Суперстан: Мен күткөн бакыт - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мен күткөн бакыт

#1 Пользователь офлайн   os_ai   09 Май 2017 - 01:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 21 Сен 2020 23:29
  • Жынысы:Аялзаты

Майрамга байланыштуу каникул болгон үчүн,2,3 күндөн бери ушул жакты "тинтип" калдым. Чынында,таасирдүү окуялар көп экен,турмуштан алынган окуялар укмуш жазылыптыр. Окуп олтуруп,мен да бөлүшкүм келди... Зерикпей окуп койгондорго алдын ала чооң ыраазычылык!

Менин окуямдын башы мектеп убагынан башталат.Анда досторум көп,сабакты орто окуган кыз болчуумун(азыр деле укмуш окубайм го,эми алымдын жетишинче). 7 класс болсо к.к эле,мектебибизге жаңы окуучу келди,1 жаш улуу.(эгер сулуулугу болбосо,байкабасак деле керек эле).Досторумдун оозунан түшпөй калды.5 кыз жүрчүүбүз,ары өтсө тийишип,бери өтсө,тийишип түзүк эле түшүрүштү,таанышып дегендей. Негизи ал досторум баарынан бар болчу,мыкты окушуп,бири ырдап,бири бийлеп,ошол убактарда эң жоошу эле мен элем.Келгенине 1 айга жакындап калган,ал маалда уже биз м.н тамашалашып, учурашып жүргөн болчу. Бир күнү эжей сабак өтпөй калып,бош калдык.Кеч күз,жанагы 5 кыз морожение алып,бакка отурдук.Кайдан жайдан,жаңы келген бала Улан жөнүндө сөз чыгып кетти.Көрсө, досторумдун 3 өөнө жагат экен(менден сырткары).Тамашалай, бир аз талаштык Уланды))) Ошо м.н 2 ай өтүп кетти.Бир күн кайсы бир майрам болду(эсимде жок),дасторкон түзөп,класстар өзүнчө ле бака-шака.Баарыбыз аппак жоолук салындык,башканы билбейм,мага жоолук жарашат экен деген комплементтерди көбүнөн,1,2 эжекеден да угуп чыктым.Майрам да,класс да чооң,аралашып эле жүрөбүз.Дасторкон түзөп жүрсөм,кимдир бирөө карагансый берди.Карасам Улан,жылмайып, көздөрү күлүмсүрөп карап туруптур.Уялып кеттим.Майрам бүтүп,дискотека м.н уланды.1,2 ырга бийлеп,класска кирип келе бердим.Дасторкон толук жыйылган эмес болчу,андан мындан ооз тийип жатып,салатка көзүм түшүп уруп согуп жеп атсам,Улан кирип калса болобу!Эшик жакка карама-каршы турганымдан Улан мен жакка 4,5 кадам аттап калыптыр,а мен ошондо билип,карай калып ле,катып калдым,оозум толо салат.Ал да мени карап,бир аз туруп күлүп жиберди да "аа,жеп ал" деп чыгып кеттии.Оппа, деп нары бери жутуп отуруп калдым,(негизи сүрдөнчү элем,мындан кийин "укмуш реакция" болуп атты менде). Эми жебей жөн ле отурсам,эшик тыкылдады да,кире берейинби деп Улан кирди,баш ийкедим жерди карап.Келди да,напротив отуруп алды.
-Кечирип кой жана... (Күлүп жибердим.Ал да күлдү).Жоолук соонун жарашат экен.
-(Рахмат
-Канча бир туугансың?
-4
-Кичинекейисиңби?
-Оа... Кайдан билдиңиз?
-Уялчаак,тартынчаак, баё экенсиң...
Жигитиң барбы?
-Жоок
Чөнтөгүнөн шоколад алып чыкты да,муну алып кой деп жылдырып,кетип калды.(ошол маалда мен тартынчаак, ал уже...,болгон экен)
Шоколадды алдым,артына кат кошо чапталыптыр. Эми мен укмуш сүйүндүм го))
Сумкама салганча болбой,2 курбум эшиктен келип калышты. Колумдагыны көрүп:
-Оо,кимден?
-Неме...
-Ыы?
-Уландан
Экөөнүн жылмаюусу тарап,туруп калышты.Артынан берки 2өө кирип,тынчтыкты бузуп жиберишти.Ошо м.н сөз бурулду,алар катты көрбөй калышты.(Но, баякы 2 досумдун настр түшүп калды)
Үйгө барып,катты ачтым,мен күткөн сүйүү каты,бирок мага келишине түк ишенбечү элем)
Тигиндей,мындай, акырында жооп күтөм... деп бүтүрүптүр. Түнү жооп жазууга отурдум,бирок жазганым жакпай жатты,анткени анын каты өтө маанилүүдөй туюлду мага. Каттын жообун 4,5 күнгө создум,точно анык эмес мааниде жазып бердим.Переменада эшикке чыкпай калдым,мени караса,жерди карамай,эптеп жанынан жылып кетмей.Досторум м.н калып кетет. Ошентип,кезектеги "жылт" койгонумда, артыман келди.
-Токтосоң,Айдай, менден эмне качып жатасың?
-Аа,тиги качканым жок))
-Жүрсөң,сөз бар.Билегимден кармап,площадка карай кетип баратты.(площаддын чекеси алма бак,терек болчу,астына барып отурдук)
-Айдай,мен сенин жообуңа түшүнгөн жокмун?
-...
-Туура,досторуң, көп кыздар м.н жакшы мамиледемин. Бирок,аларга мамилем башка,сага өзгөчө.Шылкым дээрсиң,сени м.н таанышыш үчүн да к.к эле досторуң.Быйтыйып, ширин турушуң м.н биринчи келгенде эле жактыргам.
Ага карасам,жерди карап сүйлөп атыптыр,катуу даярданган го дедим,ичимен.
"Вдруг эле кат жазып"-депсиң, эл катары мамиле кылгандай болгонум м.н,ойлончуумун, кантип жакын болсом?Канткенде мен м.н жакшы сүйлөшөт? Кат жазыштан мурда,жөн эле сүйлөшөйүн, байкаштырайын дегем,көрсө классташтарымдын арасынан сени жактыргандар бар экен,досторуң да бар,кат жаздым.
Мени карап атты,а менде үн-сөз жок."Өзүңү карма,жооп бер" дедим да:
-Мен сизди жакшы билбейм,али эрте го дейм
Деген боюнча,ордуман туруп жүгүргөн бойдон
чуу койдум.
Ошол болду,эми жөн гана көз караш,издемей башталды.Кыздар м.н сүйлөшпөй,салам, алик алып калды.
Жаз келди.Кыздар м.н турсак,баары м.н көрүшүп,акырында мени м.н учурашып,мектептин артына өт деп коюп кетти.(ага чейин жанагы 2 досум шоколаддын дайынын билип,площад да кызык болду окшойт,сураганынан айтып салгам).Мени жолго салышты.
Улан турган экен:
-Окуу да бүттү,каникулда айылда эле болосуңбу?
-Ошондой го
-Эми сени көрө албай калат экенмин да.Үйрөнүп калыпмын.Мен шаарга каникулдайм, мага эскерип турганга,платогуңду берчи,сураныч?
(менин оозум ачылып калды,өтө эле шарт болгон экен ле)
-Аа,ммейли(чөнтөктөгү платокту сундум)
Ал жыттап алды да,күлүп,рахмат, келгенде берем))Каникулду жакшы өткөр,баса эмне ала келейн?))
(Подозрительно карасам,жылмайган калыбында,тамаша деди да,кетип калды)
Мен да артынан кеткендей болбойун деп,артыма бурулуп бара жатсам,бирөө артыман жүгүргөн бойдон келип,өзүнө тартып,кучактап алды.(Мынна сага тамаша!Өзүмдү жоготуп ле,түшүнгөнчө, коё берип,жүгүргөн бойдон кетти) Менде кызыктуудай бир нерсе)) Биринчиси болчу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   os_ai   09 Май 2017 - 19:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 21 Сен 2020 23:29
  • Жынысы:Аялзаты

Ассалоому алейкум,бүгүнкү майрамдар м.н!

3 айлык каникулга ошентип коштошуп,жаңы окуу жылы башталды.(Ал маалда телефон деген жок,каникулда кабарын деле билген жокмун).8 класска кадам таштадык,а ал 9. 1-сентябрь өзгөчө толкундануулар м.н мектепке бардым,линейка, куттуктоолор болуп жатты,а мен Уланды көрө албадым.Ал мектепте 1 жумадан кийин келди.Переменада көрдүк,бири- бирибизди,жылмайып гана туруп,өзү басып келип учурашты.
-Кандайсың?
-Жакшы рахмат,өзүңүз?
-Жакшы,каникул кандай өттү?
-Жакшы эле...
-Мен мынтип бир аз кечигип калдым(аңгыча достору чакырып калышты) Азыр...
Сабактан соң,мектептин артында күтөм сени,суранам жоолугуп кой.
Сабак бүткөнчө," жоолугайнбы же жокпу" ушуну эле ойлоп туруп алдым.(жоош болгонум м.н өзүнчө "катык" болчумун).Сабак бүттү,өзүмчө дагы ле ойлуу кетип баратсам,артыман Сезка келип:
-Ии,эмне болду жана Улан эмне деди?
-Мектептин артында майрам кылабыз деди.
-Мне?
-Тамаша,мектептин артына өт дейт.
-Анан кайда кетип баратасың?! Бурул мындай!(Сезим эң жакын досум,беркилерден анча-мынча сыр катып койсом,буга баарын айтчуумун,каникулда Улан жөнүндө жакшы эле сырдаштык окшойт).Мени мектептин арткы жагына жолго салды да:-Удачи!
Барсам,алмага сүйөнүп туруптур.Мени көрө,түздөнүп, жылмайып:
-Кетип калды го дедим эле.
-Келдим го
-Кел,мындай отурайлы.
Сабактар кандай болуп жатат? Сени жакшы окуйт деп уктум эле,аким болоюн дейсиңби?
-Жоок э,эми кудайга шүгүр эле...
Бир аздан соң:
-Мени сагындыңбы?
-...(че то ашыкча сүйлөп алды го,деп өзүмчө)
-А мен сагындым.Сени кимге окшоштурам билесиңби?
-Жоок.
-Сен менин апама окшошсуң,айрыкча жаш кездеги сүрөттөрүн көрүп,окшоштура берем.
-А апаңыз кайда?
-(бир аз туруп)Ал бул жарык дүйнөдө жок эми...
-Кечирип коюңуз.(Эрдими тиштеп отуруп калдым.Бул тема оор болду го,көпкө унчукпай отурдук)
-Мен силердин айылыңардан эмесмин,турмуш шартка байланыштуу келип,окуп жүрөм.Айылың м.н тааныштырып келбейсиңби? 1 жыл жашасам да,анча мынча жерлерин көрө элекмин.
(Мен тема бурулганына, сүйүнүп кеттим)
-Мейли,мисалы кайсы жерлерди көрө элексиз?
-Центриңерди, 3,4 досторумун үйүнө бардым,ошо.
-Ии,мага бир жер абдан жагат,алып барайынбы?
-Аха,а кайда?
-Тоолор жактарга...
Айылыбыз тоолор м.н курчалган,чоң дөбө болчу,аны ошол жакка алып чыктым,ал жерден биздин айыл толук көрүнөт.Уланга абдан жакты.Кечке жуук түштүк,эми үйгө барсам үйдөгүлөр урушат деп,кооптонуп, оозго сөз да келбейт.4 көчөгө жеткенде:
-Эми кете бериңиз.Бул жагы жакын эле,өзүм кетип калам
-Үйүңө чейин эле жеткирип койбойнбу?
-Жоок,бирөө көрсө эмне дейт...
(Улан жылмайып алды,таңыркаса к.к)
-Мейли анда.Баса,(сумкасынан кичинекей пакет алып чыгып,мага берди)
-Бул эмне?
-Шаардан кичине белек.
-Жоок,мен ала албайм.
-Койсоң,сага аталгандан кийин.(колуму тартып,карматып койду)
Бүгүнкү күн үчүн рахмат.Көрүшкөнчө.
(Мынна сага Айдай,кеч калганың аз келгенсип,эми пакет м.н кантип кирип барасың?)Биринчи эле ушуну ойлопмун.Досум Сезка эске түштү да,ага тийип,таштап өтөм дедим.Сумкама батпайт болчу.Сезимге жоолуктум:
-Эми келтасыңбы?
-Чш,Оа.Сезкаа, мынаны үйүңө коюп турчу?
-Бул эмне?
-Билбейм.
-Кандайча?
-Ушундай ле
-Токто,Уланданбы?
-Оа(досум сүйүнүп кетти го,тим эле)
-Жинди кыз,ачпадыңбы?
-Жоок.
-Жүр биздин үйгө,анан сенин үйүңө чогуу барабыз.
(Ачсак,окуу куралдарынын түрү,духи,платочка, анан шокаладдар бар экен)
-Оо,укмуш го.
Бир сыйра көрүп,менин үйүмө кеттик,Сезим
сабак кылабыз да,деп көзүн кысып,подарканы сумкасына салып алды.
Мен абдан сүйүндүм.
Эми Улан м.н переменаларда сүйлөшүп туруп калып аттык.Бирок, 2 досум менден алыстай башташты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   os_ai   10 Май 2017 - 02:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 21 Сен 2020 23:29
  • Жынысы:Аялзаты

Анын себебин мен кийин билдим.
Бир күнү сабак жүрүр жатып,кызуу талкуу болуп кетти да,жанагы менден алыстай түшкөн кыздын бирөөсү-Жанара м.н талаша кеттим.Көпкө талашып калдык,же мен өчпөйм же ал сеники туура ле деп койбойт.Званок болуп калды,эшикке чыгууга камданып жатсам,Жанар жаныма келди да:
-Улан айды алып берем десе,жүрөсүң да ишенип.Убагында ал мени м.н жүрчү,менден кийинкиси болгонуң м.н поздравльяю!
Жаагым жап болуп отуруп калдым.Кантип?
Качан?Аябай жиним келип кетти.Сыртка атып чыктым,Уланды издедим.Балдар м.н турган экен,жанынан өтүп баратып ишарат кылдым да,площадтын четине бардым,аркаман Улан келди:
-Жанар м.н кандай байланышыңыз бар эле?
-...эл катары
-Анда мнеге ал:менден кийинкисиң деп айтты?
-Ааа,ал м.н мурда бир аз жакыныраак болчук
-Бир аааз элеби? Бир аз болсо мнеге андан кийинки?Эмнеге куттуктайт? Мен андан кийинки болгудай,мен. ..мен... (Тамагым буулуп,эриндерим титиреп,көзүмөн жаш ылдый куюлуп кетти.Жанара м.н дос болгонум м.н,сабакка келгенде укмуш атаандашчуубуз, көбүнчө талашып,эч нерсе болбогондой званокто сүйлөшүп кетүүгө көнүп калганбыз.Атаандаша бергенденби, "менден кийинкиси" дегенине,мурун бир ооз айтпаганына ыйлап жибердим көрүнөт.Улан м.н көпкө сүйлөшсөк да,мурунку жашоосунан, үй-бүлөсүнөн ооз ачпайт эле). Менин жашымы көрүп Уландын өңү кубарып,коркуп кетти да,кучактап алды:
-Кечирип койчу,ыйлабачы(Жалынгандай үн м.н)
А мен күчөп барып анан басылдым.Көзүмүн жашын аарчыды:
-Кечирип койчу,ал м.н мурунку мектебимде чогуу окуучубуз,жакын элек.Анан бул жакка которулду.Чынында, артынан келгем.Бирок, сени көрөөр замат аны унутуп калдым,кызыгуум тарады.(Чын экен да,даже артынан келип!Артка кетенчиктей бурулуп,ылдам басып кетип калдым)
Деги мен бул бала жөнүндө эмне билем?Хм,Айдай сага чала,чындыкты башкадан угуп,ушунча да ишенчээк болосуңбу? Деги,ал сага ким эле? А алчы? Мен ал маалда Уланды чын эле жакшы көрүп калган экем,айыпты Жанардан издеп,ал айтпаса эч нерсе болмок эмес,ыйлап уят да болдуң деп жаттым өзүмө...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   os_ai   10 Май 2017 - 03:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 21 Сен 2020 23:29
  • Жынысы:Аялзаты

Андан кийинки күндөрдө настр. жок,эч кимге сүйлөбөйм,сабакта жооп берем,үйгө келем. 4 күн Улан көзүмө көп чалдыга бербеди,5-күн дегенде жолумдан чыгып сүйлошүп алуубузду айтты,унчукпай гана четтеп басып кеттим.Сезимден кат берип жибериптир, окубадым.Андай каттан дагы 2,3өө келди,бирин да окубадым.Жанар м.н да түк сүйлөшпөй калдык. Улан экөөбүз өтө жакын болбосок да,мен сыгылып жүрдүм,кечинде ыйламай,күндүзү билдирбей аны аңдымай...
Билинбей кыш келди.Сабактан чыксак,алгачкы кар жаап кириптир,чоң- чоң,айлана сонун!Асманды, айлананы суктана туруп калдым,артыман Улан келди да,чыканактан ала тартып жөнөдү.Мага жагып жатты,эмне дейт,кете бердим.
Бакка барды да,көзүмө тике карап:
-Суранам,кечирип койчу мени? Ишенсең,мен ойлоно берип болбой калдым. Эми сени м.н мамилеми түзөп келе жатканда... Унутуп койчу,эмне десең баарын аткарам,менден алыстабачы, жок дегенде сен мени таштаба?!
Анын сөздөрүнө дайыма таңыркачуумун, ал мендеги жообумду албай жакын мамиледе болгон биринчи жигит,алысыраак мамиледе жүрүп деле,жакын көргөн инсан,менин алгачкы аруу махабатым! Бирок,мен анда биринчи эмес!
-Макул...
Кайрадан аны-муну эч нерсе болбогондой сүйлөшө кеттик,мына эми баары жайында!Биринчи карда,биринчи жолу кол кармаша жетелешип бак араладык.Мен анда,арык андан кичинекей болчуумун,Жөжө, Лунка дей салды. Көпкө сүйлөшө,басып жүрүп үйгө кайттык.
Эми кар кечип ойномой,жүгүрмөй, өзүнчө эле кыш сонатасы.Менин өнөрүм чыгып,анын жанында өзүмү эркин кармап,үйрөнүп калдым.Кычып, Жанарды көп ортого салчуу болдум,андайда жини келет.
-Жанарды чакырбайлыбы, өткөн күндөрдөн кеп салып,ойноп дегендей...
-Жөжө,койчу эми?
-Эмне экен,чакырса болбойтпу?
-Болот,бирок сенден кийин?
-Кандайча?
-Мындайча!
Кар менен уруп баштады,качтым, тутуп алып,укмуш эле карга бышты:
-Болдууу,айтпайм!
-Досуң келсе,мындан көбүн көрөт го
Мени тургузуп,үстүмү кагып:
-Таарынып калбадыңбы?
-...
-Жөжөм десе,үшүп калган го,тоңутабыз!
-Эмнеее?
(Көтөрүп айландыра баштады)
-Ээээээ!
Мени жерге коюп:
-Жөжө,оор экенсиң э?
-Эмнеее?
-Тамаша,ширин. Ачууң келгенде,дагы да ширин боло түшөсүң,ыйлаганыңдачы! Оо,андай көздөрдү эч ким унута албайт го! Жүр эми,жылуу кофе ичебиз!
-Мен баарбайм!
-Омей,бул жерде эмне кыласың?
-Ойнойм!
-Анда мен жардам берем!
-Ээээ?
-Тамаша,сени көтөрүп кетем.
-Эмнеее?(Көтөрүп алды)
-Ээээ,Улан,коюңуз жергеее! Улаааан!
(Жерге койду,тыпылдап алдына түшүп кетип бараттым,артыман келди да,жетелешип кеттик).Ушундай сонун күндөр м.н кыш мезгилин узатып алдык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Aiperi95   10 Май 2017 - 11:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 256
  • Катталган: 28 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Окт 2017 15:31

анаан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   os_ai   11 Май 2017 - 01:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 21 Сен 2020 23:29
  • Жынысы:Аялзаты

Жаз келди. Февраль айы. Мекенибизди коргогон эр азаматтардын майрамына Уланга галстук м.н саат алдым,карызга))) Бою узун,ак жуумал галстук жарашып калса к.к деп ойлодум.Мектепте концерт койдук,андан соң дагы ле дискотека,бир аз бийлеп класска киргенден кийин,белегимди бердим. Ага жакканын,рахматын айтты.
Негизи,кыздар ушундай го,кимге белек берсе,кайра мага эмне белек берет экен деп күткөн)) Мен эле эмес,Сезим экөөлөп күтүп жаттык,укмуш нерсе берип койгонсуп)))
8-март да келди,кайра эле концерттик программа,андан соң классыбыз м.н дасторкон жайып,майрамдадык, классташтарыбыз куттукташты. Эшикке чыксам,Улан мени күтүп туруптур,көрө салып ылдам басып кеттим(негизи белек алуу да,берүү да кыйын го) Аркаман келип,колумдан ала,жетелеп жөнөдү,кайда деп да сурабадым.Центрге түштүк,паркка бардык,айланып жүрө бердик. Тамактандык, жана жеп алган үчүн,аны карап отуруп бердим.Ошол жерден кичинекей кооздолуп жасалган каробка алып чыкты,майрам м.н куттуктап,үйүңө барганда ачасың деп койду,а мен эмне дээримди билбейм-рахмат! Үйгө кайттык,отстановка биздин үйдөн ыраакта эле,ал мени үйгө узатып келе жатты.Үйүбүздүн 7,8 үй ары жакта,анын досу жашачу.Досунун үйүнө жеткенде,күтүп турчу деген бойдон досунун үйүнө кирип,чоң мишка алып чыкты. Мишканы көтөрүп алып,дагы Сезканын үйүнө жөнөдүм...

Билдирүүнү түзөткөн: os_ai: 11 Май 2017 - 01:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   os_ai   11 Май 2017 - 02:31

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 21 Сен 2020 23:29
  • Жынысы:Аялзаты

Мишканы эптеп Сезимди ынатып,үйүнө таштап,үйүмө бардым.Чечинбей жатып эле жанагы каробканы ачтым,телефон экен,нокиа. Аны көрүп таң калдым,үйүмдөгүлөр да алып бербегенди бул берип,мен кантип көтөрөм?! Ичине симкарта,флешкарта да салып коюптур. "Тооба,канчага түштү экен,муну алам деп,байкушум, -" деп коём өзүмчө)) Нокиалардын ал убакта базары кызып жаткан мезгили болчу,эми эле агент деген чыгып жаткан учуру...
Телефонду жандырсам СМС келди:"Жөжө, бүгүнкү майрамың м.н куттуктайм! Белек жакты деген ойдомун,ушул телефон аркылуу мени м.н көөпкө сүйлөшүшүңө тилектешмин! Сени абдан жакшы көрөм,шириним! Ыйманда жат!"
-Бүгүнкү белектер үчүн сизге чооң рахмат!Бирок, мен телефонуңузду ала албайм го дейм,ыраазы болуңуз.
-Эмнеге албайм дейсиң,кайтарып жибереби деп да,жана ачтырбай койгон элем.Менден кам санаба,баары жайында,белегимди албай койсоң,катуу таарынам,жакшы ниеттер м.н алганмын,менин уйкум келди,көрүшкөнчө пока!
Ошентип телефондуу болуп калдым)
Эми СМС жазышмай. "Эрте м.н ким биринчи турат экен"-деген оюн башталды. Ким биринчи ойгонсо,ошол чалмай,типа ойготмой).Уйкуну ким эле сүйбөсүн,айрыкча эрте м.н уйку кандай гана таттуу э?! Уят болбоюн деп да,эми уйкуну жыйыштырып, эрте тура баштадым,же эртерээк жатам.Буга апам айраң-таң.Анткени, башкалар сыяктуу,апамкем эрте мн мага будильник эле.
Ошентип бири-бирибизди ойготуп,сабакка жөнөйбүз.Уланды билбедим го,мен эми сабактардан начарлай баштадым,агентке киришти үйрөндүм.Ал жакта эмне,кечке жазышасың,алаксыйсың. Анча мынча балдар м.н да таанышып,жазышып калып жаттым.Улан кечке онлайн боло бергенимеби, кыскасы телефонду текшерип,балдарды билип калды.Жаңы почта ачууга туура келди.Эми контрольдоп турмай болду,мен башка м.н сүйлөшпөйм.
Дагы бир жылды артка таштамай болдук.Окуу жылы аяктап калганда,күтүлбөгөн жаңылык уктум:
-Жөжө,кандай?
-Жакшы рахмат,өзүңүз?
-Жакшы,эмне кылып жатасың?
-Сабак м.н агентти аралаштырып, куймак куурусамбы деп)
-Сабактарыңы аткарып коюп андан кийин кирбейт белең,кулагы жок шириним?
-!!!
-Айдай?
-Ов
-Уктабайсыңбы, же сабагыңды аткар.
-Аткарып жатам. Сиз мне кылтас?
-Ушу тест карап.
-Кандай тест?
-Кантип айтышымы билбей жаттым эле.Мен колледжге тапшырганы жатам
-Эмнееее? Кайсы?
-...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   os_ai   11 Май 2017 - 03:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 21 Сен 2020 23:29
  • Жынысы:Аялзаты

Аны 9ду бүтүп,окууга кетет деп эч ойлобоптурмун. Көпкө жаман болдум,уйкум качты.Ал кетсе,дагы 3жыл аны элестеткен мектепте кантип окуйм? Көрө албай,саргарып жүрө беремби? Ал шаарга кетсе,башка көп сулуу кыздарды көрөт,азгырылат. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   os_ai   11 Май 2017 - 03:42

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 21 Сен 2020 23:29
  • Жынысы:Аялзаты

8-9 класс сезимдер ойгонгон мезгил окшобойбу.Кыздар 2,3 төн биригип алып,өздөрүнчө сырдашмай. Балдар кыздарга кызыгышып,сөз ыргытмай. Менин да,сезимдерим ойгонуп,жол бошотуп жаткан учурум экен,азыр эстесем...))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   os_ai   11 Май 2017 - 04:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 21 Сен 2020 23:29
  • Жынысы:Аялзаты

Жоолукканда жакшына эле сүйлөшө келип,окууга кетээрин эстесем,шаабайым сууп,сүйлөгүм келбей,аны жалдырап карап тура берүү аста секин күч ала баштады. Андайда,мурдуман аста чымчып коёт).Акыркы коңгуроо да кирип келди.Аны көөп жолу сүрөткө тартып алдым,эстеп жүрөйүн деп.Бул жолкусунда, биз жакшы көргөн дөбөгө чыгып,коштоштук:
-Мен жокто бирөө сага тийишсе,Сагынга айт(досу).Карай жүр деп дайындап койом.
-)))Койсоңуз э ,ушундай да болчу беле?!
-Эхх,жашоодо баары болот!
(Жарасын козгоп алдымбы деп чочуп кеттим).Сөздү бура:
-Сиз келип турасызбы?
-Аракет кылам го жөжөм.
-Мен жөжө эмесмин деп канча айтам?Жөжөлөр сары болушат...
-Менин жөжөм өзгөчө,анан таарынчаак, эрке...
-Ой,Ой. Жакшыраагын табаарсыз
-Ээ эрке десе,эмне дегени турасың?
-Шаар шаар да,жакшынакай кыздар көп.
-)))Ии,сөзүңөн ий,кызганып жатат турбайсыңбы?
-Меенби? Сиздиби? Эч качан да.
-)Андай дебе,мен окуганы кетип жатам.Айдай мени окубаган,тоготпой койбосун деп.Дайыма сүйлөшүп турабыз,кудайым буйруса... ж.б
Коштоштук.Кетти.
Агенттен жазышып турдук,каникул ичи.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Aiperi95   11 Май 2017 - 05:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 256
  • Катталган: 28 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Окт 2017 15:31

анаан.кутуудомун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Kominam   11 Май 2017 - 22:02

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Анан,мектепте башталган суйуум журогумдо туболук калат окшобойбу... Улантыныз автор,жакшы башталыш...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   os_ai   12 Май 2017 - 19:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 21 Сен 2020 23:29
  • Жынысы:Аялзаты

Колдоо үчүн,чооң ыраазычылык! Кечирээк улантканга аракет кылам,ИншаАллах!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   mister.ailasyz   14 Май 2017 - 15:37

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 532
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 12 Май 2024 00:22
  • Жынысы:Эркек

Ошондо сен 1997 жигитиң 1996 жылы туулгандар экенсиңерда, Бактылуу бол.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Nazmi8893   18 Май 2017 - 21:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 511
  • Катталган: 08 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июл 2017 07:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россияда

Анааан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Tansuluu09   18 Май 2017 - 21:33

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 18 Авг 2025 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Ии
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Авг 2025 08:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: