Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • 58
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#1101 Пользователь офлайн   kaidasyn   13 Апрель 2017 - 21:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

''АДАМ ӨЛГӨНДӨН КИЙИН''

Жүрөк - 10 мүнөт, акыл - 20 мүнөт, көз - 4 саат, тери - 5 күн, сөөк - 30 күн баштапкы абалын сактап тура алат. Ал эми жакшы иш-аракеттер Кыяматка чейин баштапкысындай сакталат. Демек, жүрөгүң согуп, денеңде кан жүгүрүп турганда акыретиңе азык камда!

Абдишүкүр ажы Нарматов.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1102 Пользователь офлайн   uikuchu7   13 Апрель 2017 - 21:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ӨРТТӨГҮ СЫРДУУ ХИКМАТ

Бир күнү океанга сапар тарткан бир кеме кырсыкка кабылып, чөгүп кетти. Кемеден бир гана киши кутулду. Толкундар бул кишини кичинекей, адам буту баспаган бир аралга алып келди. Ал оболу өзүн куткарыш үчүн Аллага ар убак жалбарды, бир жардам келер бекен деп дайыма горизонтту карады. Бирок эч ким келген жок.
Аралда мажбурдуу түрдө жашоого туура келгендиктен, шамалдан, жамгырдан жана зыяндуу айбанаттардан коргонуу үчүн дарактын бутактарынан чакан кепе куруп алды. Чөккөн кемеден жээкке келип калган консерваларды, компастарды жана башка буюмдарды бул кепеге ташыды. Күндөр бири-бирине окшош болуп өтүп жатты. Балык кармап, аны бышырып жеп, дайыма горизонтту карап, бул ээн жерден кутулуу үчүн Аллага жалбарчу.
Бир күнү суу алып келүү үчүн жолгон чыгат. Кайра артка кайтканда, кепесинин алоонуп күйүп жатканын көрөт. Түтүн айланып, асманга көтөрүлүп жаткан экен. Бул ал үчүн эң жаман нерселердин бири эле. Муну көргөндө эмне кыларын билбей, апкаарып туруп калды.
«Аллахым, муну мага эмне үчүн кылдың?» - деп сыздады. Ал түндү өтө капалуу түрдө өткөрдү. Ушунчалык көп дуба кылганына карабастан Алланын бул окуяны анын башына чулгашы себептүү таарынды.
Эртеси таң эртеден аралга жакындап келаткан бир кеменин ачуу добушунан улам ойгонуп кетти. Ооба, аны куткарганы келе жатышкан эле! Болгондо да бардык нерседен үмүтүн үзгөн убакта.
- Менин бул жерде экенимди кантип билдиңер? – деп сурады.
Алган жообу аны ары таң калтырды, ары уялтты:
- Түтүн аркылуу берген белгиңди көрдүк.

Даярдаган: Авлиёев Фуркат

Баткен казыятынын басма сөз катчысы

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1103 Пользователь офлайн   kaidasyn   13 Апрель 2017 - 21:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

АЛЛАНЫН КЕЧИРИМИНЕ АРЗЫГАН АМАЛ.
••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••

Кыштакта жашаган бир киши чоочун аялга ашык болуп көптөн бери жүрөгүнө сыр катып жүрдү. Ал аялдын урук-туугандары сапарга чыгышты, алар менен кошо бул аял дагы бар болчу. Бул ал аялдын артынан ээрчип кошо сапар тартты. Качан алар бир ээн талаага жетишкенде кеч кирип кетет жана элдин баарысы уктоого киришет. Киши аялдын жанына акырын барып, жүрөктөгү максатын билдирди. Ал аял айтты: “Сен карап көрчү, элдер баары уктап калышыптырбы? ”. Бул сөздү угуп жанагы киши сүйүнүп кетти жана аял менин сөзүмө макул болгон окшойт деп ойлоп калды. Андан соң ал киши чогуу жол жүрүп бара жаткан кишилерди айланып караса элдин баары тымтырс эс алып жатышкан болот. Кайтып келип: “Ооба, баары уктап жатышат”-деди. Аял айтты: “Алла Таала жөнүндө оюң кандай? Ал дагы азыр уктап жатабы?”. Киши айтты: “Алла Таала уктабайт, Ал үлгүрөбөйт”. Бул сөздөрдү угуп аял айтты: “Элдер бизди көрбөсө да уктабаган Зат бизди көрүп жатат. Ошондуктан биз Алладан коркуубуз кажет”. Андан кийин ал киши Алладан коркуп, аялды таштап кетти жана тообо кылып үйүнө кайтып кетти. Качан ошол киши дүйнөдөн өткөндө, кимдир бирөө аны түшүндө көрүп сурады: “Алла Таала сага кандай мамиле жасады?” ал мындай жооп берди: “Алла Тааладан коркуп, арамдан кумар кандырууну таштаганым үчүн Алла мени кечирди”.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1104 Пользователь офлайн   kaidasyn   13 Апрель 2017 - 21:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

КЫЯМАТТЫН БЕЛГИЛЕРИ.
•••••••••••••••••••••••••••••••••••••••

Мечит ичинде талашып-тартышуу көбөйөт:

Мечиттер намаз окуу, зикир кылуу, илим алуу үчүн курулат. Мечит ичинде ар дайым тынчтык болуусу керек. Мечитте үндү бийик көтөрүп сүйлөөгө да болбойт. Азыркы учурда мечитте дүйнө сөздөрү сүйлөнүп, талашып-тартышып, урушуп кеткен учурлар да болот. Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): «Мечитте кыйкырып сүйлөгөндөр пайда болгондо, Кыяматты күтө бер» - деп айткан. (Тирмизи).

Эркектердин жибек кийим кийүүсү:

Эркектерге жибек кийим кийүүгө болбойт. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): «Менин үммөтүмдүн эркектерине жибек менен алтын арам кылынды» - деген. Бирок, акыр заманда адамдар аларды адал кылып алышат. Абу Амир (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): «Менин үммөтүмдөн ушундай адамдар чыгат, алар зынаны, аракты, жибекти жана музыкалык аспаптарда ойноону адал кылып алышат» - деп айткан. (Имам Бухари).

Аракты адал деп эсептешет:

Акыр заманда адамдар аракты өтө көп ичишет. Алардын көп ичүүсүнө эки себеп болот: 1) Аракты адал деп эсептеп, аны ичүү эч кандай күнөө эмес деп ойлошот. 2) Арак ичүү күнөө экенин билишсе да, каалоолорун тыя алышпайт жана арак ичүүчүлөрдү андан кайтарган адамдар болбойт. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) айткан: «Менин үммөтүмдөгү адамдар арактын атын башкача аташып, иче беришет, музыкалык аспаптарды баштарына көтөрүп алып угушат, Алла алардын кээсин жерге жуттуруп жиберет, кээлери маймыл жана чочкого айланышат». (Ибн Маажа).

Адамдар өлүмдү каалап калышат:

Акыр заманда бузукулуктун көбөйүүсү, адамдар арасындагы сый-урматтын жоголуусу - жашоону оорлотот. Натыйжада, кээ бир адамдар бул жашоо дүйнөсүнөн тажап, өлүмдү каалап калышат. Мындай көрүнүштөр азыр абдан көп кездешүүдө. Кыргызстанда күнүнө жок дегенде бир адам өзүн-өзү өлтүрүп турат. Ал эми «мындан көрө өлгөнүм жакшы» деген адамдарды кезиктирүү кыйын эмес. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): «Кабыр жанынан өтүп бара жаткан адам: «Аттиң, ушул кабырда мен болуп калсам кана» деп өкүнмөйүнчө, Кыямат болбойт» - деп айткан. (Имам Бухари, Имам Муслим ж.б.)

Эртең менен ыймандуу болгон адам кечинде каапыр болуп калат:

Адамдардын арасындагы бузукулуктун көптүгү, кумар каалоолорго берилүү, жакшылыкка чакыруучу адамдардын аздыгы - адамдын жүрөгүн бат өзгөртүп турат. Азыр эле дин сөзүн сүйлөп, мусулман болуп турган адам, бир аздан кийин дүнүйө үчүн динин таштап кетет. Мындай көрүнүштөр азыркы учурда абдан көп кездешет. Адамдардын мындай абалга түшүүсүнө - дүнүйөгө берилгендик себеп болот. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам- салаваты болсун): «Бузукулук караңгы түндөй каптап калганча, жакшы амалдарды аткарууга шашылгыла. Болбосо, эртең менен ыймандуу болгон адам кечинде каапыр болуп келет, кечинде ыймандуу болгон адам, эртең менен каапыр болуп калат. Силердин кээ бириңер динин дүнүйө үчүн сатып жиберет" - деген. (Имам Бухари)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1105 Пользователь офлайн   kaidasyn   13 Апрель 2017 - 22:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

УЧ АБДУЛЛАНЫН МУРАСЫ.
••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••


Бул жерде бир адам тууралуу икая кылынат, анын үч уулу болгон, эң кызыгы үчөөсүнүн тең аты Абдулла. Күндөр жылга алмашып, бул адамдын карылыгы жетип, улгайган абышка болот. Ар бир нерсенин ажалы бар дегендей бул аксакалдын ичер суусу, көрөр күнү бүтүп өлүм төшөгүндө жатканда: “Абдулла мурас алат, Абдулла мурас албайт, Абдулла мурас алат”-деп жан берип кетет. Бир туугандар бул сөзгө таң калышат, эми бул оор маселени кантип чечишет? Кеңешип олтуруп, шаардын казысына бармай болушат. Үчөөсү жол арытып, сапарда болгон кезде бир нерсесин жоготкон кишини көрүшөт. Аларды токтотту да сурады: “Мен төөмдү издеп жүрөмүн, силер аны жолдо көрө алган жоксуңарбы? ”. Анда биринчи Абдулла сурайт: “Сенин төөң сокур беле?”. “Ооба, ооба”-деп сүйүнүп кетет киши. Анда экинчи Абдулла сурайт: “Сенин төөң аксак беле?”. “Ооба, ооба”-күлмүңдөп баштайт киши. Үчүнчү Абдулла сурайт: “Сенин төөңдүн куйругу кесилген беле?”. “Оо Кудай! Мен жакшылык менен сүйүнчүлөнө баштадым. Ооба, нак өзү! Эгер аны көрсөңөр, ал кайда?”-деп кубана түштү киши. Үчөөсү бир ооздон: “Аллага касам ичебиз! Биз төөңдү көрбөдүк. Мындай жоопту уккан кишинин итатайы тутулуп, ачуусу туталанып кетет. Анткени ал азыр ишендибул үч жигит төөнү союп жеп алгандарына жана айтты: “Силер төөмдү туура сыпаттап берип анан көрбөдүк дегениңер эмне?! Мен азыр казыга барамын жана болгон ишти төкпөй-чачпай арызданамын”. Жакшы болот, биз дагы казыга бара жатабыз, анда эмесе чогуу баралы – дешти. Төртөөсү казыга барышты, төөнүн ээси иштин чор-жайын түшүндүрдү. Казы сурады: “Силер төөнү сыпаттооңор аны көргөнүңөргө багыт берип турат же мойнуңарга албайсыңарбы? !”. Биринчиси айтты: “Оо таксырым! Кудайга касам ичебиз биз аны чындап көргөн жокпуз, болгону биз анын издерин көрдүк”. Мен аны сокур дегенимдин себеби: бул жайыттын бир тарабын жеп, башка тарабын жебептир. Бул болсо анын бир көзү көрбөйт экенинен кабар берет. Экинчичси айтты: “Мен аны аксак дегенимдин себеби, анын изин карасам, бир туягынын из кумга терең кириптир, ал эми кийинки туягы тайыз батыптыр. Ушундан тыянак чыгардым аксак экенин”. Үчүнчүсү айтты: “Анын куйругу кесилген экен дегенимдин себеи: ал төөнүн тезегин карасам бүтүн экен. Негизи төнүн тезеги түшкөндө куйрукка жармашып, чачылып түшөт, ал эми бул төөнүн тезеги бүкүл түшкөнүнө караганда куйругу кесик экен деп жыйынтык чыгарганмын”. Казы наркы кишиге карады да: “Бар, бара бергин! Булар сенин төөңдү эч качан көрүшпөптүр”. Бул талашты чечкенден кийин казы бир туугандардын маселесин чечмекчи болду, алардын маселесин уккан кезде аябай таң калды. Бул маселеңерди эртең чечип беремин, бүгүнчө меникинде конок болгула деп аларга тамак жөнөтүп, өзү болсо башка иштери менен шаардан чыгып кетти. Ал тамак эт жана нандан турган оокат болчу. Биринчи Абдулла айтты: “Бул эт иттин эти!”. Экинчиси айтты: “Бул нанды тогуз айлык боюнда бар келин жайган экен!”. Үчүнчүсү айтты: “Бул казы арам төшөктөн төрөлгөн экен!”. Бул кабар казыга чагылгандын тездигинде жетти. Эртеңки күнү аларды жыйнады жана эмне үчүн мындай сөздөрдү айткандыктары тууралуу сурады. Бул эт иттин эти деп ким айтты? Биринчиси: Мен айттым. Ашпозду чакырып казы сурады: бул эт кайдан келген? Ашпоз: үйүбүздө эт түгөнүп калып, бул этти кечээ күнү базардан алдырганбыз. Бул этти сураштырып келсе чындап эле иттин эти болот. Таң калган казы сурайт: бул иттин эти экенин кайдан билдиң? Жооп болду: кандай гана малдын эти болсун, мейли төө же уй же кой болсун анын майы этинен жогору турат, бир гана иттин эти майынан төмөндө турат. Ошондо казы жар салды: Атаңдын мурасына сен ээ чыгасың! Казы дагы сурады: силердин кимиңер бул нанды тогуз ай боюнда бар келин жайган деп айттыңар? Экинчи уул айтты: Мен. Кайдан билдиң? Жооп болду: бул нанды карасаңыз, бир тарабы жука, экинчи тарабы калың болуп бышпай калган. Демек камырды жайып жатканда тактанын бери жагына колу жеткендиктен жука болгон, ал эми экинчи жагына жетейин десе курсагы тактага тийгендиктен жетпей ал тарабы жайылбай калган. Ошондо казы жар салды: Атаңдын мурасына сен ээ чыгасың! Казы үчүнчү Абдулладан сурады: “Мени арам төшөктөн төрөлгөн деп айтууңа эмне себеп?”. Жооп болду: “Кечээ күнү бизди мейманчылыкка чакырып коюп, бирок өзүңүз келбестен бизге тыңчыны дайындап койдуңуз. Ал тыңчы түнү менен бизди аңдып, сөздөрүбүздүн баарын тыңшап турду. Бул ишти бир гана зынаадан төрөлгөн бала кылат!”. Мындай жоопту укканда казы энесине барып жөн-жайды сураганда, энеси: “Балакайым! Атаң экөөбүздөн шалаакылык кетип, напсибизге алдырып койдук эле”-деген жооп болот. Ошол жерден казы жар салат: “Сен атаңдан мурас албайсың! ”. Үчүнчү Абдулла таң кала: эмне үчүн? Казыдан жооп: анткени зынаанын баласы өзүнө окшошту тааныйт. Арам төшөктөн төрөлгөнүмдү аныктап койдуң, демек сен дагы арам төшөктөн жарык дүйнөгө келгенсиң. Шариятта асыранды бала атасынан мурас албайт, ошондуктан сен мураска ээ эмессиң. Үч уул ээрчишип алып энеге барышат. Алардын энеси болгон ишти айтып берет. Сен наристе кезиңде сени мечиттин алдына таштап кеткен экен, атаң мечиттен чыгып келе жатып сени үйгө ала келген. Ошентип сени биз тарбиялап алганбыз.

Мусулман бир тууганым! Бул ыймандуу атаны карачы!? Уулдарын кандай баам-парасаттуу кылып тарбиялаган. Келгиле биз дагы балдарыбызды акыл-эстүү кылып тарбиялайлы. Ардактуу Пайгамбарыбыз өз хадисинде айтат: “Момундун парасатынан сактангын, себеби ал Алланын нуру менен карайт”. Эгерде биз балдарыбызга туура ишенимди үйрөтсөк анда биз эң бактылуу адамдарбыз.

Которгон: Надырбек уулу Султан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1106 Пользователь офлайн   uikuchu7   13 Апрель 2017 - 22:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ӨМҮРҮҢДҮ БААЛАЙ БИЛ....


Бая куну бир окуя болду.
Бир жигит (жашы 32де экен) такси заказ кылып, республиканский больницадан уйуно жеткирип коюуну суранды. Мен аны салып, жаны эле жол журо баштаганыбызда ал соз баштап ушу бугун башынан отуп жаткандарды кеп сала баштады: байке, менин азыр эки бойрогум иштебейт. Жаны эле больницадан канымды жуудуруп, капельница, укол алып чыктым. Буга 4саат убакыт кетти. Доктурларга 6000 сом, анан витаминдерди сайышат, ага 1000сом, баары болуп 7000 сом толойм. Бир жарым жыл ушинтип толоп дарыланып келдим. Жакында эле льгота алып, бекер дарыланууга оттум. Эми бурсугуну келем. Эгер бир кундон кийин келип кайра жуудурбасам ары кетип калам байке. Ушинтип кунуго жашоо учун курошуп келем. Жашоо абдан таттуу экен. Адам жашагын келет экен. Ден соолук эн негизги нерсе турбайбы. Ден соолук болбосо баары бир тыйын экен байке.
Башка бойрок коюу 45000 доллар. Андай акчам жок менин. Анын устуно пересадка пациенттердин жузунон бирине гана ийгиликтуу коюлбаса башкалар грипп болуп, грипп отушуп кетсе ошондон тез эле каза болуп калышат. Пересадкага кепилдик жок байке. Мен жакшысы ушинтип дарыланып 20жылдай жашасам дейм..
Мендей ооругандар терибизди бир демкеге тилдирип албай ото этият журушубуз шарт. Анткени денебиз кичине эле кесилип же тилинип кетсе кан шаркырап агып больницага жетпей калабыз. Жакында эле Колдук бир жаш келин дарыланып жургон мага окшоп. Анан бир куну анын азуу тиши ооруп калат. Доктурлар тишинди жулсак канын токтобой агып кетет деп жулбай коюшат. Ошентип бети катуу шишип, шишик башына чыгып каза болуп калды. Омурубуз кыл учунда байке.
Сууну аз гана бир-эки ууртамдан ичем. Силерге окшоп каалаганча тое ичип дааратканага барып заара кылып ырахат алалбайм. Тамакты аз-аздан жейм. Коп жеп иммунитетимди которойун десем болбойт. Тамак туз эле канга аралашып каным бузулуп кетет. Ошондон улам келип жуудуруп турушум шарт.
Досторум абдан ичкилик ичкен сайран тээп жургон балдар эле. Мен ооруп бир кундук дарылануума кеткен акчаны коруп алар да ичпей калышты. Айтмакчы, пивону да коп ичсе бойрокту отургузат экен.

Бала ушинтип башынан откоргондорду айтып келатып уйуно кантип жеткенибизди сезбей калыпмын. Машина токтоп, счетчик 145 сомду корсотту. Ал чонтогунон акчасын чыгарып жатып: канча берем байке деди. Мен ойлонбой туруп: эч канча иним, тушо бер жон эле, Кудай сага шыпаа берсин дедим. Ал: рахмат байке, мен сизге дуа кылып турам деп ыраазычылыгын билдирип тушуп кетти.
Жигиттен узап баратып: атаганат, кана эми мен азыр ушул жигиттин бойрогун жасатып бергенге мумкунчулугум болуп, аны биз жашаган ырахат жашоого кайтара алсам деп ичимен сызып, Кудайдан ага шыпаа тилеп, омуру узун болсун деп андан ары ойлуу жолумду уладым....
( Мекеним Кыргызстан фейсбук баракчасынан алынды)

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1107 Пользователь офлайн   kaidasyn   13 Апрель 2017 - 22:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения uikuchu7 (13 Апрель 2017 - 22:19) жазган:

ӨМҮРҮҢДҮ БААЛАЙ БИЛ....


Бая куну бир окуя болду.
Бир жигит (жашы 32де экен) такси заказ кылып, республиканский больницадан уйуно жеткирип коюуну суранды. Мен аны салып, жаны эле жол журо баштаганыбызда ал соз баштап ушу бугун башынан отуп жаткандарды кеп сала баштады: байке, менин азыр эки бойрогум иштебейт. Жаны эле больницадан канымды жуудуруп, капельница, укол алып чыктым. Буга 4саат убакыт кетти. Доктурларга 6000 сом, анан витаминдерди сайышат, ага 1000сом, баары болуп 7000 сом толойм. Бир жарым жыл ушинтип толоп дарыланып келдим. Жакында эле льгота алып, бекер дарыланууга оттум. Эми бурсугуну келем. Эгер бир кундон кийин келип кайра жуудурбасам ары кетип калам байке. Ушинтип кунуго жашоо учун курошуп келем. Жашоо абдан таттуу экен. Адам жашагын келет экен. Ден соолук эн негизги нерсе турбайбы. Ден соолук болбосо баары бир тыйын экен байке.
Башка бойрок коюу 45000 доллар. Андай акчам жок менин. Анын устуно пересадка пациенттердин жузунон бирине гана ийгиликтуу коюлбаса башкалар грипп болуп, грипп отушуп кетсе ошондон тез эле каза болуп калышат. Пересадкага кепилдик жок байке. Мен жакшысы ушинтип дарыланып 20жылдай жашасам дейм..
Мендей ооругандар терибизди бир демкеге тилдирип албай ото этият журушубуз шарт. Анткени денебиз кичине эле кесилип же тилинип кетсе кан шаркырап агып больницага жетпей калабыз. Жакында эле Колдук бир жаш келин дарыланып жургон мага окшоп. Анан бир куну анын азуу тиши ооруп калат. Доктурлар тишинди жулсак канын токтобой агып кетет деп жулбай коюшат. Ошентип бети катуу шишип, шишик башына чыгып каза болуп калды. Омурубуз кыл учунда байке.
Сууну аз гана бир-эки ууртамдан ичем. Силерге окшоп каалаганча тое ичип дааратканага барып заара кылып ырахат алалбайм. Тамакты аз-аздан жейм. Коп жеп иммунитетимди которойун десем болбойт. Тамак туз эле канга аралашып каным бузулуп кетет. Ошондон улам келип жуудуруп турушум шарт.
Досторум абдан ичкилик ичкен сайран тээп жургон балдар эле. Мен ооруп бир кундук дарылануума кеткен акчаны коруп алар да ичпей калышты. Айтмакчы, пивону да коп ичсе бойрокту отургузат экен.

Бала ушинтип башынан откоргондорду айтып келатып уйуно кантип жеткенибизди сезбей калыпмын. Машина токтоп, счетчик 145 сомду корсотту. Ал чонтогунон акчасын чыгарып жатып: канча берем байке деди. Мен ойлонбой туруп: эч канча иним, тушо бер жон эле, Кудай сага шыпаа берсин дедим. Ал: рахмат байке, мен сизге дуа кылып турам деп ыраазычылыгын билдирип тушуп кетти.
Жигиттен узап баратып: атаганат, кана эми мен азыр ушул жигиттин бойрогун жасатып бергенге мумкунчулугум болуп, аны биз жашаган ырахат жашоого кайтара алсам деп ичимен сызып, Кудайдан ага шыпаа тилеп, омуру узун болсун деп андан ары ойлуу жолумду уладым....
( Мекеним Кыргызстан фейсбук баракчасынан алынды)



Жакшы баян ушундай окуяларды коп-коп болсо жаза бер доске.Таасирдуу жана сабак болуучу окуя экен.:достор:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1108 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Апрель 2017 - 19:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Дүнүйө азгырыгы


Бир күнү кечинде бир адам соода - сатык кылган катарлардан өтүп бараткан.
Жакын жердеги мечитте азанчы намазга азан чакырып баштаганда, күтүүсүздөн бир аялга назары түштү.
Кара кийимчен жана бетинде пардасы болсо да ага тартылып кетти.
Аял көз багып турган адамды байкаган соң, анын карашына жооп катары жалт бурулуп ага башын ийкеп өз жагына жаңсады да, азгырып соода орундуктарын аралатып алып жөнөдү.
Тиги адам сыйкырланып калган сыяктуу көз ирмемде акылын жоготту.
Ал белгисиз аялдын изине түшпөө керектигин ойлоп ар кандай жоромол кылууга аракет кылды. «Азыр намаз убагы эмеспи?» - деди өзүнө.
Бирок, кеч болуп калган, кайрадан аялдын артынан түштү. Аялдын караанын жоготуп албаш үчүн кадамдарын ылдамдатып демиге соода- сатык катарларын аралап баратты.
Ал эми аял болсо, жеткирбей басканга аракет кылганы менен кайрыла турган жерлерде бир аз тыным алып, артында келе жаткан адамга жол көрсөтүп келе жатты.
Аял күтүүсүздөн жалт бурулду.
Тиктеше калганда анын жүзүнө жабылган чүпүрөктөн да көздөрү мыскыл күлүңдөп турганын байкады.
Бирок, мага ушундай сезилип жатат го деп өзүн ишендирди.
Аял эми тиги кишинин ышкысы менен ойноп жетелеп келе жатты. Улам барган сайын аялга жетип аны кармап ала турган болот.
Бирок аял ойт берип улам алдыгы жыла берди. Ушинтип отуруп алар базарды артка калтырышты. Жанагы жолуккан жерден бир топ алыстап кетишти.
Балким, бул аял акылынан адашкан немедир?
Ал минтип ойлонгуча аял белгисиз жакка алып жөнөдү. Ошентип, алар шаардын четине жетип калышты.
Алардын ортосун 20 мерчемдей аралык бөлүп турган.
Качан ал аялды караганда менин артымдан жүр деп качанкы табытка алып бара турган чоң коло эшикти ачты жана өзү кирип кетти.
Тиги киши ичкери кирип, шашылып баратып бир бөлмөгө туш келди. Эшиктин маңдайында жыйнактуу керебетте баягы азгырып келген аял отурат.
«Бери бурул жана эшикке кара! Ачкычты алып кел!» -деди аял өктөм үн менен. Киши болсо бейтааныш аялдан назиктикти күтүп айтканын аткарды.
Аял күтүүсүздөн «муну ыргыт!» деп кыйкырды. Тиги киши аялга азгырылып келгенин эми түшүндү.
Мындай чечкинсиздикти байкаган аял: « Кана, сен намазыңды калтырып мени ээрчип келбедиңби? » -деп келекелеп күлө баштады. Тиги киши үнсүз турду.
«Кечки намаздын убактысы өттү» - деп кулагына шылдыңдап шыбырады.
- Сен эмне турасың?
Таштабайсыңбы?
Сен менин ким экенимди билгиң келбейби?
Тиги киши өзүн кармана албай ыргыткан ачкыч кантип түшүп баратканын байкаш үчүн колун кудукка салды.
Ушул учурда анын көкүрөгүндө каардуу сезим пайда болуп, кыйкырып, же талкалап салгысы келди.
Ал тан калды, коркту, анан барып түшүндү.
«Эми мени көрсөң болот», - деди бейтааныш аял жамынгычын таштап. Тиги адамдын көз алдында ажарлуу, азыткылуу аял эмес эле бети - башынын тамтыгы жок тырык издер, бырыш баскан мастан турду. Мени көңүл коюп кара!
Менин атым Дүнүйө. Мен сен издеген дүнүйөмүн! Мен сенин сүйүктүүңмүн!
Сен менин артымдан ээрчийм деп акылыңдан адаштың. Мына биз сенин кабырыңдан кезиктик. Сен муну өзүң каалагансың, кош келдиң!
Урматтуу бурадарым келиниз акыретибизди дүнүйөгө алмаштырбайлы

. Бул дүнүйө акыретке эгин эгүүчү жай эмес беле? Бул жашоодо акыретке болгон камыбызга кайдыгер болбойлу!
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1109 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Апрель 2017 - 19:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кемчилик жана кечирим
Жумуштан чарчап келген аялы күйөөсүнүн алдына куурулган жумуртка менен бир аз күйүп кеткен печенье койду. Ал жубайынын жүзүнө жылмайып карап коюп, күйгөн печеньеден жеп жатты. Баласынын сабактарын сурап бир аз сүйлөштү. Тамактанып бүтөөрдө жубайы жолдошунан печеньени күйгүзүп койгону үчүн кечирим сурады. Ошондо жолдошунун айтканы: “Алтыным, мен күйгөн печеньени жакшы көрөм го” – деген сөз болду… Уктаар алдында баласы атасынын жанына барып: ” Ата, Сиз чын эле күйгөн печеньени жакшы көрөсүзбү?” – деп сурады. Ошондо атасы баласын кучагына алып, “Апаң күндө жумушка барат, үйгө чарчап келет, анын үстүнө аз гана күйгөн печеньенин эч кандай зыяны жок. Ошондой эле мен да баардык ишти кемчиликсиз жасай албайм. Кээде мен дагы кемчилик кетирем. Ошон үчүн кемчилик болсо бири-бирибизге кечирим менен карап, көнүлүн алуубуз керек” дейт…
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1110 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Апрель 2017 - 19:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ЭҢ КҮЧТҮҮ ЖОЛ ТАНДАБАС -АТА -ЭНЕ..

Көптөн күткөн эмгек эргүүнүн убактысы келип, белек-бечкегимди камдап алып, толкундануу менен айылга ата-энеме жөнөдүм. Таксиге отуруп, 12 саат дегенде үйгө араң жеттим. Дарбазанын ачылганын угуп, биринчи ит үрүп чыгып тосуп алды. Атам ары жакта малга чөп салып, апам күрүчтүн ташын терип отуруптур. Мени көрөр замат экөө тең жумушун таштап, мойнума асылып, көпкө кучакташып турдук.
Ишенесиңерби?

Менин жашоомдо мындай учурлар жылына 3-4 эле жолу болот. Алар жумуштары менен шаарга келишет же мен айылга барып турам. Студент кезде шаарда ата-энеси менен чогуу жашаган курсташтарыма көзүм күйчү. Бирок алар тескерисинче ата-энебизден бөлөк жашасак дешчү. Силер да айылда жүрүп ата-энемдин баркын билбептирмин деп калсаңар керек. Бир жакка барам деп сураганыңарда, апаңар "Атаңдан сура" же "Атаң урушат" деп айтчу беле?

Атаңарга айткандан коркуп, маселенин баарын апаңар аркылуу чеччү белеңер?

Менин апам үчүн "элдин балдары" үлгү эле. Уктап жатсаң, "сен жатасың, элдин балдары таң атпай туруп, иштеп жүрөт" деп калчу.

Ата-энеңердин кадырын студент болуп, шаарга келип, жатаканада жашап, ачка калганда билдиңерби?

Ата-эне өзү карандай чай менен нан жесе да, студент балам ачка калбасын деп болгон акчасын жиберет. А силер ал акчага тамак алып жебей, кийим сатып алып, кайра эле ачка калчу белеңер?

Акча керек дегениңерде ата-энеңер колдо бар буюмун сатып, жерден чукуп болсо да таап берчү беле?

Мисалы апам мени — студент-кызын багыш үчүн Бишкекке келип, Дордой базарында карызга кийим алып сатып иштеген. Силердин ата-энеңерчи?

Менин апам базардын суугуна карабай, иштечү. Апам жанымда болгондо кабагым жазылып, курсагым тоюп, көңүлүм да ток, жыргап калчумун.

Апаңар силерди багам деп шаарга иштегени кеткенде, айылда атаңар жумушуна да барып, үйдүн ишин да жасап, кичүү иниңерди карап, айтор баарына жетишчү беле?

Биздин атабыз ошондой болчу. Элдин баары иштегени Москвага кеткенде, үй-бүлөңөрдөн кеминде бир адам кетти беле?

Бизден апам кеткен. Барып бир жыл иштеп, агамдын окуусун төлөп, мага акча салып, баарыбызды баккан. Байдын балдарындай жашабасак да, алар бизди эч нерседен кем-карч кылбай багууга болгон аракетин жасашты.

Чет өлкөгө билим алууга же практикага барам дегениңерде атаңар жалгыз буюмун сатып жөнөттү беле?

Менин атам ошенткен. Жайдын ысык аптабында жайлоого чейин машина менен барып, ары жагына эки саат жөө басып, жалгыз уюбузду алып келип сатып, Түркияга бир айлык практикага барыш үчүн 600 долларга билет сатып берген.

Ата-энеңер силерге берген акчаны кайтарып берип жатасыңарбы? Туура, алардын эмгегине баа жетпейт. Мен аларга бир уй эмес, миң уйдун акчасын берсем да, алардын эмгегин актай албайм. Ата-энеге биздин акчабыз эмес, ийгилигибиз, татыктуу адам болушубуз маанилүү. Алар бизди колдобогондо биз ийгиликтүү болот белек? Аларсыз жашооңузду элестете албайсызбы? Мен дагы элестете албайм.
Биз студент кезде апам менен телефондон сүйлөшүү өзүнчө эле чоң иш болчу. Почтага барып, кезек күтүп, үйдө телефон жок, коңшуңарга телефон чалып "апамды чакырып койчу" деп айтчу белеңер?

Ошол кезде ата-энебизди көрүүгө эмес, телефон чалууга мүмкүнчүлүк жок эле. Эми мобилдик телефон пайда болуп, узактык сезилбей калбадыбы. Бирок колубузда бир эмес экиден телефон көтөрүп жүрүп да, жумалап ата-энебизге чалганды унуткарып коёбуз. Биз унутсак да, алар бизди унутпайт. Эки күн сүйлөшпөй калсаң, өздөрү чалат "Балам, кандайсың? Барсынбы?" деп. Алыс болсо да, алар биз менен. Алар жол тандабайт. Кандай гана абалга түшпөйлү, сууруп чыгат.

Бүгүн жума бир тууганым! Кандай гана берекелүү,куттуу Жараткандын пенделерине ырайымы төгүлгөн, ыйык, дубалар кабыл болуучу өзгөчө мумулмандардын майрам күнү! Анда эмес бүгункү күндү текке кетирбей үйүбүздүн жарык нуру болгон ата -энелерибизге телеофон чалып сурап коёлу!!!
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1111 Пользователь офлайн   kaidasyn   14 Апрель 2017 - 21:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Tatli_Melek (14 Апрель 2017 - 19:51) жазган:

ЭҢ КҮЧТҮҮ ЖОЛ ТАНДАБАС -АТА -ЭНЕ..

Көптөн күткөн эмгек эргүүнүн убактысы келип, белек-бечкегимди камдап алып, толкундануу менен айылга ата-энеме жөнөдүм. Таксиге отуруп, 12 саат дегенде үйгө араң жеттим. Дарбазанын ачылганын угуп, биринчи ит үрүп чыгып тосуп алды. Атам ары жакта малга чөп салып, апам күрүчтүн ташын терип отуруптур. Мени көрөр замат экөө тең жумушун таштап, мойнума асылып, көпкө кучакташып турдук.
Ишенесиңерби?

Менин жашоомдо мындай учурлар жылына 3-4 эле жолу болот. Алар жумуштары менен шаарга келишет же мен айылга барып турам. Студент кезде шаарда ата-энеси менен чогуу жашаган курсташтарыма көзүм күйчү. Бирок алар тескерисинче ата-энебизден бөлөк жашасак дешчү. Силер да айылда жүрүп ата-энемдин баркын билбептирмин деп калсаңар керек. Бир жакка барам деп сураганыңарда, апаңар "Атаңдан сура" же "Атаң урушат" деп айтчу беле?

Атаңарга айткандан коркуп, маселенин баарын апаңар аркылуу чеччү белеңер?

Менин апам үчүн "элдин балдары" үлгү эле. Уктап жатсаң, "сен жатасың, элдин балдары таң атпай туруп, иштеп жүрөт" деп калчу.

Ата-энеңердин кадырын студент болуп, шаарга келип, жатаканада жашап, ачка калганда билдиңерби?

Ата-эне өзү карандай чай менен нан жесе да, студент балам ачка калбасын деп болгон акчасын жиберет. А силер ал акчага тамак алып жебей, кийим сатып алып, кайра эле ачка калчу белеңер?

Акча керек дегениңерде ата-энеңер колдо бар буюмун сатып, жерден чукуп болсо да таап берчү беле?

Мисалы апам мени — студент-кызын багыш үчүн Бишкекке келип, Дордой базарында карызга кийим алып сатып иштеген. Силердин ата-энеңерчи?

Менин апам базардын суугуна карабай, иштечү. Апам жанымда болгондо кабагым жазылып, курсагым тоюп, көңүлүм да ток, жыргап калчумун.

Апаңар силерди багам деп шаарга иштегени кеткенде, айылда атаңар жумушуна да барып, үйдүн ишин да жасап, кичүү иниңерди карап, айтор баарына жетишчү беле?

Биздин атабыз ошондой болчу. Элдин баары иштегени Москвага кеткенде, үй-бүлөңөрдөн кеминде бир адам кетти беле?

Бизден апам кеткен. Барып бир жыл иштеп, агамдын окуусун төлөп, мага акча салып, баарыбызды баккан. Байдын балдарындай жашабасак да, алар бизди эч нерседен кем-карч кылбай багууга болгон аракетин жасашты.

Чет өлкөгө билим алууга же практикага барам дегениңерде атаңар жалгыз буюмун сатып жөнөттү беле?

Менин атам ошенткен. Жайдын ысык аптабында жайлоого чейин машина менен барып, ары жагына эки саат жөө басып, жалгыз уюбузду алып келип сатып, Түркияга бир айлык практикага барыш үчүн 600 долларга билет сатып берген.

Ата-энеңер силерге берген акчаны кайтарып берип жатасыңарбы? Туура, алардын эмгегине баа жетпейт. Мен аларга бир уй эмес, миң уйдун акчасын берсем да, алардын эмгегин актай албайм. Ата-энеге биздин акчабыз эмес, ийгилигибиз, татыктуу адам болушубуз маанилүү. Алар бизди колдобогондо биз ийгиликтүү болот белек? Аларсыз жашооңузду элестете албайсызбы? Мен дагы элестете албайм.
Биз студент кезде апам менен телефондон сүйлөшүү өзүнчө эле чоң иш болчу. Почтага барып, кезек күтүп, үйдө телефон жок, коңшуңарга телефон чалып "апамды чакырып койчу" деп айтчу белеңер?

Ошол кезде ата-энебизди көрүүгө эмес, телефон чалууга мүмкүнчүлүк жок эле. Эми мобилдик телефон пайда болуп, узактык сезилбей калбадыбы. Бирок колубузда бир эмес экиден телефон көтөрүп жүрүп да, жумалап ата-энебизге чалганды унуткарып коёбуз. Биз унутсак да, алар бизди унутпайт. Эки күн сүйлөшпөй калсаң, өздөрү чалат "Балам, кандайсың? Барсынбы?" деп. Алыс болсо да, алар биз менен. Алар жол тандабайт. Кандай гана абалга түшпөйлү, сууруп чыгат.

Бүгүн жума бир тууганым! Кандай гана берекелүү,куттуу Жараткандын пенделерине ырайымы төгүлгөн, ыйык, дубалар кабыл болуучу өзгөчө мумулмандардын майрам күнү! Анда эмес бүгункү күндү текке кетирбей үйүбүздүн жарык нуру болгон ата -энелерибизге телеофон чалып сурап коёлу!!!



Жонокой жалпак тил менен тушундурулгон жана азыркы заманда болуп жаткан учурлар..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1112 Пользователь офлайн   kaidasyn   14 Апрель 2017 - 22:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Чубак ажы Жалиловдун видео сабагындагы кор жонундо айтканы да таасирдуу бирок аны аткарганга эч кимдин духу жетбейт. Суроо мындайча берилген; корду алдын ала казып койсо болобу? Озунун корун озу.

Ага жооп мындай; ооба кайра жакшы болот адам ар куну олум жонундо ойлонуусу керек болот,ошол корду казып устун турпак кирбей турган нерсе менен жаап койсун дейт.Анан жашоодон тажаганда же жаман иштерди жасаганда ошол казган коруно барып жатып турсун олум жонундо жасаган жаман иштери жонундо ойлонсо эн жакшы сабак ошол болот дейт.


Чын эле ал эмес адам карангыда коркот анан корго кайдан жатабыз? Ошон учун бул дуйнону суйуп жашайлы куноо ишке барбай жаман окуялардан алыстап,ким куноо иш жасай турган болсо кордогу акыбалын эстесин ал жакта жалгыз болобуз..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1113 Пользователь офлайн   kaidasyn   15 Апрель 2017 - 21:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Абдугапар Смановдун "Кыргызстандык аял тууралуу айтканы" таасирдуу баян экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1114 Пользователь офлайн   kaidasyn   16 Апрель 2017 - 18:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек



- Мени күнөөлөрүмдөн эмне тазалайт?
- Көз жаш, баш ийүү жана оору.

- Кайсы жакшылык Аллах алдында жогору?
- Жумшак мүнөз, жөнөкөйлүк жана кайгыларга кайрат кылуу, тагдырга ыраазы болуу.

- Кыямат күнү Аллахтын каарынан коопсуз болгум келет.
- Аллахтын жараткан нерселеринин бирөөнө да ачууңду келтирбе.

- Дуаларымдын кабыл болушун каалайм.
- Арам тамактан алыс бол, дуаларың кабыл болот.

- Күнөөлөрүмдүн азаюусун каалайм.
- Күнөөлөрүңдүн кечирилүүсүн тиле, күнөөлөрүң аз болот.

- Адамдардын арасында мартабалуу болууну каалайм.
- Иштерин тууралуу адамдарга даттанба.

- Ыйманым толук болуусун каалайм.
-Мүнөзүңдү жетиштир(оңдо), ошондо ыйманың толук болот.

- Күнөөлөрдөн таза абалда Аллахтын алдына баргым келет.
- Гусулуңду (толук жуунуу) кемтиксиз ал.

- Адамдардын эң жакшысы болгум келет.
- Адамдар үчүн пайдалуу бол, эң жакшысы болосун.

- Эң адилеттүү болгум келет.
- Өзүңө каалаганды өзгөгө да ыраа көр, баарынан да адилеттүү болосун.

- "Адамдардын арасынан эң билимдүү болгум келет" - деди бадави.
- "Аллахтан корк, ошондо эң билимдүүлөрдөн болосуң" - деп жооп берди Аллахтын элчиси.

- Адамдардын арасынан эң бай болгум келет.
- Аллах берген нерселерге канаат кыл, баарынан бай болосун.

- Аллахтын алдында өзгөчө болгум келет.
- Аллахты көбүрөөк эсте, Анын алдында өзгөчө болосун.

- Шугур кылгандардан болгум келет.
- Аллахка Аны көрүп тургандай ибадат кыл, Аны сен көрбөсөң да, Ал албетте сени көрүп турат.

- Кыямат күнү Аллах мени нур ичинде тирилтүүсүн каалайм.
- Эч кимге зулум кылба жана басынтпа, нур ичинде тирилесин.

- Кыямат күнү Аллах мага мээримдүүлүк кылуусун каалайм.
- Өзүңө жана Аллахтын кулдарына мээримдүү бол.

- Аллахтан ырыскымдын көбөйүүсүн каалайм.
- Дайыма дааратың бар абалда бол.

- Аллах жана Пайгамбарыбыз Мухаммаддын саллаллаху алейхи уа саллям сүйүүсүнө татыктуу болгум келет.
- Аллах жана Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям сүйгөн нерселерди сүй. Аллах жана Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям жаман көргөн нерселерди жаман көр.

- Кыямат күнү Аллах калайыктын арасында мени уят кылбоосун каалайм.
- Өзүңдү зынакорлуктан сакта.

- Аллах менин кемчиликтеримди кыямат күнү жашыруусун каалайм.
- Диндеш бир туугандарыңдын кемчиликтерин жашыр.

- Аллахтын алдындагы эң жаман жорук кайсы?
- Корс мүнөз менен ач көздүк.

- Бул дүйнө жана Акыретте Аллахтын каарын эмне азайтат?
- Садаганы жашыруун берүү жана туугандык катнаштарды жандандыруу.

- Кыяматта тозоктун отун эмне өчүрөт?
- Орозо тутуу.
(Канзул Уммал китебинен алынган).

- Сооптуу амал кылууну каалайм.
- Ушул постту башкаларга жеткир(бөлүш), сооптуу иш кылган болосуң.

.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1115 Пользователь офлайн   Naku01   18 Апрель 2017 - 19:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 048
  • Катталган: 22 Апрель 15
  • Соңку аракети: 09 Апр 2021 12:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кудайым ыйман,ынсап берген жер

Соонун тема экен ,дагы жазыныздарчы
Сенин суйуун ,Менин Ар намысымдын алдында (made in China)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1116 Пользователь офлайн   kaidasyn   19 Апрель 2017 - 00:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек


=БАЛА ТӨРӨП, АНЫ БАГУУНУН СООПТОРУ=

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алайхи васалам) айтты:
"Аялдын боюнда болгон кезинде, ага кундузу менен орозо кармаган, туну бою тахажуд окуган, Аллах ка жалынып жалбарган жана Аллах жолуна чыгып эмгектенген адамдын сообуна барабар сооп берилет. Качан ал аял толгогондо баардык калайык ага канча сооп берилгенин билбейт. Бала торолгондон кийин ага сут эмизсе, анда суттун ар бир ууртамына бир жанды тирилткендин сообу берилет. Качан баланы суттон чыгарганда бир периште келип ал аялдын далысын таптап, мактап айтат: "Бул кыйынчылыктардын акысына сенин мурдакы баардык куноолорун кечирилди, эми жаныдан амалды башта".

Убада ибн Соомиттен(разиаллаху анху) риваят:
"Пайгамбарыбыз(саллаллаху алайхи васалам) айтты: "Кайсыл кыз турмушка чыга электе эле кайтыш болуп кетсе же бир аял тороттон каза болсо же нифаста каза болсо, анда буларга ШЕЙИТТИН ДАРАЖАСЫ берилет".

Пайгамбарыбыз(саллаллаху алайхи васалам) айтты:
"Оо, аялдар! Силердин бироонор бул нерседен ыраазы эмеспи: "Качан бир аял озунун куйоосунон боюнда болуп, куйоосу андан ыраазы болсо,анда ал аялга орозо кармап, туну бою ибадат кылган кишинин сообунчалык сооп берилет. Качан ал аял толгосо анда ага бериле турган белектерди асман жана жердеги эч бир макулук билбейт. Баланы торогондон кийин эмизген суттун ар бир ууртамына жана баланын ар бир соргонуна ал аял учун бир сооптон берилет. Эгер баланын себебинен туну ойгонсо,анда ага Аллах жолуна жетимиш ишке жараган кул азат кылгандын сообу берилет. Силер билесинерби булар кимдер? Жыргалчылыкта оскон, жакшы амалдарды кылган жана куйоолоруно моюн сунуп шугурсуздук кылбаган аялдар".

"Бактылуу аял" китебинен.
ЖАЗГАН: Молдо Нурмухаммад
ЫЙМАН НУРУ медиа порталы


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1117 Пользователь офлайн   kaidasyn   19 Апрель 2017 - 00:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек



Бисмиллахир рохмаанир рохиим.

ИМАМ ШАФИИДЕН АЛТЫН СОЗДОР
••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••

Бардык дебаттарда жеңишке жеткенге аракет кылба, кээде сахнада жеңишке жеткенге караганда жүрөктүн жеңиши артык турат.

Өз колуң менен курган көпүрөнү талкалаба, балким бир күн келип кайрадан тургузууга туура келет.

Дайыма туура эмес ишти, ката сөздү жаман көр, ката кылган адамды эмес.

Жүрөгүңдүн түпкүрүнөн күнөөнү жаман көр бирок, күнөө кылган адамды кечире бил.

Дайыма айтылган сөздү сында бирок, ошол сөздү айткан адамды сыйла.

Биздин максатыбыз ооруну түп тамыры менен дарылап жок кылуу бирок, оорулуу кишини эмес.

Жашоо татаал бирок, биздин бир туугандыгыбыз ынтымагыбыз жана жан дүйнөбүздүн аруулугу татаал жашоону жеңилдетет. Кээ бир адамдар мекениң сыяктуу болот, алар сени башка эч кимге муктаж кылбайт.

Кээ бир адамдарга жолуккан кезде өзүңдү-өзүң менен жолуккандай сезесиң. Адамдын байлыгы башкалардын сени урматтап жакшы көрүүсү.

О, Алла! Бизди Өзүңдүн ыраазылыгың үчүн бири-бирин жакшы көргөн мусулмандардан кыл! О, Алла! Бизди асман сыяктуу бийик, тоо сыяктуу бекем, жер сыяктуу жөнөкөй, деңиз сыяктуу терең, түн сыяктуу кемчиликтерди жашыруучу, күн сыяктуу нурун жайылтуучу жана жамгыр сыяктуу бардыгына бирдей пайдасын тийгизген пенделериңдин катарына кошо көр!

Автор: Абдишүкүр Нарматов


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1118 Пользователь офлайн   Defend.   21 Апрель 2017 - 04:41

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 518
  • Катталган: 19 Апрель 17
  • Соңку аракети: 01 Июл 2019 20:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мекен Чегинде

ТААСИРДУУ ОКУЯ!

ЭНЕ МЕНЕН АЯЛ .

Бисмиллаахир Рохманир Рохийм!

Бир канча жыл мурда келининен таяк жеген кемпирдин абалы тууралуу кайсыдыр гезитке чыккан макала эсиме түшөт. Бул окуя мага аябай катуу таасир калтырды. Келини сабаганы аз келгенсип кыштын суук күнү кемпирди көчөгө кууп чыгыптыр. Ызгаардуу кышта ээн талааны бойлоп кеткен көчөдө араң баскан кемпирдин сөлөкөтү көзүмдөн кетпейт. Күүгүм кирээрде анын жанына милициянын машинеси барып токтоду.Кемпир эмне болгонун айткан деле жок.

Болгону милиция сураганынан дарегин атаптыр. Бирок үйгө баргысы жок.Милиция бөлүмүндө түнөп калууга уруксат сурап, тордун артындагы керебетке отура кетиптир. Милиция кептин төркүнүн түшүнгөнбү же кемпирди тордун артына жаткырууга негиз жок дедиби айтор анын уулун чакыртыптыр.

Уулу келди дейт. Үрөйү учкан. “Бул эмне кылганың” деп энесин жемелептир. “Жүрү кеттик, уят кылдың мени” деп үйгө сүйрөптүр. Мына ошондо кемпир уулуна ушул кептерди айтты дейт. Айтмакчы, бул макаланы кепти угуп отурган милициянын сержанты жазыптыр.

«Уулум, сен атаң экөөбүздүн кеч көргөн перзентибизсиң. Биз көпкө балалуу болгубуз келди. Бирок тагдырдын сыноосу экен, кудай сени бизге кеч берди. Көп узабай атаңдын да көзү өтүп кетти. Эми менин жашоомдогу жалгыз бакытым сен гана болуп калдың. Сен менин жашоомдун маңызына айландың. Мен ар бир күнүмдү сага арнап, ийгилигиңе кубанып, жеңишиңе шыктанып, сенин жашооң, келечегиң үчүн жашадым.

Мен карый баштадым, а сен бой жетилдиң. Анан сен үйлөндүң. Мен «жалгызыма түгөй кошулду» деп өзүмдү койорго жер таппай кубандым. Бирок кубанычым көпкө созулбады. Сен бат өзгөрө баштадың, аялыңа көп көңүл бурчу болдуң. Сенин көңүлүңдү толугу менен ээлеп алган аялың көп өтпөй мага чабуул койо баштады. Мен ага ашыкча боло баштадым. Сен жокто мени менен айтышчу болду, барган сайын мени кемсинтип, атайы жаңжал чыгармай адат тапты. Мен булар тууралуу сага ооз ачпадым. Үйү бузулбасын деп даттанбадым. Демимди жутуп унчукпадым. Ал мени сага жамандай баштады. Ага ишенип сен да мени тилдей турган болдуң. Мен ошондо да унчукпадым. Чыдадым.

Аялың андан бетер күч алды. Сен жокто мага тамак бергенди токтотту. Буга да көндүм. Арыктап алым кете баштады. Бир күнү жок шылтоо менен мага кол көтөрдү. Каршылыкка алым жетпеди. Үнүмдү чыгарбай зарлап ыйладым. Сени күттүм. Келсе абалымды көрүп түшүнөөр дедим. Сен келдиң, бирок мени карабадың. Адатыңча аялың менен алек болдуң.

Көп өтпөй аялың мени дагы сабады. Ага алым жетпейт. Урба деп жалындым. Ага болбой башка көзгө койгулады. Ордумдан турсам түртө салды эле, кетенчиктеп барып куладым. Жамбашым менен казанга түшкөн экенмин, ысытма чыгып, ооруп жатып калдым. Дагы сени күттүм. Келсе абалымды көрүп өзү түшүнөөр дедим. Сен жумуштан келдиң. Аялың алдын алып мени жамандады. Сен анын сөзүнө ишенип мени дагы жекирип кирдиң. Таң атканча көрпө ичинде ыйлап чыктым. Үнүмдү чыгаргандан корктум. Бугумду чыгара албай кыйналдым. Жок дегенде бакырып алсам...

Убакыт өткөн сайын сен менден алыстай бердиң. Акыркы учурларда мени түк карабай калдың. Сүйлөшкүң да келбейт. Сен иштен келээриңди күтөм. Кетээриңден корком. Сен босогону аттарың менен аялың зомбулугун баштайт. Мен ага эч сөз да айтпайм. Жалаң жалынып калдым. Урат, боздоп ыйлайм. Уулуңа айтсаң каныңды уулап өлтүрөм дейт. Сага айтканы корком. Барган сайын абалым начарлай берди.

Мен эч качан тирүү адамдын өлгүсү келээрин ойлогон эмесмин. Мен силерге тоскоол болгум келбеди. Бирок жанымды кыйганы колум көтөрүлбөдү. Кудайдан гана тилечү болдум. Өзүмө өлүм тилечу болдум. Кана ал келсе...

Акыры айласын таап үйдөн качтым. Калганын өзүң билесиң. Мен эми кайтпайм уулум. Болгону мени карыганда ушинтип кордогондон көрө аялың эч кимге көрсөтпөй өлтүрүп салса жакшы болмок» - деп аягында токтоно албай бышкырып ыйлады дейт.

Уулу энесинин сөздөрүн көпкө угуп отуруптур. Аны кандай сезимдер бийлегени белгисиз, таң атаарда көзү илинип кеткенби, короздун кыйкырыгынан ойгонуп кетсе тордун артындагы эне баласынын башын сылап отуруп узап кетиптир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1119 Пользователь офлайн   Defend.   21 Апрель 2017 - 04:44

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 518
  • Катталган: 19 Апрель 17
  • Соңку аракети: 01 Июл 2019 20:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мекен Чегинде

Атаңа окшобо уулум…

Эми гана алты жашка толгон уулумдун берилип сүрөт тартып жатканын көрүп жанына бардым:

-Уулум эмненин сүрөтүн тартып жатасың?

-Сизди, апамды жана өзүмдү деп сүрөттү мага карматты.

Сүрөткө көңүл бурсам, өзүнүн жана менин жүрөгүмдү кара өң менен боёптур.

-Уулум, жүрөк кызыл менен боёлот. Мына бул калем менен боёш керек.

-Мен билем.

-Анда неге кара өң менен боёдуң?
Ал мени айыптуу карап:

-Чоң апамдын айтышынча башкаларды ыйлаткан адамдардын жүрөгү кара болот экен.
Сиз кече апамды ыйлаттыңыз го?-деди.

Уулумдун сөздөрүнөн кечеги дилкаралык менен аялымды урганымдан уялып кеттим.
Ошентсе да сөздү буруп:

-Анда өзүңдүкүн неге кара менен боёдуң? Же сен да бирөөнү ыйлаттыңбы?

-Жок мен эч кимди ыйлатпадым.
Сиз дайыма айтасыз го, «Сен кудум мага окшош болушуң керек» деп. Ошон үчүн карага боёдум…

Өзү билип билбеген абалда атасына сабак берген уулумду боорума кысып жатып оозумдан бул сүйлөм кантип чыгып кеткенин байкабадым:

-Атаңа окшобо уулум…

Билдирүүнү түзөткөн: Defend.: 21 Апрель 2017 - 04:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1120 Пользователь офлайн   Naku01   21 Апрель 2017 - 05:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 048
  • Катталган: 22 Апрель 15
  • Соңку аракети: 09 Апр 2021 12:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кудайым ыйман,ынсап берген жер

:гезит: Эне менен аялдын окуясы :(
Сенин суйуун ,Менин Ар намысымдын алдында (made in China)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • 58
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 04:24

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: