Сүйүү жакшы, бирок, муну угуңуз.
Сүйүү гө мен кул болгондон коркомун.
Сүйүү жактан бир Аллахтын кулубуз.
Муңканган сен карегинен ый төккөн,
Мен бир пенде ый агызып ыр төккөн.
Бар жалынды өчпөчү дөй ойлобо,
Баары жалган, ишенип кой, жылт эткен.
Адам жоктур амандыкта жаңылбас.
Ал сыңары менден азап арылбас.
Ким сүйсө да татыксызмын баарына,
Кечирип кой, кечирип кой, карындаш.
Жаштыгымды жалын кылбай айдапмын,
Жамалымды күнгө бурбай кармапмын.
Ашыктыгым азыр менин башкада,
Акыйкатты, айтчы кантип танмакмын.
Укканымча сүйүү , балким, таттуудур?
Урмат кылып кармап калаар бактыдыр?
Жетелешип жектегенче сезимди,
Жетпей калган ашыктык да жакшыдыр?..
Махабатка каршы болсун деги ким?
Менин бирок, татаалдашкан өмүрү м.
Айтпа мага сүйүү , күйүү жөнүндө ,
Ашыктыктан калган эчак көңү лүм.
деп Жеңишбек Жумакадыр дал менин сөзүмдү айтып коюптур.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 21 Февраль 2010 - 13:35