсун балдарыңдын ыраатын көр, өзүңөрчө бир чоң айыл болуп Аалыбайдын айылы дедиргиле.
- Айтканың келсин ата, өз атамды жакшы билбейм, чоң атамдан кийин сизсиз, - деп Бекмурат Калыбекке карады. Түн бир оокумга чейин отурушту, Калыбек аз-аздан ичип кое турган, Айнагүл экөөнө коньяктан куюп, эттен салып келип жакшылап коноктоп отурду, Айнагүлдү үйүнө чакыра элек болчу, кетээринде ага көйнөк, жоолук кийгизип, Калыбекке чапан жаап калпак кийгизди, ал батасын берип анан үйүнө кетишти. Алар кеткенден кийин Бекмурат дасторкондо отуруп ата-энесине куран окуп бата кылды да сандыктагы сүрөттү алып төргө кайра илип койду. Асылай үйүн жыйнап кеч жатышты, ошол кезде Гүлзарды эстеди, кеч жатып чарчаганга бат эле уктап кетти, бир кезде түшүнө төрдөгү илинген апасынын сүрөтү жерге түшүп келип: "Тез Гүлзарды алып кел, алып кел ооруп калды, аякка жибербей койсоң болмок, үйгө алып кел!", - деп ачууланып жатыптыр. Ойгонуп кетсе кара терге түшүп калган экен, Асылай аны түртүп ойготуп жатыптыр.
- Эмне болду сага, кыйналып жаттың?
- Билбейм, түш көрдүм окшойт.
- Булдуруктап эле сүйлөп жаттың го?
- Кайдан билем.
- Аябай чарчапсың, уктап эс ал.
- Эртең эрте барып Гүлзарды алып келейинчи.
- Мейли.
- Түшүмө кирип жатыптыр.
- Эстеп жатса керек?
- Ошенткен го?
- Өзүң дагы чарчадың, эртең жолдо кыйналасың, уктап эс алып ал, - деп Асылай кабатырлана айтты.
- Ооба, уйкуну кандырып албаса, - Бекмурат оңдонуп жатып калды. Эртеси эрте туруп машинасын айдап жолго чыкты, ал келгенде Гүлзар тил-оозу жок эчтеке билбей жатып калыптыр. Ооруканага алып бармак болду эле:
- Жезде, Гүлзар ооруп калсам ооруканага алып барбагыла деген, үйгө эле алып кетиңиз, - деди Күмүшай.
- Үйгө алып барганда болбойт го, врачтарга көрсөтпөсө болбойт.
- Кой жезде, өзү айтканын жасаңыз, көп киши көрүп катуу чарчады, үйгө эле кармаңыздар.
- Макул, - деди да машинасына Күмүшайды кошо отургузуп алып жөнөп кетти, үйүнө келгенден кийин дал ошол ата-энесинин сүрөтү илинген бөлмөгө жаткырышты. Эч нерсе ичпей, же көзүн ачпай жети күн жатты, жетинчи күнү көзүн ачып:
- Ата, ата эл башына күн түшөт, падыша качып кетип баш аламандык болуп калды, бийликке дагы башка ач көз адам көрүнүп жатат, ой-ой элге кыйын болду го? - деп тишин кычыратып, оозун кыйшайта жатып калды. Үрпөңдөшүп карап отуруп калганда Калыбек:
- Тим койгула балдар, өзү эс алат, кыйнабай тынч койгула, - деди.
- Эчтеке болбойбу? - Бекмурат чоочулай карады.
- Кудай сактасын, алланын өзү берген кудурет, өзү сактайт, укканыңарды эч кимге айтпагыла, эл ансыз да эл толкуп турган кезде апыртып ийишет, бири көрүп айтса, бири көрбөй айтып апыртып ийишмейи бар.
- Макул, чын эле апыртып ийишпесин, бала немеге оор болуп калат, - деди Айнагүл. Гүлзар ошондон тартып жети күн уктады, суу ичкен жок, былк этпей гана дем алып жатат. Жанынан чыкпай карап жатышты. Бекмурат намазын каза кылбай окуп кызынын амандыгын тилеп жатты. Туугандары келип сурап кетет, таенеси Умсун менен Токтогул келип көрүп кетишти. Айрыкча Гүлүйпанын жетимиштердеги тагасы келип көрүп анан сүйлөп отурду.
- Гүлүйпанын өзү экен бар болсун, байкушум жөн эле сүрөт эле да, аны отургузуп коюп эле карап тура бере турган жан эле небересине бир күчүн берген экен.
- Мен апамды билбейм, ойноо бала экенмин, чоң ата, чоң энем болгондуктан ата-энемди жакшы баамдабай калсам керек, негедир эми-эми түшүмө кирип жүрөт, - деп Бекмурат ойлуу жер карап туруп анан минтти, - Гүлзарды он алтысында алып кетебиз дегенин эстесем корком.
- Коркпо балам, ар бир пенде өз күнүн көрөт, апаң өлгөндө атам менен апам кыйын болушту, биз андан, ошону менен эле баары бүтүп калабы деп ойлогонбуз, андан бери жыйырма жылдан ашты, жашоо уланып эле жатпайбы?
- Ошентсе да… жөнөкөй эле кыз болуп төрөлүп аман-эсен элдей күн көрсө болбойт беле, бала кезинен башкача болду.
- Бул алланын буйругу, канча адамдын сообуна калды, көп ооруну тактап сакайтты, аз убакытта ушунчалык кудуретти кайдан алмак, элдин баары эле өзү көзү ачык, айткыч болуп кетпейби, бул алланын ишаараты, - деп Бекболот сөзүн бүтүрдү. Гүлзар азыр он үч эле жашта, ошентсе дагы сүйлөгөнү, көз карашы чоң кишиникиндей. Ал ошентип жатканда түндөсү Бекмуратка сыр көрүндү, ал уктап жатып эле сыртта басып жүргөн экен, ошол кезде ал короосу жактан аппак кийимчен адам кирип келе жатыптыр, аны карап турса эчтеке көрбөгөндөй эле короону көздөй барып малдын ичин аралап барып бир нерсени издегендей болуп карап жатып эле бир койду карады да колун өйдө кылганда бир нур пайда болду, ал нур ошол токтунун башынан аяк жарык кылып келип аппак токту болуп калды. Бекмурат анын жанында жүрсө да көрбөдү, анан үйгө кирди да туура Гүлзар жаткан бөлмөгө кирип жанына отурду, анан колу менен кыздын бүт тулкусуна тийээр-тийбес кылып сыйпап келип чекесине келгенде көпкө турду да: "Кызым, сен кө-өп жашайсың, тур кызым, сени эл күтүп жатат, сен элге керексиң" , - деди да дароо көздөн кайым болду, артынан жүргөн Бекмурат анын келе жатканын көргөн, кайра кеткенин көрбөй калды, ары-бери карап таппай калганда чоочуп ойгонуп кетти, кара терге түшүп демигип калыптыр. Тура калып терезени караса жарык түшүп калыптыр, дароо эле Гүлзар жаткан бөлмөгө кирсе ал уктап жатыптыр, кайра кийинип алып чыгып короодогу койлорду караса баягы көргөн токту бир башкача көрүнүп аппак болуп калыптыр. Ичинен: "Тооба, жаратканыңа миң мертебе шүгүр", - деп алды. Ал көргөн түшүн эч кимге айтпады. Эрте ойгонгонго Асылайды тургузду да бир улакты өзү сое коюп түлөөгө даярданып жатканда Гүлзар сыртка чыгып калды, аны көрүп Асылай:
- Кызым, акырын жыгылып калба, - деп жетип барып кармай калды, - Башың тегеренген жокпу?
- Жо-ок апа, мен жакшы элемин, намаздан кечигип калыпмын, ойготуп койбойт белеңиз, - деди жаадырай күлүп.
- Уктап алсын дебедимби, - деген Асылай анын канча күндөн бери уктап жатканын айтпады.
- Апа бара бериңиз, мен жакшы элемин.
- Жыгылып кетеби деп…
- Кабатыр болбоңуз.
