Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 630
  • 631
  • 632
  • 633
  • 634
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#12621 Пользователь офлайн   ShaKe11   24 Март 2017 - 20:16

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Жеңе) интервюнузга ийгилик... Бактылуу болуңуздар.
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12622 Пользователь офлайн   LaDy-GaGa   24 Март 2017 - 20:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 388
  • Катталган: 28 Май 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2018 05:21
  • Калаасы:Нью-Йорк, США

Ассаламу алейкум !
Сизди тааныбасамда форумдун диносу катары билем.
Менин суроолорум томондогучо. ..

1. Жашоодо окунгон кундорунуз болдубу? (Болсо кандай убакта)

2. Ата-эненизди ыраазы кылдым деп ойлойсузбу?

3. Сиздин мунозунуз озунуздун коз карашынызда?

4. Жолдошунузду коргонунуздо жакшы коруу сезими пайда болгонбу? Орусча айтканда любовь с первого взгляда?

5. Бироонун сын-пикирине коз карашыныз?

Азырынча ушул алдын ала ыраазычылык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12623 Пользователь офлайн   uikuchu7   25 Март 2017 - 11:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сасык женем келгенго :кола-жүгөрү:
Кандайсыз анан иштер жакшыбы? Не жанылык? :88:
Элден калбай суроо берип калайын мен дагы..

1. Оо чанач акам экоонор тойго чакырасынарбы, чакырсанар качан? :81:
2. Русь бродон жашырган секреттериниз барбы?
3. Эрте менен эле турсаныз сиз эркекке, Данел акем аялга айланып калыптыр дейли, ошондогу алгачкы рекакцияныз же ошол учурдагы абалынызды суроттоп бере аласызбы?
4. Ийгилик интервьюнузга. .Бактылуу болунуздар. . :iz:

Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 25 Март 2017 - 11:52


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12624 Пользователь офлайн   Guliii   25 Март 2017 - 21:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 379
  • Катталган: 13 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 11 Авг 2021 16:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Айылым- алтын бешигим!

Айгүл эжеге бакыт каалап, мен да суроо бере кетеин.
Канча балалуу болгуңуз келет?
Кудай буйруп эгиз төрөсөңүз кандай ысым ыйгармаксыздар?
Бактылуу үй бүлөдө аялдын ролу кандай деп ойлойсуз?
Бул жашоодо эмнени уттуңуз жана уттурдуңуз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12625 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   25 Март 2017 - 22:04

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения ShaKe11 (24 Март 2017 - 20:16) жазган:

Жеңе) интервюнузга ийгилик... Бактылуу болуңуздар.

Чооң рахмат. Айтканыңыз келсин.
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12626 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   25 Март 2017 - 22:26

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения LaDy-GaGa (24 Март 2017 - 20:51) жазган:

Ассаламу алейкум !
Сизди тааныбасамда форумдун диносу катары билем.
Менин суроолорум томондогучо. ..

Ваалейкум ассалам амансызбы? Рахмат))

1. Жашоодо окунгон кундорунуз болдубу? (Болсо кандай убакта)

Жашоо турмуш ар бир адамга ар кандай сыноолорду берет эмеспи,канчалык татыктуу жашап өтүүнү аракет кылсаң да кээде алсыз болосуң. Балким жашоо ушунусу мн кызыктыр деген ойдо, андан ары жашооңду улай бересиң.
Өкүнүч, арман деген нерселерди эч кимге ыраа көрбөйм. Өзүмдүн жашоомдо да катуу өкүнгөн нерсем болбоптур, бир аз эркелигимин айынан кээде ата энеме катуу сүйлөп алып, күнөөмдү мойнума алып кечирим сурагандарым өкүнүчкө кирбесе керек))


2. Ата-эненизди ыраазы кылдым деп ойлойсузбу?

Ар бирибиздин эле ата-энелерибиз жашообуздагы эң асыл инсандар болот эмеспи. Алар үчүн биз кадимки эле талаанын гүлүн терип келсек да канчалык ыраазы болоорун билебиз. Мен да көпчүлүк перзенттер катары эле колуман келген нерселерди жасап, алардын ыраазычылыгын көп эле уктум, угуп келем.

3. Сиздин мунозунуз озунуздун коз карашынызда?

Мм, мүнөзүң жөнүндө бирөө айтса жеңилирээк болуш керек ээ?)) Эми ошентсе да суроо боюнча өзүмө байкалгандары боюнча айтайынчы)) мүнөзүм татаал эмес, ачык айрым, тамашакөйүраакмын)) өзүм сыяктуу адамдар мн бат тил табышам. Кекчил эмесмин, көк бет да эмесмин, эркелеп бат таарынышым мүмкүн бирок бат эле унутуп коем.

4. Жолдошунузду коргонунуздо жакшы коруу сезими пайда болгонбу? Орусча айтканда любовь с первого взгляда?

Жок, биринчи көргөндө эле "любовь с первого взгяда" болгон эмес)) аны жөн гана катардагы форумчу дос катары таанып, көргөнүм үчүн андай сезимдер болгон эмес. Бирок, накаченный телосложениесине көзүм түшкөн)) вау дегем))


5. Бироонун сын-пикирине коз карашыныз?

Өзүн эптей албаган, эптемей бирөөнүн сын пикирин угуп да койбойм, ал эми сын-пикир айтууга татыктуу адамдын сынын сөзсүз туура кавыл алам жана жаман сапаттарым болсо арылууга аракет жасайм албетте.

Азырынча ушул алдын ала ыраазычылык.


Чооң рахмат сизге да.
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12627 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   25 Март 2017 - 22:39

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения uikuchu7 (25 Март 2017 - 11:51) жазган:

Сасык женем келгенго :кола-жүгөрү:
Кандайсыз анан иштер жакшыбы? Не жанылык? :88:
Элден калбай суроо берип калайын мен дагы..
Ха хаа, ооба келип калдык)) бизде баары сонун рахмат. Жаңылык болсо эле биринчи силер кабардар болосуңар го а так))

1. Оо чанач акам экоонор тойго чакырасынарбы, чакырсанар качан?
:81:
Чаначым экөөз албетте чакыравыз тойго, силерсиз той болмок беле)) Жай мезгилине болжоп жатабыз Иншаллах. Даярдана бергиле))
2. Русь бродон жашырган секреттериниз барбы?

Ой баай, Русь брону менден жакшы билесиңер го) ошодон бир нерсе жашырып болову? Бүт нерсени көзүмдөн гана окуп салат гоо)) Үй -бүлөө куруп жатканда эч кандай сыр жашырбайбыз деп сөз бергенбиз бири бирибизге. Андыктан өмүр бою эле сыр сактабай жашап өтүү насип эткен болсун.
3. Эрте менен эле турсаныз сиз эркекке, Данел акем аялга айланып калыптыр дейли, ошондогу алгачкы рекакцияныз же ошол учурдагы абалынызды суроттоп бере аласызбы?

Аявай боорду эзген суроо го)) элестетип алып күлүп алдым)) Менин биринчи реакциям аявай сүйүнсөм керек)) себеби мен күчтүү болуп калам да, акенерди аявай кыйнамакмын даа)) ал сүйүнсө керек, мен анын ордуна жумушка барам да)) ал болсо менин ордумда калып жыргап уктайт ))
4. Ийгилик интервьюнузга. .Бактылуу болунуздар. . :iz:

Чооң рахмат. Айтканыңыз келсин. Амин.

Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12628 Пользователь офлайн   Master_84   25 Март 2017 - 22:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 395
  • Катталган: 23 Январь 15
  • Соңку аракети: 16 Окт 2024 11:32
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ЯМАЛ

Куш бооңор бек болсун :give_rose:

Ийгилик.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12629 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   25 Март 2017 - 23:01

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения Guliii (25 Март 2017 - 21:02) жазган:

Айгүл эжеге бакыт каалап, мен да суроо бере кетеин.
Чооң рахмат. Сизге да мындай бакыттын эки эсесин каалайм.
Канча балалуу болгуңуз келет?

Буюрса көөп эле балалуу болгубуз келет, АЛЛАХ ТААЛАМ берээрин унутпасын, эң незизгиси ден соолугу чың, өмүрлүү, акыл эстүү болсун, канча болсо деле төрөй бермекмин))
Кудай буйруп эгиз төрөсөңүз кандай ысым ыйгармаксыздар?
ИнШаллах оозуңузга май,жолдошумдун каалосу боюнча Данэль жана Байэль болот экен))
Бактылуу үй бүлөдө аялдын ролу кандай деп ойлойсуз?

Бактылуу үй-бүлөөдө аялдын да эркектин да ролу чоң. Бирөөсүнүн гана аракети мн бактылуулук жаралбайт. Менин жеке оюмда эң биринчи ортодо сый урмат, бири бирин түшүнүү болуш керек. Мээримдүү жароокер,түшүнүктүү, аял кишини сыйлаган эркек менен ар бир аял өзүн бактылуу сезет. Аялдын же эркектин ролу чон деп айткым келбейт, аракет экөөндөн тең бирдей болушу керкк.
Бул жашоодо эмнени уттуңуз жана уттурдуңуз?

Жашоодо өзүмө савак болчу нерселерди көп эле көрдүм, билдим. Койгон пландарымын үстүнөн чыкканым бул утушум, ал эми уттурганым увакыт, көп нерседен кеч калдым...бирок өкүнбөйм, буюрса алтындай болгон жолдошум менен баарына жетишем деп ишенем.


Суроолоруңузга чооң рахмат. Аман болуңуз.
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12630 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   25 Март 2017 - 23:02

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения Master_84 (25 Март 2017 - 22:41) жазган:

Куш бооңор бек болсун :give_rose:

Ийгилик.

Чооң рахмат.
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12631 Пользователь офлайн   Sagyn.91   25 Март 2017 - 23:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Барпылык эже, Мен бере турган суроолорго жооп берипсиз. Уй булоонуз мн бактылуу болушунузга тилектешпиз)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12632 Пользователь офлайн   Aruu_2010   26 Март 2017 - 03:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 28 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 09 Сен 2017 06:50

Тааныбасак да каалоо айтып кое берейинчи). Куш боо бек болсун!! ! Интервьюга ийгилик!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12633 Пользователь офлайн   Gulichka.milichka   26 Март 2017 - 03:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 546
  • Катталган: 22 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Фев 2024 05:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Окул апам келип калган гоо.Уйбулоолук бакыт,ийгилик каалайм.
Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт дейт.Алгачкы келиндик кундогу кызыктуу окуядан айтып беринизчи.
Бактылуумун! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12634 Пользователь офлайн   Kg.lady   26 Март 2017 - 03:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Менден бир эле суроо.
Байбиче болуп, токол жумшап отуруу принцибиң өз күчүндөлеби, же копчулук аялдар сыяктуу суйуктуунду эч ким мн болушкум келбейт деген оңдү аялдык напсиге багына баштадынбы? )) Турмушка чыкканга чейинки кош нике боюнча пикирин негедир жадымда сакталып калыптыр. :)

Тургузган пайдубалыңар бекем, түндүгүңөр бийик болуп, коломтоңорду тегеректеген киндерлер көбөйсүн ылайым!:gul:

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 26 Март 2017 - 03:42


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12635 Пользователь офлайн   -NURIK-   26 Март 2017 - 10:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 802
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 01 Авг 2020 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Германия. Мюнхен шаары.

Айгыл эже сизге үй бүлөлүк бакыт каалайм!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12636 Пользователь офлайн   aijan   26 Март 2017 - 12:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Жаны уйлонгон жаш тугойлордун турмуштук сапары байсалдуу болсун. Бир аз бир-биринен алыстаса сагынышып, тимеле журоктору от-жалын болгон эки жашты элестетип жибердим. Барпынын кызы, бактыныз тоодой болсун, ылайым. Суроом деле жок экен, интервьюнузга ийгилик!! !

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12637 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   26 Март 2017 - 15:36

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения Sagyn.91 (25 Март 2017 - 23:35) жазган:

Барпылык эже, Мен бере турган суроолорго жооп берипсиз. Уй булоонуз мн бактылуу болушунузга тилектешпиз)))

Чоң рахмат.

Просмотр сообщенияAruu_2010 (26 Март 2017 - 03:05) жазган:

Тааныбасак да каалоо айтып кое берейинчи). Куш боо бек болсун!! ! Интервьюга ийгилик!

чооң рахмат. Айтканыңыз келсин.

Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12638 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   26 Март 2017 - 15:52

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения Gulichka.milichka (26 Март 2017 - 03:31) жазган:

Окул апам келип калган гоо.Уйбулоолук бакыт,ийгилик каалайм.Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт дейт.Алгачкы келиндик кундогу кызыктуу окуядан айтып беринизчи.

Оова)) өкүл апаң келип калды, кандайсың? Ден соолук, иштериң жакшывы? Такыр эле көрүнбөй кеттиң го((
Келин болуп келген күндөн баштап эле менде негедир "келинмин" деген сезимдер болбоду)) өз үйүмдө кандай болсом бул үйдө деле ошондой эле жүрдүм, жүрөм. Тамашалашып, ойноп күлүп, жыргап эле жүрөм. Эсте калган кызыктуу күндөрдүн бирин айтайын ээ)) келгениме 15 күндөй болуп калган эле, кайын журтум жердеген айыл балбандардын айылы экен, өкүл атаң, кайнилерим да баары күрөш, алыш мн машыккандар)) анан ошо күнү кайним тамашалашып авысыным экөөбүздү кол күрөшкө, анан күрөшкө, алышка салды)) биз да аявай гүүлөнүп алыштык, күрөштүк)) квартираны үч көтөрүп)) Москвада экенивизди унутуп коюп, бир увакта кошуна эшикти такылдатып келип аявай уруштуууу)) аявай катуу ызылдап атасыңар деееп)) анан өкүл атаң кеч жумуштан келип бизди дагы уруштууу)) ошентип башка күрөшпөй турган болдук)) авысыным экөөз зээриккенде ошону эстеп күлүп калавыз)) "Күрөшөлүвү? "деп))

Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12639 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   26 Март 2017 - 16:12

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения Kg.lady (26 Март 2017 - 03:37) жазган:

Менден бир эле суроо.Байбиче болуп, токол жумшап отуруу принцибиң өз күчүндөлеби, же копчулук аялдар сыяктуу суйуктуунду эч ким мн болушкум келбейт деген оңдү аялдык напсиге багына баштадынбы? )) Турмушка чыкканга чейинки кош нике боюнча пикирин негедир жадымда сакталып калыптыр. :)Тургузган пайдубалыңар бекем, түндүгүңөр бийик болуп, коломтоңорду тегеректеген киндерлер көбөйсүн ылайым!:gul:


Каало тилектериңе чооңдон чоң рахмат Чопа)), айканын келсин ылайым.
Хе хее))сенден күткөм ушу суроону)) Бойдок кезде полигамия темасына негедир оюм түз, кызганчаак эмесмин, тигиндей мындай дегендериме жазгандарыма, үй бүлөө күтүп, бирөөнүн жубайы болгондон кийинки ой жүгүртүүм, көз карашым 180 градуска өзгөрдү)) Токол жумшаш эмес, атын уккум келбейт го ал сөздүн)) чаначымды эч ким менен бөлүшкүм келбейт экен. Балким кээ бирөөлөр, өзгөрүлмө кубулма деп ойлошу мүмкүн, бирок чынында эле бойдок кезде түшүнбөйт экенсиң, и турмуштун көпчүлүк мыйзамдары сага оңой жеңил эле туюлат экен, аны кийин гана түшүнөт экнсин)) Азыр менден өткөн кызганчаак жок болсо керек деп күлүп калам)) жумуштан 10 мин кечиксе чый пыйым чыгып кетет)) Так что "Эч качан,эч ким менен бөлүшпөөөйм" деп эле калдым)))

Сен да үй-бүлөөң мн тынч аман бол.

Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12640 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   26 Март 2017 - 16:17

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения -NURIK- (26 Март 2017 - 10:37) жазган:

Айгыл эже сизге үй бүлөлүк бакыт каалайм!

Чооң рахмат.

Просмотр сообщенияaijan (26 Март 2017 - 12:33) жазган:

Жаны уйлонгон жаш тугойлордун турмуштук сапары байсалдуу болсун. Бир аз бир-биринен алыстаса сагынышып, тимеле журоктору от-жалын болгон эки жашты элестетип жибердим. Барпынын кызы, бактыныз тоодой болсун, ылайым. Суроом деле жок экен, интервьюнузга ийгилик!! !

Айжан айым, чооң рахмат каало тилектериңиз үчүн. Азыркы биздеги абал дал сиз элестеткендей)) Сиз да үй-бүлөөңүз мн аман болуңуз. Терең урматым менен.
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 630
  • 631
  • 632
  • 633
  • 634
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 18:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: