Баракча 1 - 1
Баатырлардын үмүтү акталдыбы?
#2 07 Апрель 2017 - 16:57
Акталбады, баатырлардын арасында чындап эле мекенди ойлогону чын ниет мн курошкондору болгондур, бирок кобу капыстан каза болгон. Аларды тынчытуу учун млндон берип алдап койду убактылуу окмот.
Билдирүүнү түзөткөн: cheksiz-oilor-tajatty: 07 Апрель 2017 - 16:57
#3 07 Апрель 2017 - 17:01
Азыр митинг кылып коргулочу азыркы бийлик деле элди ата тургандай эле туру бар экен.
#4 07 Апрель 2017 - 17:02
Кандай майрам???? Бугун день траура,блин!
!!Канча деген бейкуноо солдаттар,милициялар приказ ды аткарып каза болушкан!
Мына "эл баатырлары"
оздору чыккан да олумго,аларды бироо зордоп алып чыккан эмес!Ошондон бери эмне озгорду?Кандай жакшы нерселерге жетиштик!
?Дагы эле баягы бийликтегилер млн.догон акчалардын артынанан бири бири менен соттошуп,акчаларын эсептей албай убара!Карапайым калк оз жерибизде 5мин айлыкка кайыл болуп,тентигенибиз тентип чет олкодо журобуз!Майрам имиш!!
#Может не в тему!#накипело#
#Может не в тему!#накипело#
#5 07 Апрель 2017 - 17:09
Мээримка86 айткандай эч кандай озгору болгон жок олкодо. Мигранттар саны кайра кобойсо кобойду азайган жок. Айлык акы жогорулады Бакиев дооруна салыштырмалуу деген мн, бул дуйноолук акчанын кадыры баасында. Доллар Бакиев убагында 34сом болсо азыр эки эсе жогору. Продукта тамак аш кийим кече кымбаттаган эки уч эсе. Жолгирелер кымбаттаган эки эсе. Анан кайдагы жогору айлык? Айырма жок
#6 07 Апрель 2017 - 17:16
Жакшы дагы Кытайдын арзан кийим кече буюм теримдери, бар экен олко эптеп жашап жатат. Ошол КГ дукон базарларындагы буюмдардын Европалык же Япониялык Америкалык турун сатып алып коргулочу вообще кымбатчылык болмок. Бир айлыгына бир буюм келбей калмак. Демек дуйноолук стандартка айлык акы туура келбейт Кыргызстандын.
Ошон учун жакыр олко тизмесиндебиз.
Эмнеге жакырбыз бир жакшына заманбап кийинип заманбап буюмдарды колдонуп журобузго дешинер мумкун. Бирок Кытайский жашоо ал. Европа ж.б онуккон олколордун денгээлине туура келбейт.
#7 07 Апрель 2017 - 17:19
Бакиевди кабинетинен кууп,ошол эле кабинетке кирип алды десек болот менимче.
#8 07 Апрель 2017 - 17:36
Акталбады. Акаев бизди карызга батырса, Бакиев балдарыбызга,
Атамбаев неберелерибизге чейин карызга батырды. Аларды эми ким толойт? Алар жеп жеп качып кете беришет. Кан тогулгон, алардын каны азыркы бийликтегилерге ийгилик алып келди.
#9 07 Апрель 2017 - 20:01
" Майрамыныздар мн куттуктаймын"
дегени тан калтырды!
Орду толгус жоготууну майрам деп белгилеп отурсак уят да!
#10 07 Апрель 2017 - 20:16
Артистер деле жүрөтго өлгөн адамдардын арбагын сыйлайбыз деп концерт берип.
Арбагына багыштадык ушул концертибизди деп.
Дагы концерт бүткөндөн кийин арбагы бизден ыраазы болуп бир козголуп алды дешип.
Арбак концерттен ыраазы болгонун каяктан билип алышат мен тан каламын да.
Арбагына багыштадык ушул концертибизди деп.
Дагы концерт бүткөндөн кийин арбагы бизден ыраазы болуп бир козголуп алды дешип.
Арбак концерттен ыраазы болгонун каяктан билип алышат мен тан каламын да.
Билдирүүнү түзөткөн: Nurmuhammad-1: 07 Апрель 2017 - 20:20
#11 07 Апрель 2017 - 20:25
Өлгөн адамдар тирүүлөрдөн бир эле сураганы дуба.Куран окуп,жакшы иштерди жасап ошол өткөн адамдардын рухуна багыштоо.А концерт берип майрамдаса аларга минус эле болот пайда жок.
#13 07 Апрель 2017 - 22:52
Биро айтатко Жеңиш күнүн майрамдагандай болуп атабыз деп.
Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#15 08 Апрель 2017 - 03:11
Атамбаевдин жеке өзүнө майрам! Жалпы кыргыз элине майрам эмес! Балдарынан айрылган энелер, жубайын жоготкон келинчектер,
атасын жоготкон жаш балдар майрамдайбы?
Баатырлардын үмүтү акталган жок! Баягы эле жашоо, баягы эле коррупция!
Баатырлардын үмүтү акталган жок! Баягы эле жашоо, баягы эле коррупция!
#16 08 Апрель 2017 - 19:45
Өлгөн өзүнүн шору, -деген сөз барго.
Канчалагандардын канына забын болуп, бийликке жеткендер үчун майрам болсо, майрам болгондур да......
Канчалагандардын канына забын болуп, бийликке жеткендер үчун майрам болсо, майрам болгондур да......
#17 08 Апрель 2017 - 19:52
Классташымын бүгүн парда отурсак "Кыргыздар бири-бирин өлтүрсө деле майрам боло береби?" деп адамды күлдүрдү эле, анын сыңарындай мен да анча түшүнө бербейм ушу 7-апрелге. Ошол маалда эл эч нерсени тушундөй эле майданга барып, жок жерден өлгөндөй сезиле берет.
:)
#18 08 Апрель 2017 - 20:40
gulzar_gulu (08 Апрель 2017 - 19:52) жазган:
Классташымын бүгүн парда отурсак "Кыргыздар бири-бирин өлтүрсө деле майрам боло береби?" деп адамды күлдүрдү эле, анын сыңарындай мен да анча түшүнө бербейм ушу 7-апрелге. Ошол маалда эл эч нерсени тушундөй эле майданга барып, жок жерден өлгөндөй сезиле берет.
Туура бир чети.
Менин бир Таластык досум бар эле.
Ошол күнү кыздуу болгом дейт сүйүнүп роддомго баратсам (плошад жактан өтүп баратыптыр) кокустан колума ок келип тийген дейт.
Былтыр жолугушуп калсам өкмөт үй анан акча жана башка көптөгөн белектерди бериптир.Өзү күлүп аткан мен митинге өзү барган деле эмесмин деп.))
#19 10 Апрель 2017 - 14:26
90 баланын башын жуткан Атамбаевге башканын кайгы көз жашы улуттук майрам экен. 2010-жылы Алмазбек Атамбаев Форумдун алдына элди чогултуп, аларга тамак уюштуруп, суу тараткан.
Алар, тамактангандан кийин психикалык жактан өздөрүн көзөмөлдөй албай калышкан. Ал жерге барган милициялардын куралын тартып алып, машинелерин өрттөп, тишине чейин куралданган элдер Ак Үйгө чабуулга өтүшкөн. Көпчүлүгү мас, кээ бирлери Атамбаевдин атайын берген суусуна каны дүүлүгүп кадимкидей согушка өтүшкөн. Алар, Ак Үйдү аткылап, улам чабуулга өтүшкөн. Ак Үй тараптан желим ок менен жооп беришкен. Бирок, кызыгы Ак Үйдүн тосмосуна жеткен элди белгисиз тараптан атып өлтүрүшкөн. Каза тапкандардын көпчүлүгү артынан ок тийгени белгилүү болгон, экспертиза жыйынтыгында.
Моргдо 8-апрелден кийин ар кандай жараат алып өлгтндөр "7-апрель баатыры" наамын алышты. Мисалы, бычак, темир менен башына урулган ж.б. Булар каза болгондордун көпчүлүгүн түзөт. Алар, мародерлук убагында өз ара мушташып өлгөндөр.
Менин чындыкты жазганым айрымдарды чычалатат болуш керек, тарых чындыгы ушундай. Магазин тоноп, мародерлук кылгандар баатыр болуп чыгышты. Ала Тоо аянтында 17 адам каза тапкан. Калганы ар кайсы шаардын бурчунан чогултулган.
Ак Үйгө чабуул кылган элдин кыжырын келтирүү максатында үчүнчү тарап аларды артынан атып өлтүргөн. Муну менен бийликти басып алуу тилеги ишке ашкан. Үчүнчү тарап ким деп ойлойсуздар? Албетте Атамбаевдин канкорлору.
Кан төгүп болсун бийликти басып алам деген сөзү бар.
Апрелден кийин Убактылуу өкмөт "Бакиевдин снайперлерин кармадык, алар чет элдиктер экен. Ошолор элди атыптыр" деп билдирүү таратышкан. Кийин ал тууралуу эстешкен жок. Элди аткан снайперлерди эмнеге сурашкан жок же маалымат берип жазага тартпады?!
Бул снайпер элди аткандар өздөрү болчу.
Эми, Алмазбек Атамбаев каргашалуу күндү, бирөөнүн каны забын кеткен, кан какшап жакынын жоготкон бей.бечаралардын көз жашы көлдөй аккан 7-апрелди улуттук майрам деп статус берди.
Башкалардын көз жашы, азабы, тозогу - Атамбаевге улуттук майрам. Бирөөнүн кайгысынан байлык, бийлик жасаган Атамбаевди Кудай урса экен!
Дачасу айылында 40 адамдын өмүрүн дагы Атамбаевдин ачкөздүгүнүн кесепети , анын жүгүн ташыган самолет алып кетти. Кара жолтой Атамбаев элге кара кабар болду.
7-апрелдеги чындык ушундай. Балким кимдир бирөөгө менин жазганым жакпайт чыгар, мен аларга таңуулабайм. 7-апрель эч кандай революция эмес, бийлик басып алуудагы бей бечаралардын каны суудай аккан күн. Мына ушул күнү тексиздер, шопурлар, жиндилер, оорукчандар, уурулар, сабатсыздар, акмактар бийликке келген күн.
P.S: Маалымат Facebook сайтынан Дариха Ишанованын оздук баракчасынан алынды...