Ошондон кийин көпкө чейин Гүлзар киши дагы көрбөй, намазын окуп эле бир бөлмөдөн чыкпай калды. Эртең мененки чайга чогуу отурушкан, анан эле тамак ичип жатып:
- Элдин убалын ойлобогон акылсыздар келе турган болду, бул дагы кетет, азыр ал өзү кыйналып жатат, балдары менен аялы ынсапсыз болду, өздөрүн гана ойлошот, эми дагы эле ошонун шериги келет, - деди ойлуу.
- Эмнени айтып жатасың кызым?
- Элдин башына кайрымдуу адам келмейин эл оңолбойт, элдин жашоосун ойлогон эч ким жок, бул дагы көпкө уланат, мындан аркысы дагы кыйын, карапайым эл кырылат, балдар жетим, аялдар жесир, энелер балдарынан айрылып боздоп калышат, андан кийин дагы бирөө келет, аны көрө албастар кодулашат, калганы бүдөмүк апа, заман тынч, баары ойдогудай, элдин гана пейили бузулду, - деди өзүнчө сүйлөп, Бекмурат менен Асылай үн дебей отура берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   22 Март 2017 - 23:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: Бүгүн, 08:10
  • Жынысы:Аялзаты

- Эми эмне кыла алабыз, баары кудайдын колунда, - деди Бекмурат көптөн кийин.
- Ата, адамдар себелеп чачкан акчага күнүмдүк абийирин сатып жатышпайбы, түбөлүгүн ойлоп, бир гана жолду тандаса мындай болмок эмес, ошол эле башчынын жанында жүргөндөр ал тактан тайганда таптаза болуп чыга келишип, өзүн арачалап башкага жакшы көрүнүп жатышат.
- Айла канча, эл деген эл, кыйналган да, кысталган да көпчүлүк.
- Ошолордун арасында эч кимге зыягны жок бечаралардын бей күнөө өлгөнү жаман, - Асылайга карады, - Апа, бүгүн бир адам келет, жалгыз кызы жоголгон, мени көрбөйт деп айтыңыз, кийинки жума күнү келсин, - деди да туруп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Бекмурат көргөн түшүн көп эстейт: "Эми кызым көп жашайт буйруса, көп адамдын бириндей эле бирөө болгондо эмне", - деп ойлонуп алат. Уланбек мектепти бүтөйүн деп калган. Уларбеги он беште, Турарбек он төрттө, бечара Айзат бир жаштан эле төрөй берген экен, катар-катар бой жетип баратышат. Эшигине мал батпай, жашоосу манаптыкындай эле болуп калган, балдарынын баарында телефон, Гүлзар гана кармабайт, ал каалабады, Дилбар кичирээк, жаңы биринчи калсска барды, өтө эрке. Гүлзар аны аябай жакшы көрөт. Бир күнү Гүлзар атасынан:
- Ата, эмнеге апамдын сүрөтү жок? - деди.
- Кызым… Биз ошондо сүрөткө түшкөндү деле билбептирбиз, эл чакчелекей түшүп турган убак, кары апам бар эле, - деди Бекмурат араң жооп берип, - Эмнеге сурадың кызым?
- Апам түшүмө кире берет, сүрөтүн көрсөм дегемин.
- Таятаңдардыкынан сурап көрөйүнчү.
- Кереги жок, мына буга окшош беле? - деп колу менен тарткан сүрөттү көрсөткөндө Бекмурат таң калып сүрөттү колуна алды:
- Өзүң тарттыңбы?
- Ооба, түшүмдө көргөнүмдү тарттым, апам бейишке чыккандай, сизге абдан ыраазы, - деди да, - Сиз апамды сүйбөпсүз, сыйлачу экенсиз, - деп коюп сүрөттү тиктеп калды. Бекмурат унчуга албай калды, анан ал экөө үйлөнгөндө, же андан кийин сүрөткө түшпөгөнүн ойлоду, бирок кызынын өз колу менен дал өзүнө окшоштуруп тартканына таңгалды. Убакыт өтө берди, кайрадан киши көрө баштады, жалгыз кызын жоготкон элүүлөрдөгү адамга кызынын бир жерде аман-эсен экенин айтты, бирок ал алыс жерде экенин да түшүндүрдү, ал киши таңгала:
- Кызым түшүмө көп киргенинен өлгөн экен деп апасы экөөбүз азап чегип жүрбөйбүзбү?
