Суперстан: Сүйүү деген эмне? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (26 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сүйүү деген эмне?

#421 Пользователь офлайн   argen.kg4   02 Май 2017 - 02:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 981
  • Катталган: 15 Январь 15
  • Соңку аракети: 05 Мар 2021 07:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ал жерден корунбойт

Сүйүүнүн күчү керемет эмес керебет-деген эле бир тааныш брат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#422 Пользователь офлайн   argen.kg4   02 Май 2017 - 02:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 981
  • Катталган: 15 Январь 15
  • Соңку аракети: 05 Мар 2021 07:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ал жерден корунбойт

10-класста "Сүйүүсүз турмуш-фундаментсиз курулуш"- деген темада реферат жазган элем.Азыр ойлоп корсом сүйүүсүз эле баш колуп,никеден кийин сүйүшүп калышат тура копчүлүк.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#423 Пользователь офлайн   Sezimka27   02 Май 2017 - 14:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 075
  • Катталган: 29 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 20 Дек 2024 13:39
  • Жынысы:Аялзаты

суйуу жок нерсе
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#424 Пользователь офлайн   kyialkech2016   02 Май 2017 - 15:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 769
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 18 Июн 2017 16:18
  • Калаасы:Апамдын журогундо

Просмотр сообщения Sezimka27 (02 Май 2017 - 14:27) жазган:

суйуу жок нерсе

.
Азырынча жок, куто тур келип калаар. ))

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: suyuu jok.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#425 Пользователь офлайн   Kominam   02 Май 2017 - 23:21

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Суйуубу...

Аны суйгон адам гана билет, ал эми суйуу татыктууларга гана берилет...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#426 Пользователь офлайн   kyialkech2016   04 Май 2017 - 02:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 769
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 18 Июн 2017 16:18
  • Калаасы:Апамдын журогундо

С үйүү адамга кандай келет?

Сүйүү... Не бир ыйык сезим! Анын түрлөрү да
көп. Ата-энеге, бир тууганга, доско, мекенге
болгон жакшы көрүү сезимин сүйүү деп атап
келебиз. Алардын арасынан эң эле ысыгы -
ашыктардын ортосундагы сезим. Анын
аныктамасы барбы? Махабат эмнеликтен
жана кандай учурда пайда болот? Жоопсуз
суроолор көп, бирок, сүйүүнүн даамын татып
көрбөгөн бир да адам жок.

.

Илим жагынан алганда сүйүү–бул химиялык
реакция. Ага ылайык, бул сезимдин 3 түрү
бар:

.
1. Табигый тартылуу, башкача айтканда, эки
адамдын ортосунда кандайдыр бир жылуу
сезим пайда болуп, бирин-бирине мындайча
айтканда «тартып» турган абал. Ал адамды
кайра-кайра көргүңүз келип, ойлосоңуз
оюңуздан, уктасаңыз түшүңүздөн кетпей
калат. Буга кошумча тамакка болгон
табитиңиз жоголуп, уйкуңуз качып калган
болсо, сүйүүнүн алгачкы этабында экениңизди
билиңиз. Жактырып калган адамды көргөндө
алакандар тердеп, жүрөктүн кагышы
ылдамдап, кээ бири жада калса сүйлөй албай
калганга чейин барышат. Бул - гормондор. Ал
мээде серотонин, норадреналин жана допамин
химиялык заттарынын иштелип чыгышын
шарттайт да, адам сүйүүгө кабылганда өзүн
бактылуу сезе баштайт. Жалпылап айтканда,
мына ушул жогоруда атап өткөн үч зат - биз
билген сүйүү сезими.
2. Көнүп калуу. Сүйүүнүн экинчи этабында
жактыруу сезими көнүп калуу, кыя албастык
менен алмашат. Бул абалга окситоцин жана
вазопрессин деген заттар жооптуу. Биринчиси
ашыктардын мамилесин бекемдесе, экинчиси
төшөк мамилесине жооп берет. Бул эки адам
бири-бирин канчалык көп кааласа, ошончолук
мамиле бекем болот деген сөз.
3. Тандоо. Бул этап өтө кызык. Анткени,
жогорудагы эки этапка анын таптакыр
тиешеси жок. Эмне себептен деп таң калат
чыгарсыз. Түгөйлүккө жар тандоонун негизги
критерийи кайсы? Дени сактык, жакшы тукум
улоочулук бирдик. өмүрлүк жар тандоодо
тердин курамына кирген феромон жардамга
келет. Анын жыты манжалардын изи сымал
кайталангыс жана уникалдуу. Феромондун
жардамы аркылуу жаныбарлар өзүлөрүнө
күчтүү жана дени сак түгөй таба алышат. Бул
көрүнүш адамдарда да бирдей.
Сүйүү эркин сезим, аны башкаруу мүмкүн
эмес. Мажбурлап бирөөнү сүйүүгө да,
сүйдүрүүгө да болбойт. Нью-Йорктун
медициналык колледждеринин биринин
неврологу Люси Браун сүйүүнү чаңкоо
сезимине окшоштурат. «Сүйүүгө кабылган
адамдын сезимдери чаңкоо сымал ашыгы
жанында болгон учурда гана канат. Албетте,
ар бир адамдын темпераменти жана
сезимдерин билдирүү ыкмасы ар башка, бирок
ар бир адам ашыгы жанында болгондо гана
эйфорияга чөмүлөт» дейт ал. Ал эми психолог
Кейт Вакс, ортодо сый жана түшүнүү болбосо
сүйүү болбойт деген пикирде. Сүйүүнүн
аркасында адам өзүнүн өзгөчөлүгүн, бирөөгө
керектигин сезет. Жоопсуз сезимге кабылып,
азап тартуу жана кызганычтын айынан көңүл
оорууну эске албаганда сүйүү адамга бакыт
тартуулаган ыйык сезим. Ал - Жараткан
тартуулаган белек. Ага аныктама издеп кереги
жок, жөн гана сүйүү жана сүйүктүү болуу
жетиштүү!

.
.
Суйун Откеев режиссёр:

Сүрөт
Сүйүү - бул эки адамдын кыз-жигит болуп
сүйлөшүп жүргөндөгү таттуу, ыйык, кызыктуу
сезими. Ал эми алар баш кошуп, бирге түтүн
булата баштагандан кийин ал сезим сый-
урматка айланат да, мурункудай интенсивдүү
болбой калат. Менимче, сүйүүнүн бул
аныктамасы реалдуулукка эң жакын. Себеби,
баштапкыдай сезимдерди дайыма мурункудай
деңгээлинде алып жүрүү эч качан мүмкүн
эмес. Мисалы, бала-чакалуу болгондон, ортого
күнүмдүк маселелер, ар кандай жумуштар
киришкенден кийин сезимдер кийинки планга
өтө баштайт. Бул табигый көрүнүш. Болгону
ошол сый-урмат өмүр бою уланып турса. Аны
сүйүү сезиминин уландысы катары карасак
болот. Анткени, кыз-жигит сүйлөшүп, сүйүшүп
жүргөндөгү сезим ошол убакка гана тиешелүү
деп ойлойм.
.
.
Назира Жетигенова, куудул:

Сүрөт
Сүйүү ар кимдин башына ар кандай келет.
Менин оюмча, сүйүү - бул оору, айыккыс дарт.
Мисалы, адам сүйүп калганда «ооруп»,
сүйүктүүсүн көргүсү келе берет. Анын начар
сапаттары көзгө илинбей, жалаң гана жакшы
жагы көрүнүп калат. Башкаларга сулуу
көрүнбөсө да, сүйгөн адамга анын ашыгынан
өткөн чырайлуу адам жок болот. Достор,
туугандар арасында «э койчу, анча деле эмес
экен аның» деп тамашалашып калганда
«силер менин көзүм менен карагыла да» деп
жооп кайтарабыз. Сүйгөн адамың бир сөз
менен айтканда, сен үчүн идеалдуу болуп
көрүнөт. Ортодо кызганыч, көнүп калуу, көңүл
чөгүүлөр болот, ошого карабай сүйүүнүн
даамын ар бирибиз таткыбыз келет. Антпесе
да болбойт экен. Биздин улуу инсандарыбыз
«топурак менен суу - ылай, эркек менен аял-
жубай, ушинтип жаратып койгон турбайбы
Кудай» деп айтышкандай, Кудай бардык
жандыкты түгөйү менен жаратып койгон тура!
Бири-бирибизди сүйсүн деп жакшы сезимди
берген экен. Сүйүүнүн маңызын мен ушундай
түшүнөм. Тыйындын эки тарабы болгондой,
сүйүүнүн да ачуу-таттуусу болот, эгерде адам
сүйбөсө, ал жашоонун өйдө-төмөнүн, маани-
маңызын, ким үчүн жашаарын түшүнбөйт.
Андыктан, бардык жүрөктөргө эң биринчи
кезекте ыйман, андан кийин сүйүү каалайт
элем.
.
.
Улан Азиев, сүрөтчү-дизайнер:
Сүрөт
Сүйүү деген сөздү укканда эле көпчүлүгүнүн
оюна кыз-жигит ортосундагы бири-бирине
болгон жактыруу сезими келет. Бул сезимдин
көп түрү бар эмеспи, ата-энеге, бир тууганга,
жакыныңа болгон сүйүү, мекенге,
жаратылышка, айтор, көп. «Сүйүү күнү» деп
сүйүүнү даңазалап, 14-февралды майрам
катары белгилеп жүргөнүбүз туура эмес.
Анткени, сүйүү күнү десе эле жеңил ойлуулукка
алдырып, никесиз түн өткөрүп койгондору
четтен чыгат. Мусулмандарда мындай
майрам жок. Шариат кыз-жигиттин жылдап
сүйлөшкөнүн да четке кагат. Кээ бири муну
жапайычылык деп туура эмес түшүнүшү
мүмкүн. Ооба, шариатта да «сүйбөй эле бир
көрүп ал» дебейт. Аял жана күйөө тандоонун
маселеси нике жана үй-бүлө тууралуу диний
китептерде жогорку деңгээлде жазылган.
Айылдагы жеңелерибизди ала качып барып
отургузуп, мажбурлап аял кылып алган
көрүнүштөргө шариат катуу тыюу салат. Мына
ушул - жапайычылык. Акыйкатта чыныгы
сүйүү үйлөнгөндөн кийин гана башталат. Аллах
Таала никенин артына көп сырларды каткан.
Сүйүү - бул сөз менен түшүндүргүс нерсе. Мен
муну өзүмдүн тажрыйбамдан алып айтып
жатам.үйлөнгөнүмө 3 жылдын жүзү болду,
Кудайга шүгүр, ортобузда жылуу мамиле
сакталуу бойдон, сый-урмат, түшүнүү бар.
Ушунун өзү сүйүү. Идеалдуу үй-бүлөнү
сүрөттөп берип салгандай болдум окшойт.
Албетте, бизде деле таарынычтар болот, бирок
бардыгын шариаттын негизинде жасасаң
жаңылбайсың, ортодогу мамиле да бекем
болот. Сүйгүлө демекчимин, бирок никеден
кийин гана.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#427 Пользователь офлайн   kyialkech2016   04 Май 2017 - 02:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 769
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 18 Июн 2017 16:18
  • Калаасы:Апамдын журогундо

СҮЙҮҮНҮН КӨЗҮ КӨР, КАРЫ-ЖАШКА
КАРАБАЙТ

Сөз баккан замандаштар менен алоолонгон
ашыктык сезимдин айланасында кеп кылабыз
.
.
Назгүл Осмонова, акын, журналист:
«Сүйүү жалын курак жаш кезде келгенине
эмне жетсин?»

Сүрөт
—«Сүйүү кары-жашка карабайт» деген кеп бар,
чын эле ушундайбы?
—Бул макал деле байыртадан айтылып келе
жаткан көөнө кыргыз макалдарынан болсо
керек. Буга күбө — Раймалы менен
Бегимайдын сүйүүсү. Мындай деп айтылып
калышынын себеби, адамдын жашы
картайганы менен жүрөгү карыбайт жана сүйүү
менен мээримге, сулуулукка, изгиликке эч
качан тойбойт тура. А сүйүү дегениң эгер
маңдайга жазып койсо, улгайган куракта да
жанды кыйнап жарк этип келе берет экен.
Сезимдердин эң улуусу жана эң сырдуусу
болгон сүйүү ошентсе да жалын курак жаш
кезекте келгенине эмне жетсин. Кайсы куракта
келсе да, ошол сүйүү бааланса, баркталса,
адамдар сүйүүнүн сырын чече алса дейм.
.
.
Акбар Кубанычбеков, акын:
«Чындап сүйүүгө кабылган адам маймылды
«мисс» көрүп калат»

Сүрөт
—Эмнеликтен «Сүйүүнүн көзү сокур» деп
коебуз?
—Сүйүү — бул абстракттуу нерсе. Аны көрүү,
кармоо мүмкүн эмес. Жалгыз гана туюп, сезе
билүү керек. «Сүйүүнүн көзү көр» деген сөз
сүйүүнүн түрү көп болсо да бул маанисинде
жалгыз гана эркек менен аялдын сүйүүсүн
туюндурат. Чындап сүйүүгө кабылган адам
маймылды көрсө деле мисс көрө берет
эмеспи. Мындан улам жогорудагы кеп келип
чыкса керек. Ал эми дагы бир мааниси
катары, «сүйүш үчүн менин көзүм менен кара»
деген сөздү кошумчалагым келет.
.
.
Камила Талиева, коомдук ишмер:
«Чыныгы ашыктар гана сүйүүнүн азабына
чыдай алат»

Сүрөт
—«Чыныгы ашыктар баш кошушпайт» деген
сөз чындыкка коошобу?
—Алмустактан адамзат ашыктык жарыгына
бөлөнүп сүйүүдөн, сүйүү үчүн жаралат эмеспи.
Жараткандын нагыз мыйзамы бейм, жан
дүйнө дабасынын эң күчтүүсү дарысы – бул
сүйүү. Ал кандай дарт болсо да айыктырат
деген туюм, бүтүм менен адам баласы жашап
келет. Чыныгы ашыктар чынында эле баш
кошушпайт. Менин көз карашымча, чыныгы
ашык болгон адамдардын көбү тагдырдын
буйругу менен башка адамдардын теңине
айанат. Мындай учурда чыныгы аруу
сезимдеринин нуру менен азык алып,
өмүрүнүн аягына чейин ошол нурдун
жылуулугу менен жашап өтөт. Чыныгы
ашыктык — бул өтө сейрек кездешүүчү нерсе.
Махабат ушунчалык таттуу, оттой болгондугу
үчүн бардык адамдар ага чыдай албайт го.
Чыныгы ашыктар гана бул нерсеге туруштук
бере алат.

.
.
Нургүл Кожомбердиева, акын:
«Чыныгы сүйүү бар экенине ишенем, бирок…»

Сүрөт
—Чыныгы сүйүшкөндөр бири-бирине баш
кошушса бактылуу болобу же тескерисинчеби?
—Чынын айтсам, мага алигиче сүйүү сезими
тааныш эмес. Дегеним, мен сүйүү деп
жактырып калганды айтып жүрүптүрмүн,
бирок чыныгы сүйүү бар экенине ишенем. Эң
кейиштүүсү, менде чыныгы сүйүү болгон жок.
Арзышып жүрүп ашыгына жеткен адамдарды
бул дүйнөдө эң бактылуу адамдар деп
эсептейм.
.
.
Сьездбек Искеналиев, ырчы:
«Сүйүүнү «секс» деген — арам ой…»

Сүрөт
—Көпчүлүк адамдар сүйүүнү секс деп
түшүнүшөт. Сиздин пикирде сүйүү деген эмне?
—Сүйүү деген тунук, аруу сезим. Андыктан
секс деген туура эмес жана бул арам ой. Ошол
тунук сезим бар үчүн үй-бүлө куралып, бала
жаралып жана сый, урмат болот. Аздектеген
ак сүйүүдө бактылуулук болот деп эсептейм.
Сүйүүнүн түрү көп. Жубайыңды, жолдошуңду,
же сүйгөн кызыңды, же жигитиңди. Чындап
сүйсөң, ошол таза сүйүү адамдын жүзүнө
чыгат. Адамдар бири-бирин чындап сүйсө,
алар өтө сулуу болушат.
.
.
Сезим Толукбаева, акын:
«Сүйүү менен бакыттын такс аныктамасы
жок»

Сүрөт
—Бул жалганда сүйүү бар деп эсептейсизби?
—Сурооңуздан улам студент кезимде
жазылган ырым эсиме түштү:
Мен үчүн бул барабар ок жегенге,
Түк ишенбейм махабат жок дегенге.
Айтпагыла, жалган деп ак сүйүүнү,
Аягыла жүрөктү жок дегенде.
Бул барабар сезимди чектегенге,
Ишенбеймин ак сүйүү жок дегенге.
Таарынтып наристедей ак сүйүүнү,
Акысы жок эч кимдин жектегенге!
Сүйүү менен бакыттын так аныктамасы жок,
демек сүйүү менен бакытта эреже да болбойт.
Эрежеси аныкталган, түзүлгөн болсо,
баарыбыз бирдей сүйүп, бирдей бактылуу
болор элек. Болгону сүйүүнү сезип, бакытты
туюп гана жашоо керек.
.
.
Нурзат Токтосунова, алып баруучу:
«Сүйүү үчүн көз жаш төккөн учурум болгон»

Сүрөт
—Сүйүү үчүн көз жаш төккөн учуруңуз
болгонбу?
—Сүйүү бар. Ал Ата Мекенге, Аллага, эне-атага,
бир туугандарга ж.б. Сүйүү бар үчүн жер-суу
аттары коюлуп, махабат дастандары жазылып
келет. Сүйүү жок деп айта албайм, сүйүү үчүн
көз жаш төккөн учурларым деле болгон.
Балалык сүйүүдө эмнелер гана болбойт. Ал
эми чыныгы сүйүү деп турмуш кургандан
кийинки жубайлардын арзуусун айтаар элем.
Сүйүү сый-урмат менен коштолсо, алоолонгон
махабатты көп жылдарга жеткирет. Андыктан
сүйүшкөндөр тутанган отту өчүрбөш үчүн от
калаган сыңары бир-бирине жакшы сөз арнап,
жагымдуу иш кылып турса, ортодогу сүйүү
түбөлүктүү болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#428 Пользователь офлайн   Alfiya   07 Май 2017 - 03:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 291
  • Катталган: 20 Январь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:55
  • Жынысы:Аялзаты

Эх сүйүү сүйүү...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#429 Пользователь офлайн   Tansuluu09   07 Май 2017 - 03:03

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 262
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: Кечээ, 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Суйуу деген эч нерсе %)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#430 Пользователь офлайн   aidai_kyz   09 Май 2017 - 22:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 107
  • Катталган: 16 Март 17
  • Соңку аракети: 27 Янв 2020 18:05

Сүйүү бул биздин жашообуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#431 Пользователь офлайн   Kurstan_CR7   09 Май 2017 - 23:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 240
  • Катталган: 22 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 14 Сен 2019 14:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Озгон Мырза-аке Адыр

Чыныгы суйуу бул ЧЫРМАЛЫШКАН токой сыяктуу.
Ичине кирсен адашасын...

Билдирүүнү түзөткөн: Kurstan_CR7: 09 Май 2017 - 23:41

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#432 Пользователь офлайн   Suluuushka   13 Май 2017 - 09:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 634
  • Катталган: 01 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 04 Мар 2020 14:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Новосибирск

Суйуу эмне десе ойлонбой туруп баш оору. Суйуу жок нерсе демекмин же мен суйуу балын татпадымбы де суйууго татыктуу эмесминби айтор тушунбойм :бах:

Билдирүүнү түзөткөн: Suluuushka: 13 Май 2017 - 09:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#433 Пользователь офлайн   asi.gulum   13 Май 2017 - 22:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Просмотр сообщения Kurstan_CR7 (09 Май 2017 - 23:40) жазган:

Чыныгы суйуу бул ЧЫРМАЛЫШКАН токой сыяктуу.
Ичине кирсен адашасын...

Өзгөндө токой жок эле го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#434 Пользователь офлайн   KAPAGAT   14 Май 2017 - 02:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 888
  • Катталган: 25 Август 16
  • Соңку аракети: 14 Апр 2024 21:26

Суйуп турсан суйбосо бекер,..Мен да ашыкмын!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#435 Пользователь офлайн   Kurstan_CR7   14 Май 2017 - 09:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 240
  • Катталган: 22 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 14 Сен 2019 14:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Озгон Мырза-аке Адыр

Просмотр сообщения asi.gulum (13 Май 2017 - 16:52) жазган:

Өзгөндө токой жок эле го.


)))))))


Албетте суйуу учун табылатта..))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#436 Пользователь офлайн   Bek_abad   14 Май 2017 - 12:30

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 467
  • Катталган: 14 Август 15
  • Соңку аракети: 29 Май 2025 04:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва (Жалал-абад)

Суйуу никеден кийин башталат..
Бойдоктор ашыкпаныздар суйуунор эми келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#437 Пользователь офлайн   islam97   02 Июнь 2017 - 00:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 29 Май 17
  • Соңку аракети: 14 Мар 2018 21:56
  • Жынысы:Эркек

Суйуу бул баш оору.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#438 Пользователь офлайн   Letchik-bolgum-kelchuu   02 Июнь 2017 - 00:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 639
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Июн 2020 17:40
  • Калаасы:Москва

Суйуу бул наркоман сыяктуу оору. Суйууго мас болуп калсан совсем жаман. Эч нерсени козго илбей кулака укпай мээге киргизбей каласын. Оюнда только суйуууп калган адам болуп калат. Статьяларга карап биринчи статьясы отоле жаман илдет. Олуп калышын деле мумкун. Ищё соз бар моондай суйуу бул озуно окшош бир жиндини табуу деген. Короче жиндиликда бул нерсе. Суйуусу жок жашагандар тынч жашайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#439 Пользователь офлайн   Бектурган   03 Июнь 2017 - 01:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 683
  • Катталган: 17 Май 09
  • Соңку аракети: 04 Дек 2023 22:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Kyrgyzstan...

Сүйүүнүн биринчи кадамын туура жолго колдоно алсаң, ошондо чыныгы, жана Рахат сүйүү болот. Эгер туура эмес колдонуп алсаң, анда азап сүйүү болуп жүрө берет))...
Ат-адамдын канаты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#440 Пользователь офлайн   Linkin.   31 Июль 2017 - 03:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 175
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 05 Авг 2019 14:31

Суйуу деп кобунчо Эки жаштын ортосундагы жылуу маамилени Дангазалап канчалаган акындар, ырчылар, жазуучулар сансыз лирика, чыгарма, поэзия, романдарды жазып келишкен. Кичинекей кезибизден Суйуу бул озунчо Сонун Сезим деп тушунуп чоноюп, ар бирибиз Суйуу издеп келебиз...

Бирок ушунча жашап (аз эле жашасамда ушинтип кое берейин), коптогон жашоодогу ситуацияларга коз салып, байкаштырып отуруп.


Суйуу бул элдин баары Дангазалап келген Бир Ыйык сезим эмес жон гана Суйуу бул ---ШАЙТАНДЫН КООЗ ОЙУНУ ! деп чечтим :)



Ал Эми Нике окулуп, тугой болгондордун Суйуусу боюнча Пайгамбар САВ айткан: Сыйдан откон улуу сезим жок деп.

Билдирүүнү түзөткөн: Linkin.: 31 Июль 2017 - 03:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыз-жигит
  • Кийинки тема →

  • (26 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 22:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: