Саламатсыздарбы форумчулар!
Буга чейин мен жон гана конок болуп сиздердин ангемелериниздерди окуп келчу элем,бугун оз башыман откон турмуш жолуму сиздер менен болушкум келди.
Мен уй-булоодо 3 уулдан кийинки жалгыз кызмын.Мен торолгондо ата энем ушунчалык кубанышкан экен,аны азыркыга чейин айтып келишет.Бирок мен келгенде эле бактысыз болуп торолгон экенмин.Мен бир айлык наристе кезимде ата энем белгисиз себептер менен ажырашкан.Ошону менен менин бактысыз кундорум башталган.Же балалыктан,
же ата энеден,же бир туугандан жолум болбой корунгон таэжемдин колунда журуп чонойдум.Кичинемде ойлочу элем мумкун турмуштан бактылуу болоормун деп жок андай эмес экен тагдырдын сыноолору мен учун эми башталган экен.Эл катары мен жагы 9-классты аяктап коледжге тапшырдым,жакшы умуттор менен.Бир болмодо 4 кыз жашачубуз мен, Таэжем и анын 2 дос кызы.Окууну жакшы эле оздоштуруп келе жаткам,бир куну айылдан чон таэжемин аяш уулу биздикине келип калды досу менен, эжем аны тааныйт экен мени жанына алып алды айылдан таэжем "передача"
берип жибериптир деп.Барып жолуктук негизи суйлошкон деле жокмун тааныбагандыктан.
Андан кийин ал "акебиз"
коп каттачу болду биздикине,келет бизге чай алып берет,суйлошуп отуруп кайра кетет,мени менен андай деле суйлошпойт.
Бир куну дагы мага чалып калды таэженер "передача"
берип жиберди деп оюмда эч нерсе жок бардым,жолуккандан кийин отур уйуно чейин алып барып коеюн десе макул болуп чыгып алдым,алдынкы орунга чыгайын десем аркага эле отуруп ал деди макул болуп аркага отургам,жолдо баратып 3 баланын жанына токтоду досторум деп негедир журогум бир нерсени сезгендей болуп дукулдоп озумчо башкача боло туштум,машиадан тезирээк тушуп кетким келди.Эми эшикти ачканымда экоо машинанын эки жагына чыгып байкебиз алдына отуруп машинаны башка биооо эле айдап жоноду.Мен кандайча мындай болушу мумкун деп эле кыйкырдым не кылып жатасыз ал болсо болду апамдар таэжен менен суйлошуп коюшкан деп койду,ошол менен мени калтырышты.
Нике тунго киргенибизде эле менин конулумду муздай тондурду.Кыздыгын озундукубу же азыркы кыздар тиктирип алат экен ошондойбу деп.баардыгы анын эртеси куну башталды.Телефонуна звонок келет эшикке чыгып эки саат суйлошуп келет туну деле суйлошот,анын эртеси куну баары ачыкка чыкты анан.Телефонун калтырып кеткен экен звонок келет алсам бир кыз мен аялы болом деп айтсам ал мага сага чейин эле уйлонуп койгон дейт кандайча деп урушуп кирдим экинчи чалба ж.б.анан ал кыз ыйлай баштады,тушунбодум мен ыйласам болот сен эмне кылганына ыйлайсын деп ал менен жай суйлоштум,корсо ал кыз менден да жаш кыз экен,боюмда бар,ата энеси сени аласын деп эле сага уйлонтуп коюшту деп баарын айтып берди.Келди анан кечинде жигит (куйоом деп айткым да келбейт) ага мен баарын билем деп айттым,ал болсо апам сени жактырып сага уйлонтту сен эми отура бер апам менен мен аны алып Казакстанга кетем дейт.Ошондо ыза болгонум азыркыга чейин эсимде.Кийимдерими эле алып кетип калдым ошондо барганыма 3 кун эле болгон болуп калат.Таэжеме дагы таарынып барбай койдум шаарга кв га келдим апама чалдым баарын айттым,апам Москвадан келип мени озу менен кошо алып кетти.Ал жакка барып откон кундордун баарын унутканы аракет кылдым,аракетим текке кеткен жок унуттум десем дагы болот бир гана журогумдон кетпегени менин кыз эместигим болуп калды .Турмушка чыкканымы кобу деле билген эмес,тоюбуз болгон эмес да.Ошентип мен аны унуттум,жакшы жигитке жолуктум биринчи достошуп мамилебиз суйууго уланганда мен ага турмушка чыгып ажырашканымы баарын айттым,ал тушунуу менен кабыл алды.Бир жыл суйлошуп журуп турмуш курдук.Кантип деп жатасызбы? Мен дагы ошентип ойлогом кантип мен уйлонбогон балага турмушка чыгам деп анан дагы жаш,уй булоодо жалгыз,эрке чонойгон балага.Бирок ошондой болду мен ага турмушка чыктым.Жолдошум менен нике тунубуздо женендерге айт эч кимге сенин мурдагы турмушун ж-о айтпасын,мен баарын озум бутуром деди.Ал айткандай женемдер эч нерсе айтышкан жок бирок баары эле мени жалдырап карашат.Жакын жене болуп барган таженем болсо ыйлап жиберейин деп турат кыз бугун уят болобуз кудачага айтыш керек болчу деп.Менин коркконумчу тамагыман суу отпой отурамын.Анан бизди никеге киргизди женем акыркы калып жолдошума эми деле кеч эмес апандарга тушундуролу деп айтты,жолдошум жон эле кулуп кыжаалат болбой чыга бериниз деп койду.Байкушума абдан ыраазымын мени кыз кылып чыгарды.Андан бери 3 жыл отту,бир баатыр жигиттин ата энеси болдук,кудайыма мин ыраазымын ушунчалык бактылуу жашадык.Абысын,
кайнежелерим (бир тууган эмес,туугандар)баары тан калышат ушул бала аялына ушундай мамиле кылат деп ойдобойт элек дешип.Жолдошумун мунозу аябай корс эрке болгондуктан бирок мен аны менен жакшы тил табышам.Кайненем дагы жакшы .Кудайга шугур мага ушул бакытты сактап турган экен да ушунча сынап эми мынтип бактылуу болум деп жургон кундорумдун биринде каттуу ооруга чалдыктым.Абдан оор анан да айыккыс оору менин оюмча,врач жакшы болуп кетесин дейт бирок мен ишенбейм.Себеби бул оорудан айыккан адам сейрек болот экен.Балам 2 жашта аны ойлосом журогум тилинип кетет кантет анын келечеги эмне болот деген ойлор менен озуму жейм.Кундузу жакшы эле аракет кылам балам учун болсо дагы айыгышым керек деп бирок тундо башталат баары уйкусуз,чыдатпаган оору,айланчыктап жолдошум жанымда отурат эгер ооруну озумо ала алсам кана эле сенин ордуна мен ооруйт болчум деп.Ал антсе ага дагы боорум ооруйт эч нерсеге карабай мага уйлонсо анан мен мынтип ага туйшук жаратып ооруп бердим деп.А бул оорум болсо мени кундон кунго жеп барат,кундон кунго оорлошуп баратканым озумо эмес башкаларга дагы сезилип турат....
Жок белем бактылуулар катарында....
#3 22 April 2017 - 19:35
Жаратканым суйгон бандасина мээнет берет анан артынан бир нерсени себеп кылып шыпаасын берет куда кааласа сенин омурун узун болуп,куйооно коп балдарды тороп бер баландын балдарын которуп бактылуу бол садагам
#4 22 April 2017 - 21:55
Чагылуу темасынан озбек жазуучусу деп Мурзакарим Норбеков дегенди окуп , ошонун китептеринин бирин менда окуп жатам. Ошол китептеринин арасында Норбеков озу академик медицины болгондуктан,
рактанда айыкса боло турган бир китеби бар экен. Темасын унутуп калдым, кызыкпадым эле. Убактыныз болсо бир окуп корунуз, айыккан адамдар бар деп башында жазылыптыр , жазуучу озуда айыккан экен. Балким пайдасы тийип калат деп ойлойм.
#6 22 April 2017 - 22:12
Кудай кучтуу адамдарга сыноо берет.Буйруса бул сыноону женесиз,жараткан жакшы кундорго кубо кылсын.Баланыз менен жолдошунуз менен дагы коопко жашайсыз,жакшы ойлорду ойлонуз.
#7 22 April 2017 - 22:29
Жакшы болуп кет озун учун балан учун суйгон жолдошун учун курош .Салтанат Саматова да жакшы журотко сенда ошентип озун учун курош.
#9 24 April 2017 - 00:21
Мдааа кудай шыпаасын берсин бул да болсо кудайдын берген бир сыноосу.Баланды ойлоп жаман болдум айтсан эх чиркин
#11 26 April 2017 - 16:27
Тезирээк айыгып,18жаштай чакылдап жургон аялга айланып калыныз ылайым. Жакшы нёойлордон жакшы жашоо куралат дейт. Туну тахажжуд намазын окуп дуба кылыныз,ИншАаллах айыгып кетесиз...садака бериниз.
#12 26 April 2017 - 17:09
Эхххххххх эжеке айыгасыз буйруса жакшы ниет кылыныз,эн биринчи озунузго мен айыгам деген ишенимди ойготунуз,калганы албетте жараткандан!
#13 10 May 2017 - 02:22
Жаратканым ооруну берсе анын шыпаасын кошо берсин. Оорунуздан айыгып бактылуу эне болунуз. Жолдошунуз аябай жакшы адам экен, андай адамдар азыр ото аз, ошондой жакшы, сизди суйгон адамды кантип таштап кетесиз? Бактыныздар туболуктуу болсун!
#14 13 May 2017 - 07:01
Буйруса созсуз айыгасыз жолдошунуздай адамдар коп болсун уулунуздун омуру узун болсун айыгып уй булонуздун мандайында ар дайым аман болунуз

Супер-Инфо
super.kg
видео