- Жок, ал келе албай жүрөт, бирөө жардам берип жыл аягында келет.
- Оозуңа май айланайын кызым.
- Кызыңыз оорукчан болуп келет, жакшылар карасаңыздар кадимкидей болуп кетет, - Гүлзар тигил кишини назар сала карап туруп, - Кызыңыздын ата-энесин таап алганын билесизби? - деди.
- Ыя?! - тигил адам алактай түштү.
- Сиз жашырганыңыз менен ал билип алган, сиздерге таарынып кетип жаман жолго түшүп ошондон улам ал башка шаарга билбестиктен алданып кеткен, - деди да унчукпай калды.
- Кызым, ал биздин бакканыбызды билгенби?
- Билет.
- Кудуретиңден айланайын, - деп ойлонуп отуруп анан кетип баратып, - Кызым келгенде бир келем кызым, - деди да чыгып кетти. Гүлзар андан кийин дагы көп адамды кабыл алып кечке жаны тынбады, намаз убагында күтүп турушат. Көрүнгөндөрдүн көбү кызга таңгалышат, жүзү аппак, кашы чыккан айдай иймек, көздөрү карагаттай, кирпиги музоонукундай, мурду кырдач, оозу оймоктой бул кызды үрдүн кызынан айрымалай алмак эмес эле. Айнагүл анын адамдын сырын бүт билгенин көрүп өзүнчө уялып да тээ жаш кездеги бир сырынын ачылып калаарынан тартынып жүрдү. Ал мектепти бүткөндө бирөөгө алданып калып төрөп анан төрөтканага таштап кеткен. Андан кийин таптакыр төрөбөдү, кызын таштаганына купуя гана өкүнүп жүрүп ушул жашка келгенине тагдырына нааразы болуп кетет. Бир күнү ал түшкүгө кайнатма тамак жасап алып Гүлзарга атайын келди.
- Сиздин келээриңизди билгемин, - деди Гүлзар ага.
- Чын элеби кызым?
- Ооба, адамдын өзүнүн жүрөгүнө каткан сыры болот, кызыңыз бар, бирок ал бакма экенин билип калып үйүнөн кетип жаман жолго түшкөн, аны баккан атасы келип кетти, - деди ойлуу карап.
- Эми эмне болот, мен кызымды көрө аламбы?
- Көрөсүз, өзүңүздүн сол колуңуздун билегинде белги бар экен.
- Кандай белги?
- Чо-оң кал барбы?
- Ооба-ооба, - Айнагүл шашып калды.
- Кызыңызда дал ошондой кал бар.
- Оо кудай, көп жаша кызым, үмүтүмдү жандырып койдуң, мен ал кызды караганга дагы үлгүрбөгөмүн.
- Кызыңыздын атасы азыр атка минерлердин бири экенин билсеңиз керек?
- Ооба, көрүп жүрөм, ошол курусун.
- Ал дагы баласыз…
- Койчу?
- Ооба, анын дагы балам жок деген арманы бар, шаарда жүргөнүмдө жаш аялы менен келип кеткен, ага дагы айткамын, бир кыздын үч адамга байланыштуу тагдыры эки жыл мурун эле мага түшкөн, - деди Гүлзар.
- Эми эмне кылам?
- Күтүңүз, алар келишет.
- Кудай өмүрүңдү берсин, - деген Айнагүл кубанычтуу чыкты бөлмөдөн: "Кудайым бар экен да, бир кезде аргасыздан таштаган кызымдын жүзүн көрөт экенмин, баса меникиндей белгиси бар дедиби", - деп жолдо баратып эле жеңин түрүп колун карады, көп байкачу деле эмес, чыканактан ылдый алакандын отундай капкара калын көрдү: "То-оба, дал меникиндей калы бар экен да, кагылайын кызым ай, өжөр болсоң керек, эркелетип өстүргөн ата-энеңдин баккан кызы экенин билгениңде өтө оор тийсе керек", - деп жүрөгү лакылдап кубанычтан токтобой калды. Күндөр өтө берди, малы көбөйүп Бекмурат атайын койчу жалдады, үй-бүлөөсү начар жашаган Бектурду чакырып:
- Сен мындан ары мага иштейсиңби? - деди.
- Макул аке, иштеймин эле, акысын кандай кыласыз?
- Айына үч миң сомдон төлөйм, жайкысын гана, кышкысын өзүм багам.
- Жарайт, мен макулмун.
- Жакшы баксаң үйүңө бир кап унду берип турам.
- Болду аке, сизге ишенем.
- Сүйлөштүк анда, мына муну ал, жакында өзүм көчүрүп коем, - деди Бекмурат.
Ошентип малын жайкысын бакканга малчысы бар, Бектур андан кийин кышкысын деле келип малын сугарып, короосун тазалап жүрө берет, Бекмурат ага чай-чакасына тыйынын, каптап унун алып берип койчу болду. Бара-бара аялы дагы келип Асылайдын кир-когун жууп берип, конок тозушса жардам берип калды, Бектур менен Салкындын беш баласы бар, баары чиедей жаш, өздөрү жоош-момун жубайлар. Бектурдун агалары, ини-карындаштары деле бар, бирок алар дагы өз жашоосу менен Бекмураттын үйүндө иш кылып малын баккандан бери бирин экин козу-улак күтүп калды, коңшулары аны көрүп: "Бакыт оошот, ырыс жугушат, - дегендей байкуш Бектур Бекмуратка иштегенден бери оңолуп калды, жакшыга жанашсаң жетесиң муратка, жаманга жолуксаң каласың уятка, - дегендей Бекмурат жакшы жигит да", - дешип калчу болду. Эшигинде одиссей машинасы, трактору бар, жылкы менен уюнун кысырын кыштоого таштап тубарларын алып келип багат. Айылдын кадырлуу адамдардынын бири болгон. Асылай андан бетер керилген келин, ага курбусу Мадина келген сайын суктанып кетет, ал ушу сапар дагы келди, аны тосуп алып сыйлап жатты:
- Мадина, уулуң чоңоюп калдыбы?
- Чоңоюп калды, бешинчи калсс…
- Көңүлүң чөгүңкү курбум, эмне болгон?
- Расул экөөбүз ажырашып кеттик.
- Эмнеге?
- Анын ойношу менен кармап алдым.
- Кызык экенсиң Мадина, эркектердин салтыда ал, балаң үчүн кечирсең болмок экен.
- Кантип, көзүң менен көрбөсөң бир жөн.
- Ошондо деле ал эркек да.
- Сен Бекмурат башка аял менен жүрсө кечирет белең?
- Кечирмекмин, балдар үчүн кечирип коймокмун.
- Сен го балдарың үчүн кечирет элең, мен бир баланы намысым үчүн ансыз эле багып алам, - деп Мадина ыйлап ийди, Асылай анын көңүлүн көтөрө сооротуп жатты. Мадина ошондо күйөөсүнөн ажырашып ата-энесиникине келген, баласы таятасыныкында калды, өзү кайра эле шаарга кетти, анын келгенин көргөн Гүлзар:
- Апа, сиздин курбуңуз өзү айыптуу, башканы жандаган аял, күйөөсүндө эмес, - деди.
- Кантип, анан эмнеге калп айтты?
- Көнгөн апа, ал калпты көп сүйлөгөн аял, - деп коюп ичкери кирип кетти, Асылай ойлонуп калды, арадан көп өтпөй эле зыңкыйган кызматкер адам менен конокко келип калды, Асылайга эшикке чыкканда:
- Асылай, бу киши кандай экен, өзү кызматта, баласы жок экен, эки аял алса төрөбөптүр, - Мени төрөп берсең төбөмө көтөрүп алам деп жатат, - деди сыр кылып.
- Мейли, өзүңө жакса болду да.
- Абдан жагат, маданияттуу да адамгерчиликтүү адам, болгон айыбы балалуу болбой жүрүптүр.
- Жакса болду, бактылуу бол анда, - деди Асылай Гүлзардын айтканын эстеп. Өмүрбек чынында адамгерчиликтүү экен, келгенден Мадинаны сыйлап отурду, бир кезде Айнагүл бир нерсе көтөрүп кирди да босогодо селдээ туруп калды, анткени ал бир кездеги жигити Өмүрбекти дароо эле таанып калды да шарт бурулуп кетип калды. Өмүрбек дагы көрдү, сыр билгизбей Асылайга кайрылды:
- Аяш, бу конокторуң жакпай калдыбы азыркы аялга, ал неге чыгып кетти? - деди.
- Аа-а, ал менин кайнатамдын аялы, тартынса керек.
- Балдары барбы?
- Жок, төрөгөн эмес экен, кайнатама келгенине аз эле болду, - деп Асылай Айнагүлдү айтып берди.
- Аа-а, - деп койду Өмүрбек, ичинде: "Байкуш десе, ал дагы төрөбөй калса, мен дагы балалуу болбой жүрөм, жакында кыркка чыгам, баса мага боюмда бар дебеди беле, ал эмне болду экен", - деп ойлонуп сыртка чыкты, Айнагүл Калыбекке тамак салып алып кеткени жаткан.
- Саламатсыңбы Айнагүл? - деди Өмүрбек.
- Саламатчылык, тааныган экенсиң?
- Айнагүл, кантип тааныбай коеюн, ден-соолук, ал-акыбал кандай анан?
- Кудайга шүгүр.
- Мен сага эртең кенен жолуга аламбы?
- Неге, бир кезде абийирим төгүлөт деп ыйласам болбой таштап кетпедиң беле? - деп Айнагүл кыйгач карай аста сүйлөдү, бирөө жарым көрүп калабы деген күдүк ой бар эле анда.
- Ооба, күнөө менде Айнагүл, бул жерден болбойт, таң эрте жолго чык, машина менен бир жерге барып сүйлөшөлү.
- Менин сени менен сүйлөшөөр сөзүм жок!
- Антпе, бир жолу мага мүмкүндүк бер.
- Болбойт, бир адамдын көзүн жазгырып машинага түшүп жүргөнүм уят, бир аздан кийин келем ошондо сөзүң болсо айтып кал, - деди да тез-тез басып кетип калды.
Ал сырттан кечигип киргенде Мадина:
- Кайда жүрдүң Өмүке, кечиктиң го? - деди.
- Таза абада жүрдүм, шаардын абасына караганда айыл абасы таза эмеспи? - деди Өмүрбек күлө.
- Ошондойбу, макул анда.
- Эмне, бул жерден дагы бирөөнү таап алды дедиңби?
- Ким билет? - Шыңк этип күлүп калды Мадина.
- Мени Дон-Жуан көрсөтөсүң го аяшка.
- Жо-ок, сүйлөшө бергиле.
- Бекмурат аяш кайда кеткен Асылай?
- Ал тоодогу малдан кабар алганы кеткен, келип калат.
- Ийи.
- Аяш менен таанышалы, - деп Өмүрбек артына койгон жаздыкка чыканактай отуруп калды. Бекмурат келип алар менен таанышып отурушту, Өмүрбек өзүнүн иштеген кызматын айтып өзүн тааныштырды. Коноктордон кеч келгени үчүн кечирим сурап эртең коноктоорун айтып орун салып беришти. Түндөсү сыртка чыккан Өмүрбек Айнагүлдүн келээрин күтүп турганда ал энтеңдеп эки жакты карап жетип келди.
- Келдиңби Айнагүл?
- Келдим, айтчуңду айт, мен эми баягы секелек кыз эмесмин, абышканын кемпиримин, таалайыма жазганын көрүп жатам.
- Айнагүл, мени тагдыр сынады, бала көрбөдүм, сен мага бир эле суроого жооп берчи, боюмда бар дедиң беле, ал кайда?
- Ал жок, мен жаш кыз элем, ата-энеме кантип бала көтөрүп бармак элем? - деди терс бурулган Айнагүл, баарын айтты, - Ошондон кийин мени да кудайым жазалады, балалуу болбодум эми ошол кызды бир көрүүгө зар болуп отурган кезим.
- Кечир мени, анын аты жөнүн билбейсиң да?
- Жок, күтүп жатам, жыл аягында келеби деп, кош бол, менин күйөөм башкача ойлонуп калбасын, карыган неме, - деди да басып кетти, жүрөгү ийне менен сайгандай тыз-тыз этип кетип жатты.
- Айнагүл! - деп үнүн өзү да угалбаган Өмүрбек кайра-кайра чылым чегип көпкө туруп анан кирди. Эртеси Бекмурат аларды кой союп коноктоду, Калыбек менен Айнагүл ошол жерде болду, Өмүрбектин көңүлү кирдеп ачылбай шаарга кетти, Мадина экөө анын ата-энесиникине бармак, бирок ага Өмүрбек болбой "кийинкиде" - деп коюп жолго түшүштү. Убакыт бат эле өтүп кыш келди, жаңы жылды тоскону жумурай журт калмынып жатышкан, ошол кезде Гүлзарга баягы адам келди, жанында узун бойлуу Карина аттуу кызы бар экен. Гүлзарга ыраазылык билдирип отурду, аты Самарбек, аялы төрөбөгөндөн улам Каринаны төрөтканадан алып багышкан экен. Ошентип бул дүйнөнүн түркүн тагдырын камтыган жашынмак жашоодо Айнагүл өз кызын тапты, Самарбек каршы болбоду, ал дагы Каринанын бактылуу гана болушун каалайт. Өмүрбекти телефон чалып чакырып алышты, алар антип кубаныч менен жүргөндө Калыбек ооруп калды, үч күн жатып эле ал дагы кайтыш болду. Айнагүл Карина экөө кыркына чейин аерде болуп анан Өмүрбектин чакыруусу боюнча шаарга кетишти. Өмүрбек туугандарын чакырып кызы менен Айнагүлдү тааныштырды, достору, кызматташтары ага толгон белектерди тартуу кылышты, Өмүрбек кызынын өзүнүкү экенин тастыктап баарын текшертип көөнү жайланган соң Айнагүлгө нике кыйдырып өткөн иш үчүн кечирим сурады…
Каныбек Нарбүнү шаарга алып бара албай Алинаны жиберген эле, чын эле анын боюнан түшпөптүр, ал турсун төрт айлык үч эм экенин билгенде Акылайга айтып чындап ачыкка чыкты. Акынай кайгарган жок, бала деген бакыттан ар бир эне азап чекпесин деген ойдо макулдугун берди, ата-энеси дагы аргасыз үйгө алып келишти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   22 Март 2017 - 23:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: Бүгүн, 08:10
  • Жынысы:Аялзаты

Тогуз ай дегенде эки-уул, бир кыз төрөдү, анан жээнтек берип наристеге Кайрат-Кубат, Калыс деген ат коюшту. Бул кабарды уккан Курманбек менен Алтынбү келип бир топ чатак кылышты, Акылай аларды өзү тыйып койду. Нарбүнүн ата-энеси дагы кызын урушуп ары кетип, бери кетишти, бирок ал дагы Каныбекти сүйөөрүн айтып кетпей койду. Нарбүгө үй алып бери бөлүп коюшту, Акылай кайната-кайненесинин жанында калды, ал күйөөсүнө нааразы болбоду: "Бир кезде Каныбекти баласыз болуп калабы деп караанымды үзүп кетүүгө даяр элем, Каныбек мени сүйгөнүнөн жети жыл күттү, апасынын сөзүн укпады, мен деп жашаган адамга неге капа болом, анын бактысы менин дагы бактым", - деп ойлонуп жатты. Акылай менен Нарбү ынтымактуу, аларды эл гана тукуруп же кайрап "күндөштөр" , дебесе аларды эже-сиңдидей деп билет эле билбеген эл. Тирүүлүктүн кең ааламынын чексиздигиндеги казандай көмкөрүлгөн асман алдында не деген чиелешкен тагдырлар бар, мен бир гана четинен кеп салдым окурман. Эч качан көңүл ирээнжиткен, көкөй кескен, жүрөк ооруткан окуядан алыс болуп, бир өмүрдө ар бириңердин бактылуу өмүр сүрүшүңөрдү каалайм. Бекмурат жашоосуна ыраазы, эч ким жокто Асылай экөө калганда: "Мен сүйгөн Асылайым, асыл жаным", - деп калат. Ооба алар абдан бактылуу эле…
АЯГЫ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   NeRiNa   23 Март 2017 - 11:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 31 Янв 2022 10:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Базар-Коргон гул коргон....)

Авторго чоон рахмат. Берилуу м.н окудум.
Бакыт - тынчтыкты суйот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 17:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: