Суперстан: Күтүү... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (93 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Күтүү...

#741 Пользователь офлайн   aikera1992   11 Апрель 2017 - 18:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 28 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Дек 2024 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Той болду, эми той дегеним мен кошогого кирип, ак жоолук салындым. Кошогого келген келин ыйлап келет дейт экен. Мен тескеринче ыйлай албай отурдум. Демейде шолоктогон коз жашым неге жок? Кайда кеткен? Бир гана нерсе мээмде айланып турду. Раяна, Раяна аны эртерээк операцияга жибериш керек. Болгону бул уй булоону созсуз бактылуу кылышым керек деген миссияга келгендей болдум. Ошентип жаны жашоо башталды. Азиз коп суйлобойт. Унчукпайт. Токтоо. А мен тескеринче тамашалап, эркелеп, тийишип.... деги беш минута жон отура албайм. Кайнатам менен кайненем жаш кезинде эле ажырашып кетишиптир, билишимче озунун башка уй булосу бар. Кайнежем бар экен. Кызыгы ал дагы коп унчукпайт бирок коз карашы жакпай жатты. Келген элдин арты азайып, уйдо озубуз калдык. Апам (кайненем), Азиз, Раяна, Аяна. Бишкектин борбордук болугундогу коп кабаттуу уйдордун биринде эки болмолуу квартирасы бар экен. Оз алдыбызча Раянанын документтерин даярдап жаттык. Айтмакчы, эки кызым мени "Апакелеп" жанымдан чыкпайт. Кечинде уктаар алдында жомок айтып берип, чекесинен суйуп уктатам. Раяна мени бекем кучактап жатат. Кээде болмомо алып кирип, чогуу жатып алабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#742 Пользователь офлайн   aikera1992   11 Апрель 2017 - 18:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 28 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Дек 2024 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Кайненем "Каадасы жок кыз болбойт" деп, менин калынымды которуп, озунун милдетин аткарды. Апакем менин суйунуп жатты. Менин бактымды тилеп жатты. Кызыгы менин себимди даярдап кошуп берди, качан дайындап койгонун билбейм. Баардыгы жайында, бир гана кайнежем ( Рахима)
-Бизге байлык, бийликтин кереги жок, биз элдикин жеп байыгандардан эмеспиз, биз жонокой жашасак да, журогубуз кенен, керек болсо байлыгына байпагым деп коебуз....
Кыскасы ушул сыяктуу орду жок создорду суйлоп жатты. Эжем, апам унчукпай сыйын корсотуп, узатып жиберишти.


Коп отпой мен Раяна менен жолго чыктым. Азиз Бишкекте калды. Байкем тосуп алды. Коркконум ай. Раянаны бекем кучактап алгам. Операция он сааттан ашык жасалды. Байкем жанымда. Женем кечке маал келип тамактанып ал дегени да жоопсуз калды. Кайдан? Мындай учурда кекиртектен эч нерсе отпой калат экен. Качан гана дарыгер байкемди чакырып кеткенде чыдай албай ыйлап жибердим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#743 Пользователь офлайн   aikera1992   11 Апрель 2017 - 19:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 28 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Дек 2024 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Ийгиликтуу болду. Ура, ура, ура! Жаш балача секирип, женемдин моюнуна асылдым. Ал да менден бетер мени кучактап секирип алган. Артыбыздан келген байкем
- Окшошуп калган экенсинер, Чип и Дейлге окшобой уйго жоногуло, эс алгыла.
Женем байкемди карай
-Ахх... сен, эми Чип же Дейл дечи? Кетпейм.
-Тамаша, менин суйуум, кичинекейим. ..
Женемди бекем кучактап, эркелетип жатты. Женем байкемдин кучагынан чыга
-Бир шарт менен гана кетем.
Кабагын туйо мурчуюп калды. Байкем кичине кызды карагандай мурдунан чымчып
-Кандай шарт?
Женем кылыктана
-Жаным менин, тап-таттуум, бетинен оптурсон анан...
Байкем кутпосо керек, каткырып, женемдин колунан тарта
-Ушул элеби?
Женем "ооба" дегендей башын ийкеди. Байкем бактылуу жылмая, козун жумуп бетин тосту.
Мен бул учурда эшикке жонодум. Артымда женемдин
- Эми сол бетин, чекен, мурдун, козун... эээй экинчи козун калып калды го
-Болду эми Сумати калганын уйдон, бул жерде болбойт.
-Жоок, сен уйго баргыча сагынып кетем, бул оптургонун жарым жолдон эле тугонуп калат, жетпейт.
Женемдин тамашалап, эркелегени байкеме майдай жагат экен.
Сыртта кутуп турган мени женем унаасына сала уйго алып келди. Бала багуучу уч бала менен отуруптур. Аны уйуно жиберип, тамак жасаганга киришти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#744 Пользователь офлайн   aikera1992   11 Апрель 2017 - 19:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 28 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Дек 2024 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

-Биз майрам кундору гана сырттан таматанабыз, калганын озум уйдон жасайм. Бизде силердегидей чыгыш олкосу эмеспи, кыз торолгондон баштап эле турмушка даярдап башташат. Биз кийим тиккенди, бала бакканды, тамак жазап, уй жыйнап, эн башкысы куйоого жакканды уйронобуз. А менин куйоомдой куйоо эч кимде жок да.
Шыпылдап бир нерселерди туурап тамак жасап жатты. Жон турбай мен
-Койчу ай жене, биз, биз деп мактанып жатасыз го. Мен да мактанайынбы? Тамаша. Не тамак жазап жатасыз? Курсагым ачканынан ыйлап жиберейин деп атам.
Дхал же Дал дейби, иши кылып Индиянын улуттук тамагы экен, ага кошуп "чапати" деген нан жасап берди. Кечинде байкем келди. Коз эле тийбесин ото бактылуу. Эшиктен кирип келээри менен Али, Иса жана Муса байкемдин алдынан тосуп чыгат экен. Учоонун байкемди талашып урушканын коруп, женем шашкалактап ашканада дасторкон жайып журду. Мына бакыт. Келечекте мен да ушундай бактылуу болом, буюрса.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#745 Пользователь офлайн   aikera1992   11 Апрель 2017 - 19:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 28 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Дек 2024 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Раяна уч кундон кийин жандандыруучу болумдон чыкты. Бирок биз жанында беш муноттон ашык болгон жокпуз. Озулорунун жеке мед айымы карайт экен. Бир айдай откондон кийин мекенибизгк кайттык. Бирок алты айда бир дарылануу аппарат менен курстан отуп турушубуз керек. Андай аппарат бизде жок, бирок Москвада бар. Уйго келээрибиз менен элди чогултуп, тулоо берип, жаратканга ыраазычылык айтуу менен бирге элден бата алдык. Баардыгы жакшы болуп жаткан ондуу болчу. Бирок мен куткондон тап такыр башка нерсеге кубо боло баштадым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#746 Пользователь офлайн   asi.gulum   11 Апрель 2017 - 21:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Кызык гоо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#747 Пользователь офлайн   aikera1992   11 Апрель 2017 - 21:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 28 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Дек 2024 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Жалгыздык эн жаман нерсе экенин билем. Озгочо уйдо калган апакемди эстегенде ордуман шарт туруп уйго жонойм. Кыздарымды жетелеп алып, апамдын жанында болуп, ага эркелеп, сагынычымды таркатып алам. Азиз кесиби боюнча эконмист, ылайыктуу жумуш издеп копко журду. Кайненем кечке уйдо. А мен апама каралашам. Атамдын уч дукону жана бир рестораны бар. Ошолорго жардамдашам. Кызыгы апам мага озумо ченеп айлык толоп берет. Кээде штраф салып койгонучу))).
Эжем башка шаарда жашайт. Чынында биз менен коп иши жок, анын устуно беш баласы бар. Оуу, баланын туйшугучу? Аны апалар гана тушунот. Мен Аянаны бала бакчага жеткирем, Раяна дайыма жанымда. Мен уйдон чыга электе эле ээрчип даярдана баштвйт. Балким жолдон таттууларды сатып берип койгонгобу))).
Дем алыш кундору кыздарымды куурчактай кылып кийинтип, сейилдегенди жакшы кором. Мен биологиялык жактан эне боло элек болсом да, мен учун ушул тырмактай эки кыз жашоомдун манызына айланды. Мага жагат алар менен чогуу болгон, балакайлар, аруу, таза. Мен озумдон башка жашоодогу эки перзентти бактылуу кылганыма суйунуп бутпойм. Жумуштан кандай чарчап келсем да, уйго келип кыздарымды коргондо чарчаганымды унутуп коем. Мага ушундай жашоо жагып жатты.


Азиз жумуш таба албай кыйналып жатты. Деги бизде жумушту оной табууга болбойт го!
А кайненем жакшы эле, болгону тан калганым уйдон чыкпайт. Саат алтыда туруп, Аянаны бала бакчага дайындап, Раянага тамак берип, озум жасанып уйдон жетиде чыгып кетем. Кайненем менен Азиз уктап жаткан болот. Азиз тогуздарда туруп жумуш издеп жонойт. Тушто келсем кайненем дагы деле уктап жаткан болот. Раянаны массажка алып барам. Дуконго товар ташып, ресторандын майда чуйдо проблемалары менен кадимкидей бутумду тарта албай уйго келем. Апама таштап койсом болбочудай. Акыркы кундору чарчап да баштадым.Чынында айымдар алсыз экенбиз. Биз уйдо гана отурушубуз керек окшойт деп ойлоно баштадым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#748 Пользователь офлайн   aikera1992   11 Апрель 2017 - 22:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 28 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Дек 2024 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Апакемди аяп, торт жака торт чарчы болуусун каалаган жокмун. Баардыгын бириктирип, бир жансыл кылып салууну сунуштадым. Бирок апамдан башка сунуш уктум. Жакында байкемдин жанына кетээрин айтты. Копко же жагып калса, андан да копко. Болгону дукондорду, ресторанды Азиз экообуз биргелешип карашыбызды тапшырды. Озу байкеме, женеме, неберелерине кетти. Жалгыздыктан тажады окшойт(((.

Азизге апамдын сунушун айтсам макул болгондой бирок ненедир жактырбагандай сезилди. Балким, оз алдынча болууну каалап жаткандыр. А апам биздин жардамыбызга муктаж болуп жатканын эскертип жатып аран макул кылдым Азизди. Башында бир эки жолу чогуу журдук, калганын озу алып кетти. Жакшынакай эле иштеп жатканбыз. Мен Раянаны Москвага алып барып, текшеруудон откоруп, эки жумага кеткем. Кайра келип дукондордон тушкон пайда менен чыгымды эсептеп, ары-бери карасам да, элуу мин сомдой жетпей туруп алды. Азизден сурагандан тартындым. Дукончулордон сурасам так отчетун беришти. Кептин баары Азиздин унчукпаганына келип токтоп жатты. Келе калып кайда? эмне кылдын? деп сурагандан тартынып турдум. Кызыгы мага кунумдук чекти карматты. А мен дукондордон айына чыгарчу чек менен эсептесем дал келбей жатты. Демек Азиз короткон. Олуп кетпейби акчасы. Ансыз деле жоголот, коройт. Болгону апам тушкон пайданы чогултат, кийин байкеме же неберелериме керек болот деп. Бирок эн жаман жери Азиздин мени алдаганында болуп жатпайбы. Балким куто турсам озу айтат чыгаар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#749 Пользователь офлайн   aikera1992   11 Апрель 2017 - 22:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 28 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Дек 2024 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Балээнин баарын акча алып келет дечу атам. Мен да унчукпадым, Азиз да унчукпады. Эн жаман жери баарын билип, коруп туруп унчукпай журуу кыйын экен. Мага атам бизнестин коп жагын уйроткон. Бул нерсенин баары озу эле келген эмес. Атамдын жаштыгы ушул майда бизнестерге кеткен. А мени Раяна сымал жанына алып алчу. Кандай кылып эсептегенди да. Мисалы: Сатылган товарга чек чыгарылат, экинчиден дукончу озунчо дептерге жазат, учунчудон айына сатылган товардын чегин чыгарып алам, мен алып келген товарды жазам. Анан сатылгандарын белгилеп, калганы калат. Анан чектер менен салыштырам. Айына чыкчу чектин атайын паролу бар, ошону менен чыгат. А Азиз кунумдук чекти корсотуп, сатуучунун дептериндеги жазууну корсотту. Экоо дал келди. Ал эми айына чыкчу чекти эсептеген эмес, билбесе да керек. Демек, сатуучу кыз экоо чогуу алган. Кыскасы ошол бойдон калды. Мен сурабадым, ал унчукпады.


Кундор отуп жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#750 Пользователь офлайн   aikera1992   11 Апрель 2017 - 22:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 28 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Дек 2024 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Сатуучу кыздан баарын сурадым. Отчет жазылган дептерди Азиз алганын, канча сумма чыкканын да айтты. Демек, Азизте. Балким керектуу нерсеге жумшаган чыгаар. Баары бир чыгат да.

Сезим, суйуу. Менин жаны суйуум кыздарым. А Азиздин мага болгон мамилеси эч озгорбоду. Канча аракет кылсам да, амалкойлук кылып, кууланып, эркелеп, эркелетип, таарынып, тамашалашып. .... озунчо эле актриса болуп буттум. Неге унчукпайт? Кайненем эне катары кенешин да айтпайт, коп да суйлобойт. Кыздар уйдон чыгаары менен уктай берет, уктайт.
Менин кыздарым бар жалгыз эмесмин. Бирок жанымда мен ишенээр эч ким жок. Атакем жок, апам, байкем, эжем алыста. Ал эми Азизге ишенгим келет бирок...

Бир ай мурун жоголгон акчаны сурагым келбейт. Мен каяктан билем? деп урушуп кетсекчи? Уй буломду, кыздарымды сактайм. Бирок Азизди коргон сайын менин кыялымдагы уй булоомо окшошпой жатат. Кандай кылсам?

Билдирүүнү түзөткөн: aikera1992: 11 Апрель 2017 - 23:02

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#751 Пользователь офлайн   diamond1111   11 Апрель 2017 - 23:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 133
  • Катталган: 27 Июнь 16
  • Соңку аракети: 11 Июл 2017 02:33

Амирге эле тийиш керек болчу. Канча чуркады артындан тандаган таска жолугат болупсунго. Акчанды убагында сурашын керек болчу. Кайдан билесин каяка жумшаганын балким кыздарга короче отко айдаса бокко качыпсында. Амир менен эле калышын керек болчу дагы жалгызмын деп коет кудай берген амирди озун жоготтун эми оз шорун озуно таарынмай жок элданабы айкерабы иши кылып ким болсон да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#752 Пользователь офлайн   anara91   12 Апрель 2017 - 00:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 18 Май 2017 01:00

Чыданасан баары жакшы болот демекмин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#753 Пользователь офлайн   Arianaa   12 Апрель 2017 - 02:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 254
  • Катталган: 25 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 08:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан Бишкек

Улантыныз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#754 Пользователь офлайн   Aikoo2014   12 Апрель 2017 - 10:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Азиз кооп баштаган окшойт, даяр акчаны алып.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#755 Пользователь офлайн   Aikassol   12 Апрель 2017 - 12:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 83
  • Катталган: 29 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2021 07:35

Уй- булоо болгондон кийин коркпой Эле баарын ачык сураныз. Азыртадан чечип албасанар, кийинкисинде андан коп сумма чыкпай калышы мумкун. Озум болсо турмушка чыккандан бери бут жазам. Прибыль расходдун баарын до мелочи. Озум учун жолдошум учун да жузум жарык болсун деп. Аял киши амалкойлук кылып эркекти да ондоп алса болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#756 Пользователь офлайн   zikirovna   12 Апрель 2017 - 17:59

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 19 Апр 2018 00:17

Жаза бериниз кутуп атабыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#757 Пользователь офлайн   Kominam   12 Апрель 2017 - 18:58

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Айкера же Элдана эже,2кыздуу немеге турмушка чыгуу...бул билбейм кандай...эми Азиздин бул кылыгы эххх...куто туралычы улантыныз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#758 Пользователь офлайн   Jan-tumarym2017   12 Апрель 2017 - 19:47

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 227
  • Катталган: 16 Январь 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:10

Окуп алып кызыктай ойлорго жетелендим. .. Кызык, билип алса эмне болот деп ойлонду бекен??? Эң жаман көргөнүм, ушинтип "тагидан" иштегендер. .. Мага бир ой келди. Эмики айдын чегин чыгарып, Азиздин жанында эсептеп көрсөңүз кандай болот? Эгер баары дал келсе " мына ушундай болмок, өткөн айдыкын туура эмес эсептеп алдым бекен? Кел чогуу эсептеп чыгалы" деп айтсаңыз ,кандай болоор экен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#759 Пользователь офлайн   dinar-87   12 Апрель 2017 - 20:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 243
  • Катталган: 16 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 13:09

Азизге апасыга карындашыга жиним келтат Элдана озун кыздарын эрчитип келгендей мамиле кылбай кайра суйунушпойбу. Ошонун кызы сакайсын деп Москвага кетсе бул жактан акчасын азайтып олтурганын. Менин кызымды алып кетти кой жардамым ушу болсун деп норм иштебейби.Кайненен неле уктайт сен иште жургондо ошонунда небересиго масажга алып барып уйдун иштерине жардам бере бербейби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#760 Пользователь офлайн   aikera1992   12 Апрель 2017 - 20:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 28 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Дек 2024 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Jan-tumarym2017 (12 Апрель 2017 - 19:47) жазган:

Окуп алып кызыктай ойлорго жетелендим. .. Кызык, билип алса эмне болот деп ойлонду бекен??? Эң жаман көргөнүм, ушинтип "тагидан" иштегендер. .. Мага бир ой келди. Эмики айдын чегин чыгарып, Азиздин жанында эсептеп көрсөңүз кандай болот? Эгер баары дал келсе " мына ушундай болмок, өткөн айдыкын туура эмес эсептеп алдым бекен? Кел чогуу эсептеп чыгалы" деп айтсаңыз ,кандай болоор экен?

Туура айтасыз, кенешинизге рахмат. Ушул айдын отчетун апрельдин аягында чыгарам, чекти чыгараардан мурун Азизди жаныма алып, кунумдук чектен сырткары айлык чектин чыгаарын корсотойун деп жатам. Балким унутуп калгандыр дейин десем, кунумдук чекти кыскартып бергенинде болуп жатат. Жаман ойлорго жетеленип, сатуучу кызды да алмаштырдым. Жакшы иштечу. Эми жон гана айдын аягын кутуу керек. Неге мен каалаган жонокой, бактылуу уй булону куруу мен учун мынча оор болуп жатат? деп ушкуруно кочодо басып журом.(((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (93 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 16:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: