Саламатсыздарбы.
...
мен дайыма окуйм ар кимдин журок сырын...Эми мен да жазууну чечтим...
Мен Чон-Алайдын кулуну,апакемдин умуту болуп чонойдум.Торт бир тууганбыз.Улуусу мен андан сон эки иним жана кичинекей синдим.
Мен 6-классыма чейин менин аталаш эжем бар экенин билбей кабарсыз журуп анан билдис.Укканда суйундум.(ал мезгилде синдим тороло элек эле)Ошентип мен аны тымызын издей баштадым.Кошуна айылда жашайт экен.Базарда бут кийим сатат экен.Мед колледжде окуп практиканы биздин ооруканадан отот экен.
ошентип 7-класс болгон мезгилимде больницага жатып калдым.(чон энемди карап)Ал практикада экен...Мени тааныйбы айтор мен баскан жерден баспай,мен кирген палатага кирчу эмес.Ошентип анда да маани бербей жургом.
Больницадан да чытык.Мезгил отту...Номерин аран таап ватсаптан жаздым.
салам
салам
кандайсыз
жакшы
таанышып алалы
мага зарыл эмес
кечирес мен сизди бироо менег алмаштырып алыпмын
фотон жиберчи
(фото)
э кайдан болосун
Бишкектен
койчу
чын
э мени тааныбайт деп ойлобо жабышпа мага
эжеке сизди тушуном бирок мени да тушунун атам мн апаныз ажырашса мен куноолуу эмесмин го?
ошо сенин атан менин атам болгонуна окуном
эжеке...
жабышпа жолун менен жур
синдиниз болгонум учун куноолуумунбу
э барчы ары...
мм макул кайрылып келин мен кутом-ушинтип жазыштык.Канча жинденсем да сабырдуу болуп отурдум.
озум чыгармачыл адам болгонум учунбу жан дуйном назик ыйлаак кызмын.Ошентип мен таптакыр озгордум.Эжекеме жеп кача ыр жаздым.Ыйладым.
Мурунку жадырап жургон кыз жок тунордум.Синдимди канча карашан сайын эжелик милдетимдин оор экенин ошончо сезем.Кызык мен сезген нерсени ал сезди бекен.
Азыр синдимден алыс жактамын.Сагынуу мн жашоо откоруп атам.
Канча убак отсо да менин эжекеме болгон суйуум,сагынуум артып аны дайым кутом.Ишенем анын тушунооруно.
Бирок качан???
Учурда сагынуудамын аны...
кантем аны кутомбу же умутум узомбу?
Сагынуудамын...
#7 19 April 2017 - 18:30
Эжекениз башка жашоодо чонойгон, атанызга жана силерге болгон таарыныч, жек коруу баарибир болот. Ошончо окуп , иштеп калыптыр, озунунбу же башканынбы кучу менен. Эми анын жарасын тырмагандай болбой, каалабаса жайына койгула. Анан кантипле сагына бересиз? Тан калдым...
#9 24 April 2017 - 09:24
Бул теманы окуп отуруп озумдун бала чагым эсиме тушту балким менин жазганымы окуп анын мамилесине тушунорсун.
..
Мен учту бутуп тортунчуго кочуп,каникул мезгил эле.Атам менен энем каза болуп,мен сагынуудан, кусалыктан каттуу оорудум.Атам энем болуп кол жээгинде жашаар элек.Мага карап байкем (тайэкем ) ишин откоруп кол жээктеп жашап атканбыз.Кичинемен ат устундо осуп,жаныман артык озумо энчиленген тай торум бар эле.Кулук чалыш басыгы жакшы жорго чалыш эле.Тай торуну озумо кулун кезинен атап,байкем озу уйротуп ошол жайда мага берген.Тай тору экообуздун журбогон жерибиз жок,жада калса колго да кирип,токойдон койон,кыргоол куп чан ызгытып ойнор элем.Ошондой бактылуу кунумдо байкем алыстан кол булгалап чакырып калды.Келсем эркелетип,мандайына отургузуп алыстан соз баштады.Корсо менин оз атам бар экен,ал ото жакшы киши болуп,алыста ото алыста Ош деген жерде Баткен деген жерде чон кызматта иштеп колу бошой албай,бизге келе албай жургонун айтты.Ой бойума койбой арабага бир кой салып,мени зордоп алып барды.Удо адам коп экен.Бирок торт адам чоочун экенин байкадым.Тымызын экоону тиктейм,карасам чон аксакал кишиси атам каза болгондо буркурап ыйлап келип,ыйлап кеткен ошндо аван дешкен.Демек арык,узун бойлуу,керсейгени экен да деп ичимен ит олуп турдум.Торто тен баса калып оп атама окшоп чачым тармал экенин,энеме окшоп аппак экеними айтышып жетине албай суйунуп атышты окшойт.Койдон болунгон эчкиге окшоп,жатыркап башка болмого кирип уктап калыпмын.Байкем мени арабага салып атканда ойгонуп кеттим бирок жанымда жат адамдар турганын билип калып ойгонбой койдум.
- Темике кызынды таштап кетсен боло деди.
- Жок жезде капа болбонуз го таштай албайм,туну ойгонуп кетсе мени издейт,анан ыйлайт.Атам каза болгондо катуу ооруду бала болсо да куйутко куйуп кетти.Экоонон бирдей ажыраш кыйынга турду.деп мени таштабады... .
Эртеси кол жээгине чыкырганын бугун келе турганын айтты.Эшигибизге мааратып бир кой байлап,женем тызылдап борсок жасап,мейман кутуш болдук.Иш буткондон кийин тай тору менен ойноп келейин деп суранып атып кетип калдым.Атамын бейитине барып андан отуп атам энем жана мен жашаган эски журтка барып,ата энеми издеп,изи калып оздору жок,колго чыгып колдон издеп,кумду карап кумдан издеп аларга мен кечирим сурап ыйлап турдум..
Уйго келсем кой сойулуп,казан асчылып,меймандар курсактарын тойгузуп колго барыш камылгасы болуп калыптыр.
- Темике кызын биз менен барсынчы деп тигил адам суранып калды.Мен байке барбайм жок деп койунчу деп шыбырап аттым.Байкем мени карап оба дей албай,ал кишини карап жок дей албай кызык абалда калды.Байкем сурдуу,чечкиндуу адам эле.
-Акен бар бара кой,жол корсот,мен этти бир кайнатып,чуйкобугун алып артынан барам деп мага кесе суйлоду.Айлам жок бултуйуп жолго туштум,алардан болунуп чекеде кызыга карап турдум.Эжеме карайм,эжем жайдары кулуп жайнап тигил эки аял менен чер жазышып суйлошуп атат.
-Жур кызым,сууга тушолу,чабак атканды билесинби ? -деп мага басты эле.Ордуман туруп качып жонодум...
Чекде отуруп зеригип,байкеми кутуп,суйгон ойунум кумга уй салып ойной баштадым.Тигил адам келип мага.бир эки суроо берди эле,оозума кум толтуруп алгансып,тескери карап ойной баштадым.Ал да отуруп мага кошулуп уй кура баштады.Экообуз шаар курдук,жол салдык,машиналардан жолго жургузуп койдук.Чычырканактан бак тиктик.Мага жылмайуу кирип тигил адам жага баштады.Минтип мени менен чон адам эч ойногон эмес...
Бир кезде кичирек кыз жыгылып ыйлай баштады,бир жери канады окшойт тигил киши курган уйубузду балчайта баса чуркап жоноду.Эмеле курган шаарыбыз урап мага окшоп томсоруп кала берди.Ичим ачышып,таарына артынан карап турдум.Ал кыз папалап колун сунуп жеткенче чынырып чычып ыйлап атты.Жетип кучактап башкача мээрими менен соортотуп атты.Ошол учурда мээме чагылгандын огундай ой келди,ордуман атып туруп тызылдап уйго чуркап жонодум.Аркаман кыйкырып кала беришти.Мен ошондо атан,атан жакшы адам деген бакйеме таарынып,бут ааламга жетим экенме таарынып сыйбай турдум.Келип тай торуну коздой чуркадым.Мен атка мингенимде байкем чылбырды кармаганга улгуруп
-Акен алтыным эмне болду?
Байке мен силерди жек кором,сиз мени алдадыныз атан деп калп айтыныз,анын, анын кызы бар экен,ал ошол кыздын атасы.Экинчи атан дебениз.Менин атам анавы жайда жатат.Ошол менин атам.деп буркурап ыйлап аттым.
-Байке мени кой бериниз,мен анан келем,алар жокто келем,байке суранам кой бериниз деп ыйлап аттым.Байкем тушунду чылбырды койо берди.Мен атыма камчы салып чаап жонодум,алыс, алыс кетким келди.Коз жашымы,жузуму жел аймалап,кызым эсине кел,ыйлаба ,качанга ыйлайсын.Оз атанын жогуна уйрон,ал оз атан сени жайында сени карап сага кошулуп ыйлап жатат дегенсип,шамал бетими сылап озумо келтирди...

#10 24 April 2017 - 09:55
Жылдар оттуп мен чонойуп,синди пайда болду.Мага турмуш жонундо,ал турмушта экообуздун кунообуз жогун айтып,мага синди болорун айтып,мени жакшы короун айтып,жебиреди чыны мен жакшы коро албадым.Атасын жакшы коро албайм анан кызын жакшы коромбу?
Жылдар отуп мен бой жетип турмушка чыктым.Келген сайын кой сойуп чыкырат.Апам барса барам болбосо жок.Бир жолу кыз куйолорун чыкырыптыр. Биз барсак эки куйо кыздар отурат.Жаштарды оздорунчо отургузуп сыйлашты.Ал жерде менден ай кана кичине синдим бар экен.Ай кана кичине,менин атамы тартып алган,менин бактылуу балалыгымды тартып алган,мен жек коро сыздап отурдум...
Чыканда оэкообуз катышалы бир тууганбыз,менин бир боорумсун,мен сени жакшы кором дегендей коп созду айты.Мага турмуш экенин,турмуш татаал болорун куйосу экоо айтып турду.Ошол турмуш татаал болорун,ошол турмуш мага эчен азап бергенин,атамы сагынып эчен жол караганым,атамы ата дей албай,тайэжелерим эчен жаман дегенде ичимен сынып атам жакшы деп озумчо ичимен актап турганымды, турмуш эми балалыктын балдай ширинин тартып тайатамды ата деп осуп келе атканымда,ачуу тузун жегизип дашгы шорум катып жетим калганымды, турмуштун даамын ачуусун,татуусун татып койгонумду, атасынын бактылуу балдары кайдан билсин...
- Жок,деп кесе айтым.
Жылдар отту атан бул дуйнодон кочту деп кабар беришити.
Короондо кызыл гул болуп,
Осо албадым кашында.
дуйнодон эми кочту деп.
Туралбаймын башында.
Жайнаган жашыл гул болуп,
Осо албадым мандайлаш.
Эркетай кызын мен болуп
Суйлошподум тандайлаш - деп ушуга окшогон армандарды айтып атсам.Баягы синдилер биринен,бири отуп атке бизди кимге таштадын дешип боздошуп атат.Эсиме келе туштум.Ичимен силерди эми таштаса,мени тили ширин,кылыгым кызуу уч жашымда таштап кеткен деп шарт туруп чыгып кеттим.Бул ойумду бир кана апама айтым эле,эми эскерип ушул жерге жазып отурам.Атасыз оскон,журогу жаралуу кызга жабышкан менен пайда жок кызым.Сен куноолу эмесинби,куноолусунбу ал нерсе жетим кыз уруп ойнобойт.Канчалык бактылуу болсон да телегейин тегиз осон да АТА деген нерсенин орду башка.Жетим кыз учун ата деген соз вирус ичине кирип омуру чыкпай эзип келет...Мин атан жакшы болсун,кызматкер болсун,элдин ооздуна айтылган укмуш адам болсун таштанды кыз учун баягы сени таштап кеткен жагымсыз ата бойдон калат.Жек коруп жектеп турсан да ичи эзилип артынан ата деп жалоруй карайсын,журогун атана тартып бир термилип аласын да балалыгынды эстеп,бир кезде атаны сагынып эчен жол караганынды, кутконунду эстеп аргасыз бир силкинип аласын...
Мына кызым сага сабак болсун,ошол сен издеген эжендин турмушунун бир узуму деп бил...

#12 24 April 2017 - 13:23
Туура айтасыз Рая эже.Мен да атасыз оском,мен да жол карап кутком.Бирок мени атам таштаган эмес,апам кетип калган атамдын чечкинсиздигинен,
чон энемдин заар тилине чыдабай.Азырга чейин апамды куноолойм бир аз чыдап койсонуз менин да кооп бир туугандарым болот эле,толук кандуу уй-булодо чоноет элем деп...Мага да атамдын кийинки аялынан балдары жабыша беришет катташалы деп.Оа деп ооз учунан айтканым менен такыр катташкым жок.Чогуу оспогондон кийин мага кызыгы деле жок...
#14 25 April 2017 - 10:41
мен сиздерди тушуном Рая эжее
бирок атам ага канча кийим кече сатып алып барды апасы такыр жолоткон жок
мен азыр эжемдин мээримин корбогонгобу эже кутконду аябай жакшы кором жана да смндиме суйуктуу мээримдуу эжемин

#15 10 May 2017 - 02:37
Ал эженизди тынч койунуз. Сиз канча аракет кылган менен баарыбир боор бербейт.
#16 10 May 2017 - 02:38
Мага бул темадан коро Рая апанын башынан откон окуясы кобуроок таасир калтырды.

Супер-Инфо
super.kg
видео