Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 634
  • 635
  • 636
  • 637
  • 638
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#12701 Пользователь офлайн   atai9292   07 Апрель 2017 - 10:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: Бүгүн, 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения kalen9001 (07 Апрель 2017 - 01:16) жазган:

Ассалам алейкум Атай таксыр! Бир эле суроом бар, намаз окуйсунбу?

Ва алейкум ассалоом!
Альхамдулилла ооба окуйм
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12702 Пользователь офлайн   Djemre28   07 Апрель 2017 - 10:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 24 Январь 17
  • Соңку аракети: 18 Фев 2024 21:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Ассаламу алейкум!Намаз окуганыныз кубантты.
Мен да суроо бере кетейин:

1 Качантан бери намаз окуйсуз?

2 Озунузго жаккан жана жакпаган сапаттарыныз?

3 Буюрса форумчу кызга уйлонсонуз форумдагылардын баары тоюнузга барабыз дешсе эмне демексиз)) же уйунуздогулор кандай ойлойт?
Ушул эле башка суроолорду жогоруда беришиптир. Ден-соолук,бакыт, интервьюнузга ийгилик каалаймын!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12703 Пользователь офлайн   kaidasyn   07 Апрель 2017 - 10:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Асссалам алейкум! Ийгилик доске эртерээк аяштуу кыл буйруса К.Р ушу барышта аяштуу болгонумдун урматына.Футболду сен откоруп каласын да.))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12704 Пользователь офлайн   atai9292   07 Апрель 2017 - 17:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: Бүгүн, 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

[quote name='Djemre28' date='07 Апрель 2017 - 10:31' timestamp='1491539465' post='3379247' ]
Ассаламу алейкум!Намаз окуганыныз кубантты.
Мен да суроо бере кетейин:

Ва алейкум ассалоом!

1 Качантан бери намаз окуйсуз?

Көп боло элек,жакынкы жылдардан бери эле

2 Озунузго жаккан жана жакпаган сапаттарыныз?

Жаккан сапатыма караганда жакпаган сапатым көбүрөөк, баарын айтып отурсам эки бет толуп кететко ))

3 Буюрса форумчу кызга уйлонсонуз форумдагылардын баары тоюнузга барабыз дешсе эмне демексиз)) же уйунуздогулор кандай ойлойт?

Өзүм тааныштарым көп болгонду жакшы көрөм. Тойдун көркүн досторуң ачат эмеспи кайра сүйүнмөкпүз, үйүмдөкүлөр андай нерселеоге кийлигише бербейт

Ушул эле башка суроолорду жогоруда беришиптир. Ден-соолук,бакыт, интервьюнузга ийгилик каалаймын!

Рахмат! Сизге да Алла Таалам эки дүйнө бактылуулук берсин
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12705 Пользователь офлайн   atai9292   07 Апрель 2017 - 17:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: Бүгүн, 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения kaidasyn (07 Апрель 2017 - 10:56) жазган:

Асссалам алейкум! Ийгилик доске эртерээк аяштуу кыл буйруса К.Р ушу барышта аяштуу болгонумдун урматына.Футболду сен откоруп каласын да.))


Ва алейкум ассалоом!
Эми баары акырын аста секиндик менен болуп келе жатат. Аяшыңында ата-энеси багып жүргөндүр аппагым деп ))
Келе бер футбол эле болсо жарасы жеңил эле экен.)
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12706 Пользователь офлайн   Monchoshka   08 Апрель 2017 - 00:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 335
  • Катталган: 05 Август 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2017 14:38

Ассаляму алайкум.

Куш келипсиз, суроо узата кетейин.
Өмүрүңүздө бир жолу түн ортосу таххажут намазын окугансызбы?
Азыркы учурда өлкөбүздөгү "эң чоң көйгөй" деп эмнени айтмаксыз ?
Кыздарда болгон кайсы сапат эң көп ирээнжитет?

Рахмат, Бактылуу болуңуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12707 Пользователь офлайн   Sagyn.91   08 Апрель 2017 - 03:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Ассаламу алейкум досумбек, интервьюга куш келипсин, мен дагы болоор болбос суроолорду бере кетеин ок))) Таааак"
* Кыздар мн жоолукканда ( биринчи жоолугушканда) эмнесине кобуроок маани бересин?
* Форумчу ( тизмектей кет) кайсы кыздарга реалда жоолуктун. ( ачык жооп берчу учур келди окшойт сен учун, дегеним баары сени тааныйт)Эгер жолуксан, азыркы мамилен кандай болуп уланып скелет (
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12708 Пользователь офлайн   Sagyn.91   08 Апрель 2017 - 03:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Ассаламу алейкум досумбек, интервьюга куш келипсин, мен дагы болоор болбос суроолорду бере кетеин ок))) Таааак"
* Кыздар мн жоолукканда ( биринчи жоолугушканда) эмнесине кобуроок маани бересин?
* Форумчу ( тизмектей кет) кайсы кыздарга реалда жоолуктун. ( ачык жооп берчу учур келди окшойт сен учун, дегеним баары сени тааныйт)Эгер жолуксан, азыркы мамилен кандай болуп уланып келе жатат.
* Келечектеги келинчегинди форумчу кыздардан бироосун болуусун коз карашын мн коро аласынбы?
* Адам баласы кээде сабырсыз болуп кетет эмесби, эгерде жоопкерчиликтуу маселе болсо кимдин жардамы мн чечмексин,( сенин келечегине таасири бар болсо) же озундун сабырдуулугунду кармап, жети олчоп бир кесесинби?

Алдын ала рахмат( кыжырды келтиретурган суроолорго жооп бересин Эми айла жок, келгенден кийин:)) Ийгилик досум, дайыма Ата-эне, уй булонду ббиринчи орунга койгон элиндин мыкты жигиттеринен бол)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12709 Пользователь офлайн   atai9292   08 Апрель 2017 - 09:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: Бүгүн, 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

[quote name='Monchoshka' date='08 Апрель 2017 - 00:58' timestamp='1491591500' post='3380279' ]
Ассаляму алайкум.

Ва алейкум ассалоом

Куш келипсиз, суроо узата кетейин.
Өмүрүңүздө бир жолу түн ортосу таххажут намазын окугансызбы?

Тахаджуд намазын тез тез окуп турганга аракет жасайм. Дубалар дал ушул түн өртосунда окулган Тахаджуд намазында кабыл болот делген

Азыркы учурда өлкөбүздөгү "эң чоң көйгөй" деп эмнени айтмаксыз ?

Биздин өлкө азыр көйгөйдөн башы чыкпай калдыго дейм)) Негизги көйгөйү Кырзыз элине кызмат кыла турган татыктуу президент шайлап алууго деп ойлойм

Кыздарда болгон кайсы сапат эң көп ирээнжитет?

Сапатын билбейм бирок азыркы көпчүлүк кыздардын кыска кийинип жүргөнү мени өкүндүрөт

Рахмат, Бактылуу болуңуз.

Рахмат Айтканыңыз келсин
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12710 Пользователь офлайн   atai9292   08 Апрель 2017 - 09:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: Бүгүн, 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

[quote name='Sagyn.91' date='08 Апрель 2017 - 03:34' timestamp='1491600858' post='3380386' ]
Ассаламу алейкум досумбек, интервьюга куш келипсин, мен дагы болоор болбос суроолорду бере кетеин ок)))

Ва алейкум ассалоом! Сенда куш келипсин жигар))

Таааак"
* Кыздар мн жоолукканда ( биринчи жоолугушканда) эмнесине кобуроок маани бересин?

Ушуну билбейт экенмин, эми жолугуп калсам байкап көрөт окшойм эмнесине маани берем деп

* Форумчу ( тизмектей кет) кайсы кыздарга реалда жоолуктун. ( ачык жооп берчу учур келди окшойт сен учун, дегеним баары сени тааныйт)Эгер жолуксан, азыркы мамилен кандай болуп уланып келе жатат.

Суроону ачыгы жакшы түшүнө албадым. Форумдагы кайсы айымдарды реалда көргөнсүн дегенсинго. Аны качан тизмектеп чыгам
Umnitsa, asi_gulum, Geran, nurmatova, shaa82, jenevra, Leyla, XuLiGaNkA, rnurzida, barpynynkyzy, orhideya, akua-94mema, gemma, brunette, jasi, nazi93, kursanai, gulshan.kf, lazygirl, akua96, BeStone, Xolerik ж.б.(калып кеткендер үзүр) форумчу айымдарды реал жашоодо көргөн экенмин. Кудайга шүгүр Азыр деле мамилем жакшы

* Келечектеги келинчегинди форумчу кыздардан бироосун болуусун коз карашын мн коро аласынбы?

Ооба албеттеда)

* Адам баласы кээде сабырсыз болуп кетет эмесби, эгерде жоопкерчиликтуу маселе болсо кимдин жардамы мн чечмексин,( сенин келечегине таасири бар болсо) же озундун сабырдуулугунду кармап, жети олчоп бир кесесинби?

Ким менен чечилчүү маселе ошол жагына карайм.
Балким үй бүлөм, балким досторум менен кеңешчү маселедир.
Үй бүлөм менен чече турган маселе болсо сөзсүз үйдө ортого салам.

Алдын ала рахмат( кыжырды келтиретурган суроолорго жооп бересин Эми айла жок, келгенден кийин:)) Ийгилик досум, дайыма Ата-эне, уй булонду ббиринчи орунга койгон элиндин мыкты жигиттеринен бол))

Рахмат Айтканың келсин
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12711 Пользователь офлайн   happy02   08 Апрель 2017 - 10:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Sagyn.91 (08 Апрель 2017 - 03:24) жазган:


* Форумчу ( тизмектей кет) кайсы кыздарга реалда жоолуктун. ( ачык жооп берчу учур келди окшойт сен учун, дегеним баары сени тааныйт)Эгер жолуксан, азыркы мамилен кандай болуп уланып скелет (


Аай бул Росс байкем менден башкасынын баарын коргон.. Мнесин сурайсыз.. :crazy-girl:


Кандайсыз анан Росс байке.. Аябай созулуп алып интервью берип жатыпсыз..)

1. Жигит болсон шок бол, шок болбосон жок бол дейт го.. Шоктун жагынан кандайсыз..?

2. Атыныз Атабек экен. Мааниси кандай ысымыныздын. .?
Форумга Атай болуп катталуунуздун себеби..? Атабек деп ник ачсаныз болмок экен дегеним..

3. Форумдан качандыр бир кездерде таптакыр алыстайм деген ойлор болобу..

Осьоо..

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12712 Пользователь офлайн   cheksiz-oilor-tajatty   08 Апрель 2017 - 10:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 945
  • Катталган: 08 Апрель 16
  • Соңку аракети: 17 Июн 2017 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Калаа эмес шаарда жашайт

Капыраай десе, аябай жакшы интирву берипсин Атай. Ийгилик каалайм. Суроо берейин десем оюма эч нерсе келбеди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12713 Пользователь офлайн   atai9292   08 Апрель 2017 - 11:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: Бүгүн, 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

[quote name='happy02' date='08 Апрель 2017 - 10:12' timestamp='1491624777' post='3380565' ]
[i][b] Аай бул Росс байкем менден башкасынын баарын коргон.. Мнесин сурайсыз.. :crazy-girl:


Кандайсыз анан Росс байке.. Аябай созулуп алып интервью берип жатыпсыз..)

Мен шүгүр Альхамдулилла рахмат! Созулуп берип жатыпмынбы е? ))

1. Жигит болсон шок бол, шок болбосон жок бол дейт го.. Шоктун жагынан кандайсыз..?

Шоктонуш боюнча бирөөнү алдыма салдырбайм аны сен деле жакшы билсең керек. Эми шоктонот десе эле бирөө менен мушташып же башка кылып эмес албетте )

2. Атыныз Атабек экен. Мааниси кандай ысымыныздын. .?
Форумга Атай болуп катталуунуздун себеби..? Атабек деп ник ачсаныз болмок экен дегеним..

Тарбиячы мугалим дегенди түшүндүрөт.
Атабек өз атым болсо Атай деп туугандар кличка коюп койгон буга өзүм деле көнүп калганмын сени деле Жака дейтко ошол сыяктуу эле )

3. Форумдан качандыр бир кездерде таптакыр алыстайм деген ойлор болобу..


Азырынча андай ой деле жок,аны эми убакыт көрсөтөтда
Осьоо..

Билдирүүнү түзөткөн: atai9292: 08 Апрель 2017 - 12:14

Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12714 Пользователь офлайн   atai9292   08 Апрель 2017 - 11:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: Бүгүн, 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения cheksiz-oilor- tajatty (08 Апрель 2017 - 10:53) жазган:

Капыраай десе, аябай жакшы интирву берипсин Атай. Ийгилик каалайм. Суроо берейин десем оюма эч нерсе келбеди.

Рахмат!
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12715 Пользователь офлайн   ozledim.   10 Апрель 2017 - 10:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 493
  • Катталган: 10 Январь 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 13:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Караңгылык.

Саламатсызбы Атай мырза! Сизди тааныбасам да суроо узаткым келди.
Форумчу кыздар менен жолуккандагы кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз,ким менен болду эле?
Форумчулардан кимди,эмнеси менен баалайсыз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12716 Пользователь офлайн   atai9292   10 Апрель 2017 - 18:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: Бүгүн, 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения ozledim. (10 Апрель 2017 - 10:03) жазган:

Саламатсызбы Атай мырза! Сизди тааныбасам да суроо узаткым келди.
Форумчу кыздар менен жолуккандагы кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз,ким менен болду эле?
Форумчулардан кимди,эмнеси менен баалайсыз?


Саламатчылык куш келипсиз

Курсанай деген форумчу кызды тамашалап ала качканым. үйгө алып келип бир сыйра көз жашын төктүрүп жеткирип койгонум алигече эсимен кетпейт.))) Анын баарын жазышка убакыт керек болот экен
Аны андай муну мындай деп айта албайм,мен мамиле кылып жүргөндөрдүн баары соонун биринде жогу бирисинде бар
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12717 Пользователь офлайн   mega777   14 Апрель 2017 - 10:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

atai9292 ,супер- интервьюга келип, кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат . Бар болуңуз.

Супер-интервьюнун кезектеги кадырлуу коногу — суперстандагы активдүү форумчулардын бири, өзүнүн салмактуу билдирүүлөрү менен суперстандан өз ордун тапкан форумчу Gupa болмокчу.
Gupa айым , супер- интервьюга кош келипсиз. Бул он күндүктө форумчулар менен кызыктуу маек куруп бересиз деген ишенимдебиз.
Анда, алгачкы суроолор;

1. Интервьюнун коногу кайсы жердин кулуну жана өз аты-жөнү? Кыскача биография.

2. Суперге кантип катталып
калдыңыз эле? Жана нигиңиздин тарых-таржымалы.

3. Суперстандагы эсиңизде калган
кызыкка бай күндөрдөн бир көз
ирмем...

4.Эң көп кирген бөлүмүңүз,жана кайсы тема таасир калтырды эле.

5.Форумдун сиз үчүн пайдалуу жагы.

6. Супер форум жана суперстандыктар тууралуу төрт сап ыр же эки ооз сөз.

Интервьюңузга ийгилик.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12718 Пользователь офлайн   HypcylTAH   15 Апрель 2017 - 23:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 290
  • Катталган: 15 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Авг 2021 20:14
  • Жынысы:Эркек

Гупа, саламатсызбы? Куш келипсиз.
Мен да суроолордон бере кетейин))

* Дино форумчубуз кайсыл жерде торолуп, кайсы мектепти бутту экен?

* Окуучулук кезде келечекте кыялданчу кесибиниз кайсы болчу? Ошол кыялдандан кесибиниздин устунон чыгып, кыялдарды орундата алдынызбы?

* Азыркы жолдошунуз сизди кайсы озгочо мамилесинен дейбизби, мунозу же болбосо кайсы жакшы саппаттары менен багындырып алды болду экен?

* Ар бир кыздындын кыялдары ар башка болот эмесби. Ошого карабай, турмушка чыгатурган кыз, дегеле бойго жеткен кыз, жигиттердин кайсы саппаттарына конул бурат, байлыкбы, бийликби, же тек гана сулуулук, чечкиндуулук, суйуу жана бакытты га кыялданышабы? Сиздин коз карашыныз. ( Озунузду да жаза кетсениз болот)

* Форумга ыймандуу, билимдуу, жалан жакшы инсандар катталып калганбы?, ( дегеним, ар бир темаларда ар бир форумчунун жакшы жактарын байкоого болот) , же виртте эле оздорун ыймандуу, жароокер, боорукер адам болуп ( жасалмалуу) калышабы? Жеке сиздин оюнуз?

Алдын ала жообунуз учун ыраазычылык.
Уй булонуз мн эки дуйно бактылуу болушунузга тилектешмин))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12719 Пользователь офлайн   Gupa   17 Апрель 2017 - 12:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения mega777 (14 Апрель 2017 - 10:41) жазган:

atai9292 ,супер- интервьюга келип, кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат . Бар болуңуз.

Супер-интервьюнун кезектеги кадырлуу коногу — суперстандагы активдүү форумчулардын бири, өзүнүн салмактуу билдирүүлөрү менен суперстандан өз ордун тапкан форумчу Gupa болмокчу.
Gupa айым , супер- интервьюга кош келипсиз. Бул он күндүктө форумчулар менен кызыктуу маек куруп бересиз деген ишенимдебиз.
Анда, алгачкы суроолор;

Цитата

Кандайсыз? Рахмат, аракет кылайын)

1. Интервьюнун коногу кайсы жердин кулуну жана өз аты-жөнү? Кыскача биография.

Цитата

Аты-жөнүм - Гулийпа Маметосмон кызы. Мен өзүм тээ алыскы Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Алайкуусунан болом, ал кереметтүү жердин канат байлап учурган кызымын, төркүнүм. Жалал-Абаддын Аксы районуна келинмин. Кыскача эле жазайын, филологмун, Улуттук университетти 2013 бүтүргөм, учурда кесибим боюнча иштеп жатам.

2. Суперге кантип катталып
калдыңыз эле? Жана нигиңиздин тарых-таржымалы.

Цитата

Суперге мен гезитке жумушка келгенде катталгам, ал кезде Умканын да жаңы келген кези экен, ал аркылуу форумду кенен билгем. Негизи студент кезде эле катталган экенмин, ал кезде менде азыркыдай интернетке кирүү мүмкүнчүлүк жок эле, тилпонум 3500 Нокиа болчу, интернетке, жаңы технологияларгабы, аябай кызыксам керек, ошол тилпондун кыбыраган браузери менен көргөн эле интернет даректерге кирип чукулап чыкчумун, ар кандай форумдарга кирип ар улуттагылар менен жазышып, ар кайсы темаларга кирип таң атырчумун, ошол кездеги популярдуу болгон агентти да эч кимдин жардамысыз, эң алгачкылардан болуп көчүргөм, чукулап отуруп кирип, досторду кошуп алгам. Ал кезде менин айланамдагы эч ким билбейт, айтсам түшүнбөйт да болчу. Ошондой күндөрдө катталсам керек.
Нигим өзүмдүн эле эркелетилген атым. Кичинемден кээ бир жакындарым ушинтип аташчу, ошону эле коюп алгам, антпесе Гули, Гуля деген аттар да айтылып кетчү, а мага алар жакпайт)) Азыр көпчүлүк Гупа деген үчүн кулагым көнүп, өзүмдүн толук атымды айтса башкача угула турган болду))

3. Суперстандагы эсиңизде калган
кызыкка бай күндөрдөн бир көз
ирмем...

Цитата

Мен азыр "памяти" начарыраак адам болуп калгам)) Илгерки күндөр кызык эле, азыр эсиме келгени, былтыр Нурзидже Энелерге арнап сынак уюштурган эле, ошондогу жаңжалдар, талаш-тартыштар аябай көп болду эле. Ошолор көздөн чууруду.
Анан 2-3 ай мурун эле бир бөлүмгө жолдошунун башка менен сүйлөшкөнүн айтып тема ачылган экен, ошол жерден бир форумчунун "мен бир СМС менен экинчи жазгыс кылгам" деген билдирүүсүнө "ошол билдирүү кызык болду" деп жазып койсом, купуядан жазып жибериптир) Кечке жумуш, арасында ар кандай жүрөк сыры жана башка болуп аны унутуп коюпмун, купуяны ачып, аягына чыккычакты "бул тамашабы? Бул ким эле? Кимге эмне деп жаздым эле? Кимдин күйөөсү менен эмне деп жазыштым эле?" деген сыяктуу суроолор толуп, мээм "томпоё" түштү. Аягындагы "деген СМС болчу" дегенин окуп деле жакшы түшүнбөй кала бердим, би-иир топто барып анан эстедим. ))) Ошо

4.Эң көп кирген бөлүмүңүз жана кайсы тема таасир калтырды эле.

Цитата

Мурда "Мен кыргызмын" менен "Адабиятка" көп кирчүмүн. Азыр соңку билдирүүлөр деп эле карай берем темаларды, кызыктуусу болсо кире калам. акыркы ачылган темалардан "Жүрөк сырындагы Айтундун "Атам жана апам" деген темасы кызыктуу баяндоосу менен эсимде калыптыр.

5.Форумдун сиз үчүн пайдалуу жагы.

Цитата

Пайдалуу жагы көп эле, эң, эң деген пайдасы - жакшы адамдардан досторду, эже-агаларды табасың, билбеген нерселериңди билесиң, кызыктуу темаларды окуйсуң, турмуштун да өйдө-ылдыйын бул жактан тапсаң болот, айтылган кеңештердин да керектүүсүн аласың, коомдун, жаштардын пикирлерин да билсең болот бул жактан, турмуштун "жашыруун темалары" боюнча көп нерсени ушул жактан билгем, мен турмушка сепсекелек, баёо сезим менен эле чыгып алган экем)). Же жөн эле убакыт өткөрүш үчүн деле кирсең зерикпейсиң жана башка, жана башка.

6. Супер форум жана суперстандыктар тууралуу төрт сап ыр же эки ооз сөз.

Цитата

Илхом жокто сиз ыр сурап...)) кара сөз жаза берейин, э?
Кыргызстандагы форумдардын ичинен атына заты жарашкан форум - бул Суперстан, анын биринчи өзгөчөлүгү - кыргыз тилдүүлүгүндө жана андагы темалардын ар түрдүүлүгүндө. Суперстандын колдонуучулары да өзгөчө, алар бири-бири менен ынтымакта, байма-бай достук жолугушууларды, оюндарды өткөрүп турушат. Бул жактан таанышып, үй-бүлө кургандар, жөн эле таанышып достошуп, үй-бүлөлүк катышта болгондор да аз эмес. Кыскасы, Суперстан идеяга жана активдүү, илим-билимдүү колдонуучулурга бай. Көпчүлүктүн башын бириктирген чордон.

Интервьюңузга ийгилик.



Рахмат

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 17 Апрель 2017 - 12:51

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12720 Пользователь офлайн   vavilon.   17 Апрель 2017 - 15:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 055
  • Катталган: 12 Февраль 17
  • Соңку аракети: 01 Сен 2024 19:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Супер-Инфо

Салам, кош келипсин Гупа! Менин да эсиме тушуп кетти алгачкы агент убактар. Мен Билайн.Кж сайтын чукулап журуп @агент дегенди коруп калып бассам Майл.руга кирип кеткем. Ал жерден скачать этип орнотуп алып иштетип баштагам. Агентин иштетбесемда Майл.рунун почтасын иштетчуумун ага чейин эл почта катары. 2011жылдарга чейин мобилдик интернет 3-4G эмес Е(едге) да жок GPRS эле да. Чон сайттарга кируу кыйын эле Компьютерде гана кирчуу элек.

Суроолорго келсек.))
1) - Форумда маска колдонуп очу бар форумчулардан жашырынып алып келип оч алгансып, ар кандай создорду жазып жинди болгондорго оюн кандай? Жана андайлар эмне себептен ошентишет деп ойлойсун же ошондон ырахат алышабы?
&&&&
2) - Форумда Акимдер Админдер дайыма калыс иш алып барат деп ойлойсунбу? Админ Акимдер мындайча айтканда КАЗЫда бул жерде туурабы. Алар башка колдонуучулардын устунон тергеп жатканда озунун жеке коз карашы, диний жана башка бардык жактан оз оюн четке суруп, калыс болуп жинди мн соо урушуп жатса да калыстыкты сактоо керек деп ойлойсунбу?
????
3) - Канча тилде кобурай аласын?
4 -) Жактырган адабий жазуучун ким жана кайсы чыгармасы?
5 -) Озунду суроттоп бере аласынбы мисалы боюм мынча козум мондай деп?
6 - ) Азыркы жаш ырчылардан кимдер жагат бир эркек бир аял?
7 - ) Форумда кимдердин жазгандары жагат?
8 - ) Бош убактында эмне мн алектенесин?
9 - ) Колундан кол онорчулук жана ашпозчулук келеби же ото деле мыкты эмесмин деп ойлойсунбу?
10 - ) Суйуп турмушка чыккансынбы же жонгана мындай эле тааныш болуп элеби?
11 - ) Унаа айдай аласынбы оз унаанда журосунбу же такси маршруткадабы?
12 - ) Акаев Бакиев Атамбаев учоонон кимиси акылдуу жана Кыргызстанга салымы жогору деп ойлойсун?

Кап этбейсин э оюма келген суроолорду берип салдым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 634
  • 635
  • 636
  • 637
  • 638
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 02:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: