Суперстан: Өмүрбек Бабанов президент болсо... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Өмүрбек Бабанов президент болсо...

#21 Пользователь офлайн   ady-88   07 Май 2017 - 10:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 195
  • Катталган: 15 Февраль 13
  • Соңку аракети: 07 Окт 2020 02:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек Новосибирск

Мен колдойм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Aruwka.89   07 Май 2017 - 11:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 127
  • Катталган: 18 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 30 Янв 2021 15:57

Просмотр сообщения Meruet84 (07 Май 2017 - 09:20) жазган:

Баары бирдей, эч кимиси бири биринен айырмасы жок .......миллионери да, эл үчүн күйгөн патриот болмушу да, сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн оратору да баары, баары бирдей.

Туура айтасын. Кыргызстанды ойлогон эч ким жок
Бизге огой эмес оз Атабыз керек
а азыркы талапкерлердин биринда туура корбойм ишеничтен чыгышкан баары!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Bek4590   07 Май 2017 - 21:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 03 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 01 Июн 2018 23:55

Просмотр сообщения progresskg (02 Май 2017 - 20:11) жазган:

Бул чоң жаңылыштык жана зыяндуу дезинформация . Коомго эң көп пайда алып келгендер бул ишкерлер, бизнестер, бизнес кылгандар болуп эсептелет да. Кандайча экенин түшүндүрүп кетейин:

1. Ишкерлер, бизнестер деген коомго керек товаларды жасап чыгарып, адамдарга сатат (нан, тамак-аш, суу, бензин, үй, телефон, компьютер, авто, дарылар, жб). Чиновниктер кылбайт да муну.

2. Ишкерлер, бизнестер коомго керек услугаларды берет (транспорт, такси, авиа, байланыш, интернет, газета, радио, жб). Чиновниктер кылбайт да муну.

3. Ишкерлер, бизнестер деген экономиканы иштеткен күч - көпчүлүк адамдарга жумуш оорундарын ошолор берет да.

4. Ал эми мамлекеттик кызматтагыларга да жумуш бергендер ушул ишкерлер, бизнестер болуп эсептелет - анткени алардын төлөгөн салыгына мамлекеттик органдар иштеп жатпайбы. Сен мамлекетке акча кайдан келет деп ойлойсуң ? Ошол сен жаман көргөн бизнесмендердин төлөгөн салыктарынан, пошлиналарынан келет да.

5. Коомго керек мугалимдер, доктурлар, армия, милиция, пожарныйларга төлөнө турган зарплатаны мамлекет кайдан алат дейсиң? Бюджеттенби? Ал эми ошол бюджетке кайдан акча кайдан келет? Ошол бизнесмендердин төлөгөн салыктары, пошлиналары болуп атпайбы.

6. Бизнесмен өзүнүн тапканына жашайт, ал эми чиновник бюджеттеги акчага жашайт.

7. Коррупция бизнестерде же менчик компанияларда болбойт, коррупция деген мамлекеттик органдарда жана мамлекеттик ишканаларда болот.

8. Инновацияны жана илимий акыркы жетишкендиктер коомго жеке бизнестер аркылуу келет да. Мисалы Гугл же Фейсбуктун иши, же мисалы айфонду мамлекет эмес, менчик Аpple деген компания чыгарат да.

9. Анан чыныгы ишкерлер, чиновниктерге караганда эффективдүү, акылдуурак иштешет..

Менчик Бизнестер, ишкерлер көп, ал эми чиновниктер аз болгон мамлекеттер, чиновниктери көп болгон мамлекеттерге караганда байыраак жашайт ар дайым, ал мамлекеттин эли жакшыраак жашайт. Мен сени бир четинен түшүнөм- бизде көп бизнесмендер жаман адамдар. Бирок алар чыныгы бизнесмендер эмес, алар деген чынында коррупция менен байыган, мамлекеттик бюджетти уурдап байыгандар, аларды ишкерлер же бизнесмендер деп ойлобошубуз керек. Вот именно ошондойлор эч качан элди ойлобойт жана аларды бийликке жакын жолотпош керек.
Ал эми Бабанов болсо мамлекет эмес, бизнес аркылуу байыган. Бул чон разница. А мисалы Келдибеков же Текебаев дегендер, мамлекеттик кызматта журуп, коррупция аркылуу байышкан. Айрымасы асман менен жердей. Бабановтун каалаганы - кобурөөк бизнестер болсун мамлекетте, ошол аркылуу жөнөкөй эл да жумуш оорундары менен камсыз болуп, жакшы жашасын дейт. Бул деген капиталисттик көз караш жана менимче туура көз караш. А сенин ойлогонун бул социалисттик көз караш. Социалисттик коомдор (Куба, Венесуэла, мурдагы СССР) капиталисттик коомдорго караганда (Америка, Германия, Япония) ар дайым жакыр жашайт. Бирок өнүккөн капиталисттик коомдордо деле проблемалар көп, жакырлар бар, бирок иштегиси келген адам, андай коомдо өзүнө жумуш таба алат.

Мен Бабановду шайлабаймын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   frunze12   09 Май 2017 - 15:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 28 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Июн 2019 02:24

Просмотр сообщения progresskg (01 Май 2017 - 17:04) жазган:

Аябай сонун болот. Мен Бабановту тааныбайм, бирок бизге бир жакын бир адам Бабановту жакшы тааныйт, анын жакын айланасына кирет. Бабанов жөнүндө аябай жакшы ойдо. Ал айткан, эгер Бабанов президент болсо ал Грузиядагы Саакашвилидей катуу реформаларды жасап өлкөнү тез өнуктүрө баштайт деп. Орто Азияда эле эмес буткул СНГда анда кыргыздарды жакшы жагынан башка улуттар сөз кыла башташы толук мумкун деп. Атамбаевке караганда кыйла эле мыкты президент болооруна шек жок дейт. Эмнеге десем ал айткан Бабанов акылдуу анан ал элге "бекер балыкты" эмес, элге "балыкты кармаганды" өзүн өзү бакканды үйрөткөнгө, ошого кыргыздарды көндүргөнгө аракет кылат деп.

Мектептерде бизнес сабактарды да киргизебиз дептир. Бирок бир чон проблема бар - аны коп биздин эски муундагы саясатчылар көрө албай, ага ичи күйүп, анын байлыгына, ийгилигине ичи күйүп, бут тосо беришет экен. Мурда премьер болуп жаны эле реформаларды катуу жасай баштаганда ага Кулов менен Текебаев ото эле популярдуу болуп баратканын коруп аны жумуштан кетиришкен болчу. Азыр да анын душмандары ага каршы кара пиар кылып жатышпайбы. Президент болсо Кыргызстанды сатып жиберет деп, знесинин улуту кыргыз эмес деп. Анын апасынын улутуна да асылып жатканын өзү эле Бабановтун каршылаштары аябай пас адамдар экенин билдирет да. Бирок Бабанов президент болсочу анда Кыргызстан Казакстанды тез кууп жетет экономикада.

Калптын да чеги болуш керек. Бабанов Кыргызстанды Казахстан кылат деген утопия, абсурд. Бабанов саясатта жаны адам эмес. Шахзадалар менен достошуп журуп бизнесин гулдоткон амалдуу куу адам. Эсинерде болсо Айдар Акаев менен жакын болуучу. Кийин Бакиев убагында бийликке каршы митингдерге катышып кийин Максим менен мамилеси онолуп вице-премьер министр кызматына дайындалган. Азыр Атамбаевдин саясатын 100% болбосо да 90% колдоп келет. Айтор кайсы бийлик менен болсо да тилин таап иштеше алган адам. Атамбаев бакиевчилер деп соомой кезегенде (озу Бакиев убагында Окмотту жетектеп турганын, Бакиевди мактап кошомат кылып Бакиевдин колунан сыйлык алганын унутуп) Бабанов тууралуу эч ким унчукпайт, анткени ал кайда журсо да "оз адам" ("свой" ).

Бабанов иштин козун билген бизнесмен, бул ырас, бирок ири ийгиликке жетишуу учун акылын, билимин, жондомдуулугун гана ишке салбастан, айлакерлигин, бал тилин да ишке салган адам. Ал бугун топтогон байлыгынын 1/3 бешене тер, калганы туура эмес жол менен деп божомолдойм. Бул божомолдун чын-тогунун аныктоо учун кучтуу адвокат, экономист ж.б.армиясы болуш керек менде, Бабановдун отмушун чукуп текшерип чыгуу учун. Ал оной иш эмес, олконун башындагылар менен чогуу иш алып барган бири учун. Азыр бийликтегилер Х капиталын кобойтуу учун ар кандай махинациялык жолдорго барышат, тендерлерди озуно таандык компаниялар утат заранее тузулгон "келишим" боюнча, айтор бийликтеги ири адамдардын жардамы менен Х капиталын 2-3 жылда 50Х же 100Х кылып алуу Бабанов сыяктуулардын колунан келээр иш. Жакында анын иниси Кыргыз-Орус Фондунан ондогон миллион доллар (!) кредит алганы айтылып журот. Биринчиден ал фонддогу акча бизнести каржылоо максатында ачылган эмес. Экинчиден олкодо ал акчага муктаж, жардамга муктаж жуз миндеген дыйкан, фермерлер отурат эгинин же малын ондуу баага сата албай Окмоттон жардам кутуп. Дыйкандарга жардам беруу, айыл чарба продукцияларын экспорттоону колго алуу максатында тузулгон бул фонд бийликтеги бир ууч адамдын кызыкчылыгы учун иштеп жатканын ушундан корсо болот. Али биз билбеген фактылар канча, а балким Гонконгдон ташылып жаткан контрабандалык жуктор ушул фонддон алынган акчага ташылып жаткан чыгаар. Эсинерде барбы Максим Бакиев жетектеген ЦАРИИ, учурдагы Кыргыз-Орус фондунун ошол ЦАРИИден коп айырмаланганын корбой турамын... Анын жетекчиси Кулматов ай сайын (!) 1 млн сом (!) б.а. 15 000$ (!) маяна алат. Калган кызматкерлери канчадан маяна алганы сыр. Кимге канча акча бергени тууралуу маалымат жок. Эч кимге отчет бербейт. Кыскасы аты озгоргон ЦАРИИ...

Бабанов жогоруда айтканымдай саясатта жаны адам эмес. Убада артынан убада берип бал тилге салып же чон лозунгдардан суйлоп эл учун куйгон адам коруно берет, бирок эл учун кылган козго коруноорлук бир да иши жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   frunze12   09 Май 2017 - 16:31

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 28 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Июн 2019 02:24

Просмотр сообщения progresskg (02 Май 2017 - 20:11) жазган:

Бул чоң жаңылыштык жана зыяндуу дезинформация . Коомго эң көп пайда алып келгендер бул ишкерлер, бизнестер, бизнес кылгандар болуп эсептелет да. Кандайча экенин түшүндүрүп кетейин:

1. Ишкерлер, бизнестер деген коомго керек товаларды жасап чыгарып, адамдарга сатат (нан, тамак-аш, суу, бензин, үй, телефон, компьютер, авто, дарылар, жб). Чиновниктер кылбайт да муну.

2. Ишкерлер, бизнестер коомго керек услугаларды берет (транспорт, такси, авиа, байланыш, интернет, газета, радио, жб). Чиновниктер кылбайт да муну.

3. Ишкерлер, бизнестер деген экономиканы иштеткен күч - көпчүлүк адамдарга жумуш оорундарын ошолор берет да.

4. Ал эми мамлекеттик кызматтагыларга да жумуш бергендер ушул ишкерлер, бизнестер болуп эсептелет - анткени алардын төлөгөн салыгына мамлекеттик органдар иштеп жатпайбы. Сен мамлекетке акча кайдан келет деп ойлойсуң ? Ошол сен жаман көргөн бизнесмендердин төлөгөн салыктарынан, пошлиналарынан келет да.

5. Коомго керек мугалимдер, доктурлар, армия, милиция, пожарныйларга төлөнө турган зарплатаны мамлекет кайдан алат дейсиң? Бюджеттенби? Ал эми ошол бюджетке кайдан акча кайдан келет? Ошол бизнесмендердин төлөгөн салыктары, пошлиналары болуп атпайбы.

6. Бизнесмен өзүнүн тапканына жашайт, ал эми чиновник бюджеттеги акчага жашайт.

7. Коррупция бизнестерде же менчик компанияларда болбойт, коррупция деген мамлекеттик органдарда жана мамлекеттик ишканаларда болот.

8. Инновацияны жана илимий акыркы жетишкендиктер коомго жеке бизнестер аркылуу келет да. Мисалы Гугл же Фейсбуктун иши, же мисалы айфонду мамлекет эмес, менчик Аpple деген компания чыгарат да.

9. Анан чыныгы ишкерлер, чиновниктерге караганда эффективдүү, акылдуурак иштешет..

Менчик Бизнестер, ишкерлер көп, ал эми чиновниктер аз болгон мамлекеттер, чиновниктери көп болгон мамлекеттерге караганда байыраак жашайт ар дайым, ал мамлекеттин эли жакшыраак жашайт. Мен сени бир четинен түшүнөм- бизде көп бизнесмендер жаман адамдар. Бирок алар чыныгы бизнесмендер эмес, алар деген чынында коррупция менен байыган, мамлекеттик бюджетти уурдап байыгандар, аларды ишкерлер же бизнесмендер деп ойлобошубуз керек. Вот именно ошондойлор эч качан элди ойлобойт жана аларды бийликке жакын жолотпош керек.
Ал эми Бабанов болсо мамлекет эмес, бизнес аркылуу байыган. Бул чон разница. А мисалы Келдибеков же Текебаев дегендер, мамлекеттик кызматта журуп, коррупция аркылуу байышкан. Айрымасы асман менен жердей. Бабановтун каалаганы - кобурөөк бизнестер болсун мамлекетте, ошол аркылуу жөнөкөй эл да жумуш оорундары менен камсыз болуп, жакшы жашасын дейт. Бул деген капиталисттик көз караш жана менимче туура көз караш. А сенин ойлогонун бул социалисттик көз караш. Социалисттик коомдор (Куба, Венесуэла, мурдагы СССР) капиталисттик коомдорго караганда (Америка, Германия, Япония) ар дайым жакыр жашайт. Бирок өнүккөн капиталисттик коомдордо деле проблемалар көп, жакырлар бар, бирок иштегиси келген адам, андай коомдо өзүнө жумуш таба алат.

Жогоруда жазгандарындын копчулугу абсурд!! !

1-ден бизнесмендер болбосо коом ачка калат деген туура эмес. Ошол бизнесмендердин завод-фабрика ж.б.айлыкка иштеген жумушчулар болбогондо бизнесмен жалгыз озу ушунча элдин жумушун жасап байый алаар беле?! Андайлар болгон болсо саналуу гана!
Ишкерлер пайда табуу учун коомго керектуу да зыян да нерселерди чыгарышат. Ошол эле кытайдан келип жаткан зыяндуу оюнчуктар, ж.б.кийим, буюмдар.

Кумторду мисалга алалы. Кумтордо иштегендердин 90-95%ти айлыкка иштеген катардагы кыргыздар. Пайдасын ишкер канадалык компания корот. Казынага болгону 50% киреше тушот, бул дагы кагазда, чын-чынында 10%ке жетпеген пайда казынага тушот экен. Ал эми 150-200 млн тонна уулуу калдык тууралуу эч ким кеп кылгысы келбейт.

2-коомго керек ондуруш жана кызматтарды (услуга) мамлекет озу аткарса болот, жеке секторго берсе болот. Жеке секторго берилген кундо да анын сапаты, баасы ж.б.Окмот коз сала туруш керек. Кыргызстанда ал нерсе жок!

3-туура, ишкерлер жаны иш орундарын тузот. Муну мамлекет озу да колго алса болот. Кандай болгондо да катардагы жарандар учун жумуш шарты, убактысы, коопсуздук, баарынан да айлык-маянасы маанилуу... Капитализм онуккон шартта жумушчулар арзыбаган акчага, 10-12 сааттык жумуш убактысы менен иштейт. Мисалы Бишкектин озундо эле 8 сааттык эмес 10-12 сааттан жумушчуларды эксплуатация кылган ишкана толтура. Коопсуздук эрежелери сакталбагандан курулуп жаткан уйлордон кулап олуп жаткан курулушчулар бир топ. Капитализмдин принциби бул: расходдорду минималдаштыруу, кирешени максималдаштыруу. Ошонун жыйынтыгында миндеген жумушчулар кунумдук жашоосуна оп-чоп жетуучу акчага иштешет эртеден кечке. Ал эми капиталы, байлыгы бар бизнесмен ошол миндеген адамдын мандай теринен табылган акчага/кирешеге ээлик кылат.

4-5 Казына негизинен салык жана бажы толомдорунон куралат. Бирок буларды бизнесмендер толтурат деген чындыктан алыс. Ошол эле мамлекеттин эсебинен айлык-маяна алган гос.служащийлер, мугалим, медиктердин 1/5не жакыны кайра эле казынага кайтат подоходный налог, соц.фонд ж.б.деп. Бир бизнесмендин колунан акча алган жумушчу да оз айлыгынан казынага акча толойт, киреше салыгын. Тыштан ташылып жаткан товарлардын басымдуу болугу элдин кунумдук жашоосуна керек кийим-кече, азык-тулук, техника, электрондук техника. Алардын бажы салыгын баягы эле карапайым эл толойт десек туура эле болот. Мисалы Х велосипеди Кытайда 2000 сом турат. Алып келген жол, сатуулагы чыгымдар 500 сом болсун. Бажы салыгы 500 сом болсун. Катардагы Кыргызстандык жаран ал велосипедди Ош базарынан 4000 сомго сатып алды. Ошондо бажы салыгына кеткен 500 сос да, Кытайдан велосипед ташып келип саткан ишкердин 500 сомдук таза кирешеси да катардагы кардардын чонтогунон чыгып жатабы?!!

6. Туура, бизнесмен озунун акчасына жашайт. Бирок казынадан айлык алган мугалим бир эмгек кылып (окуучуларды окутуп) мээнетине жараша маяна алып жатат. Бизнесмендин балдары ошол Окмот каржылаган садик, мектепке барат. Бироодон токмок жесе же тонолсо казынадан маяна алган милицияга, прокурор, сотко кайрылып жардам сурайт.

7-Коррупция бардык жерде бар. Мисалы Х айыл окмотундо Акмат аттуу бизнесмендин 2 кирпич заводу, бир щебень кылып таш талкалоочу заводу бар. Ал озу эч кандай мамлекеттик кызматта эмес, бирок жээнин, Эшмат досун айыл Окмотко болгон шайлоодо суроп депутаттыкка откоргон. Алардан башка да айылдык кенештеги копчулук депутаттар, айыл Окмот башчысы, ал гана эмес райондук, шаардык жетекчилер менен мамилеси жакшы, дос-таанышы, табакташтары жетиштуу. Акматтын 3 заводу мамлекетке салык толойт, бирок чынында толошу керек болгон сумманын 1/20, керек болсо 1/50 бирин толойт. Салык ж.б.кызматтарынын жетекчилери менен да "жакшы мамиледе" , ошол себептуу Акматты салыктан качты деп айтууга негиз корунбойт. Бул бир мисал, мындай мисалдар толтура. Жайды жайлай Ысык-Колдо туристтер менен жергиликтуу элдин капчыгын каккан ишкана-пансионаттардын копчулугу биртке эле киреше корсотуп, айрымдары убытка корсотсо тан калып кереги жок. Орто жана ири бизнесте жургондордун 99.9%ти коррупцияга аралашкандар. ..

8-туура, жеке ишкерлер идеяларга бай келет...

9-жеке сектор мамлекеттик секторго караганда бираз эффективдуу иштейт. Анткени алар иштин жыйынтыгы жана киреше-чыгаша болумун козомолдоп турат. Бирок дайыма эле жеке сектор эффективдуу деп айткан туура эмес. Окмот жеке сектор менен ымалашып иштешип жана козомол жургузуп турганы туура. Мисалы Х ишканасы монополия тузууго аракет кылган жери жокпу, товарларынын баасын ыксыз которуп жибербедиби, жумушчулардын укуктары сакталып жатабы ж.б.ж.б.

Капиталисттик коом улгулуу деген кеп да абсурд. Азыр кыргыз мигранттары чет жерлерде кунуно 12-14 сааттан, жумасына 6 кундон иштеп капитализм эмне деген жамандык (ЗЛО) экенин тушуно башташты. Элестеткиле, элдин 90-95%ти 5-10% бир ууч байлардын жыргалчылыгы учун жан далбастап иштеп журушот. Бир мигрант бир там салыш учун кеминде 5 жылдык омурун Россияда откорот, аялы, бал ширин балдары айылда. Аялын кучактап эркелете албайт, баласынын кулкусуно тоюп жузунон суйо албайт, кары ата-энесине чай сунуп жанында боло албайт, анткени алыста. Ал да башкаларга окшоп там салып болунуп чыгышы керек. Тапкан маянасы белгилуу, элдин баары бизнесмен болуп кетпейт экен, бул да копчулуктун катарында тытынып иштеп журот. Ал эми буга окшогон ондогон-жуздогон жумушчулардын эмгегинин аркасында байыгандар уй салат элем, аялым балдарым алыста деп мунканбайт. Кааласа мигрант бир жыл тер тогуп тапкан акчаны ал бир кундо казинодо уттуруп коюп андай эле кайгырганы байкалбайт. Дуйнонун эн бай 8 адамынын байлыгы дуйнонун кедей 3.6млрд тургунунун байлыгына барабар экен. Б.а. Билл Гейтс баштаган эн бай 8 адамдын байлыгы 426.5 млрд $ болсо, планетанын 7.2 млрд жашоочусунун жакыр жашаган жарымынын (3.6 млрд жашоочу) байлыгы биригип ошончо сумманы тузот экен. Байлар байып кедейлер ансайын жакырланып бараткан капиталисттик коомдо жашап жатып капитализмди мактагандарды тушунбоймун. ..

Бабанов тууралуу оюмду жоноруда жаздым. Толуктагым келген жерлер, фактылар коп, аны кийин айта кетээрмин. Бирок Бабанов Окмотту башкарып турганда Кыргызстанда "экономический чудо" болду деген кепке кошула албаймын. Бабанов Окмотту жетектеген убакта Казахстандан уулуу комур ташылганы жана Бабанов коррупция боюнча куноолонуп кызматын тапшырганы менен менин эсимде калган.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   frunze12   09 Май 2017 - 16:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 28 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Июн 2019 02:24

.....

Билдирүүнү түзөткөн: frunze12: 09 Май 2017 - 16:34

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   frunze12   09 Май 2017 - 17:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 28 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Июн 2019 02:24

Баса дагы бир кошумча. Учурда казынанын белгилуу болугу да мигранттар жоноткон акчага толуп, элдин турмуш жашоосу да мигранттарыбыздын аркасынан отуп жатканын тана албайбыз. Озунор билгендей Кыргызстанда эмгекке жарамдуу калктын дээрлик жарымы тышта мигрант болуп журот, Казахстан, Россиядан тарта Туркия, Корея, Европа олколору, Америка, алды Австралияга чейин. Мына биздин олконун экономикалык "жетишкендигинин" корсоткучу. Мындай корсоткуч олконун канчалык жакыр экенинен кабар берет. Бул боюнча Кыргызстан Тажикистан жана Африканын жакыр олколору менен бир сапта.

Эми бир Россиянын озунондогу мигранттарыбыздан ар жылы Кыргызстанга 2 млрд $ акча которулуп турчу эле, акыркы жылдардан кийинки рублдун курсунун кескин тушуп кетиши, Россиядагы крисизтен улам бул сумма 1.3-1.5 млрд долларга тушту, азайды. Ошондой болсо да ал акчалар биздин экономикада айланып акыры барып казынага тушуп жатат. Мисалы Акмат Кытай, Туркиядан кийим ташып келип сатат. Ташматтын кирпич заводу бар. Эшмат болсо курулуш материалдарын сатат. Хикметтин болсо чайханасы бар. Ошол мигранттар жоноткон акчалар экономикада айланганы учун тиги тортоонун да бизнеси журушуп "ити чоп жеп" жатат. Эми элестеткиле, Россия мигранттарга шарттарды катаалдантты, Россиядагы кыргыздардын копчулук болугу Кыргызстанга кайтууга же башка олкого чыгууга аргасыз. Демек Кыргызстан экономикасы токтоп калгандай болот. Элде акча жок, курулуштар токтоду, чайхана-кафелеп жургондор дээрлик калбады, эл Кытайдын арзан кийимин алып кие баштады 90-жылдардай. Унга акчасы жетпегендер буудай тарттырып кара нан жеп калды. Олкодо коптогон ишканалар жабылды же жумушчулар кыскарды. Акмат, Эшмат, Ташмат, Хикметтин да бизнеси почти токтоп калды. Казынага тушкон акча ото эле кыскарып кетти. Мына казынадагы акчалар кайдан келип жатканы! Мигранттар казынага акча тогобу, салык толойбу дейсинер. А чынында экономикада айланган акчанын олуттуу бир болугу мигранттардын акчасы экенинен кабарынар жок.

Кризис тууралуу. Кризис болсо баягы эле карапайым эл кыйналат. Майда бизнесмен, соодагерлер жапа чегет. Ал эми орто жана ири бизнестин окулдору, байлар кыйналмак беле?! Киреше алып келип жаткан ишкана, дукондору кризис убагында киреше бербей калса жаап коет, убак сааты келип кайра киреше алып келчу убакка чейин. Банктарда акчалары бар. Малай-жалчылары баккан короо короо койлору, уйлары, жылкылары бар. Айтор кризис жакыр элди ансайын жакыр кылып биртке байлыгын байларга тартып алып беруучу кесепет...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   progresskg   09 Май 2017 - 19:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 01 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 31 Авг 2018 19:54
  • Жынысы:Эркек

<div><div> frunze12</div>< div><br></ div><div>< br></div>< div><br></ div><div>Сенин жазганың бул баягы эле социалист-чиновниктердин "болтологиясына" окшоп турат. &nbsp;Мен 20 жылдан бери эле ушул силердин жомокторуңарды угуп жатып, тажап кеттим. &nbsp;Сен - чиновниксин же чиновниктин тууганы болсоң керек, анткени ой-жүгүртүүң да ошондой экен. Демек мен сени түшүнбөйм жана түшүнгүм да келбейт. Мен үчүн чиновниктердин көпчүлүгү бул мамлекетти тоноп, аларды артка тарткан адамдар. Ошондуктан мен ар дайым чиновниктердин санын азайышын каалайм. &nbsp;Аз чиновник - &nbsp;аз коррупция. Чиновниктер бизнес аркылуу эмес, коррупция аркылуу, элдин акчасын уурдоо аркылуу менен гана байышат. Ошондуктан алар чыныгы ишкер же чыныгы бизнесмен эмес, алар деген жөнөкөй эле уурулар. Жек көрөм аларды. Бабанов президент болсо, чиновниктердин санын азайтса - ушул нерсени эле аткарса, мага ошол эле жетишет эле. Чиновниктердин санын кескин кыскартыш керек.&nbsp; </div><div> <br></div> <div><br>< /div><div>1. Коррупция. Сен элден эле сурачы - ким силерден пара алат деп - мамлекеттик кызматкерлерби же жеке ишкерлерби деп сурасаң. Ошондо элдин көпчүлүгү &nbsp;мамлекеттик кызматкерлер пара алышат деп айтат - чиновниктер, соттор, милиция, таможня, мугалимдер, гаи, врачтар жана башка мамлекеттик сектордо иштегендер деп айтышат. Бизнесмендер же жеке ишкерлер эмес, чиновниктер. &nbsp;</div> <div><br>< /div><div>Ошондуктан кандай гана сен өзүндүн чиновниктеринди актаба, кандай гана аларды мактаба - башы иштеген адамдар түшүнүп турат -коррупциянын негизги булагы бул мамлекеттик кызматкерлер жана чиновниктер. &nbsp;Буга аргумент кылып, буга каршы мисал келтирүү - жон эле демагогия жана убакытымды короткум да келбейт.</div> <div><br>< /div><div>< br></div>< div>2. Мамлекет, услугаларды өз колуна алса туура болот дейсиң. Ооба сага, мисалы мына "Безопасный Город" деген проектти мына 5 жылдан бери иштетмек турсун, баштай албай жатышат! &nbsp;Баягы эле тойбос, ууру чиновниктер, буга жол бербей жатышпайбы. Жолдордо адамдар өлүп жатса да, аларга баары бир. Дагы эмнени чиновниктердин колуна өткөрүп беришибиз керек?&nbsp; </div><div> <br></div> <div>3. Мамлекеттик органдар же мамлекеттик компаниялар начар иштейт. Жок дегенде бир эле мамлекеттик компанияны айтчы жакшы, эффективно иштеген? Жок да андай. Мамлекеттик компаниялар деген ар дайым коррупцияга баткан, жаман иштеген мекемелер жана алар ууру чиновниктердин чөнтөгүнө иштейт негизи. Алар бюджеттен да жардам алышат. Дагы эмнени ушундай компаниялардын колуна беришибиз керек? Бүт талкалап салат да анда. &nbsp;</div> <div><br>< /div><div>4. Миграция жөнүндө. Кыргызстанда жумуш жок болсо, миграция болот да. Чиновниктериң эмнеге анда жумуш оорундарын түзүп бербейт? Анткени алардын колунан келбейт. Ал деген жеке сектордун колунан келет эле. Бирок чиновниктер тышкы жана ички инвесторлордун ишине тоскоол кылып жатса, анан кайдагы жумуш оорундары болмок эле? Миграциянын негизги себеби - чиновниктердин иши. Алар көп нерсени талкалап салбадыбы, ал эми жаңы жумуш оорундарын ачабыз дегендерден алар кайра взятка сураса, анан кайсыл адам Кыргызстанда иш кылгысы келсин? &nbsp;Демек Кыргызстанда иш оорундары ачылбайт, миграция көп боло берет.&nbsp; </div><div> Ал эми сен Россияда мигранттар оор жумушта иштейт дейсиң, ооба, андайлар да бар. Бирок ал адамдын өзүнөн. Мисалы эгер сенде, жакшы жумушка, мисалы бир баалуу программист болгудай жетиштүү билимиң жок болсо, анда эмнеге ошондой програмисттей көп акча табышың керек экен?</div> <div>Адам өзүн өзү көтөрүп, өркүндөтүш керек, башкаларга шылтап отура бербей.</div> <div><br>< /div><div>5. Капиталисттик өлкөлөр үлгү болбогондон, анан Тундук Корея үлгү болушу керекпи? Эмнеге анда адамдар ошол сен жаман көргөн капиталисттик өлкөлөргө жумуш издеп, кетип жатышат? Капиталисттик өлкөлөр жаман болсо, мындай болбойт эле да? Сен деле катуу ооруп калсаң, анан колуңда акчаң болсо, кайсыл жактан дарыланмак элең? Германия, Америкадабы же Афганистан, Кыргызстанданбы? &nbsp;</div> <div>Көп медициналык кызматтар Кыргызстанда жок да таптакыр, ошол сен жаман көргөн капиталисттик өлкөлөрдө эле бар азыр. Биз алардан үлгү албай, анан кимден үйрөнүшүбүз керек экен? Капиталисттик өлкөлөрдө азыркы &nbsp;илимий, технологиялык жетишкендиктерди алардан үйрөнбөй, аларды ошол жактан үлгү кылбасак, анда эмне, Тундук Корея же Афганистанды үлгү кылышыбыз керекпи? Мен балдарым үчүн андай коомду каалабайм. &nbsp;</div> <div><br>< /div><div>6. Ооба дүйнөдөгү эң бай адамдар, мындан да ары бай боло берет. Анткени адамдар бирдей эмес, тең эмес. Бул -жаратылыш. Кээ бир адамдар акылдуураак же күчтүүрөөк болот. Мисалы Билл Гейтсте азыр 80 миллиард доллары бар, анткени анын компаниясы, миллиардаган адамдарга баалуу продуктарды сатат. А сен же мен, биз миллиардер эмеспиз, анткени биз Билл Гейтстей акылдуу эмеспиз тилекке каршы, анан биз программа ойлоп таап, аны миллиарддаган адамдарга саткан эмеспиз. Эми эмнеге Билл Гейтс ушунча бай, а мен андай бай эмесмин деп арыздангандын өзү эле кичине баланын ойундай</div> <div><br>< /div><div>Анан Билл Гейтс бүт акчасын жардамга кетирип жатканын билесиңби? Африкада малария оорусун жеңгеңге миллиарддаган акча коротту. Уоррен Баффет мисалы өзүнүн бүт акчасын өзүнө же балдарына эмес, адамзат учун, филантропия катары берип жатат. А сен канча миллион долларга жардам бердиң адамдарга? Же мисалы Илон Маск да миллиардер, ал эми экөөбүз андай бай эмеспиз, бул деген адилеттүүбү? Ооба, адилетттүү көрүнүш. Анткени ал экөөбүздөн кыйла акылдуу жана ал өзүнүн компаниялары аркылуу дүйнөнү тез өзгөртүп жатат. А сен кантип дүйнөнү өзгөртүп жатасың? Демек баары эле бай боло албайт экен да, жана ал туура эле көрүнүш экен да.&nbsp;</div> <div>Анан кедей адамдар эч качан миллиондогон башка адамдарга жардам бере албайт. Бай, колунда бар адамдар гана миллиондогон адамдарга жардам бере алышат азыр. Бул - ачуу чындык.&nbsp; </div><div> <br></div> <div>Аракет кылган, өз жашоосун оңдогусу келген адамдар гана жакшы жашаш керек, ал эми өз жашоосун оңдогусу келбеген адамдар эмнеге бай болуш керек экен? Эмнеге аларга мамлекет же башка бирөө жардам бериши керек экен?&nbsp;< /div><div>< br></div>< div>Социалисттик демагогиянын да чеги болот. &nbsp;Мен сени жакшы түшунүп турам, сен - чиновниксин. Мен билем Бабановко эмнеге каршысың - ал чиновниктердин санын кыскарталы деп жатат, ошол үчүн силер ага каршысынар. Бабанов хоть желмогуз адам болсун, бирок чиновниктерди кыскартып, экономикага туура саясат сунуштаса, жана азыркы Атамбаевдин популисттик- социалисттик саясатын токтотсо - мага ошол жетишет эле.</div></div>

Билдирүүнү түзөткөн: progresskg: 09 Май 2017 - 19:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   frunze12   09 Май 2017 - 22:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 28 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Июн 2019 02:24

Просмотр сообщения progresskg (09 Май 2017 - 19:37) жазган:

<div><div> frunze12</div>< div><br></ div><div>< br></div>< div><br></ div><div>Сенин жазганың бул баягы эле социалист-чиновниктердин "болтологиясына" окшоп турат. &nbsp;Мен 20 жылдан бери эле ушул силердин жомокторуңарды угуп жатып, тажап кеттим. &nbsp;Сен - чиновниксин же чиновниктин тууганы болсоң керек, анткени ой-жүгүртүүң да ошондой экен. Демек мен сени түшүнбөйм жана түшүнгүм да келбейт. Мен үчүн чиновниктердин көпчүлүгү бул мамлекетти тоноп, аларды артка тарткан адамдар. Ошондуктан мен ар дайым чиновниктердин санын азайышын каалайм. &nbsp;Аз чиновник - &nbsp;аз коррупция. Чиновниктер бизнес аркылуу эмес, коррупция аркылуу, элдин акчасын уурдоо аркылуу менен гана байышат. Ошондуктан алар чыныгы ишкер же чыныгы бизнесмен эмес, алар деген жөнөкөй эле уурулар. Жек көрөм аларды. Бабанов президент болсо, чиновниктердин санын азайтса - ушул нерсени эле аткарса, мага ошол эле жетишет эле. Чиновниктердин санын кескин кыскартыш керек.&nbsp; </div><div> <br></div> <div><br>< /div><div>1. Коррупция. Сен элден эле сурачы - ким силерден пара алат деп - мамлекеттик кызматкерлерби же жеке ишкерлерби деп сурасаң. Ошондо элдин көпчүлүгү &nbsp;мамлекеттик кызматкерлер пара алышат деп айтат - чиновниктер, соттор, милиция, таможня, мугалимдер, гаи, врачтар жана башка мамлекеттик сектордо иштегендер деп айтышат. Бизнесмендер же жеке ишкерлер эмес, чиновниктер. &nbsp;</div> <div><br>< /div><div>Ошондуктан кандай гана сен өзүндүн чиновниктеринди актаба, кандай гана аларды мактаба - башы иштеген адамдар түшүнүп турат -коррупциянын негизги булагы бул мамлекеттик кызматкерлер жана чиновниктер. &nbsp;Буга аргумент кылып, буга каршы мисал келтирүү - жон эле демагогия жана убакытымды короткум да келбейт.</div> <div><br>< /div><div>< br></div>< div>2. Мамлекет, услугаларды өз колуна алса туура болот дейсиң. Ооба сага, мисалы мына "Безопасный Город" деген проектти мына 5 жылдан бери иштетмек турсун, баштай албай жатышат! &nbsp;Баягы эле тойбос, ууру чиновниктер, буга жол бербей жатышпайбы. Жолдордо адамдар өлүп жатса да, аларга баары бир. Дагы эмнени чиновниктердин колуна өткөрүп беришибиз керек?&nbsp; </div><div> <br></div> <div>3. Мамлекеттик органдар же мамлекеттик компаниялар начар иштейт. Жок дегенде бир эле мамлекеттик компанияны айтчы жакшы, эффективно иштеген? Жок да андай. Мамлекеттик компаниялар деген ар дайым коррупцияга баткан, жаман иштеген мекемелер жана алар ууру чиновниктердин чөнтөгүнө иштейт негизи. Алар бюджеттен да жардам алышат. Дагы эмнени ушундай компаниялардын колуна беришибиз керек? Бүт талкалап салат да анда. &nbsp;</div> <div><br>< /div><div>4. Миграция жөнүндө. Кыргызстанда жумуш жок болсо, миграция болот да. Чиновниктериң эмнеге анда жумуш оорундарын түзүп бербейт? Анткени алардын колунан келбейт. Ал деген жеке сектордун колунан келет эле. Бирок чиновниктер тышкы жана ички инвесторлордун ишине тоскоол кылып жатса, анан кайдагы жумуш оорундары болмок эле? Миграциянын негизги себеби - чиновниктердин иши. Алар көп нерсени талкалап салбадыбы, ал эми жаңы жумуш оорундарын ачабыз дегендерден алар кайра взятка сураса, анан кайсыл адам Кыргызстанда иш кылгысы келсин? &nbsp;Демек Кыргызстанда иш оорундары ачылбайт, миграция көп боло берет.&nbsp; </div><div> Ал эми сен Россияда мигранттар оор жумушта иштейт дейсиң, ооба, андайлар да бар. Бирок ал адамдын өзүнөн. Мисалы эгер сенде, жакшы жумушка, мисалы бир баалуу программист болгудай жетиштүү билимиң жок болсо, анда эмнеге ошондой програмисттей көп акча табышың керек экен?</div> <div>Адам өзүн өзү көтөрүп, өркүндөтүш керек, башкаларга шылтап отура бербей.</div> <div><br>< /div><div>5. Капиталисттик өлкөлөр үлгү болбогондон, анан Тундук Корея үлгү болушу керекпи? Эмнеге анда адамдар ошол сен жаман көргөн капиталисттик өлкөлөргө жумуш издеп, кетип жатышат? Капиталисттик өлкөлөр жаман болсо, мындай болбойт эле да? Сен деле катуу ооруп калсаң, анан колуңда акчаң болсо, кайсыл жактан дарыланмак элең? Германия, Америкадабы же Афганистан, Кыргызстанданбы? &nbsp;</div> <div>Көп медициналык кызматтар Кыргызстанда жок да таптакыр, ошол сен жаман көргөн капиталисттик өлкөлөрдө эле бар азыр. Биз алардан үлгү албай, анан кимден үйрөнүшүбүз керек экен? Капиталисттик өлкөлөрдө азыркы &nbsp;илимий, технологиялык жетишкендиктерди алардан үйрөнбөй, аларды ошол жактан үлгү кылбасак, анда эмне, Тундук Корея же Афганистанды үлгү кылышыбыз керекпи? Мен балдарым үчүн андай коомду каалабайм. &nbsp;</div> <div><br>< /div><div>6. Ооба дүйнөдөгү эң бай адамдар, мындан да ары бай боло берет. Анткени адамдар бирдей эмес, тең эмес. Бул -жаратылыш. Кээ бир адамдар акылдуураак же күчтүүрөөк болот. Мисалы Билл Гейтсте азыр 80 миллиард доллары бар, анткени анын компаниясы, миллиардаган адамдарга баалуу продуктарды сатат. А сен же мен, биз миллиардер эмеспиз, анткени биз Билл Гейтстей акылдуу эмеспиз тилекке каршы, анан биз программа ойлоп таап, аны миллиарддаган адамдарга саткан эмеспиз. Эми эмнеге Билл Гейтс ушунча бай, а мен андай бай эмесмин деп арыздангандын өзү эле кичине баланын ойундай</div> <div><br>< /div><div>Анан Билл Гейтс бүт акчасын жардамга кетирип жатканын билесиңби? Африкада малария оорусун жеңгеңге миллиарддаган акча коротту. Уоррен Баффет мисалы өзүнүн бүт акчасын өзүнө же балдарына эмес, адамзат учун, филантропия катары берип жатат. А сен канча миллион долларга жардам бердиң адамдарга? Же мисалы Илон Маск да миллиардер, ал эми экөөбүз андай бай эмеспиз, бул деген адилеттүүбү? Ооба, адилетттүү көрүнүш. Анткени ал экөөбүздөн кыйла акылдуу жана ал өзүнүн компаниялары аркылуу дүйнөнү тез өзгөртүп жатат. А сен кантип дүйнөнү өзгөртүп жатасың? Демек баары эле бай боло албайт экен да, жана ал туура эле көрүнүш экен да.&nbsp;</div> <div>Анан кедей адамдар эч качан миллиондогон башка адамдарга жардам бере албайт. Бай, колунда бар адамдар гана миллиондогон адамдарга жардам бере алышат азыр. Бул - ачуу чындык.&nbsp; </div><div> <br></div> <div>Аракет кылган, өз жашоосун оңдогусу келген адамдар гана жакшы жашаш керек, ал эми өз жашоосун оңдогусу келбеген адамдар эмнеге бай болуш керек экен? Эмнеге аларга мамлекет же башка бирөө жардам бериши керек экен?&nbsp;< /div><div>< br></div>< div>Социалисттик демагогиянын да чеги болот. &nbsp;Мен сени жакшы түшунүп турам, сен - чиновниксин. Мен билем Бабановко эмнеге каршысың - ал чиновниктердин санын кыскарталы деп жатат, ошол үчүн силер ага каршысынар. Бабанов хоть желмогуз адам болсун, бирок чиновниктерди кыскартып, экономикага туура саясат сунуштаса, жана азыркы Атамбаевдин популисттик- социалисттик саясатын токтотсо - мага ошол жетишет эле.</div>< /div>

Социалисттик пропаганданы Союз кулагандан бери эч ким укпай келет да, сен акыркы 20 жылдан бери кимден угуп келесин?! Деги эле социализм менен капитализмдин чекарасын айырмалап биле аласынбы?! ! Эгер мен чиновник болсом же тууганы болсом бул жерге куйуп-бышып жазбасам керек эле чын журоктон баары бир деп... Учурда мамлекеттик кызматкерлер, чиновник, депутаттарды, сот, прокурорлорду баарын алмаштыруу керек. Анткени баары коррупцияга белчесинен баткандар, эл учун кызмат кылганы 100 чиновниктин арасын болсо болсо 2-3, калганы элдин акчасын уурдоо, казынаны тоноо менен алек. Бирок чиновник азайса коррупция азаят деген калп. Балким ошол аз чиновник мурунку коп чиновник "жеген" акчаны "жейт" чыгаар. Коррупция менен курошуу учун башкаруу системасы туп тамыры менен озгоруусу керек. Чиновниктердин баарын жоюп салсак олкодо анархия орун албайбы?! Ал учун мыйзамдары кары-жашы, бай-кедейине, баарына тегиз иштеген система керек, мисалы Кытайдай. Кытайда мыйзамдар катаал, коррупция Европа менен Америкага салыштырмалуу бир топ эле томон. Коррупцияга аралашканы билинсе миллиардерлер да олум жазасына тартылат. Американын колунан келеби, мисалы Билл Гейтс салыктан касканы же баалуу кагаздар менен махинация кылганы далилденсе? !!

Мамлекетте чон жана кичине тепкичтеги ар кандай чиновниктерден сырткары мамлекет каржылаган толтура мугалимдер, медиктер, бала бакча тарбиячылары, маданият кызматкерлери, орт очуруучу, куткаруучу ж.б.ж.б. иштейт, менимче сен алардын да санын кыскарткын келет го ээ?! Анда элдин баары сабатсыз наадан болуп оссунбу? Билесинби Себатта балдарын окуткандар бир жылда канча акча коротот?! Карапайым адамдар балдарын Себатта окута албайт, эгер мамлекет каржылаган мектептер азайып жеке мектеп, университеттер кобойсо чет олколорлой байлардын гана балдары жакшы жашоого ж.б.укуктуу, кедей жардылар эч болбосо акысыз билим алуу, дарылануу ж.б.унутат экен да. Бул анык эл душманынын созу! Жарды-жалчыны жек коргон бай кулунун кербез созу!

Милицияны да кыскарталы, кылмыштуулук оссун, орт очуруучу, куткаруучуларды кыскарталы, анда эртен сенин уйун куйсо ким очурот?!

Балык башынан сасыйт деген кеп бар. Жогору жактагы бийлик коррупцияга белчесинен эмес, кекиртегине чейин баткан сон катардагы кызматкерлер да паракор болушат да, эч ким жоопко тартылбаса! Ал учун система озгоруп коррупция менен курошуу керек. Ошондо врач, милиция ж.б.элден пара алганды токтотушат. Ал эми бизнесмендер аппак деген абсурд! Мисалы сенин кирпич заводун бар, жумушчуларды 12-14 сааттан иштетип кунуно 300-400 сом бересин. Бул деген туура эмес, сен аларды карактап тоноп акысын жеп жатасын деген соз. Мисалы катардагы жаран милиция же врачка ар куну пара бере бербейт. Ал эми сен ачкоз ишкер, алардын ар биринен ар бир жумуш куну учун кеминде 200-300 сомдон акысын жеп калып жатасын! Бул туура эмес. Олко анархия ичинде болсо, нагыз капитализм орносо, элди эн коп тоногон ишкер-бизнесмендер болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   frunze12   09 Май 2017 - 23:02

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 28 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Июн 2019 02:24

Сен озу социализмдин нанын татып корбой асмандан суйлогон сары ооз окшойсун. СССР деген олкону уктун беле, 70 жыл ашуун жашаган, бийликке Горбачев деген алсыз адам келгенде Горбачев менен Ельциндин айынан тарап кеткен. Эми ук, ошол СССР доорунда эн мыкты медицина болгон, Америка, Европасы жок эле. Илимий ачылыштар керек болсо ошол капиталисттик олколорго салыштырмалуу коп болгон, капиталисттик олколордо жашаган элден 10-20 эсе аз адам жашаса да. Сен айткан коррупция болгон эмес, мугалим, врач ж.б.ж.б. сенден пара сураган. Акысыз билим алуу (садиктен жогорку окуу жайларына чейин), акысыз медицина болгон. Алдынкы институт, университеттерге кучтуунун кучтуусу (билими), мыктынын мыктысы суурулуп барган, акчалуу байдын балдары эмес, окууга каалоосу жок. Бардык ишканалар мамлекеттики болгон. Ошончо ишканалар куркуроп иштеп кийим тигип, машина чыгарып, торт жасап, алыскы жайлоолорго чейин азык-тулук жеткирип турушкан. Тоо башындагы сарайга чейин электр энергиясын тартып барган. Азыр борбордогу жаны конуштардын айрымдары электр энергиясы жок отурат. Абалын корсон кулосун, Африкадагы кепелерди кочуруп келип койгондой. Мына 30 жылдан бери Окмот озунун акчасына бир завод же бир жол кура алган жок. Жолдор тыштан миллиарддап алынып жаткан карыздардын эсебинен курулуп жатат. Ал эми 1917-жылы Кыргызстанда эмне бар эле, СССР кулап жатканда Союздан бизге эмне калды деп ойлонуп кордунбу?! ! Бут сен коргон шаарлар: уйлор, мектеп, оорукана, садиктер Союз убагында курулган. Бугун копчулугунун абалы начар. Сен аларды 70-80-жж корушун керек эле, канчалык кооз экенин. Канчалаган кант заводдору, пахта заводдору, эт-сут комбинаттары, нооту камволдук фабрикасы, айтор толгон токой завод-фабрика иштоочу, баарын сен коргон чиновниктер менен бизнесмендер талкалады. Кстати Жалал-Абадлагы пахта заводун талкалап, анын территориясын майдалап саткан Бабанов болгон 2008-2009-жж.

Мамлекет иштете албайт, мамлекет кыла албайт ал-бул баары калп! Союз убагында канчалаган завод-фабрика курулду (акыркы 30 жылда Окмот бир завод курууга жарабады), эт-сут комбинаттары ж.б.кайра иштетуучу онор жайлары, кен казуучу ишканалар курулду, жаны шаарлар осуп чыкты, ГЭСтер курулуп элге жарык жеткирилди, мектеп, оорукана; садик, китепкана, маданият уйлору курулду. Канчалаган кара жол, темир жол, аэропорттор курулуп ишке тушту. Ошонун баарын Билл Гейтс же Бабанов куруп бердиби сенин оюнда?!! Элдин кат-сабаты жоюлду, илгеркидей жугуштуу оорулардан эл кырылып олгону токтоду, маданият дуркуроп осту же калппы?!! Азыр кайсы жазуучуну корсото аласын Сыдыкбеков, Жантошов, Баялинов сыяктуу, Айтматов агабызды айтпаганда? ! Азыр кайсы кинону корсото аласын Союз убагында тартылган кинолордой мыкты тартылган?! Союз убагында эл 8 сааттан иштеп, тапканы кунумдук жашоосуна кенири жетип, эртен эмне болот, кайдан жумуш табамын деген убайым жок эле. Элдин конулу ток эле. Жумуш таппай Москва, Питерге эч ким тентибеди эле.. Бугунчу, баарын талкаладык, эч нерсебиз жок, жумуш жок тентип журобуз. Ошол Европа, Америкада деле жашоо жакшы эмес, эл дайыма стресс менен жашайт. Эртен эмне болоорун эч ким билбейт. Балким эртен кризис болуп сен жумушсуз каласын, 5-6 ай жумуш издейсин. Балким... Садиктен тарта университетке чейин, ооруканалар баары акылуу, акчасы барлар учун. Бир ата-эне бир омур тапкан-топтогонун чогултуп уулун университетке окутуптур деп уктун беле, Америка, Европада бул чындык. Акчан жок болсо ооруп олуп жатсан да эч кимдин иши жок сени менен, же калппы?!!

Баары эле бизнесмен боло албайт, элдин баары бизнесмен болуп кетсе, алардын колунда ким иштейт?! Кыскасы сенин оюн-пикирин таза меркантилистик ойлор, колундан келсе бизнесмен бол, колундан келбесе 12-14 сааттан эзилип иште деген. Бизнесмендер таш боор, озун гана ойлойт деген туура да. Билл Гейтс, Уорен Баффет, Цукерберг ж.б.болуп элдин акчасын топтоп алып, топтолгон акчанын бир болугун элге кайтарып бергени менен эмне озгоруп жатат?! Элге канчалык пайдасы тийип жатат?!! Балким пайдасы бар чыгаар, бирок система озгорбосо бекер да. Мисалы Кыргызстан канча карыз алып жатат, грант алып жатат, жылыш барбы?!!

Колунан келгендер байысын, колунан келбесе мигрант болуп тентисин деген туура эмес. Андай ой сендей мерканталисттер менен Бабановдо болушу мумкун. Бабанов бийликке келсе эмне озгорот? Бизнесмендерге жакшы болушу мумкун, эл баягыдай эле жайдын аптабында тыным билбей 12-14 сааттан иштеп кунуно 300-400 сом табат да. Кыскасы болбойт. Бабановду ким колдойт?! Байлар байып кедейлер жакырлана берсин деген идея киминерге жагат?!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   progresskg   10 Май 2017 - 00:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 01 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 31 Авг 2018 19:54
  • Жынысы:Эркек

frunze12

Мени сени түшүндүм. Сенин атын эле айтып турат Фрунзе деп. Бишкек деген ат жакпайт сага, сага Фрунзе деген жагат да албетте. Cага бир нерсе айтып, сенин көз карашынды өзгөрткүм келбейт, анткени ал мүмкүн эмес. Эски көз караштагы адам экенин билинип турат. "Ватник" экенин билинип эле турат. Союз убагын самаган адам менен, мен сүйлөшө албайм негизи, анткени биздин көз караштарыбыз таптакыр эле башка. Силер өткөн чак менен жашайсынар, а мен болсо келчекти куруу менен жашайм жана келечекке оптимизм менен карайм. Айрымабыз асман менен жердей.

Мен мурдагы убакытка караганда, азыр жалпысынан эл жакшы жашайт деп айтсам, жанылышпайм. Ошол эле айылдагы элдин жашоосу, жалпысынан азыр кыйла женилиреек. Аракет кылган адам азыр жакшы жашай алат. Сен канчалык аны чансан деле, бирок бул факт.

Анан мисалы азыр ар бир адамда смартфон бар чөнтөгүндө, смартфон бул компьютер, андай компьютерди СССРде мамлекетте да болгон эмес. Мына азыр экөөбүз Интернетте сүйлөшүп жатабыз, бирок Интернетти СССР эмес, ошол сен жаман көргөн капиталисттик Америкада ойлоп чыгарганын билесинби? Билл Гейтсти жаман көрөт экенсин, бирок ошол Билл Гейтске рахмат деп айт, анткени ал чыгарган Windows программа менен компьютерди колдонгосун сен дагы, мен дагы. Анан ал сен айткандай элдин акчасын уурдаган эмес, ага эл өзүнүн акчасын берген, анын программасы үчүн акча төлөгөн. Акты ак, караны кара деп айтсанар боло.

Силер башка ийгиликке жеткен адамды көрө албай, ичинер күйүп өлүп кетесинер да, ошондуктан силер баардык адамдар бирдей болсун деп каалайсынар, бирдей кедей болсун деп каалайсынар.

Анан СССР сен айткандай күчтүү болсо, анда кайда ошол СССР? Эмнеге урады эле ошондой күчтүү болсо? СССР завод, фабрика, компанияларды СССР укмуш жакшы иштетсе, эмнеге алар ураган, жабылган? Ал эми ошол эле менчик Кока-Кола же Форд мындан жүз жыл мурун ишин баштаса деле, бүгүн деле иштеп жатышат. Бир эле Горбачев же Батыш СССРди ураткыдай болсо, анда ал чынында күчтүү деле болгон эмес дегенди билдирет. Очередь болуп, тамак ашты талон менен алчу эмес беленер? Бийликке критика кылган адамдарды эмне кылчу эле?

СССРдеги технологияларды, советтиктер Батыштан уурдаган, бирок аны да туура иштете алган эмес.
Ошол эле компьютерлерди СССР өзү чыгара алган эмес. Технология жактан артта калган Америкадан.
Азыркы айрыманы айтпай эле коеюн, бирок мурда деле ошондой болчу.

Айтор, СССР бул өтөп кетти, кайра келбейт.
Аны унутуш керек, унуткун келбесе да, бүгүнкү күн менен жашап, бүгүнкү күндүн проблемаларын чечиш керек. Мурда мындай болчу, мурда жашоо сонун болчу, азыр баары жаман деп, башына кум төгүп отура берсен, эч бир проблема чечилбейт, жашоо өзгөрбөйт.

Болду айтчу сөзөмдө айттым, ватниктерге негизи убакытмды кетиргим келбейт эле.

Билдирүүнү түзөткөн: progresskg: 10 Май 2017 - 00:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   frunze12   10 Май 2017 - 01:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 28 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Июн 2019 02:24

Просмотр сообщения progresskg (10 Май 2017 - 00:38) жазган:

Сен озун "ватник" боло бер, капа болбо го тушунугун чектелуу экен. Убакыт откон сайын прогресс болот, СССР убагында смартфон жок эле, азыр бар дейсин, ушул да кеппи, учуру келип смартфондун ордун башка нерселер ээлейт. Смартфонду капиталисттик олкодо ойлоп тапты деп колдонбой коелубу?! Америка да космоско учуп жатат го, космоско биринчи СССР чыйыр салганына карабай. СССР эмнеге кулаганын билуу учун тарыхты оку. Биздин, миллиондогон элдин шор бешенесине такка Горбачев деген алсыз адам келип каяктагы реформаларды баштаган, Батыштын марионеткасы болуп. Акыр аягы Ельцин мамлекеттик тонкоруш жасап бийликти тартып алды да СССРди таратып жиберди. Эмне болду, кыйраттыбы, миллиондоп эл жумушсуз калды, криминалдар баш которду. Дагы жакшы Союздан калган завод-фабрикалар башка КМШ олколорундо иштеп жатат, Кыргызстандагыдай талкаланып жок болбой...

Учурда заман жакшы деп жазыптырсын, далилдей аласынбы жакшы экенин?!! Бабановго окшоп калпты ышкыртууга уста экенсин! Сен Бабановдун дасторконун, анын жашоосун айтпа, андай байлар болгону элдин 1%тин тузот. Сен 90% катардагы элдин ал-абалын сура. Айына канча кг эт же балык жейт экен, канча кг жемиш сатып ала алат?! Жеп-ичкени илгергикедей натуралтьный продуктубу же кытайдын зыян окарачкасы, алмасыбы? Тамактын рациону мурдагыдай кучтуубу?! Айлык-маянасы илгеркидей жетип жатабы?! Эмнеге жашоо жакшы болсо эмгекке жарамдуу калктын дээрлик жарымы тышта журот, жооп берчи?! Эмнеге жашоо илгеркиден жакшы болсо тентип журот?! Ошолордун жары, бал ширин балдары Кыргызстанда, аларды сагынбайт бекен?! Оорукчан кары ата-энелер карыганда кыйналып небере багып отурат, ушулбу сен айткан жакшы жашоо?!! Эл смартфон которуп компьютер колдонсо эле жакшы жашап жаткан болобу?! Абсурд!! !

Эл жакшы жашаса эмнеге Кыргызстанда завод-фабрикалар жок илгеркидей? ! Эмнеге мамлекет озунун акчасына жол сала албайт?!! Кыргызстандагы жолдорду коруп жатасынбы, кайырчынын мин бир жамаачы кийиминдей жыртык-тешик. Эмнеге эл жумуш таппай кыйналып журот?!!

Колундан келсе бизнесмен бол дейсин, макул мен бизнесмен болоюн, сен бизнесмен бол, калган элчи, алардын жашоосу онолуп кетмек беле?! Же Америкада элдин баары бизнесмен бекен?! Америкада жашоо жыргал май-кол, сут-кол бекен?!!

Мен СССРди кайтара албасымды билемин, бирок анын жакшы жактарын улгу алса болоорун да билемин. Сендей капиталист таш боорлор бийликке келсе элдин жашоосу онолмок беле?! Айтасынар да "оздору куноолуу, мамлекет жардам берууго миллеттуу эмес, колунан келгениндей жашасын" деп. Силер бийликте болсонор азыркыдай эле " оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун" деген заман болот.

Мамлекет завод-фабрикаларды куруп, элдин камын ойлоп, жумушчуларды ашкере эксплуатация кылган сендей ишкерлерди ооздуктап, 8 сааттык жумуш кунуно кайтып, ондурулгон продукцияларды экспорттоону Окмот колго алып, шылуун ортомчу-ишкерлерди жоюп, коррурция менен курошуп, элдин байлыгы элге кайтса олкодо жылыш болот. Ал эми Бабанов экоондой бизнесмендер бийликке келсе, адатынарча эле оз чонтогунорду ойлойсунар. Анткени силердин мээнерге синип буткон акча, акча, акча, акча болуп. Бизнесмендер ар дайым элдин кызвкчылыгынан жеке кызыкчылыгын, чонтогун жогору коюп келет. Шайлоолордо элди акчага сатып алып жаман уйронушкон. Куру убадаларды мол берет. Бирок эл акыры бир кун шайлоолордо добушун сатпаган да кун келет. Силердей оз чонтогунун кулу бизнесмендерден Кудайым сактасын элди...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   frunze12   10 Май 2017 - 01:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 28 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Июн 2019 02:24

Учурда дарылануу чон койгойго айланды, илгеркидей бекер операция жасашпайт, дары-дармектер асмандын башында. Ооруканаларда колдонулган технологиялар эскирген, тайрыйбалуу врачтар жетишсиз. Ошол учун бир топ оорулуулар айласыздан элден жардам сурап кайрымдуулук кутот. Элге кайрылбай акчасы жоктугунан ооруп олуп кетип жаткандары канча. Мисалы бир тааныган адамга операция болуш учун 10мин доллардай акча керек экен. Ал операция болуудан баш тартты, гарантия болбосо ал акчага операция болгуча балдарымдын бир керегине жарасын, кыйналып жатышканда деп... Мисалы АУЦАда бут акчалуулардын, капчыктуулардын уул-кыздары окуйт. Демек Бабанов экоон каалаган Кыргызстан капчыктуулар учун экен да ээ. Акчасы жокпу окубасын, акчасы жокпу олуп кете берсин деп.. Базарларда 10-12 жашар балдар араба туртуп иштеп журот. Кирпич заводдордо иштейт, алардын бактылуу балалыгы кайда калды же байлардын уул-кыздарына эле насип эткенби бактылуу балалык?!!

Байкуш мигранттардын канчалаган уул-кыздары чон ата-энелеринин, тайларынын колунда чоноюп жатат, алар сагынбайт бекен ата-энесин, ата-эне мээримине зар эмес бекен?!! Тышта кор турмуштун айынан тентиген мигранттар тыпындаган уул-кыздарынын кылыктарын корбой, балдан ширин кебине тойбой алыста журушот балдарын сагынып. Алар адам эмес бекен?!! Байлар ханча жашап, байкуш эл кыйналып журо берсинби, ушулбу силер элге ыраа коргон келечек?!!

Билдирүүнү түзөткөн: frunze12: 10 Май 2017 - 01:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Lion.   08 Июнь 2017 - 01:32

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 785
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 06 Янв 2020 20:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мен Бабановту шайлайм. Колдойм. Кыргызстанды онуктуро алат. Буйруса Бабанов биздин президент.
Бабанов алга!!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Elnura96   08 Июнь 2017 - 08:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 00:48

Просмотр сообщения MEDER_KULETOV (02 Май 2017 - 21:05) жазган:

Бабанов президент болуга татыктуу деп ойлойм анткени пример болуп иштеп жатканда көптөгөн реформаларды жасады аз убакыттын ичинде результат көрсөтө алды канчалаган мен кыйынмын деген инсандар примерликке иштеди бири дагы Бабановдой иштей алган жок!!! !!!!! !!
толук кошулам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Elnura96   08 Июнь 2017 - 08:45

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 00:48

Просмотр сообщения frunze12 (10 Май 2017 - 01:14) жазган:

Сен озун "ватник" боло бер, капа болбо го тушунугун чектелуу экен. Убакыт откон сайын прогресс болот, СССР убагында смартфон жок эле, азыр бар дейсин, ушул да кеппи, учуру келип смартфондун ордун башка нерселер ээлейт. Смартфонду капиталисттик олкодо ойлоп тапты деп колдонбой коелубу?! Америка да космоско учуп жатат го, космоско биринчи СССР чыйыр салганына карабай. СССР эмнеге кулаганын билуу учун тарыхты оку. Биздин, миллиондогон элдин шор бешенесине такка Горбачев деген алсыз адам келип каяктагы реформаларды баштаган, Батыштын марионеткасы болуп. Акыр аягы Ельцин мамлекеттик тонкоруш жасап бийликти тартып алды да СССРди таратып жиберди. Эмне болду, кыйраттыбы, миллиондоп эл жумушсуз калды, криминалдар баш которду. Дагы жакшы Союздан калган завод-фабрикалар башка КМШ олколорундо иштеп жатат, Кыргызстандагыдай талкаланып жок болбой...

Учурда заман жакшы деп жазыптырсын, далилдей аласынбы жакшы экенин?!! Бабановго окшоп калпты ышкыртууга уста экенсин! Сен Бабановдун дасторконун, анын жашоосун айтпа, андай байлар болгону элдин 1%тин тузот. Сен 90% катардагы элдин ал-абалын сура. Айына канча кг эт же балык жейт экен, канча кг жемиш сатып ала алат?! Жеп-ичкени илгергикедей натуралтьный продуктубу же кытайдын зыян окарачкасы, алмасыбы? Тамактын рациону мурдагыдай кучтуубу?! Айлык-маянасы илгеркидей жетип жатабы?! Эмнеге жашоо жакшы болсо эмгекке жарамдуу калктын дээрлик жарымы тышта журот, жооп берчи?! Эмнеге жашоо илгеркиден жакшы болсо тентип журот?! Ошолордун жары, бал ширин балдары Кыргызстанда, аларды сагынбайт бекен?! Оорукчан кары ата-энелер карыганда кыйналып небере багып отурат, ушулбу сен айткан жакшы жашоо?!! Эл смартфон которуп компьютер колдонсо эле жакшы жашап жаткан болобу?! Абсурд!! !

Эл жакшы жашаса эмнеге Кыргызстанда завод-фабрикалар жок илгеркидей? ! Эмнеге мамлекет озунун акчасына жол сала албайт?!! Кыргызстандагы жолдорду коруп жатасынбы, кайырчынын мин бир жамаачы кийиминдей жыртык-тешик. Эмнеге эл жумуш таппай кыйналып журот?!!

Колундан келсе бизнесмен бол дейсин, макул мен бизнесмен болоюн, сен бизнесмен бол, калган элчи, алардын жашоосу онолуп кетмек беле?! Же Америкада элдин баары бизнесмен бекен?! Америкада жашоо жыргал май-кол, сут-кол бекен?!!

Мен СССРди кайтара албасымды билемин, бирок анын жакшы жактарын улгу алса болоорун да билемин. Сендей капиталист таш боорлор бийликке келсе элдин жашоосу онолмок беле?! Айтасынар да "оздору куноолуу, мамлекет жардам берууго миллеттуу эмес, колунан келгениндей жашасын" деп. Силер бийликте болсонор азыркыдай эле " оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун" деген заман болот.

Мамлекет завод-фабрикаларды куруп, элдин камын ойлоп, жумушчуларды ашкере эксплуатация кылган сендей ишкерлерди ооздуктап, 8 сааттык жумуш кунуно кайтып, ондурулгон продукцияларды экспорттоону Окмот колго алып, шылуун ортомчу-ишкерлерди жоюп, коррурция менен курошуп, элдин байлыгы элге кайтса олкодо жылыш болот. Ал эми Бабанов экоондой бизнесмендер бийликке келсе, адатынарча эле оз чонтогунорду ойлойсунар. Анткени силердин мээнерге синип буткон акча, акча, акча, акча болуп. Бизнесмендер ар дайым элдин кызвкчылыгынан жеке кызыкчылыгын, чонтогун жогору коюп келет. Шайлоолордо элди акчага сатып алып жаман уйронушкон. Куру убадаларды мол берет. Бирок эл акыры бир кун шайлоолордо добушун сатпаган да кун келет. Силердей оз чонтогунун кулу бизнесмендерден Кудайым сактасын элди...
Бабанов акылын колдонуп бай болгон учун куноолубу? Бабанов деген бийлике келе электе эле бай болчу бирок Койгой мында эмес биз кыргыз калкы моюнга алышыбыз керек эмнеге дегенде добуш берип кой деп 100 сом коргозуп койсо эле болду ошого ыраазы болуп добушту берип анан олгончо бул жаман тигил жаман деп какшанабыз. Адилеттуу шайлоо кааласак жана татыктуу президент кааласак биз озубуздун напсибизди тыйып берген 100 сомун озуно буюрсун деп кой адилеттуу шайлоону атка минээрлерден кутпоо керек экенин билип туруп алардын козун караганыбыз биздин катабыз жана унутпа адам кедей торолсо анын куноосу эмес бирок кедей олсо оз куноосу Аллахтын берген акылын колдонсон бай болуу оор эмес !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   CEO   08 Июнь 2017 - 13:34

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

Просмотр сообщения Elnura96 (08 Июнь 2017 - 08:45) жазган:

Бабанов акылын колдонуп бай болгон учун куноолубу? Бабанов деген бийлике келе электе эле бай болчу бирок Койгой мында эмес биз кыргыз калкы моюнга алышыбыз керек эмнеге дегенде добуш берип кой деп 100 сом коргозуп койсо эле болду ошого ыраазы болуп добушту берип анан олгончо бул жаман тигил жаман деп какшанабыз. Адилеттуу шайлоо кааласак жана татыктуу президент кааласак биз озубуздун напсибизди тыйып берген 100 сомун озуно буюрсун деп кой адилеттуу шайлоону атка минээрлерден кутпоо керек экенин билип туруп алардын козун караганыбыз биздин катабыз жана унутпа адам кедей торолсо анын куноосу эмес бирок кедей олсо оз куноосу Аллахтын берген акылын колдонсон бай болуу оор эмес !

Биринчиден Бабанов байлыгын ханзаадалар менен достошуп, бийликти колдонуп кобойтконун элдин баары жакшы билет. Мына азыр да Кыргыз-Орус фондунан бизнесине акча болуп отурат, ал акча торговый центр куруу учун колдонулбагы керек болсо да...

Кытайда бул учун эбак эле атып салышмак.

Бабанов бай болгону учун куноолуу эмес, ошол байлыкты кантип кураганы учун куноолуу... Бабанов мыйзамдарды сактап, мыйзам жолунда байыган деген кепке эч ким ишенбейт, акмак эле ишенбесе...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   22 Июнь 2017 - 17:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Мен Бабановдун президент болушун колдобойм,татыктуу эмес деп ойлойм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Mumu1986   22 Июнь 2017 - 18:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 395
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 25 Июн 2020 23:01
  • Жынысы:Аялзаты

Бабанов бийлике келелектеле бензин сатып бутуна турган Адам. Бийлике келип , кылган иши билинбейле байыган адамдарга Караганда, Бабановдун эмне иш кылгандарын билебиз. Бир бийлике эч нерсеси жок бироо келип , аркы беркини урдагандан коро, Бабановдун озуно жетээрлик миллиондогон акчалары бар. Анча мынча акчанын кереги жокго дейм. Премьер министр маалында шоферлерго жакшы шарттарды тузуп бердилего. Жакшыле иштерди кылып журот. Мадумаров , Бабанов экоонун бироосун колдойм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Dastan.10   22 Июнь 2017 - 18:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 195
  • Катталган: 30 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 30 Окт 2017 23:10

Менин оюмча толук татыктуу эмес. Жакшы иштейт бирок ооп кетмейи бар, бир аз коркок. Мисалы азыр СДПК нын созун суйлоп журот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 35 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 35, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 22:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: