Суперстан: Пайдалуу кеңештер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Пайдалуу кеңештер. Майда,бирок маанилуу.

#181 Пользователь офлайн   beka1207   12 Январь 2017 - 20:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 722
  • Катталган: 28 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 19:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения always-here (29 Декабрь 2016 - 20:46) жазган:

Сиз жаңы сатып алган бут кийимдин ичиндеги
баштыкчаны ыргытып салчу белеңиз?

.
Сүрөт
.
Бул баштыкчаларды мындан ары эч качан
ыргытпаңыз. Анын эмнеге жөндөмдүү экенин
билгенден кийин, алтындан жогору баалап
каласыз.
Сиз ар бир жаңы бут кийим сатып алган
сайын, анын ичинен баштыкчаларды сөзсүз
табасыз. Мисалы, биз аны дайым ыргытып
жиберебиз.
Бирок, төмөндөгүдөй маалыматтан кийин, сиз
чын эле буга чейин кылып жүргөн
адатыңыздан баш тартасыз.
Кремнийдин диоксиди менен толтурулган бул
баштыкчалар укмуштуудай кургатуучу каражат
болуп саналат. Алар дээрлик баарын өзүнө
сиңирип алат. Ишенбесеңиз өзүңүз байкап
көрүңүз.
.
Баштыкчаларды колдонууга бир нече мисал:
.
1.Сүлгү үчүн текче
.
Ашыкча нымдуулуктан качуу үчүн аларды
сүлгү менен текчеге жайгаштырып коюңуз.
Сүрөт
.
2. Авто унаанын терезеси
.
Эгер бул баштыкчаларды автомобилдин
салонуна салсаңыз, анда терезенин
буулануусун биротоло унутасыз.
Сүрөт
.
3. Өз телефонуңузду сактаңыз
.
Эгер сиз кокусунан телефонуңузду сууга
түшүрүп алсаңыз, анда аны ушундай
баштыкчалары бар коробкага салып, сактап
калсаңыз болот.
Сүрөт
.
4. Эски сүрөттөрдү сактоо
.
Убакыттын өтүшү менен эски сүрөттөр өзүнүн
түсүн жоготуп баштайт. Коробкага сүрөттөр
менен кошуп 2-3 баштыкчаны салып коюп,
бул көйгөйдөн арылууга болот.
Сүрөт
.
5. Устара жана макияждын өмүрүн узартыңыз
.
Косметика же устара салынган коробкага
баштыкчалардан салып коюп, сиз алардын
жарамдуулук мөөнөтүн узартат аласыз.
Алар нымдын дээрлик баарын өзүнө сиңирип
алат.

Жакшы экен
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#182 Пользователь офлайн   Ayka93   07 Февраль 2017 - 15:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 116
  • Катталган: 07 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 17 Янв 2021 16:09

Салам кандайстар жазында переправга чеснок чыгарат го ошондо колдон ачуусу кетиш учун эмне кылыш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#183 Пользователь офлайн   Dinaa   07 Февраль 2017 - 15:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 476
  • Катталган: 03 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 24 Май 2020 17:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сан Франциско Кыргызстан.

Просмотр сообщения Ayka93 (07 Февраль 2017 - 15:00) жазган:

Салам кандайстар жазында переправга чеснок чыгарат го ошондо колдон ачуусу кетиш учун эмне кылыш керек.

Туз мн жууш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#184 Пользователь офлайн   Musulmanka.   06 Апрель 2017 - 00:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 958
  • Катталган: 24 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 23:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучит каждое утро Азан.

АЙЫМДАРДЫН ГАРДЕРОБУНДАГЫ ЭН КЕРЕК 7 БУЮМ!!!

Негизинен мырзалар, айымдардын кийим- кечесинин көптүгүнө таң калуу менен карашат. Толгон- токой кийим- кечелер, бут кийимдер жана аксессуралардын эмне кереги бар деп ойлошот. Буга байланыштуу айымдардын гардеробунда сөзсүз болушу керек делген 7 буюмду сунуштайбыз. Анткени бул буюмдарсыз аялзаты сыртка эч качан чыкпайт.

Кара көйнөк

Кара түстөгү көйнөк эң универсалдуу кийимдердин катары кирет. Анткени аны менен той- топурга, туулган күнгө же жумушка деле бара берсе болот. Демек, айымдардын гардеробунда кара көйнөк сөзсүз болушу керек.

Ак же бозомук түстөгү кофталар

Бул кийимдерди айымдар жаш курагына карабай баары кийишет. Эч кандай тартынып- кысынууга себеп жок. Ыңгайлуу, стилдүү жана дене бойго жакшы отурат.


Юбка

Юбканы ар түрдүү фасондо тигилген кофталар, жемпер, кардиган жана костюмдар менен кийе берсе болот. Башкысы өңдөрү шайкеш келиши керек. Аялзатынын назиктигин арттырып, келишимдүү көрсөтөт.


Жынсы

Жынсы кездемесинен тигилген шымдарды дагы жаш куракка карабай кийе берсе болот. Болгону ден- соолукка зыянын тийгизүүчү тар, денеге чапташканын кийгенден качуу керек. Ошондой эле ар түрдүү жалтырак, темир нерселер чапталганын албай эле койгон жакшы. Жынсы дагы көп учурларда кийгенге жарай берет. Футболка, кофта, майкелер менен жакшы жараша берет.


