raia (23 Апрель 2017 - 00:55) жазган:
Ыссык Колго жаз келдиби?
Жазда жоогазымдар гулдоп,жыты алыстан анкып турганын сагындым.Толкунун корбодум деген созду угуп.Балыкчы жактан карарып,туноруп кара булут каптап,кара туман Балыкчыдан колдун суусунан ичип ,бизге ношорлогон жаан алып келуучудой туру бузулуп,чагылган чартылдап,бороон аралаш шамал болуп,асмандагы кара булутка туспол болуп асман эмне,кол эмне экени билинбей,кара булут Жети Озуз жака келип,коноктоп кун жаап,сабалаган жаанга кошулуп ары бери чуркап ойногон балалыгым ай...
Кол толкуп,шарпылдап жээке урунуп,сурулуп кунгойго кеткенсип,кайра тескейим кайдасын деп бир бирин кууп келген кол толкунун сагындым...
Толкунга тошум тозуп,кучу жетсе комолотуп,кучу жетпесе жээке туртуп,бала чагымда толкун менен ойноор элем.
- Кызым толкунга турба колго тартып кетет деп энекем чебелектеп урушаар эле.Жаанда колго кирип,жамгырдын тамчылары менен ойноор элем.Энекем
- Кудай алкагыр ушуп каласын чык бас уйго деп жаанда суу болуп жээкте мени кузотуп тынчы кетер эле.Энем кайдан билсин колдун ичи мэлмилдеп жылуу болуп,жаан сабалап мага рахат тартууларын. ..Ошондо мен 4-5 жашар тентек эрке кыз элем...
Кол жээгинде жангыз уй болуп,чал кемпирдин эрке небереси,тентеги мен болуп,коргон кунум,ойунчугум кум менен кол болуп бактылуу балалыгым Кол жээгинде калып кеткен...
Ошонтип,балалыгымды сагынам,жыты керемет колун сагынам,карагайлар бооруна жыш жайгашып,шанкайган тоолорун сагынам.Ачык айрым,кепти бетке айткан,ичтеринде кири жок ак конул,мейман дос элимди сагынам...
Кереметтүү Көл жээгинен сизге да салам айтам эже..
Бүгүн Көлдүн жээгине бардык.. Көл агыш тартып, көбүктөнүп тургандай көрүндү.. Көрсө асмандагы коюуу ак булуттун түспөлүн чагылдырып жаткан экен..
Мен балалыкта бул нерселерди элес алган эмес окшойм..