ДҮРБӨЛӨҢ ЗАМАН
ПОВЕСТЬ
Дүрбөлөң заман Мухтар Ауэзов
#2 20 May 2017 - 19:24
ДҮРБӨЛӨҢ ЗАМАН
ПОВЕСТЬ
I
Эстен кеткис 1916-жылдын жазы эле. Жазы жаандуу, суусу мол, жайыты кең, кызыктуу, калың Албандын жомоктогудай бай сулуу жайлоолору: Үч-Мерке, Тегерек-Саз, Үч-Каркыра, Сырт, Лабас — жай күндөрүнүн жашыл ала көшөгөсү, көк жибек бешиги сыяктуу. Тиричилик, молчулук, бакыт, байлыктын кызуусу менен буусу асманга чыгып жаткан турмуш жарманкесин көрсөткөндөй. Жай күндөрүнүн жарашыгы менен кызыгы адам баласын мас кылгандай жалындуу, желдүү.
Чалкыган, көрөсөндүү мол дүнүйөнүн тирүү түспөлдүү белгиси сыяктанып Каркыра жарманкеси кайнап жаткан.
Жарманке ачылганы айдан ашса да, кызуусу али басылып солгундаган жок. Кайта күндөн-күнгө күч алып, өөрчүп, доорону жүрүп жаткан. Жарманке — тогуз жолдун тоому. Бери чети: үлгүлүү орус калаалары болсо, экинчи жагы: Кулжа, Кашкар, Хива, Бухара, Самаркан, Ташкент. Баарынан тең албан-албан казыналар чөлмөктөп куюлгандай болуп, Каркыранын жайыгына төңкөрүлүп жатты. Жаан артынан Ала-Тоодон аккан селдей болуп сооданын пулдары токтолбой төгүлүп жаткан. Далай сандаган коштор менен келген миң-миңдеген койлор Каркыра жайыгын ыжылдаган ак курттай басканына бир далай мезгил болгон.
Ошондой калың үйүр-үйүр жылкы, бада-бада уй да Албандын жайлоолорун оңду-солду чыйырлап каптаган. Айдыңы аз гана Каркыра жайыгы ийин тирешкен малдан бети-жүзүн көрсөтпөйт. Каптай баскан туяктан кабыргасы кайышып тумчуккандай. Оор күрсүнүп ыңгырангандай.
Токтоосуз агылган агын эртели-кеч ак карлуу тоонун арасындагы кыргыздан, тескейдеги казактан жармаңке казанына төрт тараптын төгөрөгүнөн чөлмөктөп куйгандай болуп, төрт түлүк малын тизип апкелип жатышты.
Калың уруунун ортосу — Каркыра. Байлыктын улуу өрүшүнө жеткен кең колтук колу ачык, аңкоо эл: Албан, Бугу, Жарманке жыл он эки айда бир ирет болот. Болгондо да узак болот. Үч-төрт ай бул жарманке бою асман атып доорон сүрөт. Ошол кезде жылдык керегин Албан баласы ушу жарманкеден күрөп алат.
Бай көп соода кылып, көп керегин алчу калың эл болгондуктан, соодагердин жытчыл мурду бул элдин ортосун эбактан тандап алган.
Өрүшкө чыккан койдун жытын сезип, желге карап тумшугун тосуп, ичин тартып жер тарпып, бет түзөп, жото-жотодон кароол карап, ууга чыккан карышкырдай — ач пейилдүү жукпас соодагер боркемиктүү, батман куйруктуу Албанды бекерге тандаган эмес. Соорусунан басып көрүп, семизи, момуну, таттуусу ушу экенин жакшы билген, жетик тааныган.
Азыр да кумурсканын уюгундай быжырап, жыбыр-жыбыр болуп бүлкүлдөп, кызара бөртүп, ажарланып, күндөн-күнгө карынын кампайтып келе жаткан жарманке — ошол талаасын уулоого чыккан жаяндай боло турган. Көгөөнгө тизилген багландын май куйругуна тумшугун матырып, соорусу бүлкүлдөп гана жылуу-жумшагын соро бере турган.
Момун элдин мол денеси митедей соруп жаткан соргок ууртка боюндагы даамдуусун, ширелүүсүн берип жатты. Ак челеги түшкөндөй аңтарылып, шүйшүнгөндөй мекирене түшүп, сүттүү желинин шыпкатып турат. Бээнин эмчегин шыпкап сүттү көп алган сыяктуу, жакшы саанчынын колу сыздаган эмчегине жабышкандан бери карай жайлоонун жоргосу менен жортогун ноктолоп, эн салып, өз колу менен аткарып жаткан.
Соодагерлер тобу казак талаасына соодасын куруп, куйрук-боорду ашап, оозу, колу майланып, жондонуп турат.
Сибирь, Түркстан, Кашкар, Кытайдын улуу аймактарындагы далай-далай чоң шаарларда жаркыраган чоң дүкөн, катарланган көп дүнүйө-мүлк, чалкыган калың байлык ээси болгон соодагер байлар — баарынын бул куйруктан ооз тийбегени жок. Сүттүү эмчекти бир соруп кеткенинин өзүндө да жерден алтын тапкандай көп казынаны күрөп алып жатышты.
Ошондуктан колу жетиштүү, муштагылап сааштын бабын билген соодагер бул кезде болуп-толуп, эми «балан байбача», «түкүнчө байбачанын» даражасына жетип, пулдануу, керсейип, кесирленүүнү да чыгарышкан. «Кайта кирер эшикти катуу серппе» дегенди алар билген эмес. Кези келсе, суу ичкен кудугуна түкүрө кетүү буюм эмес сыяктуу болгон.
Малга келген илдет аркылуу кан-жинге семирген дөбөт токтугуна мас болуп, ээсин каппаспы?
Мурунку кезде чолок куйрук чобурга жалгыз арабасын кошуп, эки кызыл кулак келди, шара-бара, көк таш, мүйүз сыяктуу көр-жерди «дүнүйө» кылып, катынып келген ач көз соодагер эми жону чыккан кезде алгачкы көргөн жайлоого келберсип-кесирленбесе болобу. Өткөн күнү бүгүнкү ток кардына ызалуу күнүндөй көрүнүп эске түшпөй турарбы? Ошондуктан ал желинди тээп кетпей, кантип тура алат?
Далай жылдар малды эмизүүгө, семиртүүгө ыңгайланган элдин ачына турган, тарыла турган күндөрү жеткен эле.
Эл денеси соодагерлердин бузук алдамчылыгын кандай көтөрсө айкөлдүк менен чыдап келсе, Каркыра жайыгы да кең аймагын баскан төрт түлүк калың малга ошончолук айкөлдүк менен чыдоодо.
Кийиздей калың көк шиберлүү Каркыра жайыгы эзелтен бери эле Албандын куттуу берекелүү жайлоосу. Миңдеген жылкы, нечен короо кой ала жаздан баш көтөрбөй жабыша жалмап жатканда, бул жайыктын жибектей толкуган өскөлөң шибери сыр билдирбей чыдап ошол жоосун ээлендирип, кулпунтуп, жетилтип отурган. Таң сүрсө тыңып, жетилип кала турган кут талаасы ушу жарманкеге атайы арналып жаралгандай эле.
Аштоодой көк жайыкка ийри-буйру из салып, чоң Каркыранын мөлтүр суулуу кең өзөнү агат. Ал миң-сандаган жанды суусатып, зарыктырып, чаалыктырып көргөн эмес.
Жайыктын орто жериндеги кара курттай кайнаган жарманке ошол өзөндүн жакасында. Базардын ортосунда орнотулган бийик узун жыгачка асмандатып көтөргөн ак желекте эки баштуу зымырыктын сүрөтү желпилдөөчү. Бул курсагы тойбос, жомоктогу желмогуз ажыдаардын нагыз белгиси эле. Соргокту төрөгөн эне — желмогуз түстүү улук. Ошонун эн тамгасы — жомоктогу ажыдаардай эки баштуу, жаян түстүү зымырык куш.
Мунун жарманке башындагы эки колу, аткан огу, чапкан кылычы — кара жемсөө, семиз пристав «Акжелке» Подпороков да, айланасындагы жоргологон көшөкөрлөрү майда төрөлөр: мунун ичинде казактан чыккан өңү жылтырак, курсагы чердейген тилмечтер айланасына карай турган эки түрлүү көзү бар. Бири — жарынын төшөгүн арамдап койгон, аягы суюк токолдой жагынып, жалтаңдап, жорголоп карай турган жазганчаак көз. Бул — приставга, сотко, жарманке улугуна карай турган көзү. Экинчиси — сурданып, кесирленип, кергиштеп карай турган текебер, мактанчаак, эч нерсеге тойбогон, аш-тамакка кадалган көз. Ал — казакка, элге карай турган көзү.
Баары тең жарманке ачылгандан бери жондонуп, семирип, күржүйүп келе жаткан. Приставдын тилмечи Жебирбаев мында улугу экөөнө түшкөн малдан үч жүз кой, элүү караны кечеги күнү жем издеген каргадай айланасынан чыкпай жүргөн туугандары менен өз элинин жайлоосуна карай айдаткан эле.
Булар соодагерди, элди, жолдон тайган, болуш, бийди, кедей-кембагал момун адамдарды — барлыгын тең атасынын ашындай көрө турган. Күлгө оонатып жеген көмөчтүн алды кечеги кеткен мал эле. Эми бүгүн жаңы эпкин менен кудайындай сыйынган приставына ишенип, элдин чөнтөгүнө дагы да сугалак колду матырмак болуп, базар ортосундагы Акжелке кеңсесине дагы келген эле. Бүткөн бою тер сасыган семиз пристав, күпчөктөй денесине арта салган кылычы бар, түгүн сыртына чыгарып, алдында үндөбөй үңкүйүп турган үч казакка сөгүнүп, урушуп турган экен. Улугунун оңтойлуу чабыты келип турганын жорго тилмеч дароо түшүндү. Олжого тунганы турганын жытчыл тумшугу менен сезип калды. Эшиктен кире бере ал да Акжелкеге көзү чалдыгары менен тез эле өңү-түсүн кубултуп, улугу менен бирге дал ошондой сурданып, ачуулуу түргө келип, казактарга тикирейген көзү менен карады.
Жорго токол кайыгын алдына төшөөгө алда качан машыккан. Окуганы ошол өнөр сыяктуу. Талабы көксөгөн муратына жеткен эле. Жарманкеден азыраак мурун жолдош болсо да, Акжелке мунун боюндагы асылын баамдап, өзүнө керек мерчемге чейин жакындатып, олжо сырына аралаштырып, тыныктырып алган.
— Силер, акмактар, жарманкеге келген соодагердин алдынан чыгып, каршылык кыласыңар! Силерге керек-жарагыңарды апкелип берип жаткан ким?! Соодагер болбосо силер Алма-Атага чубурар элеңер, алардын малын жерибизге кирди деп кубалайсыңар, силерде жер барбы? Жер падышаныкы. Соодагердин малы да падышаныкы. Казынага, өзүңөргө пайдасы тие тургандар — соодагерлер. Силердин туяк акы алгыңар келген чыгар. Силерге көрсөтөмүн туяк акыны. Азыр абактыга жапкызамын, — деп пристав күнөө жүктөп, алдындагы казактарды зекип турган. Тилмеч да келери менен улугуна окшоп ызгарлуу түргө келип, жанагы сөздү которуп жатты. Орус тилин чала-була билген бир күнөөкөр жартысы казакча, жартысы орусча:
— Таксыр, жер падышаныкы экенин билебиз. Биздин багып жүргөн малыбыз да падышаныкы. .. дей бергенде:
— Оттобо!.. Сүйлөбө! Үчөөңө бир айдан түрмө кесемин азыр,— деп, отура калып кагазына калемин кейкелектетип жаза баштады. Жасалма ачуулуу мүнөз, тикирейген мурутунун аркасында чың түйүлгөн ыза сыяктанып турду.
Арызчы үч момун казак, илгертеден пара алгысы келген падыша улугунун элге көрсөткөн мүнөзү ушундай боло турганын сезсе да, сыртына чыгарып эч нерсе айта албай: адеп менен гана тилмечке карап, жалтактап, жардам издеген абалда калышты. Тилмечтин кебетеси да аябай суук тартып, томсоруп, кыйгач көзү менен карап турду.
Улук ачууланып «протокол» деп атап коюп, жазып жатты. Кыйшынсыз зордуктун оң-терске карабай, эриксиз көндүргүсү келип турганын сезген арызчылар ичинен катуу нааразылыгын ойлоп көнгүсү келбегендей отурушту. Асыресе, ушу мүнөз өзгөлөрдөн көрө жашыраак, кара сакалдуу Картбайдын жүзүндө айкын көрүнүп турду.
Ал өз кишилерине:
— Мындай болгондо казак баласына ким жалаа жапса, ошонун сөзү оң-терсине карабай өтө турганы анык болуп жатпайбы. Арызыбыз угулбай, ак-карабыз текшерилбей өлө бере турган болгон соң, биз да бир, митайым киши да бир болгону ошол. Соодагер жамандайт. Биздин сөзүбүздү тыңшашпайт. .. — дегенде тилмеч:
— Кой, сөздү кой, бышыксынбасаңчы. Сен терсаяксың, — деп, анан улук жакка жалтактап карап койду.
Жолдошунун айткан сөзү өз көңүлүндөгү муңу сыяктуу болгондуктан, Кусайын карыя:
— Биз кайда барып, кимге арыз-муңубузду айтабыз. Эл сураган улугу мындай десе, коёлук... Мейли, билгенин кылсын. Кантелик... — деди.
Арызчылар акырындап дооматынан кайтып келе жатканын байкап отурган улук сөздү ырбатпай басып таштоо үчүн:
— Силерде баш жок. Силер итсиңер, билдиңерби? ! — деп Картбайдын көзүнө кадалып сөөмөйү менен нукуп туруп сүйлөдү.
Картбай тигил сүйлөп жатканда көзүнөн көзүн алган жок. Чыны ачуулуу, ызалуу сыяктуу эле... «Итсиңер» деген убакытта улуктун сөзү менен жарыша:
— Сенин минтпей турган күнүң болчу беле, улугубуз сен болгон соң ушундайды уга турганыбызды билебиз...— дей бергенде, Кусайын аксакал колтукка түртүп:
Кой, андай дебегин... — деп акырын басып койду.
Бул убакытта улуктун көзү кызарып, чакырайып, муруту тикирейип, таноосу кыпчыла ачууланып:
— Сен ит, жериңе мал кирсе, мага келип эмнеге айтпайсың. Сен Мукамбеткерим байбачанын өзүнө эмне айтпайсың. Малчысын сабаганды тапкан экенсиң. Мен сага көрсөтөмүн кандай сабай турганды... Түрмөдө таанытамын мен сага, киши урганды! — деп муштуму менен үстөлдү бир коюп, оозгу үйдөгү эки солдатты чакырды.
Картбай кайратынан тайыган жок:
— Мейли, сенин заарыңан коркуп жалына албаймын. Соодагер — бай, мен — кедеймин. Ал кылган жакшылыкты мен кыла албаймын. Айтты эмне, айтпады эмне? — деп, айдаган солдаттардын алдына түшүп бара жатып да тике карап сүйлөдү.
Улук айкырып, азырейилдей кадалып:
— Жап, ачка кама! Жогот көзүн,— деп тактайды тепкилеп көк көзү октой кадалып, жазалууларды эшиктен чыгарып алып кеткенче заарын чачып турду да, алардын карааны үзүлгөндөн кийин тилмечке бурулуп карап: — Карачы, иттерди,— деп башын чайкап, эшик жакты көрсөтүп, жоошугандай түр менен мурдунан «бырс» этип күлүп койду.
— Булар чыны менен ант урган немелер көрүнөт. Байбача келип кеткен экен го? Кечээ ачууланып мага да келип айткан эле. Буларды бир аз тыйып коюу керек. Антпесе, элдин баары жериме кирди деп малды кубалай турган болсо, Каркыра да, жарманке да туралбас,— деди.
— Булар чыкпайт, отурат,— деди да улук тилмечтин күлүмсүрөп карап турган көзүнөн бир нерсе окугандай багып туруп, аягында унчукпай турду да, анан күлүп жиберип: — Жүз сом, билдиңби? — деп тилмечти далыга какты.
Жүз жыйырма беш, таксыр,— деп, тилмеч кыт-кыт күлдү.
Кечеги күнү тилмечке жолуккан Мукамбеткерим байбача Акжелкеге келген эле. Мунун жармаңкеден алган кою бир нече короо болгон. Жармаңке калың малдын такай жатышына жайсызыраак; тар болгон соң ал койлорун тегеректеги элдин жайлоосу тарапка оодарып, жайдыра баштаган. Ошолордон бир короо кой Картбай, Кусайындын айлынын үстүнө келип жатып алып, бээнин отун жеп алардын малына аралашып, караанды көбөйтүп жүдөткөн соң, ирегеңди оолагыраак сал деген эле. Ага байбачанын кесирлүү малчысы көнбөй, жиберген кишилерин оозго алгыс сөздөр менен сөккөн соң жаңжал чыгып, байбачанын бир малчысын Картбай сабатып салган. Ушу жайды айта келип ногой байбачасы тегеректеги бардык жайлоодо отурган казак айылдарын жамандап, нечен түрдүү кылмыштарды таап кыйыктаган. Мындан ары карай бирин-экисин Жазалап сездентип койбосо, улам бирдемесин чыгарып уйпалай берерин айткан. Анан кетеринде адет боюнча коштошкон жерде конвертке салып бир пакет таштап кеткен. Ал сексен сом эле. Бул бай өзгө жана өзү сыяктуу соодагер байларча, жүргөн жериндеги олжону самап отуруучу улуктардын баарына тең ушундай ушундайдан бирдеме сугунтуп, оозун майлап кете турган. Ошондон кулкунуна таш тыгылгандай болуп калган улук кайра анын үстүнө чымын кондурбай, алыстан абалап үрүп, өзгөнүн каршы айтканын мунун башына даарытчу эмес.
Бирок эзелки адет боюнча эки жакты бирдей алмаксалмак жеп көнгөн неме жүктүн бир гана жагын канаат кылып отура албайт да. Эки жагына бирдей алмак-салмак оошуп ойноктоп туруу керек. Ошентип, эки жакка бирдей көз жиберсе, пристав Акжелке болобу? Кол жете турган оңтойлуу учур келгенде айлананы, алды-артын бирдей кармабаса, бир айдын ичинде үч жүз кой, элүү кара жыйналабы? Эки жакты катар кармоо үчүн жаралбаса, оң кол, сол кол эмне үчүн керек? Эки жактуу адам эки жактуу кылык чыгарбаса кадимки адам болобу? Мунун баарын казак талаасына далайдан бери каарын тигип, заарын сиңирген Акжелке жадыбалдай жакшы билет.
Ошондуктан, ал жармаңкенин жөн-жайына ылайым канык болгон шылуун эле. Анын колуна жапылдаган эптүү тилмеч гана тийбей жүргөн. Акырында Жебирбаевдей шериги табылды.
Жанагы иши өзүнүн нугу боюнча, өз жолу менен ошол жакка карай багытталып, олжого жутунган кол болучу.
