Чоң энеме кат Чоң энеме кат
#181 24 March 2017 - 01:37
Оо Кудай!Накта турмуш чындыгын жазыпсыз.Сиздин куйоонуздой чечкиндуу куйоо тилейм и кайненем жакшы болсун
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#186 25 March 2017 - 08:20
Ошентип жолдошум экөөбүз турмуш жолуна кадам таштап кирген ак өргөбүздө жети жылга чукул жашадык. Ал үй бири-бирин жандай сүйгөн, келечекте үч уул, бир кызды дүйнөгө алып келе турган эми гана турмуш жолуна аттанган назик келинди, үй-бүлөөсү үчүн аябай камкор боло турган, бул турмушта ар дайым адилеттү, бир сөздүү, чыныгы эркекке тиешелүү сапаты бар жаныдан үйлөнгөн боз уланды кучак жайып тосуп алды. Жети жыл жашап көптөгөн тааныш күттүм, ар кандай тагдырдын сыноосуна туруштук берип жашап келе жаткан адамдардар менен кошуна жашап кээде кайрат айтсам, а кээде өзүм кайрат угуп, күнүмдүк жашоодогу окуялардан сүйлөшүп баарлашып, кээде кайгырып, кээде кубанычыбызды тен бөлүшүп жети жыл Айсалкын деген эже менен кошуна туруп анын ааламда жок жанды эргитер жакшы мүнөзүнөн үлгү алып, жанда жок сабырдуулугуна там берип, өтө адамгерчилүктүү мамилесинен үлгү алып мага апаман кийинки акыл айтуучу инсан болуп калды
#189 25 March 2017 - 09:12
Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык дегендей, кошуналар менен бир туугандай болуп кайсы күнү жакшы тамак жасасак бир гердимге салып балдарды чурката койуп. Жайдын аптаттуу кечтеринде балдарбызды ойноткончо этаждын бекерчилери двордо ар кайсыны сүйлөшүп отурмай. А айылда жер үйдө тириктен өмүр бою колу бошобогон ар дайым мээнет кылып кичине көчүгүн жерге кеңири басып отура албаган, качан кайната -кайненем кирип келер экен деп ыйбаа кылып жашаган Айперини ойлой берем. Анткени кайненеме кичине бекер отурган адам жакпайт, ага Шумкар айткан робот өтө керектүү буюмдай бирок ар нерсени тийиштирип сүйлөгөн кайненеме робот жакпайт болчу, ага Айпери сыяктуу кул сымал адамдын озү керек эле
#195 25 March 2017 - 14:08
Айсалкын эже бул этажный домдо жашаганына биз көчүп келген жылы 15-16 жыл болуп калган экен, нечендеген квартиранттар алмашкан жашыл эшик, андан кийинки кв Айсалкын эже, кийинкисинде бир семья анан биз жалпысынан бир подъезде төрт түтүн үй бүлөө жашачубуз. Биринчи жана үчүнчү этаждагылар менен да саламыбыз түз айтор бир чоң дом көп үй бүлөнү өз кучагына алып, бирде кубанган бирде тагдырга наалат айтып таарынган күндөрүбүздүн күбөсү эле.
Көрө албастык, ичи тардык, бирөөнүн тагдырын табалагандык, ач көздүк айтор жаман адаттардын баары адамга оору чакырат экен, адамдын башына оор мүшкүл, катаал тагдыр түшкөндө ал оорулар чакыртырбай эле өзү келет тура. Адамдарга тан каласын жаман сапат менен өзүнө өзү оору ашыргыча, катаал тагдырдагы адамдарга карап аларды табалагыча шүгүрчүлүк кылып жашаса.
Айсалкын эже өзүнүн курагынан жаш көрүнөр эле, адамдар жаман сапаттары менен өздөрүнө ооруну бекер тилеп алса, а тагдыр Айсалкын эже сыяктуу жанда жок жумшак, сүйлөгөн сөзү ордунда, бардык адамдарды өзүндөй көргөн адамды далай ирет сынаптыр.

Супер-Инфо
super.kg
видео