Жанар Акаев: Канжар Кадыралиев бийликке жагынгысы келип жатат
2 саат мурда
Жанар Акаев.
Жанар Акаев.
Бөлүшүңүз
Пикирлерди көрүңүз
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Канжар Кадыралиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун ага кылмыш ишин козгоо чакырыгы боюнча “Азаттык” үналгысына комментарий берип, муну Канжар Кадыралиевдин сот жоопкерчилигинен качуу аракети деп баалады.
"Тоноо, бандиттик жана рэкеттик үчүн айыпталып жаткан Канжар Кадыралиев мага жалган жалаа жабуу менен бийликке жагынгысы келип жатат. Бул учурдан мени көрө албагандар пайдалангысы келсе, мен таң калбайм. Бирок мен өзүмдүн элим үчүн жана адилеттик үчүн күрөшө берем. Алар мурда да мени коркута да, сатып ала алышкан да эмес. Бул жолу да эч нерсе чыкпайт" - деди Жанар Акаев.
Канжар Кадыралиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Башкы прокурорду Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевге кылмыш ишин козгоого чакырган. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазган. Адвокаттын сөзү боюнча, Жанар Акаевге "кызмат абалынан пайдаланганы үчүн" кылмыш иши козголууга тийиш. Икрамидин Айткулов Канжар Кадыралиевдин 30-мартта сот жараянында берген көрсөтмөсүнө таянып, депутат Кадыралиевдин иши боюнча жабырлануучулардан жана Кадыралиевдин туугандарынан акча алган, сотторго басым жасаган деп билдирүүдө.
30-марттагы сот жараянында айыпталуучу Канжар Кадыралиев депутат Жанар Акаевди пара алганы үчүн айыптаган эле.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжарга Башкы прокуратура 2014-жылы бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өткөн жумада парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын катарынан чыгарылган эле. Фракция мунун себебин депутаттын позициясы фракцияныкына туура келбей калганы менен түшүндүргөн.
(ZKo)
Жанар Акаев - азамат!
#82 03 April 2017 - 11:20
Жанар иштеген Азаттык өзү муну жазып чыкты.Шамал болбосо терек башы кыймылдабайт.
#84 03 April 2017 - 13:06
Мандатын тапшырып башка эл үчүн иштеген партияга мүчө болуп алсын.
Мандатын тапшырса депутаттыктан баш тартканыда, анан кайсы партияга кошулмак депутат болбосо)))
С одним человеком и на всю жизнь...
Вот чего я хочу...
Вот чего я хочу...
#86 04 April 2017 - 12:40
Мандатын тапшырса депутаттыктан баш тартканыда,
анан кайсы партияга кошулмак депутат болбосо)))
"Башка партия менен депутат болуп алсын" деген жокмун "мүчө болуп алсын" дедим. Бул дегеним кийинки шайлоого даярдансын дегендик.)
Соображалкаңы иштетсең кичине.)
Өлүмдөн эмес,бекер кеткен өмүрдөн корк!)
#87 04 April 2017 - 12:41
Эгер Атамбаевдин ордунда болгондо баары ушундай кылмак, а силер болсо аны тушунбойле а, б деп жатасыңар!
Муну ким адам кылды албетте Атамбаев, анан Атамбаевге каршы чыгып журот, өз убалың өзүңө!
Муну ким адам кылды албетте Атамбаев, анан Атамбаевге каршы чыгып журот, өз убалың өзүңө!
#88 04 April 2017 - 16:41
"Башка партия менен депутат болуп алсын" деген жокмун "мүчө болуп алсын" дедим. Бул дегеним кийинки шайлоого даярдансын дегендик.)
Соображалкаңы иштетсең кичине.)
Соображалкаңы иштетсең кичине.)
Ааа акылду турбасынбы))
С одним человеком и на всю жизнь...
Вот чего я хочу...
Вот чего я хочу...
#90 09 October 2020 - 20:42
Бул Жанардын чыныгы жүзү ээми ачылды. Илгери журналист болуп жүргөндө эл үчүн жанын үрөп иштечү. Акыйкатты, чындыкты талап кылып.
А азырчы? Азыр акчага сатылган эң эле ыплас саясатчынын кейпин кийип калды...
А азырчы? Азыр акчага сатылган эң эле ыплас саясатчынын кейпин кийип калды...
#91 09 October 2020 - 21:05
#93 28 November 2020 - 21:17
Ал Азаттыкта заказной маалымат даярдачу да. А Азаттыктык ким экенин көрүп атабыз го.
Сооронбай акяң ошол азаттыктын иликтөөсүнө чара көргөндө, азыр деле Президент болуп турмак! 3-жыл бою "факты бергиле" деп жүрүп жок болуп кетти.
Love is a game. The first to say love, he lost...
#94 08 December 2020 - 13:17
Жанар Акаев Текебаевтин үйрөткөн күчүгү болуп жүрсө..каякта анан Азамат болмок эле..
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#95 11 September 2021 - 19:07
Быягы партия жок Жанар башын бакпаган болуп кеттиго а
Помните Альберт Эйнштейн сказал:«Я боюсь,того дня когда настанет тот день, когда технологии превзойдут простое человеческое общение. И мы получим поколение идиотов»
#97 13 September 2021 - 11:04
Саясаттын актерлору булар .
Помните Альберт Эйнштейн сказал:«Я боюсь,того дня когда настанет тот день, когда технологии превзойдут простое человеческое общение. И мы получим поколение идиотов»
#98 16 September 2021 - 19:37
Элди болуп жаруу,бурмалап жалган жалаа жаап иш козгоо,бир ууч артисттерге кошулуп алдамчылык боюнча аферистке эч ким жетпейтго.Камаз камаз Оскар берсенда аз.
#99 17 September 2021 - 00:59
Жанар туруксуз интриган. Кайсы жерде пайда корсо ошол жакка ооп кете берет, позицияларын бат баттан алмаштырып.
......

Супер-Инфо
super.kg
видео

















