Osh93 - түн өздүк ырлары. Өздүк чыгармалар
#241 28 Апрель 2017 - 11:18
Интернет.
Жаштар кирет бир нерсени билсем деп,
Кайсар кирет кундо сурот илсем деп.
Жынысы жок кээ биркисин билбейсин,
Жургон жери уруш-жанжал тийтендеп.
Жалгыз кирет тугой издеп табууга,
Женелер бар мыктап кенеш алууга.
Жаш селкилер,жаш жигиттер таанышып,
Бирге жашап омур бою калууда.
Чыгарманы токуган бар калпынан,
Кенеш сурап келгени бар жалпыдан.
Илимдуу бар кенеш берер баарына,
Суусап турган баардык жанга чанкаган.
Издеген иш интернеттен тапкан бар,
Ишин таштап бекер уйдо жаткан бар.
Бироолордун жашоосуна кайгырып,
Боорукер жан тообо кылып жаткандар..
#242 30 Апрель 2017 - 00:01
Кундолук.
Неге? бугун жалгызсырайм кусамын,
Кыялымда бийиктерге учамын.
Кайра келип конул болсом жашоомо,
Ал кыялым,жон эле бир туш аным.
Мына бугун келди менин озгоргум,
Гулун терем кайра-кайра создордун.
Мен буйруса улуу акын болууга,
Болду эми башкамын мен озгордум.))
#243 30 Апрель 2017 - 01:47
Оорукана ак халатчандар.
Адамдардын анализдейт денесин,
Ишин тушсо доктурларга келесин.
Оорукана десе журок зырп этет,
Денен запкы эч жеринен жебесин.
Жаманы бар жаткан ооруканада,
Жакшысы бар батып атат санаага.
Жан кейиткен учур болуп ал жерден,
Олум болот ар саат сайын арада..
Айыксам деп жургону бар тезирээк,
Ата-апа,болгондор бар кечирээк.
Аллах берген сыноосуна баш ийип,
Жаш-жаш улан кыздар жатат секелек.
Бул дуйнону козу менен коро элек,
Тируу жан бар ичте али оло элек.
Жылуу жерде жатса бычак сайылат,
Кайра олду кош наристе тороло элек..
#244 30 Апрель 2017 - 02:14
Наристе.
Мына келди уну уйдо жанырат,
Мээрим чачат ата-энеси аруулап.
Наристенин тили чыгып калганда,
Кылыгына,кубанышат багынат.
Чарчап келсе иштен ата кечинде,
Эргип кетет озгочо бир сезимге.
Ата,деди ал наристе тил кирип,
Сакталды ошол наристенин дээринде.
Тура калып,кайра олтурат баса албай,
Бир ордунан козголот жон жата албай.
Ата менен ойноп жатат озунчо,
Бурчка барат андан ары кача албай.
Кундор отот,айлар отот арадан,
Карачы сен ал наристе жаны адам.
Ойноп журот ошол да бул наристе,
Чуркап озу ары-бери баса алган..
#245 30 Апрель 2017 - 09:42
Бугунку кун.
Кече асман турду эле бурколуп,
Кун чыга албай булуттарга чумконуп.
Бугунку кун сонун болду ачылып,
Баардык адам кийим кийди турдонуп.
Кечээгиден бугун баары башкача,
Аба-ырайы,ачылды го таптаза.
Эс алгандар бугун эгер айланса,
Эсте калат бугунку кун жатбаса..
#246 30 Апрель 2017 - 09:55
Жакшы кордум бир кызды мен суроттон,
Жетбей калып оорубайын журоктон.
Жолугушуп бир жолу же уч жолу,
Баш кошсок дейм баш ийип биз сунноткон.))
#247 30 Апрель 2017 - 19:11
Досторго.
Бала чактан чогуу остук жарышып,
Билбейт элек дос болдук биз таанышып.
Биз баарыбыз туш тарапка кеткенбиз,
Билим алып максаттарга жеткенбиз.
Окуучулук кундор отту башкача,
Окунбоймун ал учурум таптаза.
Ойлоно элек эч нерсени кез экен,
Ал убакыт,бриллиант, кумуш жез экен.
Жетбептирбиз ал кундордун баркына,
Жаман,жакшы иштер болду жалпыда.
Жургон кундор,мектептеги ал убак,
Козго турат элес болуп тартыла.
Айтса да эжей окубай сабак каччу элек,
Ай тажадым окууну бутсом дечу элек.
Ата-эне созун укбай кочодо копко журчу элек,
Кайгы да жок,кун сайын ойноп кулчу элек.
#248 01 Май 2017 - 09:55
1-май майрамынар менен.
Бугун майрам деп белгилеп жаткандар,
Тоого карай эс алганы шашкандар.
Эмгектенип эс алууда жургондор,
Майрам куттуу болсун бугун жалпына!
Каалаймын мен узун омур,ден-соолук,
Селкилерге буйрусунчу ак жоолук.
Бойдокторго ыймандуу жар каалаймын,
Журбойлучу жалгызсырап так болуп.
Эки баштан кобоелу уч болуп,
Эркектерге турсун дайым куч толуп.
Эли журтта баары аман болушсун,
Кемчиликсиз жашоо болсун бут болуп!
#249 01 Май 2017 - 10:05
Буттан тарткан адат окшойт Кыргызда.
Аты чыгып бир ааз эле таанылса,
Артка тартат бир созунон жанылса.
Ай ушу да болдубу деп басмырлап,
Бир адамга соз айтышат таарынта.
Кыйын чыкса торойт жолун алдынан,
Гыйбат суйлоп турат кайра артынан.
Кыйналганда, жардам беруу ордуна,
Сагызгандай кайра-кайра шанкыган.
#250 01 Май 2017 - 10:23
Унутулбас журоктон,унутулат тилектер..
Бул жошоодо баардыгына тушунгон,
Бой жеткирген чонойткон бир бучурдон.
Баардык мээрим,созу тумар мен учун.
Энекем го чыгара албас журоктон.
Себеп болгон келишиме дуйного,
Сезимимде сакталган ал атакем.
Сезе албадым башка жандан жылуулук,
Чырмалышкан журоктогу мээримди.
Башка жанга чачсам дагы мээримди,
Байкаган жок менде болгон сезимди.
Билбейм эми айта албаймын негедир,
Билбей калдым эмне ага дээримди.
Унутулат койгон балким тилектер,
Унутулгус кымбат мага журоктор.
#251 03 Май 2017 - 08:28
Тагалар менен болгон окуя.
Уйдон чыккам жумушума шашылып,
Эки тага берке деди бакырып.
Дакументимдин баарын алып озуно,
Чонтокторду антар деди сапырып.
Бычак,лезба жокбу деди шектенип,
Нет ни чего дедим мен да сес берип.
Журу деди олтургузуп унаага,
Бир жактарга бара жаттык беттелип.
Олтурамын арт жагында унаанын,
От куда мы уежаем деп сурадым.
Отделенияга барып кайра келгин дейт,
Коробуз дейт дакумент базадан чыгаарын.
Бара жаттык кээде-кээде ундошуп,
Жашоо кайда болгонун биз суйлошуп.
Бул жерге мен айланганы келдим деп,
Алдап койдум ал экоону жон кана.
Астыбыздан чыга калды бир киши,
Двор экен кундо жургон бир иши.
Привет айтып торосо астын полиция,
Саколонуп суйлоп калды анын тиши.
Дакументим жок уйдо калды дедиби,
Быдылдады тушунбоду ал экоо.
Пашли кеттик кое бергин деп айтты,
Аны албай арбак мент кайра кайтты.
Айдап семиз жолду кайра улады,
Айланып биз жуобуз го учообуз.
Анча алыс жолду басып откон сон,
Арбак тушту бироону азыр кутобуз.
Мен олтурам арка жакта жалгызмын,
Телефонум алып колго тамгыздын.
Тааныштарга кабар бердим чыкба деп,
Бирге иштеген колективдин баарына.
Беш муноттой отуп калды убакыт,
Бир таджикти алып келди бироосу.
Баардык жагын текшеришип анын да,
Кайра олтурду машинеге учоосу.
Пландары толгонбу же билбедим,
Бара жаттык бир чон жолдо унаада.
Тажап кетти ал семизин тыгындан,
Чыйк-быйк,деген унду койду унаага.
Ары барып бири бурумдан бурулдук,
Алга карай бара жаттык тортообуз.
Ары-бери откон унаа жок бизге,
Отуп жатты баардык жерден жолтоосуз.
Акыры барып бир жерине токтодук,
Мына азыр жеткендейге окшодук.
Ал барган жер полиция уюгу,
Ичке карай кире бердик тортообуз.
#252 03 Май 2017 - 10:09
Роза.Аманова "Ала-тоо коркко келбейт эл болбосо"
(Деген ырдын обонунда)
Адамзат кайдан болмок
Пир болбосо,
Акылсыз болбойт эле
Жин болбосо.
Аалымдар чыкмак эмес
Дин болбосо,
Кайдан биз суйлойт элек
Тил болбосо.
Аялдар жаралган дейт
Кабыргадан,
Аларга чыдап жашайт
Сабырдуу адам.
Жамандык кылып алсан
Тообо кылгын,
Адам жок бул дуйнодо
Жанылбаган.
Ичимдик арам эмес
Мас болбосо,
Ичинде корку сезим
Жакшы орносо.
Исламды ыйык тутуп
Жашоо сургун,
Башына балээ келип
Бак конбосо.
Намазга турган адам
Так болбосо,
Олумго барбайт азыр
Аш болбосо.
Кудайдан мен ушуну
Тилейт элем,
Кыргызга ислам дини
Жакшы орносо..
#253 03 Май 2017 - 22:46
kaidasyn (03 Май 2017 - 08:28) жазган:
Тагалар менен болгон окуя.
Уйдон чыккам жумушума шашылып,
Эки тага берке деди бакырып.
Дакументимдин баарын алып озуно,
Чонтокторду антар деди сапырып.
Бычак,лезба жокбу деди шектенип,
Нет ни чего дедим мен да сес берип.
Журу деди олтургузуп унаага,
Бир жактарга бара жаттык беттелип.
Олтурамын арт жагында унаанын,
От куда мы уежаем деп сурадым.
Отделенияга барып кайра келгин дейт,
Коробуз дейт дакумент базадан чыгаарын.
Бара жаттык кээде-кээде ундошуп,
Жашоо кайда болгонун биз суйлошуп.
Бул жерге мен айланганы келдим деп,
Алдап койдум ал экоону жон кана.
Астыбыздан чыга калды бир киши,
Двор экен кундо жургон бир иши.
Привет айтып торосо астын полиция,
Саколонуп суйлоп калды анын тиши.
Дакументим жок уйдо калды дедиби,
Быдылдады тушунбоду ал экоо.
Пашли кеттик кое бергин деп айтты,
Аны албай арбак мент кайра кайтты.
Айдап семиз жолду кайра улады,
Айланып биз жуобуз го учообуз.
Анча алыс жолду басып откон сон,
Арбак тушту бироону азыр кутобуз.
Мен олтурам арка жакта жалгызмын,
Телефонум алып колго тамгыздын.
Тааныштарга кабар бердим чыкба деп,
Бирге иштеген колективдин баарына.
Беш муноттой отуп калды убакыт,
Бир таджикти алып келди бироосу.
Баардык жагын текшеришип анын да,
Кайра олтурду машинеге учоосу.
Пландары толгонбу же билбедим,
Бара жаттык бир чон жолдо унаада.
Тажап кетти ал семизин тыгындан,
Чыйк-быйк,деген унду койду унаага.
Ары барып бири бурумдан бурулдук,
Алга карай бара жаттык тортообуз.
Ары-бери откон унаа жок бизге,
Отуп жатты баардык жерден жолтоосуз.
Акыры барып бир жерине токтодук,
Мына азыр жеткендейге окшодук.
Ал барган жер полиция уюгу,
Ичке карай кире бердик тортообуз.
Ушул анча окшобой калыптыр. Суйломду эле ыр турундо жазып койгонсуп. Окуп буткучо зергип кеттим.
#254 07 Май 2017 - 23:14
#255 09 Май 2017 - 12:37
#257 09 Май 2017 - 13:04
Оору болду ушул создор жармашкан,
Коркуп калдым телефон да кармаштан.
Качан болот биз куткон кун келет деп,
Создор болот кундо эле баарлашсан.
Тойду кутуп жургону бар батыраак,
Тушунбоймун неге алар шашылат?
Таптынбы сен суйгонунду дегенде,
Табам шашба деймин азыр жашыраак.))
Журогум жаш он сегизде болгону,
Кыйын болоор бул жашоонун жолдору.
Ошон учун дагы бир ааз кутойун,
Тапкычакты мен ордумду коомдогу.
#259 10 Май 2017 - 11:35
Рифмагале басым жасай бербей маанисинеда конул болгуло, создук багаж саал слабыйраак экен.Ну, вообщим изденуу керек. Акындардын ырларын кобуроок окуп чыккыла.Мисалы Мирлан Самый Кожо,Нуркан Койчуманова,
Таирбек Эрматов сыяктуу акындардын баракчаларына баш багып, моо жердеги бир окуп эстен чыга турган ырларга салыштыргыла.
Ошолордун жазганын окусан чанкоон басылгансыйт кадимкидей.
Силерда ошолорго жетууго аракет кылгыла.Ийгилик!
Билдирүүнү түзөткөн: Shahrizaada: 10 Май 2017 - 11:36
#260 12 Май 2017 - 03:52
Shahrizaada (10 Май 2017 - 11:35) жазган:
Рифмагале басым жасай бербей маанисинеда конул болгуло, создук багаж саал слабыйраак экен.Ну, вообщим изденуу керек. Акындардын ырларын кобуроок окуп чыккыла.Мисалы Мирлан Самый Кожо,Нуркан Койчуманова,
Таирбек Эрматов сыяктуу акындардын баракчаларына баш багып, моо жердеги бир окуп эстен чыга турган ырларга салыштыргыла.
Ошолордун жазганын окусан чанкоон басылгансыйт кадимкидей.
Силерда ошолорго жетууго аракет кылгыла.Ийгилик!
Макул.