Суперстан: Кыргыздардын улуттук оюндары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыздардын улуттук оюндары

#141 Пользователь офлайн   jemile   30 Июль 2014 - 21:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Таякты алыстыкка ыргытуу

Оюнчулардын саны 5—8 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар колдонулат.


Оюнга даярдануу. Оюнчулар таяктарын алышып, бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден таяк ыргытчу жерге чыгышып, өтөөлдө бир аз күүлөнүшүп жүгүрүшүп, таякты алыстыкка ыргытышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат.

Оюндун башка түрү. Казыкты алыстыкка ыргытуу, таякты бийикке ыргытуу, казыкты бийиктикке ыргытуу, баканды алыстыкка ыргытуу, уукту алыстыкка ыргытуу.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга, талаада турууга, оюндун шартын бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, күчтү чактоого, ыргытуунун ыкмаларын кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   jemile   30 Июль 2014 - 21:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Тогуз коргоол

Кыргыз элинин улуттук оюндары боюнча сөз козгогондо шак эле Көк бөрү, Кыз куумай көз алдыбызга элестейт. Ал эми дүйнөлүк деңгээлге ат оюндарынан Көк бөрү чыккан болсо, логикалык оюндарынан Тогуз коргоол эл аралык масштабда ойнолуп жатат. Сиздерге Тогуз коргоол оюну тууралуу маалымат берүүнү ылайык көрүп олтурабыз.

Тогуз Коргоолдун изилдөө тарыхынан
Орустун изилдөөчүлөрү «Байлардын кылаарга иштери жок тогуз коргоолду ойлоп табышкан» дешет. Ал эми кыргызда малчылар балдардын логикасын тарбиялоо үчүн ойлоп тапкан. Казактарда Каныкеев деген окумуштуу «Илгери адамзат дене даярдыгына муктаж болушкан. Аңчылык кылышкан, согушка чыгышкан. Дене даярдыгынын сапаты түгөнүп калгандан кийин алардын логикасын ойготуучу бир нерсе керек болгон. Башкача айтканда оюн ойлоп табуу керек болгондугунун негизинде тогуз коргоол оюну пайда болгон» деген.

Тогуз коргоол оюнунун эрежеси
Ар бир оюнчу партияны жеңип чыгуу үчүн 82 же андан көп коргоол утуп алуу керек. Уткан оюнчуга 1 упай берилет. 81 коргоол уткан болсо оюн тең чыгуу менен аяктайт. Жүрүштү баштоо укугу чучукулак менен аныкталат. Баштай турган оюнчу тактанын ак жагына олтурат. Өзү каалаган үйүндөгү (коргоол салынган чуңкур) бардык коргоолдорду колуна алып, ошол үйдөн баштап оң тарапты көздөй бирден коргоолду салып жүрүп олтурат. Ашып калган коргоолдорду атаандашынын үйүнөн 2-3-катары менен саналат. Атаандашынын үйүнө түшкөн акыркы коргоолдун саны жуп болсо, жүрүш жеңиш менен аяктап, ошол үйдөгү бардык коргоолдорду өзүнүн казанына салып алат. Тактанын тогуз чөйчөкчөсүн биз үй дейбиз жана уткан коргоолдорду жыйнай турган чөйчөкчөнү казан дейбиз.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   jemile   30 Июль 2014 - 21:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Токол эчки

Оюнчулардын саны: 10—20 киши,

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар, томпойлор колдонулат.


Оюнга даярдануу. Көлөмү 20X20 метр келген аянтчанын ортосуна кесенин көлөмүндөй чуңкур сыйлат, андан кийин колдоруна таяктарын алышып эки бөлүнүшүп оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Биринчи топтун оюнчулары, таяктары менен томпойду аянтчанын ортосундагы чуңкурга түртүп же уруп киргизүүгө аракеттенишет. Экинчи топтун оюнчулары чуңкурду корушат. Томпой чуңкурга киргизилгенден кийин, оюнчулар ролдору менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Ошентип оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Томпойду көп жолу чуңкурга киргизген топтун оюнчулары жеңишет.

Оюндун эрежеси. Бир бирин таяк менен урууга, түртүүгө, кармоого, томпойду кол менен кармоого, тебүүгө болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, бирдик тикке, бир бирин урматтоого, коюлган максатка жетүүгө үйрөтөт.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   momuntay   31 Июль 2014 - 15:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 755
  • Катталган: 06 Апрель 14
  • Соңку аракети: 09 Авг 2018 15:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орто Азиядагы Байыркы шаар

Бала кезде улуттук оюндарды ойноп чонойгонмун. Ойногон оюндарымды атап кетейин анда. Алгач эле сулуу таштарды топтоп алып топ таш жердин чанын сапырып ойночубуз.

Ак терек кок терек бизден сизге ким керек ойночубуз. Тапур тупур кайрагач ойнойт элек. Козун жумулат бироо келип чертип кетет. Анан сен табышын керек. Эки команда болуп ойнойтлек. Жоолук таштамай ойнойтлек. Чикилдек оюнун ойнойтлек жыгачтан чикилдек жасап алып. Балдарыбыз чуко оюндарын ойношчу, сакаларды топтоп.

Фантик, наклейка утушчулулек азыркылардын шрибомун. Топ менен ортого тушмой ойнойт элек, Кыздар салкалка ойнойтлек, эки адамды карматып коюп ортодо секирип, Жашынмак ойночубуз. Ага инилерибиз пах пах сен олдун ойношчу, Мак мак ойночубуз жерге чийир алып таш тээп (жалпак).

Кичикейрек кезибизде зелена зелена опа опа зелена ойночубуз. Гуси гуси га га га ойночубуз. О.э атасы апасы балдары болуп алып кыдырата таштардын й тизип алып ойночубуз.

Ии укмуш соонун кундорум отуптур. ошол кундор кайра келсе кана. Ал маалда азыркыдай дик двд, интернет комп жок эле да.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   jemile   31 Июль 2014 - 20:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Төө жана жамбаштаган кыргыз (төө сатуу, төө чечмей)

Илгерки кыргыздардын жашоосунда төө абдан чоң орун ээлеген. Ал 300-400 кг көтөрө алгандыктан, 45 күндөй суусуз жүрө алгандыктан көчүүлөрдө эң мыкты жардамчылардын бири болсо да, кыргыздардын ар кандай оюндарында катышкан. Ошондуктан “Кыргыздардын шаан шөкөттөрү” аттуу орус тилиндеги китептен төмөнкүдөй маалыматты кыргыз тиленди чыгарууну чечтим.

Төө сатуу
Бул шайыр көңүл ачуу эркектер менен уюштурулган. Эки катышуучунун бири оозуна кичине ун салып чайнап, төөнү аткарган. Экинчиси “төөнү” жүгөнүнөн жетелеп “Төө сатам” – деп айылды бакырып кыдырган. Жолуккандардын бири сөзсүз оюнду колдоону көздөп, колго түшкөн да “төөнү” сатып алууга макул болгон. Аны сынап жатканда, ал көнгөндөй тиштерин көрөйүн дегенде ундан жасалган түкүрүктү бетке жеген. Бул көрүнүш көрүүчүлөрдү аябай кубаткан.

Кээ бир тарых булактары маалымдаганы боюнча мындай тарыхый маалымат кызыктуу болуп көрүнөт: “Эркектер аялдарга караганда азыраак болчу.Эркектер кулагында сөйкө тагышкан. Алар сыймыктуу жана туруктуу. Айкөлдөр колуна ийне менен чегип сүрөт тартышкан, аялдары турмушка чыккан соң, мойнуна сүрөт чегишкен. Эки жыныс тең бөлүнбөй жашашат, ошондуктан бузукчулук көп”. Мүмкүн ак чөлмөк, бет тиштемей, бел боо, төө чечмей оюндары ушундан башталат.

Төө чечмей.
Бул оюн-зоок чоң тойлордо жана аштарда уюштурулган. Манас эпосунда дагы төмөнкүдөй эскерилиш бар:

“Жамбаштан жерди ойсок – деп,
Казык кагып төө байлап,
“Жып жылаңач чечинип,
Чечип ал” – деп, койсок деп”.

Чоң тегеректе отурган көөрүүчүлөрдүн ортосунда чыканактай терең чуңкур казылган, ал жерге казык орнотулган. Анын белине кымбат-баалуу нерселерди, килемдерди, терилерди, кийим-кечектерди, жасалгаларды жана ар кандай тиричилик буюмдарды жүктөп төөнү байлаган. Тегеректин ортосуна жарчы чыгып, “Төө чечмей” оюнунун башталганы жөнүндө жарыя айткан. Аялдар Бул оюнга катышууну каалаган аялдар төөнү чечип, кымбат-баалуу нерселерди жана төөнү алып кетишкен. Көчмөн кыргыздардын үрп-адаттары ислам дини орношкон убактысына чейин ачык пуритандык мүнөзгө ээ болгон эмес, ошондуктан, бул оюнга катышатурган аялдар ар дайым бар болушчу.

Ошондой эле бул оюнга колунда жок аялдар баалуу белектер үчүн эле катышышкан. Оюндун шартты боюнча бул аялды эки тууганы узатышкан. Алар байланган төөдөн 500-700 метр аралыктагы атайын коюлган боз үйгө киришкен. Боз үйдө аял досторунун жардамы менен жып жылаңач болуп чечинип, кымбат чапан кийгизилип, чапанын этегин чогулткан соң, ошол эле туугандары менен көрүүчүлөрдүн ортосу менен төөгө басып барган. 40-50 метр калганда ээрчиткен аялдар анын чапанын чечип токтоп калышкан.

Андан соң ал жалгыз, башынан бутуна чейин жеткен, туурасы 10-15 смдик чачпак болгон. Ал казык менен чуңкурга келип төрт бутуна туруп, чогулган адамдардын көзүнчө төөнүн тизгинин тиши менен чечип баштаган. Бул аракети отуз мүнөттөн элүү мүнөткө чейин созулган, анткени тизгин ар кандай татаал жана катуу түйүн менен байланган. Иш ийгилик менен аяктаганда ал туруп, аны узаткан аялдар чапан таштап, анан алар төө менен белектерди боз үй жакка алпарышкан дагы анын мындан кийин менчиги болуп саналган.

Ошондой эле бул оюндун башка варианты да бар болгон. Бул учурда төөнүн тизгинин чечкен аял бээ деп аталган. Ошол эле учурда эркек киши дагы катышкан, аны айгыр деп аташкан. Аял төрт буттап төөнүн тизгинин чечүүгө милдеттүү болгон, бул мезгилде эркек киши ага тоскоол болгон. Аял андан буттары менен гана тебингенге уруксат берилген. Эркек киши аялды тизгинди чечтирбөөгө жана аны ээлеп алууну көздөгөн. Эгерде аял жеңүүчү болуп чыкса анда бүт белектерди алып кеткен. Эгерде эркек киши утса, төөнү алган, ал эми белектер аялга кеткен. Эгерде аял менен эркек талаптарды аткаралбай калышса анда аял баалуураак белек катары төөнү алып кеткен, ал эми эркек белектерге ээ болгон.

Жыйынтыктап айтканда, биздин ата-бабаларыбыздын оюн-зооктору мени таң калтырды.Бирок, кыргыздын макалы боюнча: “Жүз жылда жер жаңырат,элүү жылда эл жаңырат”-, дегендей калкыбыз азыркы учурда тарыхында жаңы баракчаны ачып жатат.Бүгүнкү учурдагы элибиздин үрп-адаты илгеркиден бир топ айырмаланып турушуна мен үмүттөнөм.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   jemile   31 Июль 2014 - 20:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Укурук салмай

Оюнчулардын саны 2—3 киши.

Оюн жайлоодо өткөрүлөт.

Оюнда укуруктар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар аттарына минишип, колдоруна укуруктарын алышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.


Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келишкенде, бирден укурук менен мурда белгилешкен аттарды же тайларды тутууга аракеттенишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Укурук менен аттарды бат туткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун түрлөрү: Жөө укурук салмай, илмек ыргытмай, жөө илмек ыргытмай.

Оюндун эрежеси: Бир бирине себепсиз жардам берүүгө, тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнга ат минүүнүн ыкмаларын жакшы билишкен оюнчулар катышышса болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, шамдагайлык тарбияланат, ат минүүнүн, чабуунун, башкаруунун ыкмаларын чечкиндүүлүккө үйрөтөт.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   jemile   31 Июль 2014 - 20:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Упай

Упай оюну кыргыз баласы менен кошо келе жаткан оюндарынын белсемдүүсү. Бул беш жаштан баштап чал, кемпир болгонго чейин ойноло бере турган кызыктуу оюн. Оюнга экиден көп, бирок алтыдан аз киши ойносо кызыктуу. Жеке, же эки-үчтөн өнөк болуп ойношсо болот. Төрт адам экиден. Алты адам экиден үч топ, же үчтөн эки топко бөлүнүшөт. Оюнга таза тазаланган орто чоңдукта адамдардын санына карата “баасым” менен саналган чүкөлөр алынат. Бир баасым үч чүкөдөн турат. Эки киши катышса ар-бири беш баасымдан чүкө чыгарып, он баасым чүкө (отуз чүкө) бир кан кошулуп ойнолот. Кан катары сака сыяктуу чоң чүкө, же теке, аркар чүкөлөрү дайындалат. Көрүнүктүү болуш үчүн саканы боёп коюшат. Төрт киши ойносо ар-бири үч баасымдан кошуп, он эки баасым бир кан ойнолот. Алты киши катышса эки баасымдан дагы эле он эки баасым бир кан катышат. Мындай болуу себеби отуз жети чүкө эки колдун кошулган алаканына араң батат.

Ойной турган адамдар шырдактын, килемдин үстүнө мандаш токунуп тегерек маңдайлашып отурушат. Чүкөлөрдүн арасынан ар-бири бирден сол чүкө тандашат. Өнөк болуп ойношсо ар-бир топ бирден чүкө тандайт. Тандалган чүкөлөрдү “ат” деп аташат. Аларды оюнга катышуучулардын улуусу калчайт. Кимдин аты биринчи консо ошол оюнду баштайт. Алчы таадан улук. Экөө же андан көбү алчы турса, тургандардын арасында гана утуш, утканга чейин ойнолот. Ошентип биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы ойной турган тартип аныкталат.

Оюн өнөктөштөргө бөлүнгөн болсо, өнөктөштөрдүн бири ойногондон кийин экинчи өнөктөштөрдүн бири, андан кийин үчүнчү өнөктөштөрдүн бири ойнойт. Оюн алмак-салмак ойноло берет.

Оюн тартиби: биринчи ойной турган адам чүкөлөрдү алаканына толтуруп, акырын шырдактын, кийиздин үстүнө үймөлөктөбөй тургандай кылып жайат. Эң оболу кандын абалы аныкталат. Эгерде канга башка бир чүкө тийишип калган болсо оюнчу жыдыйт (оюн самайы бүтөт). Эгерде кан оңко турса утту деп эсептелет. Кан алчы, таа, чик же бөк боло алат. Канды ошол абал алган чүкө менен гана атса болот. Атуу сөөмөй менен гана бир шилтенип атылат. Атылган ок чүкө башка чүкөлөргө тийбей канга тийип, андан ары башка чүкөлөргө тийбей жатып, же туруп калса жана кан да башка чүкөгө тийбесе оюн улантылат. Атылгандан кийин кан оюндан чыгат. Ок чүкө оңко турса оюн улантыла берет. Атылган канды оюнчу аткан колу менен алып, колу же башка жерлери чүкөлөргө тийбеши керек. Жеңи эле тийсе оюн токтотулат. Бир да башка чүкө солк этпеши абзел. Канды алган колдон кан экинчи колуна аяр өткөрүлөт. Түшүп кетсе оюн токтойт. Алынган кан аяр шырдактын үстүнө оюнчунун жанына коюлат. Оюнчу эми чүкөлөрдү бөгүн бөгү, чигин чиги, таасын таа, алчысын алчы менен ата баштайт. Ок чүкө жана бута чүкө башка чүкөлөргө тийбеши керек. Тийип калса оюн кийинки оюнчуга өтөт. Бута чүкө аткан кол менен аяр алынат. Башка чүкөлөргө оюнчунун эч жери тийбеши керек. Шырдактагы (оюндагы) чүкөлөр кыймылдабаш керек. Атып аткан колдо бир баасым (үч чүкө) болгондо экинчи колго өткөрүлөт. Чүкө түшпөшү керек. Ал колдон кандын жанына коюлат. Ошентип жыдыганча (чүкөлөр бир-бирине тийип калса, колдон түшсө, алып атканда кол же жең башка чүкөгө тийип калса) оюн улантыла берет. Жыдыса оюн кезектеги оюнчуга өткөрүлөт. Алынган баасымдардын саны теңинен, же теңинен көп алынса чүкөлөр кайра оюнга кошулбайт. Теңинен аз болуп калса чүкөлөр кан менен кошо кайра оюнга кошулат. Кезектеги оюнчу ойной баштайт. Теңинен көп алынгандан кийин оюнчу жыдыса, колундагы толук эмес баасым кайра оюнга кошулат. Кезектеги оюнчу оюнга кирет. Ал толук канча баасым алса баары анда калат. Жыдыганда колдогу толук эмес баасым кайра оюнга кошулат. Кезектеги оюнчу ойной баштайт. Эгерде акырында эки баасым чүкө калса, оюнчу экөөнү тең алмайынча оюн бүтпөйт. Чүкө алынып бүткөндө экинчи айлампа башталат. Канды алган оюнчу каршылаштары канча баасым чүкө кошсо ал ошончо чүкө баасым чүкө кошот. Чүкөсү жоктор оюндан чыгарылат. Өнөктөш болуп ойногондордун чүкөлөрү кошулат. Оюнду кан алган тарап баштайт. Чүкөлөр баардыгы бир кишиге же бир тарапка өткөндо кан оюн токтойт. Утуучу болуп чүкө алгандар эсептелинет да байгеге ээ болушат. Байге оюн башталарда макулдашылып калыска берилет. Калыс оюндун жүрүшүн байкап эч кимге тартпай калыстык ишин аткарат. Калыстын үлүшүн уткан тарап мурда сүйлөшүлгөн мыйзамда аткарат.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   jemile   31 Июль 2014 - 20:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Урмай уруу


Оюнчулардын саны: 4—8 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: талаа.

Оюнда бычактар колдонулат.


Оюнга даярдануу. Катышуучулар бычактарын колго алышып, катарга тизилип турушат. Оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден бычактарын алыстыкка ыргытышып, жерге учтары менен сайылып түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Бычакты алыстыкка сайылдырып ыргыткан оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, бычак ыргыткан тарапка турууга, бычакты башка жакка ыргытууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   jemile   31 Июль 2014 - 20:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Үч тапан

Оюнчулардын саны: 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда чүкөлөр колдонулат.


Оюнга даярдануу. Оюнчулар бири биринен 3—10 метр келген аралыкта эки сызык сызылат. Сызыктардын бирөөсүнө бирден чүкөлөр «айкүр» же «таа» конгондон кийин, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден экинчи сызыкта турушуп, колдорундагы чүкөлөрү менен тизилген чүкөлөрдү урушуп үч тапандан алысыраак аралыкка атууга аракеттенишет. Эгерде атып жылган чүкө үч тапандан алысыраакка түшсө, ал чүкөнү аткан оюнчу утуп алып, оюнду кайрадан улантат. Эгерде аткан сака, сызыктагы чүкөлөргө тийбей калса, же тийген чүкөлөр үч тапан аралыкка чыкпай калса чүкөлөр кайрадан ордуна коюлгандан кийин Оюндун кезеги, кийинки оюнчуга өтөт. Оюн, казынада чүкөлөр калбай калгыча уланат. Андан кийин оюнчулар, кайрадан чүкөлөрдү чогултуп, сызыкка тизишкенден кийин, оюңду улантышат. Көп чүкөлөрдү уткан оюнчу жеңүүчү болот оюндун эрежеси, Сызыкты тепсеп же андан өтүп окту атууга, бири бирине тоскоолдук кылууга, керексиз чүкөлөргө тийүүгө, чүкөлөрдү түздөөгө болбойт.

Методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, оюнга ылайыктуу болушу керек. Үч тапан аралыкты тизилген чүкөнү аткан оюнчу өзү өлчөшү керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч, ийилчээктикке тарбияланат, туура мээлөөгө, чамалоого, кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   jemile   31 Июль 2014 - 20:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Чакан

Балдар эки жаатка бөлүнүшөт. Алакандай болгон жалпак таштарды чогултуп, аларды катары менен тизип, башка таш менен атыш керек. Кайсы жаат таштарды уруп, утуп алса, ошол тарап жеңген болот. Чакан оюнуна таштарды сайдан алышчу, анткени сайдагы таштар бекем болот, тийсе дагы сынбайт. Бештен жетиге чейин таш тизилет. Анан тигил жактан таш менен урганда ташка тийип ыргып кетсе, ал жеңет. Кол жете тургандай аралыктан атылат, 10-15 метрдей алыстыктан.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   Aikoo2014   02 Август 2014 - 13:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Акчолмок оюну аябай ойночубуз ушул оюнду,карангы киргенде туугандардын балдары чогулуп алып. Ак таяк жасап алып аны карангыда алыска ыргытып,аны бир пдам таап келмейчии. Дегеле коптогон оюндарды ойноп чонойдукко чиркин.



" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Сентябрь 2014 - 11:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Кыргыздын улуттук оюндары" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   anya   16 Январь 2016 - 17:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жакшы оюндар бар экен .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   R_u_S   28 Март 2017 - 11:07

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 09 Январь 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 00:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Просмотр сообщения Azura (10 Апрель 2007 - 07:55) жазган:

<br />Жаңы кошулган оюндардан< br /><br />Пикет - толтура эл чогулат, арасынан бакырчаактактардын алдына чыгарып, аркасынан калганы сүрөп турат. Эгерде пикеттегилер тилегине жетсе утту болуп эсептелип, тилегине жетпей тарап кетсе жыдыды болуп эсептелип, эгер милийса кууп таратса утулду болуп эсептелет.< br /><br />Андан башка жол тосуу, ак үй алуу ж.б.у.с. оюндар бар.<br />
<br /><br /><br />
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   Aidyn   30 Март 2017 - 16:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 244
  • Катталган: 24 Февраль 13
  • Соңку аракети: 16 Май 2021 01:09

жаны кыргызбайлар жаны оюн таап чыгыптырго жанагы лыжа тееп баратып жаа атмай. буттары титиреп лыжа тееп баратат да жаа атып койгонун корсонор кулкунор келет. чет жактын менталитетин туурабай эле койгонубуз жакшы го. илгери ата журттан кележаткан жакшынакай нукура оюндарыбыз эле жетиштуу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   kaidasyn   07 Апрель 2017 - 19:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Ордо,Чики,Ала таяк,Коч-коч, гылдырек,Кум теке,Расса ойнойт элек жашыбызда.Айткандай бекимбечек, эшек улактар калып кетиптир.))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   Lakyas   27 Апрель 2017 - 01:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 134
  • Катталган: 22 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Июл 2017 19:07
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

Озум ойногондордон "топ ташты" билем. Анан кыз куумай жагат, ошо оюндагы кыздарды коруп сыймыктанып, менда ат чапкым келе берет эле. Чапкан наары турсун, атка бир жолу ноорузда отургам. Буюрса ат минип уйронойун деген тилектерим бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   06 Январь 2019 - 04:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Баардык эле оюндары жагат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Авг 2025 16:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: