Ассаламу Алайкум урматтуу форумчулар.
Өлкөбүздө расмий иш алып барып жаткан 19 000 Бей өкмөт уюмдары иш алып келет экен. Алардын дээрлик баарысы чет өлкөдөн каржыланат,
Америка, Европанын өлкөлөрү чын эле адам укуктарын коргойбу же биздин элдин баалулуктарын кетирүү максатында "гейлердин"
"лесбилердин"
ушуга окшогондордун укуктарын коргомуш болуп биздин элдин жок болуп кетүүсүнө салым кошушабы? Мына азыр ар түркүн жыныстык мамилелер, аял эркектин мамилелери жөнүндө китепчелер мектеп окуучуларына таркатылганы факт. Балтикадан "1 000 000" приз коюлушу. Жана башка ушул сыяктуу чет өлкөдөн каржыланган проектилер.
Келгиле ушул нерселер жөнүндө талкуу кылайлы.
Баракча 1 - 1
Бекер тамак капканда гана болот! Тузак.
#2 17 Август 2014 - 01:05
Булардын ишмердүүлүгү кандай көзөмөлдөнөт,
Кандай чектөөлөр, Кандай өзгөртүүлөр керек?
#3 17 Август 2014 - 11:17
Ар ким өз башы менен жүрсө, өз башын башкара билсе, андай жолдорго барбайт. Эми уюмдар көп чындыгында,
а бирок бир эле гей лезбилерди колдогон уюмдарды айтпай, башка максаттагы жакшы эле иштерди алып барып жаткан уюмдар деле барда.
Баардык нерсени эле батыштан көрө бербей, алгач кыргыз эли да өз кемчилдиктерин оңдосо болчудай. Уюмдар көп, бир эле батыш эмес, ошол эле мусулман өлкөлөрдөн келген уюмдар бар. Алардын ким тарабынан кандайча көзөмөлдөнүп тураарын биле албадым бирок.

Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#4 20 Август 2014 - 12:51
Гейлердин укугун коргоо бул АКШнын улуттарды тукум курут кылуучу программасы.
#5 20 Август 2014 - 23:33
vankuver. (17 Август 2014 - 11:17) жазган:
Ар ким өз башы менен жүрсө, өз башын башкара билсе, андай жолдорго барбайт. Эми уюмдар көп чындыгында,
а бирок бир эле гей лезбилерди колдогон уюмдарды айтпай, башка максаттагы жакшы эле иштерди алып барып жаткан уюмдар деле барда.
Баардык нерсени эле батыштан көрө бербей, алгач кыргыз эли да өз кемчилдиктерин оңдосо болчудай. Уюмдар көп, бир эле батыш эмес, ошол эле мусулман өлкөлөрдөн келген уюмдар бар. Алардын ким тарабынан кандайча көзөмөлдөнүп тураарын биле албадым бирок.
Баардык нерсени эле батыштан көрө бербей, алгач кыргыз эли да өз кемчилдиктерин оңдосо болчудай. Уюмдар көп, бир эле батыш эмес, ошол эле мусулман өлкөлөрдөн келген уюмдар бар. Алардын ким тарабынан кандайча көзөмөлдөнүп тураарын биле албадым бирок.
Сен экөөбүз эмнени кабыл алып, эмнени кабыл албоону билебиз. Бирок, мектеп окуучуларына китепчелерди таркаткандарычы?
Негизги миссиясы ошол гейлерди пропагандалоо калкка таңуулоо болсочу. Дагы дале унчукпай отура берүү керекпи?
Мусулман өлкөлөрүнөн келген уюмдар Президенттин алдындагы дин башкармалыгы, муфтият деген мамлекеттик органдар аркылуу көзөмөл болот.
#6 20 Август 2014 - 23:35
#7 21 Август 2014 - 06:15
Ар бир нерсенин максаты бар, ошондой эле пайдасы зыяны бар, мен булардын 50% иш жургузуу аракетине каршымын, убагында мен да иштеп коргонмун, жакшы жактары да бар, Биздин Улутук кызыкчылыка каршы келдиби кандай гана аты жамынып келбесин, ал жаман чыкынчы, катары корушубуз керек.
-------
Менин жеке оюум, кантролдонбогон жердин баары зыян, Мамлекет алардын ишмердуулугун козомолдоп туруусу шарт..!
-------
Менин жеке оюум, кантролдонбогон жердин баары зыян, Мамлекет алардын ишмердуулугун козомолдоп туруусу шарт..!
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#8 21 Август 2014 - 12:53
Мисалы Азаттык+ту Америка каржылайт экен. Эмне максатта каржылайт? Албетте өзүнүн пайдасы үчүн. Ар бир долбоордун өзүнүн максаты болот, жөндөн жөн эле эч ким акча коротпойт да. Анан да чоң компаниялар,
кайрымдуулукка акча берсе, налогдон кутулат, алар үчүн кайрымдуулук берүү пайдалуу. Мен көбүнчө саясий оюндарын жүргүзүү үчүн деп ойлойм. Анан студент кезде америкадан адамдар келип токинг клаб уюштурду. Бир жума барып жүрдүм. Тим эле бекер англис тилин практика кылганы аз келгенсип белектерди берет, аягында болсо кафеде коноктоп жатпайбы, көрсө, баптисттер экен.
#9 24 Октябрь 2014 - 11:54
Орусияда чек өлкөнүн бей өкмөт уюмдарына чет өлкөнүн спец службасы деп атайын мыйзамдары бар. Финансовый отчетторду алып турушат, көзөмөл каттуу. Бизге да ушул мыйзам керектей.
#10 16 Январь 2016 - 17:03
Мындайларды калп эле угуп коюп, аа ушундайбы, деп акчаларын пайдаланыш керек да, туштон кийин кечирип кой, мындай нерселерге биздин намыс, динибиз туура келбейт экен деп коюш керек .
#11 12 Май 2017 - 18:44
Чандан тазалап койоюн теманы )))) Теманын аталышы укмуш сонун экен ..
#12 13 Май 2017 - 00:41
Башкалар эмнени жайылтса дагы тандоо озубуздо да,бош болсок албетте башына минип алат.
Баракча 1 - 1