Жакет

Жакет дагы кофтанын жана көйнөктүн сыртынан кийгенге абдан ыңгайлуу. Кандай гана жайга барбаңыз жарай берет. Айрыкча кофтанын сыртынан кийип кеңседе иштегендер үчүн эң жакшы кийим.


Бут кийимдер

Туфли, балетка, жапыз такалуу, бийик такалуу жана крассовка менен кеталар айымдар үчүн абдан керек. Анткени ар бир кийимдин фасонуна, өңүнө карап бут кийим кийүү керек. Маселен, туулган күнгө кара жакшынакай көйнөк кийип балетка кийип алсаңыз, дене- мүчөңүздү көрксүз кылып коёсуз.


Сумка

Чоң, кичине жана орточо өлчөмдөгү сумкалар сөзсүз болушу шарт. Бир сумканы көчөгө чыгууда, экинчисин тоого же мончого барганда, дагы бирин той- топурга барганда ылайыктап көтөрүү керек. Кийген кийимге шайкеш келип турушу зарыл.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#185 Пользователь офлайн   Dilbaranurdinova   16 Апрель 2017 - 11:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 432
  • Катталган: 06 Февраль 17
  • Соңку аракети: 17 Янв 2021 18:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:убактылуу жашоодо!!!

Кайнак сууга кичинекей балдардын колу же буту куйсо карошка,Паста суйкобой кадимкидей дакталган майды эле суйкой берсе эртеси барсанак да дак да кальайт болгону он он беш минут расса кызытып ыссыгын алат май
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#186 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   16 Апрель 2017 - 16:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

Пайдалуу дегенчелик кереги тийчу кенештер экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#187 Пользователь офлайн   Musulmanka.   16 Апрель 2017 - 23:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 958
  • Катталган: 24 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 23:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучит каждое утро Азан.

ЧАЧЫНЫЗ КОП ТУШОБУ? АНДА...

Чачыңыз көп түшсө үй шартында кам көрсөңүз болот. Ал үчүн бир нече эрежелерди аткаруу талап кылынат.

1- Чачыңызды ысык сууга жуубаңыз, жылымылык сууга жууңуз.

2- Мүмкүнчүлүк болсо сууну алгач кайнатып алып, муздаган соң сууган абдан пайдалуу.

3- Аба- ырайынын ысык жана муздак мезгилинде ылайыкталган баш кийим кийиңиз.

4- Аптасына эки жолу маска жасап туруңуз.


Чачтын түшүшүнө себеп болгон алсыз жана кургак чачтар үчүн жасала турган маска

Чачтын бекем болушуна чычырканактын таасири күчтүү тийет. Аны тамак- ашка колдонуп ичсеңиз болот жана майынан маска жасасаңыз жакшы жыйынтык берет.


Аптасына эки жолу чачыңызды жууганга чейин 1 саат мурун чычырканактын майын тегиз сүйкөп, түптөрүнө жеткидей абалда тарак менен тараган жакшы. Андан кийин желим баштык менен ороп, жоолук салынып аласыз. 1 сааттан кийин кадимкидей эле жылуу сууга шампунь менен жууп саласыз.


Ак кайындын жалбарагынан демдеп коюп, 30 сааттан кийин чайкасаңыз, чачыңызды бекемдейт.

Касторовое майын 96 пайыздык спирт менен тең өлчөмдө аралаштырып, чачыңыздын түптөрүнө жакшылап сүйкөгөн соң 2-3 сааттан кийин жууп салсаңыз болот.


Беш литрлик чакага жарым лимондун ширесин жана бир аш кашык ашкана уксусун кошуп чайкасаңыз чачка жакшы таасир бере
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#188 Пользователь офлайн   MUHLISA   20 Апрель 2017 - 21:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

ЧЫЧЫРКАНАК ЭРОЗИЯНЫ АЙЫКТЫРЫП, АШКАЗАН ЖАРАСЫНА ДАБА БОЛОТ!

Чычырканактын пайдалуу касиеттери

- Чычырканак жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Аны такай жеп туруу - инфаркт жана инсульт ооруларынын алдын алуунун эң жакшы ыкмасы. Анткени, чычырканактагы С витамини жүрөк булчуңдарын бекемдөөдө кызмат кылат. Эгерде күнүнө 50-100 граммдан чычырканак жесеңиз, организмиңиздин С витаминине болгон бир суткалык муктаждыгын канааттандырган болосуз.

- Муун ооруларында жана ревматизмде чычырканактын жалбырагынын маңызын же чайын пайдалануу зарыл. Маңыз мындай жасалат: 1 чоң кашык майдаланган кургак жалбыракты 1 стакан сууга 10 мүнөт кайнатуу керек. Жарым стакандан күнүнө 2 жолудан ичилет.

- Бул жемиштин иммундук системаны бекемдөөдөгү ролу да абдан чоң.

- Аялдардын жана эркектердин тукумсуздугун дарылоодо да бул жемиш оң натыйжа берет.

- Курамында темир көп болгондуктан, аз кандуулукта жана алсыроодо жардамга келет.

- Чычырканактын жалбырагынан демделген чай оозулду дарылоодо натыйжалуу каражат болуп эсептелинет.

- Ашказан рагын дарылоодо күнүнө 3 жолу 1 чоң кашыктан чычырканак жеп туруу жакшы жыйынтык берет.


Чычырканак майы менен дарылоо

Ашказан жарасын, гастритти айыктырууда чычырканак майы кеңири колдонулат. Бул оорулардан жабыр тарткан адамдар тамактанууга 15-20 мүнөт калганда 1 чай кашыктан кабыл алып туруулары зарыл. Бир айдын ичинде күнүнө 3-4 жолудан бузбай ичкенде жакшы жагына өзгөрүү болгону дароо байкалат.

Жатын моюнчасынын эрозиясын чычырканак майы менен дарылоого болот. Ал үчүн чычырканак майын кебезден жасалган тампонго жакшылап сиңирип, жатын моюнчасына салып коюу керек. Тампонду күн сайын алмаштырып туруу зарыл. Процедура 8-12 күнгө созулат. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн 4-6 жумадан кийин кайра кайталоо керек.

Теринин сырткы жарасын (ириңи жок) же күйүктү айыктырууда жаранын үстүнө чычырканак майын сыйпап, бинт менен таңып, аны күн сайын жаңылап байлап туруу зарыл.

Ашказан жарасында 1 чай кашыктан күнүнө 2-3 жолу ичүү зарыл.

Бүйлөлөрдүн сезгенүү оорусунда, пародонтоздо кебезди чычырканак майына чылап, ооруган жерге 10-15 мүнөт коюу керек. Бир-эки жуманын ичинде бул процедураны күнүнө 1-2 жолудан кайталоо керек.

Баланын иммунитетин көтөрүү үчүн бир айлыгынан баштап берүүгө болот. Алгач оозуна бир тамчыдан тамчылатып баштап, бара-бара көбөйтүп отуруу керек.

Чычырканакты кимдер пайдаланууга болбойт?

Ашказан алдындагы без, боор, өтү ооругандар;
Панкреатит менен ооругандар;
Аллергияга жакын адамдар;
Ашказанында кычкылдуулук жогору болгон адамдар.
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#189 Пользователь офлайн   MUHLISA   20 Апрель 2017 - 21:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

ЧЕСНОК ТИШ ООРУНУ БАСЫП, БЕЗЕТКИНИ КЕТИРЕТ!!

Тиш ооруганда: сарымсактын бир тишчесин узунунан кесип, ооруган тишиңизге коюп коюңуз. 15-20 мүнөттөн кийин тишиңиздин оорусу басаңдайт.

Ангинада, мурун бүтүүдө жана көк жөтөлдө: Бир нече тишче сарымсакты майдалап, бир күндө бир нече жолу жыттаңыз. Жөн гана искеп койбой, анын жыты менен дем алуу сунуш кылынат.

Ангинада: 2 тишче сарымсакты майдалап туурап, 1 стакан кайнатылган жылуу сууну үстүнө куясыз. 1 саат демдеп коёсуз да, андан соң тундуруп алып, маңызы менен тамагыңызды чайкасаңыз эң жакшы натыйжа берет.

Жөтөлдө: 1 чай кашык сарымсактын ширесин 1 стакан жылуу сүткө аралаштырып, бир күндө эки маал ичиңиз.

Сасык тумоонун алдын алууда: сарымсакты жанчып, бир кабат марляга ороп мурунуңуздун үстүнө коюңуз.

Канды жашартууда, уйкусуздуктан арылууда: 350 г сарымсакты жанчып, 24 даана лимондун ширесин сыгып аласыз. Экөөнү аралаштырып банкага куюп, оозун марля менен жаап байлайсыз да, 24 саат тыныктырып коёсуз. Колдоноордо аралаштырасыз. Күн сайын жатаардын алдында 1 чай кашык аралашманы жарым стакан сууга кошуп ичесиз.

Ашказанды тазалоодо: бөтөлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн тууралган сарымсак менен толтурасыз. Үстүнө бөтөлкөнү толтуруп арак же 50-60 пайыздуу спирт куюп, жылуу жерге 14 күн коюп коёсуз. Күн сайын чайкап туруу керек. 5 тамчы маңызды 1 чай кашык муздак сууга кошуп, тамакка чейин бир күндө үч маал ичесиз.

Кабарууда: Бут кийим өйкөгөндө же дагы башка себептер менен бут, кол кабарганда сарымсак жардамга келет. Ал үчүн: 3-4 баш сарымсак, 5 чоң кашык сүт, алоэнин ширеси, бир нече бака жалбырак керектелет. Сарымсакты тазалап, майда кыргычтан өткөрөсүз. Бака жалбыракты жанчып, сарымсакка аралаштырасыз. Ага кайнаган сүттү жана алоэнин ширесин кошосуз. Пайда болгон аралашмага пахтаны чылап алып, кабарган жериңизге сүртөсүз.

Герпесте: Эринге чыккан жараны айыктырууда бир тишче сарымсакты майдалап туурап, ширесин жарага сүйкөңүз. Эриниңиз ачышат, бирок, жара кургап, тез айыгат. Мындан тышкары, сарымсактын ширеси жарага инфекциянын түшүшүнөн сактайт.



Сарымсак косметологияда

Безеткиден арылууда: 1 жумуртканын агына 1 чай кашык бал, 1 чай кашык сабиздин ширесин жана 1 тишче сарымсактын ширесин кошуп аралаштырып, бетиңизге маска кылып жабасыз. 20 мунот кармап, жылуу суу менен жууп саласыз.

Чач түшкөндө: Сарымсак кылымдардан бери чачтын түшүшүнө каршы табигый каражат катары колдонулуп келет. Жатаарда сарымсакты жанчып, башыңыздын терисине сүртүңүз да, шапке кийип жатып алыңыз. Эртең менен жууп салыңыз.
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#190 Пользователь офлайн   MUHLISA   20 Апрель 2017 - 21:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

ПАЙДАЛУУ КЕНЕШТЕР....
1. Эгерде сиз кокустан колуңузга "Момент" клей жуктурп алсаңыз, маргарин менен майлап бир аз күтүп туруу керек.
2. Эгерде сиз үйүңүздө жагымдуу жыт туруусун кааласаңыз, лимондун сыртыны сууга бир нече минут кайнатып койсоңуз болот.

3. Крандагы кара такты кетирүү үчүн уксуту колдонсоңуз болот.

4. Ашканадагы кол аарчыларды оңой жуу үчүн, түнү айранга чылап коюу керек.

5. Сүттү бышырганда "качып" кетпес үчүн, кастрюлдун ички бетин май менен майлап коюу жетиштүү.

6. Жашылчаларды кайнап турган сууга гана салып бышыруу керек.

8. Жаңы түшүмдөн алынган картошканы оңой аарчуу үчүн, алдын ала муздак туздуу сууга салып коюу керек.

9. Картошканы кууруганда бышыруунун аягында туз кошуу керек.10. Фасоль менен буурчак жакшы бышыш үчүн ир түнгө муздак сууга чылап коюу керек.

11. Картошканы кайнатууда жарылып кетпеши үчүн, туздуу бир нече уксустун тамчысы аралашкан сууда кайнатуу керек.

12. Кызылча кайнатууда өзүнүн өңүн жоготпош үчүн, аны алма уксусу менен шекер аралашкан сууда кайнатуу керек.
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#191 Пользователь офлайн   MUHLISA   20 Апрель 2017 - 21:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

УГУТ – АРЫКТООНУН ГАНА ЭМЕС, ЖАШАРУУНУН ДА ЭЛИКСИРИ! !

Буудайды өндүрүү ыкмасы менен арыктайт деп уктуӊуз беле? Буудайды сууга өндүргөндө анын курамындагы В витамини 6 эсе, ал эми Е витамини 100 эсеге көбөйөт. Ал эми андагы крахмал угут кантына айланып, ашказанда сиӊирүү процессин күчөтөт. Баса, өнгөн буудайдын даамы сизге анча жага бербеши мүмкүн. Эӊ башкысы, өнгөн буудайды пайдаланууда организмдеги зат алмашуу процесси жакшырып, адам ашыкча салмактан арылат.
Эскертүү: Бул ыкма менен айымдар да, мырзалар да арыктаса болот.
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ
1. 80-100 грамм буудайды алып, сууга жууйбуз. Үстүнө чыгып калган буудайларды калпып алып салабыз. Тарелкага 2-3 сантиметр кылып текши жаябыз. Үстүнө таза сууну буудай жабылгыча куюп, бетин даки менен жаап коёбуз. Бөлмө температурасында 24-30 саат турган буудай ак соё болуп өнө баштайт. Өнгөн өсүндү 1-2 миллиметр гана болуусу шарт! Мындан ашып кетсе ал пайдалуулугун жоготуп, арыктоого натыйжа бербей калат.
2. Мындан соӊ өнгөн буудайды кайра сууга жууйбуз. Эми эртеӊ менен, түштө, кечинде 1 чай кашыктан жеп коюу керек. 1 чай кашыкты 1,5 мүнөт чайноо кажет. Бул 55-60 ирет чайнаганга барабар болот. Натыйжа бир айдан кийин билинет.
3. Же болбосо 1 чай кашык буудайды эт туурагычтан өткөрүп, 1 стакан сууга аралаштырып алыӊыз. Масса толугу менен агаргыча аралаштырсаӊыз, буудай сүтүнө айланат. Бул дагы өтө пайдалуу суусундук.
4. Буудайды өндүрүп алгандан кийин анын даамына дароо көнүп кете албайсыз. Андыктан аны түрдүү жемиштер, мейиз жана капустаны майда туурап, аралаштырып жесеӊиз да болот.
5. Мындан сырткары спорт түрлөрү: чуркоо, футбол ойноо, үй шартындагы физикалык көнүгүүлөр менен өнгөн буудайды
комбинациялап алсаӊыз, анда аз эле убакыттын ичинде максатыӊызга жеттим дей бериӊиз.
6. Аталган рецепт канды кислород менен байытат. Түрдүү инфекциялардын вирустарын өлтүрүп, иммунитетти көтөрөт. Клеткалардагы уулуу заттарды, холестеринди, ашыкча майларды чыгарат. Көздүн көрүүсүн жакшыртат. Чачтын өсүшүн жөнгө салат. Жүрөк – кан тамыр системин бекемдейт. Теринин жакшырышын шарттап, жашарууга багыттайт. Мындан сырткары, адам күч-кубатка ээ болуп, шайдоот жүрө алат.
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#192 Пользователь офлайн   MUHLISA   20 Апрель 2017 - 21:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

САРЫ МАЙДЫН ПАЙДАСЫ!!

Сары май – жуулган майды ээритип, чыпкалоо жолу менен алынган май. Анда ак майга караганда суусу аз болгондуктан анын көп убакытка чейин сактоого мүмкүндүк берет.

Сары майдын негизги пайдалуу касиети анын адам организминде тамак сиңирүүнүн энергиясын жогорулаткандыгы болуп саналат. Ал боорго шлак жеткирбестен, тамак сиңирүүгө жардам берет. Репродукциялык системага, интеллектке жагымдуу таасир берип, нерв системасына, ошондой эле адамдын назик ткандарына да оң таасир тийгизет, ой жүгүртүү процессин, эске тутууну жакшыртат. Ал активдүү радикалдар менен күрөшөт, ал эми аны күн сайын колдонуу организмден токсиндер менен шлактарды алып чыгат! Мал майларын же кадимки ак майды аны менен алмаштырууга болот.


Сары майды косметикалык максаттарда колдонууда да керемет күчкө ээ. Ал теринин майда тешикчелери аркылуу тез өткөндүктөн, териге жакшы сиңет. Тери алдындагы катмарлардагы жыйналган туз шлактарын жана токсиндерди эритет. Ошондуктан сары май пайдаланылган процедуралардан кийин тери назик, жылмакай жана жупжумшак болуп калганын байкоого болот.

Сары май айрыкча жаздын шамалдуу жана муздак күндөрүндө пайдалуу. Мурундун былжыр чели кургап калганда мурундун ичин сары май менен майлап койсо, инфекциядан жана суук тийип ооруп калуудан сактайт.
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#193 Пользователь офлайн   MUHLISA   20 Апрель 2017 - 21:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

Ден-соолукка пайдалуу!

1. Ар дайым өтө кеч тамактануу ашказан рагынын пайда болуу коркунучуна алып келет.

2. Жумасына 4 жумурткадан ашык жебеңиз.

3. Майлуу тоок этин дайыма жесе болбойт, себеби ашказандын шишик оорусун пайда кылышы ыктымал.

4. Эч качан тамактан кийин жемиштерди жебеңиз. Аларды тамакка чейин жеңиз.

5. Аялдардын айыз маалында күчтүү кара чай же кофе ичүүгө болбойт.

6. Соя сүтүн аздап гана колдонуу керек. Ага шекер же жумуртка кошпостон ичиңиз.

7. Помидорду ачкарын жебеңиз.

8. Өттө таш пайда болбосун десеңиз эртең менен тамактанар алдында бир стакан суу ичүүнү адатка айлантыңыз.

9. Уктаарга 3 саат калганда тамактаныңыз.

10. Газдалган таттуу суусундуктарды аз ичиңиз. Себеби алар диабет жана гипертония ооруларын чакырат.

11. Жаңы бышкан ысык нан жана тост жебеңиз.

12. Телефонуңузду жана башка гаджет түзүмдөрүн өзүңүзгө жакын жерлерге коюп заряддабаңыз.

13. Бир күндө 10 стакан суу ичиңиз, бул заара чыгаруучу табарсыкта залалдуу шишик пайда болуусун алдын алат.

14. Күнүнө эки чыны кофеден ашык ичпеңиз, бул ич оорусуна алып келет жана уйкуну качырып, кыйнайт.

15. Майлуу тамактарды азыраак жеңиз. Себеби организм майлуу тамактарды 5-7 саатта гана сиңирет, бул аралыкта ыңгайсыздык жана жагымсыздык алып келет.

16. Саат 5тен кийин тамак жебегенге аракет кылыңыз.

17. Сизди бактылуу жана дени сак кылуучу алты азык: банан, грейфрут, нан, шпинат, ашкабак жана шабдаалы.

18. Бир күндө 8 сааттан аз уктоо мээнин иштөөсүн начарлатат. Түштөн кийин бир аз уктап алуу бир кун бою жакшы маанайды камсыз кылып, жаштыкты узартат.

19. Бышырылып, даярдалган помидор чийки помидорго караганда дарылык касиети жогору болот.

Билдирүүнү түзөткөн: MUHLISA: 20 Апрель 2017 - 21:41

Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#194 Пользователь офлайн   MUHLISA   20 Апрель 2017 - 21:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

СУУ МЕНЕН КОП ООРУДАН АЙЫГЫП, АРЫКТАСА БОЛОТ!!

Биздин организмибиздин 2/3 бөлүгү суудан турат. Күн сайын дем алуубузга эле 2-3 стакан суу өзүнөн-өзү сарпталып жок болот. Ден соолуктун чың болушу жана теринин эрте картайбашы үчүн окумуштуулар ар бир адамга күн сайын 6-8 стакан суу ичип турууну сунушташат.

Дарылыгы
Заманбап жашоодо сууну эртең менен эрте туруп ачкарын ичсе дарычылыгы болору көпчүлүккө белгилүү. Суунун дарылык касиети бар экендиги илимий изилдөөдө да далилденди. Белгилүү болгондой, суу менен дарылануу ыкмасы аркылуу төмөнкү ооруларды айыктырууга болот жана изилдөөчүлөр менен медицина кызматкерлери буга 100% кепилдик беришет:
Баш оору
Муундун сыздап оорушу
Жүрөк оорулары
Артрит
Талма оорусу (эпилепсия)
Бронхиалдык астма
Менингит
Бөйрөк оорулары
Гастрит
Геморрой
Кант диабети
Ичтин катышы
Артрит
Көз, кулак, тамак, мурун оорулары
Жатын оорулары
Кусуу

Бул ооруларды айыктыруу үчүн суу менен төмөнкүдөй ыкмада дарылануу кажет:

Эртең менен ойгонор замат 4-5 стакан сууну (ар бирин 160 граммдан) тишти жуубай туруп ачкарын ичиңиз.
Андан кийин тишти жууңуз. Бирок 45 мүнөткө чейин эч нерсе ичип-жебеңиз.
45 мүнөттөн соң кадимкидей тамактаныңыз.
Эртең менен, түштө, кечинде ар бир жолу тамактанып бүткөндөн кийин 2 саатка чейин эч нерсе ичип-жегенге болбойт.
Карылар, оорукчандар, кыскасы, 4 стакан сууну бир ичип жибере албагандар алгач азыраактан ичип, акырындык менен көнүп баштаса болот.
Берилген ыкманы туура жана көрсөтүлгөндөй ар дайым колдоно берүү керек. Бир жумадан кийин, же бир нече күндөн кийин таштап койсоңуз эч натыйжасы болбойт. Анткени, ар бир оору белгилүү убакыттын ичинде гана айыга баштайт. Мисалы, жогору көтөрүлгөн кан басым оорусу 30 күндө, гастрит менен ич катуу 10 күндө, рак 6-7 айда...

Бул ыкма организмге эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Жакшысы, суу менен дарылануу ыкмасын айыккандан кийин деле колдоно бериңиз. Алтургай жеке жашооңуздагы бузулгус эрежеге айлантып коюңуз. Эске алуучу нерсе, эгерде ар кандай оорулардан алыс болууну кааласаңыз, эч качан муздак сууну тамак менен бирге ичпеңиз.

Пайдасы
Арыктагыңыз келсе...
Сиз өзүңүздү ачка сезген учурларда, чындыгында, ачка эмес, суусап жаткан болушуңуз да ыктымал. Бирок сиз аны сезбестен, "ачкамын" деп ойлоп тамактанасыз. Ошондуктан, алгач суу гана ичиңиз. Эгерде ачкалык өтүп кетсе, демек, чын эле суусап жаткансыз. Бул ыкма арыктагысы келгендер үчүн жакшы. Анткени, суу ичип курсагы ачканын сезбей калат да, тамакты аз иче баштайт.


Тери жаш, сулуу болуш үчүн...
Сууну күн сайын жетиштүү ичүү терини дайыма суу менен камсыздап, анын серпилгичтигин жоготпойт. Демек, бырыш эрте түшпөйт. Суу организмдеги ар кандай уулуу заттарды (токсиндер) айдап чыгарат. Ал эми суу жетишпесе, дал ошол уулуу заттар организмге чогула берет да, акырында алар тери аркылуу чыгууга аракет кылышат. Мунун натыйжасы безеткиге, экземага алып келет.


Ашыкча терчил
болгуңуз келбесе...
Айрыкча жайкысын адам көп тердей баштайт. Муздак суу организмдеги температураны түшүрүп, кандын коюулугун өз нормасында кармап турат. Ошол себептүү, көп тердебей каласыз.


Бөйрөгүңүздө таш
пайда болуусун каалабасаңыз. ..
Күн сайын 2 литр суу ичүү бөйрөгүңүздү таштын пайда болуусунан сактайт. Себеби, суу организмде чогулган зыяндуу минералдарды жана туздарды эритип жиберүүгө жана заара менен айдап чыгууга жөндөмдүү.


Иммунитетиңиз начарласа...
Анда сууну көп ичиңиз. Суу организмдеги иммунитетти бир калыпта кармап турат. Сууну аз ичкен адамдын иммунитети түшүп, организми ооруларды тез кабылдайт.


Белиңиз ооруса...
Көп отуруп иштеген адамдын далысы, бели ооруйт. Муну сууну көп ичүү менен жок кылса болот. Анткени, омурткалардын ортосунда суу көп. Дал ошол суунун жетишсиздиги да андагы ооруну пайда кылат.


СУУНУН кээ бир түрлөрү
Булактын, тоонун суусу. Булактын суусунда минералдык заттар бар. Ал эми тоо суусу канчалык таштан-ташка урунуп, шаркырап тез акса, анын пайдалуулугу да ошончо көбөйөт. Мындай суунун курамындагы пайдалуу минералдык заттар башка сууларга караганда 64 эсеге көп!

Бөтөлкөдөгү суу. Учурда бөтөлкөдө сатылган суулар көп. Жакында канадалык окумуштуулар дал ушул бөтөлкөдөгү суунун курамында зыяндуу бактериялар көп болорун далилдеп чыгышты. Бөтөлкөдө сатылган сууну ичүү айрыкча иммунитети төмөнүрөөк жаш балдарга, кары-картаңдарга, кош бойлууларга зыяндуу. Ал гормондордун иштешин бузуп, жүрөк, кант диабети ооруларын, эркектерде жыныстык жактан проблемаларды пайда кылат.


Крандын суусу. Эң зыяндуу! Курамындагы хлор коркунучтуу уу болуп эсептелет. Ал бир эле убакта суудагы зыяндуу бактерияларды эле эмес, организмге пайдалуу нерселердин баарын жок кылат. Крандын суусун тазалоо максатында кошулуучу хлор жана башка химиялык кошулмалар адамдын организминен дароо чыгып кетпейт, тескерисинче, көпкө сакталат. Бул жүрөк жана ар кандай онкологиялык ооруларды пайда кылат.
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#195 Пользователь офлайн   MUHLISA   20 Апрель 2017 - 21:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

БАЛАНЫЗ СИЗДЕН КАНДАЙ АДАТТАРДЫ УЙРОНОТ БИЛЕСИЗБИ? 

Ар бир ата- эненин жашоо тажрыйбасы ар түрдүү келет, бирок, кандай гана кырдаал болбосун балдарыңыз сиздин жүрүм- турум жана кыял- жоруктарыңызды сиздин өзүңүздөн үйрөнүшөт. Ар бир сүйлөгөн сөзүңүз, кыймыл- аракетиңиз, чыгарган чечимдериңизди балдарыңыз сезип- сезбей, билип- билбей өзүнө калыптандырып алат. Ал эми бул ата- эне үчүн өтө жоопкерчиликтүү маселе эмеспи. Төмөндөгү келтирилген 7 мисалда берилген жүрүм- турумдарды балдарыңыз сизден алат, андыктан билип алышыңыз ашыктык кылбайт. 

1. Энеге болгон мамиле 

Эгер баланын атасы үй бүлөдөгү айымдарга жакшы мамиле жасап, ага сый- урмат көрсөткөн болсо, демек, балдар чоңойгондон кийин апаларына дегеле айымдарга дал ошондой мамиле жасашат. Эгер кагып- силкип, одоно, адепсиз сөздөр колдонулса, аны да сөзсүз түрдө үйрөнүп алат. 


2. Акча менен башкаруу 

Эгер сиздин карызыңыз көп болсо жана акчаны үнөмдөбөй туш келди коротуп, максатсыз пайдаланган болсоңуз, балаңыз кийин дал ошондой болуп сизди кайталайт. Сиздин жашооңуздагы жоопкерчиликсиздигиңиз, каражатты үнөмдөй албай карызга баткандыгыңыз ага эң жаман үлгү болот. 

3. Башка адамдарга мамиле жасоо 

Эгерде сиз башка адамдар менен жеке өзүңүздүн кызыкчылыгыңыздын арты менен гана мамиле куруп, баарлашкан болсоңуз жана аны үй бүлөдө ачык эле айтып жүрсөңүз балаңыз кийин дал ошондой тарбия менен чоңоёт. Мындан сырткары, балакай менен дүкөн, кафелерге барган учурда дагы сатуучу, официанттар менен сылык- сыпаа сүйлөшүңүз. Кандай гана адамдар болбосун бардыгы бирдей укукка ээ жана сыйга татыктуу экенин сездире билдириңиз.  


4. Макамы бийиктерге болгон мамиле 

Сизге билинбеген менен балаңыз ар бир сүйлөшкөн сөздөрүңүзгө кулак салат. Телефон аркылуу, же үйдө отурганда жетекчиңиз тууралуу сын- пикирлерди айтсаңыз, муну да бала дароо эле эсине түйүп алат. Кийинчерээк ал адамдарга туура эмес мамиле жасайт. Буга бир гана өзүңүз күнөөлүүз. 


5. Чөйрөңүздөгүлөргө жалган айтсаңыз 

Балакайлар өтө сезимтал келет. Андыктан сиздин жалган айткан сөздөрүңүздүн баарын ал билип алат. Келечекте кийин ал сөзсүз ал ыкманы колдонот. Ошондуктан жалган сүйлөөдөн этият болуңуз. 


6. Сиздин эрежелер жана жалкоолук 

Алып жүргөн жашоо образыңыз баш- аламан болсо, спирт ичимдиктерин ичип, жумуштан кечигип же барбай койгон адаттарыңыз болсо, биринчи кезекте аны балаңыз үйрөнүп алат. Андыктан сергек жашоо образын алып жүрүп, балаңызга үлгү болуңуз. 


7. Кең пейилдик жана мээримдүүлүк 

Күнүмдүк жашооңузда кайрымдуулук кылуу, адамдар менен карым- катнаш түзүп жакшы мамиледе болуу жок болсо, анда балаңыздын жашоосунда ушундай боштук болот. Андыктан баланы кичинекейинен кайрымдуулук иштерине аралаштырып, жакшы, пайдалуу иш- чараларга катыштырып жүрүңүз.

https://[moderated]/okuyalar.kg

Билдирүүнү түзөткөн: MUHLISA: 20 Апрель 2017 - 21:41

Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#196 Пользователь офлайн   MUHLISA   20 Апрель 2017 - 21:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

...ПАЙДАЛУУ КЕНЕШТЕР! !

..Жылуу кок чай менен балды аралаштырып ичкенде мээге жакшы таасир берет.
.
Сууну узак кайнатуу же кайнак сууну кайра кайнатып ичуу зыян.
.
Алма адам организимине керектуу витаминдерди жеткизип турат, кунуно эки даана алма жеп туруу керек.

Дайыма кок чай ичип, сары сабизди жеп жургон адам рак оорусун алдын алат.
.
Спорт турунун ичинен эн пайдалуусу жугуруу.
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#197 Пользователь офлайн   MUHLISA   20 Апрель 2017 - 21:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

БАЛАНЫН УПЧУСУН , ОЗУНУЗ КОЛДОНГОН ТАРАК, ТИШ ЩЕТКА, МОЧАЛКА Ж.Б. КАНЧА УБАКТА БИР АЛМАШТЫРГАН ТУУРА?

Биз адатта тамак-аштардын гана сактоо мөөнөтү бар деп ойлойбуз да, күнүмдүк турмушта колдонулчу майда буюмдарга анча маани бербейбиз. Көрсө, сак-саламат жашоо үчүн ар бир буюмдун колдонуу мөөнөтүнө маани бере жүрүүбүз керек экен.


Жаздык

Сактоо мөөнөтү: 2-3 жыл

Кандай нерсе менен толтурулганына карабай убакыттын өтүшү менен жаздык чаң кенесинин турагына айланат. Ошондой эле формасын жоготуп, моюн оорунун себепчиси болот.




Үйгө кийген тапичке

Сактоо мөөнөтү: 6 ай

Тапичке - жугуштуу ооруларды таратуучу грибок үчүн мыкты каражат. Аны таза жууп кийип 6 ай гана колдонгон туура.


Губка

Сактоо мөөнөтү: 2 жума

Жуунгуч

Сактоо мөөнөтү: 6 ай

Губка менен жуунгуч грибок менен көк датты эң жакшы жыйнайт. Андыктан белгиленген убактысынан артык колдонуу зыянга гана учуратат. Эгерде мыкты кездемеден тигилген жуунгуч болсо, кайнатып алып колдонуу мөөнөтүн бир аз убакыт созгонго болот.

Сүлгү

Сактоо мөөнөтү: 1-3 жыл

Сүлгүнү мөөнөтү бүтө элек убакытта да кир жуучу машинанын жогорку температурасында жууп колдонуу шарт. Анткени ал - бактериялар үчүн идеалдуу жай. Ал эми белгиленген мөөнөттөн ашып кеткен соң канча жуусаңыз да жакшы натыйжа болбойт.

Тиш щёткасы

Сактоо мөөнөтү: 3 ай

Тиш щёткасына кылдат мамиле кылып, таза кармоо керек. Аны мөөнөтү бүткөндө эле эмес, суук тийүү, сасык тумоо болуп ооругандан кийин дароо алмаштырган оң, болбосо аны колдонуудан кийин кайрадан ооруп калуу коркунучу бар.

Тарак

Сактоо мөөнөтү: 1 жыл

Таракты жок дегенде жумасына бир ирет таза жууп, жылына бир жолу жаңысына алмаштырып туруу талапка ылайык. Эгерде табигый эмес материалдан жасалган болсо, 7-10 айда бир алмаштырган туура.


Резина упчу

Сактоо мөөнөтү: 2-5 жума

Резина упчуну убактысына, сырткы келбетине карабай 2-5 жума гана колдонуп ыргытуу керек. Латекс каучугу оңой эле туурулуп кетет да, майда тешик жерлери микробдорду жыйнайт.

Алия ДАНИЯРОВА
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#198 Пользователь офлайн   Akylai_aktan   17 Май 2017 - 23:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 336
  • Катталган: 20 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 16 Мар 2024 15:52
  • Жынысы:Аялзаты

Кыздар кандайсынар? Менин суроом бар эле билгендер айтып койгулачы,жаны эле алган кийим тулоп кетсе, аны кетируунун жолу барбы же болбойбу?Кенеш кутом........
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#199 Пользователь офлайн   Akylai_aktan   17 Май 2017 - 23:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 336
  • Катталган: 20 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 16 Мар 2024 15:52
  • Жынысы:Аялзаты

Кыздар кандайсынар? Менин суроом бар эле билгендер айтып койгулачы,жаны эле алган кийим тулоп кетсе, аны кетируунун жолу барбы же болбойбу?Кенеш кутом........
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#200 Пользователь офлайн   asia_92   19 Май 2017 - 07:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 494
  • Катталган: 18 Август 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 18:24
  • Калаасы:г Ош..

Просмотр сообщения Akylai_aktan (17 Май 2017 - 23:58) жазган:

Кыздар кандайсынар? Менин суроом бар эле билгендер айтып койгулачы,жаны эле алган кийим тулоп кетсе, аны кетируунун жолу барбы же болбойбу?Кенеш кутом........

Тулогон жерди бритва менен кырып тазаласаныз болот.
[color="blue"]Салам[\ blue]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 24 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 24, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 02:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: