Пайгамбарыбыздын с.а.у динди жайуусу.
Аллахтын Элчиси с.а.у бул улуу милдетти алгандан кийин бүткүл өмүрү динди жайуу менен өттү.Ал үймө үй кыдырып, өз динин кабыл ала турган көңүлдөрдү издеди.
Каапырлардын жана бутпарастардын каршы чыгышы, алгач көңүл бөлбоо, кайдыгерлик түрүндө болчу.Андан кийин алар шылдыңдай башташты. Анан ар кандай кыйноолорду, азаптарды аябай жасашты. Баскан жолуна тикенектер ыргытылды, намаз окуп жатканда башына малдын кан жини төгүлдү жана ар кандай кордоолорго дуушар болду.
А бирок, Аллахтын Элчиси с.а.у булардын эч бирөөсүнөн коркуп артка кетип калган жок, милдетинен баш тарткан жок. Анткени анын дүйнөгө жөнөтүлүш максаты ошол болчу.Эң коркунучтуу душмандарына дагы көп жолу келип, Алла Тааланын динин түшүндүрдү.
Ооба, Абу Жахил жана Абу Лахаб сыяктуу диндин, ыймандын душмандарына ким билет, канча жолу барып, чындыкты Алла Тааланы айтты! АЛ жарманкелерди кыдырып, бир киши болсо да Туура жолго келиши үчүн үймө үй кезди.Кутту жүзүнө эшиктер тарс жабылды. Бирок ал тажабастан башка учурда да ошол эле үйлөргө барды, ошол эле нерселерди айтты.Ал эч тынымсыз бардык жерден чындыкты кабылдоочу таза көңүлдөрдү издеди, тапканда анын көңүлүнө кирип, ага рухунун эргүүлөрүн төкчү.Ушундайча, чөйрөсүндөгү нурдуу айлана күн өткөн сайын каапырлар жинди болуп кете жаздашты. Бул жиндилик аларды ушундай келесоолукка алып келди.Көктөгү Күндү үйлөп өчүрүүгө аракет кылгандар сыяктуу, топтолушуп алып, бул Ыйык нурду өчүрүүгө аракеттеништи. А бирок, Кун -биздин салыштыруубуз, ал эми ал алып келген нур Күнгө дагы жарык бере тургандай саппатта эле.Анткени ал нур -Алла Тааланын нуру болчу. Курандын бир аяты каапырлардын күлкү келтире турган абалын төмөнкүчө баяндайт: ""АЛАР АЛЛАХТЫН НУРУН (ИСЛАМДЫ) ООЗДОРУ (БЕКЕРПОЗ, ПАЙДАСЫЗ СӨЗДӨРҮ) МЕНЕН ӨЧҮРМӨКЧҮ БОЛУШАТ.АЛЛАХ БОЛСО, (КААПЫРЛАР) КААЛАШПАСА ДА, ӨЗ НУРУНАН ТОЛУКТАЙТ ""(Тауба сүрөсу, (9)32-аят) .
ШЫЛТООГО ЖОЛ КАЛТЫРБОО.
Пайгамбарлардын жөнөтүлүүсүндөгү дагы бир максат -адамдардын акыретте Алла Таалага карата эч кандай шылтоосуна жол калтырбоо болуп саналат.
Куранда бул тууралуу мындай деп айтылат:
""АДАМДАРДЫН ПАЙГАМБАРЛАРДАН КИЙИН АЛЛАХКА КАРШЫ ЭЧ БИР ШЫЛТООСУ КАЛБАШ ҮЧҮН, СҮЙҮНЧҮЛӨӨЧҮ ЖАНА ЭСКЕРТИП -КОРКУТУУЧУ КАТАРЫ ПАЙГАМБАРЛАРДЫ (ЖӨНӨТТУК) .АЛЛАХ БААРЫНАН КҮЧТҮҮ ЖАНА ПАРАСАТТУУ ""(Ниса сүрөсү (4)165-аят) .
Пайгамбарлардан башка ар кандай башчылар адамзат топторун толук ынандыра алган эмес.Кээде ынандырышкан абалда да, андайлардын жол жоболору Жараткандын жардамынан куружалак болгондуктан, алар сунган эч бир эреже жана эч бир сөз -аракет карапайым адам жоргунунан ашып түшө албаган жана убакыттын өтүүсү менен сары жалбырактай жок болгон.
Ал эми пайгамбарлардын башчылыгы башка болгон.Алар айтып өткөнүбүздөй түбүнөн эле атайын ушул улуу милдет үчүн даярдалышкан жана жашоолоруу өзүнчө эле чон өрнөк болгон.
Ар бир пайгамбар адамдарды ишендирүүгө жана ишенбегендердин шылтоолоруна орун бербөөгө жөнөтүлүп, .бир топ улуу кереметтер менен кубатталышкан .Пайгамбарыбыз с.а.у болсо, бардык пайгамбарларга тиешелүү кереметтерди көрсөтүп, өзүнүн жол башчы экендигин көрсөткөн.Куран сыяктуу улуу кереметтерди көрүп турган биздер үчүн да эми динибизге кайдыгер мамиле кылууга эч бир шылтоо жок.
➡ Уландысы бар ..
➖➖➖➖➖
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 22 Август 2016 - 19:53