Күтүү...
#783 18 Апрель 2017 - 05:41
Сиздер Кандай ойлойсуздар билбейм,реал экени чындыкка коошпойт,эгер автор жооп берсе,озу башынан окуп чыксынчы,10жылдан бери чет жерде журом деген, дагы бир билдируусундо 2кызым бар,учунчусун кутуп жатабыз деген, ушуларга жооп берсе...катуу тийсе да бул чындык.
Билдирүүнү түзөткөн: Kominam: 18 Апрель 2017 - 05:42
#784 18 Апрель 2017 - 05:50
Мен дагы бир "окшошпой жатат" десем,айрым форумчулар "козунду чоон ачып оку"дешкен.
Отурам ошондон бери же козуму чоон ача албай узкий болгон учун,же оозумду ачалбай.
#785 18 Апрель 2017 - 08:20
#786 18 Апрель 2017 - 15:37
Kominam (18 Апрель 2017 - 05:41) жазган:
Сиздер Кандай ойлойсуздар билбейм,реал экени чындыкка коошпойт,эгер автор жооп берсе,озу башынан окуп чыксынчы,10жылдан бери чет жерде журом деген, дагы бир билдируусундо 2кызым бар,учунчусун кутуп жатабыз деген, ушуларга жооп берсе...катуу тийсе да бул чындык.
Кайсы жеринде кызым бар деген дери, мен да козумду чон ачып окуюн.Мен окубаптырмын. Эки кыздуу болдум дегенин окугам. Эгер ошол жерин билсениз белгилеп айтып койсонуз болмок экен. Менин козум чон эле. Эсептесем бул айым эки жыл окуса, уч жыл иштесе беш жыл болот Москвада анан Америкада эки жылдай журду дейли жети сегиз жыл эле болуп атат го. Бирок ушунчалык чын сыяктуу жазат экен.
Билдирүүнү түзөткөн: diamond1111: 18 Апрель 2017 - 15:40
#787 18 Апрель 2017 - 17:05
Мен чын экенине ишенип эле окуп атам, кимге кандай билбейм.Айкера эже улантыныз сураныч.
#789 18 Апрель 2017 - 21:35
#790 18 Апрель 2017 - 22:12
Атамдын уйуно келдим. Бул уйду атам кандай мээнет менен салып, оз убагында кандай бакытка болоду. Эсимде, эжекем уйдун курулушу буто электе турмушка чыгам деп атамды шаштырганы.
Атам далбастап усталарга кошулуп эшиктин алдын тазалап, апам экообуз усталарга тамак жасачубуз. Байкем дайыма окууда, мектептен келип дароо кошумча сабака жоночу, кечинде спортко. Атам дайыма байкемдин башынан сылап, апама мынтип айтчу
- Биз айылда остук, айылдын эли адамды кадимкидей тарбиялап коет. Ал жакта адеп, ыйман бар. А бул шаарда эч ким менен эч кимдин иши жок, абалынды сурамак турсун жоголуп кетсен эч ким издебейт. Анын устундо айылда эркек балага жумуш коп, а бул шаарда буларды бош койсон эле кочо таптап, конул ачып кетишет. Бери жагы дискотетага, караоке, кыздар, ары жагын айтпай эле коеюн.
Байкем жалгыз эркек баласы болгондуктан катуу тарбиялаганга аракет кылып, козунчо эркелетпегени менен аябай жакшы короор эле. Кечинде чарчап келген байкемдин ийгиликтерин мактап, кызыгы ар бир алган беш деген баасына он беш минута "МАРИО" ойнотчу))). Оооууу... денди, сега дегендер аябай кызык болчу, байкем ойногонго отурганда мен да жанында даяр элем. Байкем бутоору менен ыйлактап жатып мен алчумун, же ойной алсамчы)))).
Дем алыш кундору атам бизди циркке болуп калса, Фламингого же Панфилов паркына алып келчу. Мага цирк деле кызык эмес болчу, болгону цирк жакта бир орус апа таяка сайылган, сыртын таттууга ороп, кып кызыл кылып алма сатчу ошого жетип, алдырып жечумун. Байкем "Буратино" деген лимонад бар эле го ошону жакшы корчу. А ботолкосун ыргытпай кечке которуп журуп, уйго келгенде кошунабыз ботолко алчу, бироосун бир сомдон, ошол жака откоруп сагыз алып чайначу))).
Апам кунуго кечинде Бразилиянын сериалын корчу. Тим эле кечки жетиге чейин болгон жумушун бутуруп, телевизордун жанына келип, бизди карап
- Эгер ызы чуу кылсанар урушам!! ! тынч отургула!
деп эскертип алаар эле. Кинонун кызыгына келгенде атам атайылап апамдын жинине тийиш учун
- РТР каналында жанылыктар башталды котором.
Апам ызылдап бразилиялыктардын тагдырына куйуп, атам менен урушуп, таарынып калчу.
Баарын каалабасам да эстеп жаттым. Биздин кулкубузду, бактылуу мунотторубузду эске салган уй. Бул уйдо эми эч ким жок, бекилип турат. Баарын сагындым. Бат баттан келип, жыт чыгарып, куран окутам. Кетип бара жатканда эшикти беките албай ыйлап тура берем. Кайдасынар? Баарынар кайдасынар?

#791 18 Апрель 2017 - 22:30
Акыркы кундору журогум бир нерсени сезгендей же бир нерсе жетпегендей башкача сокчу болчу. Ата энемди сагынгангабы?
Бутпой калган ишим бар сыяктуу тундо уктай албайм. Кундузу бироону кутуп же издеп жаткан сыяктуу сезим. Жап жаш туруп оор ушкурунуп алып кайра коркуп кетем. Не жетпейт атат мага? Ишенсениздер сырдашаар адам жок. Жок, ишенбейсиздер чынбы? Тааныштар коп эле, бирок эч ким менен сырдашкым келбейт. Баарын угуп, артымдан кулчудой сезиле берет.
Ушул убака чейин бир гана адам менен сырдашчу экенмин.... Кайрат.
Жок, ал, Кайрат жок.
Башында Азизтин супсак мамилесине конулго албай, бактылуу айымдын образына кирип кордум. Бир жолу, эки, уч, торт, коп жолу.... Взаимный ответ жок. Мелтиреген адамдын мандайында маанайын которууго аракет кылган клоунго окшоп бараттым. Акыры мен да унчукпай калдым, озуно окшоп. Ага баары бир.
Кээде тушунуп кетем, Азизге да кыйын.
А магачы?
Мен деле Кайратты унута албай жатам го. Мен Кайратка жок дегенде карангы умут бар. Азизчи унутпасын, эстеп журсун. Каршы эмесмин. Бирок...

#792 18 Апрель 2017 - 22:36
Баарына кол шилтеп байкем менен апамдын жанына кетип калгым келет. Бирок эми артка жол жок. Раяна, Аяна. Мен аларга жаны умут берип, жарык чачып, кайра очуро албайм. Мен бул жонундо элестете да албайм. Мындай эч качан болбойт.
Ал эми Азиз менен чынын айтсам, коп жерибиз келишпестигине кундон-кунго козум жеткен сайын, кыздарга болгон суйуум дал ошондой алоолоп барат.

#794 19 Апрель 2017 - 03:25
Балалыкты эске салды го буратина сега сонилерди. Бразилианын клон деген сериалын далай корду го элдер.уланта бер
Билдирүүнү түзөткөн: diamond1111: 19 Апрель 2017 - 03:26
#796 19 Апрель 2017 - 14:52
Автор айтып атат го сырдашаарга эч Ким жок деп,ошон учун бул жака жазып женилдеп алып атат.Дегеле азыркы заманда бироого сыр айтып болбойт.автор уланта бериниз кутуп жатам
#797 19 Апрель 2017 - 14:56
#798 19 Апрель 2017 - 15:05
#799 19 Апрель 2017 - 15:06
Автор айтып атат го сырдашаарга эч Ким жок деп,ошон учун бул жака жазып женилдеп алып атат.Дегеле азыркы заманда бироого сыр айтып болбойт.автор уланта бериниз кутуп жатам
#800 19 Апрель 2017 - 15:46
Мен бул теманы бутконго деп журупмун.....
... Азиздин жасаган мамилесине эч эле тушунбой жатам.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"