Салам баарвныздарга.
Ушул нерсеге оюнуздар кандай. Жатын эне мындайча айтканда мен аялым экообуз балалуу болгубуз келсе, бирок аялым торогусу келбесе экообуздун уруктарыбызды алып уруктандырып,
башка тороп берчуу ден соолугу жакшы аял таап ага биздин урукту салып торотуп алуу. Азыр дуйно боюнча анын ичинде Кыргызстанда да бул нерсе онугуп баратат. Ошондо торолгон баланын энеси ким болот акыретте? Бироо биологиялык уругун берсе, бироо 9 ай которуп торосо. Кайсыл эненин мээрими кобуроок тушот балага? Торогон аял "баарыбир менин геним эмес" деп мээр токбосо, уругун берген аял " баарыбир мен торобогом"
деп мээр токбой коебу же? Шариатта кандай каралат?
Бирок жакшы экен торогусу келбеген аялдар учун башка бироого торотуп балалуу болуп алат. Озу кыцналбайт торойм деп.
Баракча 1 - 1
Жатын эне (сурогатная мать) кандай? Ушул тууралуу ойлор
#2 27 Апрель 2017 - 11:53
Кызык, аялыныз эмнеге торогусу келбейт экен? Же ден-соолугу торогонго туура келбейби? Чет олкодо суррогат энелердин баасы 50 мин доллардан 100 мин долларга чейин деп турат, интернеттен карасаныз. Ал эми Кыргызстандагы баасын билбейт экенмин. Анан дагы чет олколордо бул боюнча атайын мыйзам кабыл алынып, мыйзамдуу иштешет, ошол мыйзам боюнча баланын энеси аныкталат, бизде болсо суррогат энелер боюнча мыйзам жок.
#3 27 Апрель 2017 - 12:42
Сладкая Конфетка
Жоок мен мисал катары жаздым. Менин аялым жок али. Ушул нерсеге кандай карайсынар дегем. Ошондо бала кимге окшош болуп торолот? Торогон энегеби же уругун берген биологиялык энесинеби?
Жоок мен мисал катары жаздым. Менин аялым жок али. Ушул нерсеге кандай карайсынар дегем. Ошондо бала кимге окшош болуп торолот? Торогон энегеби же уругун берген биологиялык энесинеби?
#4 27 Апрель 2017 - 13:05
Билбейм, билбейм, кимге окшош болот. Аны суррогат эненин кызматынан колдонгондордон эле сурап корбосон, мисалы, Криштиану Роналду, Филипп Киркоров, Алла Пугачева, Максим Галкин ж.б. Ушулар точно билет. Мен болсо реалдуу жашоодо суррогат эне болгон же кызматын колдонуп балалуу болгон адамдарды кезиктирип коргон эмесмин... Ошшшоооо.....
#5 27 Апрель 2017 - 17:18
Жок төрөгөн энеге окшошпойт кыялы мүнөз келбети эч нерсеси окшошпойт себеби анын ичине сиздин жубайыңыздын уруктуктарын салат ал жөн гана 9 ай көтөрүп төрөйт
#6 29 Апрель 2017 - 11:27
traveler (27 Апрель 2017 - 11:20) жазган:
Салам баарвныздарга.
Ушул нерсеге оюнуздар кандай. Жатын эне мындайча айтканда мен аялым экообуз балалуу болгубуз келсе, бирок аялым торогусу келбесе экообуздун уруктарыбызды алып уруктандырып, башка тороп берчуу ден соолугу жакшы аял таап ага биздин урукту салып торотуп алуу. Азыр дуйно боюнча анын ичинде Кыргызстанда да бул нерсе онугуп баратат. Ошондо торолгон баланын энеси ким болот акыретте? Бироо биологиялык уругун берсе, бироо 9 ай которуп торосо. Кайсыл эненин мээрими кобуроок тушот балага? Торогон аял "баарыбир менин геним эмес" деп мээр токбосо, уругун берген аял " баарыбир мен торобогом" деп мээр токбой коебу же? Шариатта кандай каралат?
Бирок жакшы экен торогусу келбеген аялдар учун башка бироого торотуп балалуу болуп алат. Озу кыцналбайт торойм деп.
Ушул нерсеге оюнуздар кандай. Жатын эне мындайча айтканда мен аялым экообуз балалуу болгубуз келсе, бирок аялым торогусу келбесе экообуздун уруктарыбызды алып уруктандырып, башка тороп берчуу ден соолугу жакшы аял таап ага биздин урукту салып торотуп алуу. Азыр дуйно боюнча анын ичинде Кыргызстанда да бул нерсе онугуп баратат. Ошондо торолгон баланын энеси ким болот акыретте? Бироо биологиялык уругун берсе, бироо 9 ай которуп торосо. Кайсыл эненин мээрими кобуроок тушот балага? Торогон аял "баарыбир менин геним эмес" деп мээр токбосо, уругун берген аял " баарыбир мен торобогом" деп мээр токбой коебу же? Шариатта кандай каралат?
Бирок жакшы экен торогусу келбеген аялдар учун башка бироого торотуп балалуу болуп алат. Озу кыцналбайт торойм деп.
Тообо кылдым, кобунчо ЭКОну торогусу келбегенден эмес, боюна бутпой, бутсо да тушуп калып кош бойлуу боло албагандыктан жасатышат. Эми чириген байлардын аялдары же торой турган маалы отуп кеткен Пугачевадай аялдар "эркелеп" ушундай кадамга барбаса...
Калгандары жылдап дарыланып, корунбогон жери, барбаган дарыгери калбай акыры акыркы умут менен ушул кадамга оз канынан жаралган балалуу болуу учун барышат. Себеби баласыздардын айрымдары учун бала асырап алуу колдон келбеген оор психологиялык кадам.
Атасы, апасы клеткаларын берген адамдар болот медицинада. Которгон аялдын хромосомасы кошула албайт, себеби кошула турганга орун жок. Ал которуп, чонойтуп, тороп берет. Корунгон эле суррогат эне боло албайт. Оз балдары бар, бирок озу жаш, анамнезинде аборт, ийгиликсиз кош бойлуулуктары жок, дени сак, оорудан таза, тукум кууган оорулары жок, каны туура келген, вредные привычки- жаман адаттардан алыс, керек болсо мунозу оор басырыктуу аял гана кандидат боло алат.
Билдирүүнү түзөткөн: aijan: 29 Апрель 2017 - 11:31
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#7 30 Апрель 2017 - 13:51
Мындай ижара жатында төрөлгөн бала кимге окшоп калаарын билбейм, бирок мындай иш арам экенин анык билем.
brother
#9 02 Июнь 2017 - 14:05
sladkaja_konfetka (27 Апрель 2017 - 11:53) жазган:
Кызык, аялыныз эмнеге торогусу келбейт экен? Же ден-соолугу торогонго туура келбейби? Чет олкодо суррогат энелердин баасы 50 мин доллардан 100 мин долларга чейин деп турат, интернеттен карасаныз. Ал эми Кыргызстандагы баасын билбейт экенмин. Анан дагы чет олколордо бул боюнча атайын мыйзам кабыл алынып, мыйзамдуу иштешет, ошол мыйзам боюнча баланын энеси аныкталат, бизде болсо суррогат энелер боюнча мыйзам жок.
Оказывается, Кыргыз Республикасында бул мыйзам долбоору кабыл алыныптыр жана иштеп жатат экен.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 4-июлу № 148
Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам жарандардын репродуктивдик укуктары жаатындагы коомдук мамилелерин жөнгө салат, аларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттин кепилдиктерин аныктайт жана репродуктивдик ден соолугун коргоого жарандардын, мамлекеттин, уюмдардын таламдаш жана жоопкерчиликтүү мамилесин күчөтүүгө багытталат.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) көмөкчү репродуктивдик технологиялары - пациенттин кош бойлуу болушуна багытталган бойго бүтүрүүнүн айрым же бардык баскычтары болочок эненин организминен тышкары өтө турган медициналык технологиялардын, дарылоо ыкмаларынын жана жол-жоболорунун жалпы аталышы;
2) карын энелик келишим - балалуу болууну каалаган адамдар менен жасалма уруктандыруу ыкмасын колдонууга же түйүлдүктү салууга жана аны төрөлгөнгө чейин көтөрүп жүрүүгө макулдугун берген аялдын ортосундагы макулдашуу;
3) салуу - уруктандырылган жумуртка клеткасын жатын көңдөйүнө салуу аркылуу жасалма уруктандыруу ыкмасы;
4) инсеминация - уруктандыруу максатында эркектин урук клеткаларын жатын көңдөйүнө салуу аркылуу жасалма уруктандыруу ыкмасы;
5) маалымдоо - кандайдыр бир сунуштамаларсыз, сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жөнүндө жалпы маалыматтарды жана (же) билимдерди берүү;
6) контрацепция - каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу ыкмалары жана каражаттары;
7) медициналык кийлигишүү - конкреттүү пациентке карата дарыгер же болбосо башка медициналык кызматкер тарабынан аткарылуучу алдын алуу, диагностикалык, дарылоо, реабилитациялоо же изилдөө багытындагы ар кандай текшерүү, дарылоо же консультация;
8) жасалма уруктандыруу ыкмалары - организмден тышкары бойго бүтүрүүнүн айрым же бардык этаптарын жана түйүлдүктүн алгачкы өнүгүүсүн жүзөгө ашырууда колдонулуучу тукумсуздукту дарылоо ыкмалары;
9) жашы жете элек - 18 жашка толо элек бала;
10) пациент - тиешелүү медициналык документтерди тариздөө менен саламаттыкты сактоо уюмдары, же болбосо жекече иш алып баруучу медициналык кызматкерлер тарабынан медициналык- санитардык жардам көрсөтүлүүчү адам;
11) үй-бүлөнү пландаштыруу - жарандардын белгилүү бир санда бала төрөөнүн жана тарбиялоонун, алардын төрөлүшүнүн ортосундагы аралыкты сактоону аң-сезимдүү тандап алуусуна, ошондой эле жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоого багытталган социалдык, медициналык жана укуктук чаралар тутуму;
12) жыныстык клеткалар - эркектин жыныс клеткалары (сперматозоиддер) жана аялдын жыныс клеткалары (жумуртка клеткалары);
13) репродукция - тукумун арбытып көбөйтүү;
14) репродуктивдик ден соолук - адамдын тукумун арбытып көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн аныктоочу дене бой, психикалык ден соолугунун жана анын социалдык бакубаттуулугунун бүтүндөй абалы;
15) репродуктивдик укуктар - жарандардын тукумун улоого, алардын репродуктивдик ден соолугун коргоого жана никеси бар же никеси жок бала төрөө (төрөтүү) же бала төрөөдөн (төрөтүүдөн) баш тартуу, бойго бүтүрүү жана бала төрөө ыкмалары туурасында чечимдерди эркин кабыл алууга, ошондой эле бул чөйрөдө медициналык- социалдык, маалыматтык жана консультациялык жардам алууга карата укуктары;
16) сексуалдык ден соолук - зордуктоонун, басмырлоонун же мажбурлоонун элементтери жок болгон адамдын коопсуз жыныстык турмушту алып баруусун аныктоочу дене бой, психикалык жана социалдык жактан бакубаттуулугу;
17) сексуалдык билим - репродуктивдик ден соолугунун маселелери боюнча ишенимдүү жана илимий жактан негизделген маалыматтарды берүүчү жана репродуктивдик тутумунда чечим кабыл алууга, баарлашууга жана ооруп калуу коркунучун азайтууга байланыштуу көндүмдөрдү өнүктүрүүчү билимдер;
18) сексуалдык укуктар - эркиндик, ар-намыс жана теңчилик принциптерине негизделген адам укуктарынын ажырагыс бөлүгү;
19) карын энелик - карын эненин жана балага ата-эне боло турган адамдардын ортосундагы келишим боюнча баланы боюнда көтөрүп жүрүү жана төрөө ичине камтылган көмөкчү репродуктивдик технологиялардын түрү;
20) карын эне - карын энелик келишим боюнча анын генотибин алып жүрбөгөн баланы боюнда көтөрүп жүрүп, төрөгөн аял;
21) хирургиялык стерилдештирүү - натыйжасында адам тукум улоо кудуретинен ажыратыла турган хирургиялык кийлигишүү;
22) экстракорпоралдык уруктандыруу - сперматозоид менен жумуртка клеткаларын аялдын организминен сырткары кошуудан, мындай кошулуунун натыйжасында пайда болгон түйүлдүктүн өнүгүүсүнөн жана андан кийин ошол түйүлдүк жатынга жалгаштырыла турган репродуктивдик технологияларынын көмөкчү түрү.
2-берене. Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерден турат.
2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдеги эрежелер колдонулат.
3-берене. Ушул мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашап жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга (мындан ары - жарандар), ошондой эле ишмердүүлүгү жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырууга байланышкан бардык юридикалык жана жеке жактарга жайылтылат.
Мыйзам менен толук турдо Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин сайтынан таанышып алсаныздар болот.
Билдирүүнү түзөткөн: sladkaja_konfetka: 02 Июнь 2017 - 14:08
Баракча 1 - 1