(Башталышы)
Бишкектин көчөлөрүндө салбырап басып жүрүп жадаганда китеп дүкөнгө кайрылып Шопенгауэрдин «Афоризмы житейской мудрости» аттуу белгилүү философиялык чыгармасын сатып алып Эркиндик гүлзарына бет алдым. Ээн скамейкалардын биринен орун алып китепке үңүлдүм. Улам биринин артынан бири таасир берген кабат ойлор эсимде калар эмес, чөнтөктөн калем алып ошол экметтердин алдын сызганга өттүм. Көп өтпөй жаныман өтүп бараткан шиш таканын үнү угулду. Менден бир аз өтүп барып кайра кайрылды. А мен китептен баш көтөргүм келбеди. Шиш така мен жакка кадам шилтеди. Жаныма чымчык жылып келаткандай былк этпедим. Аны бир гана кыймыл чочутчудай сезилди. Шиш така мага жакындаганда жаздын абасы менен жумшак атырдын да жыты бур этти. Тык… Тык… Тык… Кадам мага жакындап, “скамейкага отурсамбы, жокпу” дегенсип сезимимди кытыгылап турду. Китептин 1-2 барагын окугандан кийин жан жагыма кылчайдым. Тегеректе сайраган чымчыктарга,
жаңыдан гүлүн ачкан сирендерге көз чаптырган киши болуп жанымдагы мурду кырдач, ажарлуу зайыптын кулагындагы сөйкө, мойнундагы мончок таш, шиш така, аземдүү үстү-башынан жаш курагына чейин баам салганга үлгүрдүм. Китепке кайра үңүлгөнүм менен жанымдагы зайып көңүлүмдү азгырып туруп алды. Башымды бир аз көтөрсөм, ал да китептин кызуусуна кирип алган экен, айланасы менен иши жоктой. Бейтаанышты сөзгө тартмакка бир саам демимди кармап, аз убакыттан соң чечкиндүүлүгүмө салдым:
– Сиз жаныма келген мүнөттөн баштап китептин бир да сөзү башыма кирбей атат. Сиздинчи?..
Мени кооптонгондой бир тиктеп алды да:
– Меникине кирип эле атат, – деп окуусун кайра улантты.
Сөзгө тартуунун башка амалы табылбай китепке кайрадан кирдим. Бир аз окуп, айрым жерлерин калем менен сызганды баштадым. А жанымдагы бейтааныш чылым түтөттү. Анын түтүнү мага каптаганда чөнтөктөн мен да чылым алып чыктым.
– Китепти сызып окуганыңызга караганда түшүнүп окуп атсаңыз керек? – бейтааныш айым мага какшык мүнөздөгү азилин ыргытып койду.
– Буюрбасын, түшүнбөй атам, – чынында калп айттым, – жанында сиздей сулуу отурганын көргөн окурмандын башына китептеги акыл жукмак беле, – деп жагалданганым ага жага берди көрүнөт, бырс этип күлүп койду.
Аңгыча жаныбызда балмуздак көтөрүп саткан секелек кыз пайда болду:
– Балмуздак алыңыздар…
Ордуман туруп балмуздактан экини алып, бирөөсүн бейтаанышка сундум.
– Ох-хоо… Магабы?.. Рахмат… Студент кезде мен эң жакшы көргөн балмуздак ушул «Эскимо» болор эле.
– Эгер студенттик кезиңизди «Эскимо» эске салса, анда күнүгө ушул жерге балмуздак жегенге келип туралы.
– Каршы эмесмин, – деди кадыресе эски таанышына мамиле жасагандай.
Мен анын шайыр мүнөздүүлөрдөн экенин дароо түшүндүм. Колундагы балмуздакты аяр тиштеп, чын пейлинен шимип отурганы жарашыктуу көрүндү.
– Мен бул жерге күнүгө келип китеп окуганды жакшы көрөм, – деп кошумчалады.
– Атайы ушул орунгабы?
Балмуздак шимиген эриндерин жооп айтканга даярдап келатып шашып калган бейтааныш мойнун ийкеп жооп берди:
– Уху.
– Болду… Балмуздагыңызды түгөтүңүз, ага чейин суроо бербейм.
– Бере бериңиз. Сүйлөшө берем, – ал мага ыңгайсызданып жооп берди.
Аңгыча өз колумдагы эрип бараткан балмуздак алдыма тамчылай баштады эле, сумкасындагы жүз аарчысын алып мага сунду.
– Сиңип кете электе сүртө салыңыз.
Экөөбүздү эң биринчи жакындаткан мамиле ошентип балмуздактан башталды.
– Атыңыз ким?
– Айжүз.
– А өзүңүздүн атыңызчы?
– Зардос.
Балмуздактан кийин экөөбүз тең чылым түтөттүк. Эки тизесине аярлап койгон сырты кооз китеп эмне адабият экени кызыктырды.
– Карап көрсөм болобу?
– Караңыз.
– Харуки Мураками «Охота на овец». Дүйнөнү дүңгүрөткөн бул автордун таасирине качан кирдиңиз эле?
– “Нобель” сыйлыгын алат болуп, албай калгандан бери. Эң биринчи «Норвежский лес» аттуу романын окудум. Ничего…
– Демек, сиз модадан калбаган адам көрүнөсүз?
– Андай деле эмес.
– Менимче, дүйнөнүн баалуулугу ушунчалык бөксөрдү. Болбосо Мураками колго ала турган автор дебес элем, – Айжүздүн реакциясына карадым. Бирок эч кандай ишаратты байкатпастан салкын мүнөздөй көрүндү.
– Себеп?
– Себеби Муракаминин чыгармаларын эле эмес, интервьюларынан өйдө окугам. Ал жөнүндө адабиятчы, өзүнүн котормочуларынын да жазгандарын билем. Бирок эмнеси үчүн дүйнөдө ушунча көп тилге которулуп, миллиондогон окурмандар окуганына түшүнбөйм. Болбосо сиз атаган чыгармалары эмнеси менен кызык?
– Билбейм, бир дем менен жеңил окулганы үчүн го дейм…
– Көрдүңүзбү… Бир дем менен жеңил окулчу автор экенин, – Айжүз бул темага көңүл кош болуп отургансыганынан сөздү кай жакка бурушту ойлонуп калгам.
– Сөзүңүздү уланта бериңиз.
– Сизге кызык болбосо, эмнеге улантам?
– Эмнеге кызык эмес? Муракаминин чыгармалары жөнүндө айта бериңиз.
– Мураками эмес, жалпы эле китеп жөнүндөгү түшүнүгүмдү айтып берейинби?
– Айтыңыз, – ал мага кылыгын көрсөткүсү келгенин туйдум.
– Билесизби? Китептин артынан китеп кууп окугандардын көңдөйлүгү эмнеде? (Сөздүн маанисин кайра жумшартканга аракет кылдым) Биз көп учурда китепти бир сыйра гана окугандыктан мазмунуна терең түшүнбөйбүз.
Жакшы китепти кайра-кайра окугандан өтөрү жок. Эгер китепти кайталап окуганга көнсөңүз, сиз мурда окуган китептерге жөн гана көз жүгүрткөн окурман экениңизди билесиз. Эгер мурда окуган китепти кайра окуп чыксаңыз, сиз анын жакшы же жаман экенине баа бересиз. Кайталап окулган китепти дагы кайталап окусаңыз, сиздин да китеп жазгыңыз келет.
Айжүз мени жылмайып угуп отурду. Мен да ага аңгеме кургандан жадабадым. Ал күнү экөөбүз тең китеп эмес, бирибизди-бирибиз окудук. Эртеси, анын эртеси да Эркиндик гүлзарынан болжошкон убакта кезигишчү болдук. Күнүгө балмуздак жеп, бири-бирибиздин сырыбызды тыңшайбыз. Күнүгө китеп окуганы келгенибиз менен ал да китеп карабайт, мен дагы. Ал күнүгө өзүнүн кийим тигүүчү ательесинен чыгары менен үйүнө эмес, таза аба жутканы гүлзарга келет. Мен да иштен кийин үйгө эмес, гүлзарга ашыгам.
Бир күнү мен андан эртерээк келип китепти токтогон жерден кайра уланттым. Жарым саат, бир саат өттү. Айжүз келген жок. Улам шиш таканын үнү угулат. Айжүздүн дабышы деп баш көтөрөм. Башкалар. Ар бир дабышты Айжүздүн дабышы болуп калса дейм. Китепти болсо кайра бүктөп салып койдум. Ательесине телефон чалсам, жооп берген киши болбоду. Ал күнү көрүшө албадык.
(Уландысы кийинки санда)
Марат Осмонов
Баракча 1 - 1
Тилек Бул теманын аты Тилек болду баашынан окусаныздар тушунуктууго дейм жаш
#9 06 Апрель 2017 - 21:34
....... ТИЛЕК.
2-БӨЛҮМ.
Эртеси иш убактысы башталары менен телефон чалдым. Өзү алды:
– Ким бул?
– Мен… Зардос.
Телефондогу Айжүздүн үнү негедир салкын угулду.
– Кечээ эмне келбедиң?
– Иш чыгып калды. Сага чалсам, «чыгып кетти» дешти. Жолугушууга бүгүн деле күн бар да… – жообу кайдыгер кишиникиндей эмес…
– Ошого чейин чыдамым жетпей чалдым эле, – мен ага баёо мүнөздөй сезилдим көрүнөт.
– Чын элеби?..
– Чынымы айтам.
– Анда келем. 5 жарымдабы?
– Мейли, 5те. Жок. 4тө деле.
– 4кө келалбайм. Болуптур 5те.
Саат 17-00дө колума эки балмуздак кармап, скамейкага жаңыдан отурарым менен Айжүз көрүндү. Балмуздак кармап отурганыма алыстан эле жылмайды. Мага жеткиче наристедей кытылдап күлгөнү жакты. Ушунчалык жан дилинен күлгөн үчүн бир колун бооруна басып, сол жагына ооп келатты. Алдынан утурлай басып ооп келаткан жагына кучагымды жайдым. Аны кучагыма биринчи жолу аяр кыстым. Биринчи жолу боюбуз жакындады. Ал менден чочуркаган жок. Кайра мен жакка ыктап, колуман балмуздактын бирин алды.
Мен аны кечээ кандай чыдамсыздык менен күткөнүмдү айтып бердим. Ал эмнеге келбей калган себебин түшүндүрдү. Үстүндө күндөгү эмес, башка көйнөк экенине көңүлүм түшүп турганын байкап калдыбы, көйнөк жөнүндө өзү сөз баштады.
– Жаман тигилиппи?
– Үстүңө эмне кийсең да сындай албайм. Мүмкүн, башкалар өзүн көрктөш үчүн көйнөк киер, а сен өзүң көйнөктү көрктөп турасың, – дедим Омар Хайямдын саптарын эстеп.
– Өзүм тиккен көйнөк. Бүгүн биринчи жолу көчөгө кийип чыктым.
– Демек, жакшы көйнөктүн кадыры үчүн экөөбүз бүгүн театрга баргыдай экенбиз. Көйнөгүңдү эл да көрсүн.
Менин бул айтканыма Айжүз муздак жылмайды.
– Кайсы театрга?
– Менимче, бүгүн Орус драма театрында Альбер Камюнун «Калигуласы» коюлмак.
Дароо макул көрдү. Ордубуздан турарыбыз менен удургуган шамал көйнөгүнүн этегин көтөрө берерде кымтыланып калды. Бирок мага ушул көрүнүшү абдан жакты. Ал ордунан турары менен мени колтуктады. Удургуган шамал жолду катар Айжүздүн этегин желпип жүдөткөнү мага жагымдуу сезим тартуулады: анын жайып алган чачтары бирде ийниме төгүлсө, бирде бетимен жалайт. Жаздын жытынан мурда мен анын чачтарынын жытына мас элем…
Театр залында жарык өчөрү менен Айжүздүн назик алакандарын издедим. Экөөбүз кол кармашып алдык. Антракттан кийин ал менин ийниме сүйөнүп, колдорун колтугума кысты.
– Зал суук экен, чыйрыгып атам, – деп мен жакка ыктаганынан үстүмдөгү күрмөмдү чечип бердим.
Спектакль аяктагандан кийин сыртка чыксак жамгыр көнөктөп атыптыр. Айжүздө да, менде да кол чатыр жок эле, театрдын ыктоо жагында бир аз далдаланып турдук. Жамгыр басылар эмес. Айжүз калтырап үшүй баштады. Күрмөмдү ага чечип бергендиктен мен андан бетер. Муздак абада бирибизге-бирибиз кысылып жакын турсак да демибиздеги жылуулук менен көпкө чыдар эмеспиз. Эптеп жолго чейин барып такси тосууга туура келди. Мындайда кыйма-чийме таксилер да бош болсочу, таксини көпкө күттүк. Айжүз экөөбүздүн тең ээгибиз титирей баштады. Акыры бир таксини жолдун ортосуна тура калып токтотууга туура келди. Шоопур мага:
– Кандай жандан кечкен немесиң! – деп жулунуп ачууланганынан улам бизди мушташып кетеби деп чочулаган Айжүз акыбалды менден мурда түшүндүрдү. Аңгыча арткы эшиктен башы чыккан улгайыңкы аял арачы түштү:
– Биз деле жетип калдык. Кысылышсак да батышалы. Жаштар экен, отура беришсинчи.
Мажбур болгонсуган таксист бизди акыры жеткирди. Бирок мен өз үйүмө баргым келбей Айжүз менен бирге түшүп калдым. Кабат үйгө көтөрүлүп баратканда Айжүздү ээрчип келатканымдан ыңгайсызданып токтоп калдым.
– Мен ушул жерден эле кетейин.
– Жок, мынча келгенден кийин… – ал мени шак эле билектен алып алдыга жетеледи. Аңгыча каалгалардын бирине токтодук. Айжүз колумду бошотуп сумкасынан ачкыч издей баштады. Үйдү ачып босогону аттадык. Алдыбыздан жону жылтыраган сары мышык гана тосуп алды. Биз түз эле кухняга өтүп, газга чай коёру менен артынан ээрчиген мышыкка кайрылды:
– И-ии сарым... Мени бүгүн эмнеге кечикти деп күтүп аттыңбы? Курсагың ачтыбы? Азыр сага... – муздаткычтан оозу ачылган кильки алып чыгып бурчтагы идишине салды.
– Сары мышык экөөңөрдүн жаныңар бирге окшойт.
– Үйгө келерим менен эрмегим ушул. Тамагын жедирем, жуунтам, жонун тарайм. Бул анан коңурук тартып уктайт.
– Туура айтамбы, сары?
Чай тез эле кайнады. Экөөбүз бет маңдай жайгашып дагыле бүтпөгөн сырларыбызга кирдик. Ал күнү биринчи жолу үйгө барбай калдым.......http: //[moderated]/group/54622242013196

#10 06 Апрель 2017 - 21:38
.... ТИЛЕК.
3-БӨЛҮМ.
Телефондон «мени бүгүн издебегиле» деп кыска сүйлөп трубканы койгонумду уккан Айжүз:
– Жок, барышың керек, – деп тынчсызданды.
А мен өзүмкүнөн кайтканым жок.
Эртең менен көзүмдү ачып башым ооруп турганын туйдум. Бөлмөдөгү интерьерге көз чаптырып, жасалгалуу жалгыз бөлмөдөгү Айжүз экөөбүз жаткан диванга күн шооласы жылып келатканда денем шалдырап ордуман турдум. Күрсүлдөгөн жөтөлүм башталары менен Айжүз ойгонду.
– Кандай уктадың?
– Жаңыле көзүм илинип кетиптир. Түн ортосунан баштап температура болдум, – деген Айжүздүн үнүнөн улам ал да ооруп калганын билдим. Маңдайын сыласам, денеси алоологон от. «Тез жардам чакыртайын» дегениме көнбөдү.
– Өтүп кетет. Азыр экөөбүз тең лимон менен чай ичебиз. Шорпо кайнатам, – туруп, лимон менен бир нече кружка чай ичтик. Ал шорпо кайнатып, мен анын ар бир ийкемдүү кыймылынан көзүмдү алганым жок. Эмнени сүйлөшсөк да ойлорубуз бир жерден чыгып, экөөбүз тең жумушка барбоону чечтик. Ысык шорпого көк пияз туурап ичкенден кийин төшөккө барып куладык. Айжүздүн эриндери ыпысык экен. Жууркан менен үстүн кымтылап жапсам, жуурканды тээп салды да, мени чечиндире баштады. Мен аны. Мен анын жандан ашкан эркелигин ошондо туйдум.
Анын тынымсыз жөтөлгөнү токтобой койгондо тез жардамга телефон чалдым. Коңгуроо шыңгырап, босогодон ак халатчан татынакай медайым кирди. Экөөбүздүн кан басымды текшергенден кийин дароо китепчесин алып бизди каттамай болгондо ооруканага жатуудан баш тарттым. Мен үчүн тынчсызданган Айжүз медайым мага укол сайып же башка чара көрүүсүн өтүндү. Бирок экөөнүн айтканына караманча көнгөнүм жок.
Айжүздү колтуктан сүйөп сыртта күтүп турган машинага жеткирдим. Бирок анын мурдагыдан да начарлаган абалын көрүп ооруканага кошо барууну чечтим. Аныма медайым да каршы болгон жок.
Ооруларды кабыл алуучу бөлүмгө киргенибизде Айжүздүн кан басымын кайрадан текшерген врачтын аракети мени кыжалат кылып жиберди:
– Оорунун абалын көрүп атпайсызбы. Бирөөңөр текшердиңер жетет да…
Медайым мага көздөрүн акшырайта карап, бирок үндөбөдү. Айжүз мага:
– Мейли, өздөрү билсин. Андан көрө өзүңкүн да текшертчи. Денең ысып турат. Мүмкүн, сен да жатышың керек, – жибектей назик алакандарын жаагыма койду.
– Эгер экөөбүздү бир палатага жаткырышса калам, – деп шыбыраганыма жарк деп күлүп иерде жөтөлү кайра башталды. Аңгыча дагы бир медайым келип Айжүздү бош палаталардын бирине ээрчитип кетти.
Үйгө күндөгүдөн кеч келдим. Ошол күндөн баштап Жаркын экөөбүздүн ортодо үй-бүлөлүк чатак ырбай баштады. Эки күндүн биринде урушуп, кайра табышабыз. Ортодо балдарга кыйын болду. Же мага тарта алышпайт, же апасына.
Үйдө үч күн дарыланып жаттым. Оорусам мурдагыдай үйрүлүп түшчү Жаркындын кабагы ачылбас болду. Болбосо шорпо-шилең кайнатып бере койгондо оозума дары-дармек аттууну жолотпойт элем. Мен да Жаркындын көзүн карагым келбей көшөрүп, үч күн бою жалаң дары колдонгонум менен жылыш болбоду. Акыры муздаткычтагы эттен алып өзүм шорпо кайнатып ичкенден кийин көл-шал тердеп, башым көтөрүлдү. Үйдө негедир Жаркын көрүнбөдү, бирок анын кайда кеткени да кызыктырбады. Айжүздөн кантип кабар алсам деп үйүнө телефон чалам, алган киши болгон жок. Бир убакта колумдагы телефон шыңгырады. Иштеген жеримден экен.
– Сени эки күндөн бери Ширин деген кыз издеп атат, – деп номерин беришти.
«Ширин… Ким эле?» Эстей албадым. Эмнеси болсо да чалып көрөйүн деп номерди тердим:
– Алло, саламатсыз. Мага Ширин керек эле.
– Угуп атам.
– Мени издеген экенсиз.
– А… Сиз Зардоспу?
– Ооба.
– Мен Айжүздүн сиңдиси болом. Анын үйүнүн ачкычы сизде экен…
Айжүздү ооруканага жеткирерде үйдү мен бекиткенимди эстедим. Демек, ачкыч чөнтөгүмдө жүрсө керек.
– Көрөйүнчү… – барып чөнтөктү аңтардым, менде экен.
– Алло, ачкычты таптым.
– Сизден кантип алып алсам болот?
– А Айжүз өзү кайда?
– Ооруканада, – Ширин мага кыжырлангандай жооп берди.
– Ачкычты мен сизге жеткирип берейин, бирок кайда?
Ал ойлонуп калды.
– Айжүздүн үйүнө келе аласызбы?
– Болуптур.
Убактыбызды болжошкондон кийин жуунуп-таранып көчөгө чыктым. Айжүздүн үйүнө Ширин экөөбүз тең айтылган убакытта келдик. Анын да бой-турпаты Айжүздүкүндөй келишимдүү болгону менен мүнөздөрү эки башкадай. Ачкычты Шириндин колуна берип Айжүз жаткан ооруканага жөнөдүм.
Менин келатканымды ал терезеден көрсө керек, босогону аттарымда алдыман жарк этип чыга калды. Экөөбүздүн ортодо ысык сагыныч бар экени ошондо туюлду. Көкүрөгүмө жөлөгөн башын көтөргөндө өңүндө кан жоктой купкуу. Биз далдаа жакка бастык.
– Сен мени кечирип кой. Театрга азгырбасам, оорубайт элең.
– Ошо, барганыбыз жакшы болду… Экөөбүз тең бир гана себеп менен оорудук: эми мындан ары экөөбүздүн оорубуз бир.
– Ооба, экөөбүз тең бир гана себеп менен… – Айжүздү сөзмө-сөз кайталаганыма күлдүк.
– Үйдөгү сары эмне болуптур, билдиңби?
Айжүздүн мышыгы эми эсиме келди.
– Жок.
– Ачкадан өлүп калбады бекен?
Экөөбүз бирдей мышыкты аяй баштадык. А мен бул күндөрү үйдө жалгыз камалган мышыктын ачка калганын эмес, өзүмдүн атымды таппай ооруп жатканымды айттым.
Врачтар Айжүздү “каның аз” деп дагы бир жума дарыламай болуптур. Узакка сүйлөштүк. Сөзүбүз дагы канча уланат эле, аңгыча дежур врачтардын бири Айжүздүн палатага баруусун өтүндү. Аргасыз жолдон ала келген жашылча-жемиштерди колуна берип үйгө жөнөдүм......http: //[moderated]/group/54622242013196

#11 06 Апрель 2017 - 21:42
......ТИЛЕК...
4-БӨЛҮМ.
Айжүз ооруканадан чыккандан кийин кайрадан мурдагыдай гүлзардан жолугушуп, ажырагыс болдук. Ошол жаздагы барпайган сирень гүлдөр бүчүрлөгөнгө чейин күндө кезигишип жүрдүк. Күндө кечте анын үйүнөн чыгып үйгө барганыма бир күнү Жаркындын акыркы чыдамы түгөнсө керек, түйүнчөгүн түйүп коюптур…
– Үйдөн сен эмес, мен кетем, – дедим, – бирок экөөбүз жаман сөз айтышпайлы, – башкасы башка эле, муну уккан 4 жашар балам чырылдап ыйлап жиберди…
– Ата, кетпеңиз! Апам да кетпейт, – жеңимен тартып боздогон кенжемдин ошол сөзүн угуп босогодон сыртка аттай албай койдум. Жаркын экөөбүздүн ортобуз күндөн-күнгө алыстаса да, бирок балдар үчүн бирге жашоого аргасыз экенибизди ал да түшүндү, мен да.
Жаз өттү, жай өттү. Күз башталды. Үй-бүлөгө мурдагыдай камкор болбой калдым. Мурда күн сайын үйгө куру кол келбей, кайсы балам эмнени жакшы көрсө, каалаган таттуусун же оюнчугун алып берчү элем. Анын бири да оюмда жок, мурдагыдай балдарды эмес, Айжүздү гана эркелетчү болдум. Жаркын менен балдарды аяп гана коём. Болду. Жаркын кээде:
– Мейманканага келген кишидей болбой балдарга көңүл бурсаңчы, – деген кекээр мамилесин билдиргени болбосо, ортобузда бөлөк чатак жок. Үйдөгү маселе башка кеп, Илимдер академиясындагы иштерим солгундап жетекчимден көп нааразычылыктарды уга баштадым. Мурда маанилүү сезилген илимий иштериме болгон мамиле да таптакыр өзгөрдү.
Жаркынды түшүнсө болот эле, кээде Айжүз экөөбүздүн ортодо да түшүнбөөчүлүктөр чыга баштады. Айжүз экөөбүз маңдай-тескей отурган бир күнү күтүүсүздөн эле:
– Сен мага чыныңды айтчы, Жаркын экөөбүздүн кимибизди жакшы көрөсүң? – дебеспи. Эмне дейин…
– Экөөңдү бирдей, – демиш болдум.
– Мүмкүн эмес.
– Мүмкүн эле. Бириң – оң көзүм, бириң – сол. Анан кантип бирин жакшы, бирин жаман көрөйүн.
– Тагыраак айтканда, кимибиз оң көзүң да, кимибиз сол көзүң?
– Көз болгондон кийин анын оңу кайсы, солу кайсы… Айырмасы барбы?
– А сен бир көзүң бир көзүңө жоо экенин билесиңби? – дегенине ойлонуп калдым, – сенин ошо Жаркын экөөбүздү эки карегиңдей санаганыңа да рахмат. Бирок…
– Эмне бирок?
– Сени менен дагы канчага чейин жашыруун никеде жүрө берем?
– Көңүлүбүз сууганга чейин.
– Сенин көңүлүң менден, менин көңүлүм сенден сууганга чейинби?
– Денесине эч бир түк чыгалек кызыл эт балапанды көрдүң беле? Аны мына минтип кебездей жумшак алаканыңа салып мээрим төксөң, ошончо тез өлөт.
– Муну менен эмне айткың бар?
– Сүйүү дал ошол кызыл эт балапанга окшош. Ага кол жетип, мээрим өткөн сайын уйпаланат.
– Демек, Жаркын экөөңөрдүн сүйүү кызыл эт балапандай болуптур да. А жанагы сүйүүнү эки көздүн карегиндей сактарыңа ишенип болбойт экен да.
– Билсең, одно любовь значит – тысячи любовь, а тысяча любовь – это одно.
– По твоему любовь только лишь философия… Сен үчүн ал – эки көздүн кареги, же кызыл эт балапан, же жөн эле куурчак турбайбы!
– Ар кимдин түшүнүгүндө ар башка. Романтикалуу сүйүү никеге чейин гана. Эки жүрөк бирге жашай баштаганда ысыгы ортодогу балдарга өтөт.
– Сүйүү жалыны суугандан кийин ушинтип философияга айланат дечи.
– Бул дүйнөдө күндүн нурунан башканын баары сууйт. А сүйүү дегенибиз келди-кетме.
– Анда угуп ал, философ! Өзүңдү буга чейин байкайбы десем, байкабадың. Элде жок акыл сенде болгону менен жүрөгүңдө сезим-туюм жок экен… – Айжүздүн мурда мындай ачуусу келгенин көргөн эмесмин. Ал бир аз тыныгуудан кийин балээнин башын кылтыйтты…
– Менин жүрөгүмдүн алдында дагы бир кичинекей жүрөктүн дабышы бар экенин туйдуң беле?.....http:// [moderated]/group/54622242013196

#12 06 Апрель 2017 - 21:43
..... ТИЛЕК...
5-БӨЛҮМ.
Эмне?!
– Анын атасы өзүң экениңди жакшы билесиң, – муну укканда шалдая түштүм.
– Эми эмне кылыш керек дейсиң?
– Оюңа келгенди кыл, – деди.
– Сен оюңа келгенди айта бергендей, мен оюма келгенди кылбайм. Бул баш ооруну… – андан аркысын эмне дээримди билбей калдым.
– Бул баш ооруну мага эле калтырчы, Кудай жалгагыр!
– Бул эми экөөбүздүн баш оору.
– Мен сага али жарык дүйнөгө келе элек наристенин залакасын тийгизбей, өзүм эле асырайм. Бирок сенин эмне мынча тынчың кетти? Мындай сыноо башыңа келгенде бүжүрөп каларыңды күткөн эмесмин.
– Адегенде жарык дүйнөгө келер наристе жол караган атасыз жетим болуп каларын ойлодуңбу? Күнөөсүз бечаранын атасы болор-болбосумду күн мурунтан менден эмне сурабадың? Же менин тагдырымды сыртыман бычып калдыңбы?! Анын тагдыры, келечеги эмне болорун ойлодуң беле? «Атаң ким?» деген ар кимдин дейди суроосу баланы өмүр бою жер каратарын билесиңби?
– “Апамдын баласымын” деп айтат.
– Атасыз бала деген баары бир атасыз!
– Атасы сен… Тирүү турасың го!
– Ата деген сен ойлогондой тийип-качып, келип-кетип жүргөн жолбун ит эмес. Ал да баланын маңдайынан сылап, тизесине алып отуруп эркелеткендей болуш керек. Билсең, ата деген - үй-бүлөнүн төбөсүндөгү түндүк. А биз үй-бүлө эмес, ойношпуз, – бул сөз оозуман кантип чыгып кеткенин өзүм билбей калдым.
– Ойнош болсок ойношпуз. А эмне, ойноштон бала төрөгөндөр жок бекен? Эгер баланы атасыз өстүргүң келбесе, анда сенин токолуң болуп тиеин. Көнөсүңбү? – мени шакаба чеккенин да, чын айтканын да түшүнгөнүм жок, – анда үйүң бала бакчага айланып, өзүң айткандай, үстүбүздөгү түндүгүбүзгө айланасың. Анда сен мактаган Жаркындын эстүүлүгү чын болсо, ал байбичең кереге, мен, токолуң уук болом. Анан сендей түндүк кармап турса, кереге менен уук эмнеге кыйрасын.
Айжүз мени мыскылдап да, табалап да кирди.
– Чынында мындай жаңылык эр жигитти кубандырабы дедим эле. А сен кубанмак түгүл, заманың куурулуп кетти го, бечара.
Ортобуз жымжырт болуп калды. Экөөбүздүн ортобузда болгон жымжырттык биринчи жолу узакка созулду. Ал ыйлап жиберди.
– Эми мени эне болуу бактысынан ажыратар киши сен эмессиң. Зарлап тилеген баламдын тагдырына кейибе. Сага анын эч залакасын тийгизбейм. Жаныма караан болор жан шерикти өзүм асырайм. Мен да эне болуу бактысынан кечиккенимди түшүнүп тобокелге бардым. Менин жалгыздыгымды сен кайдан түшүнмөк элең. Күндөн-күнгө сени күткөндөн жададым. Сен келгенде кучагым толо тосуп алып, кайра кетериңде мына бул босогодон узаткандан жададым. Мына бу бөлмөнүн ичиндеги жалгыз караанымдан, жалгыз жаздыкты кучактап жаткандан жададым.
Эмне дейм? Башымды шылкыйтып отуруп бердим. Бөлмөдөгү чылымдын түтүнүнөн башым ооруй баштады. Айжүздүн негедир бүгүн бир дагы тал чылым чекпегенин байкап ичимен өзүмө-өзүм суроо бердим: «Эмнеге чекпей калган?»
Айжүзгө келип-кетем, бирок мурдагыдай эмес. Ай-күнү жакындаган сайын ал мага таарынчаак болуп алды. Кээде болор-болбос нерседен чыртыйып калат. Ага дайыма врачтардын да, башкалардын да тыкыр көзөмөлү керек болду. Аны күнүгө көзөмөлгө алууга менин мүмкүнчүлүгүм жок, жанында көп учурда Ширин болуп атты.
Гинекологдор Айжүзгө “эркек бала төрөйсүң” дешиптир. Биз ошондуктан али төрөлө элек наристебиздин атын Жаншерик коюп алдык. Мен эми Айжүздү эле эмес, анын курсагында жаткан Жаншерикти да эркелетчү болдум. Келерим менен Айжүздүн курсагына алаканымды басып Жаншерик менен да учурашам, сүйлөшөм. Анын башы кайда, буту кайда экенин издегенимди Айжүз жактырарын билем. Ошон үчүн мен да Айжүздүн кытыгысын келтирип курсагын сылагандан жадабайм.
Тагдырдын тамашасы: Айжүз эле эмес, Жаркындын да боюнда бар болчу. Анын да ай-күнү жетип калган. Мүмкүн, Айжүздөн мурда төрөйт же удаалаш. Айтор, экөөнүн тең курсагы жер шарындай чендеет. Кимиси мурда, билбейм. Билгеним – Айжүз эркек төрөйт. А Жаркынчы?
***
Кар ошол күнү болуп көрбөгөндөй жаады. Шаар ичинде мурда мындай калың жааган карды көргөн эмесмин. Негедир ошондо жааган кар башыма чоң кайгыны кошо жаадыргандай сезилет. Кучагым толо гүл көтөрүп, төрөткананын терезесинен Айжүз качан көрүнөт деп Жаншериктин жарыкка келишин күткөм. Эртең менен иштеген жериме Ширин телефон чалып Айжүздү тез жардам менен төрөтканага жеткиргенин айткан. Абалын сурасам, «жакшы», - деди. Дароо жетип келдим. Себеби дайыма Жаркын да тез жардам менен төрөтканага жетер замат көз жарарын билчүмүн. Калың жааган карды кечип бир жарым сааттан ашык убакыт төрөткананын короосунда басып жүрдүм. Сууктан улам колумдагы гүлдөр бүрүшүп калганда аргасыздан ыргытканга туура келди. Гүл бир заматта кар астына көмүлүп өзүнчө апапак дөңчө пайда болду. Мен жаңыдан келгендеги жаап жаткан кардын өлчөмү кызыл ашыктан тез эле тизеге жеткени эсимде. Майда-майда кадам менен төрөткананын короосундагы карды таптап атканымда Ширин келип калды. Ошондо анын «жезде» дегенин биринчи уктум......http: //[moderated]/group/54622242013196

#13 06 Апрель 2017 - 21:44
.....ТИЛЕК...
6-БӨЛҮМ.
Жезде, Айжүз төрөдүбү?
– Андай кабарды эки сааттан бери чыдамсыз күтүп атам, – шайыр маанай менен жооп бергенге аракет кылдым. Антип Ширинге жооп айтарым менен экөөбүздө тең кабатырлануу башталды. Менде кандайдыр Шириндин алдында күнөөлүү сезим пайда болду. Бири-бирибизге үндөшпөй, короодо каршы-терши басып жүрсөк, жаныбызга ак халатчан бирөө келди:
– Силер Айжүздүн жакындары болосуңарбы?
– Ооба! – деп экөөбүз бирдей жооп узаттык.
– Анда сиздердин макулдук болсо, Айжүздү медициналык жардам менен төрөтүүгө уруксат алалы дедик. Кан басымы төмөн болгондуктан бөлөк жол жок.
– Ал кандай жол? – деп тынчсыздандым, Шириндин болсо оозунан келмеси түшүп калды.
– Кесарево.
– Кесарево! – Ширин бул сөздү укканда чочуп кетти, – бизге азыр Айжүздүн өзүнө жолугушууга уруксатпы?
Врач бир аз ойлонуп:
– Аны башкы гинекологдон сураңыздар, – деди.
Биз дароо башкы гинекологго кирдик. Ал бизге Айжүз жаткан палатага баш багууга кыйылып атып уруксат берди. Ширин экөөбүз гинекологдун артынан ээрчип Айжүз жаткан палатага кирсек, кыйналганынан эрдин кырча тиштенип жатыптыр. Ал бизди көрөр замат эчкирип ыйлап жиберди.
– Зардос, жанымда болчу. Коркуп атам.
– Эч жакка кетпейм… Жаныңда болом… Ыйлабачы…
– Жаншерикке өзүң бирдеңке шыбырачы, - алаканым менен Айжүздүн курсагын сыладым, – ага бирдеңке дечи.
– Жаншерик…
– Зардос, мен ага башка ысым койдум. Сен ошол ысымга макулсуңбу?
– Сен айткандын баарына макулмун. Кана, айтчы. Кандай ысым?
– Тилек.
– Тилегиң кабыл болсун! Жакшы ысым таапсың.
– Мурда экөөбүз Жаншерик болсун дегенбиз, эсиңдеби? Менин эми бул дүйнөдө зарлап күткөн тилегим аман болсун. Бул Тилегим сага аманат… – анын бул сөздөрүнөн денем үркүп кетти, – Тилек дегеним жактыбы сага?
– Тилек да жагат, Жаншерик да жагат. Сенин ниетиңдегинин баары жагат. Мага жакпаган сенин эч нерсең жок.
– Эмнеге Жаншерик эмес, Тилек дегим келет? – мага Айжүздүн каректери сырдуу кадалды. Менден жооп күткөн-күтпөгөнүн биле албадым.
– Жана бир өлүм менен өмүрдүн ортосундагы караңгыны көрдүм. Ошондо аны менен жан шерик болбосумду туюп, бир гана аман-эсен көз жарышын тилеп Жаншерик эмес, Тилек болсун дедим.
Сырттагы сампарлап жааган карды тиктеп, дагы эмне айтсам дегенсип тыным алып калды.
– Айжүз, антпечи.
– Эгер тилегеним жарыкка келсе, атын Тилек кой, макулбу?
Менден көздөрүн ала качыш үчүн башын жууркандын алдына катты. Өзүн кармана албай ыйлаган Айжүздүн бүлкүлдөгөн жуурканы көзүмө суунун майда толкунундай көрүндү. «Өзүңдү колго ал» деп айталбай койдум. Кайратым бош экен, аныкындай ый менин да көөдөнүмдү тээп турган. Мүмкүн, Айжүз акыркы жолу менден бирдеңке уккусу келгендир. А мен ага эмне дээримди билбедим. «Өзүңдү колго ал» дегенден башка сөз оозума келген жок. Бирок ошону да ичимен кайталап, сыртыма чыгара албадым.
Ширин бул учурда ак халатчандар алдына сунган журналга кол коюп чебелектеп жүргөн. Жаныма башкы гинеколог келгенинен Айжүз менин сыртка кетүүмдү суранды. Чыгып баратып артыма кылчайдым. Ак шейшептин алдына башын каткан Айжүзгө: «Өзүңдү колго ал», - дедим. Бирок ал уккан жок, эчкирип ыйлап жаткан. Эчкирген ыйын шейшептин алдына жашырып, ошондо менден эмне үчүн көздөрүн ала качты, билбейм......http: //[moderated]/group/54622242013196

#14 06 Апрель 2017 - 21:45
.......ТИЛЕК.....
.
7-АКЫРКЫ БӨЛҮМ.
Ширин экөөбүз төрөткананын далисинде операцияны 1,5 сааттан ашык күттүк. Сампарлап жааган кар качан токтогонун билбейм, сыртка чыксам, булуттар туш-тушка тарап, күүгүм алдында асман кайра түнөрөрү да, ачылары да белгисиз эле...
Чылым чегип кайра кирдим. Далистеги Ширин экөөбүздүн жаныбызга башкы гинеколог качан келип калганын байкабапмын.
– Кайрат кылгыла, – деди. Алдыбызда күнөөлүү немедей башын ылдый салганын көргөндө эле жүрөгүм шуу деген.
Айжүз экөөбүздүн ортодогу мамиле жөнүндө Жаркынга болгонун болгондой угуздум. Ага муну айтпаска аргам жок эле. Врачтар бардык аракетин жумшап баланы гана аман алып калышты. Балага эне сүтү керек экенин менден мурда Жаркын түшүндү. Айжүздү кара жерге жашырган күндүн эртеси эле ал уул төрөгөн. Ошол уулумдун аты Жаншерик. Үйдөгү эки бешикти алмак-салмак терметкен - Жаркын. Ал күнү да, түнү да эки бешиктин ортосунда отуруп көз ирмейт. Бир эмчегин Жаншерик, бирин Тилек сорот. Экөө бирдей ыйлаган учурда Жаншериктен мурда Тилекти колуна көтөрөт. Ал көбүрөөк ыйлайт. Дайыма Тилек ыйлап баштаганда жанымды коёрго жер таппайм. Мага анын үнү заар угулат.
Эмнеге экенин билбейм, эки күндүн биринде Айжүздүн кабырын көргөнгө келчү болуп алдым. Мүрзөнүн топурагын уучума мыкчып, аны менен сүйлөшөм. Аза күткөн күнү көөдөнүмдө өзүнөн-өзү жаралган ырды күңгүрөнүп окуйм.
Мейли, Теңир жерди көктөн айрысын,
Мени сенден неге бөлдү?.. Кайгы ушул.
Көнсөм дагы бир адатка баш оомо,
Көнөм кантип, көрбөй сени жашоого!
Күндө көрүп асмандагы ай, күндү
Унутамын кантип ушул кайгымды.
Жашоодогу зарлап жүрүп тилеген,
Жаның кантип Жаншериктен айрылды!
Калыбында калды баары өзгөрбөй,
Карааныңды жер үстүнөн көз көрбөй.
Зарлап жүрүп бул дүйнөдө артыңан,
Мен айланам жалгыз жанга дартысар.
Күндө көрүп асмандагы ай, күндү
Унутамын кантип ушул кайгымды.
Жароокерим, жашоо сүйгөн жан элең,
Жашоо менен жаның кантип айрылды!
Бир күнү Айжүз экөөбүз бир басып, бир турган көчөлөрдү, шаар ичин кыдыргым келди. Айжүздүн тирүү элесин жолуктурчудай эң биринчи бизди алгачкы жолу тааныштырган гүлзарга бардым. Теребелдин баары суз көрүндү. Тарбайган теректерде секирип жүргөн тыйын чычкандарды тиктеп отуруп сары мышык эсиме келди. Аны унутуп койгонум үчүн арбак алдында өзүмдү күнөөлүү сездим. Кароосуз калган сары мышыктын эмне болгонуна санааркап атайын бардым.
Подъездге кирип бир кезде Айжүз экөөбүздүн бутубуз баскан тепкичке кадам таштарым менен артыман «мыя-уу» деген үн угулду. Кылчайсам, мени таанып, артыман чуркап келген сары мышык буттарыма сөйкөнүп эркелей баштады. Тилин жаланып, колумду карайт. Баягы жонундагы жылтыраган жүнү клей төгүлгөндөй батташып бечара жүдөй түшүптүр. Упузун денеси жалаң тарамыштан бүткөндөй, кабыргасы кабырылып, булчуң эттери чыйратылган аркандай болуп көзүмө жаман көрүндү. Жонунан сыламакка эңкеерим менен мурдума жагымсыз жыты урду. Айжүз бардагыдай жууп, тарап, тамактандырган жан болбосо керек. Адам менен адамдын ортосундагы жоготууну кой, адам менен айбандын ортосундагы жоготуу да оңой эмес окшойт. Өмүрүмдө журтта калып улуган итти көргөмүн. Мышыкты көргөн эмесмин. Ээсиз калган мышык аянычтуу болот экен. Тозуп кетиптир. Көздөрү аяныч туудурган мышыкты ошондо көрдүм. Алаканыма койгон бир кездеги кебездей жумшак таманы курушкан кийиздей сезилди. Ичим ошондо сыйрылып, өксүп ыйлап ийдим. ....http://[moderated]/ group/54622242013196
(Аягы)