Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 635
  • 636
  • 637
  • 638
  • 639
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#12721 Пользователь офлайн   Gupa   17 Апрель 2017 - 16:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения HypcylTAH (15 Апрель 2017 - 23:33) жазган:

Гупа, саламатсызбы? Куш келипсиз.
Мен да суроолордон бере кетейин))

Цитата

Саламатмын, рахмат. Берегой

* Дино форумчубуз кайсыл жерде торолуп, кайсы мектепти бутту экен?

Цитата

Мен жогоруда айтылган аймактын Сай-Талаа айылында торолуп, ошол айылдагы акын Сооронбай Жусуевдин аты коюлган орто мектепте окугам, шартка байланыштуу 11-классты Бишкектин 80-мектебинен окуп бүтүрдүм.

* Окуучулук кезде келечекте кыялданчу кесибиниз кайсы болчу? Ошол кыялдандан кесибиниздин устунон чыгып, кыялдарды орундата алдынызбы?

Цитата

Мен медицина тармагын көп жактырчумун, ал жагынан кетейин десем апам өзү медик болгону үчүнбү, болбой койду. А дегеле окуучу кезде кесип жагынан кыялым көп болчу, балким, утурумдук кызыгууларыма жараша ар нерсеге оой берсем керек. Юрист, тергөөчү болом десем бир туугандарым "тергөөчү моюнуна албаганды моюнуна алдырып, таш боорураак болуш керек, сен кылмышкердин баарын чыгарып жибересиң" деп койсо, ал оюмдан кайтып кеткем. Бир кезде модельер болом деп да чыктым, атамдын эски шымдарын тескерисинен кылып шым тигип)) анан акырында 11ди бүтүп жатканда ушул кесипти тандадым, бир тууган эжем ушул эле факультетти окуп, кызыл дипломду колуна алганда бизди таштап кете берди, анын жолун улайын деген ниетте. Азырынча турмуш менен алаксып, ал максаттарыма толук жете элекмин, буюрса, алдыда дагы тилектер орундалчу күндөр бардыр.

* Азыркы жолдошунуз сизди кайсы озгочо мамилесинен дейбизби, мунозу же болбосо кайсы жакшы саппаттары менен багындырып алды болду экен?

Цитата

Азыркы жолдошуңуз дегениңиз бир аз көздү чалынтты) Жолдошум жөнөкөй, боорукер, ак жүрөк, чыдамкай адам. Анан анын жакшы жагына жумшаса көп ийгиликтерге жетчү өзгөчө өжөрлүгү бар.

* Ар бир кыздындын кыялдары ар башка болот эмесби. Ошого карабай, турмушка чыгатурган кыз, дегеле бойго жеткен кыз, жигиттердин кайсы саппаттарына конул бурат, байлыкбы, бийликби, же тек гана сулуулук, чечкиндуулук, суйуу жана бакытты га кыялданышабы? Сиздин коз карашыныз. ( Озунузду да жаза кетсениз болот)

Цитата

Мен бойдок кезде биринчи орунга сүйүүну койчумун, романтик болсом керек. Анан адамдын жакшы делчү жеке сапаттары, чечкиндүүлүгү, ооба, чечкиндүүлүк көп учурда алдыга озуп чыкса керек.

* Форумга ыймандуу, билимдуу, жалан жакшы инсандар катталып калганбы?, ( дегеним, ар бир темаларда ар бир форумчунун жакшы жактарын байкоого болот) , же виртте эле оздорун ыймандуу, жароокер, боорукер адам болуп ( жасалмалуу) калышабы? Жеке сиздин оюнуз?

Цитата

Ооба, ошондой) Бул мындай да, жаман калк болбойт, аны жаманатты кылган жаман адам болот, жок, жаман адам болбойт, аны жаман кылган анын жаман сапаты болот. Ар бир адамдын анча-мынча терс сапаттары бар, бирок жүрөгү адамдыкы. Виртуалдуу дүйнөдө эмоциясын көбү тизгиндейт, ойлонуп жазат, реалдууда тизгиндегенге жетишпей калышса керек.

Алдын ала жообунуз учун ыраазычылык.
Уй булонуз мн эки дуйно бактылуу болушунузга тилектешмин))))


Рахмат, айтканыңыз келсин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12722 Пользователь офлайн   rumaika5544   17 Апрель 2017 - 23:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Ого,курбуш куш келипсиң!
Суроо деле жок,болсо өзүңө кайрыламго). Ийгилик сага!
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12723 Пользователь офлайн   DNurgiza   17 Апрель 2017 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 682
  • Катталган: 07 Февраль 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2021 13:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Каракөл

жакшы суроолорго, жакшы жооп болуп атыптыр....Ийгилик кана каалап кетейин.
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12724 Пользователь офлайн   Maika   18 Апрель 2017 - 14:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 824
  • Катталган: 23 Август 08
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:41
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

Саламатсызбы, Гупа айым? Кош келиңиз интервьюга!
Элден калышпай мен да суроо бере кетейин.
1.Жашоодо ойдо-төмөн боло берет эмеспи, кайгырганда эмне кыласыз? Ким менен бөлүшөсүз? Бул абалдан кантип чыгасыз?
2.Ачууңуздун келиши канчалык деңгээлге чейин чыгыш мүмкүн? Эмне кылып жиберишиңиз мүмкүн? Кайсы нерсеушул абалга жеткирет?
3.Өзүңүзгө мүнөздөмө берсеңиз?
4.Адамды биринчи көргөндө эмнесине маани бересиз?
5.Аялзаты акылдуу болуусу керекпи (билим жагынан) же эстүү (мудрый)болуш керекпи? Кайсынысын тандайсыз?
6.Жолдошуңузду канчалык сүйөсүз жана өзгөчө эмнем далилдеп турат деп ойлойсуз?
7.Ушул күнгө чейин кыялданып, бирок ишке ашпай же жетпей жүргөн нерсеңиз барбы?
8.Кандай белек алганды жактырасыз?
9. Жолдошуңуз сизди кантип эркелетет?
10.Балаңыздын келечекте кайсы кесиптин ээси болсо деп ойлойсуз?

Жеке жашооңузга киришип кетсем кечирим сурайм. Үй-бүлө темасы дайыма кызыктырып келген.)))
Ишиңизге ийгилик, үй-бүлөңүзгө бакыт каалайм. Бар болуңуз. Жардамын аябаган сиздей жакшы инсандар бар экени кубандырат.

п.с. филолог Гупа грамматикага көңүл бурбайт деп ишенем)

Билдирүүнү түзөткөн: Maika: 18 Апрель 2017 - 14:35

Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12725 Пользователь офлайн   Gupa   18 Апрель 2017 - 14:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения vavilon. (17 Апрель 2017 - 15:06) жазган:

Салам, кош келипсин Гупа! Менин да эсиме тушуп кетти алгачкы агент убактар. Мен Билайн.Кж сайтын чукулап журуп @агент дегенди коруп калып бассам Майл.руга кирип кеткем. Ал жерден скачать этип орнотуп алып иштетип баштагам. Агентин иштетбесемда Майл.рунун почтасын иштетчуумун ага чейин эл почта катары. 2011жылдарга чейин мобилдик интернет 3-4G эмес Е(едге) да жок GPRS эле да. Чон сайттарга кируу кыйын эле Компьютерде гана кирчуу элек.


Салам, рахмат. Кандайсыз? Ооба, ошондой эле)
Суроолорго келсек.))
1) - Форумда маска колдонуп очу бар форумчулардан жашырынып алып келип оч алгансып, ар кандай создорду жазып жинди болгондорго оюн кандай? Жана андайлар эмне себептен ошентишет деп ойлойсун же ошондон ырахат алышабы?
&&&&

Рахат алышарын го билбедим, бирок булар жаштар, тоус, тентектер болсо керек. Мен аларды чыныгы жашоодо жөн эле жүргөн адамдар деп ойлойм. Кээ бирлер өзүнүн атына жаманды чаптагысы келбей, кошумча никтердин жардамы менен чабуул кылса керектир. Балким, өзүн өзү колдоо иретинде деле. Кыскасы, интернеттен боло берет, ким билиптир дегендер ар түрлүү адам боло калышса керек.

2) - Форумда Акимдер Админдер дайыма калыс иш алып барат деп ойлойсунбу? Админ Акимдер мындайча айтканда КАЗЫда бул жерде туурабы. Алар башка колдонуучулардын устунон тергеп жатканда озунун жеке коз карашы, диний жана башка бардык жактан оз оюн четке суруп, калыс болуп жинди мн соо урушуп жатса да калыстыкты сактоо керек деп ойлойсунбу?
????

Абдан калыс болбосо дагы, калыс болууга аракет кылышат. Бирок калыстык кимгедир жакпай, баары бир нааразы болушат. Ар кимдин пикири ар башкача болот эмеспи.
Ооба, калыс болушу шарт, өзүнүн пикирин четке коюп, динчилге да, атеистке да, каапырга да калыс болушу керек. Бул жерде жиндини "сен баары бир жиндисиң да" деп күнөөлүү кылып салган болбойт, балким, жиндинин деле туура жагы бардыр.

3) - Канча тилде кобурай аласын?
Кобураганда эми кандай, саналуу сөздөрүн билгендерим да бар, эң негизгиси, кыргыз тилин башка тилдерге салыштырмалуу мыкты билем)) Андан кийинкиси расмий тил делгени, анан англис, түрк, француз тилдерин окугам, сөздүктүн жардамы менен дегенге жатса керек, а казак, өзбек тилди түшүнөм, сүйлөгөндү жаман көрөм.

4 -) Жактырган адабий жазуучун ким жана кайсы чыгармасы?
Бул жагынан биринчи Чыкемди айтпасам болбойт го, анын чыгармалары да жогорку деңгээлде. Башкалардан Казат Акматовдун "Архатын" аябай берилип окугам кезинде. Төлөгөн Касымбеков, Касымалы Жантөшев, Аман Саспаев, Мурза Гапаров жана башка болуп кете берет. Мен көбүнчө сынчыларга кызыкчу элем, студент кезде Абдылдажан Акматалиевге аябай "ашыккам" . Анан Осмонакун Ибраимовдун сындаганы да жаккан эле.

5 -) Озунду суроттоп бере аласынбы мисалы боюм мынча козум мондай деп?
Аракет кылып көрөйүн) Боюм 165 болчу, азыр деле го, кашым кара, көзүм бакыракай эмес, илгери сурмам жок эле, азыр пайда болуп кичине жакшынараак көрүнүп калды окшойт) Мурдум да кырдач эмес, оозум менен ээгим жакшынакай эле)) Жүзүм туптунук эмес, калдарым көп, Алайкуунун шамалынын, климатынын мөөрлөрү калтырылган, кичине кызыл жерлери да бар. Өзүм арыкмын, семиргим келип жүрөт, басканым деле керилген маралдай эмес, бут кийимиме жараша ар кандай баса берем. Кыскасы, жалпылап алганда нормалёк элемин, өтө деле страмашная эмесмин))

6 - ) Азыркы жаш ырчылардан кимдер жагат бир эркек бир аял?

Ырчыларды чынында аябай жакшы көрүп же жаман көрө албайт экенмин, ыры жакшы болсо угуп коём. Ошентсе да айтып көрөйүн, чыгармаларын алып салып эле, жөнөкөй адам катары Урмат Усеновду үй-бүлөдөгү акылман эркек го деп калам негедир, ал эми аялдардан Гүлнара Кахарованы айтайын.

7 - ) Форумда кимдердин жазгандары жагат?
Чынын айтайын, көпчүлүктүн кээ бир жазган пикирлери жагат. Мисалы, Асан-аканин тамашалуу кылып жазган билдирүүлөрүнөн анын реалдуулукта кандай адам экенин божомолдоп билсең болот, бирок ашыкча кетип калат, вульгарный кептерди аралаштырып жиберет жана башка.

8 - ) Бош убактында эмне мн алектенесин?
Азыркы учурда бош убактымда интернет чукуламай негизгиси экен, болбосо бүтпөй калган иштерди жасаганга аракет кылам, же үйдө болсом жөн кана ойлонуп, балким, кыялданып жатканды жакшы көрөм. Ошол.

9 - ) Колундан кол онорчулук жана ашпозчулук келеби же ото деле мыкты эмесмин деп ойлойсунбу?
Эгер мен эркек болсом атамдын устачылык жагын тартмакмын, атам дыкаттык менен иш кылган эмгекчил, колунан көп нерсе келген, иштин ыгын, көзүн билген киши, а аял катары ашпозчулук боюнча аракет кылам, көңүлүмө карап, жыйынтыгы ар кандай болот. Тигүү, токуу жагынан аз-маз билем. Демек, мыкты эмесмин, бирок колумдан келет.

10 - ) Суйуп турмушка чыккансынбы же жонгана мындай эле тааныш болуп элеби?

Сүйүп)

11 - ) Унаа айдай аласынбы оз унаанда журосунбу же такси маршруткадабы?
Унааны бойдок кезде дос баланын жардамы менен айдаганмын. Маршруткада эле жүрөм, азырынча бүлөбүздө унаа боло элек, алган соң көрө жатарбыз, бирок аябай кызыгам, мен ушу аялдардын жумуштарынан, кызыкчылыктарынан да эркектерге тиешелүүлөргө көбүрөөк кызыкчумун кичинемден. Болгону назик болчум, алым жок.

12 - ) Акаев Бакиев Атамбаев учоонон кимиси акылдуу жана Кыргызстанга салымы жогору деп ойлойсун?
Үчөөнүн тең өздөрүнө тиешелүү акылдары бар, башкага пайдасы тийбесе да өздөрүнө тийди, тийип жатат дегендей. Алардын ошол акылын колунда бийлик бар кезинде колдоно алган-албаганында болсо керек кеп.
Кап этбейсин э оюма келген суроолорду берип салдым


Кап этпейм) Рахмат.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 18 Апрель 2017 - 15:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12726 Пользователь офлайн   Gupa   18 Апрель 2017 - 15:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения rumaika5544 (17 Апрель 2017 - 23:03) жазган:

Ого,курбуш куш келипсиң!
Суроо деле жок,болсо өзүңө кайрыламго). Ийгилик сага!

Келип калдым, Румай) Рахмат!

Просмотр сообщенияDNurgiza (17 Апрель 2017 - 23:09) жазган:

жакшы суроолорго, жакшы жооп болуп атыптыр....Ийгилик кана каалап кетейин.


Рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12727 Пользователь офлайн   kaidasyn   19 Апрель 2017 - 08:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек



Ассалам алейкум! Куш келипсиз директор ханым.))


1-суроо:

Канча баланыз бар? Аларга кантип тарбия берип жатасыз? Менимче балдарды так илимдер менен кобуроок тарбиялаш керек экен деп койдум а сиздин оюнуз кандай? Жомоктор менен тарбияланаган бала ашыкча кыялкеч болуп калабы деген ой да..

2-суроо: Намаз окуйсузбу? Деги эле ислам динине кызыгасызбы?

3-суроо: Суротунуздон эч жылмайбай жургон адамдай коруносуз да дайыма серезна жургон.Жашоодо ошондойсузбу же?

Азырынча ушулар ийгилик! Бул жакта эле эмес,жашоонузга да бактылуулук каалайм.Калып кеткен суроолор болсо келип калабыз го.:)


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12728 Пользователь офлайн   Gupa   20 Апрель 2017 - 13:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения Maika (18 Апрель 2017 - 14:34) жазган:

Саламатсызбы, Гупа айым? Кош келиңиз интервьюга!
*** Саламат, рахмат!
Элден калышпай мен да суроо бере кетейин.
*** Берегой)
1.Жашоодо ойдо-төмөн боло берет эмеспи, кайгырганда эмне кыласыз? Ким менен бөлүшөсүз? Бул абалдан кантип чыгасыз?
*** Ал эми кырдаалга, ошол мезгилге, анын себеине жараша болот. Жакын деген дос-курбум, жолдошум, кеңеш бере алчу киши менен бөлүшөм.
2.Ачууңуздун келиши канчалык деңгээлге чейин чыгыш мүмкүн? Эмне кылып жиберишиңиз мүмкүн? Кайсы нерсеушул абалга жеткирет?
*** Катуу кыйкырганчалык)) Жиним келип жатканда кээде бир нерсеге кокустан колу-бутумду уруп алып, анан ооруган жеримди кармап отуруп калам ыйламыш этип.
3.Өзүңүзгө мүнөздөмө берсеңиз?
*** Ушуну кантип береримди билбейм, көпчүлүк жоош экенимди, акырын сүйлөөрүмдү, көп күлбөшүмдү айтышат. Мени сыртымдан карап ичинде ит өлгөн деп ойлогондор да болсо керек)) Мындай да, бирөө берилип сүйлөп жатса мен ал кишинин эмоциясына, көз-ооз, каш-мурундун кыймылына кирип кетем зума болуп, ошон үчүн көпчүлүккө аралашпай карап отуруп калсам керек. Бирок көңүлүм келсе тамашалаган жерде тамашалап коём.
4.Адамды биринчи көргөндө эмнесине маани бересиз?
*** Көзүнө.
5.Аялзаты акылдуу болуусу керекпи (билим жагынан) же эстүү (мудрый)болуш керекпи? Кайсынысын тандайсыз?
*** Мудрыйын тандайт окшойм.
6.Жолдошуңузду канчалык сүйөсүз жана өзгөчө эмнем далилдеп турат деп ойлойсуз?
*** "Верность" баарын далилдеп турса керек.
7.Ушул күнгө чейин кыялданып, бирок ишке ашпай же жетпей жүргөн нерсеңиз барбы?
*** Көп.
8.Кандай белек алганды жактырасыз?
*** Боло берет, белек берем десең ала берем)) Тамаша, эми белектин кандай экени эмес, анын күтүлбөгөн жерден берилгени маанилүүбү дейм.
9. Жолдошуңуз сизди кантип эркелетет?
*** Ушунуңа минтет-тигинтет деп кирсем жалган айткан болом, ал такыр романтик эмес, өзүнчө эле серьёзный киши)) Жаны дегени бар, андан башкасын айтсам уят го)
10.Балаңыздын келечекте кайсы кесиптин ээси болсо деп ойлойсуз?
*** Кайсы кесип болсо да ошонун өтөсүно чыккан болсун, илим-билимге берилген инсан болсо дейм.
Жеке жашооңузга киришип кетсем кечирим сурайм. Үй-бүлө темасы дайыма кызыктырып келген.)))
Ишиңизге ийгилик, үй-бүлөңүзгө бакыт каалайм. Бар болуңуз. Жардамын аябаган сиздей жакшы инсандар бар экени кубандырат.
*** Эч нерсе эмес, жашырынган деле эч нерсем жок. Рахмат каалоо-тилегиңе, айтканың келсин, сен дагы бактылуу бол! Иштериңе ийгилик!

п.с. филолог Гупа грамматикага көңүл бурбайт деп ишенем)
*** Та-аакс, эми айта баштайын анда э)) Тамаша.


Пы.Сы. дечү белек? Улам жооп жазып, компьютер өчүп калган сайын жоопторум да өчүп кетип жатып жооптор кечигип кетти, кечирим сурайм.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 20 Апрель 2017 - 13:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12729 Пользователь офлайн   Gupa   20 Апрель 2017 - 13:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения kaidasyn (19 Апрель 2017 - 08:05) жазган:



Ассалам алейкум! Куш келипсиз директор ханым.))

Цитата

Уалейкум салам, рахмат. Ушу сенин директор ханым дегениң жагат да)


1-суроо:

Канча баланыз бар? Аларга кантип тарбия берип жатасыз? Менимче балдарды так илимдер менен кобуроок тарбиялаш керек экен деп койдум а сиздин оюнуз кандай? Жомоктор менен тарбияланаган бала ашыкча кыялкеч болуп калабы деген ой да..

Цитата

Азырынча бир, буюрса, Баатыр эне болуудан качпайм.
Ошондой да болушу мүмкүн, тарбияны эми кандай берип жатканымды айта албайм, бирок болушунча аракет кылып жатам. Кыялкеч болгондун зыяны канчалык экен, аны ойлонуп көруш керек экен.

2-суроо: Намаз окуйсузбу? Деги эле ислам динине кызыгасызбы?

Цитата

Ислам динине кызыгасызбы дегениң туура эмесирээк болуп калат го, анткени биз мусулманбыз да. Ошого жараша жооп берип коё берейин э, кызыгам. Намазды кээ бир эл динге бериле элек кезде окуйм деп камынып жүрчүмүн, бирок, тилекке каршы, окуй элекмин.

3-суроо: Суротунуздон эч жылмайбай жургон адамдай коруносуз да дайыма серезна жургон.Жашоодо ошондойсузбу же?

Цитата

Жумушта бир байке "сен мурда эч жылмайбачу элең, турмушка чыккандан кийин жылмайып жүруп калдын, күйөөгө тийген жаккан окшойт" деп тамашалап калды кечээ жакында эле, демек, ошондой окшойм. Бирок мен өзүмө анча деле билинбейт.

Азырынча ушулар ийгилик! Бул жакта эле эмес,жашоонузга да бактылуулук каалайм.Калып кеткен суроолор болсо келип калабыз го.:)

Цитата

Рахмат, Мунар, сага дагы ийгилик! Келегой.





Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 20 Апрель 2017 - 13:23

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12730 Пользователь офлайн   USSR   20 Апрель 2017 - 13:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Саламатсызбы Гупа.
Биринчиден сизге ыраазычылык, ушул теманын жок болуп кетпешине далай салым коштуңуз.
Эми суроолорго өтсөм.
"Акылдуу аялдардан сулуу балдар төрөлөт" деген сөз уктум да. Анан бу кандай болду деп, ынаныш-ынанбашты билбей турам. Сиз кандай ойлойсуз?
"Сенин карманган диниң сенин ким экендигиңден (мүнөз боюнча) кабар бербейт" деген да сөз уктум. Исламдын парздарын аткарып жүргөн мен үчүн бул одоно угулду. Сиз кандай дээр элеңиз?
Үй-бүлөлүк жашоодо эң маанилүүсү сиз үчүн эмне?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12731 Пользователь офлайн   Tansuluu09   20 Апрель 2017 - 13:56

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Интервьюнузга ийгилик Гупа апче :kiss2:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12732 Пользователь офлайн   Ali_Kyrgyz   20 Апрель 2017 - 19:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 93
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2018 18:41

Куш келипсин интервьюга Гупа.

Анда кыскача суроолоруму берсем, суроолорум катуу тийсе кечиресин админ майкан менен келип очуруп салбассын деген ойдомун, суроолорума так жана туз жооп беруунду каалайм. Жооптор учун алдын ала рахмат!

Мен сени акылдуу тарбиясызга окшотом, негизи акылдуу тарбиясыздар болобу, алар кандай болот?))

Сен илимдуу таксырларга тымызыын сыр бербей ишенген койногун менен атака кылып турасын, алардын акыйкат эскертуулоруно маани бербей, чындыкты айтса сразу артынан жетип келип созсуз очуросун.
Бул сенин мусулмандарга каршы, же мусулман эмес экенинден кабар береби?

Негизи сен динчилдерди ким деп ойлойсун, аларга жашоодо муктаж болдун беле, менимче коп эле муктаж болсон керек, уйлонсон никелеп жашоонду алалдап берет, торосон балана азан айтып берет, олсон жаназаны окуп берет. Карап корсон эч бир жамандыгы жок экен сага, анан неге сен аларга аябай каршысын? Негизи алар сенин каршылыгынды уруп деле ойнобойт дечи, ошентсе да неге каршы болуп калгансын?

Дагы бир жолу жооптор учун рахмат, суроолорум озгорбойт, жана очурулбойт деп умут кылам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12733 Пользователь офлайн   sahara   21 Апрель 2017 - 10:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 02 Июль 11
  • Соңку аракети: 17 Фев 2022 22:29
  • Жынысы:Эркек

Саламатсынарбы, кайдасын каяктасын менин томпогум <br style="font-family: Verdana, Tahoma, Arial, sans-serif;"> деген ырды ким ырдайт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12734 Пользователь офлайн   Gupa   21 Апрель 2017 - 16:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения USSR (20 Апрель 2017 - 13:43) жазган:

Саламатсызбы Гупа.

Цитата

Саламатмын, кандайсыз?

Биринчиден сизге ыраазычылык, ушул теманын жок болуп кетпешине далай салым коштуңуз.

Цитата

Эч нерсе эмес)

Эми суроолорго өтсөм.
"Акылдуу аялдардан сулуу балдар төрөлөт" деген сөз уктум да. Анан бу кандай болду деп, ынаныш-ынанбашты билбей турам. Сиз кандай ойлойсуз?

Цитата

Сулуу болгондо кандай? Ички жана сырткы сулуулук деп бөлүп киребиз, эгер ичкиси жөнүндө кеп болуп жатса, кошулам, а сырткы болсо коошпой калат го.

"Сенин карманган диниң сенин ким экендигиңден (мүнөз боюнча) кабар бербейт" деген да сөз уктум. Исламдын парздарын аткарып жүргөн мен үчүн бул одоно угулду. Сиз кандай дээр элеңиз?

Цитата

Мүнөз менен карманган диндин байланышы жок го дейм, кашаанын ичиндеги сөздү эске албаганда, сенин карманган диниң сенин дин боюнча ким экендигиңден кабар берет. А жасаган ишиң карманган диниңдин, эми ислам динин алдым да, парздарына жооп бербесе, демек, анда ким экендигиңден кабар бербей калат окшойт.

Үй-бүлөлүк жашоодо эң маанилүүсү сиз үчүн эмне?

Цитата

Жалпы үй-бүлөдө ынтымак, сый-урмат, ден соолук, эрди-катындын ортосунда верность, сүйүү, сый... (деп эле узарып кете берет окшойт)




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12735 Пользователь офлайн   Gupa   21 Апрель 2017 - 16:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения Tansuluu09 (20 Апрель 2017 - 13:56) жазган:

Интервьюнузга ийгилик Гупа апче :kiss2:


Цитата

Рахмат чоң.

Просмотр сообщенияAli_Kyrgyz (20 Апрель 2017 - 19:22) жазган:

Куш келипсин интервьюга Гупа.
*** Рахмат.

Анда кыскача суроолоруму берсем, суроолорум катуу тийсе кечиресин админ майкан менен келип очуруп салбассын деген ойдомун, суроолорума так жана туз жооп беруунду каалайм. Жооптор учун алдын ала рахмат!
---Биринчиден, мен админ эмесмин, мен гезитте корректор болуп иштейм, кызык болсо. Экинчиден, сиздин, то есть, ушул сыяктуу никтин дегеле көпчүлүккө негатив жаратып жүргөнүнө эч түшүнбөйм.

Мен сени акылдуу тарбиясызга окшотом, негизи акылдуу тарбиясыздар болобу, алар кандай болот?))
---Мага ушундай мүнөздөмө берип жаткан экенсиз, демек, бар экен да, кандай болорун сиз мисалы менен келтирипсиз)

Сен илимдуу таксырларга тымызыын сыр бербей ишенген койногун менен атака кылып турасын, алардын акыйкат эскертуулоруно маани бербей, чындыкты айтса сразу артынан жетип келип созсуз очуросун.
Бул сенин мусулмандарга каршы, же мусулман эмес экенинден кабар береби?
---Буларыңызды каралай каралоо деп түшүндүм, далилиңиз болсо келтириңиз. А менин мусулман экенимден күмөнүңүз болбосун.

Негизи сен динчилдерди ким деп ойлойсун, аларга жашоодо муктаж болдун беле, менимче коп эле муктаж болсон керек, уйлонсон никелеп жашоонду алалдап берет, торосон балана азан айтып берет, олсон жаназаны окуп берет. Карап корсон эч бир жамандыгы жок экен сага, анан неге сен аларга аябай каршысын? Негизи алар сенин каршылыгынды уруп деле ойнобойт дечи, ошентсе да неге каршы болуп калгансын?
---Мени каапырга айлантып салганыңызга жол болсун. Дүйнөдө канча дин бар, ошол динди берилип тутунгандар бар, маани бербегендер бар. Майдалаштын кереги жок го, түшүнөрсүз. А менин эмнеге, качан, кантип каршы болгонум тууралуу далил келтириңиз.

Дагы бир жолу жооптор учун рахмат, суроолорум озгорбойт, жана очурулбойт деп умут кылам.
---Эч нерсе эмес, келип туруңуз. Суроолор сиздики жана аны өчүрүүчү да өзгөртүүчү да өзүңүзсүз.



Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 21 Апрель 2017 - 16:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12736 Пользователь офлайн   Gupa   21 Апрель 2017 - 16:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения sahara (21 Апрель 2017 - 10:35) жазган:

Саламатсынарбы, кайдасын каяктасын менин томпогум <br style="font-family: Verdana, Tahoma, Arial, sans-serif;"> деген ырды ким ырдайт


Саламатпыз, бул ырды кулагым чалып калган экен, тилекке каршы, билбейт экемин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12737 Пользователь офлайн   Kg.lady   21 Апрель 2017 - 17:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Куш келдиң супер төргө Гупа! Коргонумдон кубанычтамын. :)
Азын-оолак суроолорду бере кетейин баш баккан соң.
1) Жолдошуңдун соц.тармактардагы контагында жургон мырзаларга болгон реакциясы? Мисалы ватсап баш болгон бир нече тармактарда. ))Менимче бул жаатта копчулук келиндерден озгочолонуп сенде койгой жок.))Кызгануу, текшеруу, отчет алуу деген сыяктуулар))
2) Жолдошунда форумда катталганбы, катталса(нигин атоо кажет эмес) уйдо вирт жашоону талкуулайсынарбы? ))

Кийинкилери жон гана логикалык суроолор болсун:
3)Негизи азан чакырылганда намазга даярданат эмеспи мусулман пенделер. Бирок бир жагдай бар экен, азансыз намаз окулуп, анан намазсыз азан айтылат дейт. Качан, эмне учун деген суроо бергим келди.
4)Ушунчалык оргиналдуу тамактар бар дуйнодо, алардын бири кадимки нандын ичина тамак бышырылат, бул кайсы улуттун эмне деп аталган улуттук тамагы?

Жеке суроолорго кайрылсак:
5)Жолдошундун изменасын байкап калсан кандай жол тандамаксын? Баарына чекит коймоксунбу, же балан учун аялдык бактынды садага чаап, кичирип жашамаксынбы? (тфу,тфу, бактына коз тийбесин андай болбой эле койсун дейли) Суроом орунсуз бп калды кечир, бергенимдин себеби соц.тармактардагы копчулук келиндердин азыркы койгойу дал ушул маселе экени корунуп турат,ошондон улам жаралган суроо.
6)Ушул эле интервьюда сен тараптан берилген суроо жадымда сакталып калган экен, а тугул бир аз ой жугуртуп озумда жооп таба албагам. Ошол суроонун жообун озундон уккум келди.
Турмуштун соккуларына чыдап, кандай болгон кундода уйбулосун сактап калган аял кучтуубу, же жашоосундагы кыйынчылыктарга тонкоруш жасап, баарына чекит коюп, жыйыштырып басып кеткен аял кучтуубу?
Менимче суроом калбады корунот.
Аялдын бар бактысы уй-булөө дейт, үйбүлөөлүк бактыңдын кесеси кетилбесин, аялдык бакыт каалайм!

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 21 Апрель 2017 - 17:44


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12738 Пользователь офлайн   Gupa   24 Апрель 2017 - 17:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения Kg.lady (21 Апрель 2017 - 17:41) жазган:

Куш келдиң супер төргө Гупа! Коргонумдон кубанычтамын. :)

Цитата

Келип калдым, кандайсыз?

Азын-оолак суроолорду бере кетейин баш баккан соң.
1) Жолдошуңдун соц.тармактардагы контагында жургон мырзаларга болгон реакциясы? Мисалы ватсап баш болгон бир нече тармактарда. ))Менимче бул жаатта копчулук келиндерден озгочолонуп сенде койгой жок.))Кызгануу, текшеруу, отчет алуу деген сыяктуулар))

Цитата

Менде ашыкча деле контакт жок го, ким болсо, ошону кошо жазып алам. Дегеле мен архив дегенди өчүрбөйм, жашырынбайм деле, башында карап окуп чыкчу, экөөбүздүн мамиле үчүн маанисиз экенин көрүп жүрүп ойлонбой деле калды окшойт, карабайт деле.

2) Жолдошунда форумда катталганбы, катталса(нигин атоо кажет эмес) уйдо вирт жашоону талкуулайсынарбы? ))

Цитата

Катталган эмес, бул жак тууралуу түшүнүгү деле жок. Бул жактан жүдөп кетсе керек, жалкоороок окуу жагынан))) Виртуалдуу жашоону талкуулачубуз, илгери)) Мен окуганымды кээде айтып калам.

Кийинкилери жон гана логикалык суроолор болсун:
3)Негизи азан чакырылганда намазга даярданат эмеспи мусулман пенделер. Бирок бир жагдай бар экен, азансыз намаз окулуп, анан намазсыз азан айтылат дейт. Качан, эмне учун деген суроо бергим келди.

Цитата

Ымыркай төрөлгөндө ысым ыйгарыш үчүн азан окулат - бул намазсыз азан, адам каза болгондо жаназа окулат - бул азансыз намаз.

4)Ушунчалык оригиналдуу тамактар бар дуйнодо, алардын бири кадимки нандын ичина тамак бышырылат, бул кайсы улуттун эмне деп аталган улуттук тамагы?

Цитата

Мен ушул сурооңузга көбүрөөк баш катырдым, биринчиден, логикалык суроо экен, экинчиден, нандын ичине бышырылган тамактарды көп эле көрүп жүрөм, атайын аталышын деле байкабаптырмын, нан менен палан-түкүн деп эле жүргөнсүйт, биз бышырчу пияз нан дагы эсиме келди, нандын ичине бышырылган ашты көрүп бир шилекейим чууруду эле, запеканканы миң сегиз жүз канчанчы жылдары америкалык аял алгач бышырганы жөнүндө да окуганым бар эле, же жөн эле манты-оромону айттыбы дейм, сырты камыр, ал деле нан да деп)) Же пиццабы? Же жөн эле самсабы? Иши кылса курсагым ачып кетти)) Ушундай бышырылган тамак эмне деп аталат деп деле сураштырдым кошуналарымдан, жооп таба албадым. Логикалык суроо экенин да унутуп жибердим. Акылым жетпегени үчүн кечирим сурайм.

Жеке суроолорго кайрылсак:
5)Жолдошундун изменасын байкап калсан кандай жол тандамаксын? Баарына чекит коймоксунбу, же балан учун аялдык бактынды садага чаап, кичирип жашамаксынбы? (тфу,тфу, бактына коз тийбесин андай болбой эле койсун дейли) Суроом орунсуз бп калды кечир, бергенимдин себеби соц.тармактардагы копчулук келиндердин азыркы койгойу дал ушул маселе экени корунуп турат,ошондон улам жаралган суроо.

Цитата

Бул эми ошол "шуркуяга" карата чечилмек го, бетин жулуп, колуна карматчу неме болсо)) бетин жулмакмын, белгисиз бирөө болсо ошол бойдон жоголгудай айла издеп көрмөкмүн. Негизгиси, жолдошумдун мамилесине, каалоосуна, тандоосуна карасам керек, кечириш керек болсо, балдарым үчүн кечирем, бирок аябай оор бул нерсе (Кудай сактасын, андайды алыс кылсын). Мен жашоодо баланын кызыкчылыгын биринчи орунга койгондордонмун.

6)Ушул эле интервьюда сен тараптан берилген суроо жадымда сакталып калган экен, а тугул бир аз ой жугуртуп озумда жооп таба албагам. Ошол суроонун жообун озундон уккум келди.
Турмуштун соккуларына чыдап, кандай болгон кундода уйбулосун сактап калган аял кучтуубу, же жашоосундагы кыйынчылыктарга тонкоруш жасап, баарына чекит коюп, жыйыштырып басып кеткен аял кучтуубу?

Цитата

Муну адабий чыгармаларда, башкаларда жашоосундагы кыйынчылыктарга төңкөрүш жасаган аялды күчтүү деп чечмелешет, ооба, буга эң чоң эрдик, эң чоң эрк керек. Бирок, менимче, бул экөөндө бирдей эле күч жатат. Ошол кыйынчылыктарга чыдап жашаш үчүн тиги жеңип өткөндөгү тепкичтен да чоң күч керек, бирок эрксиздик, эрксиз, өзүңдүн эркиңе каршы жашоо, өзүңдү курмандыкка чалуу деген минус жагы бар. Ошол.

Менимче суроом калбады корунот.
Аялдын бар бактысы уй-булөө дейт, үйбүлөөлүк бактыңдын кесеси кетилбесин, аялдык бакыт каалайм!


Цитата

Чоң рахмат, айтканыңыз келсин, ылайым! Сизге дагы ошол каалоолор!

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 24 Апрель 2017 - 17:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12739 Пользователь офлайн   raia   29 Апрель 2017 - 19:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Куш келипсин супер- интер. торуно кызым!!
Гупа кызым дайыма билдируунду кызыгуу менен окуп кетем.Озунду корбосом да Гупа деген атынды издеп окуп калам.
1.Кыздан жаман нерсе жок,озго эрибей жатка эрийт,Туздан жаман нерсе жок,майга эрибей сууга эрийит демекчи.Жазганынан, суйлогонунон Алай-Куунун жыты жытанбайт го кызым тамаша.Корсо озубуздун кыз турбайсынбы? Мен сени Кара Кулжанын кызы деп ойлобогом.
2.Ата энендин кандай кызысын,эми Жалал-Абадын кандай келини болдун?Ушул суроого саресеп салып корбойсунбу?
3.Кайненендин ишенимине кире алдынбы жана акыркы жолу кантип раазы кылып,суйундуро алдын?
Эми башка деле суроом жокко,мен келгенче мен бере турган суроолор берилип жооптор айтылыптыр. Мен окуп аягына чыгып жон кана Гупа кызым аркасына бир кылчайып,оз турмушунан отчет берип ойлонуп корсун деп койдум...
Гупа кызым алдын ала ракмат,омурлуу бактылуу бол,алганын менен тен арып,тен карып,бактылуу карылыка жетелешип жет.Тапкан балдарын,алган келиндерин ыймандуу,сабырлуу болсун....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12740 Пользователь офлайн   MoltirJan   01 Май 2017 - 10:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 072
  • Катталган: 04 Апрель 17
  • Соңку аракети: 11 Янв 2019 10:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыс экен

Мына менда келлдим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 635
  • 636
  • 637
  • 638
  • 639
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 02:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: