— Ушул атты уксам керек эле.
— Мен да уккам, — деди кенже лейтенант.
— Мексикадагы согушка, башкача айтканда, Скоттун жортуулуна катышкан ар бир
киши а жөнүндө укпай койгон эмес. Өзү жөнүндө Кольхаун чоң дарбаан калтырган.
Миссисипи штатында туулуп, ал миссисипилик волонтерлор полкунда капитан болгон.
Полктун штабынан көрө, тылда кумар ойногон жерде көп жүрө турган. Бреттер36 деп
анын атагын чыгарган бир-эки окуясы болсо керек эле. Бирок ал Мексикадагы
согуштан мурун эле, ошондой деген атка конгон. Жаңы Орлеанда ал коркунучтуу киши
деп атагы чыккан.
— Чыкса эмнеси бар экен? — деп сурады жаш драгун, саал ишенгенсип.
— Мистер
Кассий Кольхаун коркунучтуу кишиби, момун кишиби, биздин ишибиз эмне? Чынын
айтсам, мага баары бир. Аны кыздын жээни деп өзүңүз айтпадыңызбы.
— Жалаң жээни гана эмес. Менимче, ал кызга ашык болуп жүрсө керек.
— Кыз да сүйөт бекен?
— Анысын билбейм. Бирок ал жигитти атасы жакшы көрсө керек. А түгүл, мага
жашырып жатып, аны чалдын жакшы көргөн себебин да айтышкан эле. Боло жүргөн
кеп да, акча жагынан ага көз каранды эмес. Пойндекстер мурдагысындай жаткан бай
эмес, эгерде мурдагысындай бай болсо, аны биз буерден көрбөс элек.
Дал ошол арада эртең мененки кароого чакырган чоордун үнү угулду — бүтүндөй
бир армиялык корпус сыяктуу, кичинекей фортто да ушул шаан-шөкөт абдан сакталып
жүрчү. Форттун командири майор өткөргөнү жаткан кароого белендегени үч офицер
тең өз бөлүгүнө тарап кетти.
"Башы жок чабандес" Роман. Майн Рид.
#22 15 April 2017 - 07:35
Ракмат мега кызым.Бала чагымда орусчасын окудум эле.Бугун кыргызчасын рахатанып окуп чыктым...
Ракмат кызым!!
Ракмат кызым!!
#23 15 April 2017 - 17:19
X глава
КАСА-ДЕЛЬ-КОРВО
Каса-дель-Корво имениеси, же гасиендасы, Леона дарыясынын токойлуу
жээктерин бойлой үч миляга жакын, а прерия тарабы, түштүктү карай андан эки эсе
көбүрөөк жерди ээлейт.
Гасиенда деп натура аталып жүргөн имениенин үйү Инж фортунан бута атым жерге
салынып, анын имараттарынын ак дубалдары алыстан көрүнүп турат. Гасиенданын көп
бөлүгү дарыянын жээгин бойлой өскөн бийик дарактардын көлөкөсүнөн жакшы
көрүнбөйт. Дарыя ушул жерге келгенде аттын такасындай болуп ийилип агат. «Casa del
Corvo» — «Имерилиштеги үй» деген наамды ушул себептен алып жүрөт.
Жерди тандаганда, коргонуу максатын көздөгөнү байкалып турат; себеби
индеецтердин кол салуусунан сактанууга туура келген илгерки заманда салынган
окшойт; бирок индеецтердин кол салуусунан азыркы күндө да коргонууга туура
келет.37
Гасиенданын фасады дал горизонтко чейин көк килемдей болгон прерия тарапты
карап турат.
Мексиканын имениелик чоң курулуштары сыяктуу, Каса-дель-Корвонун
архитектурасы да, мавр — мексикалык стилде салынган. Төбөсү жалпак перила менен
тосулган азотеясы бар бир кабат үй. Курулуштун ичинде жалпак таш төшөлгөн короо —патио, азотеяга чыга турган баскычы, фонтаны бар. Оор бурамага бекитилген чоң
жыгач дарбаза, дарбазанын эки жагында зым тор менен тосулган эки-үч терезе бар.
Кашаанын ары жагында туткун негрлер
тура турган көркү сыны жок бир нече жер там турат.
* * *
Луиза Пойндекстер ойлонуп, күзгүнүн алдындагы креслого отурду, өзүнүн малай
кызына меймандар келгенче чачымы тарап, кийиндиргин деди.
Пойндекстер жаңы жерге көчүп келгенине арнап бере турган тоюнун башталышына
чейин дагы бир сааттай убакыт калган эле. Балким, жаш креолканын бир аз тынчы
кетип турган себеби ошондодур? Бирок ал жөнүндө Флоринданын — күң негр кыздын
божомолдоп билгендери бар эле, божомолун экөөнүн сүйлөшкөнү далилдеди.
Бирок ал экөөнүн сүйлөшкөнүн сөз деп айтууга да болбос. Луиза жөн эле оюн угуза
сүйлөдү, а малай кызы, жаңырык сыяктуу, кожоюн кызынын сөзүн кайталай берди.
Орундук: стол, диван, бөлмөдөгү башка эмерек сыяктантып, күңдү жаш креолка өмүрү
бою өзүнүн оюн жашырууга болбой турган буюм катарында эсептеп, көнүп калган эле.
Айырмасы эле: Флоринда тирүү жүргөн, суроого жооп бере алчу инсан эле.
Бөлмөгө келгенинен он минута өткөндөн кийин Флоринда жаагы тынбай,
болор-болбос нерсе жөнүндө сүйлөй берди; а Луизанын сөзгө катышканы айрым
эскертүү менен гана чектелди.
— О мисс Луи, — деди негр кыз жаш кожоюн кызынын татынакай чачын жан-дили
менен тарап жатып, — чачыңыз кандай сонун! Испаниянын кипарисиндеги салаңдаган
моху сыяктуу, чачыңыз сеңселип турат. Бирок сиздин чачыңыздын түсү башкача, кант
чөбөгөсүндөй жылтылдайт.
Луиза Пойндекстер креолка эле, ошондуктан, сиздин чачыңыз кара, испаниянын
моху сыяктуу сеңселип турат деп кагылбагандык кылганы менен, негр кыздын таап
айтканын туура эмес дешке болбойт. Бирок кыздын чачы кара эмес эле. Ал кээде таш
баканын же кышында кармалган суусардын өңүнө окшоп кара күрөң болучу.
— Ах — деп, Флоринда сөзүн улантты, — эгерде менин чачым койдун жүнүндөй
болбой сиздикиндей сонун болсо, жанагы жигиттердин бири калбай, аягыма жыгылар
эле.
— Эмне жөнүндө айтып жатасың? — деп сурады жаш
креолка, куду терең оюнан ойгоно түшкөнсүп. — Эмне дедиң? Сенин аягыңа жыгылат
беле? Кимдер?
— Мына, чын эле түшүнбөйсүзбү айтканымы?
— Чын, түшүнгөнүм жок.
— Аларды өзүмө ашык кылаар элем. Менин айтайын дегеним ушул.
— Кимди ашык кылмак элең?
— Жанагы ак жентльмендердин баарын. Жаш плантаторду, форттун офиңерлерин
— бирин калтырбай, баарын! Сиздин чачыңыз менен, мисс Луи, алардын бардыгын
ынтызар кылар элем.
— Ха-ха-ха! — деп Луиза каткырып жиберди Флоринданын уйпаланган чачын
каран. — Чачың меникиндей болсо, сага ашык болбогон бир да эркек калбас эле деп
ойлойсуңбу?
— Жок, мисс, менин жалаң эле чачым эмес, өңүм да, чырайым да сиздикиндей,
алебастр сыяктуу аппак болсо, сымбатым сиздикиндей келишип турса, көзүм да
сиздикиндей болсо... Мына ошондо сонун болор элем! А мисс Луи, сиз жаткан сулуусуз! Ак жентльмендер сиз жөнүндө сөз кылганын уккам. Алардын айтканын
угуунун да кереги жок мага, өзүм көрүп турбайымбы.
— Кошомат кылганды үйрөнгөн экенсиң, Флоринда.
— Жок, мисс, коюңузчу. Кошомат болгудай бир ооз да сез айтканым жок. Арбак
урсун! Пайгамбардын каарына калайын, калп айтсам!
Негр кыздын сөзү туура экенин ырастоо үчүн Луизаны караган киши бечаранын
бекер эле карганганын көрөт болчу.
Луиза Пойндекстерди эң сонун экенсиз деп айтуу — анын тегерегиндеги
кишилердин жалпы пикирин гана кайталаганга жатат. Анын жүзүнүн сулуулугун калем
менен сүрөттөп жазууга мүмкүн эмес. Анын өңүн кала берсе сүрөтчүнүн кистиси да
үстүртөн гана элестетер, себеби кыздын көзүнөн төгүлүп турган сыйкырдуу нурду
жансыз кагазга тартып көрсөтүү бир да сүрөтчүнүн колунан келбес,
Флоринданын чындап ишендиргенине кыз кичи пейилдик кылып, күлүп гана тим
болду; бирок анын күлкүсүндө кылдай да шектенүү жок болучу. Өзүнүн сулуулугун
эсине салуу жаш креолкага керек эмес эле. Негр кыздын кошамат кылып айтканы ага
таасир кылган жок. Деле ойго батып кетти.
Флоринда анын анткенинен ийменген жок.
— Ээ, — деп, ал өзү менен өзү сүйлөшүп жаткансып? сөзүн уланта берди, — эгер
Флоринда жок дегенде жаш мисстин жарымынчалык эле жакшы болсо, эч кимге карап
койбостон, эч кимге ашык болуп үшкүрүгү таш жарбас эле!
— Үшкүрүгү таш жарыппы? — деп кайталады Луиза, негр кыздын сөзүнө тан калып.
— Эмне деп айтмакчысың?
— Мисс Луи, Флоринда сиз ойлогондой сокур да, дүлөй да эмес. Бир жерде отуруп
алып, унчукпай үшкүрө бергендигиңизди небактан бери эле байкап жүрөм.
Луизинадагы эски плантацияда турганыбызда эч качан минтчү эмес элеңиз.
— Флоринда! Сен акылдан адаша баштагансың го, же Луизианада эле акылдан
адашып калган белең! Биердин климаты сага жаман таасир кылдыбы?
— Чын айтам, мисс Луи, а жөнүндө сиз өзүңүздөн сураңыз. Сиз менен жөнөкөй
сүйлөшүп жатканым үчүн ачууланбаңыз. Флоринда сиздин күңүңүз, кара эжеңиз
сыңары сизди жакшы көрөт. Сиздин үшкүргөнүңүздү көргөндө зээни кейип, кайгырат.
Ошондуктан сиз менен ушинтип сүйлөшүп жатат. Сиз мага ачууланбайсызбы?
— Жок, ачууланбайм. Эмне үчүн сага ачууланмак элем? Ачууланган жерим да жок.
Сенин угуп, көргөндөрүң — өзүңүн гана фантазияң. Үшкүрүгүм таш жаргыдай чолом да
жок — азыр эле жүзгө жакын мейманды күтүш керек, алардын бардыгы бейтааныш
кишилер десе да болот. Чачың меникиндей болсо, алардын арасында сага ашык
болуучу жаш плантаторлор менен офицерлер да бар. Ха-ха-ха! Аларды ашык кылгыдай
менде эч кандай тилек жок. Аларды сен кызыктыргын!
— О мисс Луи, чын айтасызбы? — деп негр кыз кызык- канын жашырбай сурады. —
Ошол жентльмендердин бирөө да мага жакпайт дегиңиз келеби? Бирок эң эле
сулуулар да болот. Жанагы жаш плантатор, дагы сулуу эки офицер, — жок үчөө.
Билесизби, мен ким жөнүндө айтып жатам? Алар баары сиздин артыңыздан убара
болушкан. Ошолордун бирөө жөнүндө да ынтызар болгон жокмун деп
ишендиресизби?
— Дагы ынтызарлык жөнүндө баштадың го! — деп Луиза аргасыздан күлүп
жиберди. — Болду, Флоринда, убактыны текке кетирбейли. Эсиңде болсун, бүгүн
биздикинде көп мейман болот, ошондой чоң кабыл алууга даярданыш үчүн мага эң
кеминде жарым саат убакыт керек.
— Кайгырбаңыз, мисс Луи, кадырыңыз жан болсун, сизди кийиндирүү кыйын эмес.
Сизге кандай кийим болсо да жарашат. Плантациялардагы жумушчу аялдын
карапайым кийимин кийсеңиз да, баары бир биринчи сулуусуз.
— Кошомат кылганды аябай үйрөнүпсүң, Флоринда!
Менден бирдеме сурамакчы болгонуңу байкап турам. Плуто менен жараштырып кой
дегиң келип турат го.
— Жок, мисс, Плуто эми мага эч качан дос болбойт. Баягы кара прерияда бизге
бороон келип тийгенде, ал абдан коркоктук кылган! О мисс Луи, баягы тору ат минген
жаш жентльмен келип калбаса, биз ошондо эмне кылат элек?
— Эгерде ал болбосо, Флоринда, эч кимибиз биерде болбойт элек.
— О, мисс! Ал кандай сулуу жигит! Анын өңү эсиңиздеби? Чачы дал сиздин
чачыңыздай коюу экен, бирок тармалдашканы бир аз менин чачыма окшойт. Жаш
плантаторду же форттун офицерлерин ага такыр салыштырууга болбойт! Алар орто
жолдо калышат. Биз, негрлер, аларды өңү ак салпаяктар деп коебуз. Ошол сулуу жигит
сыяктуу киши жөнүндө эңсеп, үшкүрүгү таш жарса, жөнү башка болор эле. Ал
ошентүүгө арзый турган жигит.
Акыркы минутага чейин жаш креолка камыраган жок эле. Эми өзгөрүп кетти.
Окусунан болдубу, же атайы болдубу, Флоринда жаш кожоюн кызынын кастарлаган
оюна тийип кетти. Луиза өзүнүн күң кызына сырын билгизгиси келген жок. Ал
короодон катуу добуш чыкканда кубанып кетти. Тезирээк кийинип, өзү жактырбаган
сөздү токтотуш үчүн ошол добуш ыңгайлуу себеп болду.
36 Бреттер — дуэлчи, чатак киши.
37 Колонизаторлордун саясатынын кесепетинен жерлерин тарттырып жиберип, өздөрү жакыр болгону,
ырайымсыздык көргөнү үчүн индеецтер өч алып келген. Кошмо Штаттардагы индеецтер азыркы күндө да
чындыгында концентрациялык лагерден эч кандай айырмасы жок резервацияларга бөлүнөт; туберкулездон
жана башка оорулардан көп кырылып, азайып баратат.

#25 15 April 2017 - 17:23
XI глава
КАПЫЛЕСТЕН КЕЛҮҮ
— Эй негр, кожоюнуң кайда?
— Мистер Пойндекстерби, сэр? Карт кожоюнбу, жаш кожоюнбу?
— Жаш кожоюнду эмне кылмак элем? Мистер Пойндекстерди сурап жатам. Ал
кайда?
— Ооба, ооба, сэр, экөө тең үйдө, жок, экөө тең — карт кожоюн да, жаш мистер
Генри да үйдө жок. Алар төмөн жакта, жаңы кашаа жасап жаткан жерде, дарыянын
боюнда жүрүшөт. Ооба, экөөн тең ошерден табасыз.
— Төмөн жакта, дарыянын боюнда? Биерден алыспы?
— О, сэр! Негрдин оюнча, эки-үч миля келер, андан да алыс болбосо.
— Үч-төрт миля дейсиңби? Сен жинди болгон эмесиң го? Мистер Пойндекстердин
плантациясы ошончолук жерге созулабы? Менин билишимде, а киши башка бирөөнүн
жерине кашаа жасоочулардан эмес болуу керек. Андан көрө айтчы, качан келишет?
Качан келерин сен билүүгө тийишсиң!
— Экөө тең тез эле келүүгө тийиш — жаш кожоюн да, карт кожоюн да, мистер
Кольхаун да. Бүгүн бизде чоң майрам болот, ашканадан чыккан тамактын жытынан эле
билбейсизби. Бүгүн бизде дүр-дүнүйө тамакты бышырып жатышат. Бүгүн бизде баягы
Луизианада өткөн замандагы тойдон кем болбойт.
— О, мистер Зебулон Стумп, сиз белеңиз! — деп шаңкылдаган добуш угулду да,
верандадан Луиза Пойндекстер көрүндү. — Сизсиз го деп ойлодум эле, оюм туура
чыкты, — деп Луиза сөзүн улантты жакындай басып, — бирок сизди жакында көрөм го
деп күткөн жок элем. Мага алыс сапарга кеткендей көрүндүңүз эле. Сизди биерден
көргөнүмө абдан кубанычтуумун. Атам менен Генри да сиздин келгениңизге кубанышат. Плуто, тиги Клуга барып, билип келчи, мистер Стумпка бергидей эмне
тамагы бар экен. Тамак иче электирсиз, ыраспы? Чаң болуптурсуз, алыстан
келаткансыз го?.. Флоринда, ичкидей бирдеме алып келчи. Мистер Стумп, абдан
чаңкагандырсыз: бүгүн абдан ысык болуп турат. Сиз эмнени жакшы көрөсүз: портвейн,
шерри, кларет — кайсынысынан? А эсиме түшпөдүбү, сиз мононгахель вискисин
жакшы көрчү элеңиз го. Жаңылбасам, бизде бардыр. Флоринда, жүгүрүп барып,
тезирээк алып кел. Бери верандага чыгыңыз, мистер Стумп, бери келип отуруңуз.
Атама кезигейин дедиңиз беле? Ал азыр келип калат. Атам келгенче, сизге эрмек боло
турайын.
Кыз сөзүн мурда бүтүрсө да, баары бир беркидей дароо жооп таба албайт болчу.
Азыр да Стумп бир нече секундадан кийин гана сөзгө киришти. Ал кыздан көзүн албай,
дудук болгон эмече карап турду.
— Кудуретиңден айланайын кудай, мисс Луиза! — деди ал акырында. —
Миссисипиде көргөнүмдө, сизди бу дүйнөдөгү эң сонун адам го деп ойлодум эле. Эми
сиз бу дүйнөнүн гана эмес, тиги дүйнөнүн да керемети экениңизге көзүм жетти.
Жаш креолканын жаңы эле таралган чачы жылтылдап турду. Муздак суудан кийин
анын эки бети албырууда, Жука инд кисеясынан тигилген көйнөгү, келишкен сымбаты
Луиза Пойндекстерди чын эле периште сыяктандырды.
— Ой, ой! Мистер Стумп, сизди минтип айтат экен деп күткөн жок элем. Техас
сизди да кошомат сүйлөөгө үйрөткөн окшойт. Эгерде дагы ушинтип сүйлөй берсеңиз,
мурдагыңыздай жөнөкөй сүйлөгөндү унутуп коер бекен- сиз деп корком. Мындай
мактоо сөздөн кийин жакшылап ичишиңиз керек... Кош, эмне турасың? Тезирээк,
Флоринда! .. Жаңылбасам, сиз вискини жакшы көрөм деп айтсаңыз керек?
— Айтпасам да ойлодум эле. Айткан да, ойлогон да баары бир эмеспи. Ырас, мисс,
чет мамлекеттердин ичкилигинен көрө, өзүмдүн ата мекенимин ичкилигин
артыгыраак көрөм.
— Мистер Стумп, суу кошуп ичесизби? — деп сурады Флоринда, кап ортосуна
чейин виски куюлган стаканды кармап кирип.
— Жок, садагаң! Мага суунун эмне кереги бар! Суу бүгүн жүрөгүмө сары майдай
тийди. Бүгүн таң заардан бери оозума бир тамчы да шарап ала элекмин.
— Ардактуу мистер Стумп, мындай ичүүгө болбойт, тамагыңызды куйкалап
кетпейби. Балдан же канттан анча-мынча алыңыз.
— Кымбат оокатты кор кылып эмне кереги бар, мисс? Эчтекке кошпосо да,
вискиден мыкты ичкилик жок, айрыкча, сиз бир карагандан кийин вискиге эмне
жетсин. Суу кошпой иче алат бекемин, жокпу — азыр көрөсүз. Кана, даамын таталычы?
Картаң мергенчи стаканды оозуна алып келди да, үч-төрт ууртап бош стаканды
Флориндага кайра берди. Жаш креолка менен малай кыздын таң калып, эрксиз- ден
чыккан добушу мергенчинин тамшанганынан угулган жок.
— Тамагыңызды куйкалап кетет дедиңиз беле? Такыр куйкалаган жок. Виски
тамагымы тазалап гана кетти; эми чаар мустанг жөнүндө атаңыз менен сүйлөшүүгө
толук жарайм.
— Баса! Такыр унутуп калган турбаймбы... айтайын дегеним башка эле. Сизди али
биле элек го деп ойлодум эле. Баягы сулуу ат жөнүндө эч кандай кабар жокпу?
— Сулуу ат дегениңиз абдан туура.
— Баягы биздикине келип-кеткениңизден кийин ошол мустанг жөнүндө эчтеке
укканыңыз жокпу?

#26 15 April 2017 - 17:26
— Укканым мындай турсун, өз көзүм менен көрүп, мына бу колум менен кармалап
чыктым.
— Коюңузчу.
— Ал мустанг кармалды.
— Ырас айтасызбы? Мунуңуз жакшы кабар экен? Ошол сулуу атты көрөрүмө абдан
кубанам; ага минип, сейилге чыксам, кандай сонун болор эле. Техаска келгенден бери
бир да жакшы ат күтө элекмин, буердеги аттардын баары сокур тыйынга татыбайт.
Баасы канча болбосун, ошол атты сатып берем деп атам убада кылды эле. Бирок ал
атты кармаган кандай бактылуу жигит экен?
— Албетте, мустангер.
—Мустангерби?
— Ооба, болгондо да бүткүл прерияда ага тең келген- дей эч ким жок. Атта жүрүү,
мустангга чалма ыргытуу жагынан ага эч ким тең келе албайт. Балким, сиз өзүңүздүн
мексикалыктар жөнүндө айтарсыз. Бирок жапайы жылкы кармоо өнөрү жагынан да, а
жигитке бир да мексикалык теңтайлаша албайт.
— Анын аты ким?
— Аты ким дейсизби? Чынын айтсам, фамилиясын эч качан уккан эмесмин, бирок
аты — Морис. Форттун тегерегиндегилер аны Морис-Мустангер деп коюшат.
Бирок акыркы суроону бергенде кыздын кандай кызык- канын картаң мергенчи
байкаган жок. А түгүл, жигиттин атын укканда, кыздын кызарып кеткенин да байкабай
калды.
Бирок кыздын кызарып кеткенин Флоринда байкап турду.
— О, мисс Луи, — деп жиберди Флоринда, — баягы өрттөлгөн прерияда бизди
ажалдан сактап калган баатыр жентльмендин аты ошондой турбайбы?
— Ооба, — деп шашыла жооп кайтарды картаң мергенчи. — Мен бери келердин
алдында, бүгүн эртең менен эле ошол силердин тарыхыңар жөнүндө ал мага айтып
берди. Дал ошол жигит. Жанагы чаар мустангды кармаган да ошол жигит. Ал
силердикине келатат, иңир киргенче келип калууга тийиш. Чаар мустанг жөнүндө
атаңызга алдан айтайын деп, картаң бээмди өпкөгө тепкилеп эртерээк келдим. Ушунун
баарын сиз үчүн иштеп жүрөм, мисс луи.
— Айкөлдүгүңүздө дабаа жок, мистер Стумп! Сизге эки дүйнөдө тең ыраазымын!
Кечириңиз, бир минутага отура туруңуз. Атам жакында келет. Бүгүн бизде меймандар
болот. Тиричилик жөнүнөн анча-мынча буйрук беришим керек... Флоринда, мистер
Стумпка тамак алып келишсин. Тезирээк барып айт... Баса, мистер Стумп, — деп кыз
мергенчиге жакындап, үнүн басаңдатып сүйлөдү: — эгерде жигит... ошо жигит
келгенде, меймандар буерде болсо, — балким, алар менен тааныш эместир, — көз
салыңыз, аны күтүп алуу жөнүндө кам жешсин. Мына бу верандада шарап бар, тамак
да ошерде болот. Эмне жөнүндө айтып жатканымды түшүнөсүзбү; ардактуу мистер
Стумп?
— Мисс Луиза, бирдеме түшүнсөм кудай урсун! Ичкилик, тамак жөнүндө бардыгын
түшүнөм, бирок кайсы жигитти айтып жатканыңызды такыр түшүнгөнүм жок.
— Ырас эле түшүнгөнүңүз жокпу? Жанагы мустанг алып келе турган жигитти айтып
жатам.
— А-а! Морис-мустангерби! Демек, ошол жөнүндө айтып жатасызбы? Билесизби,
мен сизге жакшы көргөнүмөн айтайын, ал жигит башка кишинин колунан сыйланса
таарынып калат. Биздин Миссисипиде айтып жүрүшкөндөй, ал «Пойндекстерге
окшогон кербез жигит». Кечиресиз, оозуман чыгып кетти. Мисс Пойндекстер менен сүйлөшүп жаткандыгымы унутуп койгон турбайымбы, — барып турган кербез болбосо
да, ошол үй-бүлөнүн эң сулуу мүчөсү менен сүйлөшүп жатканымы эсимен чыгарып
коюптурмун.
— О, мистер Стумп, мага каалаганыңыздай сүйлөй бериңиз. Билесизби, биздин
сүйкүмдүү алпыбыз сизге таарынбайм. Бирок башка кишинин колунан сыйлангысы
келбейт дегенде, эмнени каңкуулап айттыңыз?
— Менин айтайын дегеним эле; сиздин үйүңүздө Морис-мустангерге бирдеме
ичип, бирдеме жегин деп айтуу мага ылайык келбейт. Эгер атаңыз ага өз колу менен
сыйлап бирдеме бербесе, ал ооз тийбей, чыгып кетет. Билесизби, мисс Луиза, ал
ашканага барып, бирдеме жей койгун деп айта турган киши эмес.
Жаш креолка ошол замат эле жооп кайтарган жок, бирдеме жөнүндө гана терең
ойлонуп, эмне кыларын билбей калтаарыгансып калды.
— Эчтеме эмес, мистер Стумп, кайгырбаңыз, — деди акырында кыз. — Сиз аны
сыйлабай эле коюңуз. Качан келгенин гана мага билдирип коюңуз. Бирок ал тамак
убагында келип калса, теңир жалгагыр, жибербей, токтотуп туруңуз. Ошентейин деп
убада бересизби?
— Макул, сиз айткан соң, сиздин сөзүңүздү кантип орундатпайын.
— Аны өзүм сыйлайм.
— Бирок, мисс, сизди көргөндө тамакка көңүлү чаппай калабы деп корком. Кала
берсе сизди көргөндө же шаңкылдаган үнүңүздү укканда, ач карышкырдын да тамакка
пейли тартпай калар. Биерге келгенде курсагым ушунчалык ач эле, тим эле тирүү
турган күрптү жутуп, жибергим келген, а мына эми эчтекке жегим келбей калды, Бир
ай эт жебеске да кайылмын.
Луиза шаңкылдап, каткырып калды.
Аңгыча болбой, ашкананын эшигинен патнус көтөргөн флоринда көрүндү. Анын
артынан ошондой эле патнус, бирок негр кыздыкынан алда канчалык көбүрөөк тамак
салынган патнус көтөрүп, Плуто чыкты.
— Эх, мээрман алп — деп зекигенсип сүйлөдү креолка. Бат эле тамак ичкиңиз
келбей кала турганына ишене койбойм... Мына Флоринда менен Плуто да келатат,
менден көрө, сизге көбүрөөк эрмек болгудай бирдеме алып келатышат окшойт.
Саламат болуңуз, Зеб! Азыр келем.
Бул сөздөр өтө шайыр кыял менен сүйлөндү: Луиза көңүлү жай болуп, верандадан
өттү да, бөлмөсүнө кайра барганда, дагы терең ойго кетти. «Бул менин тагдырым экен.
Ушундай болорун сезгем. Бул тагдырды тосуп чыгуу мага өтө коркунучтуу, бирок андан
качууга алым да келбейт. Качкым келбейт, качууга чамам да жок!» — деп өзүнчө
күбүрөдү.

#27 15 April 2017 - 17:27
XII глава
ЖАПАЙЫ АТТЫ ҮЙРӨТҮҮ
Азотея — мексикалыктардын үйүнүн эң жакшы бөлүгү, Анын полугасиенданын
төбөсү, а чатыры — көпкөк асман.
Аба ырайы жакшы болуп турганда азотеяны мейманканадан артык көрүшөт, а бул
касиеттүү климатта Мексиканын күнү дайыма ачык болот.
Оризаба, Попокатель, Талука тоолорунун мөңгү баскан кырына бараткан күн
кызгылт шооласын чачкан маалда, саймалуу көйнөкчөн мексикалык кавальеро
татынакай синьорита менен колтукташып, сигаретасын тике эле кыздын бетине түтөтүп, суйсалып өтөт. Көзү карагаттай донселла сүйүү сөздөрүн жайбаракат угуп
басат... Балким, сөздү укпай бирөөгө кусадар болгон жүрөгү өзү сүйгөн кавальеро
турган ыраакы гасиенданы самап тургандыр.
Үйдүн төбөсүнө отуруп, иңир кирердеги убактысын өткөрүү — мексикалыктардын
үйүнө кирген кишилердин баары туурай турган эски салт. Ошондой жакшы салттан
луизианалык плантатордун баш тартпаганы да түшүнүктүү иш.
Ошо күнү кечинде ашкана бошогондон кийин баарысы үйдүн төбөсүнө чогулушту.
Шаттанып, аябай жасанган кишилерге батып бараткан күндүн кыйгач нуру түшүп турду.
Каса-дель-Корво азотеясында андай кишилер чогулган эмес чыгар.
Меймандар кызыл-тазыл таш төшөлгөн жерде аркы терки басып, топтошуп же
болбосо перилалэрдын жанында катарлашып, ыраак жакты карап турушту. Үйдүн
мурунку ээси жергиликтүү гидальголорду38 мейманга чакырган илгерки заманда да,
бүгүнкү кечедегидей сулуу аялдар менен чакчарылган эркектер биерде мурун болгон
эмес.
Вудли Пойндекстердин Техастагы имениесине көчүп келгенин куттуктаган
Каса-дель-Корвого чогулгандардын арасында жалаң Леонадагы сеттльменттерднн
тандамал тобунан гана эмес, ыраакы жерлеоден келген кишилер да бар. Буерде
Ганзельстон, Кастровилден, а түгүл Сан- Антониодон келген меймандар да өзү сыяктуу
эле плантатордун түштүк-батыш Техастан көчүп келген эски достору да бар болучу.
Алардын көбү ушул тойго катышканы жүз милядан ашык жерден атчан келген.
Бүгүнкү тоюн салабаттуу кылуу үчүн плантатор акчасын да, аракетин да аяган жок.
Форттун мейман болуп келген офицерлеринин жалтылдаган мундирлери менен
погондору, аскер музыкасы, Касса-дель-Корво погребдеринин эң сонун эски
шараптары — мына ушунун баары тойду бөтөнчө көркүнө чыгарды. Леонанын боюнда
мындай той эч качан болгон эмес эле.
Бирок тойду бөтөнчө көркүнө чыгарган плантатордун татынакай кызы болду.
Кыздын сулуулугу жөнүндөгү атак Луизианадан кыз өзү биерге келе электе Техаска
жеткен болучу; Луизианада кыз биринчи сулуу болуп эсептелчү эле. Мейман күткөн үй
ээси катарында кыз адамдын сугу түшкөндөй күлүңдөп, меймандардын ара- сында
ары-бери суйкайып басып жүрдү. Жүздөгөн киши андан көзүн айырбады: кай бирөө
кубанып, кай бирөө ичи күйүп карады.
Бирок кыз андан таалайлуу болдубу? Бул суроо таң каларлык болуп көрүнүшү
мүмкүн. Достору, сүйгөн жигиттери, жаш плантаторлор, адвокаттар, мансабын жаңы
баштаган жана атагы чыгып калган мамлекеттик ишмерлер, аскер формасын
кийгендер менен жаңы эле кызматтан чыккандар курчаган кыз бактылуу боло алат
беле?
Ушул жасанган меймандардын арасында кызга, башкалардан анын ар бир
кыймылына көбүрөөк көз салын, анын ичиндеги сырын билүүгө бөтөнчө тырышкан
баарына белгилүү бир жигит бар болчу. Ал кыздын жээни Кассий Кольхаун эле.
Ал тирүү арбактан бетер, улам бир жерге уурданып
барып, кыздын артынан ээрчий берди. Бирде жогору чыгып, бирде төмөн түшүп,
бирде кара күчкө байкамаксан болуп, бурчка жөлөнүп турду. Гражданча кийинип,
бирөөнү аңдуу үчүн жалданган полисмен сыяктуу, ал татынакай креолкадан такыр
көзүн айырган жок.

#28 15 April 2017 - 17:29
Кызык, бир күлүмсүрөп коёр бекен деп, жигиттердин жабыла кошомат сүйлөгөнүнө
кыздын кандай жооп кайтарганын да ал таназар алган жок. А түгүл, Генкок деген жаш
драгундун көрүнөө көңүл бурганы да Кольхаунду ыза кылган жок.
Бирок меймандардын баары азотеяга чыкканда, Кассий Кольхаун сырын билгизип
койду. Луиза периланын жанына келип, ыраак жакты кунт коюп карай баштаганда,
анын кызды караганын жанында тургандар байкабай койгон жок.
Эмне үчүн кыз ыраак жакты караганын эч ким билген жок, эч кимдин жүрөгүн
өйкөгөн да жок. Жалаң Кассий Кольхаундун гана жүрөгүн өйүп шектендирген нерсеси
бар эле.
Батып бараткан күндүн прериядагы алтын нурунан кандайдыр топтошкон караан
көрүнүп, азотеядан карап тургандар бир нече киши бир үйүр жылкы айдап келатканын
байкаганда, экс-капитандын эч кандай шеги калган жок: ошол бир топ атчанды ким
баштап келатканын ал ачык түшүндү.
Бир үйүр меймандардын көңүлүн бура электен мурда эле, Луиза аны горизонттогу
буркураган чаңдан улам байкаган болчу. Ырас, чаң анда анчалык даана эмес болчу,
анан көрүнөт, мына көрүнөт деп, күткөн киши гана көрө алат эле.
— Жапайы жылкы экен! — деди майор, Инж фортунун командири дүрбү менен
карап. — Кимдир бирөө айдап келатат, — деди ал экинчи жолу дүрбү менен карап. —
А! Эми ачык көрдүм, бу Морис-мустангер турбайбы. А кээде бизге жылкы сатат. Тике
эле ушерге келатат окшойт, мистер Пойндекстер.
— Ошо болушу толук мүмкүн, — деди Каса-дель-корвонун ээси. — Ушул мустангер
мага жыйырма-отуз ат сатам деди эле, мүмкүн айдап келаткандыр. .. Ырас, ошол экен,
— деди ал дүрбү менен карап.
— Ошол экенине ишенем, — деди плантатордун баласы. — Атчан келаткан Морис
Жеральд экен, — тааныдым.
Болуп жаткан окуяга анча-мынча кызыкканын плантатордун кызы билгизген жок.
Жээнинин көзү чоктон бетер куйкалап, тиктеп турганын кыз да байкаган.
Акырында бир топ атчан жакындап келди. Аны баштап келаткан чын эле
Морис-мустангер экен, чаар мустангды ал аркан менен жетелеп келатыптыр.
— Ушундай да сонун жаныбар болот экен, ээ! — деген бир нече кишинин үнү,
кармалган мустангды үйдүң жанына жетелеп келгенде жабыла угулду.
— Мындай мустанг төмөн түшүп кароого да арзыйт, — I деди майордун
жалаңдаган зайыбы. — Жүргүлө, төмөн түшөлү, сиз кандай дейсиз, мисс Пойндекстер?
— О, албетте! — деген жаш кожоюн кыздын үнү башка добуштардын арасынан
шаңкылдап угулду. — Төмөн ! түшөлү, жүрүңүздөр, тезирээк!
Майордун зайыбы, баштаган аялдар таш баскыч менен төмөн түшүштү. Эркектер
алардын артынан ээрчиди.
Дагы эле атынан түшпөгөн мустангер бир-эки минутадан кийин чаар байталды
жетелеп, тандамал кишилердин ортосуна келип токтоду.
Генри Пойндекстер баарынан мурун жүгүрүп, мустангер менен эски таанышынча
саламдашты.
Морис менен Луиза саал башын ийип амандашты. Канчалык сыйлап, канчалык
макташса да, жылкы сатып соода кылган жигит менен обу жок ачык саламдашканы
элдин арасында кызды уят кылат эле.
Аялдардын арасынан майордун зайыбы гана мустангер менен бөтөнчө жандары
амандашты, бирок анын амандашканы сылыктык кылгандай сыяктанды. Бирок жаш креолканын мустангерге көзүнүн кыры менен кыбыңдап амандашканы бөтөнчө сый
болду.
Жалгыз Луиза гана ошентип караган жок. Кийими чаң болсо да, мустангер өтө
жакшынакай эле. Жыйырма милядан ашык жол жүргөнү аны такыр талыкшытпаган
окшоду. Талаанын шамалынан ирландиялык жигиттин бети гана тотуккан. Жакасынын
топчусу чыгарылган көйнөгүнөн жигиттин албеттүү сулуулугун далилдеген, күнгө күйүп,
карарган, карылуу моюну көрүнүп турат. Ар нерсеге чыдамдуу, күчтүү экени жигиттин
кейпинен көрүндү, Интенданттын39 татынакай жээн кызы жигитке кубана күлүңдөдү.
Интенданттын зайыбы да ал жигитке көзү түшүп жүрөт дешкен сөз бар эле, бирок бул
доктордун бүткүл фортко ушакчы деп дарбааны чыккан зайыбынын ушагы экени
байкалып турду.
— Шек жок, — деди Пойндекстер жаңы кармалган мустангды карап чыгып, —
баягы Зеб Стумп мага айткан аттын өзү дал ушул экен.
— Ырас, дал өзү, — деди картаң мергенчи, жардам бермекчи болуп Мористин
жанына барып. — Туура айтасыз, мистер Пойндекстер, дал ошол байталдын өзү
экенине азыр көзүңүз жетет. Мен барып сүйлөшкөнчө эле, байталды бу жигит кармап
алыптыр. Сизге мурунураак келип айтканым өтө жакшы болду. Мындай сулуу жаныбар
башка бирөөнүн колуна өтүп кетиши мүмкүн эле, анда мисс Луиза өтө капа болмок.
— Мунуңуз туура, мистер Стумп. Сиз мага бөтөнчө ыклас коёсуз. Билбейм, сизге
ушул жакшылыгыңыз үчүн кандай алкыш айтарымы таба албай турам, — деди Луиза.
— Алкыш айтарды! Кандайдыр бир жакшылык кылсам дегиңиз келет го? Антип
айтуу сизге кыйын эмес. Мен бөтөнчө деле эчтеме кылганым жок; бар болгону —
прерияны бир кыдырып чыктым. Мындай сулуу жылкыны, анан башына калпак,
шлейф менен юбка кийип, ушул байталга минген сизди көрүп маашыр болгону үчүн,
Зеб Стумп аскалуу тоого жүгүрүп барып, кайра жүгүрүп келүүгө да кайыл болор эле.
— О, мистер Стумп, сиз оңбогондой кошоматчы болупсуз! Тегерегиңизди карап
чыксаңыз, сиздин кошоматка көбүрөөк арзый тургандай менден мыктыраак аялдарды
көрөсүз.
— Макул, макул! — деди Зеб жанында турган аялдарга көңүл кош карап. — Ырас,
буерде сулуу ледилер көп экен. Шайтан баскырдыкы, сулуу аялдар көп турбайбы?
Бирок, тиги биздин Луизианада айтышкандай, Луиза Пойндекстер ченде жок жалгыз.
Бир нече аялдын добушу ачыгыраак угулган кыраан-каткы күлкү Зебдин сылык
сөзүнө жооп берди.
— Мен сизге эки жүз доллар карызмын, — деди плантатор Мориске кайрылып,
чаар мустангды көрсөтүп. — Жаңылбасам, мистер Стумп сиз менен ошондой баа
жөнүндө сүйлөшсө керек эле?
— Мен андай соодага катышкан эмесмин, — деди мустангер кербездене
күлүмсүрөп. — Сиздин акчаңызды алалбайм. Мындай жылкы сатылбайт.
— Ырас элеби? — деди плантатор намыстана түшкөндөй кетенчиктей басып.
Плантатордун достору менен форттун офицерлери өтө таң калышканын жашыра
алышкан жок.
Кадимки жылкынын баасы он доллардан жыйырма долларга зорго жетсе, бул
үйрөтүлө элек мустанг үчүн эки жүз доллар оңой кеппи! Сыягы, мустангер жинди болгон! окшойт го.
— Мистер Пойндекстер, — деп сөзүн улантты мустангер. — Бул кармала элек кезде
да башка мустангдар үчүн мага жакшы төлөдүңүз эле. Ошон үчүн сизге ыракмат айтып,
биздин Ирландияда айтышкандай, ак жолтой болсун деп, сизге муну белек кылып
берем. Бирок биздин ирландиялыктардын салты боюнча белекти соодалашып жүргөн
кишиге бербестен, ошонун үй-бүлөсүндөгү кызга белек кылып беришет. Капа
болбосоңуз, ирландиялыктардын ушул салтын Техаста колдонууга да уруксат этиңиз.
— Албетте, эмне үчүн антүүгө болбойт! — деген бир нече добуш чыкты.
— Каршы эмесмин, мистер Жеральд, — деди плантатор, жалпы элдин алдында
өзүнүн консерватизминен баш тартып. — Айтканыңыздай кылыңыз.
— Ыракмат, төрөлөр, ыракмат, — деди мустангер чогулгандарга башын ие ыракмат
айтып, кадырын сактап. — Бу байтал «ак жолтой» болгону үчүн колума түштү. Эгерде
мисс Пойндекстер муну кабыл алууга макул болсо, үч күн катары менен бул жапайы
айбанатты кубалап жүргөнүм үчүн алган алкышыман да өйдөрөөк болор. Бул амалкөй
жароокер болгон күндө да, аны жоошутуп үйрөтүү анчалык кыйын боло койбос.

#29 15 April 2017 - 17:32
— Сиздин белегиңизди кабыл алам, сэр, алганда да, алкыш айтып кабыл алам, —
деди жаш креолка алга чыгып. — Бирок менимче, — деп кыз сөзүн улантты мустангга
көз чаптырып, мустангердин көзүнө да бүшүркөгөндөй карап, — менимче, сиздин
туткунуңуз азырынча үйрөтүлө элек болсо керек? Келечеги кандай болорун
билбегендиктен коркуп, калтырап турат, эгерде жактырбаса, жүгөнүн шыпырып
кетүүгө тырышаар. Анда мен бечара эмне кылам?
— Туура, Морис, — деди майор, кыздын сөзүнүн каймана маанисин түшүнбөй,
сөздүн маанисин түшүнө ала турган гана кишиге кайрылды. — Мисс Пойндекстер туура
айтат. Бул мустанг али үйрөтүлө элек экен. Анысы ар кимге көрүнүп турбайбы. Кана,
мээрман досум, бир аз үйрөтүңүзчү! — деди да майор жанында тургандарга
кайрылды. — Силерге айтсам мындай укмушту көрө элек кишилерге азоо байталды
кандай үйрөтөрүн көрүү өтө кызык... миниңиз, Морис, прериянын бул жапайы
байталын бизге көрсөтүңүзчү. Сиздин өнөрүңүздү бул байтал өзү да көргүсү келип
турат окшойт.
— Туура айтасыз, майор, чын эле көргүсү келип турат! — деди мустангер, төрт
аяктуу туткунга эмес, топтошкон элдин арасына кирип, көрүнбөй калган жаш креолкага
жалт карап.
— Эчтеке эмес, Морис, эчтеке эмес, — деди майор жооткотуп. — Көзү
шайтандыкындай ойноктоп турса да, оң. боюн, жинин бир заматтын ичинде кагасыз.
Кана, сынап көрүңүзчү!
Сунушту мустангер кабыл ала албай койгон жок. Бул айткандары аны сынамакчы
болушканы эле. Азоону үйрөтүү өнөрү Техаста өтө жогору баалана турган,
Морис макул болду да, атынан ыргып түшүп, Зеб Стумпка чылбырын берип, чаар
мустанг менен убара боло баштады; анан элди окчун тургула деди.
Көз ачып жумганча баарысы кайра азотеяга чыгышты.
Кыл арканды мустангдын астыңкы ээгине ороп, башын октологондой арчындап
байлады да, Морис Жеральд жайдак байталга ыргып минди.
Жапайы байтал жонуна киши мингенин биринчи жолу сезип, биринчи жолу кор
болду. Өзүнүн эркиндигине кол салганга каршы чыккансып, байтал чыңырып, кишеней
баштады.
Байтал кош аяктап, бир нече минута сороюп турду. Жонундагы жигит
карбаластабай, эки колу менен байталдын мойнун кучактап калды... Муундура
кучактап, Морис соорусуна жабышып алды. Эгерде антпесе, байтал ооналактап,
үстүндөгү кишини былчыйта басып салмак эле. Эми мустанг үстүндөгү кишини өтө
кыйын абалга калтырып тоңкочуктай, мөңкүй баштады. Башка киши болсо, небак
ыргып кетмек. Өзүнүн шамдагайлыгына ишенген мустангер ээр токубай, жайдак
минген, эгер ээр токуса, мындай болбойт эле; ээр токубаган себеби: жапайы
мустангдарды үйрөткөн жигит деген атагынан ажырап, элге уят болмок; бирок жигит
жыгылган жок. Байтал тоңкочуктай баштаганда, мустангер бурула калып, эки колу
менен байталдын жука чурайынан кармап, эки буту менен байсалдын мойнун кысып
алды.
Байтал үстүндөгү жигитти ыргытып жибермекчи болуп, эки-үч жолу мөңкүдү, бирок
чабендестин шамдагайлыгына баш ийүүгө аргасыз болду. Акырында, бекер эле убара
болгонун түшүнгөнсүп, азоо айбан мөңкүгөнүн койду да, чымын-куюн болуп прерияны
көздөй ала качты.
Мористи ана келет, мына келет менен меймандар ордунан козголгон жок.
Азотеяда отурган кишилер мустангер бир балаа болбогой эле, өлбөсө да — майып
болот го деп, өз ара маектешип отурду. Бул отургандардын ичинен аны
бир киши өлсө экен деп тиледи, а башка бирөө андан көрө мен өлөйүн деп ойлоду.
Кант плантацияларынын ээси кербез Пойндекстердии кызы, атактуу эң бай кишиге
чыга турган белгилүү сулуу Луиза, эмне үчүн Техастын кедей аңчысы жагып калганын
өзү да түшүнгөн жок. Ошол укмуштуу кишиге негедир көңүлү түшүп калганын сезип
турду. Өзү кезиктирген тандамал кишилердин арасынан ал жигит күнчүлүк өйдө
көрүндү. Кызыкканы күн санап суумак тургай, улам күчөй баштаганын кыз өзү да билип
жүрдү.
Морис-мустангер ат ойнотуп кайра келгенде, Луизанын жүрөгү мурункусунан бетер
туйлады, бирок ат мурункудай азоо эмес, азыр лыпылдап, мустангердин тилин алды;
мөңкүп жыккысы келбегени мындай турсун, өзүмдүн кожоюнум деп баш ийгендей
жоошуп калды.
— Мисс Пойндекстер, — деди мустангер аттан түшүп жатып, өзүн тосуп, жабыла
кол чаап жаткан кишилерге көңүл бурбай, — сизден сураганым — аттын жанына
келип, мойнуна аркан байлап, атканага алып барып коё аласызбы? Эгер ошентсеңиз,
бул сизди өзүмү үйрөткөн ушул экен го деп, мындан ары сизге баш иет.
Наздуу аял мындай сунуштан тайсалдайт эле, ойсоке кыз анын айтканын кылбайт
эле, а жүрөгү жок кыз болсо коркот эле.
Бирок Луиза Пойндекстер бир минутага да тайсалдабай, экиленбей, атүгүл
коркпой: ак сөөк досторун таштап, ордунан турду. Мустангердин тилин алып, кыл
арканды алды да, мустангер үйрөткөн байталды мойнунан байлап,
Каса-дель-Корвонун атканасына жетелеп барды.
Мустангердин сөзү кыздын кулагынан кетпей жүрөгүнө:
«Бул байтал мындан ары сизди өзүн үйрөткөн кишидей көрүп, баш иет», — деп
шыбырап тургансыды.
38 Гидальго (испанча) — испаниялык дворяндар.
39 Интендант (французча) — армияны азык-түлүк, кийим-кече менен жабдуу ишин жүргүзгөн офицер же
аскер чиновниги.

#30 16 April 2017 - 00:59
XIII глава
ПРЕРИЯДАГЫ ПИКНИК
Жаңы чыккан күндүн кызгылт шооласы Инж фортунун офицерлери турган
квартираларынын алдындагы аянттагы бир топ нерсеге түшүп турду.
Мексикалыктардын эки качыр чегилген кичирээк саябан арабасы ошол топтун
ортосунда эле. Качырлардын жерди чапчып, чунаңдап шыйпанганына караганда,
арабага чегилип бир жерде турганына көп болгону, качан жолго чыгар экенбиз деп
күткөнү байкалып турду. Качырлардын тыбырчылап, шыйпанганы аңкоолор
жаныбызга келбесин, тээп жиберебиз дегендей өңдөндү.
Бирок андай аңкоолор болгон жок.
Таң заардагы бүлбүл жарыкта бою заңкайган, козунун жүнүнөн жасалган калпак
кийип, ошолордун жанында турган бир киши — эски мергенчи Зеб Стумп экенин
таануу кыйын эле. Жерге кагып койгондой былк этпей турган картаң бээсине ал небак
минип алган.
Айланадагылардын баары чакчелекей түшүп жатты. А жердеги кишилер нары-бери
чуркап, саябан арабадан офицерлердин үйлөрүнө, ал жерден саябан арабага шашыла
барып келип турду.
Ал жерде он чакты киши бар, алар кийими, өңү жагынан бирине бири окшош эмес.
Көпчүлүгү стройдо кызмат кылбаган солдаттар болучу. Экөө ашмачы сыяктанды;
калгандары жергиликтүү офицерлердин денщиктери менен малайлары эле.
Кадырлуу эме сыяктанып, жасанган бир негр алардын арасынан көзгө өгөй
учурады: ал форттун командири болуп жүргөн майордун малайы эле. Өзүнүн чинине
жараша форма кийген сержант ошол топтошкон элге жетекчилик кылды. Ал саябан
арабага тамак, ичкилик салууга милдеттенген эле.
Азык-түлүк, шараптын көптүгүнө карабастан, аерде чебеленип жүргөндөрдүн кай
бирөөлөрү ыраазы болгон жок. Ошондой нааразы болгондордун бири Зеб Стумп эле.
— Бери карачы — деп, ал сержантка кайрылды, — мен жүгөрүнүн жытын сезбей
турам, саябан арабага жүгөрү салынганын көргөнүм жок. Тиги прерияда жанагы
«шампэнь» сыяктуу чет мамлекеттик немеден аны жакшыраак көргөндөр да болушу
ыктымал, — француздардын шарабын ошентип айтасыңар го.
— Шампанскийден жүгөрүнү жакшы көрөм! Сиз аттар жөнүндө айтып жатасыз го
мистер Стумп.
— Аттарың жерге кирсин! Аттардын жеми жөнүндө эч ким айтып жаткан жери жок,
— мен жанагы мононгахель вискиси жөнүндө айтып жатам,
— О-о, эми баары түшүнүктүү болду. Туура айтасыз, мистер Стумп, вискини
унутууга болбойт. Ушундай пикникке ылайык келе турган бир чоң бөтөлкөнү тиги
жерден көрдүм эле.
— Туура айтасыз, сэр, — деген майордун чоң бөтөлкө көтөрүп келаткан
денщигинин үнү угулду.
Эми баары чогулуп бүттү го деп, картаң мергенчи жолго чыгууга шашыла баштады.
— Кош, кандай; сержант, баары даяр болдубу? Жөнөй турган убакыт да болду.
— Али даяр боло элек, мистер Стумп. Ашмачы жөжөлөрдү да кууруп бүтөйүн дейт.
Азыр ал табага оодарып салды.
— Ошол ашмачы жөжөлөрү менен жерге кирсин! Биздин прериянын жапайы
күрпүнө салыштырганда, жөжө сокур тыйынга татыбайт. Майор аны түшүнөт — ал мага
семиз күрп аткын деп бекеринен тапшырган жок. Күн көтөрүлүп калганда, кандай
канаттуу аттырмак эле. Анын үстүнө мына бу тоңкулдаган араба да артыбыздан
ээрчийт. Эмне кылмак элек! Канаттуулар форттун солдаттарындай акмак эмес.
Прериядагы жан-жаныбарлардын арасынан эң акылдуусу жапайы күрп, ишенип кой,
күрптү атыш үчүн эң кеминде күн чыга электе, кээде андан да эр- те туруш керек.
— Туура айтасыз, мистер Стумп, сиздин өнөрүңүзгө майордун ишенгенин, күрптүн
этин жеймин деп үмүт кылганын билем.
— Ананчы, ага жапайы күрп атып берерим мындай турсун, азыр бүткүл Техаста
жок, мындан жыйырма жыл мурун жоголгон бизондун тили менен сүрсүгөн этин алып
келип берет деп күтүп отурганын да билем. Ырас, европалык жазуучулар, көбүнчө,
француздар жаңылып, өз китептеринде башкача жазып жүргөнүн уккам, бирок
алардын өзүнө кудай ынсап берсин. Бу жерде азыр бизон жок. Азыр бул жерде аюу,
бугу, эчки-теке, жапайы күрп бар, бирок илбээсин атып келип, түшкү тамак жасоо үчүн,
эртең мененки тамакты эртерээк ичиш керек. Эмесе, сержант, атактуу меймандарың
түштө жапайы күрптүн этин жесин дей турган болсок, жолго чыгууга камдана бергин.
Картаң мергенчинин ынанарлык сөзү сержантка таасир кылды да, көп узабай эле
ал жолго түштү; анын өңү ак, өңү кара жардамчылары артынан ээрчиди.
Ушул процессиянын башында картаң бээсин минген Зеб Стумп баратты. Ал Леона
менен Жаңгактуу дарыянын ортосундагы кеңири талаа менен жол баштады.
Азык-түлүк салынган саябан араба жөнөр менен, жыйырма минута өтө электе,
ошолор турган жерге башка кишилер чогула баштады.
Эркектер — достор же жакындары — атасы, ага-иниси, эри бирге бараткан атчан
аялдар көрүндү. Пойндекстердин тоюна катышкандардын баары бүт чогулду десе да
болот,
Плантатор өзү да, анын баласы Генри да, жээни Кассий Кольхуан менен кызы Луиза
да келди. Бойго жеткен кыз баягы чаар мустангга минип келди.
Пикник Пойндекстердин урматына уюштурулган эле, Майор менен офицерлер
пикникке кожоюн, плантатор жана анын достору чакырылган меймандар.
Коноктордун көңүлүн ачуу үчүн — эң сейрек учурай турган сонун таң-тамаша кылып,
жапайы жылкы кармамакчы болушту.
Андай аң уулоо үчүн жердин эң жакшысы Инж фортунан жыйырма чакты милядагы
прерия гана боло алат. Ошондуктан, жолго эртерээк чыгып, жетишерлик азык-түлүк
алуу керек болучу.
Леона дарыясынын күзгүдөй жаркыраган бетине күндүн нуру түшөр менен,
жыйырма драгун кайтарган экскурсанттар жолго чыгууга даяр болду. Мурун кеткен топ
сыяктуу эле, бул чогулгандардын да өзүнүн жол көрсөтө турган кишиси бар болучу,
бирок күнгө күйүп, өңү өчкөн кафтан, эски жүн калпак кийген картаң мергенчи эмес,
келишкен тобурчак минген, кийими, жүргөн-турганы, кебете-кейпи жагынан ушундай
сыпайы кишилерге жетек болууга арзыган жигит баштады.
— Кеттик, Морис! — деп үн салды майор баарынын чогулганын көргөндөн кийин.
Анан ошерде тургандарга кайрылып: — Леди менен жентльмендер! Бу жигит биердеги
жапайы жылкынын кылык-жоругун эң жакшы билет. Жапайы жылкыны кантип кармоо
жагынан бизге бүткүл Техас боюнча Морис-мустангерден артык эч ким эчтеке көрсөтө
албайт.
— Сиздин бул мактаганыңызга мен арзыбайм, — деди ирландиялык жигит
тургандарга сылык баш ийип. — Мен мустангдардын кайда жүргөнүн көрсөтүүгө гана
зорго жарайм.
«Мындай кичи пейил болобу! — деп ойлоду Луиза.
Морнс Жеральд баштаган атчандар жөнөп калды.
Прерия менен жыйырма миля жол жүрүү Техаста тургандар үчүн көп эмес. Мындай
аралыкты үч сааттан азыраак убакыттын ичинде өтүшөт. Сейилдикке чыккандардын
акырында курсагы ачканын эсептебегенде, бул таң-тамашаны эң жакшы өттү деп айтса
болот эле.
Бактыга жараша, тамак салынган саябан араба кеп күттүрбөй эле келип жетти да,
шайыр компания Рио-де-Нуэсес дарыясынын жээгиндеги опсуз чоң жаңгак дарагынын
көлөкөсүнө түш боло электе жайланышты.

#31 16 April 2017 - 01:01
XIV глава
МАНАДА
Жапайы жылкы уулоо, ошону менен катар эс алып, көңүл ачуу үчүн, сейилдикке
чыккандарды Морис Жеральд ээрчитип келген жерден жакшыраак жайды табуу
мүмкүн эмес эле.
Сан-Антонионун жертөлөлөрүнөн немистердин кымбат шарабы ашып-ташып
жатты. Шаттанып көңүл ачкандардын шаңкылдаган үндөрү прерияны жаңыртты.
Асман демейдегисинен бийигирээк, чөп жашылыраак болуп көрүндү.
— Mustenos! — деп, дозордо жанаша турган мексикалык вакеронун41 кыйкырган
үнү угулду.
Морис стакандагы шарапты шап жутуп жиберип, атына ыргып минди да:
— Cavallada42! — деп кыйкырды.
— Жок, — деп мексикалык жооп кайтарды, — manaba экен.
— Тигилер эмне деп келжиреп жатат? — деп сурады капитан Кольхаун.
— Mustenos — мустангдарды мексикалыктар ошентип атайт, — деди майор, —
манада деп алар жапайы бээлерди айтат. Дал ушул маалда бээлер айгырлардан бөлөк
жүрөт, эгерде...
— Эгерде дегениңиз кандай? — деп, сөздү бөлүп кеткен капитан сурап калды.
— Эгерде аларга эшектин айгырлары асылбаса, — деп майор байкабай жооп
кайтарды.
Баары каткырып жиберди.
Аңгыча болбой, манада жакындай баштады.
— Атыңарга мингиле! — деген добуштар туш-туш жактан чыкты.
Кароолчу турган дөңдөн өтмөкчү болуп, бир үйүр жапайы жылкы келаткан эле.
Кароолчу атчан турган болучу; көз ирмемде ал кыл аркан менен жапайы
жылкынын арасына кирмек.
Кошкурган жапайы жылкылар бирөө кубалап келаткансып, чымын-куюн болуп
баратты. Алар саябан арабаларды да, атчан кишилерди да көрбөй кеткенден кете
берди.
— Буларды бирөө кубалап келаткан окшойт, — деди Морис, үркүп жээлигип
келаткан жылкыларды көрүп. — Креспино, буларга эмне болгон? — деп кыйкырды ал
жылкыны ким кубалап келатканын турган жеринен көрүүгө тийиш болгон
мексикалыкка.
Жооп күтүп, баары тымтырс боло түштү, Көбү коркуп, өңү өзгөрүп кетти. Бул
мустангдарды кубалап келаткан , индеецтер болуп жүрбөсүн?
— Жапайы эшек экен, — деген испанча жооп угулду.
— Болгондо да айгыр эшек экен, — деди Креспино.
— Ырас! Дал ошондой экен. Ал шүмшүктү токтотуш керек, болбосо жылкы
уулаганыбызды бүтүндөй бузат, Жапайы айгыр эшек жапайы бээлерди кубалаганда,
токтотууга эч айла жок... Эшек алыс бекен?
— Жапжакын, дон Морисио. Эшек тике эле мени көздөй келатат.
— Мойнуна чалма ыргыткын. Эгерде чалмаң илинбей калса, атып ташта. Кандай
болбосун, аны жоготуш керек,
Кубалап келаткан айбанаттын кандай керемети бар экенин тургандардын эч
кимиси билген жок десе болот. Жалаң мустангер гана «жапайы айгыр эшек» деген
сөздүн маанисин толук түшүндү.
— Айтыңызчы, бу эмне деген кеп, Морис? — деп сурады майор.
— Тетиги жакты караңызчы, — деп мустангер дөбөнүн чокусун көрсөттү.
Дөбөнүн чокусунда жагалмайдай зыпылдап келаткан айбанат көрүндү, ал
айбанатты макоо, кашаң деп көнгөн адат бар эмеспи.
Жапайы айгыр эшек өзү кубалап келаткан мустангдардан кичине эмес экен.
Мустангдардын эң эле күлүгүнөн кыйып жүгүрбөсө да, өжөрлөнүп кубалоо жагынан
берки жылкыдан анчалык артта калган жок.
Карап тургандар бир нече сөз менен пикир алышып үлгүргөнчө жапайы бээлер
аларга жакын келип калды. Аңгыча болбой, топтошуп турган атчандарды дал эми
көргөнсүп, мустангдар өзүн кубалап келаткан жек көрүнчү эшекти унутуп, четти көздөй
жалт берди.
— Леди менен жентльмендер! Силер ушерде тургула, — деп Жеральд аттарынын
оозун коё бергени турган кишилерге кыйкырды. — Булардын жакшы көргөн жайытын
мен жакшы билем. Мустангдар ошол жакка качып Кетти. Биз алардын артынан баралы
да, кумарыбыз жазылганча аларды ошерден уулап көрөлү. Азыр эле кубалай баштасак,
тетиги жакын жердеги токойго кире качып кетишет да, кайра аларды көрбөй
калышыбыз ыктымал... Ола, сеньор Креспино! Тетиги шүмшүк эшекти ат, Дал бута
атым жерге келди!
Мексикалык шашыла өзүнүн эскопетасын — кыска мылтыгын — ээринен ала коюп,
мээлеп туруп, жапайы эшекти атып калды.
Мылтыктын тарс эткенин угуп, эшек чаңырып жиберди, бирок анысы жөн эле
шылдың кылган өңдөндү, Ага ок тийбептир. Креспино жаздым атып калган экен.
— Муну мен токтотушум керек, — деп кыйкырды Морис, — болбосо бу эшек түнгө
чейин жапайы бээлердин артынан калбайт!
Мустангер атып шарт теминип, оозун коё берди. Эчтекеге карабай, өжөрлөнө кууп
бараткан эшек жанынан өтөр менен Кастро чымын-куюн болуп жөнөдү.
Бир нече секирик жасап, күлүк кожоюну чалма салганда жерге жетип калды. Дагы
көз ирмемге жетпей, шалпаң кулак эшектин мойнуна чалма ороло түштү.
Чалманы ыргытар менен Морис саал бурула обдулду эле, өзүнүн казыгын
айлангансып, Кастро шап бурулду да, эмне болсо тилиңди алууга даярмын дегендей,
кулагын тикчийтип токтоп калды.
Эмне болор экен деп күтүп калышты.
Алга жулунган эшек арканды керип мөңкүдү да, туйлаган бойдон кош аяктап тура
калып, бирөө дал жүрөккө аткандай, чалкасынан кетти.
Бирок ал жөн эле муунуп калган эле.
Мексикалык жигит эшекке курч шамшарын матырып өлтүрдү.
41 Bakepo (испаниялыктарча) — жылкычы.
42 Cavallada (испаниялыктарча) — жапайы айгырлар.

#32 16 April 2017 - 01:02
* * *
Морис мустангер эми эмне кылар экен деп, баары күтүп турду. Аңгыча болбой,
Морис түшө калып чалмасын эшектин мойнунан чыгарып алды, бирок кандайдыр дагы
бир балаа боло тургансып шашканы ирландиялыктын кыймылынан сезилип калды.
Ал ошол замат эле атына кайра ыргып минди.
Ошерде тургандардын анча-мынчасы гана мустангердин күтпөгөн жерден
шашкалактаганын байкады — көпчүлүгүнүн көңүлү тыбырчылап жулунган аттарын
токтотуу менен алагды эле. Көргөндөр эмне болорун билбей таң калды. Жапайы
эшекти кубалап, мустангер кажырдуулук кылды. Анын эмне үчүн шашкалактап
калганынын себебин алар көргөн жок; тиги бир үйүр жапайы жылкыны баарынан
мурда кубалап жетмекчи болгонсуп, атчандардын арасынан Луиза Пойндекстер
зырылдатып жөнөгөн эле. Жапайы жылкыны кармап жүргөн жигиттен башкасы чаар
мустангдын антип ала качканын туура түшүнгөн жок. Чаар мустангды минген кыз тиги
жылкыларды кууп жетейин деп шашкалакташы мүмкүн эмес. Чаар мустанг жакында
эле ошол бир үйүр бээнин арасынан кармалганын жалгыз Морис гана байкады. Өзүнүн
үйүрүн көрүп, аларга кошулмакчы болуп, үстүндөгү кызды ала качканында шек жок.
Морис мустангер дал ошондой ойлоду. Башкалары да көп узабай эле ошондой
пикирге келди.
Ар кимиси ашкан кичи пейилдик кылгысы келип, Кольхаун, Генкок менен
Кроссман, алардын артынан плантаторлор, адвокаттар, соттор болуп он чакты жигит
кыздын артынан аттарынын оозун коё берди. Ат ала качкан кызды кууп жетсек, ак
жолтой болор элек деген ар кимисинин ою бар эле.
Бирок чындыгында алардын эч кимиси анчалык кооптонгон жок. Анткени, Луиза
Пойндекстердин атка абдан чыйрак экенин баары билише турган.
Цирктин аренасы сыяктуу, тептегиз; учу-кыйрына көз жеткис талаа. Чарчамайынча,
чаар мустанг жүгүрө бермек, Луиза бирдеме болгудай коркунуч жок өңдүү.
Бирок бир гана киши башкача ойлоду. Ал мустангер. Чалма кылып ыргыткан
арканын түрүп жатып буйдалып, ал эң акырында жөнөдү. Мына эми ал да атына ыргып
минип, кыздын артынан чапты.
Аны менен эрегише чапкандар бир кыйла жерге узап кетти. Өзүн да, атын да аябай,
Кольхаун чымын-куюн болуп алда баратты; драгун менен аткыч бир аз артта калды,
бул жарышкандардан башкалары эң артта баратты.
Тору атчан Морис баарынан озуп өтүп, капитандын алдына чыгып, чаар мустанг
минген кызды калкалап калганда, Кольхаун кекенгенинен жыландан бетер кышылдап,
мустангерди каргап жиберди.
Түш маалындагы күндүн нуру жер бетин бүтүндөй өзгөрттү. Кеңири прерия менен
бир үйүр жапайы жылкы бөтөнчө катуу кетти. Ошол үйүрдөн чыккан бээге минген кыз
жылкынын артынан беш жүз кадамдай жерде баратты. Аны кууп жетем деген ниети
бар сыяктуу, мексикалыктарча кооз кийим кийген жигит да ошондой эле аралыкта,
жигиттин артынан граждандарча, аскерлерче кийинген чабендестер убай-чубай
баратты.
Делөөрүгөндөй колдорун шилтеп, кыйкырган эркектер менен аялдардан бөлүнүп
чыккан бир эскадрон драгундар эң артта салпактап чапкылоодо.
Жыйырма минутадай убакыт өткөндөн кийин көрүнүш бүтүндөй өзгөрдү. Кетип
бараткандар баягы эле кишилер болучу, бирок алардын катары өзгөрүп кетти: чаар
мустангдан манаданын жүрүшү мыкты болгону мевен чаар мустанг дагы эле алда.
Жарышкандардын башкалары такыр көрүнбөй калды. Алардын кандай баратканын
мала-көк асманда калкып жүргөн бүркүт гана кыраакы көз менен ачык ажырата алар.
Жапайы бээлер, кыз минген чаар мустанг, тору ат минген жигит гана учу-кыйрына
көз жетпеген саваннада кетип баратты.

#33 16 April 2017 - 01:04
XV глава
АТ АЛА КАЧКАН КЫЗДЫ КУУП ЖЕТИШТИ
Дагы бир милядай жерге барышканча, анчалык деле өзгөрүш болгон жок.
V Жапайы бээлер мурункусундай эле зымырап качып отурду, бирок мурдагысындай
коркуп, кишенеп, кошкурган жок. Алардын арт жагынан чаар мустангдын кишенегени
гана угулду, бирок анын кишенегенин мурунку жолдоштору байкабагандай сыяктанды.
Чаар байталга минген кыз эчтемеден коркпогонсуп, камырабай баратты.
Тору ат чоочулагандай көрүндү, а кожоюну, эмне кыларын билбей, андан көбүрөөк
карбаластады.
— Чамда, Кастро! — деп кыйкырды Морис шашкалактап. — Бүгүн сага эмне болду?
Кыйналса да өткөн жолу бул чаар мустангга кууп жетпедиң беле? Эми анын үстүндө кыз бар. Ал кыз менин дүйнөмдөгү эң кымбаттуум, ал үчүн өз өмүрүмдү да, сенин
өмүрүңдү да аябайм. Кана, ылдамыраак! Чамда!..
«Кыздан адашып калсам, эмне болот? Кыз майып болушу мүмкүн. Бул олуттуу
коркунуч. Кыздан адашып калсам, ал кырсыкка учурашы мүмкүн!»
Ушундай ой менен, кыздан көзүн айырбай, Морис чапкылап отурду. Ал элеңдеп,
кыз экөөнүн ортосундагы аралыкты көзү менен анда-санда болжолдоп коюп баратты.
«Кыйкырсам эмне болот? — деген ой эсине түшө калды. — Үнүм угулганы менен
эмне дегеними, этият бол дегеними укпайт го. Андай болот экен деп ишенүүгө да
болбойт».
Анан Морис андай пикиринен баш тартты, анткен себеби биринчиден, ат ала
качкан кызды кууп жетемби деген үмүт пайда болду, экинчиден, мустангды сөз менен
эмес, аракет менен токтотушу керек экенин билген эле.
Азыр жакындап, чаар мустангдын мойнуна чалма салып, токтотом деген ой менен
кайраттанды. Бирок ал үмүтү да бара-бара өчө баштады.
Ошердеги прерияга коюу чыккан токой менен жанаша чытырман бадалдын
арасынан манада элес-булас көрүнүп калды.
Ошону көргөндө мустангер дагы чочуду. Атчан кыз ошол чытырман бадалдын
арасына кирип, көрүнбөй калышы ыктымал.
Ошондой коркунучтуу көрүнүштөр көңүлүнө улам биринен бири жаманыраак
болуп келе баштады.
— О, жараткан! — деген сөз оозунан чыгып кетти. — Жапайы айгырлар буерге
келип калса, эмне болот! Жапайы айгырлардын жакшы көргөн жери ушул жайыт эмес
беле. Алар бир жума мурун ушерде болгон. Азыр — дал ушул жерден бээлерге
кошулат.
Мустангер торусун дагы теминди. Чымын-куюн болуп бараткан Кастро башын
буруп, жектегендей ийининен ашыра карады.
Дал ошол ургаал минутада, жапайы бээлер тору аттын жана анын кожоюнунун
көзүнөн кайым болду; чаар мустанг менен анын үстүндөгү кыз да бээлерди көрбөй
калды деп ойлоо керек.
Андай болушунда таң калгыдан эч нерсе жок — бээлер токой менен бадалдын
арасына кирип кеткен.
Жапайы бээлердин көрүнбөй калганы чаар мустангга сыйкырлагандай таасир
кылды — ошол замат жай басты да, бир минутадан кийин такыр токтоп калды.
Морис атын кара терге түшүрүп токойдун четине келгенде, куду мрамордон
жасалган статуя өңдөнүп, аны күтүп тургансып, Луиза атында турган.
— Мисс Пойндекстер! — деп ал кыйкырып жиберди жакын келгенде. — Бул байтал
сизге дагы баш ийгенине абдан кубандым. Абдан корктум эле...
— Эмне болот деп корктуңуз эле сэр? — деп сурады кыз түшүнбөй.
— Сизге бир балаа болот го деп корктум эле, — деп мустангер бир аз
таңыркагандай жооп кайтарды.
— Сизге чоң ыракмат, мистер Жеральд! Бирок мага кандай балаа болмок эле?
— Сизге коркунуч туулган болучу! — деди ирландиялык дагы көбүрөөк таңыркап.
— Бу жапайы жылкы мындай ээн талаада сизди ала качып кетиши ыктымал болучу!
— Ала качса эмне болмок эле? Мени жыгып кетет деп ойлодуңуз беле? Мен атка
чыйракмын, канчалык ала качса да жыгылбайт болчумун.

#34 16 April 2017 - 01:05
— Аныңыз туура, бирок ойлоп көрүңүзчү, токой менен бадалдын арасынан адашып
калышыңыз мүмкүн, ушерде туулган техастыктар да бул токойдун арасынан жол
табышы өтө кыйын. Сиздин атта мыкты жүргөн өнөрүңүз да жардам кыла албас.
— Мени адашып кетет деп ойлогон экенсиз го? Мага ошондой коркунуч болгон
экен да!
— Башка кырсык болушу да ыктымал эле! Кезигишип калышыңыз да...
— Индееңтергеби? — деп, Луиза мустангердин сөзүн бүтүрбөй, шашыла сурап
жиберди — Индеецтерге кезиксем эмне болмок эле? Команчалар азыр биз менен
жакшы мамиледе эмеспи. Алар мага эч кандай жамандык кылышпас эле — алар
жөнүндө айтылып жүргөн сөзгө, атүгүл майорго да ишенбейм. Ошолорго кезигишсем,
абдан кубанат элем, чын айтам, эң жок дегенде алардан качпайт болчумун. Өздөрү
туулуп-өскөн прерияда чапкылап жүргөн ошол асыл жапайы кишилерди абдан көргүм
келет!
— Бул айткан сөзүңүз көркөм, мен да сиздин баатырдыгыңызга абдан кубанам,
мисс Пойндекстер, бирок мага достук кылсаңыз, эскертип айтаарым: ошол сиз айткан
асыл жапайы киши мындай талаада, сиз ойлогондой, ар дайым эле асыл, акылы
ордунда боло бербейт. Эгерде сиз алар менен жолугушуп калсаңыз...
— ...Жолугуп калып, жамандык кылам деп ойлосо, чымын-куюн болуп
жолдошторума жетип бармакмын. Менин бул татынакай Лунам сыяктуу, күлүк
жаныбар эч кимге жеткизбес. Атүгүл, мистер Жеральд, мага кууп жетүү сизге да оңой
болгон жок го? Чынбы?
Көзүн бакырайтып, мустангер креолкага аң-таң болуп карап калды.
— Бирок, — деп акырында мустангер зорго сүйлөдү. — мустангды токтотот элем
деп айткыңыз келип турабы? Же ала качпайт беле? Бирок ошенткениңиз. ..
— Жок, жок, — деп жиберди кыз бир аз ийменгенсип. — Адегенде чын эле
ошондой болгон, мустанг чын эле ала качкан, бирок анан тизгиними тартып:
токтоторума көзүм жетти. Сиздин көзүңүзчө ошентпедимби, — көрдүңүз го, ыраспы?
— Мурунураак да токтото алат белеңиз?
Бул сөз мустангердин оозунан байкоостон чыгып кетти да, эмне деп жооп кайтарар
экен деп күтүп калды.
— Мүмкүн, ыктымал... Тизгинин жыйып, оозун тартууга жарайт элем... Бирок,
чынымы айтсам, мистер Жеральд, мен ылдам жүргөндү жакшы көрөм, айрыкча,
бирөөнүн тоогун же торопоюн тепсетип кетпегей элем деп корккудай прерияда эч
нерсе жок... Чынымы айтсам, — деп кыз жашырып-жаппай, жайдары сөзүн улантты, —
ат ала качканына такыр өкүнгөнүм жок. Келжиреген сөздөн, көрүнгөндүн мактаган
кошоматынан чарчайт экенсиң. Таза аба жутуп, жалгыз болгум келди. Ошентип, акыр
аягы, мистер Жеральд, баары оюмдагыдай болуп чыкты.
— Жалгыз болгуңуз келди беле? — деп сурады мустангер көңүлү кала түшкөнсүп.
— Сиздин жалгыз болгуңуз келгенине жолто кылганыма абдан өкүнөм. Ишенип
коюңуз, мисс Пойндекстер, бир балаа болуп кетеби деп гана сиздин артыңыздан
келдим.
— Сиздин бул кылганыңыз мээримдүүлүк, сэр. Чын эле коркунуч болгонун эми гана
билдим, сизге чоң ыракмат. Сиз индеецтер жолугуп калабы дегенсиз го?
— Жок, мен индеецтер жөнүндө ойлогонум жок.
— Анан дагы кандай коркунуч бар эле? Мындан кийин этият болуп жүрөйүн,
айтыңызчы.
Морис дароо эле жооп кайтарган жок. Аны кылчайып кароого аргасыз кылган
добуш кулагына шак дей түштү.
Маектешип турган кишисинин көңүлүн бирдеме буруп кеткенин креолка түшүнө
койду. Кыз да кулак түрүп калды. Бирдеменин чырылдаган добушу, анан дагы, дагы
бирдемелер угулду. Анан жылкынын дабырты чыкты.
Жапайы жылкы уулаган жигит үчүн ал табышмак эмес эле, анын оозунан чыккан
сөз креолканын берген суроосуна тике жооп болду.
— Жапайы айгырлар! — деген дүмөктүү сөз жигиттин оозунан чыгып кетти. —
Жапайы айгырлардын ушул жерде боло турганын билчү элем.
— Жанагы сиз айткан коркунуч ушубу?
— Ооба, мен ошо жөнүндө ойлодум эле.
— Бирок, алар жапайы жылкы да. Алардын эмнесинен коркууга болот?
— Демейде алардан корккудай эчтеме жок. Бирок азыр, дал жылдын ушул
маалында, жапайы айгырлардын жолборс сыяктуу абдан айыгышып, коркунучтуу
болуп турган кези. Карышкырга, шерге же аюуга караганда айыгышкан жапайы
айгырлардан көбүрөөк коркуш керек.
— Эмне кылуубуз керек? — деп сурады Луиза өзүн бир жолу кырсыктан куткарып
чыккан жигиттин көзүнө чочугандай карап.
— Эгерде айгырлар тиш салса, — деп жооп кайтарды Морис, — алардан качып
кутулуу үчүн бизде эки гана арга бар. Бири — атыбызды аларга кажаттырып таштап,
дарак- тын башына чыга качуубуз керек.
— А экинчисичи? — деп сурады креолка, кандай гана кыйынчылык болсо да
чыдоого жарай тургандыгы жөнүндө ишарат кылгандай кайраттуу добуш менен
камырабай. — Кандай гана кыйынчылык болбосун, аттарды таштап кетким келбейт.
Аттарды таштай качканыбыз, — кыйынчылыктан кутулуунун жаман аргасы, жанымды
антип ала качкым келбейт.
— Бизге андай кылууга туура да келбейт — жакын жерде дарак жок. Эгерде
айгырлар бизге тиш сала турган болсо, өзүбүздүн аттарыбыздын күлүктүгүнө гана
ишенүүгө болот. Атаганат — деп, ал адегенде чаар байталга, анан өзүнүн атына карап,
сөзүн улантты, — бу эки жылкы бүгүн ансыз да аябай кыйналды. Бул экөөнүн бүгүн
көрбөгөнү калган жок. Биздин башыбызга түшкөн негизги кырсык — ушу.
— Эмесе, кечикпей качалыбы?
— Азырынча качпай эле тура туралы. Аттарыбыз кан- чалык эс алса, ошончолук
жакшы болот. Балким, айгырлар буерге келбес. Эгерде келип калса да, алар бизди
баса калат экен дегендикке жатпайт. Кеп эле алардын бизден канчалык аралыкта
экендигинде. Эгерде алар бири-бири менен алыша баштаса, анда бизге тиш салышы
да мүмкүн. Алышып жүргөн кезинде, алар аябай айтышып, минип турган кишисине
карабастан, өзүнүн жолдошторун да баса калышат... Тигине! Дал ошондой экен —
алышып жатышат. Кишенеп, окуранганын уктуңузбу? Түгөңгүрдүкү, тике эле бери
көздөй келатат!
Мистер Жеральд, анда эмне үчүн башка жакты көздөй качпайбыз?
— Азыр качууга болбойт. Алдыбызда ачык талаа, жашынгандай жер жок. Биз
анча-мынча узап кеткенче, айгырлар бат эле бизге кууп жетет. Биз мына бу жакка
качышыбыз керек — азыр эсиме түшө калган бирден-бир коркунучсуз жер — тиги
экинчи тарапта. Айгырлардын кишенегенине караганда, азыр алар дал ошол жакты
көздөй жөнөдү. Эгерде аерге эртерээк чыксак, аларга кезигишип калабыз. Ушерде күтө
туруп, алардын артынан жөнөөбүз керек. Эгерде ошондой кылсак, алардын артынан эки милядай жерден желдирип отурабыз да, Каса-дел-Корво кашаасынан көрө,
коркунуч азыраак жерге чыгабыз. Мустангыңыздын тизгинин жакшы алып жүрөм деп
көзүңүз жетеби?
— Шексиз, — деп креолка тез жооп кайтарды.

#35 16 April 2017 - 01:08
XVI глава
ЖАПАЙЫ МУСТАНГДАР КУБАЛАГАНДА
Экөө тең аттарынан түшкөн жок. Мустангерге караганда Луиза азыраак коркту,
себеби, ал мустангерге толук ишенген эле. Өздөрүнө кандай коркунуч туулганын толук
билбесе да, кандайдыр бир коркунучтун бар экендигин түшүнгөн соң, коркунучтун зор
экени белгилүү эмеспи. Анын дүмөктөнгөнү өзү жөнүндө болгондугун сезүү, эч нерсеге
карабастан, кыздын жүрөгүн кубанычка толтурду.
— Эми тобокел кылсам да болот, — деди Морис дагы эле кулагын түрүп, — Биз
качып өтө турган талаадан мустангдар өтүп кеткен сыяктанат. Теңир жалгагыр, этият
болуңуз! Ээрге бекем отуруп, тизгиниңизди бек кармаңыз. Мүмкүн болгон жолдо мени
менен жанаша чабыңыз, куйрук улаштан көбүрөөк артта калбоого тырышыңыз. Жол
көрсөтүп мен алдыда жүрөйүн... Тигине, биз өтө турган талаага бет алышты. Талаанын
четине да жетип калышты. Аттын оозун коё бере турган убакыт болду!
Прерияда тымтырс болуп турганда күтпөгөн жерден, куду жиндилер толгон үйдөн
чыккан добуштай, ызы-чуу угулду. Жапайы айгырлардын кулак тундуруп азынаганы
кутурган маниактардын чаңырганына окшоду, бирок алардын азынаганы андан нечен
ирет күчтүүрөөк чыкты. Алардын дабырты, качырап сынган бадал, бутактардын
дабышы, тиштерин шакылдатып, бирин-бири кажашып, тебишкени, эти ооруганынан
каарданып чыңырганы ошол добуштарга кошулуп кетти.
Адамдын кутун учурган ушул дабыштар жапайы айгырлардын кутурган эмедей
кармашып жатканын далилдеди. Айгырлар али көрүнө элек, бирок жакындап калган
болучу.
Аттын оозун коё берели деп Морис жанданганда, жапайы айгырлар бадалдын
арасындагы кууш тилкеден көрүнө калды. Аңгыча болбой, куду тоодон жүргөн селге
окшоп, алар ачык талаага оюн салып чыкты.
— Биякка! — деп кыйкырды да, Морис жапайы айгырлардын артынан атынын
оозун коё берди. — О, кудай, өзүң сактай көр! Бизди көрүп калышты! Ылдамыраак,
ылдамыраак, мисс Пойндекстер! Жаныңызды ала качып баратканыңызды унутпаңыз!
Бирок сөздүн кереги жок. Чаар мустанг менен аны минген кишини ылдамдык гана
ажалдан алып кала турганын жапаны айгырлардын кебетеси жетишерлик ачык
көрсөттү.
Ачык талаага оюн салып чыгары менен, токулуу аттарды көрө коюп, жапайы
айгырлар күтпөгөн жерден алышкандарын токтото койду. Башчысы буйрук бергенсип,
алар жапайы душмандарына чабуул коюуда же жалпы коркунучка каяша кылууга
даярдалгандай, бир катарга тизиле калды.
Алар таң калгандыгынан токтой калган көрүндү, бирок кандай болсо да алардын
токтой калганы качкындарга жакшы болду. Ошол бир нече секунда атчан кишилерге
душманды айланып өтүп, кутула турган жолго, анын тылына чыгууга мүмкүндүк берди.
Ажалдан качып кутулуу жолуна деген себебибиз, коркунуч беркилерден дагы эле
өтө элек. Жапайы айгырлар качкындарды байкай коюп, кошкуруп, кишенеп, алардын
артынан түштү.
Киши минген жылкылар менен жапайы жайдак айгырлардын ортосунда, кимибиз
күлүк экенбиз дегендей, жан талашкан жарыш башталды.
Морис анда-санда кылчайып карай берди, адегенде бир аз узап кетсе да, ирени
мурункудай эле чочугансып турду.
Эгерде ал өзү жалгыз болсо, бир минутага да кабатыр болбос эле. Анын астындагы
торусу — а да бир кезде жапайы мустанг болбоду беле — эч кимге жеткирбейт эле.
Балаанын баары чаар мустангдын жайыраак жүгүргөнүндө болду — ал
демейдегисинен жайыраак чуркады.
«Бу эмнеси?» — деп, мустангер жанындагы жолдошу менен жанашуу үчүн атынын
оозун жыйып, таң калды.
— Эгерде бизди бир кырсык токтото турган болсо, — деп ал кызга кайрылды, —
анда өлгөнүбүз. Ар бир секунд кымбат.
— Бирок азыр бизди кууп жете албайт го, ыраспы?
— Азырынча кууп жете албайт. Бирок каргаша болуп, алдыбызда чоң тоскоол бар.
Атка чыйрак экениңизди билем, бирок сиздин атыңыз... Мен ошого ишене албай
турам. Атыңызды сиз жакшы билесиз. Секирип өтө алар бекен тигинден...
— Эмнеден?
— Азыр көрөсүз.
Ошентип, алар минутасына бир милядан жол басып, токтобой чапкылай беришти.
Кеңири прериянын ортосунан аңырайган опсуз чоң аңга алар тезден эле жетип калды.
Аңдын кеңдиги кеминде он беш фут, тереңдиги андан да көбүрөөк болуп, эки жакка
созулганы көзгө зорго илинди. Качып бараткандар он беш футтай жерден секиртип
өтүшү керек. Торусу секирип өтө турганын Морис жакшы билди,мындай жерлерден нечен жолу секиртип өткөн. Бирок чаар байтал кантет?
— Сиздин атыңыз секирип өтө алар бекен? — деп, мустангер аңдын четине
жакындап калганда чочугансып сурады.
— Албетте, — деп Луиза ишенгендей жооп кайтарды.
— Бирок, мисс Пойндекстер, — деп мустангер шек санагансып сурады — эгерде
секире албай калсачы? Анча- мынча шектенсеңиз, байталды таштаганыңыз жакшы
болуп жүрбөсүн. Менин атым экөөбүздү аңдын наркы өйүзүнө аман-эсен алып чыгарын жакшы билем. Мустангды курман кылып таштасак, тигилердин
кубалаганынан да кутулганы турабыз. Жапайы айгырлар... түшүнөсүзбү. ..
— Лунаны таштайбызбы! Кутурган айгырларга талатуу үчүн таштайбызбы! Жок,
жок, мистер Жеральд, Бул мустангды жанымдан артык көрөм. Колубуздан келсе,
экөөбүз тең аңдан секирип өтөбүз. Анте албасак, экөөбүз бирге өлөбүз. Кана,
жакшынакай жаныбарым! Учуп өтөлү! Сени кубалап жүрүп кармап, үйрөткөн тиги
киши. Биротоло кул боло элегиңди, эгерде керек болсо, бирөөнүн достук же
душмандык залимдигин ыргытып таштоого жарай турганыңы көрсөтчү. Экөөбүз нечен жолу секирдик эле, эми ошолордун бирин тигиге
көрсөтчү! Кана, жаныбарым, учалы!
Ошентип, эр жүрөк креолка камырабай, аңдын жээгин көздөй бет алды да, наркы
өйүзгө тайманбай секиртип кетти.
Луизаны акмалап баратканда, мустангерде үч ой, тагыраак айтканда, үч сезим
пайда болду. Биринчиден — таң калды, экинчиден — аздектеп баш ийди, үчүнчүсү —
эмне экенин аныктоо оңой болбоду. Ал үчүнчү сезим: «Бул мустангды жанымдан
артык көрөм» деген сөздү укканда пайда болгон эле. «Эмне үчүн» — деп, мустангер
торусу менен аңдан секиртип баратканда ойлоно калды. Бирок секиртип өткөнү
менен, качкындар коркунучтан кутула алган жок, Жапайы айгырларды аң токтотуп коё
албайт.
Коркунуч мурдагыдан да катуурак боло баштады. Алардын буйдала калганы
беркилерге бир аз артыкчылык берди. Ошол арада айгырлар жакын келип калды. Алар
аңдан токтобой эле секирип өтөт болучу.
«Секирип өткөндөн эмне болот» — деп мустангер өзүнө-өзү суроо берди да, жооп
таба албай, өңү кубарып кетти.
Аңдан секиртип өтөр менен, мустангер бир минутага
да токтобой, чымын-куюн болуп чапкылай берди. Мурдагысындай эле качкын кыз да
анын артынан чукул жүгүрүп отурду.
Кайра тартмакчы болгонсуп, күтпөгөн жерден Морис атынын оозун жыйып, кайра
бурулду.
— Мисс Пойндекстер, — деп ал жанаша келип калган кызга кайрылды, — алга
карай жалгыз кете бериңиз.
— Эмне үчүн? — деп сурады кыз мустангды тык токтото коюп.
— Айгырлар бизге жете турган болуп калды. Бул жапайы айбандарды токтотуу үчүн
бир айла кылыш керек. Азырынча дагы бир мүмкүндүк бар. Кудай үчүн, эч кандай
суроо бербеңиз. Он секунданы текке кетирсек — кеч болуп калат. Тетиги көлмөнү
көрдүңүзбү? Тике эле ошону көздөй чабыңыз. Ошерге жеткенде, бийик эки кашаанын
ичине киресиз. Көлгө жеткенде эки кашаа кошулуп калат. Ошерден коралды, анын
жанында жаткан устунду көрөсүз. Эгерде мен үлгүрбөсөм, атыңыздан түшүңүз да,
оозун устундар менен тосуп коюңуз.
— А сизчи, сэр? Сиз жаныңызды тобокел кылганы турасызбы?
— Мен үчүн кайгырбаңыз. Бир кишинин тобокел кылганы анчалык коркунучтуу
эмес. Тезирээк, алга чабыңыз. Көлмөдөн адашып калбаңыз. Ал сизге маяк болсун.
Кашаанын эшигин тосуп коюуну унутпаңыз. Ылдамыраак!
Тезирээк!
Өзүнүн жанын курман кылып, анын жанын сактап калмакчы болгон киши менен
ажырашууга батынбай, кыз бир-эки секунда ыргылжың боло калды.
Кудай жалгап Луиза башына кыйынчылык түшкөндө өзүн сактап калган кишини
өрткө салуудан кайра тартпаган коркок, акыл-эссиз кыздардан эмес. Ал өзүнө акыл
айткан кишинин күчүнө, эмне кылуу керек экенин билгенине толук ишенди да, атынын
оозун дагы коё берип, көлмөнү көздөй бет алды. А Морис атын күп дегизе теминип,
жаңы эле өздөрү секиртип өткөн аңды көздөй кайра чу койду.
Жанындагы кыздан бөлүнөр менен, мустангер ээриндеги мешогунан прериядагы
жан-жаныбарларга каршы сейрек колдонулган мыкты куралды алып чыкты; анысы
алты атар Кольт тапанчасы эле.
«Бу айгырлар жанагы биз секирип өткөн кууш жерден секирет» — деп ойлоду да ал
дагы эле наркы өйүздө келаткан жапайы айгырлардан көзүн албай. — Эгерде бирөөн
атып жыксам, булар токтоп, мустангдын узап кетишине мүмкүнчүлүк болор.
Булардын башкысы тетиги чоң тору айгыр экен. Албетте, ал биринчи секирет. Бул
тапанча жүз кадам жерден тиет. Азыр ошону мээлеп көрөйүн!»
Тапанча тарс дей түштү. Өзүнүн денеси менен жолду тороп, айгырлардын эң чоңу
күп жыгылды.
Удаа келаткан бир нече мустанг тык токтой калды, алардын артынан башкалары
токтоду.
Мустангер экинчи жолу аткан жок. Айгырлардын карбаластай түшкөнүнөн
пайдаланып, убактысын текке кетирбей, мустангер батышты көздөй бурулуп, көлмөнү
көздөй чу койду. Үстүндөгү кыз менен чаар байтал алыс узап кеткен эле.
Жапайы айгырлар токтоп калды — мүмкүн, башчысынын өлгөнүнөн алар калтаара
түшкөндүр же аңдан секирип өтө турган бирден-бир тар жерди өлгөн айгыр бөгөп
калгандыр. Прерияда Морис жалгыз калды.
Ал көлмөгө келгенде, Луиза небак ошерде эле. Кыз анын айткандарынын баарын
так орундаптыр, бирок кашаанын оозун гана тоскон эмес экен. Кашаанын эшиги ачык,
устундар жерде жатыптыр. Кыз унчукпай, атчан турган экен; ал жүрөгү алеп-желеп
болгонунан, алкыш айтуу үчүн сез таба алган жок.

#36 16 April 2017 - 01:10
XVII глава
МУСТАНГ КАРМООЧУ КАШАА
Эми коркунуч өтүп кеткенден кийин жаш креолка сонуркап эки жагын карады.
Ал кичинекей көлдү же ошердеги эл айтып жүргөндөй, көлмөнү көрдү. Көлмөнүн
жээгин жылкы тепсеп, чыйыр болуп калган экен. Сыягы, алардын суу ичип, жакшы
көргөн жери ошол жер болсо керек. Көлмөнү айлана, тегиз жер менен алыстап эки
тарапка созулуп кеткен бийик кашаа бар экен.
— Бул эмне? — деп сурады кыз.
— Мустангдарды кармай турган кашаа ушул, — деди Морис.
— Мустангдарды кармоо үчүн жасалганбы?
— Жапайы жылкы кармоо үчүн иштелген кораль. Жылкы ушул, өзүңүз көрүп
тургандай, кеңири жайылып, прерияга ыраак кеткен эки канат кашаанын ичине оттоп
киришет. Мустангдардын көбү бул жерге суу ичкени келишет же мустангерлер жөн эле
аларды ушул кууш жерден кашаага айдап киришет. Ошондо коралдын оозун тосуп
коюшат да, анан чалма салып кармоо биерде анчалык кыйын болбойт.
— Байкуш жаныбарлар! Бул кораль сиздикиби? Сиз мустангер эмессизби? Бизге
ошентип айтпадыңыз беле?
— Ооба, мен мустангермин, бирок жапайы жылкыны мен өзүм жалгыз уулайм.
Кеминде жыйырма киши керек болгон мындай кашаада мен пайдалана албайм.
Менин куралым, эгерде курал деп айтууга ылайык келсе — мына бул кыл аркан.
— Аркандан сиз эң кылдат колдонот экенсиз. А жөнүндө уккам, өзүм да
көрбөдүмбү.
— Сиз абдан сылык экенсиз. Бирок мен сиздин мактаганыңызга арзыбайм.
Прерияда тубаса чалмачылар — мексикалыктар бар. Жанагы сиздин чебердик деп
айтканыңыз — алар үчүн жөн эле тоң моюндук болуп көрүнөр эле.
— Менимче, мистер Жеральд, сиз жөн эле кичи пейилдигиңизден өзүңүз
тең-тайлашкан кишилерди ашыра баалап жатасыз. Мен такыр башкача уктум эле.
— Кимден? '
— Досуңуз мистер Зебулон Стумптан.
— Ха-ха! Чалма жагынан картаң Зебдин билгичтик баркы анчалык эмес.
— Чалма ыргытууну мен да үйрөнөйүн дедим эле, — деди жаш креолка, — бирок
аны аялдардын иши эмес дешет го.
— Аялдардын иши эмес? Бул жанагы коньки тебүү же жаа атуу сыяктуу эле эн
жөнөкөй спорт. Бул өнөрдү эң мыкты билген бир кызды билчү элем.
— Кыз америкалыкпы?
— Жок, мексикалык Рио-Грандеге жакын жерде турат. Кээде биздин Леонага да
келип кетет, анын туушкандары ушерде турат.
— Жаш кызбы?
— Ооба, сиздин жашыңыз чамасындадыр, мисс Пойндекстер.
— Бою узунбу?
— Бою сизден саал жапызыраак.
— Бирок, менден алда канча сулуу чыгар! Бизден, бечара америкалыктардан,
мексикалык аялдар алда канча сулуу келет деп уккам.
— Менимче, креолка ал категорияга кирбейт — деп, Морис дипломаттык
кылдаттык менен жооп кайтарды.
— Кызык, чалма ыргытууну мен үйрөнө алар белем? — деп, жаш креолка өзүнө
беркинин кошомат кылып сүйлөгөнүн байкабагансып, сөзүн улантты. — Чалма
ыргытууну үйрөнө турган убагым өтүп кете элекпи? Чалманы мексикалыктар бала
чагынан үйрөнө башташат деп уктум эле. Ошондуктан, алар укмуштай шамдагай болот
экен да.
— Албетте, кеч эмес, — деп, Морис жооп кайтарууга шашты. — Бир-эки жыл
жатыккандан кийин ашкан чалмачы болосуз. Маселен, мен бул ишти үйрөнгөнүмө үч
жыл болду...
Анан Морис унчукпай калды, себеби, ал мактанчаак болуп көрүнгүсү келген жок.
— Эми сиз бүткүл Техаста ашкан чалмачысыз го? — деп, маектешип бараткан кыз
беркинин айтпаган оюн биле коюп, сөзүн бүтүрдү.
— Жо-жок! — деп, Морис күлүп, каршы чыкты, — Менин өнөрүм жөнүндө баа
берген жанагы картаң Зеб өзүнүн өнөрүн өрнөк катарында ойлоп, ошентип жүргөн
окшойт.
«Бул эмне деген оор басырыктык? — деп ойлоду креолка. — Же бул жигит мени
шылдың кылып жатабы? Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Эгерде ошондой болсо, мен
жинди болуп кетер элем».
— Жолдошторуңузга кайра кайткыңыз келип тургандыр, ыраспы? — деди Морис
кыздын негедир элеңдеп турганын байкай коюп. — Атаңыз сизди көптөн бери жок деп,
капа болуп жаткандыр. Агаңыз, жээниңиз...
— Ырас, туура айтасыз, — деп кыз жооп кайтарууга шашты, анын сөзүнөн
өкүнгөндөй же ыза болгондой кыяз байкалып турду. — Мен а жөнүндө ойлогон жок
элем, эсиме түшүргөнүңүзгө ыракмат. Кайра кайтууга убакыт болду.
Алар аттарын кайра минди. Луиза тизгинин көңүлсүз алып, кандайдыр
маалкаткансып үзөңгүгө бутун салды; мустанг кармай турган ушул жерди ал таштап
кеткиси келбегендей өңдөндү.

#37 16 April 2017 - 01:12
* * *
Прерияга дагы чыгышты. Морис жанындагы кыз менен пикник болгон жерге төтө
жол менен жөнөдү.
Алар эл арасында «отоо чөптөрдүн прериясы» деп аталган, гүлдөн турган шалбаа
менен өтүшү керек эле. Алгачкы көчүп келгендер, ылайыктуу сөз табуу жөнүндө ойло-
бой, ошентип айта салышкан окшойт.
Луизианада туулган кыз айланасынан кулпуруп гүлдөр жайнаган, көпкөк асман
менен чектешкен, табият өз колу менен отургузуп, өзү өстүргөн абдан чоң бакты көрдү.
— Биерде сонун экен! — деп кыз кубана айтып жиберди эрксизден атынын оозун
жыйып.
— Биер сизге жагабы, мисс Пойндекстер?
— Жагабы дейсизби? Кантип жакпасын, сэр. Мен табияттагы эң сонун, таң
калгандай нерсенин баарын көрүп турам: көпкөк чөп, дарак, гүл — ушунун баарын
адам зор эмгек кылып жатып өстүрөт эмеспи. Бирок буга тең келгендей нерсеге эч
качан жетише албайт. Буга эч нерсе кошуу мүмкүн эмес, бул кылдай кынтыгы жок,
барып турган кооз сүрөт турбайбы!
— Биерде үйлөр жетишпейт.
— Бирок үйлөр бул пейзажды бузуп кетер эле. Мага үйлөрдүн, черепица менен
жабылган чатырчалардын, дарактардын ушундай кооз сөлөкөттөрүнүн арасынан
сороюп турган морлордун көрүнбөгөнү жагат. Ушул бак менен гүлдүн көлөкөсүндө
жашагың келет, ушулардын көлөкөсүндө. ..
«Сүйгүм келет» деген сөз оозунан чыгып кете жаздады. Бирок күтпөгөн жерден
токтоп калды, кала берсе өзү үчүн да капилеттен: «өлгүм келет» деген сөз менен
алмаштырды.
Анын сезимине ирландиялык да ортоктош болду. Кыздын сөзү анын сезиминин
жаңырыгына окшоду.
Бирок анын жообу тоңдоосун, жөнөкөй чыкты:
— Үйсүз, элсиз биерде туруу сизди тажатып жиберет го деп корком, анын үстүнө
жанагы...
— А сизчи, сэр? Эмне үчүн сизди тажатпайт? Ушундай турмушта сизди нечен
жылдан бери туруп келатат де:;, досуңуз мистер Стумп айткан. Мен ага толук ишенем.
Ыраспы?
— Абдан туура, башка турмуш мени кызыктырбайт.
— Сиздин турмушуңузга суктанам! Ушундай сонун табияттын кучагында жүрсөм,
чексиз бактылуу болор элем деп ишенем. Мени да ушундай турмуш эч качан тажат-
пас эле.
— Жалгыз жүрсөңүз дагыбы? Досторуңуз болбосо делеби? Үйсүз турууга да
кайылсызбы?
— Үй деп айтууга деле арзыбайт, — деп мустангер күлүп жооп кайтарды. — Менин
кепем, тагыраак айтканда, хакалем, аймактагы эң кичинекей жупуну үйлөрдүн бири.
— Аныңыз каерде? Бүгүн биз болгон жерден анчалык алыс эмеспи?
— Биерден анчалык деле алыс эмес, ашып кетсе, миң миля болор... Тетиги батыш
жактагы карарган дарактарды көрдүңүзбү? Ошол дарактар менин кепемди күндөн,
шамалдан сактап турат.
— Ошондой деңиз! Сиздин үйүңүздү бир көрсөм болор эле? Анык кепе дедиңизби?
— Ооба, кадимки кепе.
— Жалгыз турабы?
— Андан он милядай жерде жакын турган бир да үйдү билбейм.
— Дарактын арасындабы? Кооз жердеби?
— Ал ар кимдин пикирине жараша болот.
— Мен да өзүмчө бир пикирде болуу үчүн сиздин кепеңизди көрсөм жакшы болор
эле... Биерден бир эле миля жерде дейсизби?
— Биерден бир миля, аерден бир миля — бардыгы эки миля.
— Эмесе, анчалык деле алыс эмес экен. Барып келүүгө жыйырма эле минута кетет.
— Сиздин жакын кишилериңиздин чыдамкайлыгынан обу жок пайдаланып
коёбузбу деп корком...
— Балким, сиздин меймандостугуңуздан пайдаланарбыз деп айткыңыз келгендир?
Кечиресиз, мистер Жеральд, — деп кыз сөзүн улантты да, капалана түшкөндөй иреңи
томсоруп кетти, — бирок мен ал жөнүндө ойлобоптурмун. Калыбы, сиз жалгыз
турбайсыз го? Сиздин хакалеңизде дагы бирөө бардыр?
— Ананчы! Мени менен өзүмдүн досум турат, баягыдан...
Мустангер сөзүн бүтө электе, анын досу Луизанын көзүнө элестей түштү. Эти
колодой жылтыраган саргыч, көзү мистедей сүйрү, тиши берметтей аппак, бети кызыл,
чачы Кастронун куйругунан узун, мойнунда шурусу, колу менен бутунда билериги бар,
саймалуу кыска юбка кийген, бутунда мокасини бар, жашы Луизага чамалаш кыз болуу
керек. Мустангердин «досун» Луиза ушундай элестетти.
— Балким, меймандардын, айрыкча, бейтааныш кишилердин келгени сиздин
досуңузга жакпас?
— Жок, тескерисинче. Ал бейтааныш киши болобу, менин досторум болобу, иши
кылып меймандардын келгенине абдан кубанат. Ал менин эмчектеш агам, эңилдеген
үйүрсөк киши, бирок ал бечарага азыр эл менен аз көрүшүүгө туура келет.
— Ал сиздин эмчектеш агаңызбы?
— Ооба. Анын аты Фелим О'Нил. Мен сыяктуу, ал да ирландиялык, Гальвей
графствосунда туулган. Бирок анын сүйлөгөнү меникинен да жаман.
— О, ошо кишинин сөзүн угар белем! Ошо жакта укмуштай кызык сүйлөшөт.
Чынбы?
— А жөнүндө сынатуу мага өтө кыйын, мен өзүм да гальвеец эмесминби? Эгерде
Фелимдин меймандостугунан пайдалануу үчүн жарым саатка макул болсоңуз, анда
өзүңүзчө пикир айта аласыз.
— Төбөм көккө жетпедиби! Антүү кандай кызык, мен үчүн чоң жаңылык болот!
Атам да, башкалар да күтө турушат. Аерде менсиз да аялдар бар, жигиттер болсо,
биздин изибизди кууп убара боло беришсин. Мустанг уулайбыз деп күтүшпөдү беле. А
сиздин меймандостугуңуздан кубана-кубана пайдаланам.
— Бирок сизди сыйлагыдай эчтемем жок го деп корком. Бир нече күндөн бери
Фелим жалгыз калды эле. Ал өзү аңчы эмес, биздин кладовойдо эчтеме деле калып
жарыбагандыр. Качар алдыңызда шамшум этип алганыңы жакшы болгон экен.
Албетте, Луиза Пойндекстерди Фелимдин меймандостугу жөнүндөгү сөз багытын
өзгөрттүргөн жок. Ирландиялыктар кандай сүйлөгөнү, да кызды анчалык
кызыктырбады. Мустангердин кепесин көрсөм экен деп эңсегени да аны азгырбады.
Өзү каршы турууга чамасы келбеген, өзүнүн тагдыры сыяктантып ишенткен күчтүүрөөк
сезим кызды ошондой кылууга түрттү.

#38 16 April 2017 - 01:13
****
Луиза Аламодогу жапажалгыз кепеге барды, анын ичине кирип көрдү. Кандайдыр
өзүнчө, башкалардыкына окшобогон ушул үй менен таанышууга көрүнөө кызыкты.
Кепеден китептерди, кагазды, жазуу аспаптарын, хакаленин кожоюнун аркы-беркинин
кылдат ылгагандыгын көрсөткөн дагы башка майда-чүйдөлөрдү көрүп, кыз сүйүнө таң
калды. Фелимдин кызык сүйлөгөнүн моокуму канып укту. Ушундан ооз тийиңиз деп
жалбарышкан нерседен — гальвеецтин бөтөлкөсүндөгү ичкиликтин тамчысынан
башка, бардык тамактардын даамын татуудан да баш тарткан жок. Акырында көңүлү
жайдарыланып, жигердене жүрүп кетти.
Бирок кубанганы көпкө созулган жок. Жаңы таасирлердин аркасында көңүлүнүн
эргигени бат эле чөгүп кетти. Гүлдөрү жайнаган прерияга кайра барганда, кыз жаңы
эле көргөндөрүн эсине түшүрүп, иргей баштады. Жүрөгүнө муздак суу сепкендей бир
ой эсине келе калды.
Атасын, агасын, досторун өзү жөнүндө белгисиз кабатырга калтырып, ушунчалык
көп күттүргөнүнө кыйналдыбы?
Жок, Луизанын жүрөгүа өйкөгөн башка нерсе болду.
Күнү бою форттон пикник болгон жерге баратканда да, ээн талаада учурашканда
да, жапайы айгырлардын укмуштуу кубалаганынан Морис Жеральд өзүн куткарып
калганда да, көлдүн жанына келип дем алганда да, прерияда кайра келатканда да,
жигиттин үйүнө киргенде да жанындагы жигит кыз менен сылык гана болду,
жентльменче адептүүлүк гана кылды.

#39 16 April 2017 - 01:15
XVIII глава
КҮНҮЛӨШТҮН ИЗ КУУГАНЫ
Луизаны куткарып калмакчы болуп, жабыла чыккан кырк кишинин анча-мынчасы
гана алыска кетти. Жапайы жылкыдан, чаар мустанг менен мустангерден адашып, алар
бири-бирин таба албай калышты. Көп узабай эле атчандар прерияда бирден-экиден
же үч-төрт киши болуп топтошуп калышты. Из куу тажрыйбасы болбогондуктан,
көпчүлүгү манаданын изинен да адашты. Алар жолдо адашып, балким, ошол эле
манаданын изидир, бирок алда качанкы эски изди кууп келишти.
Бир гана чабендес багыттан адашпай туура баратты, А кишинин мингени анчалык
сулуу болбосо да, чыдамдуу, күлүк жээрде ат эле. Аскерче тигилген көк костюм, көк
фуражка, ал чабендес башка бирөө эмес, кавалериянын иштен бошогон капитаны
Кассий Кольхаун экенин ачык көрсөтүп турду. Ал изден адашпай жүрүп отурду.
Кольхаун камчы үстүнө камчы уруп, шпорасын батыра теминип, атын жанынын
бардыгынча жүгүрүүгө аргасыз кылды. А өзүн, куду шпорасындай, курч ой айдап
отурду — максатына жетүү үчүн аны ошол ой бардык күчүн жумшоого мажбур кылды.
Ач бөрүдөн бетер, ал прерия менен жортуп баратты. Эгерде бир кырдаал болбосо,
башкалар сыяктуу, ал да жолдон адашып калат эле. Өзүнө таанымал эки аттын изи ага
жакшы жардам берди. Бул чоң туяк ошол турбайбы деп, ал зээни кейип, так эсине
түшүрдү. Өрттөнгөн прериянын күл баскан бетинен ал ушул изди көбүрөөк тиктеп,
эстеп калууга аргасыз кылган эле, ошондуктан бул изди азыр оңой эле тааныды.
Акырында, экс-капитан бадал өскөн жерге келди да, чаар мустанг күтпөгөн жерден
токтогон кичине талаага тык токтоло калды. Ошол жерге чейин издин кайда кеткенин
билүү ага анчалык кыйын эмес эле, бирок ошерге жеткенде эмне кыларын билбей
калды. Жапайы бээлердин изинин арасынан такаланган аттардын изи дагы эле
байкалып турду. Бирок бул катуу жүгүргөн аттардын изи эмес эле. Ошол такаланган эки
ат аерге барганда токтоп, жанаша турган экен.
Эми кайда кетти? Манададан калган издердин арасынан таканын изи эми эч
жерден байкалган жок. Жердин бети катуу жана майда шагыл экен. Катуу бараткан ат
гана из калтырышы мүмкүн эле, бирок жай желдирип бараткан аттан из калбайт болчу.
Чаар байтал менен тору ат ошол жерден жүрүп кеткенде, алар жапайы жылкы кармай
турган жерди көздөй бет алып чу дегенге чейин, адегенде бир нече ондогон ярд жай
бастырыптыр.
Алдастаган из куучу эмне кыларын билбей калды. Жапайы бээлердин изин кууп, ал
нары барды, бери келди, чаар мустанг менен тору ат чапкылап кеткен багытты таба
албай, бир нече жолу кайра кайтты. Өзүн көздөй келатып, жаман оюп бузуп жиберген
атчан кишини көргөндө, ал аң-тан калды.
Жанына келген — бейтааныш киши эмес эле. Эби-сыны жок кийим кийген,
теребелиндеги жүз миля жерден зорго табылчудай, чобур минген, заңкыйган киши —
эски мергенчи экенин таануу кыйын эмес. Кассий Кольхаун Зебулор Стумпту биле
турган, а Зеб Стумп Кассий Кольхаунду Техас жерине келе электен мурун эле билчү.
— Мнстер Кольхаун, жаш леди жөнүндө бирдеке билесизби? — деп сурады картаң
мергенчи, демейдегисиндей ыкшоолук кылбай. — Жок, сиз эчтеке билбейсиз, эгерде
ушул айтканым чын болбосо, турган жериме житип кетейин, — деп ал сөзүн улантты,
Кольхаундун бетине жалт карап, өзүнө кайра тыянак чыгарып. — Жанагы кызды
каргыш тийген байтал каякка ала качып кетти? Бул кандайча болду: мисс Пойндекстер
атка өтө чыйрак жүрчү эле. Эчтеке эмес, анчалык деле кырсык боло койбос. Мустангер
байталды чалма менен кармабай койбойт. А биерге сиз эмне токтолуп калдыңыз.
— Алардын кайсы багытты көздөй чапкылап кетишкенин түшүнө албайм. Мына бу
изге караганда, алар ушул жерге токтогон болуу керек. Бирок издин мындан ары
каякка кеткенин көрбөй турам.
— Туура, дал ошондой, мистер Кольхаун. Алар ушерде турушкан экен. Турганда да
экөө бири-бирине абдан жанаша турушуптур ошенткендери да көрүнүп турат. Мындан
ары алар жапайы бээлерди кубалашыптыр. Анткендери ачык. А биерден каякка
кетишти?
Кольхаундан эмес, жерден жооп таба тургансып, Зеб Стумп жерди кунт коюп
изилдей баштады.
— Эч жерден алардын изин таба албадым, — деди капитан.
— Таба албадыңызбы? А мен таптым. Бери караңызчы! Мына бу уйпаланган чөптөн
изди көрбөй турасызбы?
— Жок.
— Мына эмесе! Жакшылап караңызчы! Чоң така, а бул жанындагы кичине така...
Алар тетиги жакка кетишкен экен. Демек, алар жапайы бээлерди мындан ары
кубалашпаптыр. Дагы нарылап, карап көрүш керек.
— Кандай болбосун издеш керек?
Дагы сүйлөп турбастан, Зеб Стумп жаңы изди кууп жөнөдү.
— А-а, — деп жиберди картаң мергенчи. — Биерде эмне болгон? Бир балаа болгон
окшойт.
— Жапайы бээлердин изин гана көрүп турам, — деп жооп кайтарды Кольхаун. —
Алар бир айланып чыгып, кайра кетишиптир.
— Атчан кишилер жанынан өткөндөн кийин гана кайра кетишкен тура. Иш
тескерисинче айланган болуу керек.
— Эмне демекчисиз?
— Жапайы бээлерди алар кубалабай, бээлер аларды кубалаган тура. Бээлер эмес,
шумдук, тобо! Булардын туягы эң эле чоң экен. Чын эле...
— Эмне болду экен?
Түшүндүрүп отурбастан эле, картаң мергенчи алга түштү да, жооп күтүп Кольхаун
артынан ээрчип отурду.
«Асылбачы, чолом тийбей жатат» — дегенсип, Зеб колун шилтеп койду.
Бир кыйлага чейин ал изди изилдөөгө бүтүндөй кунт коюп калды. Такаланган
аттардын изин ажыратуу оңой эмес эле, себеби, ал изди айгырлардын изи таптап
салган болучу. Аңга жакындаганда гана, Зебдин чочуп турганы өңүнөн жок боло түштү.
Эми, акырында гана, ал түшүндүрүүгө макул болду. . .
— Бери караңызчы!
— Өлгөн айгыр жатат? Бул эмне деген кеп?
— Айгырды мустангер өлтүрүптүр.
— Калгандарын ушинтип коркуткандыктан, атчандарды айгырлар кубалабай калган
болобу?
— Кеп анда деле эмес. Айгырлар кубалабай калганы чын, бирок айгырлар
коркконунан токтобой, аларды токтоткон мына бул айгырдын өлүгү турбайбы. Шайтан
алгырдыкы, укмуштай секирип өтүшкөн экен!
Экөө жанына келгенде Зеб аңырайган аңды көрсөттү.
— Алар ушерден секиртишти деп ойлойсузбу? — деп сурады Кольхаун. — Буерден
секиртип өтүү мүмкүн эмес!
— Аткан октой секиртип өтүшүптүр. Аңдын наркы өйүзүнөн алардын аттарынын
изин көрбөй турасызбы. Секирткенде да мисс Пойндекстер биринчи секириптир.
Иосафат! Бу эмне деген кыз! Айгырды атып өлтүрүүдөн мурун, экөө тең секиртип
өтүүгө тийиш, — антишпесе, секиртип өтө алышпайт эле. Ушерден гана секиртүүгө
мүмкүн эле. Азамат мустангер айгырды дал секире берерде сулаткан экен.
— Мустангер менен менин таежем ушул андан бирге секиртип өттү деп
ойлойсузбу?
— Тепетең секиртип өтүшүптүр деп айтууга болбойт, — деди Зеб эмне үчүн
Кольхаун такып сурап жатканын байкабай. — Чаар байтал биринчи секириптир
дебедимби. Тетиги, аңдын наркы өйүзүндөгү изин караңызчы.
— Көрүп турам.
— Байталдын изин мустангердин аты үстүнөн басканын көрдүңүзбү?
— Ырас, дал ошондой экен.
— Айгырлардын бири да наркы өйүзгө секирип чыкпаптыр. Мына, иштин кандай
болгону көрүнүп турбайбы. Наркы өйүзгө секиртип чыккан да, жигит мына бул
айгырды аткан экен. Калгандары коркуп, кайра качыптыр, Мына, аңды бойлоп кеткен
из биерде жатпайбы.
— Балким, айгырлар башка жерден секирип өтүп, аларды куугунтуктагандыр.
— Эгерде андай болсо, аңды бойлой өйдө карай беш миля, ылдый карай беш миля
качып, биерге кайра келүү үчүн алар он миля жүрүшү керек эле. Бирок такыр андай
болбоптур, мистер Кольхаун. Кадырыңыз жам болсун, айгырлар мисс Луизаны андан
кийин куугунтуктабаптыр. Аң- дан секиртип өтүшүп, кыз менен мустангер жанаша
чапкылап кетишиптир. Алар коркунучтан кутулган экен. Эми алар тамак-аш салынган
саябан араба турган жерге кайра кетишкен болуу керек.
— Кеттик, — деди Кольхаун, таежесине олуттуу коркунуч болгондой шашкалактап.
— Жүрүңүз, мистер Стумп! Мүмкүн катар ылдамыраак!
— Шашпаңыз, сабыр кылыңыз, — деп, Зеб камырабай бээсинен түштү да, бычагын
сууруп чыгып. — Мени он чакты минута күтө туруңуз.
— Күтө турайынбы? Эмне үчүн?
— Мына бу айгырдын терисин сыйрып алыш керек, Оңбогондой мыкты тери экен!
Биздин сеттльментте бул тери үчүн кеминде беш доллар алам, а прерияда беш доллар
талаада жатпайт.
— Тери жерге кирсин! — деп ызырынды Кольхаун. — Кеттик, таштаңыз.
— Кантип таштамак элем, — деди Зеб камырабай өлгөн айгырдын терисин курч
бычагы менен курсагынан жирей баштап. — Эгерде сизге керек болсо, мистер
Кольхаун, кете бериңиз, а Зеб Стумп картаң бээсине бул терини артмайынча, кадам
шилтебейт.

#40 16 April 2017 - 01:17
* * *
Күнүлөө Кассий Кольхаунду кайра шашууга аргасыз кылды. Өрттөнгөн прерияда эле
күнүлөө анын жанын жай таптырган эмес болчу. Ошондон тартып күнүлөө сезими улам
күчөгөндөн күчөй берди да, эми аны бүтүндөй чулгап алды. Мустангерди өзүнө
теңтайлаша турган киши деп эсептебөө үчүн жапайы жылкы уулаган аңчынын төмөнкү
даражадагы коомдук ал-абалы Кольхаун үчүн жетишерлик негиз болууга тийиш эле.
Луиза Пойндекстердин мүнөзүн жакшы билбесе, Кольхаун анчалык деле
күйүп-бышпайт болучу; Луиза жаш чагынан тартып эле эч кимге моюн сунчу эмес,
башка аялдар жалтанып калгыдай тоскоолду ал такыр билбей турган.
Ар кандай жаман ой эсине түшүп, ындыны өчкөн Кольхаун пикник болгон жерге
чапкылап жөнөдү. Алыстан көрүнгөн эки атчан кишиге жолукканы да аны кубандырган
жок, арт жагынан көрсө да, Кольхаун аларды дароо эле тааный койду. Анын сары
убайым тартышына себеп болгон ошол эки киши эле.
Алар жанаша бастырып келатышты. Кандайдыр бир кызык сөзгө берилип
кеткенсип, прерсиядан өздөрүн көздөй утурлай бастырган жалгыз кишини алар
байкаган жок.
Чогулган элге кайра келүүгө анчалык деле шашпасы керек, ал экөө жай гана
желдирип келатышты.
Алардын айланасындагы нерселерди таназар албай, шашпай атчан жай келатканы
капитандын шектенгенин ого бетер ырбатты. Кольхаун өзүн токтото албоочудай сезди.
Адегенде ал чапкылап барып, экөөнүн сырдашып келатканын бузуп жибергиси
келди. Чарчаган атын ал дагы ылдамдата бастырды.
Оюнан кайра айнып калгансып, бир нече секундадан кийин Кольхаун жай
бастырды. Капитан эки жүз ярддай жакын келип калса да, берки экөө аттын дүбүртүн
уккан жок. Аңгемеде сөз баштаган өңдөнүп, таежесинин шаңкылдаган добушу
Кольхаунга угула баштады.
Алардын эмне деп сүйлөшүп келатканын Кольхауи тыңшап угар беле!
Экөө сөзгө ушунчалык берилип кеткен сыяктанды, тын шап угууга да мүмкүн эле.
Аердеги чөп баркыттай жумшак, аттын дүбүртү такыр чыкпайт. Экөөнө чукул келип
калганда, Кольхаун дагы жайыраак бастырды.
Бирок чарчаган чабдар аттын тарпылдата баскан дабырты Кольхаундун келатканын
билгизип койду. Чаар мустанг менен тору ат баштарын чулгуп алып, кишенеп жиберди.
— А! Каш жээним тура! — деп жиберди Луиза, кыздын үнүнөн таң калганынан да
өкүнгөнү көбүрөөк сезилди. — Сен биердесиңби? А атам, Генри, башкалар кайда?
— Эмне үчүн менден сурайсың, Лу? Алар жөнүндө сен канчалык билсең, мен да
ошончолук билем.
— Мен сени бизди тосуп чыкты го деп ойлодум эле. Атың кара терге түшүптүр.
Атыңын кебетесине караганда, биз сыяктуу сен да көптөн бери чапкылап жүргөнсүң го.
— Дал ошондой болду. Адегенде эле сага жардам берейин деген ниет менен
артынан чу койгон болчумун.
— Ырас элеби? Артыбыздан келатканыңды билген жок элем. Ыракмат сага, Кассий.
Азыр эле мистер Жеральдга Луна экөөбүздү чоң балаадан жанын аябай куткарганы
үчүн ыракмат айттым, коркунучтуу өлүмдөн аман алып калды десем да болор эле.
Элестеп көрчү, жапайы айгырлар бизди тытып жечүдөй болуп куугунтуктады.
— Ооба, билем.
— Демек, сен алардын кууганын көргөн экенсиң го?
— Жок. Изиңерден бнлдим.
— Изибизденби? Изибизден ажырата алдынбы?
— Ооба, Зеб Стумп түшүндүргөнүнөн улам.
— О! Ал сени менен бирге болдубу? Бизди узак акмалап жүргөн экенсиңер да?
— Аңга чейин. Сен андан секирип өтүптүрсүң — мага Зеб ошондой деди. Ыраспы?
— Луна секирип өттү.
— Сени менен биргеби?
— Албетте, мени менен бирге. Сурооң кызык экен. Кассий! — деди кыз күлүп. —
Сен да секиртип өттүңбү? — деп сурады креолка күтпөгөн жерден өзүнүн кыязын
өзгөр- түп. — Анан биздин изибизди кууп жүрүп отурдуңбу?
— Жок, Лу. Менден мурун барасың го деп, андан тике эле ушу жерге келдим.
Луиза ушул жоопко ыраазы болуп калгандай көрүндү.
— Жолукканыбыз жакшы болду. Биз жай келаттык эле. Бечара Луна абдан чарчады.
Үйгө кантип жетерибизди билбейм.
Кольхаун менен жолугушкан мезгилден тартып, мустангер бир ооз да сөз сүйлөгөн
жок. Жаш креолка менен эзиле сүйлөшкөнүн бузуп жибергенге такыр өкүнбөй
таштагансып, жол баштаган милдетине кайра кайткансып, мустангер унчукпай, алдыда
бастырып отурду.
Ошого карабастан, капитан сынагансып, андан көзүн айырган жок. Луизанын
беркиге кубангандай көз чаптырганын байкаганда же өзүнө ошондой көрүнгөндө,
Кольхаундун көзү жутуп жиберчүдөй ойноктоп турду.
Атчан үч кишинин көпкө чейин саякат кылып келатканы жамандык менен бүтүшү
мүмкүн эле. Бирок пикникке келатышкандардын көрүнгөнү жамандыктан куткарып
кетти. Аларды көрөр замат, ар түрдүү жаман ойлорду бүт эсинен чыгарып жиберип,
кубанычы койнуна батпаган кишилер жабыла сүйлөп, кызды тосуп алды.

Супер-Инфо
super.kg
видео