Суперстан: Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу

#41 Пользователь офлайн   cheksiz-oilor-tajatty   05 Апрель 2017 - 02:16

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 945
  • Катталган: 08 Апрель 16
  • Соңку аракети: 17 Июн 2017 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Калаа эмес шаарда жашайт


Петербургдагы терактыга шектүү Жалиловдун
үй-бүлөсү тууралуу айылдашы айтып берди
.

Санкт-Петербургда болгон жардырууга
шектелип жаткан Акбаржон Жалилов
Кыргызстанда төрөлгөнү аныкталды. Анын
жакын туугандары УКМКнын Ош облустук
башкармалыгында бүгүн сурак беришти.
.
Санкт-
Петербургдагы метродогу жардырууга
шектелип жаткан Акбаржон Жалиловдун апасы
жашаган конуштун кварталдык комитетинин
башчысы Анваржон Дадабаев аталган үй-бүлө
тууралуу ...... Кыргызстан агенттигинин
кабарчысына маек куруп берди.
.
Дадабаевдин айтымында, шектүүнүн апасы
Ош шаарына караштуу Амир Тимур аймактык
кеңешинин Калинин конушунда 2012-жылдан
бери жашайт.
.
"Бул үйдө терактыга шектелип жаткан
баланын апасы Адинахан Жалалова жашайт.
Анын эки баласы, бир кызы бар. Күйөөсү
менен улуу баласы Россиянын жарандыгын
алышкан. Ал эми кызы турмушта. Жолдошу
менен улуу баласы алты айда же бир жылда
үйүнө бир келип турчу. Өзү кичүү баласы
менен бул жакта жашайт", — деди ал.
.
Дадабаевдин айтымында, үй-бүлө мүчөлөрү
башкалардан айырмаланбаган, катардагы эле
жарандар.
[/img] https://[moderated]/images/ 103273/16/1032731607.jpg[/ img]
.
"Бул баланын мындай ишке барышы мүмкүн
эмес. Ишене албайм. Себеби анын үй-бүлөсү
динге ашыкча берилген эмес. Кадимкидей эле
светтик адамдар", — деп кошумчалады
Дадабаев.
.
Ал эми Россиянын Ош шаарындагы башкы консулунун милдетин аткаруучу
Роман Свистин ........ Кыргызстан
агенттигине шектүү менен анын атасы
Россиянын жараны экенин ырастады.
"2010-жылдын аягында Акбаржон менен анын
атасы Россиянын жарандыгын алуу боюнча
кайрылышкан. Тиешелүү текшерүүлөрдөн
кийин 2011-жылдын февраль айында биз ага
паспорт бергенбиз. Бул "ата-эне" беренеси
боюнча ишке ашкан. Тагыраагы, эгер
жарандын апасы же атасы Россиянын жараны
болсо анын баласына жарандык берилет", —
деди Свистин.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   LEGENDA.   05 Апрель 2017 - 07:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 442
  • Катталган: 22 Февраль 16
  • Соңку аракети: 11 Май 2021 06:03
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Begim_4 (05 Апрель 2017 - 02:16) жазган:

Прикрепленный файл FB_IMG_1491322361161. jpg
Орустар оздору путин кылды деп жатса, босяга окшогон тантырактар Мусулмандарга ярлык чаптай албай убара...))

Андрей Никитин
Экс капитан ВДВ-экен мунусуда.) Ойлонбой шектенип алышыптыр.))
Өлүмдөн эмес,бекер кеткен өмүрдөн корк!)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Santini   05 Апрель 2017 - 12:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 54
  • Катталган: 10 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 07 Май 2017 21:51

Просмотр сообщения Begim_4 (05 Апрель 2017 - 02:16) жазган:

Прикрепленный файл FB_IMG_1491322361161. jpg
Орустар оздору путин кылды деп жатса, босяга окшогон тантырактар Мусулмандарга ярлык чаптай албай убара...))

Бул адам Андрей Никитин деген киши ьолуп чыкты. Ислам динин кабыл алган экен. Озун телевизордон "как подозреваемый" болуп атканын коруп озу полицияга келип ьерген.. его отпустили уже.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Begim_4   05 Апрель 2017 - 13:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 095
  • Катталган: 11 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Сен 2021 08:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ала-тоо

Просмотр сообщения LEGENDA. (05 Апрель 2017 - 07:50) жазган:

Андрей НикитинЭкс капитан ВДВ-экен мунусуда.) Ойлонбой шектенип алышыптыр.))



Просмотр сообщенияSantini (05 Апрель 2017 - 12:02) жазган:

Бул адам Андрей Никитин деген киши ьолуп чыкты. Ислам динин кабыл алган экен. Озун телевизордон "как подозреваемый" болуп атканын коруп озу полицияга келип ьерген.. его отпустили уже.

Суротту жакшылап карасанар чыныгы тераристи коросунор...

Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Nurmuhammad-1   05 Апрель 2017 - 13:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 881
  • Катталган: 08 Август 15
  • Соңку аракети: 17 Май 2017 23:19
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Begim_4 (05 Апрель 2017 - 13:17) жазган:

Суротту жакшылап карасанар чыныгы тераристи коросунор...

Өзү эле жасады дейсинби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Tansuluu09   05 Апрель 2017 - 13:43

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 02 Авг 2025 19:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

http:/ /www.yaplakal....lsya- v-policiyu



https://smi2.ru/newd. ..ut=1&st=20&ab=a

Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 05 Апрель 2017 - 13:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Tansuluu09   05 Апрель 2017 - 13:50

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 02 Авг 2025 19:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Просмотр сообщения Nurmuhammad-1 (05 Апрель 2017 - 10:21) жазган:

Өзү эле жасады дейсинби?


Названный подозреваемым в исполнении взрыва в метро сам явился в полицию
В отделение полиции в Петербурге явился мужчина, похожий на человека с фотографии, которого СМИ назвали подозреваемым в совершении теракта в метро

Фото: источник РБК в правоохранительных органах
«Он увидел себя по ТВ, испугался и сам пришел в полицию», — сказал источник РБК в правоохранительных органах. По его словам, мужчина к совершению теракта не причастен.

Ранее телеканал РЕН ТВ и издание «Фонтанка» опубликовали скриншот с записи камеры наружного наблюдения, на котором изображен человек, предположительно совершивший теракт. На кадре видно, что это высокий мужчина с бородой и в черной одежде.

Позже «Пятый канал» опубликовал фотографию второго подозреваемого в причастности к организации теракта.


Видео: РЕН ТВ
«Этот человек, как полагают в спецслужбах, мог заложить второе взрывное устройство в петербургском метрополитене, на станции «Площадь Восстания». Бомбу, к счастью, удалось своевременно обнаружить и обезвредить», — говорилось в сообщении канала.

Взрыв в метро Санкт-Петербурга
ФОТОГАЛЕРЕЯ

В то же время источник «Интерфакса» в правоохранительных органах рассказал, что взрыв в метро Санкт-Петербурга совершил смертник, его личность уже установлена.

«Согласно одной из версий, взрывное устройство в метро Петербурга привел в действие террорист-смертник. По предварительным данным, это 23-летний уроженец Средней Азии», — сказал собеседник агентства.

По словам еще одного источника, предполагаемый террорист-смертник был связан с радикальными исламистами. «Предварительно установлено, что мужчина, подорвавший себя в метро Петербурга, был связан с запрещенными в РФ радикальными исламистскими группировками», — рассказал он. Следователям удалось выяснить, пояснил источник, что террорист пронес взрывное устройство в метро в рю​кзаке.

«Обнаруженные на месте останки говорят в пользу версии о том, что взрыв произвел террорист-смертник, однако окончательные выводы можно будет сделать после экспертизы ДНК», — уточнил собеседник агентства. Источник «РИА Новости» подтвердил, что, по одной из версий, взрыв совершил смертник. «Следствие прорабатывает все версии случившегося. Не исключено, что теракт был совершен террористом- смертником», — рассказал он.

Взрыв в вагоне петербургского метро произошел днем 3 апреля около 14:40 на перегоне между станциями метро «Технологический институт» и «Сенная площадь». Генпрокуратура заявила, что взрыв является терактом. Движение в метро Санкт-Петербурга было полностью остановлено, пассажиры эвакуированы. По последним данным Национального антитеррористического комитета, в результате взрыва погибли 11 человек, еще более 40 человек получили ранения и были госпитализированы. Еще одно взрывное устройство было обнаружено и обезврежено на станции «Площадь Восстания».

Взрыв в метро Санкт-Петербурга: что известно о произошедшем


Авторы: Инна Сидоркова, Владислав Гордеев

Подробнее на РБК:
http://www.rbc.ru/po...a?from=newsfeed
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   cheksiz-oilor-tajatty   06 Апрель 2017 - 04:18

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 945
  • Катталган: 08 Апрель 16
  • Соңку аракети: 17 Июн 2017 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Калаа эмес шаарда жашайт

"Питердеги кыргызстандыктар кооптонууда"

.
Санкт-Петербургдагы жардырууну
Кыргызстанда төрөлгөн адам жасады деген
маалыматтардан улам мекендештер атайын
органдардын текшерүүлөрү күчөйт деп
кооптонуп турушат.
Орусияда жашаган кыргызстандыктар ушул
тапта өздөрүн кандай сезип жатканын билүү
максатында Санкт-Петербургда мобилдик
компаниялардын биринде иштеген Нурсултан
Бакытбекти кепке тарттык.
.
Нурсултан мырза, Петербургдагы
кандуу окуядан кийин бул шаардагы
кыргызстандыктар өзүңөрдү кандай сезип
жатасыңар?
.
Н. Бакытбек: Кыргыз жамаатында жакшы эле
кооптонуу бар. Кыргызстандыктар социалдык
тармактарда группаларды уюштуруп
алганбыз. Дал ошол группабызга кирип
мекендештердин маанайына байкоо салсам,
терактка чейин эле полиция кызматкерлери
кыргыздарды метролордо тынбай текшерип
турганы белгилүү. Эми бул полициянын
текшерүүлөрү күчөйт деп кооптонуп жатышат.
Айтор элдин маанайы суз десем болот.

.
: Демек мекендештер өз-ара
байланышып жатасыздар, ал эми элчилик
жана диаспоралар жактан кандай аракеттер
болууда?
.
Н. Бакытбек: Диаспора, өкүлчүлүктөр деле
интернет аркылуу элге кабар жайылтып жатат.
Кайрылуунун мазмунунда кимде ким теракт
учурунда жараат алса консулдукка
кайрылсаңар болот деп жазылууда. Мындан
башка консулдук жабыркагандардын
тизмесин түзүп жатат деп уктук, бирок
бактыга жараша чабуулда кыргыз жарандары
жараат алган жок.
Негизинен Петербургдагы кыргыздарга
диаспора жактан эскертүүлөр көп болуп
жатат. Анда көп киши чогулган жерден алыс
болгула, болушунча жумуштан кийин түз үйгө
баргыла деген чакырыктар жүрүп жатат.

.
: Сиз өзүңүз метродо жүрөсүзбү?
Ошол каргашалуу күнү кайда элеңиз?
.
Н. Бакытбек: Метродо жарылуу болгон
маршрут менен күндө эле каттайм. Үйдөн
жумушка чейин эки саат жол жүрсөм, анын
бир саатын мен метродо өткөрөм. 3-апрелде
жарылуу болгон маалда мен дагы жумуштан
чыккам. Бирок ал күнү бир сааттай жумушта
кармалып калган элем. Бактыга жараша ал
станциядан жумуштан кеч чыккандыктан
өтпөй калдым. Жарылуу болгондон кийин гана
метролор иштебей калганда жумуштан
чыккам.

.
: Терактты жасаган адам
Кыргызстанда төрөлгөн деген маалымат
тарады, Санкт-Петербургдагы эл кыргыздар
жөнүндө эмне деп жатат?
.
Н. Бакытбек: Бул жакта бир гана кыргыздарга
мамиле өзгөрүп кетти десем туура эмес.
Жергиликтүү эл кыргыздардан кооптонуп
калды деген дагы туура эмес. Теракттан
кийин жалпы эле борбор азиялык
мигранттарга мамиле өзгөрүп калды. Бирок
бул убактылуу экенин биз дагы түшүнүп
жатабыз. Ошол эле учурда эл арасында
терактты башка бир тараптар уюштурду деген
сөздөр көп айтылып жатат. Себеби жакында
эле коррупцияга каршы жүрүш Санкт-
Петербургда да болгон. Андан бери эл дагы
бул митинг тууралуу көп сүйлөп калган.
Азыркы теракттын аркасы менен элдин
көңүлүн башка жакка буруу аракети болду деп
айткандар басымдуу экенин белгилей кетиш
керек. Бирок бул эл арасында гана айтылып
жаткан сөз экенин белгилейм.

.
”: Демек борбор азиялыктарды
текшерүүлөр күчөп, полиция тыкыр карай
баштайт экен да?
.
Н. Бакытбек: Ооба, укук коргоо
кызматкерлеринин мамилеси өзгөрүп,
текшерүүлөр күчөйт го деген чочулоо бар.
Себеби мигранттарга байланыштуу окуялар
катталганда, кайсы өлкөнүн жараны экенине
карабай текшерүүлөр күчөйт. Андыктан
кыргыздар эле эмес, башка Борбор Азия
өлкөлөрүнүн жарандары дагы текшерүүлөргө
психологиялык жактан даярдана башташты

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   cheksiz-oilor-tajatty   06 Апрель 2017 - 04:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 945
  • Катталган: 08 Апрель 16
  • Соңку аракети: 17 Июн 2017 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Калаа эмес шаарда жашайт

Акбаржон Жалилов Кыргызстандын паспортун
эч качан алган эмес

.
Мындай маалыматты Кыргызстандын Тышкы
иштер министрлиги 4-апрелде кечке жуук
таратты. Анда "Айрым маалымат
каражаттарында 3-апрелде Санкт-
Петербургдагы жардырууну жасаган деп
шектелип жаткан Акбаржон Жалилов
"Кыргызстандын жараны" деп жазылып
жаткан кабарлар чындыкка дал келбейт" деп
айтылган.
ТИМдин маалыматы боюнча Жалилов 1995-
жылы Ош шаарында туулган, улуту өзбек. Ал
2011-жылы 16 жашка толгон кезинде атасы -
орус жаранынын өтүнүчү менен орус паспортун
алган жана ошол боюнча туруктуу жашаган
жери Орусия болуп келген.
Маалыматта ошондой эле Кыргызстандын
бардык тиешелүү органдары жардырууну
иликтөө үчүн Орусиянын күч кызматтары
менен ар тараптуу кызматташып жатканы да
айтылган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   cheksiz-oilor-tajatty   06 Апрель 2017 - 04:37

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 945
  • Катталган: 08 Апрель 16
  • Соңку аракети: 17 Июн 2017 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Калаа эмес шаарда жашайт

Питердеги "террорчунун" туугандары
.

Орусиянын тергөөчүлөрү Санкт-Петербург
метросунда бомба жардырды деп шектелген
адамды 22 жаштагы Акбаржон Жалилов деп
атады. Бул тууралуу Федералдык иликтөө
комитети 4-апрелде билдирди.

.

Иликтөөчүлөр Жалиловдун "генетикалык
издерин" Петергбургдун "Площадь Восстания"
станциясында табылган бомба салынган
баштыктан да табышкан.

.

"Генетикалык тест жана көзөмөл
камералардын видеолору метродо теракт
жасаган адам баштыкты "Площадь Восстания"
станциясына таштап кеткен деп айтууга негиз
берет",-деп айтылат комитеттин
билдирүүсүндө.

.
Буга чейин орус иликтөөчүлөрү Санкт-
Петербургда 14 кишинин өмүрүн алган
терактка шектүү адамдын сөөгүнүн
калдыктарын жардыруу болгон жерден
табышканын кабарлашкан.
.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук
мамлекеттик комитети Санкт-Петербургдагы
терактты ишке ашырууга шектелген адам
Кыргызстанда төрөлгөнү тууралуу кабарды
ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы
Рахат Сулайманов
төмөнкүчө маалымат берди:

.
- Терактка тиешеси бар экени айтылган
жаран Кыргызстанда төрөлгөнү
аныкталды, кийинчерээк Орусиянын
жарандыгын алган. Учурда Кыргызстан
менен Орусиянын атайын кызматтары бул
багытта кызматташып, иликтөө жүргүзүп
жатат.

.

Маалыматтарда Жалилов Кыргызстанда
туулуп, Ош облусунун Он-Адыр айылында
чоңойгон. Бирок Орусияга кетип, 16 жашка
толгондо дароо эле орус паспортун алган.
Ошондой эле Акбаржон Жалилов Орусияда
аскерде кызмат өтөгөнү айтылууда.

.

"Акбаржон андай ишке бармак эмес"
.
Петербургдагы терактка айыпталып жаткан
Акбаржан Жалиловдун бир туугандары, ата-
энеси жана атасынын бир туугандары
коопсуздук кызматына сурак берүүдө.
Күйөөлөрү суракка чакырылып, балдары
менен үйдө калган келиндер кайниси
Акбаржон Жалилов тууралуу буларды
айтышты:
.

- Кайнибиз орус паспортун алган, аскердик
милдетин орус армиясында өтөгөн деп
уккан элек. Аны акыркы жолу үч жыл
мурда, бир тууганыбыздын тоюнда
көргөнбүз. Ошондон бери аны көрө
элекпиз. Алар биз менен эки жыл гана
бирге жашаган. Андан бери сегиз жыл
өттү. Он-Адырга көчүп кетишкен. Азыр ал
үйдө ата-энеси турат. Өзү болсо Орусияда
жүргөн. Кайнибизди жакшы көрчүбүз.
Аябай элпек эле. Эмнеге жумшасаң
айтканыңды аткарчу. Заманбап кийинчү.
Андан террорист чыгат дегенге ишене
албай турабыз.

.
Акбаржон Жалиловдун жакын туугандары
УКМКга 4-апрелде эртең менен суракка барып,
кечке чейин чыгышкан жок. Акбаржондун
атасы Акрам Жалиловдун бир тууганы
Иминжан Жалилов гана коопсуздук
кызматына чакырыла элек. Иминжандын аялы
Дилабзо да Акбаржан орус армиясында
кызмат өтөгөнүн айтты:
.

- Акбаржон үйлөнө элек. Орус армиясында
милдетин өтөдү деп уккам. Армияда
кызмат кылып жаткан бала ушундай ишке
барат деп ойлобойм. Таң калып отурам.
Бирдеме болсо биз угат элек да. Мектепте
жакшы окуган эстүү бала эле. Токтогул
мектебин аяктаган. Ишенбесеңер
мугалимдеринен да сурап көрсөңөр болот.
Анын Орусияга кеткенине беш-алты жыл
болуп калды окшойт.

.
Акбаржондун ата-энеси жашаган үйдүн
дарбазасы биз барган учурда кулптанып
турган экен. Атасы Акрамжон, апасы
Одинахон, бир тууган эжеси, 17 жаштагы иниси
жана Акромдун Асан жана Үсөн аттуу инилери,
жалпысынан алты адам УКМКнын жергиликтүү
башкармалыгында сурак берип жатышыптыр.
.
Он-Адыр айыл аймагындагы маале башчысы
Анваржон Дадажанов Акбаржондун үй-бүлөсү
тууралуу буларды айтты:
.
- Бул үйдө Жалилова Одинахон деген аял
жашайт. Анын эки уулу жана бир кызы
бар. Кызын турмушка узаткан. Улуу
баласы ошол сөз болуп жаткан Акбаржон
Жалилов. Ал көбүнчө Орусияда жашайт.
Орусиянын жарандыгын алган. Атасы
Акрамжон Жалилов дагы орус жараны. Ал
дагы көбүнчө Орусияда жашайт. Маал-
маал Ошко келип калат. Бул жолу дагы өз
үйүнө келгенине 1,5-2 ай гана болгон эле.
Бул үйдө эне-бала жалгыз жашайт.
Акбаржондун бул ишке барганына
ишенбейм. Анткени алар эл катары эле
жашаган адамдар болчу.

.
Туугандары элпек, кичипейил, динге анча
берилбеген деп сүрөттөгөн Акбаржон Жалилов
социалдык тармактарда активдүү деле болгон
эмес. Бирок анын Одноклассники
тармагындагы жалгыз сүрөтү азыр бүт
дүйнөгө тарап кетти. Орусиянын коопсуздук
кызматтары теракттын күнөөкөрү деп
Жалиловду аташууда.
Дүйшөмбү күнү түш оой Санкт-Петербургдагы
эки метро станциясынын ортосунда поезд
вагону жарылган. Андан көп өтпөй дагы бир
метро станциясында жарылбай калган бомба
табылган.
Буга чейин адам курмандыгына алып келген
теракттар үчүн кыргызстандыктар айыпталып,
бирок такталбай калган учурлар болгон.
Стамбулда Жаңы жыл майрамында түнкү
клубга кол салуу боюнча алгачкы күндөрү
Кыргызстандын жараны Яхъё Машрапов
шектелип , бирок бул маалымат ырасталган
эмес. Стамбулдун губернатору Васип Шахин
39 адамды атып өлтүрүп, 69ун жарадар
кылган шектүү адам 1983-жылы Өзбекстанда
туулган Абдулкадир Машарипов экенин
маалымдаган.

Билдирүүнү түзөткөн: cheksiz-oilor-tajatty: 06 Апрель 2017 - 04:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   cheksiz-oilor-tajatty   06 Апрель 2017 - 14:26

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 945
  • Катталган: 08 Апрель 16
  • Соңку аракети: 17 Июн 2017 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Калаа эмес шаарда жашайт

Материалда Жалилов билим алган Оштогу
орто мектептин кызматкерлери тарабынан
берилген маалыматтар камтылган.
.
Санкт-
Петербургдагы жардырууга шектелип жаткан
Акбаржон Жалиловдун жашоосундагы айрым
маалыматтарды ал окуган мектепте иштеген
кызматкерлер айтып беришти.
.
1995-жылдын 1-апрелинде төрөлгөн, Ош
шаарындагы "Туран" кичирайонунда
жашаган;
Сегизинчи класска чейин Токтогул
Сатылганов атындагы орто мектепте билим
алган;
2010-жылы "Амир Тимур" кичирайонуна
көчүп кеткен;
2011-жылы Кыргызстандан Санкт-
Петербургга (Россия) уста атасы менен
кеткен;
2011-жылы Россиянын жарандыгын алган;
Жогорку билими жок, бирок унааларды
оңдоого жөндөмдүү болгон;
Бойдок.

.
.
Санкт-
Петербургдагы терактыны жасоого шектелген
Акбаржон Жалиловдун сөөгүн ата-энеси
тааныгандыгын РИА Новости Тергөө
комитетинин төрайымы Светлана Петренкого
шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Буга чейин дайындалган ДНК экспертизасы
шектүүнүн өздүгүн ырастаганы тууралуу
маалымдалган.
“Акбаржон Жалиловдун ата-энеси менен
сөөктү таануу процедурасы жүргүзүлдү. Алар
маркум алардын баласы экенин ырасташты”,
— деп билдирди Петренко.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   LEGENDA.   06 Апрель 2017 - 22:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 442
  • Катталган: 22 Февраль 16
  • Соңку аракети: 11 Май 2021 06:03
  • Жынысы:Эркек

Россия телеканалдары "киргизия" деп эле бошобой калды го.
Өлүмдөн эмес,бекер кеткен өмүрдөн корк!)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   LEGENDA.   06 Апрель 2017 - 22:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 442
  • Катталган: 22 Февраль 16
  • Соңку аракети: 11 Май 2021 06:03
  • Жынысы:Эркек

Жана бирөөсү сүйлөдү ким экенин билбей калдым.
"Кыргызстан бардак,террористер толтура. Эч кимдин иши жок алар менен"-дейт.
"Туура" дедим өзүмчө.)
Өлүмдөн эмес,бекер кеткен өмүрдөн корк!)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   oska91   06 Апрель 2017 - 23:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 13 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 17 Июл 2017 11:15

Кандайсынар Питердегилер текшеруу кандай журуп жатат, квартираларды текшерип журушот дейт чынбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   zarlyk2211   07 Апрель 2017 - 03:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 643
  • Катталган: 10 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2019 10:27
  • Жынысы:Эркек

Паспорттогу улутту жазганы ушундай убакта пайдасы тиет. Улуту жок болсо кыргыз деп айтылып калат. Чоңдор ушуну эске алса жакшы болмок.
Жыгылып баратсанда, жалгандан алыс бол!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   zarlyk2211   07 Апрель 2017 - 03:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 643
  • Катталган: 10 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2019 10:27
  • Жынысы:Эркек

Паспорттогу улутту жазганы ушундай убакта пайдасы тиет. Улуту жок болсо кыргыз деп айтылып калат. Чоңдор ушуну эске алса жакшы болмок.
Жыгылып баратсанда, жалгандан алыс бол!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   zarlyk2211   07 Апрель 2017 - 03:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 643
  • Катталган: 10 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2019 10:27
  • Жынысы:Эркек

Паспорттогу улутту жазганы ушундай убакта пайдасы тиет. Улуту жок болсо кыргыз деп айтылып калат. Чоңдор ушуну эске алса жакшы болмок.
Жыгылып баратсанда, жалгандан алыс бол!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   sister   07 Апрель 2017 - 08:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бомба жасаш ушунча онойбу?! Же жардыргыч заттар кенен ачык сатылабы?! Тан калам: мамлекеттер миллиондогон олчомдогу каражаттарды терроризм менен курошууго жумшашат, " мынтип атабыз, тигинтип атабыз"- деп кыйын болушатко. Демек мамлекеттин " жасаган " иши создо эле - чынында террорист жардырса, же мамлекет оз кызыкчылыгы учун жардыруу жасайт.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   safia16   07 Апрель 2017 - 09:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 154
  • Катталган: 13 Июнь 16
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2017 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Мамлекет алсыз болсо,эч ким жакшылыктуу жооп бере албаса кыргыз куноолуу боло берет.Бийликтин карызы башынан ашып,суйлогон создору жанынды кейитмек турсун кейитет.Казак бар дегенине сразу точка койдурду Назарбаев.Бул созсуз политика,жардырылды туура ,бирок мигрант кыла албайт муну.2018-дуйнолук олимпиадабы же чемпионат болот го питерде,ошого тазалаш керек.Даяр шылтоо болду.Ким жардырды деп издешпейт.Метрого кирдиби кирди,мигрантпы мигрант,Аша дабдыр жооп бере албайт ошого уроженец Ашастан деп коюшту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Adeli   07 Апрель 2017 - 20:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 124
  • Катталган: 21 Июнь 11
  • Соңку аракети: 16 Окт 2020 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:россия

Просмотр сообщения ACAH-AKA. (04 Апрель 2017 - 12:50) жазган:

Аты дагы кулака жагымсыз шакалский жахангир жабраил итиркей деп энерди эмгир жетимдин.Канчалаган Кыргыздын ырыскысына чычты козел
коюнуз Асан ака Жабраил периштенин аты ага ачууланбаныз, албетте террористте куноо баарыбыз жаман коруп атабыз,бирок Жабраил итиркейди келтирчу соз эмес го...бир ачуунузду бизге бериниз.акаарат келтирип куноого батып калбайлы
Всё к лучшему!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 02:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: