“Аял кара күч жагынан алсыз болсо да, анын жан дүйнөсүндөгү күчтүн улуулугуна ар дайым башымды ийип келем” деген экен бир улуу инсан..
«Күчтүү адамдарга сыноо көп берилет дешет. Бирок ашыкча сыноодон сынып каламбы деп коркуп турам».
Жүрөгүмдү уйгу- туйгу кылып, тынчтык бербей жаткан менин аруу, таза ак сүйүүмдү ушул жерге баяндап берүүнү чечтим.
Сөз башынан болсун))) Бактылуу үй- бүлөнүн эрке кызымын. Үй- бүлөдө 5 бир тууганбыз. 3 кыз, 2 эркек. Ата- эне үчүн ар бир баласы таттуу эмесби... Бирок эмнегедир жаштайымдан көп ооругандыктанбы ата- энем көзүмө карап, эрке өстүрүштү. Эмнени алам десем, эмнени кийем десем эртеси эле атам алып келип берчү. Көздөгөн нерсеме жетпей калсам, үйдө ызы- чуу чыгарып, ыйлап отуруп, максатыма жетчүмүн. 6- класста окучумун. Телефон жаңы чыгып жаткан учур. Айылда анча- мынча эле адам да болбосо, көбүндө жок болчу. Телефон деген проблема башталды биздин үйдө. Алып бергиле деп туруп алдым. Ата- эне экен да өздөрү көтөрбөгөн,
өмүрү көрбөгөн телефонду көп өтбөй эле мага Бишкектен алдырып беришти. Нокия 27 00 болчу телефонум. Эч кимге карматпайм,
бербейм. Бир күнү телефонумду бөлмөмө зарятка койуп, эшикте майда - чүйдө жумуш кылып жүргөм. Кубалашып ойноп жүргөн синдим менен инимдин тынчып отуруп калганын байкап, бөлмөмө кирсем менин телефонумду ойноп отурушат. Бала да телефон кызык болсо керек.... Кобурашып сонун экен ээ деп кубанып, оюн ойноп жатышыптыр.
Ачуум келип, эмне менин уруксатым жок кармайсыңар?
, деп инимдин колунан жулуп алып, дубалды көздөй ыргытып жибердим. Жаңы алган телефонумдун эч нерсеси жок чачылып кетти. Чогулта калып ыйлап жибердим. Атам келсе силерди айтам деп. Күн батып, аска- зоом атакем жумуштан келди. Чуркап барып эле атама арызданып жаттым. Кызыгы өзүм сындырып алганымды угуп, атам урушкан жок. Кайра жаңы телефон алып бересиңер деп баштадым. Ал кезде жаш болсомда атакемдин айткан сөздөрүн ушул күнгө чейин кулагыма түйүп келем. Кызым, алтыным келчи бери сүйлөшөлү деп атам мени жанына чакырып сөз баштады..
—Сен каалаган нерсе дүйнөнүн аркы бетинде болсо да, баарын алдыңа алып келем. Болгону майда- чүйдө нерсе үчүн ыйлаба балам. Көз жашыңа чыдай албайм деп эркелетип, бетимден сүйүп койду. Эсимде ошондо атамдын да көзүндө жаш бар болчу...
Жан биргем
#2 11 May 2017 - 22:55
Бир- туугандарымдын баары токтоо, оор басырыктуу.
Эмнени алдына койсо да шүгүр кылышып, кандай кийим кийгизсе да,унчукбай рахматын айтып кудуңдап алышат.
Мен эле алардан өзгөчөлөнүп турам. Өзүмчүл, айтканынан кайтпаган өжөр,эркек мүнөз, өзүн башкалардан өйдө койуп, эч кимди теңине албаган эрке кыз болчумун.Кызга окшоп көйнөк кийип, чач өстүрүп, кукла ойномой жок менде. Чачымды алдырып, юпка кийгизип койсо өзүмдү ыңгайсыз сезип, кайра эле шым кийип алам. Мектепте окуп жүргөндө эркек балдар менен мушташып, талашып- тартышып, бир жеримди көк-ала кылып, боз- ала чаң болуп, үйгө кирип барчумун.Эх менин алтын энекем күйүп- бышып тапканын алдыма коёт. Таза кийимдеримди кийгизип, мектеп формамды жууп- тазалап, кайра эле мектепке жөнөтөт. Классыбыз да тазалык кылып мени койушкан. Жок жерден ызы- чуу чыгарчумун. Классташтарымдын арасын да эч кимге зыяны жок, бойу кичинекей Арген деген бала бар болчу (окуп калсаң таарынба) ошону кармап алып, уруп, ыйлатып өзүмчө тоону томкоруп, чоң жумуш кылгандай сүйүнүп алчумун. Ошентип көрүнгөн менен мушташып жүрүп, 9- классты аяктап, чоңойо баштаганымды да сезбей калыпмын. 31- август Кыргызстан эгемендүүлүк алган күн башкалардай эле майрамдап, районубуз да жүрөбүз. 3- 4 курбу кыздарым менен кобурашып, сөз талашып паркта бара жатканбыз. Аңгыча эле кайдан- жайдан бир бала пайда болуп,
—Эй кара кыз татынакай экенсиң токточу деп жаныбызга басып келди. Мага айтып жатабы деп ыңгайсыздана кыздарды карап калдым. Тиги бала мага комплимент айтып жатты. Карагат көздөрүң, капкара чачың, жарашыктуу көйнөгүң менен мени арбап алдың. Сени көрүп эле болочок жарым деп кыялданып кеттим деди суктана карап....
Ал күнү эжекем кичине кызга окшоп кийинчи деп, көйнөгүн кийгизип, чачымды жазап койгон болчу. Шым кийип көнүп калган жаным көйнөк кийсем шылдыңдап жататко деп, барчы аары көп сүйлөбөй деп кагып бердим..
Жок жок чын эле айтып жатам деп күлүп жиберди. Кыздар красавчик экен таанышпайсыңбы деп?,бирин- бири коштосо, менин ан сайын ачуумду келтирип, болгон характеримди көрсөтүп жаттым.

#3 13 May 2017 - 05:20
Артыбыздан калбай номеримди сурап туруп алгандыктан,
айылымды айтып, атым
Асел (кыздын аты өзгөртүлдү) керек болсом таап ал деп басып кеттим.
—Макул күт атым Бекзат деп кала берди.
Көп өтбөй эле 2,3 күндөн кийин телефонума чалуу келип алсам...
—Алло кандай кара кыз?, деп калды.
—Жакшы ким экен бул?, тааныган жокмун десем.
—Мен парктагы жигит.
Аябай эле наздандыңызго. Баары бир сени таап алдым ээ.
Кандайсың анан? Сени аябай сагындым.
Көздөрүңдү көргүм келип жатат деп калды.
—Кантип эле бир көргөн кызын сагынып калсын. Кыздардын баарына ушинтип сүйлөйсүңбү? .
—Жок кара кыз бир гана сага айтып жатам.
Адатта бул сөздөрдү кыздар мага айтчу.
——Дааа кыздарым көп дечи...
—Сөз айтып, тийишкендер бар. Бирок бирөөсүнө да көңүл бурчу эмесмин. Мен кичинекей кызды жактырып калдым окшойт.
Макул болсоң эртең сабагың бүткөндө мектебиңдин алдынан тосуп алсам каршы эмессиңби?.
Жок мектептин жанынан эмес. Кеп- сөзгө калам. Классташтарым, тааныштарым сөз кылат дедим.
—Мейли анда үйүңө кетчү жолдон тосуп алайын.
—Макул деп телефонду өчүрдүм....

#4 13 May 2017 - 06:18
Жаңы окуу жылы башталып, биринен- бири өтүп татынакай болуп алышкан. Ак бантик, апакай кофта, капкара юпка кыздардын көркүнө көрк кошуп турчу. Жайкы каникульда ким кайда болуп?, эмне жумуш кылганын айтып беришип, классташтарымдын жүздөрүндө күлкү- кубаныч бар болчу.
