Анаааан.
Чагылуу
#23 01 April 2017 - 02:35
Саламатсыздарбы,
чектоо бар экен, кечиресиздер.
Жайда Гена чалып жатты. Телефонду алалбай же очук болуп калса домашкага чалат. Бир кун апам сездиби Кыргыз балабы бул же оруспу , тезтезле чалып калды деп сурады. Группалаш бала, орус улутунан , сессиясы бутпой калган, ошого билбегендерин сурап жатат деп койдум. Тезле окуу башталды.
Бул жылы баары озгорду... Парадан чыгыпле Гена менен кетип калам . Кыздарда жигит жандап , ар ким озу менен. Генада бошогондоле мага келет, чогуу журо беребиз. Атасы мыломоющий средствого окшогонго нерселерди жонотчуу. Ошолордо базарга откоруп , акчасын жыйнаганы барчуу, кээде ээрчитип алат. Чогуу бассак, бирге убакыт откорсок эле болду. Коп деле суйлошпойт окшойт элек. Азыр эстеп жылмайып койом. Кыздарда же жигит кыз, же башка экенибизге тушунушпой журушту. Рахат баягы эле озунун репертуарында:
- Жакын болбо, коп баспа , суйуп калам деп ойлобо, ал башка улут- дегендей.
Улут демекчи, ал убакта бир аазда болсо азыркыга караганда башка улутту жактыра беришпечуу. Билбейм бирок азыр кандай. Балким авторитеттуу жей байдын уулу болсо , анча билинбесе керек эле башка улуту делеби дейм. Бирок Гена катардагы эле уй- булоодон, эл катары тиричилик деген адамдардын баласы, ашыкча эч нерсеси жок...
Досторумдан Гулина эле: " Лиза, Гена сени башкача жактырат, башкача суйот. Чогуу болсон мейли " дейт.
Ошентип кундор ото берди. Генадан чогуу журуп коп нерсени уйрондум. Кичине буйум алсада эн жакшысын , кымбатын алчуу. Тамактында таттуусун эмес , пайдалуусун жечуу.
Кыздар менен бир жерде олтуруп калсак, бул ырчы бала деп койчуубуз башкаларга. Лизанын жигити дегенден айбыгат белек. Билбейм.
Чогуу олтурган жерлерде аябай сонун ырдачуу. Анна Герман, Цой, Бумбокско окшогондордун ырларын.
Андай жерлерде озумду коргозуп , койкойуп олтурган жаным , Гена пайда болгондон бери досторума окшоп суйлобой, бар жогум билинбегендей болуп , башка балдар менен суйлошуудон Кача баштадым. Генанын конулу ооруп калбасын дейт белем. А мага мени суйоорун ошол туулган кунумдон кийин айткан жок, кызганам, суйлошпо деп деле айтпайт. Ага бир нерсе жакпай калса , эки кашын которуп , озунчо терен дем алып койчуу, болду.
Андай олтурган жерлерде ырдаган жигиттерди кыздар жакшы корот эмеспи, озунчо орусчалап " знаешь?не знаешь? " деп кыздар Генанында жанына барып олтуруп калышчуу. Андайда Гена "не знаю " деп кыска жооп берип койчуу. Ырдап жатсада тымызын мени кайда , кантип олтурат деп карап койчуу. Ошол маалдарда , Москва слезам не верит деген кинодо ырдалган ыр бар , ошону ырдап баштаганда созсуз биринчи куплетин мени карап ырдайт.
Мне нравится, что вы больны не мной,
Мне нравится , что я больна не вами...
Деп башталчуу ошол ыр... Эххх...
Бийлегени же дагы созго тартып калган учурларда болот эле жигиттердин, андайда:
- Лиза, бул ырчы баланын фанаты деп койсокда болот. Ага тийбейле койгула, ыр угуп олтурсун - деп койчуу Гулина. Досум менин)), бири-бирибизди айттырбай тушунчуубуз. Аябай жакшы кыз, шайыр, ар дайым позитивте, озун ото сыйлаган жана бироонуда сыйлата билген кыз.

#26 01 April 2017 - 12:01
Бир куну Гена менен бир жерге анын иштери менен барып калдык. Такси кармап барып бир нерсе алып чыгабыз, мындай адреске дедик. Таксист макул , мынча болот деп баасын айтты. Орто жаштаргы кара тору киши экен. Жолдо Гена бир нерселерди суйлоп улам чачымды ондоп , кармалап койот. Таксист улам карап койуп жатты. Барып келгенибизден кийин таксист айтакан сумманы эмес, очойтуп башканы айтты. Мен кутконумо кошот дейт. Кыргызча суйлоп ушунча берет деп туруп Алды. Кутсо беш муноттой куткон, анан башында баарын айтсак башка сумманы айтканда. Ызырынып берет деп туруп алса. Атайылап жатканын тушундум, мени орус менен жургонумду жактырбады окшойт. Коп тартышып акыры берип кетип калдык.
Ошондон кийин коомдон сак болгонсуп калдым. Баягы кокетка кыз жок, Гена менен жургондо этияттанып дегендей. Кийингендеда жанымдан откондор кайрылып суктанып же коро албай же соз кылып калаарын каалочумун. байкалбай серая мышь болгум келчуу эмес. Эми кайрадан бизге конул бурушпаса экен деп калдым. Токтоо кийинип.
Гена " зайка, зайченок " деп чакырып калчуу, аныда антип айтпа, баары карай беришет экен десем, астекин " заай, зая" деп суйлоп калды . Ошентип кундор ото берди. Ал арада Гулина турмушка чыгып кетти. Озу жактырган балага. Гулинанын конулун алуу учун ал балада эмнелерди кылбады. Тунку саат торттода болбогон иштер менен чакырса , унчукпай келчуу байкуш бала. Соода кылган Гулина каалагандай финансы жаатынанда жетиштуу бала.
Биз Рахаттар менен озубуз калдык. Мен кундон кунго Генага конуп, ушул адамдын эле конул буруусу , камкордугу жетиштуу болуп баратты. Башкалар менен ишимда жок. Генада барган сайын жанымдан кетпейт, жумушунада коп барбайт. Биздин универдеги кичинекей Владды жонотуп койот, тигиге барып тигини берип кой, тигиге барсан акча берет , алып кел деп. Колуна кичине акча берип койгону учун алда кетеберет кайда болсо.

#32 01 April 2017 - 18:14
Лекцияда агай жок болгондугуна байланыштуу терезеге келип туруп калдым. Эшикте 5- курстун эки баласы менен Гена суйлошуп туруптур. Азыр чон перемена болмок,ошого келгенго дедим. Тыкан кийинип, колунда кичине бир нерсе которуп алган. Улам саат карагансып телефонун карап койот. Кэчееки окуядан кийин келеби келбейби дегем...
Себеби бир кун мурун Гена кечинде уйго кирбей турчу деп кармап тура берди. Акыры соз баштады:
- Лиза , мен сага туулган кунундо сезимимди айткан элем, ошондон бери магада мунун журогунон орун болуп кал[moderated] деп болгон аракетимди кылып келем. Бирок сен унчукпайсын. Кээде же ал жакта мага орун эмес , дегеле журок жокпу деп да ойлонуп кетем. Себеби сенин коздорундон бирде назик кызды коруп коргогум келип кетсе, бирде коркунучтуу стерваны коруп коркупда кетем. Кээде кыйналбай кетип калчы ушул стервадан деп озумо айтсам, кээде кимге таштап кетем муну, менсиз кантет дейм. Мен озу эмне болуп жатам , Лизка ? Жудоп кеттим, сен билсен айтчы ? - дейт.
Мен озу ушундай ар турдуумун. Уйдо эрке, окуу бизнес жонундо суйлошкон жерде ото токтоо. Бир жерде олтуруп калганла кыздар менден ото озуно ишенген , конкуренцияны корушуп, бир нерселерин тарттырып жиберуудон коркушса. Жигиттер келип олтургандан кийин эч нерсени коро элек, назиик, кучтуу эркектин колдоосуна муктаж кызды коруп тан калып , тушунбой калышчуу.
Ар тараптуу , ар кандай жагдайга карап озгоруп турган мага жагат. Ар бир минутаны контролдоп турам. Бул учун акча , сулуулуктун кереги жок. Бул учун ушундай характер керек деп ойлойм, менде ошондой характер бар эле.
Гена жудогудой деле болду, бир жакшы жооп , сезим тартуулабай мунун шампуньунан баштап башка белектерине чейин эле алып койом. Капа болбосун деп коп жерде конулун караганым менен, кээде тонуму тетири кийип чыгып алган куну , элдин козунчо тааныбаган Адам болуп отуп кетем. Анын устуно улутуда тоскоолдук болуп жатпайбы.
Азыр болсо чарчагандай, коздору мына мына ыйлоочудай болуп турду.
Ойлонуп туруп:
- Мен сени жактырам , бирок мындан ашыкча нерсе сага сунуштай албайм- дедим.
Ал эки кашын которуп , оор ушкурдуда;
- мен сени тушундум, мейли кетишим керек - деп шарт бурулуп кетип калды. Мен дагы суйлошуп турабызго дегем...
Азыр анын келгенине кубангансып турдум.

#34 02 April 2017 - 12:19
Саламатсыздарбы.
Жогоруда "авторгул"
деген кайрылууну окуп жылмайып алдым.)) Торт беш жолу жазып эле бутуруп койом дегем, бир аз тушунуктуу болсун деп анысын- мунусун жазып атып кобойуп кететкен.
Саламатсызбы asi.gulum. Цойдун ырын уктум деп жазганыныздан кийин, ар жазып жатканда сизден "кандай экен?" деп сурагандан тартынам. Ото эле озгочо ыр болсо , дагы деле радиолордон берилип, же жаш жаны ырчылар бир аз жанылап ырдап чыгышмак дейм. Менин отмуш, бактылуу кундорум ушул ырга байланышкандыктан мага озгочо угулабы? Же чындап эле сырдуу, уккан адамды муюлтуп койгон ырбы? Билбейм.
Окуп жаткан ар бир окурманга , рахмат. )) .
Ал куну Гена менен жолукканда ал эч нерсе болбогондой суйлоп жатты. Ушул характери жагат мага. Бугун макул болсон бир жерге барып келели деп сунуштады, жана башка бут кийим кийип алсам жакшы болушун айтты. Кай жерге экенин айтпайт. Бут кийимимдин тусу, жукалыгы,калындыгыле озгорбосо баары ушундай бийик , жапысы жок десем, анда кеттик деп такси жалдап келип , жоноп кеттик. Жолдо биз баратабыз деп бироого чалды. Барган сайын шаардан четтеп , тоону коздой баратабыз. Шаардан чыктыкда, тоо аралап бир аз киргенде жапыз кичине аянтчага окшогон жерде машина токтоп турат. Машинага жакындаганда андан бир ааз ары ак стол, эки стул турат. Машинанын жанынан тушуп калдык. Бири кыргыз бири дунганбы жигиттер, ак койнок кара шымчан бизди тосуп алышып:
- Келиниздер, сиздер заказ кылган стол бул. Батыраак орун албасанар, бугун кафеде аябай Адам коп болгондуктан , мынданда айрылып каласынар - деп кулду бироосу. Айланада оттоп жургон койлордон башка эч ким жок, тынч, аябай кооз жаратылыш. Гена озу айткандай, таш менен урса , кайра кайра аш менен ур дегениндей кылып жатканын билдим. Олтургандан кийин достору столдун устун кафедегидей жасалгалап баарын койушту. Момо жемиш, салат, вино. Машинасынан женил музыка коюп оздору басып кетишти. Жылуу , жай соккон шамалдан Генанын кымбат парфюмунун сезип жаттым. " Духами надо пахнуть, а не вонять" дешкендей, ото куйунуп алгандар жакпайт. Арзан духинин биринчи мурдуна спирт келип урунуп артынан ароматы келсе, кымбат духи озунун таза ароматы менен келип , адамды мас кылат. Бир аз олтуруп , Гена женил бийге тартты. Бийлеп жатып мага бул жер аябай жакканын айттым. Бийлеп бутуп бир аз айланалы деп, бирок баягы эле бийик бут кийимим менен коп баса албадым. Гена бир аз иштеп женил машина алаарын, ошондо коп кооз жерлерди коргозоорун айтты. Кетээрде которуп келген кутучасынан тагынчуу белегин алып мага берди.
Аябай ушуп калганым учун женил курткасына ороп, менден соз кутконсуйт.
-Гена, баарына рахмат. Бирок, биздин келечегибизди кандай элестетишти билбейм. Озум макул болгондо деле, башкалардында оюда маанилуу мен учун . Айрыкча ата- энем- дедим.
- Анын баарына озум аракет кылам, негизи мен сен тууралуу апама айткам. Апам каршы эмес. Жакса уйлон, жалгыз уулсун, эртерээк неберелуу болсок кандай жакшы деген- дейт.
- Анча шашылыштын кереги жок - дедим.
Ошентип жыйнанып алып , шаарга келип, мени уйго таштап коштошуп достору менен кетти.

#36 02 April 2017 - 15:29
Ооба автор Цойдун ырын наушникти салып уккан өзүнчө эле керемет экен.
Сиздин ошондогу акыбалыңызды көз алдымдан өткөрүп уктум.
Аябай жакшы ыр экен. Башка ырчылар чын эле Цойдун өзүндөй аткара алышпаса керек..

#37 02 April 2017 - 15:46
#38 02 April 2017 - 19:44
Мен да кызыгып ошол ырды 2 жолу угуп келдим МОЕ НАСТРОЕНИЕ-
УУУУУ деп))Ушуну гитара менен ырдап жатканды элестетип да жибердим))))
Автор сиз ошондо Генага турмушка чыккан эмессиз да э?Гена...жолдошум. ..дегенинизге караганда.Болбосо сизди да патриот болумуштар коптоп кетпесин

#39 02 April 2017 - 20:45
Кандай болуп эсимде жок, бирок ата энем мен орус улутундагы бала менен суйлошуп жатканымды угушуптур. " Тез кел!" дешкенинен барсам , апам мен бироону олтуруп койгонсуп , аябай жаман болуп кутуп олтуруптур.
Уруш, айылдагылар укса не болот дейт, мамиленди узбосон анда азырле мени олтуруп кет, шарманда болбой олуп калайын дейт. Бешинчи курс болуп калгандыктан,
атам озумоле кечинде " Мындай кылганынды Экинчи укпайын, менден катуу капа болосун" деди. Атамда мамлекеттин ишинде иштеп келет коп жыл бою, токтоо , аз суйлойт. Баарына башымды ийкеп , суйлошпойм деп кайттым. Бирок, болду деп эле шарт токтотуп койо албашымды билип турдум...
Келип Рахатка эмне болгонун айтып, эмне кылышымды билбей, диплом иштерине шылтоолоп Генага азыраак жолуга баштадым. Гена чалат, смс да жазат, уйдун жанындада кутот.
Бир эки жумадан кийин эле апам чалып:
-Кызым, жашын деле жетип калды, келбет менен жаштыгында убактылуу нерсе. Убагын отуп кете электе турмушка чык. Таганын жакын досунун баласы уйлонот экен. Ошол менен таанышып кор кызым. Шаардале иштейт экен -деди.
Аны муну айтсам болбоочудай, конулу тынч болсун деп макул дедим.
Бир эки кундоле ал бала менен телефондо суйлошуп, жолугууга чакырды. Коп эле мактанды. Мейли коройун деп бардым.
Кечки бештерде болжошкон жерге Келди. Бир аз толмоч келген, бирок бат бат баскан, тех тез суйлогон бала экен.
Бир аз суйлошуп:
- Журу паланча жерге барып, тамактанып олтуралы каршы болбосон. Мен мынантип тамак кылып берчуу келинчек жок кундо ошол жерден тамактанам, тамактары аябай даамдуу - деди. Бул соз менен айткан эс алуу жайы шаарда ото престиж, кымбат баалуу тамактары менен белгилуу болгондуктан , материалдык жактан жакшы экенин мактангансып отту.
Ал жерге кирип олтурдук. Бирден тамак заказ бердик. Анан чай деп койду. Эмне ичесин , башка эч нерсе кереги жокпу деп деле сурабады. Чайындагы чай кашыгын стаканынан албай эле чай ичкенинен, мындай жерлерге коп деле келбейт окшойсун дедим ичимден. Кай жерде иштээрин, колунан эмнелер келээрин суйлоп олтурду.
Жигиттер мен учун экиге болунот. Колу ачык анан саран. Колу ачык эркектер сезимдерин сенин алдында кылган иштери менен, сен учун эч нерсесин аябаганы менен билдирсе. Сарандар мынантип коп суйлоп, мактанып , курук убадалар менен билдирет.
А мага коп суйлогондор жакпайт...
Тамактанып чыккандан кийин , мен уйго жоносом, жаны таанышым аябай тан калып , ушинтипле кетип каласынбы деп жатып уйго таштап кетти.
Генанын кылган аяр мамилеси, мен учун кылган сюрприз Жана башка иштери менен эми мага башка адам жактырышым оор болушун билип кетип бараттым. Уйго жакындаганда , уйдон бир аз ары жактан Цойдун ырларын биринин артынан биринин артынан бирин ырдап жатканын уктум. Уйго жакындаганда скамейкада орус кыргыз балдар пиво ичип олтурушканын кордум. Коп эле ичишкендей. Гена гитара ойноп олтурат жана ырдап жатышыптыр. Такамды болушунча унун чыгарбай отуп кетейин десемда коруп калышты.
- Лизкаа, Лиииз- дегендерин укмаксан болуп кирип кеттим. Кирсем Рахат кандай барып келгенимди сурап, Гена издеп келгенин , анан мени турмушка чыкчуу балага жолугушууга кеткенимди айтып койгонун айтты. Рахатты жаман коргонум менен унчукпай чечингени кирип кеттим. Гена чала берди , алсам чыгышымды суранды. Чыксам чон лампочкалардын жарыгына , кичинекей бала кечке эшикте ойноп бирок эн жакшы коргон нерсесин жоготуп алып , мына мына ыйлайын деп уйго келген жаш баладай бозоруп туруптур.
- Сен тез эле мени унутуп кетип каласынбы?- деди. Бул адам мага ото жакын, ойумду козумдон тушунгон жана менда жактырган адам эле. Астекиин :
- Заай, а зай, эмне жооп бербейсин - дейт. А мен буулугуп турдум...

Супер-Инфо
super.kg
видео