Бир убакта телефонума мен келдим деген смс келди. Бири- бирибизди сагынып калгандыктанды убакыттын кандай өткөнүн да сезбей калыптырбыз. Саатты карасам 13:30. Мейли анда мен кеттим. Үйгө эрте барышым керек десем. Жакын курбуларым Айка менен Сайкал да биз да кетебиз деп, үчөөбүз баары менен эртеңкиге чейин деп коштошуп, үйгө жөнөдүк. Мектептин алдында апакай машина турат. Ичиндеги караан мага тааныш.
Сыр бербей, көрбөгөн киши болуп кыздарга сүйлөп бара жаттым. Биз баскан сайын машинаны акырын айдап, артыбыздан келе жатты. Мектептен бир аз алыстагандан соң жаныбызга машина жетип келип,,
—Кандайсыңар кыздар? Жаңы окуу жылыңар менен.. Асел кандайсың? деп сөз баштады. Курбум Сайкал дароо эле таанып, эй бул баланы парктан көрбөдүк беле. Мага келгенин билип турса да, кимибизди издеп биз жакка адашып келип калдың деп?, адатынча тийишип баштады.
—Кара кызга келгем. Уруксат берсеңер Асел менен сүйлөшүп алайын.
—Мейли мейли биз кетели деп кыздар жолун улап, үйлөрүнө кетишти.
Бекзат машинасынан түшүп колундагы роза гүлдөрүн мага сунду.
Уялып кетип, жок ала албайм дедим.
Эмнеге албайсың?, гүлдөрдү сен үчүн алып келдим. Албасаң эч жакка кетбейм деп туруп алды. Мейли гүлдөрүңдү алам. Мени көрдүң, эми үйгө барайын. Кечигип жатам. Апам урушат дедим...
—Мен жеткирип коеюн. Машинага отур деди.
—Жок бирөө көрсө уят. Өзүм эле кетейин.
Мейли анда үйүңө жеткенде чалам. Көрүшкөнчө кара кыз деп жылмайып койду.
Рахмат гүлүңө деп үйгө жөнөдүм...

#5 14 May 2017 - 10:25
Адам баласы киндик каны тамгандан баштап, жүрөгүнүн акыркы согушуна чейин сүйүнүч менен өкүнүч, сүйүү менен жек көрүү, жакшылык менен жамандык жандап жүрөт эмеспи. Биз, пенделер, жакын адамыбыздан түбөлүккө айрылмай- ынча, ал адам биз үчүн канчалык кымбат экенин түшүнбөйт экенбиз. Баары кеч болгон соң гана бармагыбызды тиштеп калганыбыз өкүнүчтүү...
Эх ошол кезде ушул кичинекей жүрөктү азапка салып, армандуу сүйүүгө айланарын билгенимде, жүрөгүмдүн ханзадасы болгон Бекзатка мынчалык байланбайт болчумун..

#6 14 May 2017 - 16:58
Эх сүйүү мынчалык татаалсың?, сенин учуң , аягың жок. Бирде тикен, бирде жай сенин ушул татаал жолуңду басып өтүү мынчалык кыйын. Эгерде сүйүп калуу ушунчалык кымбат, сүйүү көз жашы ушунчалык ачуу экенин билгенимде эч качан эч кимди суймөк эмесмин. Кана менин балалык сезимдерим,
кыялдарым бир кездеги тынч, бир калыпта согуп жаткан жүрөгүм азыр тыбырчылап бир гана адам үчүн согуп, ал гана үчүн жашайт. Эх сүйүү мени мынчалык кыйнайсың?, деги канчалык сага талпынсам да жетпейт күчүм, кечир мени алсыздыгым үчүн...
Сен кеттиң мен да сага карабадым.
Кош бол деп коштошууга жарабадым.
Болгону өкүнүчтөн өксүп ыйлап, бир топ эле өзүмдү-өзүм дабаладым.
Билем азыр сага да жеңил эмес.
Жалгыздык сенин теңиң эмес.
Кыйлага сени кыйнап ойго салат, саргайтып сагындыргаң ошол элес.
Көз алдымда сени менен акыркы жолу бирге болгонум кыйнап бүттү, тажап бүттүм сени гана ойлогонум.
Кантейин кимге барып айтайын арманымды?))
Эй жараткан дагы деле кайтарып бер, сүйүүмдү, махабатымды. ...

#7 14 May 2017 - 23:30
Кучак толо кыпкызыл болгон роза гүлдөрдү кайра- кайра жыттап, башкача бир сезим менен үйгө бара жаттым. Себеби мен өмүрүмдө биринчи жолу эркектен гүл алышым эле.
Үйгө жакындаган да ой басып, эми эмне кылам?, апам ким берди?, кайдан алып келдиң?, десе эмне деп жооп берем деп ар кайсы ой менен кетип бара жаттым. Менден бир жаш кичүү Феруза деген коңшу кыздын 3 күндөн кийин туулган күнү болчу. Экөөбүз кичинебизден бири- бирибизди туулган күнүбүздө куттуктап келчүбүз. Анан Ферузага гүлдөрдү берип коеюн деп үйүнө бардым.
—Ой сен кайдан гүл көтөрүп, ким берди деп?, суроо үстүнө суроо узатып сүйлөп жатты.
—Бул гүлдөр сага)) Туулган күнүң менен деп өөп койдум.
—Сага эмне болду?, туулган күнүмө дагы 3 күн бар да.
—Ооба билем. Мен үйдө болбой калат окшойм ошого бүгүн куттуктап коеюн дедим.
—Макул анда гүлдөрүңө рахмат. Жүрү үйгө кирели. Чай ичебиз деп кубанып жатты.
—Жок мен үйгө барайын. Анан келем деп үйүмө кеттим. Эхх жаш болгом да аябай корксом керек сыягы. Азыр ойлонуп эмнеге берип койдум экен деп өкүнөм. Уурулугум кармалгандай өңүм бозоруп, үйгө кирдим.
—Апам ай кызым эмне болду?, ооруп жатасыңбы?, баары жакшы элеби алтын кызым?.
Ооба апа баары жайында. Башым ооруп турат. Анан да чарчадым. Бир аз уктап алайын деп бөлмөмө кирип кеттим. Таттуу кыялдарга чөмүлүп, уктап кетиптирмин.
Ойгонсом телефонума смс келиптир.
Кандайсың кара кыз?. Үйүңө кандай жетип алдың?. Гүлдөр жактыбы?)))
Жаңы окуу жылы башталып кыйналбай элесиңби?. Бошогонуңда чалып коесуңбу деген смс. Эмнегедир сүйлөшүүгө ашыктымбы жумуштарды бат- баттан кылып, бүтүргөнү аракет жасадым. Негизи көп эле жумушту апам менен сиңдим кылат болчу. Ойлоп көрсөм эне экен да мени аяганбы, жумуш кылбайсың деп көп деле урушпаптыр. Тамак жазап койуп, телефонду колго алдым да чалганы батына албай, анын коңгуроосун күтүп жаттым. Чалган жок анан өзүм чалып, 2 жолу гудок кеткенде өчүрүп койдум. Телефонду өчүрөрүм менен эле ал кайра чалып калды.
—Алло кандайсың?,Сенин чалууңду күтүп жаткам деди.
—Уялып кеттимби айтор басылып кетиптир башка бирөөгө чалып жаткам деп актана кеттим.
—Даа кел анда жакшылап таанышалы. Менин атым Бекзат. Райондун өзүндө эле жашайм. Сенден 6 жашка улуумун.
—Мен сени андан да жашко деп ойлогом. Таарынбасаң сен деп эле сүйлөйүн. Сиз деп сүйлөө мага бир аз ыңгайсыз болуп жатат дедим.
—Макул сен деп эле сүйлөй бер. Орус кыял болгонума андай деле маани бербейм деди. Чындыгын да Бекзат сымбаттуу, жогорку билимдүү, колунда бар үй-бүлөнүн жалгыз баласы. Кыргызча жакшы сүйлөй албаган эки сөзүнүн бирин орус тилинде сүйлөгөн, үрп- адат, каада- салт, ырым- жырымды билбеген эрке бала болчу.
—Мен жөнүмдө баарын билип болгон болушуң керек дедим.
—Ооба бир аз тентегирээк экенсиң ээ. Бирок мүнөзүң мага аябай жакты.
—Эмнеге мени кара кыз эле дей бересиң?, эмне ушунчалык эле капкарамынбы дедим бир аз таарынгансып.
— Жок мен тамашалап эле айтып коем. Көңүлүңө катуу тийсе кечир. Экинчи айтпайм. Кандайдыр бир башкача сезим пайда болуп, сени бат- баттан көргүм, үнүңдү уккум келип жатат. Качан жоолугабыз деген сөзүн кайра баштады. Сыр бербегеним менен мен да аны көргүм келип жаткан.
—Билбейм Кудай буйруган күнү деп койдум. Сен суббота окубайсың да кел ушул күнү жоолугабыз деди.
Айылың жактан уялсаң биз жакка келчи.
—Мейли көрөбүзго деп койдум.
Макул анда ширин кыз көрүшкөнчө деп биздин сүйлөшүүбүз аяктады..

#8 15 May 2017 - 00:28
Бекзат менен таанышкан күндөн тарта менин жашоом түп тамыры менен өзгөрө баштады. Кыздай кылыктанып,
жасанып, талтаң- булдаң деп баскан кадамдарым назик кадамга айланып, терс мүнөздөрүмдү таштап, акырындык менен жакшы жакка өзгөрө баштадым.
Сүйүү.. сүйүү сен кандай болдуң экен?. Таттуу дешет сүйүүдө балкыгандар, ачуу дешет абдан көңүлү калгандар. Канткен күндө да мени ошол таттуу сүйүү акырындык менен жүрөгүмдү ээлеп жатты.
Биз күткөн суббота(ишемби) күнү да келип, районго баруунун жолун ойлодум да апама бардым.
—Апаке тишим ооруп жатат. Бүгүн барып көрсөтүп келейинчи дедим.
—Тишиң ооруса жүр анда чогу барып көрсөтөлү деди энекем шашкалактап.
—Жок апа сиз үйдө отура бериңиз. Мен өзүм эле барып келем.
—Макул кызым барагой үйгө эртерээк кел деп санаасы бөлүнүп апам үйдө калды.
Кызыл көйнөгүмдү кийип, татынакай болуп алып районго жөнөдүм.Барып эле мен келдим деп смс жаздым.
Көп убакыт өтбөй кайсыл жерде турасың?. Азыр 5 мин барам деген смс келди. Ары- бери өткөн кишилерди карап, ойлонуп отурсам бат эле Бекзат келип калды.
—Иии чүрөгүм десе бүгүн аябай сулуу болуп кетипсиң. Бөтөн көздөрдөн сени кызганып жатам. Курсагың ачтыбы?. Бир жерде шашлыкты сонун жазашат. Жүрү ошол жакка барып келели деп кафеге жөнөдүк. Бекзат өзүнчө эле романтик. Мага белек берип кубандырганды жакшы көрчү. Бул жолу да куру келбей апакай чоң мишка көтөрүп келиптир. Ошол кездеги кубанганымды азыр сөз менен айтып да жазып да жеткире албайм. Жагымдуу музыка, таттуу тамак үстүндө тамашалашып сүйлөшүп отурдук. Көз караштарыбыз кезиккенде жан дүйнөм толкуп, жүрөгүм өз чегинен чыгып кетчүдөй бат- баттан согот. Ансайын уялып, тамак да тамагымдан өтбөй жөн гана сок ичип отурдум. Тамактанып болгон соң, бир аз тартынып Бекзат сөз баштады.
—Мен сага кандай айтууну да билбей турам. Бирок айтпасам жүрөгүмдөн уруш угам. Асел мен сени жактырып калдым. Сени ойлоо менен таңым атып, сени ойлоо менен күнүм батып жатат. Жүрөгүмдүн ханышасы болчу берекем))). Мен сени шаштырбайм бирок ойлонуп көрчү деп жылмайып койду. Мындайды күтбөгөн жаным эмне дээримди билбей үйгө барайын кечиксем апам урушат дедим.
—Жарайт урушка калба. Азыр 15 минута да үйүңдө болосуң. Кеттик анда сени аман- эсен, ата— энеңе жеткирип коеюн. Каршылык көрсөтбөй машинасына отурдум да бат эле үйүмө жеткирип койду. Асел сенден макулмун деген смсти чыдамсыздык менен күтөм. Эми үйүңө кир деп, жылуу коштошуп, ал да үйүнө кетти.

#9 15 May 2017 - 00:53
Көздөрүңө карагым келе берет менин... каректеринден көз айырбай тиктеп,ушул минута да эмнени ойлонуп жатканынды билип алгым келет... Көкүрөгүңө башымды жөлөп, жүрөгүңдүн ар бир сокконун тыңшап тургум келет... Жагымдуу жытына мас боло, жаныңдан кетпөөнү каалайм... Жылуу колдорундан колумду чыгарбай тура берсем дейм... Айткан сөздөрүңдү угуп, сенден башка дүйнөнүн баарын унутуп, телегейим тегиз болуп турушун каалайм.
Бирок мунун баары кыялдар гана. Сен эми менин таттуу кыялдарым да гана түбөлүк өмүр сүрүп калат окшойсуң... Мейличи дейм, макул болом ага да. Жоготкум келбеген сени. Жашоо жолу татаал окшойт... Адашып кеттик го экөөбүз... Ага эч кимдин азыр күнөөсү жоктур... Ал эми кыялдар болсо кала берет... 'Сен жөнүңдө'.. .'Сен тууралуу' ... Омүрүмдүн сен катышкан барактары мага азыр кооз да, армандуу да, кымбат да туюла берет... Таптакыр ошол барактарды жаңысына оодаргым келбейт. Ошол учур менен жашап келе жаткансыйм азыр да... Бирок бар күчүмдү жыйнап туруп, оодаруум керек экенин да түшүнүп эле турам... А бирок билбейм алды да эмнк күтүп турат мени... Эмнегедир ушинтип айткандарды такыр түшүнчү эмес экем мурун... Жан дүйнөм ала-салып, далбастап, ой -кыйырына жетпей, суткадагы баардык сааттар бою эле өзүңдү ойлонуп калам деген ойлор келбептир башыма... Жаңылышып жүргөн окшойм. Кандайдыр сезимдерге өзүмдү жөндөмсүзмүн деп санап... Антпесе эмне деген бул таң калычтуу ахывал... Аба да асылып калган сыяктуудай. .. Кээде ойлонуп, абдан кубанып кетем... Жашоомо сабак кылып, жүрөгүмдө сүйүү ойготуп... Ушул сезимдерди канча оор болсо да, тартуулап кеткенин үчүн... Дүйнөгө, адамдарга болгон көз карашымды өзгөртүп кеткенин үчүн... Эээхх мынча кызык кылып жараткан да биздин жашоону...

#10 15 May 2017 - 10:34
"Бегим,
менин жүрөгүмдө түбөлүккө жашайсың"
темасы айрым түшүнбөстүктөрдү жараткандыктан,
автордун өтүнүчү менен "Жан биргем" деп өзгөртүлдү.
#11 16 May 2017 - 09:02
Баш аягын аралштырбай,
башынан аягына карап жазссанар. Тушунуксуз болуп кетат, башаламан болуп.
)
#13 16 May 2017 - 20:03
#14 16 May 2017 - 20:18
#15 16 May 2017 - 23:57
#17 17 May 2017 - 01:23
Ар ким жүрөгүндөгү сырын жазат. Ичине сактап жүрө бербей жеңилдегиси келет. Бирөөлөр үчүн түшүнүксүз,
маанисиз болсо, өзү үчүн чооң сүйүү, арман, өкүнүч же балким сүйүнүч. Ар кимдин окуясы жана жазуу стили ар кандай. Ошондуктан жакпаса жөөн эле окубай чыгып кетсе болбойбу. Негатив сөздөрдү жазып, автордун жүрөгүн оорутпай. Албетте, оюңарды жазганга укугуңар бар. Бирок, көңүл деген нерселерди унутпасак.
#18 17 May 2017 - 01:25
Автор, уланта бергиле. Ар адамдан ар кыл сөз чыгат. Беш кол тең эмес. Биз окуп жатабыз, уланта бер.

Супер-Инфо
super.kg
видео