Казак чыдабайт. Түрмө Акжелкенин араанын жүргүзгөн жери, саан уй сыяктуу орду. Жаткандардын өзү болбосо, агайын-тууганы, эли келет. Ошондо, ошондо... Акжелкенин ишенимин эл да, тилмеч да актайт, Бирок бул иш азыр эмес. Анын жөнү аныкталды. Эмкисин эки-үч күндүн ичинде өз иретинде тилмеч жайлап келет. Жеңкетай ошол аркылуу жең ичинен бүткөрүлүп келе берет... Аз күндө бул иштелет. Эми азыр башка иш...
Бүгүн почта келди... Башында Акжелке түшүнгөн жок эле, эми түшүнө баштады. Түшүнгөн сайын мурутунан жылмайып, эриксиз ыржайып алдыртан сүйүнүп турду. Өңү-түсү анык белгилүү эмес, бирок бир чоң батман куйрук кой кайрылып келе жаткан сыяктуу, албан уруусу түгөлү менен келип приставдын түбү жок терең чөнтөгүнө акчасын, казынасын агылта турган сыяктуу.
Эми ушунун ыгын келтирип, келиштире аткаруу керек. Б\'Л жаңы жардык. Таң эртеңден баштап ушуну эске алгап сайын приставдын жүзү жаркырап шаттуу күлкүгө айланып кетүүчү.
Мурдатадан, жыйырма жылдан берки тажрыйбасынан жакшы билет... Элге арналып жардык чыгарылса, ар качан анын кесепети менен келчү катмар-катмар булталаңы келип чыгат. Бой көрсөтпөй бугуп туруп, түтүк менен соргондой кылып эл казнасын сорот. Ууру сай, ажайып жылга, бекиниш жайлары бар. Ушу жарлык жарыкка чыгып, ишке аша турган болгондо, мурункунун баарынан артык, баарынан бай, калың-калың казына ачылганы турат. Карт бөрүнүн тумшугу жанына жайлуу тие турган койдун куйругунун жагымдуу жытын сезип кубанып жайнап кетти.
Жардыкты окуп, артынан келе турган кызыл-жабар кызыктын чет-жакасын пристав сездиргенде, жылтыр кара тилмеч балкыгандай магдырады. Жүзүнөн бакыт, ыракат нуру тамгандай жайдары күлүп, өрөпкүп кетти.
Бүгүнкү күнү кечки саат төрттө Албандын бардык болуштарын Акжелке кеңсесине чакырткан. Ошол убакытты экөө тең ичтеги чоң кубаныч менен ашыгып күттү, бул кабарды Акжелке жалгыз тилмечине гана билдирип койгон жок. Бүгүн таң азандан бери кеңсесине келип-кеткен жармаңке башындагы улуктардын бир далайына айтып көрсөтүп, окуп чыккан.
Ошолордун ичинде тилмеч сыяктуу мыкты шериктеш болуп, оң колу болуп турган орунбасары Плотников деген урядниги да бар эле. Узун сакалдуу, шыңга бойлуу, казакчаны мыкты сүйлөгөн, салтын жакшы билген урядник — ар качан базарды аралап, кылмыштуу, жазалуу, кылдан тайган адамды тооруп жүрөр оң көзү. Элден мурун Акжелкеден жаңы кабарды уккан ошол боло турган. Бирок кеңсенин сырын сыртка чыгарбаган сак сагызган кубанычын ичине катып, азыр да базарда мурункудан да ашыра кыраакылык көрсөтүп, тегерегин ныгырып сурданып турган. Ушул ирээтти жармаңке башындагы сот, тергөөчү, медицина надзиратели болуп — баары тең Акжелкеден жаңылык кабарды угуп, чогулуп, жанашкан жерде жапылдашып сүйкөнүшүп, ал-жайды билишкен бир ийиндин кумурскасындай ичтен тынышып, бир-бирине ымдашып-жымдашып, көз кысып тарашкан эле.
Жалгыз гана казак жайын тергөө, текшерүү аркасында өзгөлөрдөн көрө тереңирээк билген тергөөчү Акжелкенин кабарын укканда:
— Бул жумуш казактын мурун көрбөгөн иши. Кымыз менен жайлоонун кызыгында мал сыяктуу болуп жүргөн казак өкмөттүн ниетин оңойлук менен түшүнбөйт. Эптүүлүк менен жарыялап, башынан элге улуктун салмагын салып, акылына келгидей кылып билдирүү керек деп ойлоймун... Сиз кандай дейсиз?» — деген.
Арийне, арийне мен да ошондой деп ойлоймун. Көп элдин талкуусуна салбай болуштарга гана билдирип, ошолорду кысып отуруп, улуктун салмагын ошолор аркылуу элдин көңүлүнө сиңирүү керек. Болуштарды кысса, эл бирге кысылып, нускаган жолуна түшө турганын сиз менен биз билебиз го. Ошондуктан, болуштарды чакырмакчымын.
— Болуштарга, буйрук ушу. Ушуну аткарасың. Муну казак арасында кандайча тездик менен аткарып, оңой иреттөөгө болот, ошону гана акылдашасыңар деген ылайык,— деп айткан.
Жарманкенин айланасындагы жайлоолордо жыш конуп отуруучу Албан уруусунун жакшыларынын көбү күндүз жарманкенин башынан табыла турган. Ошондуктан бүгүнкү приставдын чакыруучулары Албан болуштарынын бир далайын базардан тапкан. Булардын кээ бири соода дүкөндөрүнүн жанынан табылды. Аттарын жүздөн, жетимиш-сексенден тизип таштаган базарчылардын ичинде түрдүү буюмдарды соодалап жүргөн жерден кездешти. Кээ бири жарманке башына тигилген боз үйлөрдө же кымыз ичип, же болбосо карта ойноп, ичкилик ичип, күүлдөп отурганда табылды. Кээ бирөөлөрү дүкөндүн ашканасында чай-пай, сорпо, же соодагерлердин мантусуна аралашып отурган убактысында кездешкен.
Ар бир болуш өз элинин ичинде жалкы чыккан жалгыз кочкор сыяктанып, өрөпкүп жүрсө да, мына ушундай калың топтун ичине келип, көп болуштан башка алда нече чендүү, бийликчил улуктардын түрүн, жүрүшүн көргөн соң өзүнүн-өзү жашыгандай бугуңку, жүдөө тартып турган эле. Айылдагыдай бийликчил добуш менен атырылбайт. Эч кимди зекибейт. Ошентсе да даража ээси улук болгон соң базарга өз элдеринен келип жаткан калаачыларга төмөндөнүп, кичирейип көрүнбөй көтөрүңкү болуп, нагыз улукча көрүнүү керек. Эч болбосо, айылынын момун, жоош, кедей-кембагалынын көзүн будамайлап алдоо үчүн болсо да, жанына тилмеч ээрчитип, мойнуна сары жездүү булгаары баштык асынган чабарманын ээрчитип, кез келген бирин-серин бийлер болсо, ошолорду жанынан чыгарбай, ээрчиген тобун көбөйтүп, караанын калыңдатып жүргөндү каалагандай өңдөнгөн түрү бар эле.
Колунда мөөрү бар, жаман-жакшы болсо да жармаңке башындагы Акжелке, урядник сыяктуу улуктар менен тааныштыгы бар, кээ биринин илме-чалма көңүл жакындыгы да бар. Ошондуктан мындай болуштар жармаңкеге кур алакан келбейт, антүүгө жол да жок. Бирөөнү сырты менен карап, кесирин тийгизип, бирөөнү алкап колтугуна алып кур жүрбөс үчүн астыртадан шыбырын да таратышып, дароо жоо, дароо дос таап, айлана-тегерегин быкшытып бүлдүрүп жүрө турган.
Тогуз жолдун тоому сыяктуу, казак бүлгүнчүлүгүн аяктап барып, сарыга турган жери орус улугу болгондуктан, жармаңкеде жүргөн болуштар аркылуу да Плотниковдорго топтолуп кала турган олжолор болчу эле. Ушундай кылык менен көзгө түшүп, бийликке ээ болгон болуш Ракымбай болучу. Бул — азыраак орусча биле турган бышык жигит. Мурдатан улуктун колтугуна киргич, жагынгыч. Ошондуктан жарманке башындагы барлык болуштан Акжелкеге жете таанышып, бедели арткан белгилүүрөөк болуш ушул болучу. Али күнгө чейин улуктан анча деле жакшылык көрө элек. Бирок жайында казак алдында «Ракым байке” деп атын атаса, үйүнө анда-санда чакырып чай берсе, ошол да жеткиликтүү сыйы. Ошол үчүн да Ракымбай улугунун касиетин аздектеп, кадырлай билчү.
Улукка башкалардан тааныштыгы артык, карым-катышы көбүрөөк болгондуктан, жармаңке башында мунун аты көп аталып, көтөрүңкү тартып, желденип жүргөн болуш да ушул. Бутун чулгуй басып, тамталаңдап, тегеректен келген болуш, бий, беделдүү карыя, белгилүү ажылар болсо, баарына тең ылайыктап сүйлөп, алдынан чыгып турар эле. Жайдары жүздүү, чечен тилдүү өңдөнүп турчу.
Приставдын бүгүнкү чакыртышы муну соодагердин ашканасына апкелди. Түш ченде жакынкы жайлоодон келген бир старчыны колуна түшкөн. Таң эртеден айылдан келгенде Ракымбай жанына катыны менен эрке баласын ээрчите келген. Жорголоп турган старчынга:
— Биздин катын жармаңкеге манту жеймин деп келди. Сен бай элдин старчынысың, жүр мантуга тойгуз,— деп, күндө ушинтип ар кимге өзүн сыйлатып жүрчү адет менен белгилүү тааныш соодагердин ашканасына келип манту жеп, сорпо, кымыз ичип, мактанып, жайдары күлүп, желденип отурган эле.
«Акжелке чакырып жатат» деген кабар катын-баласынын алдында угулганда көңүлгө жайлуу тийди.
— Биздин эски тамыр эмнени айтмак болду экен... атты токучу, эй — деп старчынга буйрук берип, кекирейип барып атына минди.
Ал келгенде бөлөк болуштун баары кеңсеге жыйналып калган экен. Ракымбай эшикке жакын отурган болуштардын баарынан өтүп барып, Акжелкенин колун кармап:
Ыздрасти,— деди.
— Ракым байке, келдиңби... Отур. — деди да, жүзү сурданган улук тегерегиндегилерге карады.
Жанында урядник, тергөөчү, эки тилмеч отурган эле.
Жолдоштору ийменгендей, сүйлөбөй гана улуктун жүзүнө карады. Эл жыйылып болгон эле. Эки тилмеч жорголоп эл кишилерине, болуштарга карай турган эмес. Улуктун гана ар бир козголушун баккандай түрү бар. Ошого карап алды-артын багып машкеленип турушат. Болуштардын ичинде булардын кол берип амандашканы Ракымбай гана болду. Ага Акжелке кол бергенден кийин өздөрү обдулуп барып, колдорун берди.
Өңгө болуштардын ичинде ордун табалбагандай, алда неге семиргендей короздонуп, ойкуштанып барып Ракымбай отурду.
Болуштардын саны он чакты болучу. Бирок ар кайсынысынын жанында бирин-экин бий, кандидат, тилмеч сыяктуулары бар. Ошону менен бул жыйында элүүгө жакын киши болду. Кеңсенин кичине үйүндө кысылып, зорго батып отурду. Көпчүлүгү жерге малдаш урунуп, эңкейип отурушат. Арасында тизелеп отургандары да бар. Баарынын тең тебетейлери колунда, колтугунда.
Бир кезде үй абдан толуп, чакырылган болуштардын көпчүлүгү жыйылган соң, жүзү сурданган, муруту тикирейген Акжелке үнүн экилентип, элге ала көзү менен зилдене карап, сөз баштады.
Бирок эзелтеден курулай улуксунуп, кур гана казакка чекчеңдегени болбосо, билимге да, ымалага да, чечендик эпке да анчалык жок киши — ошондуктан сөздү көпкө созбой:
— Согуш болуп жатат, жардам керек. Падыша силерге буйрук кылат. Элдин баары кыйынчылык көрүн, өлүп, кырылып жатканда, силер кымыз ичип, жайлоодо көчүп кызык күндөрдү өткөрүп жүрө берүүгө болбойт. Мынабу, буйрук келди, угуп алгыла,— деп алып, буйрукту окуду.
Буйруктун сөзү көп эмес. Далилсиз, ыңгайсыз, нонок жазылган көп буйруктун бирөө болучу. Муну адет боюнча Жебирбаев которуу керек эле. Бирок ал орусча тилге начар, жазма сөзүнө чоркок, олжо жагын жакшы өздөштүрсө да, илим-билим жагын көңдөй калтырып, амал-айла, кулкун арамдыгын гана жакшы билген тилмеч. Мынабу өтө чоң, ургалдуу жумуш, приставдын өрөпкүп, кергиштеп туруп жарыялай турган, падыша атынан сүйлөй турган, чоң маанилүү иши. Жана өз тилмечи эл ортосунда анчалык белгилүү, абыройлуу киши эмес. Албанга уруусу жат, бөлөк-бөтөн жигит боло турган.
Ошондуктан, пристав экинчи тилмечти күн мурунтан атайын чакыртып алган эле. Ал тергөөчүнүн тилмечи болучу. Күндүз көрүшкөндө анын төрөсү приставга өз тилмечин өзү минип жүргөн атын бергендей берип, ушуну чакыртып алыңыз деп кеңеш берген. Бул тилмеч тилге жакшы, элге да салмагы бар, сырт көрүнүшүндө, мүнөзүндө казак көзүнө, улук көзүнө да жайлуураак тие турган пешенеси бар Осмон деген жигит эле.
Бойго сиңген көнүмүш боюнча кызматка киришкенден берки көздөгөн бутасы — мал менен атак, жылуу, жайлуу орун табууга гана арналгандыктан, мында да сырт көрүнүшү болбосо, ичинде куралган негиздүү пикир, багыт жок эле. Эл камы, көптүн муңу дегенден, «жумурай» журттун турмушуна жайлуу, жайсыз болобу?» — деген суроолордон мунун башы да, жүрөгү да аман болучу.
Кийинки заманда «казактан газета, журнал чыгып, эл жайын жоктой турган бирөөлөр пайда болуптур» деген сөздөрдү бул алыстагы өнүмсүз, бүлбүлдөк закым сыяктуу гана баамдай турган. Андайдан боюна жуккан эч бир таасир жок эле.
Анын жок болгону эл менен улук арасындагы абал азыр Осмон үчүн абдан жагдайлуу болду. Ал жардыктын, буйруктун, маанисин, артын, түпкүлүгүн ойлоп кабатырланган жок. Элге ушу жардык аркылуу келе турган оордук салмак канча болсо да ал азыркы мүнөттө Осмон ойлой турган нерселер эмес. Өзүнүн да бул жардык тууралуу толук баамдап турганы ушул эле болсо да, убайымданып сезгенген жок.
Мындагы жалгыз кабатырлык ал азыр мынабу тизилип отурган болуштардын алдында, артында тикчийип кадалып турган улуктарынын алдында сүрдүкбөй, мүдүрүлбөй, тилмечтик милдетин жакшы аткарып чыгуунун гана камы болду. Ичинен атайын максат кылып тилегени да ошол.
Тилмеч улугунун күткөнүндөй, элге угумдуу кылып, жакшы которуп турду. Жардыкта: «Он тогуз менен отуз экинин арасындагы эр-азаматтарын казак эли аскер үчүн тезинен жыйнап, өкмөттүн колуна тапшыруу керек» — деген. Бул жигиттер согушка курал кармап кире турган аскер эмес. Согуш жардамына күч кошо турган бир жабдык эсебинде майдандын тегерегиндеги кара жумушту аткарат. Жардыктын бул жеринде «тыл» деп жазылган сөз бар экен. Тилмечтин мурун укпаган, билбеген сөзү эле.
Кызмат жөнүнөн мындай такалып, күймөлүп калган кезде улуктун түшүндүрмөсүн суроого болот. Сынчы, катаал улуктун алдында жаакты безеп суурулуп, бардык жайдын баарын билип койгон кишидей болбой, билим жагынан озуп өтөм дегенче, анда-санда андан төмөн киши болуп да көрүнгөндүк тескерилик болбойт. Алсыз чала билимдүү, даражасы кичинекей тилмеч өзүнүн пенделигин билдирип, айлакерлиги зор улугуна артын такап, жардамына муктаждыгын билдирип туруу менен улукка жагууга, жайлуу болуп көрүнүүгө, жакшы таасир этүүгө да болот. Аны короздондуруп, өзүнөн билимдүү киши кылып көрсөткөндөй болууга да мүмкүн. Ошондуктан кыйпычыктап туруп, алдынан өтүп алып, Акжелкеден:
— Мен мынабу сөздү түшүнө албай турам. Түшүндүрсөңүз кантет? — дегенде, улуктун көзүнө бүлбүлдөгөн кубанган күлкү белгиси жүгүргөндөй болуп түшүндүрүп берди.
Калганын тилмеч да орду менен жакшы аткарып, толук түшүндүрүп айтып чыкты. Бул мезгилге чейин Осмон алдында отурган болуштардын кебетелерин аныктап карап, байкаган жок эле. Жаңы көрдү. Бардык болуш, эң аягы жаңы гана өйдөлөнүп келаткан Ракымбайга чейин көнөктөп жааган күндөн кийинкидей болуп, купкуу болуп, зеңгиреп калган сыяктуу. Баарынын тең көздөрү алайып, тилмеч менен улукка карап, сестейишип, кыбыр этпей ичтен тынып катып, кадалып калышыптыр. Жалгыз гана ар жерде сурданган жүздөр, алактап шашкан көздөр бир эсе Акжелкеге, бир эсе тилмечке кезек-кезек, жалтак-жалтак карайт. Өзү которуп чыккан жардыктын, жанагы өз оозу менен айтып чыккан сөздүн канчалык чоң таасири бардыгын тилмеч жигит жаңы гана алдындагы кишилердин жүзүнөн баамдагандай болду.
Улуктар да ширешкендей кыбыр этпей, элдин кебетесине кадалып турду. Чочуган, шашкан жүздөрдү көргөн сайын ого бетер демиктирип, сези менен басмак болгондугу баамдалып турду. Улук төрөнүн бардыгы түстөрүн адеп келген калыбындагыдай үрпүйтүп, түктөрүн сыртына чыгарып чирене дем алып сурданышат. Каршы турган эки топ бири-бирине кирпик какпай кадалып, арбашкандай аңдышып, бири-бири багып турду. Ушул абал өкүм сүргөн тымтырстыктын ортосунда эки мүнөттөй убакыт өттү.
Болуштардын көбү соңку шайлоолордо ишке чыйрак, анча-мынча тил билген жаштардан шайланган эле, Көбү жыйырма беш, отуз бештин арасындагы жаш адамдар б0лучу. Көпчүлүгүнүн эл ичинде анчалык зор салмактуу бедели, атак-аброю, айдыңы да жок. Чоң ишти элдин жашы улуу карыясы, атактуу, салмактуу чоң кишилери, казылуу жоондору аркылуу болбосо, өз беттери менен бузуп, жарып, иштеп кете алышпайт. Болуш ишине келген чоң милдеттин бардыгын ошолордун нускоосу менен иштешчү. Көбүнүн болуш болуп даража алышына да ошолор себеп болгон.
Улук жардык жарыялаганда: «Баланча акем эмне дээр экен, кандай көрөр экен... ансыз эмнени айта аламын» — деген сыяктуу ойлор көбүнүн боюн баскандай болду. Тымтырстык созула берген соң ойду көбүрөөк ойлонгон бирин-экиси жан-жагына жалтактап карап, башкалар эмне дээр экен дегенден болуп, көз менен ар кимди алдына салгысы келди. Улун болуштардын көзү жүзүнө тике карай албай жалтактап төмөндөй баштаган соң, өзүнүн ордун кайтадан таап, нык баскандай болуп калды.
— Жардык ушул, ушуну тез аткаруу керек. Бул падышанын өзүнөн келген буйрук. Создуктурууга болбойт. Аткарууңарга канча убакыт керек? Тезинен тизме тизип ишти баштоо керек, ошол жөнүндө айткыла, деди төрө.
Болуштар дагы да унчуга албай жалтайлап, бирин бири акырын түртмөктөп, улук жакка кыйпычыктап карап коюп, кээ бири акырын-акырын шыбырашкандай болушту. Акырында болуштардын чок ортосунда отурган карасур жүздүү, чокчо сакалдуу, өткүр көздүү Абакир элден мурун үнүн чыгарды.
Бул Албандын жаңыдан чыгып келе жаткан оттуу жигитинин бири болучу. Өңү-түсү ар качан ачуулуу киши сыяктанып сурданып, эки көзү канталап, катуу сүйлөй турган. Улуктан да анча көп жазганчу эмес. Ошондуктан Акжелке мурунку бир-эки кездешкенде мунусун сезип, жек көрүп калгандай түрү бар эле. Бөйпөңдөбөйт, жалтактабайт. Абакир малдаш токунуп отурган жеринен көтөрүлө обдулуп алды да:
— Жардык сөзүн улук айтып отурат. Биз бул сыяктуу буйрук жарыялана турганың билгенибиз жок. Төбөдөн чагылган түшкөндөй жаңы гана угуп олтурабыз. Бул кантсе да казак баласынын мурун угуп, билип көрбөгөн шойкому. Эмне кыларды биз билебизби? Эл менен сүйлөшпөй, эмнени айтабыз? Бир нерсе дештен мурун эл менен сүйлөшөлү Бул жерде отурган эл ушуну каалайт болуш керек деп ойлоймун. Кана, журт эмне дейсиңер? — деди.
— Баракелде, ырас айтат. Чыны менен ошондой... Андан башка айтарыбыз жок... эмнени айтабыз?.. Томого туюк бойдон туруп эмнени айтабыз! — дешип, кеңсе ичи чуулдап дарбып кетти. Отурган болуш, бийлер күбүр-күбүр этип жалтактап, Абакирге тегиз «теңир жалгасын» айткандай жалтак-жалтак карашты.
Улук мүнөт сайын заар чачып, сурданып кырсылдап отурган.
Элдин мынабу дарбыган көрүнүшүндө өзүнө түшүнүксүз мурункудан жат, белгисиз бир маанайды сезгендей болду. Бул казактын арасындагы көп адатын билип, байкаган, көп иштеп маш болгон карт бөрү эле.
Бир нерсеге оп-оңой көнгүсү келбей, кыйшактаган убакытта казак ушундай артына жалтактап, «ким билет», «журт эмне дейт» дегенди айткыч болот. Ал белгилүү, бирок өзгө жерде, көп болуш жыйналган арада көпчүлүк жанагыдай кабатырланган менен, арасынан Ракымбай сыяктуулар суурулуп чыгып, «жакшы болот», «аткарабыз, иштейбиз» дегенди айтып салчу эле.
Бүгүн аны эч ким айтпады.
Ракымбайда да аны айтчу түр жок. Алдында отургандардын артына из жашыргандай, улуктун көзүнө көзүм түшпөсүн дегендей, басаңдап кичирейип кетиптир. Мындан да өзү күткөн көсөмдүк чыга турган эмес.
Ракымбай сыяктуу жагымпоз, жорго болуштун дагы бир экөөнө көзү түштү эле, алардын да алга чыгып бирдеме дей турган түрү жок.
Сырткы түрү: «Алдаяр таксыр» — дегендей болсо да, ар кимдин ичинде сүйлөтпөй, думуктуруп басып турган күдүк бар сыяктуу. Улуктан башка да коркутуп, тумчуктуруп кысып турган бир салмак бар. Ошондуктан суурулуп чыгып, Абакирден бөлөк сөз сүйлөй турган киши көрүнбөдү.
Бир гана Акжелке эмес, улуктун бардыгы тең ушуну толук сезди.
Мурун алдына оңой түшүп, каалаган жакка оңой беттей турган казак бүгүн бир кыңырлык белгисин бетине чыгарып, кебелбес мыкты дубалды тургузуп келе жаткандай болду. Бирок мындай жардык күнүгө жарыялана бербейт. Андайды Акжелке кырдан, казак ичинен да дайым таппайт. Бул калаада жүргөндө эл ортосуна жарыяланган буйрук-жардык болсо адайдын жемишин, түшүмүн алалбай калчу да убакыт болот. Мынабу көңүлдөгү көксөп жүргөн тилекти колго берчү жардыктын бири. Ошондуктан артынан сая түшүп, жабышып казакты багындыруу керек да, ошондон ары уюлгуп шашкалактап, ыктоо издеген элди ач бөрүдөй тооруш керек.
Мына бул кебете-кешпирди көрсөтүп отурган адамдар жибин бошотсо, ар нерсени ойлошу да мүмкүн. Буларды 0шол бети менен чалкытып, калкытып өз эркинче жибербес үчүн, кайрып көп сүйлөшпөө керек. Абакир сыяктуу болуштарды да сүйлөтпөө керек. Улук ушуну эсептеди да, эл оозунан Абакирдин сөзүнөн бөлөк сөз чыкпай турганын көргөн соң аңгемени тез бүтүрүп, артын кайырмак болуп:
— Силер элге жарыялайлык деген сөз айттыңар. Ошондой болсун. Жарыялап бүтөрүңөр менен тезинен тизме түзүүгө киришүүңөр керек. Бул убакытка чейин казактын эли да, болуштар силер да, падышага, падыша өкмөтүнө маңдайыңар тердеп кызмат кылган жоксуңар. Силерден башка элдер алда качантан бери кырылып жүдөп-какап жатат...— деп, ар сөзүн алкынып, урушкандай болуп, сүйлөп келип: — Эми силерге да согуш ишинде болбосоңор да, согушуп жүргөн аскерге кол кабыш кылып, жардамыңарды тийгизе турган убакыт келди. Эми ар бир казак, ар бир эси дурус болуш, старчын, бий, элүү башы ушуну жакшылап түшүнүү керек да, элге да аныктап түшүндүрүп тез тизме түзүү жумушуна киришүү керек.
Элге жарыялап болуп, мага кайта келип, тизме түзүүгө дайынбыз деген сөздү айтышыңар керек. Мен ушуга үч күн мөөнөт беремин, ошол үч күндүн ичинде бардык алдын ала иштей турган жумуштарды бүтүрүп келгиле. Сөз ошол, азыр баргыла!.. — деп зилденген суук көрүнүшүн жылытпастан туруп, болуштарды таратты. Өзгөлөр «тара» деген буйрук менен тапыр-тупур турушуп, салбыраган, түйүлгөн кабак менен кетип жатканда, Ракымбай менен дагы бир-эки ушу сыяктуу болуштар Акжелкеге жакындап жанашып келди. Булардын жүзүндө «мага бирдеме деп ырайым кылар бекен» дегендей жалтактап куйругун булаңдаткан итче жагынган кебете-кейип бар. Улукка тондун ички боосундай, мен өзүңдүкүмүн дегендей кейиптери бар эле. Бирок үлүрөйүп турган улук азыр жылуу жүз көрсөткөн жок.
Эки-үчөөнүн ичинен Ракымбайга оңурайып карады да:
— Байка! Жакшы болуш болсоң, эми өзүңдү көрсөтөсүң, антпесең... билип кой! — деп айланып басып кетти.
II
Кечеги күнкү болуштар айтып келген кабар эл ичин уйгу-туйгу кылды. Бүгүн июлдун сегизи. Жармаңке аймагы кечеги күнү кечинде эле жанагы жат жардыкты толук угуп болгон. Ошондон кийин түнү бою бүгүнкү күндүн түш мезгилине чейин жаманчылык кабары Албан уруусунун бардык жайлоолорун толук камтып, куюндай кутуруп тарап кетти.
Карыялар кабагын чытып, жандары түйшөлүп, айласы кетип күрсүнүштү. Катын-бала улардай чуулдады. Жигиттер ошол күнү эле «барбасмын» ниетти ойлоп, Ала-Тоонун зоока-ташына, кара үңкүрдөй калың өскөн карагайына карады. Бардык эл: эңкейген карыдан эмгектеген балага чейин, эртели-кеч ушул жайды гана сүйлөдү. Эл жаманчылык апаатты сезди.
Эр-азаматтын башына келген кара түн ушу күн деп билди. Келечек оокат, күндөлүк кам, аш, дүнүйө, мал-мүлк дегендин баары эскерүүсүз, элөөсүз калды. Жайлоодогу бардык жандын оозунда эмне кылуу керек? Эмне деш керек? Болуштар эмне дээр экен? Аксакал, башчы чоң кишилер эмне дешет? Кандай жооп беришер экен? Эр-азаматын кыйып окко байлап, улуктун колуна салып береби, беремин дей алабы? Же болбосо артына карап алаңдайбы? Улук эмне дээр экен? Эмне кылар экен деген сыяктуу чечилбеген түйүндүн, каргыштай кыйын табышмактын алдында кабагы катып, демин ичине жыйып, саат сайын жаңылык күттү.
Бүгүн түш ченде жармаңке жайыгынын үстүнөн куюндап, долуланып түрмөктөлүп бир кара булут өттү. Тоо башынан айлана-тегеректи көздөп жүргөн, бою сергек эр бүлөнүн бардыгы тең Албан жайлоосунун ар бир кырк-коктусунан бул алааматты көргөн эле.
Ошол күнү кечке жуук бардык жайлоолорго бир жаңылык тарады.
Куюндап, түрмөктөлүп келген кара булут жармаңке үстүндө бир азга буйдалып, андан ары төмөн карай Кегенди басып, Тузга барганда жоголуп кетти. Минтип сыр көрсөтүп келген «ата-баба арбагы» экен. Падыша улугуна келип: «Казакты капалантпа, солдат алба, бул элге тие албайсың»,— деп кетиптир. Ушу кабар жарк эткен чагылгандай артынан тарсылдап чыккан күркүрөгөн добушу менен Албан ичин басып кеткен сыяктанды. Ушул учкул кабар менен элдин өпкөсү көөп кеткендей болду.
Сүйүнчү сурашкан, «бошоно турган болдук», «барбай турган болдук», «бербейбиз! »... деген кабарлар жомоктогу сыяктуу кара булуттан эпкин кубат алып, тыным алгандай калың эл кайта жаны тынч алгандай болду.
Кечеги кабар угулган соң жармаңке аймагы каңгырап ээн калгандай болгон эле. Бүгүн күнү бою бир казак бир ширеңке алган жок. Соода жым-жырт токтоду да, базар башка чапкандай тымтырс жабылды.
Наабайчылардын оттору жагылган жок. Мантунун буусу чыкпайт. Мейманы жок ашкана жутагандай каңгырап турат. Катарланып жасалгаланып көздүн жоосун алган кызыл-тазыл соода дүкөнү, каңылтыр-калайы жылтыраган идиш-аяк дүкөнү, кең майдандай мал базары, майда-чуйда сатылчу дүкөндөр, кычыраган кара-кызыл булгаарылар көмкөрүлгөн чоюн казан, жез чөөгүндөр, салпылдаган ээр токум жасалгалары — баары тең бүтүндөй Албандын керек-жарагы үчүн жасалса да, бир гана күндүн ичинде керексиз дүнүйө болуп жайнап калды.
Өлгөн эрдин артында жыл маалына чейин илип коё турган каралуу кийим, каралуу аспап сыяктуу, дүкөндөрдүн дүнүйөсү жетим-жесир калды. Ушакчы тамак-соо соодагерлердин дүнүйөсү өтпөй айласы кетип, бири-бирин кыдырып, баштарын чайкашты. Азоосунуп, жат мүнөз көрсөтүп турган суз жаткан жайлоолорго карап ачууланып наалат айтышты.
Каардуу урядник, дүкөнчү, соодагерлердин ортосуна келип, сыр бербей кыңырайып жаткан казакка карап, көнүмүш болуп калган адети менен богооз сөздөрүн айтты. Эч биринин да эми болгон жок.
Байыртадан чыдап келген териси калың алп, эми мурунку момундук, жоомарт берешендигинен бир гана күндө бычак кескендей тыйылды. Башкадан мурун эң улуу жоосу, миң кырсыктын ана башы — жармаңке деп билди.
Айланадагы көп жайлоодон мал айдатып, пул алуучуну жетектеп келе турган жолдордун баары тигинтип аңгырап жатат. Демейде кара курттай кайнап ары-бери агылып жатчу жүргүнчүнүн эч бир белгиси да жок. Тымтырс. Түрү суук табышмактай.
Бүгүнкү көрүнүш менен дал кечеги күндү гана салыштырсак да канчалык жер менен көктөй, бакыт менен шордун арасындай, айтып бүтүргүс айырмасы бар эле. Кечээ дүкөндөрдүн алды элүүдөн, жүздөн катар-катар ширештирип байлаган ээр токумчан ат боло турган. Дүкөндүн ичин ийин тирешкен, муздай согулушкан алуучулар. Жалгыз эркек эмес, кеп такыялуу байбиче, ак жоолукчан келин, үкүлүү кундуз тебетей кийген толукшуп бойго жеткен кыз — бир эмес алда нече. Баарынын тең жанында көптөгөн нөкөрлөрү бар. Өзгө казактардай сары эсеп, кытмыр соодагерлер эмес. Нагыз жумшак кемирчектей эле.
Азыр алар мындай турсун, керек десе кулундуу бээ минип, баласын ээрчиткен кедей кемпир да жок. Өгүз минип, беш-он кадак буюмун теңдеген кедей чал да жок. Жалгыз ширеңке, жалгыз кесе болсо да дүкөндөн алып, колуна кармап бара жаткан жайлоонун бир жаны жок.
Күлкүчү, аңкоо, узун бойлуу, тору жүздүү Албан бүт бойдон суук көз менен карап, эң алгачкы ирет жармаңкени мазактап, «кет» «жогол» дегендей жийиркене тиктегенсийт.
«Арбак келди», «улукка кара булут түйүлдү» деп көңүл жубатса да, жарыяланган жардыктын чындыгында күмөн жок. Кара таштай мисирейип, бир ордунан козголоор эмес. Сүйүнчүлөө, түлөө берүү, дүрдүгүүлөрдүн бардыгы тең ошол зил кара ташты оодарамын, кулатамын деп дубалаган сыяктуу эле. Бирок учуктап түкүрүнгөнгө кетпей турган, айыкпай турган дарт сыяктуу болду.
Аны билген эл эми: «Баланча эмне дейт, түкүнчө эмнени ойлоду экен?» — деген суроолорго такалган эле.
Бул кезде ар жайлоо өзүнүн ишенген кожосуна көз салып, ошонун оозунан чыккан илебин тыңшап калган абалга жеткен. Өз ичибизден акыл чыгаар бекен деп дымактанышкан эле.
Ошол сыңары Тегерек-Саз эли Серикбай, Абакирдин оозуна карап, Каркыра, Лабасы, Сыртты жайлаган элдер Жамакедей карыя, Узактай баатырынын оозуна карап, ошолордон жооп күткөн. Эртели-кеч ушуларга кары-жашы, болуш-бийи, саламчы-элчисинин аягы үзүлбөй чубуруп келип жатты. Күндүз бир нече айылдарда «түлөөгө союлган» малдын эттери желинди.
Азыр да, күн батар алдында Узак, Жамаке аз гана киши менен Тегерек-Саздын тушундагы Узактын айлынын жанындагы көк жотонун башында кеңеш куруп жатышкан эле.
Тууралжын келген буурул сакалдуу Узак кажыбас кайраттуу эр жүрөк баатыр болучу. Мунун көп замандан берки үзөңгү жолдошу Жамаке. Бул жетимиштен ашкан карыя текөөрү катуу кыраанга окшоп, алгыр, чечен эле. Бирок кыябын таппай сүйлөбөгөн, көбүнесе унчукпай, өз ишине үңүлгөн сыяктуу ойдо отурган, курулай сөздөн оолак, жагымдуу, жыйнактуу мүнөзү бар. Узак суурулуп көп сүйлөбөйт, сүйлөсө биротоло кесип байлап, бир сүйлөйт.
Ошондуктан азыркы чечилбей турган түйүн сыяктуу зор ургалдуу ишке келгенде да күндүзгү санаачыл, убайымчыл чалдар сыяктанбай, жанында отурган бирин-серин кайгычыл ажылар сыяктанбай, Узак өз ишине киришкендей болуп, мойнун ичине катып, бир кыңыр ой менен тымтырс унчукпай отурду.
Кечетен бери анчейин бышыксынып, чеченсинип жүрчү Албан ичинин улуу-кичүү, жакшы-жамандарынын баарынын тең сөздөрүн угуп чыкты. Бир да биринин сөзүндө данек жок. Иштей турган иштин дайыны жок.
Кур гана Албандын өткөн күнү балан эле, бүгүн мындай апаат келди. Оор күн тууду, акыр заман болду дегенден башка, кур бекер ыйлап зарлагандан башка эчтекени айтпады. Мындайлар аягында баатырды тажатып жиберишти. Ошондуктан күндүз заарланып какшай берген чалга ачууланып:
Ой, коёсуңарбы эми, эри өлгөн катынча шолоктой бербей. Андай айткыч болсоң тигил улукка барып айт. Мен сени кармап отурамбы? Же болбосо мынабу акыл табалбай камалган элге иштей турган ишти айт. Жардык чыгарган менчилеп какшай бересиңби? — деп зекип, сүйлөтпөй таштаган.
Ушу сөздөрүнөн да, андан соң кечетен берки түйүлгөн кабак, сурданган жүз, жылт-жылт эткен кичинекей суук көздөрүнөн да баатырдын бирдемени бүтүрө албай кыйналып жатканы көрүнүп турган. Тентек баатырынын сырын билген Жамаке карыя эчтеме айтып тажатпай, мунун оюн эркине коюп, өрүшүнө жиберип, өзү айтканын тосуп, алдыртан багып отурган сыяктуу. Ал да көп сүйлөгөн жок.
Бирок, азыркы мезгилде эл ичи камалгандай түр көрсөтүп, Узак менен Жамакенин оозунан чыккан сөзүн сабырсыздык менен күтүп олтурган. Бир далайдан бери эмне дээрди билбей ийиндери шалдайып үндөшө албай, бет-бетинен тунжурап отурган соң, аягында Жамаке мойнун сыртка карай буруп алып:
— Мурдатан бери Албан баласы карын чачы алынбагандай болуп, балээ кырсыкка чалынбай түйшүксүз келген эле. Жетимиш бешке келгенче малы-башы кырсыкка учураганын көргөн жок элем. Бул тоо арасындагы элдин уйкусу катуу эле. Тоонун кийигиндей кең жайылган тиричилиги бар эле. Албандын токсонго, жүзгө келген чалы болсо да бул элдин кыш күнүндө жутаганын, жаз күнүндө илдетке учураганын билбеген, Мал менен башынын амандыгы ырас кеп эле. Ээ...э...э... ал бир өткөн доорон экен. Көп душмандын кастыгы менен душмандыгы айыкпаса да, көп жабыр келтирсе да, ошону да элебей келе жаткан эл бар эле. Эми мына бүгүнкү күнү мындай кер заманга кездештик. Калың апаат селге дуушарландык. Эми сени менен менин заманымда Албан баласы бул балээге кез болду, баатыр!.. Өткөөлдө төөнүн чоңу таяк жейт... Айтсаң да, айтпасаң да туюкка келип камалдың. Колуңдан тартып чыгара турган кайрат жок. Улук бизди кор кылды. Бирок башты алакчылай турган күн эмес. Бир биздин амандыгыбыз кимге калканч болот? Камалган элге биз сүйлөбөсөк ким сүйлөйт? Эми ойдогуңду айт, баатыр!.. — деп токтогондо, Узак эки көзүндө чакмак оту жалтылдагандай болуп буулуккан ачуу менен:
Эл аман эле, жайлоосу жарактуу эле, карын чачы алынбаган эле дейсиң. Казактын бутуна жем түшүп, дене-боюна ок тийгени бүгүн бекен? Мойнуңа зоолу салынганы эбактан бери эмес беле? Бүгүн мүңкүрөтүп, бир жолу чөктүргөнү темир колу кулакка келип жабышып олтурат. Илгери корккондо эмнеден коркуп, сыйынганда эмнеден сакта деп сыйынчу элең? Көптөн бери тооруп келип, эми түгүң менен кошо жалмаганы отурганы ушу. Бул бүгүн эмес, көптөн бери жылып келген балээ. Эми жетер жерибизге жеттик... Айтканыңдай азоо болсоң, эми туяк серпер чагыңа келдиң. Абийириң ачылып, мол дөөлөтүң аңтарыла турган күн мына эми тууду... Эл болор болсоң, эми биригишип, ынтымакташып көр... Чыдаймын деп ынтымакташкын. .. Мен айтсам, ошону айтам. Жок, андай эмес боло турган болсо, ана улугуң, бар да дегенине көнүп бер! — деди.
Бул кеңеште Тегерек-Саз жайлоосунан келген Серикбай да бар болучу. Анын да кечээтен берки эл сүйлөгөн сөзгө кулагын салып, өз ичинде тыянак чыгарып келгендеги бүтүмү ушундай сыяктуу эле. Узактын сөзү өз оюн бекиткендей болуп, бул тилеген өрүшкө карай беттегенине Серикбай ыраазы болду.
Көнөмүн, моюн сунамын десе, акылдашуунун эмне кереги бар? Элдин сиздерге сөзүн бергендеги издегени да калың элге көрсөтө турган бир жол тапсын дегени эмеспи. Эки карыя, экөөңдүн сөзүң тең калың көпчүлүктүн тилегине, ыңгайына төп келген сөз болду. Эр-азамат биздин оозубуздан «бербеймин» деген сөз чыкса экен деп гана тилейт. Болду! Ал сөздү айттык... Бирок кандайча бербейбиз? Эмне айла таап жан багабыз, сүйөнөөрлүк, сүйкөнөөрлүк ким бар? Буга эмне айтасыңар?.. — деди Серикбай.
Узак өзүн коштогон сөзгө шерденгендей болду. Түпкүлүгүндө Серикбайды эрдиги, кишилиги бар деп мурун да ичинен жаратчу эле. Ошондуктан жашынын кичүүлүгүнө карабай, жолдош сыяктуу көрүп ар бир жайдан акылдашып коюп жүрчү. Азыр да Серикбай баатырдын айтканын угуп, акылын макул көргөн соң Узак мунун сөзүнө ыраазы болуп, мурункудан бетер чечилип сүйлөөгө бет бурду.
— Албан баласы бул жерде отуруп дегенин иштей албайт. Эми айтор, амандык жок. Алды-артыңды өрт алды, эн оболу канатын жайып, эркектик жөнүн көрсөтөмүн деген өзгө казак болсо, ошону менен биргелешип ат салышуу керек. Анан этек-жеңди жыйып алганча падышанын укуругуна илинбей турган болуп каршылаша туруп, абдан дайындалып алган соң такыр кожоңдой берчү болсо, жер которуу керек.
Жамаке, Серикбай болсун, «бербеймин» жагында жүргөн башкалар болсун, кечетен бери баарынын тең оозуна кирген сөз ушул эле... Бирок улук демиктирип турат, жооп күтүп отурат. Буга азыр буйтатып жооп берүү керекпи, жок, үзүл-кесил кылып так-кесер жооп айткан дуруспу? Эмки ойго келген түйүн ушул эле.
Муну Жамаке чечмек болду.
— Сөз буга такала турган болсо, жооп сурап, үч күндө тыянактуу сөзүңдү айт, тизмеңди бер деп отурган улук бар. Буга эмне деш керек? — деп, бир аз унчукпай отурду да, аягында; — Кадалган жеринен кан албай тыйылбай турган дарт го. Калчашамын, арбашамын деп создуктурууга болбос, элди мертинтип аларбыз. Бербейбизге бекинсек, буга ошол бербейминди ачык айтуу керек да, элге камдан деп жар салуу керек,— деди.
Кеңеште башынан унчукпай отурган буурул чал Жоломан бар эле. Акыркы сөз мунун да күткөн кезеги сыяктанды.
— Бали, туура айтат. Созгон менен жооп бербей тура аласыңбы, элди уйгу-туйгу кылбай, болуш-болуштун баарына бир ооз болгула да, элдин сөзү ушул деп, «бербейбиз» деген бир гана сөздү айткыла деш керек. Антпесе, кайпалактап улукка жагынып, жакшы атты киши боломун деп, элди туюкка камай турган ала ооздор жок эмес, табылат. Бир жерге сөз байланса, көпчүлүктүн ыгынан чыккан тентекти, арам ойлууну көрүп аларбыз!.. Сөз ушу,— деди.
Болуштарды айтканда Узак элдин ыркын буза турган арам шыйрак кесепеттүү жоону эске алгандай болуп, кайтадан сурданып:
— Эң алды менен ошол буйталаңдап кишисинип жүргөн улуксунган немелерге ээ болуу керек. Бутуңду кыя (бассаң тарамышыңды кыркамын, деп ошолорду ооздуктоо керек. Иринди сөз чыгарбасын, элди сандалтып, чаң жуткурбасын. Эртеңки күнү көптүн айта турган сөзүн калыбынан бузбай, бурмалабай улукка түз жеткизсин. Күн жааганда койнуңда, күн ачыкта мойнуңда боло турган эрке талтаңдын кереги жок. Казакка улук дары эмес. Көпчүлүктүн айта турган сөзүн ошолорго сүйлөтүү керек!.. — деди.
Бул жыйындагы чоң кишилердин баарынын тең көңүлүндөгү күдүгү болуштарда болучу. Алгачкы сөз макулдашылган соң эмки милдет ошолорду ооздуктоо экени бардыгына тең маалым жумуш, кезектеги маселе сыяктуу боло турган. Мунун бүтүмүн да Узак айтып берди. Бирок болушка эл каш-кабагын таанытып, байкатып, тобосун дайыма эске түшүргөндөй сестенте турган бир нерсе иштеп жиберүү керек. Улук алдына барганда кайпактабас үчүн, калың топтун бүтүмүн анык көрсөтүп, ыркты бузган кишиге көптүн сели кандай каптай турганын ачык сездирүү керек. Жамаке ушуну ойлоду да:
— Болуштун бардыгы ыркты буза бербес. Бирок баары бирдей элдин камын ойлойт, улукка сатпайт деп айтууга болбойт. Эртең мен ак боз бээ союп, бир коом элди жыйганы отурамын. Албан болуштарынын баары тең ошондо келер. Мындан мындай тантырабай, аякты нык бас деген сөздү коом алдында айтарбыз да, бир жолу чегелербиз. Ошондон кийин да ишти бүлдүрө турган болсо, андай митайымдын малы менен башын элдин колу билсин. Албандын ак падыша менен катар турган нагыз жоосу ошол дээрбиз,— деди. Кеңеш сөздү толук макулдады.
Тажрыйбасыз бала бул ишти кур гана ачуу менен чечпей маселе калың элдин толук көтөрүлгөн кыңырлык, каршылык жөнү менен чечилди. Билбегенин туюк бойдон калтырды да балта менен чапкандай жасап, чоң нааразылык туташкан кур каршылыктан башканы айткан жок. Бирок кандай айтылса да, бул бүтүм ташкындап, буулугуп турган көпчүлүктүн бир бетке карай аңтарыла турган чын ниетин билдирди.
Ошондуктан Узак айылына жыйылып, аксакалдардын бүтүмүн күтүп отурган эл бул сөздү укканга чыны менен падышанын укуругунан биротоло кутулуп кеткендей болуп дабырлашып, кубанышып, беймаал убакытта бата кылышып, бербей турган болдук деп аттарына минди. Ушул чечим ошол түнү эле калың элдин ичин жаңы эпкин менен дагы да кыдырып жел менен кошо тарап, чачырап жөнөдү.
Келерки күнү Албандын атка минүүгө жарактуу дамелүү жигитинин бардыгы Жамаке айткан боз аймакка толук жыйылды. Мында Акжелкенин кеңсесинде болгон согуш, бийлер толугу менен чөйрөсүндө кадыры бар акылчы карыядан бул жыйында Узак, Жамаке, Серикбай бар. Баягы бир чечимдин үстүндө аласыз көңүл менен толук бир сөзгө келген жагдай бар.
Жамакенин айылы Акбейиттин зор аймагынын боюндагы калың айылдардын ортосунда эле. Жыйылган журттун аттары айылдын тегерегин кара темгил кылып, жармаңкедегидей өңдөнтүп басып кетти. Каршы беттеги Чабастын карагайлуу беттери менен атчан казактардын көптүгүн салыштыргандай эле. Өзөндүн күн батыш жагындагы жылаңач кызгылт жотонун өзөнгө караган беттери токулуу ат, топ-топ болуп чогулган кишилерге толуп кетти.
Кемегелерден булактаган түтүн. Тердеп-тепчиген күтүүчүлөр, кызарып, ар жерде союлуп жаткан чоң-кичинелүү малдар. Аңтарылып, лакылдап, үздүксүз куюлуп, буралып жаткан чоң кара сабалар казак жыйынынын көнүмүштүү шарты сыяктуу ичилип, кызытып, дүүлүктүрүп, желдентип жатты.
Бул чоң жыйын Жамакенин алты канат үйүнүн сыртында, көк шибердин үстүндө эле. Балдар соккон таш короодой, жети канат үйдүн ордундай чоң аянтта тизелешип отурган эл жакшылары. Чоң кеңеш, буга элдин баарын дабырлатпас үчүн көзгө калың топторду үй-үйгө киргизип кымыз берип, чай берип, тоюндуруп жаткан. Кепти чоң кишилер кесип-бычсын. Бүтүмдү ошолор чыгарсын. Көп кара тополоң сөз аягын жерге тийгизбейт дешип, кеңешке жыйылгандар бала-чака, жаштардан бул топту атайы бөлүп чыгарган.
Бирок башында ошондой дешкени менен чоң кишилер сөзгө кирише баштаганда, айлананын баарынан чокчогой тебетейлүү албандын жаш-карысы топ-топ болуп агылып келип жатты.
Жыйындын ортосунда тармал тебетейлерин көздөрүнө баса кийип, унчукпай томсоруп, жанындагы болуштарга түйүлө карап коюп, Узак, Жамаке отурат. Буларды көзүнө көзү түшкөн жакшы кийимдүү, суусар тебетейчен, жылтыр жүздүү чытыраган болуштар күнөөсүн мойнуна алган кылмыштуудай жазганчаак, жалтаң сыяктуу.
Жыйылгандан кийин да эл көпкө чейин унчукпады. Сөздүн бүтүмү кечээ айтылган. Узак, Жамаке бүгүн мынабу жыйындан ошонун жорбун угушмак. Уюлгуган топтун бул арада көчүн баштап кепке жол ачуунун милдетин Серикбай алды да:
— Эй, Албандын баласы, эмнеге жыйналдың? Башыңа күн түшкөн соң жыйылдың. Узундуу күнү бир ооз сөз айтпай отурасыңарбы эми?! Кечээ мынабу карыялардын айткан сөзүн уктуңар. Эртең жооп бере турган күнүңөр улукка. Кеңешели, бирдеме дейли... Сүйлөгүлө,— деди.
— Ооба, дурус айтат... сүйлө, сүйлөгүлө... эл оозуңарга карап отурат... — деп көп добуштар ар жерден чуу-чуу этти. Топтун ар жери күбүр-күбүр болуп козголуп, какырынып-түкүрүнүп жатты. Ушу добуштардын аяк ченинде шыңга бойлуу, жар кабактуу Турдукожо добушун бийик чыгарып:
— Ырас, сүйлөө керек. Мынабу кадырлуу үйдүн аштамагына жыйылып, оозунда эми бар Жамаке карыядай, тигил Узактай баатырдын акылына коңшу болуп, коно келип отурабыз. Кечеги заман кетсе да, Албан баласы, шүгүрчүлүк, башчысыз эмес, нускаган кебиңерден тетири басабыз деп отурган эл жок. Оболу карыя сүйлөсүн.
— Карыяга калган сөз сүйлөндү. Карыя айтаарын айтты,— деп сөздү Жамаке жиреп кетти. Атактуу карыянын жүзүндө катмарланган бырыштардын арасында ызалуу ачуу белгиси бар эле. Бирок сөзүн ачууга бийлетпей, акылга жеңдирип, өзгөлөрдү козгомок болуп: — «Карган койдун жашы чоң, шишек койдун башы чоң» дегендей, мынабу отурган жаштан чыккан башчың бар. Сөз кезеги буларга келди. «Бедери кеткен торкодон, бек токуган без ийги» деген. Бизден бедер кеткен. «Калкайган кара тебетейин тарп болгондо сен көрдүң, дөөлөтүңдөн мээнетим көп болгондо сен көрдүң» деп, сыныбыздан кеткен кезибизде мындай сур заманга кездештик. Бул — элдигиңе келген сын, Албандын баласы. Элден адал туулган уул болсо, белди бекем бууп бекине турган чагына келди. Бизге калган сөз — аз гана сөз, ашарымды ашап, жашарымды жашаган мен эмнемди аянам? Узак эмнесин аянат? Эркеги бар элмин деп дөң башына чыгар болсоң, калган жашың аяйт экен, тайсалдайт экен дебе! Чал да болсок катарыңдан калат экен дебе. Биз айтарыбызды айттык. Эгер бул сөз заманыңарга жакпайт десеңер өзүңөр билгиле... Айтсын, мынабу эл тизгинин колуна кармаган жаштардан чыккан жакшыларың, — деди. Ар жерден:
— Сөзүңө кулдук, садагаң кетейин... сакалыңдан айланайын! .. — деп чуулдаган добуштар угулду. Бышактап ыйлаган бирин-серин көңүлү боштор да болду. Жамакенин сөзү элдин буулугуп отурган боюн чымыратты.
Болуштар көптүн кабагын сезген сайын өзү «өн-өзү куушурулуп кысылгандай түр көрсөттү. Акжелкенин алдында төмөндөнүп караган жалтак көз дагы да тебетей астынан уурданып чекирейип, тегерегинен бир жол издегендей сүзүлүп, козголуп отурушту.
Болуштар тобун дагы да Абакир жарды.
— Биз карыянын кечеги сөзүн да, бүгүнкү сөзүн да тыңдадык, укпаган, алкыш айтпаган Албандын баласы жок. Артыңдагы элдин үмүтүн актасаң ушинтип актаарсың. Сүйүндүрсөң ушундайча сүйүндүрөрсүң. Ыраазыбыз! Бул — бир сөз. Мындан кийинки бир кеп — улуктун айтканына көнбөдүк. Бербейбиз дедик. Ошондо бул жериңди мекен кылдырбайт экен. Ошондо бизге тигил калмак конуш береби? Койнун ачабы? Буга эмне айтасыңар? «Бербейбизден» кийинки элдин камалып турган туюгу ушул болуп турат. Буга карыя болсун, ушу отурган көпчүлүк эл болсун, эмне дешет, кана?! — деп ачуулуу эрдин кымтылап, канталаган кызыл көзү менен айлананы карады.
— Оболу бир сөздөн бир сөзгө сыйгаланбайлык. «Бербейбизге» ушул жыйын сөзүн аныктап токтоттубу? ! Оболу ошону ачып алалы да. Ошого макул болобузбу? — деп Серикбай көпчүлүккө карады.
— Ооба, ооба... ошондой... ошондой!.. — деп дуулдап-чуулдап дагы да коштоп жөнөдү, эл.
— Ой, болуштар сүйлөсүн. Болуш аттуулар сүйлөсүн... — деген үндөр чыкты бир аздан кийин.
— Ооба, эл аркы-терки айта берет эмеспи. Эртең улукка жооп бере тургандар — болуштар. Мынабу карыялардын сөздөрүнөн кийин болуш аттуулар эмне айтар экен, ошону угалык?! Жанагы көпчүлүктүн ниетин айткан карыянын ураанын ушу отурган болуштар коштойбу, жокпу?!.. Эмнеге айтышпайт... эмнеге кысталып уюлгушат?! — деп Турдукожо болуштарга кадалды.
Улуктун кечээги акыркы сөзү али күнгө эсинен кетпеген Ракымбай баятан бери кайпалактап отурган. Өз тегерегине улук тарабынан бирдемени айтып коңурсутуп да келген эле. Жанатан бери көпчүлүктөн жазганып, жарыялай албай отурса да, эми улуктан бир ийменип, элден да жазгана кыябын табалбай:
— Болуштар улук айткан жардыкты силерге айтты. Эми силердин сөзүңөрдү улукка айтат. Болуш деген эмне? Ал арадагы гана элчи. Болуш-молуш дебей, бул эл бүтүмүн эмнеге айта бербейт. Болуп жаткан чоң согуштун кейпи тигил. Ак падышага караган элде казак, кыргыздан башка башы аман, малы түгөл отурган эл жок, «эми силер аскер бербесеңер да, көмөк бергиле, жардам бергиле» деп асылып отурган улугуң тигил. Бербеген туура деп эл айтат. Анда болуш кантмек эле? Кайратың, амал-айлаң болсо бир жөн... Эмнеге ишенерди ким билет?.. Бизге акыл айт дебей, саламыңды айт, сөзүбүз ушу дегиле. Андан башка болуш-болуш дей бере турган эмне сөз бар?.. Ошондой эмеспи?! — деп болуштарга карады.
Бирин-серин болуштар: «ошондой... ошондой» дешип, жазганып күбүрлөшкөн болду. Болуштун көпчүлүгү үндөбөй, төмөн карашты. Жамаке менен Узакка тигилип жалтакташты.
Жамаке адегендеги сөзүн жумшактап айтса да, кийинки сөз кытыгысына тийгендей кыйнагандай болду. Жүзү кабарып кекене күлүп, Ракымбайга карап:
— Ээ! — деп алды да, анан. — Чобурдан чыккан жоргодой жол бузар тилиң бар экен. Түпкү оюңду баамдабай отурган чыгармын. Сен болуштуктан түшсөң, Албан бышык болушу жок талаада калат дейсиң го... — деп келе жатканда Узак бул сөздү илип алып:
— Аксак кемпир сыяктуу сылтый баскан шумпайга окшоп алдасаң улукту алдаарсың. Сен иштеш болгон улук менен биз да кездешип көргөнбүз. Бирок ушу Албандын баласы эртең көгөндөлүп кете турган күн болсо, көз жашы сенин мойнуңда, эки дүйнөдө кош колу жакаңда. Заман сеники, сөз сеники... бар, өзүң баштап, апарып, тизмеңди тизип бер. Мынабу Ракымбайдын артынан чогууңар менен ээрчип жөнөгүлө. Мындан ары сүйлөй турган эмне сөз калды?.. — деп унчукпай калды. ,
Жыйылган эл ачуулуу баатырдын сези баскандай бир азга жым-жырт болду да артынан жамырагандай туш-туштан чуулдашып:
— Кетсин жыйындан Ракымбай, жоголсун... атаңды... энеңди... оболу сен журтуң менен, үй-жайың менен өрттөлбөй туруп, Албандын бир кишиси да согушка барбайт. Эр-азамат кете турган болсо, оболу ушуну мууздап кетет,— деп Акбейиттин талаасы кыжынып өрттөй алоолоду.
Жыйынды башкарган сакалдуулар алоологон элди араң басып токтотту.
Кайта тынчтанып кеңеше баштаганда Ракымбай бөйпөктөп, Жамаке Узакка жалтактап карап, мүсүркөп, тепселип, кичирейип калган экен. Эч бир дыбыш чыгара албады.
Ошондон кийин эл бербеске, көнбөскө бел байлады. Азаматтарын бербөө жолунда, мал-дүнүйөдөн, ата-конуштан безип кетүүгө чыдамак болду.
Акырында эртең улукка жооп берүү үчүн карыяларды, жашыраак башчыларын жибермек болуп Серикбай, Турдукожо, Айтпай үчөөнү шайлашты. Эң аягында ак боз бээ союп антташып, Жамаке Албандын Райымбек, Шорук сыяктуу кадырлуу улуу арбактарынын баарын атап туруп, «оң сапар бере гөр» деп мойнуна курун салып туруп, тилек кылып бир атанын баласындай бир ниетке таш түйүн болуп буулган элге ак батасын берди. Калың жыйын күңгүрөнө коштоп: «О, кудай, о, Райымбек ата колдой гөр» деп ак тилекке чын уюган кебетелери менен беттерин сыйпады.
Көтөрүлүштүн таш ирегеси орнотулуп, алгачкы бир шатысы, тепкичи ушундан башталган эле.
III
Узак Акбейиттеги жыйындан кайтып Тамгалуу-Таштагы өз айлына жакындап келгенде жанындагы көпчүлүк туш-тушка айыл-айылына бытырап тарап кетип, элдир-селдир гана топ калган эле. Ушу аз кишинин ичинде өзүнүн бир тууган агасы Түнкатар ажы келе жаткан.
Бул — бүгүнкү Албан ичиндеги чоң байдын бири. Бир жарым, эки миңге жакын жылкысы бар. Улгайып, эл агасы болгон баласы бар. Жигиттердин, боз уландардын тобунун мырзасы аталып жүргөн неберелери бар, малбашка төрт-түлүгү шай, тиричиликке, жашоого мас болгондой ыраазы болуп жүргөн көп байдын бири эле.
Жардык аңгемеси угулгандан бери карай бул болуш тилмеч, улук аркылуу мал күчү менен небересин алып кала турган буйткалуу жолдорду караштыра келип, аягында пул аябаса, жигиттерин, балдарын аман алып кала турганына көзү жеткендей болгон.
Бирок Узактай тууганы, Жамакедей эл карыясы жалпы Албандын камын жеген болуп, бул ойлогон ниетти өрүшүнө жибербей ыркты бузуп турат. Кечээтен, бүгүн эртеден бери ошол иш мунун адеттеги тынчтыгын бузуп, элдин жыйынына, Узактардын сөзүнө, аларга ыраазы болгон элге — бардыгына тең нааразылык кекээри ойгонгондой эле.
Күнү бою элдин Ракымбайга кыжынган түрүн көрүп, бул жыйында бир ооз сөз айткан жок. Бирок Узакты өзүнчө алып отуруп ойдогусун айтмакчы болуп келе жаткан.
Ошону менен кеч бешим ченде Камандуу-Карагайды басып, Тамгадуу-Таштын желкесинен ашып түшүп, айылына келип калганда алдынан өз айылынын бир жигити келип, окчунураак чыгарып алып:
— Бүгүн түш ченде жармаңкеден беш-алты солдат келип, баатырдын айлын тинтип, өзүн издеп, сурамжылап кетти. Кечетен берки шыбыштын баары жармаңкеге жетип жаткан көрүнөт,— деди.
— Баса, мен ушундай болорун билгемин, бул Узакты шайтан азгырып жүрөт. Оюн деп жүргөн чыгар. Али да болсо улук мунун жүрөгүнүн үйүшүнүн алган жок. Бирок бул бирди көрөт. Өзү да көргүсү келип жүрөт. Биздин айылга келдиби, балдарды издеген жокпу? — деп сурады бай.
— Жок, биздин айылдарга келген жок. Антсе да, эл бүгүнкү солдаттын жүрүшүнөн сезденип калды. Ошону менен айылга келеби, келбейби, канткени ылайык. Алдынан кабар кыл деп сиз менен баатырга айылдагы байбичелер атайы мени жиберген эле. Кандай кыласыздар? Баатырга өзүңүз айтасызбы, кандай кыласыз? — деди.
Бул кезде Узактын жанында он-чактыдай гана киши калган эле.
Түнкатар ажы ошол жактагы белеске карай атын бурду да, кабарчы жигитке:
— Узакты мени чакырып жатат деп ээрчитип кел,— деп өзгөлөрдөн бөлүнүп жалгыз кетти.
Узак келгенде Түнкатар аймактагы көп айылдын желкесинде узатасынан созулган көк жотонун үстүндө жалгыз отурган эле. Баатыр адеттеги малсаак, быкшыма, сараң агасын мындай чоң иштердин тушунда көргүсү келчү эмес. Иренжип, жактырбай сыртын салып жүрө турган.
Бирок мурунку иштин көбү казак арасында талаш-тартышы малга, чыгымга келип тирелген жумушу боло турган. Андай кезде качкалактап сараңдык кылып, Узактан боюн ала качамын десе да, тентек, эр мүнөздүү баатыр агасынын өз кайратын эриксиз билдиргендей болуп, айтканына көбүнесе көндүрчү эле.
Бул экөөнүн арасында жаш күндөрүнөн сөз менен туюнушкан ниет, пейил менен жарашкан туугандык белгиси болбосо да, кайрат менен арбашкан, кабак менен таанышкан өзгөчө бир жалгашкан мамиле болучу эле. Ошондуктан Узак ар качан Түнкатар менен бел чечип сүйлөшчү эмес, муну менен сүйлөшө турган убакыт өзүнө бир азап сыяктуу көрүнгөндөй болучу.
Бүгүнкүдөй баатыр көңүлүн түпөйүлдөткөң кыйынчылык үстүнө чоң табышмак, оор азап үстүндө Түнкатар дагы эле берекелүү сөз айтпайт. Ошону эртеден бери сезген сайын Узак дөбө башында короздонуп отурган байды алыстан октой кадалган көзү менен атып, жактырбаган кабагын көрсөткөн. Түнкатарга бул үйрөнчүктүү жүз сыяктуу. Ал көбүнесе анын бул кебетесин көрбөгөндөй, атайы тааныбагандай болуп отура берчү.
Ошону менен жанына баатыр келип отурган соң:
— Бүгүн беш-алты солдат келип айылды тинтип, сени издеп, сурамжылап кетиптир. Кечээтен берки сүйлөгөн сөзүңдүн кебетеси тигил. Ушу улукту оюнчук дейсиңби? Мурда үч айга түрмөгө кезип отурган улук бүгүн мындай астан-кестен үстүндө эң алды менен, элден мурун сени тоорубай кимди тооруйт деп ойлойсуң?
— Эмне кыл деп турасың эми?! Кечээ улук жалгыз мени көздөгөн болсо, бүгүн бардык Албандын баласын көздөп, кошо издей турган болуп олтурат. Издеди деп эле өлө калайынбы? Улукка кай кылыгым жакчу эле менин? Жер үстүндө жүрбө, үнүңдү чыгарба, катын бол дейт. Ошонун баарына баш ие берейинби? «Башка урса — өл, артка урса — көн» деп турасың го. Өлтүрөйүн десе да жакалашпай, кол куушуруп өл дейсиң го. Анте турган болсом атам Шоруктун арбагынан садага кетсем туура болбойбу?! Эмне демекмин? Эмне кыл дейсиң! Төрт-беш солдат келип кеткен экен, чочуганың ошолбу? Бул менин көрбөй жүргөн шумдугум беле?
— Сен кайра ушинтесиң. Өкүрөңдөбөсө Узак болобу? — деп ызалангандай кекетип, — сен улук менен эрегишемин деп жүрүп сакалың да агарып бүттү, ошондо кимди жеңдиң? Колуң эмнеге жетти? Алты алаштын баласын кыбыр эткизбей багындырып, кемээштеп отурган укуругу узун падышага Албан ичинен бир тентек чыкса, жүк болот деп ким айтты, ушу? Тартына турган, ойлоно турган кезиң болобу, жокпу? Өзгөлөрдүн кереги болбосо, алдында ак тилектүү балаң бар, артыңдан ээрчиген иниң бар. Эч болбосо эртең кечеги тентек Узактын баласы, иниси дегизбей, жаман көзгө түрткү кылбай ошолорду ойлосоңчу, айыл, аймак, агайынды ойлосоңчу.
— Ой, Түнкатар, тилегиң каткыр, Түнкатар, эмне кыл дейсиң? Ошону айтчы? Күйдүрдүң го сен. Өмүр бою «чөкчөк» деп жүрүп өлтүрдүң го сен!.. Айтчы эми, кандай кылайын мен? Кана, айт эмесе!
— Айтамын, айта жүргөнмүн, азыр айтаарым: кечээтен шыбыш салып, ар жерден байкап жүрөмүн. Өзүбүздүн айылдын балдарын мал берсек толук аман алып калууга боло турган көрүнөт. Кудайга шүгүр, эки-үч баланы алып кала турган дөөлөт бар. Өзгөлөрдүн барганы барар, барбаганы ушундай жан соогалап калар. Мынабу элди бошко, бекерге жээликтирип кутуртпа, токтот. Калмакка барып жыргабайбыз. Мал-дүнуйөдөн айрылабыз. Ата конуш мекенинен эл оогон деген оңой эмес. Ал чоң апаат, шумдук окуя. Эч кимдин бүткүл Албанды батыра турган жери жок. Алды менен кыйла көп мал менен өзүбүз батпайбыз. Кармагандын колунда, тиштегендин оозунда ата дөөлөтү, кан казынасы чачылып, төгүлүп кеткени отурат. Ушу акылга көн. Токтот, мынабу элди.
Болдуңбу, Түнкатар?
— Ооба, болдум. Мен десең, арбак ыраазы болсун десең, ушу сөзгө көнгүн... Токтоткун.
Түнкатардын «арбак» деген сөзү баатырдын мурун да, буга чейин эле ачуу каптап отурган боюна уу куйгандай болду. Кичинекей суук көзү канталап, от чачып, чарасынан чыккандай алайып каршы отурган ажыга октоло карап:
— Арбактан садага кет, карган ит! Сени минтип алжытканча, эмнеге албайт кудай чунак? Жогол көзүмө көрүнбөй, дүнүйөкор арам шыйрак, Албандын атынан, Шоруктун арбагынан садага кеткир!.. Жогол, карааныңды көрсөтпөй! Келбе, менин жаныма! Ушу жолдо өлөмүн. Бирок сен мага топурак салуучу болбо! Өлүгүмдү булгаба... Кет, кет... азыр жанымдан! .. — деп сөзүнүн аягында жаалданып, айкырып жиберди. Баатырдын колу калчылдап белиндеги бычагына алда нече ирет барып кайтты.
Инисинин нечен түрлүү катуу сөздөрүнө мурунтан далай ирет бышыкулак болуп, бою үйрөнсө да, бул жолу Түнкатар тиктешип отурууга чыдамы жетпеди.
Мен бүттүм... Мен (юлдум... эми бир-бирибизге жокпуз... мейлиң,— деп атына минип жөнөдү.
Узак боюн калтыраткан ачуу менен камчысын таянып, күн батышка, жармаңке жакка карап, кадалып жалгыз отуруп калды.
Көз алдында азоо тентек өмүрдө өзүнүн кылган кылыктары элестеди. Өзүн далай күйгүзгөн Түнкатардын кылыктары да биринин артынан бири чиркелишип, желеге тизилгендей зымырап өтө баштады.
«Арбак, арбак»,— дейт карабет! Кайсы арбакты ыраазы кылды эле? Мага арбак ушуну кабылдайт дей турган мунун эмне касиети бар эле? Өлүү арбакты күңгүрөнткөн кылык ушул тирүү тууган Түнкатардан чыкпады беле? Менин эт-жүрөгүмдү өрттөгөн думдук иш ушунун иштеген иши эмес беле?.. — дегенде, беймаал убакытта оор санаага чырмалып отурган карт баатырдын көз алдынан өткөн доордун бир оор кайгысы чубатылып, элестелгендей болду.
Мойнуна оролгон ала аркан азыр да кап-кара, кандуу аркан сыяктуу. Каны качып көгөргөн жүзүндө өлүм тамгасы. Акылдуу, терең, сулуу көздөрү жумулган. Ошондо да жаш баладай жазыксыз жүзүндө «акетай» деп катуу тил менен жабышкан олуялык тазалыгы бар. Бул сүрөттүн баатырдын көз алдынан өткөнүнө он-беш, жыйырма жыл болсо да, өмүр бою али күнгө чейин бир ой менен кыйналып, өзү менен өзү муңдашкандай болгондо, ушу көрүнүш баатыр өмүрүнүн зор күнөөсү сыяктанып, такай элестеп турар эле. Бүгүн ошол мурда болуп өткөн шумдук окуя жаңы гана болуп өткөндөй өзгөчө оордук менен кайтадан көз алдыга тартылып, кандуу жүрөгүн каптап кеткендей болду.
Бекей Узак баатырдын эки-үч уулдун ортосундагы жалгыз сулуу кызы эле. Балдарынын ичинде андан ысык, андан кымбат көргөнү жок болчу. Узактай баатырды сай-сөөгүн сыздатып, бир өзүнө уюткан Бекей кыз көп баланын бириндей эмес, бөлөкчө эле. Жашынан сулуу болгон эстүү Бекей табийгаттын Албан ичине берген сейрек сыйы сыяктуу өнөрлүү болучу. Өлгөн Шорук баатырдын өзүн тарткан баласы тентек, долу Узактын кылычынан кан таамп турган дороону эле. Адет боюнча Бекейдин жаш бала күнүнөн бел куда болгон күйөөсү бар эле. Ал Албан ичиндеги мал менен бирге мал болуп өскөн бир сасык байдын өнөрсүз, топоз баласы болучу. Жашынан атасынын сөзүнө каныгып, эл сөзүнө, сакалдуулардын коомуна салмактуу сөз таштай билген зээндүү, өткүр Бекей көп элге сараңдык, көргөн-өскөнү жок деп атыккан кайнына ыраазы эмес болчу.

*************************************
#3 20 May 2017 - 19:26
Ошондуктан жайдын бир айлуу, үмүттүү түнүндө тагдыр буйругундай жетектеп тарткан ысык жалын, махабат буйругу жаш сулууну алыска тарткан. Бекей сулуу жашынан өскөн уясы менен коштошуп, сүйгөн жигити менен качып кеткен.
Алып качкан тигил ак кардуу көк бийиктин астындагы кыргыз жигити болучу. Бул — Балтабай манаптын иниси, Узактын ата жоосу болгон. Ал — күндө кескилешкен, кекенишкен душманы. Бекей баатырдын сөөгүнө тамга салды.
Азоо Узак ичинен чыккан баласынын балалык атын унутту. Агасы Түнкатар, иниси Кожомберди намысты көтөрө албас киши болуп, өлтүрмөкчү, өлмөкчү болушту. Ошолор ата намысын суук сөз менен тилгилеп жолдон тайган Бекейге душман кылды. Өчүктүрүп, ыза менен ууландырды.
Узак кызынын артынан кууп жөнөдү Караколдун улугун сатып алды. Кыргыздан Бекейди кеңсеге чакыртты. Анда Бекей: «Казактын бетин кайтадан көрсөтпө? Душманыңа кетип, адашкан болсом, мага кылган жазаң ушул болсун, ушу жерде өз колуң менен өлтүрүп кет. Же болбосо сүйгөнүмөн ажырайын. Ким болсо да, айтор кыргыз болсун, ушу элдин бирине берип кет» — деген. Ошол сөзгө Узак убада кылып Жылкыбай атанын арбагына коюп, куран кармаган соң Бекей улукка мурунку жигитимен кеттим деп туура жооп берип, атасынын колуна тийген. Бирок баласы колуна тийген эле жерде ызага буулуккан Узак айткан шертин орундабай, ушу Үч-Күңгөйдүн бооруна алып келген.
Үйүнө апкелген соң канаты сынган торгойдой өлмөсөк болуп өчүп бараткан баласына карап, аталык жүрөгү ойгонгондой, ачуусу басылып махабат тили кайта ойгонуп, жаңы жылыгандай болгон эле. Кан жүрөгүн өрт чалган жаш сулуунун саргайып бараткан жүзү кара таштай түйүлгөн ачууну кардай эритип, ата көңүлү ордуна келген эле. Өз кылыгына өзү өкүнгөндөй болуп жаны ачып, мээрими ойгонду. Көзүнө камчы тийген жаш козудай болуп дирилдеп жаткан балапанына кайтадан ийилгендей болду. Бирок ошол кезде капилеттен чыккан өрттөй болуп, ачык күндө күркүрөп жааган өткүндөй жалган ачуу, жалган намыс ээси болуп, ушу Түнкатар менен Кожомберди чыкты. Экөө тең намыс соккусун көтөрө албас киши болуп, Узактын кызы Бекей кылган бузукулукка чыдабаган киши болуп, агайын-тууганды өздөрүнө багындырып, арттарынан ээрчитип алып, «өлтүрөбүз» деген шумдук ниетти чыгарды. Узак жалгыз калды. Демейде мыкты, тентек Узак астына минип келе жаткан аты туйлагандай болду.
Агайын-тууган бириксе, алыска чыгып жүргөн абийир-айдың, анчейинки мыктылык уруу чебинин ичинде курулай сөз экенине да ошондо көзү жетти. Ошондо да «бербеймин», «көнбөймүн» деди. Бирок эки көзү канталап бороондуу күнү адашкан жалгыз жөө кишини камаган ач карышкырлардын тобундай кан көксөгөн катаал колдор капшырып кысып кетти.
Түнкатарлар Узак үйдө жокто айылды каптап, Бекейдин өзү туулуп-өскөн үйүнүн ичинде чоң шумдук иш кылышты. Зар ыйлап, тула боюнан кан кетип калган энесинин көзүнчө чоң үйдүн чамгарагына Бекейди асып өлтүрүштү.
Бекейди өлтүргөн — бүгүн арбакты атап айтып отурган ушу Түнкатар. Анын аткан огу, чапкан кылычы болг0н жаш, албырт мүнөз иниси Кожомберди. Бирок өзү кылган катаалдыктын артынан өзүнчө чочулап, дарттуу болуп, келерки жылы өкүнүч менен өрттөнгөндөй Кожомберди да дүйнөдөн кайтты.
Аёо, өкүнүү дегенди билбеген мал көөдөндүү Түнкатардын Узактын алдында атап отурган арбактардын, касиеттүү өлүктөрдүн ичинде арман менен ууланган, ата жүрөгүнө олуядай кадырлуу көрүнгөн, эң, касиеттүү арбак — Бекей арбагы эле. Ошонун катаал душманы — Түнкатар. Арбакты айтат! Эмнеге айтат?
Узактын жүрөгүнө ок кадалгандай болду. Намыс, өкүнүч, ыза огундай кадалды. Болбосо ошондогу жазыксыз канды агызганындай, бүгүн бүткүл Албандын жаштарынын баарын дагы да курмандыкка чалып, өзү кызыгын көрүп, жайлоосун жараштырмак сыяктуу ниети бар экен го.
Эрегиш, ачуу каптаган сайын доңуздай семирген курсактын кулу, токчулуктун албарстысы — Түнкатардын кебетесиндей болуп көрүнүп, атайын ошол үчүн, ошонун уюткусун бузуу үчүн болсо да, кыжаалат-апаат тилегендей болду.
Кектүү көңүлдү үстөм кылып, өйдөгө чыгаруу үчүн, жүрөгүнө уу жыймак болуп, кек куралын өз көкүрөгүнүн канына булгамакка мурунтан ичке катып, өзүнөн-өзү буулугуп, жашырып келген оор саатты эске ала баштады. Бекейинин жайы, ичиндеги өмүрлүк жарасы, жалгыз сүйгөн балапаны өз колунан өлгөн бечара карлыгачынын акыркы күндөрүн көз алдына келтирди.
Мынабу айыл отурган аймак — анын акыркы күндөрүнүн күбөсү. Балапандын канындай жазыксыз, күнөөсүз канынын кара жерге тамган орду да ушул аймакта. Тамгалуу-Таштын түштүк жагы бийик жар. Ошол жардын башы чөптүү тоо болуп, бир бети бийик кабак болуп барып, желкедеги карагайлуу тоого жалгашат. Кийинки күндөрүндө айылдын бардык адамдары жатыркап, жалгыз таштаган Бекей кара чапанын жамынып, купкуу болгон жүз менен ушу кабактан ашып барып кайтканда, эки көзү кыпкызыл болуп шишип, жашооруп келчү эле. Айылдын тушундагы көк беттин орто ченинде таздын теңге-теңге болгон аласындай кызыл-кызыл такырлары бар.
Желкедеги карагай кээ жеринде кара кочкулданып биригип, ийинден басмырлап карап турган кылкылдаган аскер сыяктанат. Кээде берки беттеги дал желкедеги токой кара таргыл болуп, ойго түшкөн кайгыдай көлөкөлөнүп, бир кызыктай жүдөп кетет.
Ушу сүрөттүн баары тең Бекейдин өлөр саатынан үзүк-үзүк кандуу тамга сактап калгандай. Аймакта болгон шумдукту көргөн табийгаттын жүзүнө кайгы бырышы, кандын изи түшүп, сакталып калгандай. Бекейдин өлөр чагындагы көңүлүнөн учкундап-учкундап кеткен кайгы, кооптуу ойлордой болуп, үзүк-үзүк, котур-котур ажарсыз сүрөт айлананын бардык көрүнүшүндө али күнгө чейин түгөл тургандай.
Каркыранын жайыгына карай ичкеленип созулуп кеткен кичинекей өзөн да күн батышка жакындап барганда көк-жашыл муңдуу сур талаада теңге-теңге болуп, дагы да котурланып жаркырайт. Сай — кайгы, муң сайы.
Ар жерде чачылган айылдарда, каралуу кечте чачылган кандай болуп кечеги чачылган өмүр гүлү сыяктанып, кечки оттор жылтылдайт. Кечки табийгат Узактын көзүнөн өз алдынча томолонуп аккан ысык жаш менен бирге жутап, эсенгиреп жетимсиреп туруп, жаш балапан Бекейди жоктойт.
Өткөн күндүн кандуу тамгаларындай белгилерин сактап, каары суук, катаал заманга каргыш айткандай, муңун бөлүшкөндөй. Баягы өткөн күн болсо да, өмүр бою Бекейдин кайгысы Узактын жүрөгүн бүгүнкүдөй эзген жок эле. Бели сынып, денеси ортосунан омурулуп калгандай сыяктанат. Илгертеден шор болуп, байлап жүргөн жарасын бүгүн сыртына аңтарып чыгарып, көз алдына жайнатып, жайратып салгандай болду.
Бул күнгө чейин корголоп, жалтактап, тиричиликти жабышып сүйүп келген тилек эми лап этип өчүп калгандай. Өлүм, өлүмдү гана тилегендей. Өмүрүндө жашырып, катып келген ичтеги уусунан азыр тойгончо семиргендей болуп: «Даярмын, ал мени... кулунумдун алдына бети кара болуп барбай тургандай кылып, көпчүлүктүн ниетинин курмандыгы кылып ал... Эл тилегинин үстүндө мойнумдагы курум, көөдөнүмдөгү жалыным, ал мени... Сенин арманың бүгүнкүдөй сай-сөөгүмдү бошотуп көргөн эмес эле. Жалгызым Бекей, текке келген жоксуң го! Барамын.., барамын... менин да күнүм... жакын!..» — деп күн батышка карап туруп, акыркы намазын окуду да, Бекейге арнап куран окуп бата кылып, этекке карай түштү. Бул кезде каш карайып, түн кирип калган эле.
IV
Улукка убада кылган күн да жетти. Алдыңкы күндөрдөгү белгилердин бардыгы жармаңке башындагы улук, тилмеч аттууга жайлуу жөрөлгө эмес. Жакпаган. Чочулаткандай түрү бар. Кермеге келип камалаар багынгыч момун кебете менен аякка келип баш урар, жалынар, акчасын, атын, ашын апкелер деген эл, алар ойлогондой болбой турган сыяктуу.
Акжелке, урядник, тергөөчү, болуш — бардыгы тең жайлоонун шыбырына эртели-кеч кулак салып, өткөн-кеткен кабарчы, тыңчынын баарын кагыштырып суроо салып, жомоктогу жер тыңшаган тыңчыдай болуп Албандын ичиндеги кыбыр-сыбырдын бардыгын угуп жаткан эле.
Казак үчүн уялып, ийменгендей болгон Осмон сыяктуу тилмечтер бетин басып, улуктун жүзүнө туура карап сүйлөй албай, жалган иштен жүдөгөн киши өңдөнүп, душман көзүнө курулай күрсүнөт. Бирок алдыңкы күнү кечинде Узактын айлында болгон аксакалдар кеңешинин кабарын ошол күнү түндө Тамгалуу-Таштан келген тыңчы жеткизген соң Акжелке тилмеч аттууга сыртын салып аларды көп даарытпай, тил катпай койгон эле.
Ошол абал аныкталган сайын тилмечтер эгилип-төгүлүп жагына түшүп, жалпалактап жатышкан кези. Акжелкеге бул күндө тилмечтен көрө Ракымбай ысык сыяктанат, Казактан жылдызы ысык ишенимдүү кабарчы, пайдалуу орточул-данакер ошол болууга айланды.
Ал эрте дебей, кеч дебей Узак, Жамакеден чыккан сөздөр болсун, калың элдин сөз байламы, сырт кебетеси болсун, бардыгынын жайынан приставдын кеңсесинде өзүнчө жай отуруп, дайыма маалымдап турган. Кечээ күнү Узактын айлына барган солдаттарды ушу Ракымбайдан келген кабар боюнча Акжелке жиберткен эле.
Узакка ошонун алдында улукка каршы келип эрегишкендиктен, үч ай түрмө кесилген. Эми ошого карабай, мынабу каршылык ойлогон калың элдин так ортосунда Узак отурат. Акжелке сыяктуу өзүнөн эли төмөнгө кудайсынып, өзүнөн бир шаты жогоруга «алдаяр таксыр» деп баш ийип, жорголоп, пендесинип тура турган арсыз, ой-санаасыз, жыгачтай жансыз адамга бүгүнкү Узактын иши мурда кулак угуп, көз көрбөгөн шумдук сыяктанган.
Ошондуктан, алгачкы Узак айтты деген сөздү угаары менен ал зиркилдеп ачууланып, мурун атын укпаган шумдукка, барлык улук атынан намыстанып, кордолуп күйгөндөй болуп, Узакты азыр карматып камамакчы да болгон.
Бирок артынан акыл токтотуп, тергөөчү, урядник менен сырдын чет жакасын чыгарып кеңешкенде, аңгемеге катышкандар бул кылыкты азыркы абалга ылайыксыздай көргөн. Мунун баары тең Акжелке айткандай, Узактарды түрмөгө салып, уезддик калаага, губернияга карай айдатып да жибергенди каалар эле. Бирок ал ишти иштөө жармаңке улугунун колунан келбейт. Баарынын угуп жаткан ала качма сөздөрүнө караганда, эл мынабу кабардан кийин жалпы дүркүрөп, өрттөй алоолоп турган сыяктуу. Бул күнгө чейин иштелген иштин өзү да элди үрпөйтүп, тымтыракайын чыгарып жетер жерине жеткизип жаткан сыяктуу. Муну бардык улук бир-бирине ачык айтып сөз кылбаса да, ичтеринен сезет.
Элдин соода кылбоосу, жармаңкеге жылкы алып келбегени, каттабаганы жаман. Сай-сай, тоо-тоонун арасында улукка далысын салып, калың кайрат толкуган сыяктуу. Козголушунда, шыбыр-күбүрүнө жармаңкени наалат отундай көрүп, октуу көзү менен аткан кабак билинет. Ошол ал-абалды күндө жайлоолордон келип, шыбырап кетип жаткан тыңчылар улук аттуунун көңүлүнө сиңирип, чочулатып жатты.
Ошол себептүү кечээ эртең менен Акжелке Узакты карматамын дегенде, майышчаак, эптүү тергөөчү:
— Бул саясий каталык болоор, азырынча бул иштен токтоло турганыңыз жөн. Ойлонуңуз. Элди ого бетер өчүктүрүп, дүүлүктүрүп аларбыз. Казакты бүгүнкүдөй абалда далысынан сыйпап барып, акырындап кайыруу керек. Башчысын кармаганды минтип жээлигип турган убакытта бир чоң белги сыяктуу көрүп калууга болобу деймин,— деген.
— Узакты түпкүлүгүндө кармабай, жазалабай коюуга болбойт. Аз күндө ошол мезгил жетет. Кандай болсо да, Узакка мынабу кутурган казакты баштатып коё берүүгө болбойт,— деген урядник.
Бул сөздөргө Акжелке:
— Азырынча ушундай болсо болсун. Токтосок токтой туралык. Мен бүгүн эле кармап алып, каршылашкандын эмне экенин ага таанытайын дедим эле. Мындайда казактын ишене турган кишисин алды менен кысып, бөлөк топтун арасынан бөлүп алса, арты суу сепкендей басылып да калчу эле. Ошону ойлогон элем.
— Андай экени ырас. Бирок бул казак адегенде гана ушундайча азоолонуп желпилдейт. Аздан соң эси кирет. Нугуна түшөт. Түбүндө Узак эмес, Ракымбайлардын тарабы жеңет. Ошону күтө туруу керек. Узак жазасын ошондо тартат, кутулбайт,— деген тергөөчү.
— Ырас... ырас... ушул дурус. Бирок ошол күн да келет эмеспи... Ошондо Узак сага биз көрсөтөбүз! — деп Акжелке үстөлдү бир коюп, урядникке: — Азыр төрт-беш солдатты Узактын айлына жиберип, тинтүү жасаткын. Өзүнүн кайда экенин сурат. Ошону менен бир аз байкай туралык. Кээде бу да казакка эм болот, уктуңбу? — деди.
Улуктар бир-бирине карап көздөрүн кысты да, үн чыгарбай тарап кетишти. Кечээги Узактын айлында болгон тинтүү ушу сөздүн салдарынан туулган. Ичтей сестенип, жалтактык кылып отурган улуктун бул иши баягы эски амалга ишенип иштеген айбаты болучу.
Курулай кампыйып, жонун үрпүйтүү бүгүнкү күндөрдө жалгыз айла, жалгыз чара сыяктуу. Ошондуктан жалпы казакка да себепсиз зиркилдеп, курулай тикирейип, орунсуз чочулоого оошкон.
Базарга келген бирин-серин казак болсо, ошолордун аттарын жыгып алып, арыздарына жооп бербей, кез келген тумактууну камчы көтөрүп айкырып, чочулаткан болуп ышкырып, заарданып турду.
Бүгүн улукка жооп бере турган күн жетти. Болуштар эмне дейт? Улук кантээр экен? Кандай түр көрсөтөт? Муну билүү Албан баласынын бардыгына парыз сыяктуу. Бербейбиз деген сөздү айтмакчы болгон элге эзелтен айтканына көндүрүп, айбаттанып камчы үйрүп, ышкырып келген улуктун алдына барып, алгачкы «көнбөймүн» деген сөздүн өзүн айтуу да чоң окуя сыяктуу көрүндү.
Бир ооздон бербейминди айтуу зарыл. Ошол — элге белги. Ошол бирге-бирди кошот. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарат.
Ошону чала-була уккан сайын жыйылуучу жаш-карынын баары тең боюна зор кайрат жыйып, ызалуу, намыстуу, кыжынган сыяктуу көрүндү.
Таң эртеден бери жармаңке аймагын туш-туштан куюлуп келген топ-топ атчандар аркы-терки жол кылып, чааралекей түшүрүп басып кетти. Бул жайыкка ат жалын; тартып минген эркек аттууларын топ-тобу менен апкелип! төгүп жаткан айланадагы бүт Албандын жайлоолору эле. Тегерек-Саз, Үч-Каркыра, Көк-Дөбө, Көк-Булак, Сырт, Лабасы, Акбейит, Туз, Кеген тарабынан чыккан булактаган түтүндөй муун-муун топтор жыбырап кайнап, чоңоюп келет. Жармаңке айланасындагы чоң тоо, терең сайлар, кең жылгалардан жайыкка карай суналып аңтарылып, агылып жатты. Учу-кыйры жок ташкын сыяктанып төгүлүүдө, жыйылууда. Башы кардуу, жат сырлуу калың тоолор бул заманга чейин катмарлуу койнуна катып келген сырын ачкандай коюн-колтугунун бардыгынан топ-топ атчандарды дембе-дем тоо ташкынындай агызып, көк талааны бастырып жиберди. Тоо алгачкы ирет этегинде жазылып жаткан талаага кабагын түйүп кашын силкип, колун жайгандай эле.
Жыйналыш жармаңкенин өзүндө эмес, Тамгалуу-Таштын жармаңкеге караган бет алдындагы Айдөбөдө. Азырынча айдыңы тар Айдөбө Албан элине ширелип лык толду. Көк жайыкка атчан адамдардан үйүлгөн чоң караан — тирүү жандуу дөбөдөй. Ортосундагы кечеги башчылар — Узак, Жамаке, Серикбай, Турдукожолор. Калың ортодогу көпчүлүк аттарын тоо этегине куюшкандаштыра байлаштырып таштаган. Өздөрү жөө. Көпчүлүк малдаш токунуп калың элдин жыйылып болгонун күтүп отурган эле. Жөөлөрдүн айланасында атчандар. Ширешкен калың топ бир жерге энтелеп жыйылгандай, тегеректин баарынан көк жайыкка келип, топ-топтун бардыгы тең ушу чоң жыйынга карай биригишип жатты. Айдөбө алыстан көзгө түшүп, эриксиз ашыктырып, белгисиз түз менен өзүнө шимирип тарткандай.
Кечирээк калып чыдамсызданган топтор жайыкка чыгышы менен дүрдүгүп сүйлөшүп, кээ бирөөлөрү арбакты айтып көк талааны күңгүрөнтүп, дыр берип, жарышып-жарышып алып да келет. Көпчүлүк салмак менен желдирип, семиз сайкүлүктөрдүн тизгиндери менен алышып, канат жайып, чеп куруп келе жаткандай көрүнөт. Антип-минтип күн түшкө жакындады. Эртеден бери Айдөбөгө алгачкы куралган калың топ жыйылып келгенден бери жайыкка чыккан аттууларды ушу дөбөгө жыйыл деп алдыларынан чыгып, туш-туштан баштап апкелип, же беттетип жиберип жаткан чабармандар бар эле.
Булар бир эмес, алда нече киши. Көбүнесе кош-коштон бөлүнгөн. Мингендери семиз, басыктуу аттар. Ооздугун чайнап, тизгини менен карышып кайта-кайта жер сүзүп жөнөшөт. Туш-туштан келип жаткан топторго ошол жүргөн кабарчылар эң алгачкы тартип көрсөтө турган башкаруучулар сыяктуу көрүнгөн.
Айткандарын элдин баары угуп, калың колдор нускоодон калбай Айдөбөгө карай агылып жатканда, кур кыйкырыкчыл башчылар жээлигип, өйдөлөнүп, өз даражасына ыраазы болгондой эле. Ошол абал көбүнесе өзгөлөрдүн ичинде Көкбайдын түрүнөн айкын көрүнөт. Бул — эшик менен төрдөй темгил көккө минген узун бойлуу, чокчо кара сакалдуу, сур жигит. Тегерек-Саз, Көкдөбө жагынан энтелеп келе жаткан бир топтун алдынан чаап келип, жыйын ортосундагы сакалдуу карыяларына салам берип амандашып:
— Жармаңкеге жыйылган беш-он соодагер көпмүн деп дердеңдеп калчу эле. Атаң гөрү... көрсөтчү эми Албан баласынын тобун. Түз эле таптап кетебиз... ошондой эмеспи карыя? — деп жыйын ортосундагы Кусайын, Картпайга карап, көп менен бирге жээлигип экиленип күлүп алды.
— Жарайт, береке кайырлуу болсун, Албан баласы аласы жок түгөл экен, эл көп экен... кайрын берсин!.. — деп, алдындагы калың топко Кусайын карыя ыраазылык менен карады.
— Баса ушундай болсо керек го, эл болсоң, эр болсоң, уксаң керек, көрөлүк эми улукту,— деп ак жүздүү арык чал Кусайындын сөзүн коштоду.
Түү, эмне деген эл! Улуктун зарасы кеткен чыгар...'
Унчукпай тур, таптап кетебиз, Көбөйсүн... жыйыла> берсин.
— Чочугандар ийинге тыгылсын. Айбат кыла бергиле. Жазганбай, жүрөгүнүн үшүнүн алгыла,— деген ар жерден береке, бирликтин түрүнө ыраазы болгон карыялардын добушу чыгып келет.
Жаштар да күлкүлүү, көтөрүңкү. Булар көбүнесе айт күнүндөй тамаша, шылдың сөздөрдү айтып көңүлдөрү көтөрүңкү. Улукту кекетип, эзелтен бери чочутуп, ныгырып, тынчын кетирип келген жоосуна эми оозго келген жаман сөздү аралаштырып күлкүлүү азил айтышат.
— Ой, Көкбай, ушу жармаңкеде улук али да барбы, же көзү чакырайып, же шымынын кашатын кармап качып кетиштиби?.. — деген бир добуш менен бирге көп күлкү угулду.
— Улук али отурат... жообун берет деп күтүп отурат дейт. Ар кимге айбат көрсөткөн болуп атын жыгып алып баштуу айылдарга солдат чыгарган болуп, кур айбат кылып жаткан болсо керек.
— Жооп албай турган чыгаар? Кандай неме? Айтканынан кайтат дейсиңби Албан баласы,— деп кекетет.
Падыша айтат демиш болот-ов, падыша десе өлө кала тургандай көрүп.
— Бул улукту алигиче коржоңдотуп койгончо, эмнеге көч деп айтпайт бул эл, капырай.
— Баса, эмнеге кууп салбай отурасыңар. Эң алды менен ушу жарманкени жайлоо керек болчу. Соода бүттү. Ашарыңды ашадың, жашарыңды жашадың, эми кете бер деш керек.
— Эмнеге? Асмай, чылым алганыбыз жок. Соодагердин мантусуна тойгонубуз жок.
— Ооба, урядниктин камчысына аркабыздын кычуусу канган жок дейсиң го,— деп ар жерде ар түркүн сөз менен кекетишип, тамашалашып, бирин-бири кызытып, ээликтирип, калың топ Көкбайды илештирип алып, Айдөбөгө карай желип келе жатты...
Дүңгүрөгөн көп аттын дүбүртү көк шибердүү талааны тирилтип, кубантып ойготкондой. Чоң дүбүрттүн ичинде калың топ бир кишинин оозуна карабайт. Эстүүмүн дешкендер болсо да, карыялардын ортосуна кирип, жаңылык кабар айтып келе жаткан Көкбайдын сөздөрү көпчүлүккө угулбайт. Ошондуктан, топтун ичиндеги кээ бирөөлөр мойнун созуп жанындагыдан:
— Эмне дейт?.. Улук эмне кылып жатат дейт? — дешип сурашып келип, ар биринен ар түркүн жооп алып, чын абалга кана албай Айдөбөгө жетүүгө ашыккандай.
Топтун ичиндеги жаштар көбүнесе бир бөлөк ылганып, жармаңкени шылдыңдап, кекетип, ошонун башындагы кылычын асынган төрөнү, тентек солдатты, бааны көп сураган жармаңке соодагерлерин сөз кылышат.
— Эми асмай, чылымды сурап, соодалап албайбыз. Тартып, талап алабыз...
— Эмне үчүн? Ал таарынбайбы? Далай жылдан берки даамдашың эмеспи?
— Ой, энесин!.. Таарынса келбей койсун, арам өлөр дейсиңби? Болду... эми көчүрөмүн! .. — деп таң эртеден айкырып сүйлөп, элди күлдүргөн сары чаар жигит өз сөзүнө мас болуп, көзүн кысып күлүп койду. Азыр үнү да кардыгып калыптыр. Буга жанындагы жаштардын баары ыраазы. Баары тамашалап, жакшы көрүп эркелеткендей. Кээ бирөөлөр «Жансейит» деп атын атап, бирдеме деген болот. Кылжыктап, тийишкиси келген курдаштары да бар. Сөзү угулгандардын баарына бир калыптуу тамаша менен тегерегин күлдүрүп жооп берет.
— Ой, Жансейит! Улукту Каркырадан кууганда соодагерлерге эмне дейсиң?
— Анын мантуусу керек го. Ага мантуумду бышыр, отур, кетемин десең, сакалыңды отко салып өрттөймүн деймин.
Эл жапырт күлдү.
— Улуктун катындарын кантесиң?
— Акжелкенин семиз катынын кантесиң?
— Акжелкенин семиз катынын тигил Текестин ташына сүйрөп чыгарамын да, үч күнгө чейин бир тилим нан бербей ачка коюп курутамын, абдан карды ачкандан кийин Акжелкени да, кудайын да унутат. Ошондон кийин Жамаке карыяга токол кылып беремин,— деп өзү да кылжыктап, эреркеп күлүп,— дааратына суу жылытып берет,— деди.
Туш-туштан келип жаткан жаштардын баарында тең ушундай көтөрүңкү тамаша, чексиз узак күлкү оюн-шоок күнүндөй өзгөчө бир кызуулук бар эле. Жайлоолорунан чыккандан бери алда нече жерде жарышып, оодарышып, бирин бири куушуп, сабашып, көптүгү менен биримдигине өрөпкүгөндөй. .. Ушу ирээтти далай топтор алдыларынан чыккан Көпбай сыяктуулардан угулуп калган жаңы кабарды — Узактын айлын тинтип кайткан солдаттардын жайын сураштырып жатышты. Топ-топтун сакалдууларынын арасындагы сөз ушул жөнүндө айтылууда.
Чаңкай түш ченде Айдөбөнүн айланасы жыбыраган кара тебетейчендерге толуп, кылкылдаган карагайдай болду. Чычкандын мурду жөргөлөгүс самсыган сары кол, түнөргөн кара булуттай болуп көк талааны каптай басып, жармаңкеге карай жөнөштү.
Топураган көпчүлүк чабуулсуз салмак менен басып ызы-чуусуз келе жатса да, ээн талааны каптап алган көптүгү менен, түйүлгөн кабак, туташкан ачуу, биримдешкен каршылыктын түрү сыяктанды. Жармаңке тарабы жайлоо сырын, кара тебетейчендердин түрүн, коркунучтуу кебетесин жаңы гана аныктап билгендей.
Өз-өзүнө ишенген сыяктуу сабырдуулук менен кыжырланып алып, кара түндөй басып келе жаткан калың колдун алдында жармаңке бүрүшүп, бүк түшүп, жер менен жексен болуп, басаңдап бара жаткандай.
Бүгүн таң аткандан бери Айдөбөгө жыйналып жаткан колду Акжелке, урядник, тергөөчү сыяктуу улуктар кайтакайта сыртка чыгып, өзгөлөргө билдирбей байкап карап, баамдап жүргөн эле.
Баарынын тең түрүнөн анык шашкандык билине баштады. Эми эч кимиси бир-биринен коркунуч алдындагы чочулагандыгын жашыра албады. Бирок ошентсе да, кожоңдоп көнүп калган адет менен бирине-бири ачык сүйлөшүп акылдашпаса да, көз кысуу, ымдоо менен кабак-каш менен туйгандай болуп, жармаңке башындагы сол-, дат аттууларды түгөл куралдандырып атка мингизди.
Өздөрү да катын-балдарын эл көзүнө көрсөтпөй, жармаңкенин айланасындагы казактарга сездирбей, бир-эки үйгө чогултуп койду. Өкмөткө тиешеси бар бардык кишилерге ичтеринен курал асындырды да, топту каршы ала турган улуктардын жанына топтоду.
Улуктардын элге каршы жасаган камдары ушу эле. Өзгөлөргө караганда чыйрагыраак, билими артык, казактын сырын көп багып байкап көргөн тергөөчү үйүнөн сүрөт тарта турган аппаратын алдырып, Акжелкенин кеңсесинин алдына кара чууга каршы жооп дайындап койду.
Муну билбеген казак замбирекпи, же башкасыбы дешээр. Билгендери — алдынкы катардагылары сүрөтүмдү тартып алып коюп артынан айыпка жыгаар деп жазганаар деген эсеби бар эле.
Тилмечтер улуктарынын ички ал-жайын туюнса да, акыркы саатка чейин булардын көзүнөн алыс кетпей алдыларына бөйпөлөңдөп, куйругун шыйпаңдаткан айыл итиндей булуңдап турушту. Алдынан чыккан казакка улуктан мурун сес көрсөтүп, «андай жүр, мындай жүр» деп караан-сараанды көбөйтүп, жалактаган жагымпоз күтүүчүнүн тонун кийинишкен эле. Бирок астыртан казактын кабарына да кулак салып, ал жактан да сестенет. Ошондуктан Жебирбаев менен Осмон таң аткандан Айдөбөдөгү опур-топурду көрөрү менен жармаңкенин айланасындагы катын-балдарын тегеректеги айылга акырын жөнөтүп жиберген.
Болуштарга булар сыр бербейт. Жалгыз гана арасында сөз угар, сак кулак, сөз ташыр дегендерге шыбырап:
— Мунун арты балээ болот. Албан ичине аскер чыгарат... Эл кырылат. Бекер кутуруп кереги эмне? Жаргентте аскер турат. Караколдо баланча улук, түкүнчө замбирек, курал бар,— деп көпчүлүктүн жүрөгүн түшүрүүнүн камында болду.
Калың топ жармаңкеге жакындаган кезде алдынан атчан, кылыччан, мылтыкчан солдаттар чыгып, тосмолоп чапкылай абыгер чекти. Буларды жиберип, топтун көөмейүн байкамак болуп, Акжелке менен бардык улуктар кеңсе алдында турган эле. Солдаттар элди курулай жазгандырам дебесе, эч кимисине тиктеп карай албайт. Камчысын курулай чочоңдотуп асманга үйрөт. Эч кимге колу жетпегендей, камчы тийбейт.
— Токтогула, кеңсеге баарың батпайсыңар! Араңардан киши чыгаргыла — деген сөздү тил билген казак-орустар элдин алдын кез-кездеп кайта-кайта айтып жүрүшөт
Бул сөздү тыңдабай, томсоргон жүз менен илгери басып жылып келаткан топтун алдында орус атамандары токтой албай, зыргып өтөт. Өзгө топко жакындап, каптай басып келе жаткан топураган селдин алдынан жүзү чыдабай, артын карай кайра тартат. Солдаттын айтканына токтобой, илгерилеп чыккан топ Турдукожо, Серикбайлар баштап келе жаткан калың кедей эле. Ар бир ушундай топтор болуш-болуш болуп, жиктелип, араларындагы болуштары менен келе жаткан.
Эки-үч солдат калың колдун алдында кийин жакка ыгышып, Ракымбай менен келе жаткан бир топко кездешип, жанатан бери кыйкырып айтып келе жаткан сөздөрүн кайталан аттан түшүп, көпчүлүктүн атынан сүйлөй № турган кишиңди гана жибер,— деди.
Ракымбай эмне кыларын билбей томсоруп келе жат| кан элге:
— Ал эми түшкүлө,— деп кыйкырып жанындагы овI чакты кишилери менен топтолуп аттан түштү. Мурун бул I жайды акылдашып баамдашпаган эл ким түшкөнүн билбесе да, айтор түшүп жаткандар болгон соң ар жерден топтолуп түшө баштады. Аягында топ-топтун баары тең ; аттарын байлаштырып таштап, жөөлөп калды.
Баятан бери байкап турган улуктарга жөө казак мурдатан өздөрү таанып билип жүргөн жоош казак сыяктанды. Догоодон бошонгон аюудай тажаал көрүнүп турган кара жыйын эми демейки түспөлүнө келип, кара тебетейчен казакка окшоду.
Андан соң улуктун буйругун алып, жөө топтун алдына Жебирбаевди ээрчитип урядник келди. Бул алыстан зилденген ырайда эчтеке болбогондой, түк сезгенбеген кишиче, аягын базардагы адетинче чалкайта басып, жыйындын алдына келди. Урядник келген топко бардык калың эл түгөл жыйналган эле.
Урядник кыйкырып:
— Улук баарыңды чакырган жок. Жана баарың менен сүйлөшпөйт. Бүгүн болуштарды гана чакырган... ошолор керек... — дей берди эле алдыңкы катарда турган элдин көп добушу:
— Болуштар барбайт. Болуштун кереги жок. Элдин шайлаган кишилери барат. Сөздү ошолор айтат,— деп чуулдап жиберишти.
— Андай болсо, шайлаган кишиңер келсин. Баарың ошондо да барбайсың, кана ким шайланды эле, жүргүлө! — дегенде алгачкы убакытта бир азга эл жым-жырт боло түштү. Бул тартипсиз калың топтун мурун башкарууну көрбөгөн, уюмдашып иреттелип көрбөгөн ыңгайсыздыгын, дайынсыздыгын баамдаткандай болгон эле. Бир азга болсо да баягы улукту улук дегизип, баягы үнсүз момун элди ошол эл дегизген сыяктуу болду.
Бирок ушул абалды урядник кандай сезсе, элдин алдынкы катарындагы Серикбай, Турдукожо сыяктуу башчылары да ошондой сезди. Бул арада жыйын ичинде Узак, Жамаке жок эле. Алар Айдөбөдө бир бөлөк иргелген аз гана топ менен атайы кийин калышкан.
Урядниктин сөзүнүн артынан келип чыккан жымжырттыкты Турдукожо бузду. Ал урядниктин жүзүнө тигиле карап:
— Эл шайлаган үч киши бар, ошолор барат. Көпчүлүктүн сөзүн ошолор айтат. Андан башка ушу турган элдин баары тең улуктун алдына түгөл барат. Калың эл жообун өздөрү айтамын деп келди. Улук буга каршы эмне сөз айтат, аны да өз кулагы менен укмакчы. Ошондуктан, баарыбыз тең барабыз. Ошондой эмеспи эл-журт? — дегенде, «ошондой... ошондой... барабыз... барабыз...» деген добуштар чуру-чуу этти.
Урядник ордунан козголбой туруп:
— Баарың керек эмессиң! — деди.
— Бул калың эл сенин итиң эмес. Барабыз, жүр, баскыла,— деп, илгери жүткүнүп жөнөгөндө урядник жолдон жалт берип, тетири бурулуп адымдай берди. Жалпы кедей жөө да болсо талаанын өртүндөй жаланып басып, улук кеңсесине карай дарбып жөнөштү.
— Барабыз, барбай турган эмнеси бар? Улук элден жашырып иш кылчу беле? — деген нечен түрдүү кыжынгандай кекенген сөздөр элди экилендирип, селдей агызып жүткүнүп келе жаткандай болду.
Улуктардын айланасына жармаңкедеги кызмат адамынын бардыгы жыйналган эле. Ошолордун ар кайсыларына Акжелке шыбырап:
Өзүңөрдү мыкты кармагыла, сестенбегиле. Сыр бербегиле,— деп жатты.
— Ооба, ооба... тоотпогон киши болуп көрүнүү керек. Эчтеке көрбөгөндөй, адеттегидей өкмөт, улуктун салмагын сактоо керек,— деп Акжелкенин сөзүн семиз сот коштоду.
— Мен бир айла кылмакмын. Ушунун таасири далай мылтык, далай чендүү төрөнүн жүзүнөн кем болбойт. Токтогула, унчукпагыла деп бышык тергөөчү сүрөт тарта турган аппаратын калың элдин алдына дөңгөлөтүп апкелип, бир жерден бир жерге жылдырып, көпчүлүктүн көзүнө илинүүгө тырышып жүрдү.
Акжелке курсагын чердейтип, чалкайыңкырап, ийнинде асылуу турган кылычынын сабына бир колу менен сүйөнүп туруп. жакындап келип калган элге үрпүйүп ызырынып карады. Көпчүлүк менен жалгыз өзү арбашкандай болуп, алдындагы топтун жүздөрүнө кыдырата карап-карап чыкты. Жалтанып-жазганган момундук түрү казактардын жүзүндө жок. Аны кандай байкап караса да улуктун көздөрү таба алган жок. Кайта көпчүлүктө колдон жасаган сырты момундуктун ар жагынан айкын көрүнүп турган кекенген мыскылдоо, эликтегендик белгиси бар эле.
Кээ бир көздөр ачуу менен, пардасыз жийиркенич менен атыша карагандай кабагын түксүйтүп, жүздөрүнө кан толуп, туталанып сүзө карайт. Эл ырайы улуктун көп койкоктогонун, эркелик тайтаңын көтөрө турган сыяктуу эмес.
Тилмечтер бул кезде ушул көрүнүштү баамдагандай болуп эртеден бери далысы менен караган улуктун жанынан окчунураак тургулары келди. Жармаңке башында казак дарыгери Жарлыгапов, дагы белгилүү эки тилмечтен башка жаш катчы, мал фельдшери сыяктуулар бар эле. Булардан азыр да улуктун жанында семиз кызыл Жарлыгапов менен Жебирбаев гана бар. Аларды тергөөчү эртеден бери жанына алып, бирер сөз менен бөгөп, башка жакка жалтактаса да жибербей койгон. Осмон менен өзгө майда окугандар эбин таап, элдин арасына кирип кетип, топтун дал алдына чыкпай орто муунунда алдыңкы кишилердин арасынан бугуп карап жашырын жүргөн эле. Эл жакындап келип калганда жалгыз тергөөчү аркы-терки карбаластап, аппаратын мындай-тигиндей сүйрөп, ар жерде шырт-шырт басып жатты. Ичиндеги пластинкасы бүтсө да, жан айласы сыяктуу шашкалак менен кур чыртылдатуу жагына өткөн.
Бирок кеңсе алдында турган улуктун бөлөк айбатынын бардыгынан казак тобуна ушунун кылыгы көбүрөөк таасир этти. Кийин сүйлөгөн сөздөрүндө эл-журт ушундан кадимкидей айбыгып сыры көп улуктун табышмагы сыяктуу көрүп, нечен түрдүү кеп кылышкан эле.
Калың топ кеңсе алдын түгөл камап алган соң, бир азга тымтырс болуп турду... Эки жагы тең эмнеден баштаарды билбей туруп калгандай болду.
Акыры жашырынган менен да Осмон кутула албады.
Акжелке ар кимге аны издеттирип, топ ичинен суурутуп алгандай болуп, түксүйгөн жүзүн үйрүп:
Булар ким, айт. Жоопторун айтчу бир киши чыгарсын. Ошол ушул жерге жакын келсин,— деди.
Тилмеч которгондо эл бир азга унчукпай турду.
Акырында арт жактан бир нече добуш:
— Үч киши сүйлөйт.. Үч киши сүйлөйт... кайда жанагы кишилер,— деп чуулдашты.
Улук жылаңач кылыч кармап турган солдаттарга «элди кийин сүргүлө» деп нускады эле, солдаттар: «Чегингиле, чегингиле, кийин кеткиле» десе да, эл энтелегендей болуп эрегише түшүп, дагы бир аз илгери басты. Артка серпилбеди.
Улуктар байкабагандай болсо да, көздөрүнүн асты менен топтун илгери карай жылган жерлерине кымсына карап коюшту. Акжелке эл тараптан жүзүн буруп алып тилмечке:
— Үч киши болсо, үчөө болсун. Бери чыгар, кимдер алар? — деп топко сурданып дагы карады.
— Ал биз, биз... мына биз,— деп Турдукожо илгери жүткүндү. Серикбай, Айтбай муну ортого алып эки жагынан бирге чыкты. Булар арткы топтон бир-эки адымдай гана суурулуп чыгып турду.
Тергөөчү буларга да аппаратын буруп алып, Серикбай турган жакка шырт-шырт эткизди. Серикбай өзүн улуктун огуна бута болуп, жеке өзү чыккандай көрүп, кичине кымсынып басаңдап калгандай болду. Сыйда сакалдуу сулуу жүзүнө ийменгендик белгисиндей кызыл жүгүрдү. Кирпик какпай, аңдып карап турган Акжелке үчөөнөн башкага карабай, Серикбайды көздөгөндөй болуп, ушуга тике беттеп бурулду да:
— Сен эмне демексиң? Падыша жардыгына эл эмне дейт?.. Сүйлө, — деп кадала тиктеди.
Серикбай алгачкы кымсынып калган калыбынан жазыла албай, күймөлүп туруп, сөз баштады. Бирок сөзү мурунку ойдогу дайындаган сөзү эмес, жоошуп, жумшакталган мүсүркөө сөзү эле. Өзү да ыраазы боло алган жок.. Жалтактай түшүп обол баштан эле элди алдына сала:
— Элдин жооп бериши кыйын болуп турат. Элге оор тийип турат... Көпчүлүктүн өзү билет! Элдин иши. Эл-журт өз оозу менен айтсын. Бала бересиңерби? — деп элге карай бурулуп добуштан жиберди.
Эл бир ооздон: «Жок! Жок!» — деп чуу этти. Маңдайдан түйүлгөн көк кабак, тиштешкен жаак, ачуу менен канын ичине тарткан жүздөр улуктарга тик сайылып, туштуштан чочутуп өткөндөй болду.
Эл жанагы Серикбайдын суроосу менен чуулдаганда, Турдукожонун боюн эл урааны менен бирге ташкындап бийлеп келген ачуусу тышка тээп чыккандай болду, ал эл токтой бергенде, Серикбайдын колун кагып жиберип:
— Токто, андай эмес,— деп ачуулуу чакырайган көз менен ойдогу сөзүн толуктап алып айтып кирди. Ачуулуу добушу бардык топко түгөл угулгандай шаңк-шаңк этти. Добушунун зилдүү, катуу чыккандыгынын өзү менен да улукту бетке-көзгө былчылдатып уруп жаткандай болду. Мунун добушу чыккандан эле элдин моокуму канып, ар жерде көрүнүшү суук жүздөр көрүндү. Улук да тешиле карап, сурданып тишин кычыратты. Турдукожо алгачкы сөздөн эле өзүнүн дабышын да, түсүн да эркин бийлеп алып кебин жатык баштады: — «Хан адилеттүүлүгүнөн тайыса, букарасы бузулат» деген. Бул күнгө чейин бизди бийлеп келген падыша мынабу жардыкты чыгарамын деп элге эки бөлөк сөз айтты. Адилеттигинен тайыды. Биз ак падышага караганы элүү жыл толгон жок, элүү жылга чейин ’ солдат алмакчы эмес эле. Ал сөзүнөн танды. Бул — бир,— деп оң колу менен сол колунун бармагын басты. — Бир сом жыйырма тыйындан артык түтүндөн салык алмакчы эмес эле, быйылкы жылы жыйырма бир менен кырк бештин арасына келгенден салык алды. Бул — эки. Жерди алды, конушту алды. Эл күн көрүп отурган сууну алды. Бул — үч. Өз жерибизди өзүбүзгө сатты... Биз өгөй бала эсебинде болдук, улуктун, адилмин деген падышанын бир сөзүндө турбай, эки айтканына эл көптөн бери нааразы. Бүгүн мынабу солдат деген сөздү чыгарып, дагы жалган сөздү сүйлөдү. Бул күнгө чейин түзөлөөр, оңолоор деп эл күтүп келген эле, эми түзөлбөй тургандыгына көзү жетти. Элдин чыдамы түгөндү. Мындан аркыга чыдай албайбыз. Бала бере албайбыз, ыраспы, калайык-калк? — деп элге карады.
— Ырас, ырас, бере албайбыз! .. — деп, миңдеген адамдын бир да бири калбай, дүр этти. Айкырыкты жер жаргандай кылып асманга чыгарды.
Калың эл кур кыйкырык менен туруп калбай козголуп, кеңсеге карай энтелеп, сүрдүгө түшүп жүткүнүп кетти. Ар жерден ызырынып айткан оозго алгыс ачуу сөздөр да угулду. Улуктун кулагына бул да жеткен эле. Бирок укпаган, сезбеген киши болуп, эч кимдин жүзүнө көздөрү, аныктап токтой албай тегерете кыдырып карады.
Ошол кезде элдин козголуп, ары-бери теңселип, сыгылышып калган топтун арасынан бир кедей чал өгүзүн жетелеп келип калган экен. Эки көзү канталап кутургандай болуп, колдору дирилдеген катуу ачуу менен улукка карап туруп бычагын сууруп алып:
— Ким бала беремин десе, жарып өлтүрөмүн,— деп узун кара бычакты жалаңдатты.
Туура, туура,— деген калың добуш дагы чуу этти.
Акжелке муну көрбөгөндөй, Турдукожого карады.
Анын түсүндө али да тайыбаган өкүмдүк, кайтпаган кажарлуу ачуу бар эле. Эл-журттун чуусу басыла бергенде:
— Падыша бала албасын, мал алсын, эгер такыр койбой бала аламын десе, мынабу аскерине азыр курал берсин. Урушта ор казып, чепке камалып койчо кырылганча, жаздыгын ала жата турган болсун. Астына ат, колуна курал берилсин. Эл ушуну каалайт,— деп сөзүн бүтүрдү.
Мындан калган сөздү Айтбай айта баштады эле, бирок анын добушу акырын чыгып, кибиреп сүйлөдү. Эл Турдукожодон калган сөзгө кулак салгысы келбегендей, туш-туштан каптап, жабырашып сүйлөп, дуу-дуу этип, Айтпайдын сөзүн эч кимге угузбай коюшту. Бардык жыйын кеңсени тегерете камап турган айлананын бардыгынан Турдукожо айткан сөздөрдү нечен түркүн кылып чуулдап, кыйкырып, үздүксүз айтыл жатты. Бирок бул кездеги сөздөрдү эч ким толук угуп, кулак салган жок. Асыресе улуктар тыңшаган жок. Буларга азыркы чуулдаган топтун эмнени айтып турганы белгилүү болду.
Ак тиштери акшыйып, эки ууртунан көбүк агып, канталаган кызыл көздөрү менен сүзө карап, кыйкырып турган кара тебетейчендер оң сөз айтып турган жок. Жабыла кыйкырып тытып, талап жибергени камап турган көп жаяндай болуп көрүндү.
Сыр бербеймин деп ширелишип турган улуктар Турдукожонун сөзүнөн кийинки элдин түрүн көргөн соң басаңдап, кичирейип мүсүркөп жашып кетишти. Жумушун бүтүргөн кишиден бетер тергөөчү аппаратын алып кийин жөнөдү. Элдин сөзүнө жооп бербей Акжелке да жүзүн ала качып сырт жакты карай берди. Кеңсе алдындагы улук элден жазганып оолактай баштады.
Күндүз келген жолдошторунун жарым-жартысын калың топтун ичинде жоготсо да, али да жанында калгандарын тегерегине жыйып, түркүн сөз менен улукту жерге кийире турган Жансейит Акжелке сыртын салып жыла бергенде, угулар-угулбас кылып:
— Камчы менен башка тартып кетейинби, ушу. Энеңди... — деп камчысын оңтойлотуп туруп, чыны менен ошол ниетке келгендей, оң колун топ ичинен өйдө көтөрө берди. Жанында турган Кусайын аксакал: .
Ой, кой! — деп колунан кармай калды... Жанындагы башка жигиттер да:
— Коё тур. Бүгүн эмес... ал күн жетээр... ошондо көрөбүз,— дешип токтотуп коюшту. Топтун улукту октуу көзү менен аткан суук жүздөрү, Жансейиттин бул кылыгын азыркы учурда орунсуз көрбөй турган да сыяктуу эле,
Баятадан элдин ырайы менен улуктардкн жүздөрүнө кезек-кезек карап, тиштенип турган Жансейит азыр да өз кылыгын бир казактын баласы да сөкпөй тургандай көргөн. Ал элдин жайын түшүнүп турган. Эгер мунун камчысы көтөрүлсө, кеңсе алдындагы улуктардын көз ирмемде чаңы асманга чыга турганы ачык болучу. Мышык менен арбашып туруп жеңилип качкан жыландай көздөгү оту өчүп, аркасын салып жөнөгөн Акжелке элди дал ушул кезде катуу кызыктыргандай болгон.
— Каап, каап... — деп башын чайкап Жансейит алгачкы агымынан токтоп калды. Көп жигиттер ушу сыяктуу өкүнгөндөй болуп тараша баштады. Бүгүнкү күн мурун басмырлап, койколоктоп турган улукту жамбашка салып жыккандай, элдин сези жеңип чыккан күнү эле.
Аны ушу топтун ичинде болгон жаш-кары, тентек, момундун баары тең бирдей туюнду. Ушунча кол жеткис байтеректей болуп турган зор көөдөндүү, текебер турпаттуу, жат сырлуу улук бүгүн жалпайып жерге түшүп, аброю аңтарылып, шаабайы сууп калгандай болду.
Дүркүрөп жээликкендей, көтөрүлгөн эпкиндүү сүрү бар эл шашпай, салмак менен кайта алоолоп, туш-тушка тарап жатты. Бешим ченде күнү бою жармаңкени баскан казак сели басаңдады. Чоң айдың менен үркүтүп-чочутуп келген калың кайрат кара булуттай түнөргөн эл ачуусу азыр кайра кайтып убактылуу нугуна түшкөндөй болду.
V
Ийрилген узун кең аймакта чубатыла отурган чоң айыл. Бул — Тегерек-Саз. Серикбайдын айылдарынын жайлоосу, эки жактагы бийик кырканын астында да ушу сыяктуу көптөгөн тарам-тарам көп айыл. Эл жайлоонун өрүшүнө, тоонун төрүнө келип конушту. Карагайлуу бийигинин катмар-катмар колтугуна Албан журту келип конушкан эле. Эң жогорку орунду алып, карагайлуу төшкө чейин өрдөп келип конгон Серикбайдын айылы. Айылдын желкеси тик, көк жашыл бийик бет, элдир-селдир карагай баскан. Кээ (бир бийиктин этегине карай өр талашып өскөн карагай — казактын ээгине чыккан кара тармал чокчо сакал сыяктуу көрүнөт.
Тегеректеги бийик тоолордон кечки көлөкө созулуп түшүп, аймак боюн ала көлөкөлүү, шоолалуу кылып, көрсөтүп турат. Жашыл дүйнө көрктүү нурун али жоготкон жок. Алдыңкы тоолор, ийри-буйру созулган жакын белдер карагайсыз, жылаңач. Бирок от да жашыл. Беттерин жамгырдын суусу жырып өтүп, тарам-тарам болуп жиктелип, айкындалып жатат. Суу жолу ипичке жыландай узунунан созулуп, кээ бир жеринде гана аз-аз ийрилгендей болуп бардыгы тең бийик, тик этегинен башына чейин чубатылат. Түйүлгөн кабактын арасындагы эзелки бырыштарга окшоп кетет.
Өрөөндүн жайыгында ар жерде суу жеп кеткен ичке сызыктары бар. Алдыңкы белдердин кээ биринин жонунан аркы беттеги карагайлардын баштары кылтыйып баш көтөрүп карап тургандай. Ар жерде топ-топ болуп өскөн карагай кеч мунарын жамынып сүрдүү тартат. Төмөн жактагы эки жашыл бийиктин кошулган жеринен алыстагы Кулук тоосунун бир тарабы көрүнөт. Закым менен көгөрүп мунарланат.
Айылдын тушундагы карган карагайдын кээ бири куурагандай бүрсүз. Көпчүлүгүнүн көк жамынган көлөкөлүү сайлары бар. Кечки тынч абада бийик баштары теңселбей калкып тургандай. Тып-тынч, жым-жырт токойдо анда-санда добушу назик торгой чырылдайт, кээде агылып төгүлгөндөй, кээде шык-шык эткен дабыштары угулат.
Аймактын тегерегиндеги айылдардын кээ бири кичинекей дөбөчөлөрдүн башына, кээ бирөөлөрү өзөн жакасына чукулдап келип конгон. Көшүлгөн бийик тескейде төрт түлүк мал чачырап жайылып жатат. Алыстагы бийик бетте жайылып жүргөн койлор жыбыраган курттай болуп көрүнөт. Асыресе, үстүнөн күн шооласы түшкөндө узунунан келген ак курт сыяктанат.
Көп айылдын койлору короосуна келген. Дөң башына айылдан кайта-кайта карааны үзүлбөй келип каткан малдан, кечки айылдан бака-шака угулат. Кезек-кезек койлордун маараганы эшитилет. Арасында бирдемени издеп, энесинен адашкан козу, улактын маараганы тынымсыз.
Кечки аба кичине эле добушту илип алып көтөрүп, жаңыртып турат. Анда-санда айылдан уйларын жетелеген катындардын кажылдашкан үнү, күйүп-бышып сүйлөгөн баланын сөздөрү, энелердин акыл менен акырын жумшап жаткан үндөрү да таанылат.
Анда-санда уйлар мөөрөйт. Кабакта, коктуларда кишенеген айгырдын тааныш үнү да угулат. Узак созуп кишенеп келип, кээде үйүрүнө ээлик кылган дүбүртү менен кайрып-кайрып окуранып коёт. Музоосуна жакын келип агытылышын күтүп туруп, бир гана кайрып мөөрөгөн уйлар байкалат. Кеч жакындаган сайын аймактын добушу күчөйүп, тили төшөлүп келет. Шылдыраган өзөн суусунун добушу да кадимкидей угула баштады.
Катынына «А-а-ай»! деп кыйкырып, бирдеме айтып жаткан эркектердин добушу кайталанып, иш арасында чоң кишилерге бирдеме деп былдырап жүргөн балдардын добушу, баланын сөзү. Койлорун саап болгон айылдын бет алды, айланасы ар-кай жерде чачылган чоң-кичине мал.
Кечки көп чуунун бири болуп, жекелеп үргөн иттердин үнү угулат. Ичинде дөбөттөрү да, күчүктөрү да бар. Башында бир-эки үн үзүлүп-үзүлүп угулса, кечки жаңырык улаарыган сайын катуулап күчөп келе жаткандай, бирин-бири демитип коштоп, чуулар көбөйдү. Кээде издешкен, өчүгүшкөн, бүлүнүп, бузулушкан үндөр да чыгат.
Төбөдө торгой учуп, кээде асманда калтылдап туруп чырылдайт. Бир эсе тынымсыз мазеси кетип, чык-чык этет. Биресе өрүштөп, узап кетип, чачырап жайылган койду. кыйкырып үркүткөн кечки койчу добушу басып кетет. Биресе сайда, дөң астында обон салган козу кайтарган баланын үн созгону угулат.
Кээде төмөнкү айылдардын жанында бийик тоонун бетиндеги жалгыз аяк жол менен бастырып күндүзгү шернеде болуп, кымыздуу айылды эрмектеп кайткан көп атчандар көрүнөт. Жаштары кыя жол менен чаап өтүп жатышат. Кээ бири обон салат. Кечки мезгилде дабырлашып аңгемелешкен добуштары абага көтөрүлүп, аймакка тегиз угулуп турду.
Ушул ирээт менен кечки айылдын тиричилиги өзгөдөн. бөлөкчө-өзүнө гана тийиштүү болгон жарашыктуулугу менен көркүнө чыгып турган.
Айыл кечте гана бардык калыбы менен толук тиричилик кылат. Бул убакыт — айылдын эмгектенген убакыты. Бардык мал менен адамдын уу-чуусу түгөл чыгып, толук' аралашкан убакыт. Айыл тегерегинин дүбүрөп жанданып күндүзгү зериккен ээндиктен арбып-дарбууга оошкон чагы. Сансыз көп добуштар угулуп, көрктөнгөн чак. Кечки айыл тиричилик жармаңке сыяктуу. Казак жайлаган табият болсун, мал менен адам болсун — бардыгы тең кечки батар күндүн алдында күндүк өмүрүн кызуу абыр-дабыр менен узатып салат. Чоң чарадай болгон күн малдын уу-чуусу менен адамдын сергек чуусу, карбаластаган аракети, ар түркүн аңгемеси менен батат.
Аймактагы жакшы жайлоого жарашып отурган көп айыл, табияттын күнү өтүп, түнү оошкон кездерин ошондой өткөөл үстүндөгү карбаластаган, жанданган жарашык-, туу уу-дуу менен каршы алат.
Ушул кезде Серикбайдын айылынын үстүндөгү эң кызыган маалы эле. Жанындагы төрт-беш ирдүү жолдошу менен Серикбай айланага унчукпай карап, табияттын Албан элине берген жарашыктуулук, молчулугуна ичинен шүгүрчүлүк кылып, өмүрүндө эң алгачкы ирет ошону көпсүнгөндөй болуп отурган.
Ал жанындагылардын аңгемесин тыңшабай өзү менен өзү гана болуп: «Эмне болор, арты эмнеге келип согор экен? Чыны менен эле мынабу элдин доорону бүткөнүбү?» — дегендей ойлор менен көз алдындагы тиричиликтин кызыгын айрыкча ырахаттанып, кызыгып карап отурган эле. Жанындагылары жакын айылдардагы агайын, коңшу, көңүлдөштөр. Бир эки карыя, кедейирээк жигиттер, айылдашы, ат үстүндө бирге жүрчү жолдоштору эле.
Карыянын бири — аласа бойлуу арык денелүү Жакшылык. Көп ичинде мунун да азамат болуп калган жалгыз баласы Жуматайды да солдатка алат деген кооп бар эле, Ошонун камын ойлоо менен үйүндөгү кемпири экөө жалгыз отурганда ыйлашып, жүдөп калышчу. Үйү, айлы соңку күндөрдө өзүнө жат, бөтөн сыяктуу болуп көрүнгөндөй, кайгы-убайым орногондой болуп сезилчү эле.
Ошондой болгондон бери топ ичине келип, Серикбайдай эл ишенген башчылардын жанында болуп, үмүттүү ишеним менен сүйлөгөндөй, көптү көрүп, кичине бой жазгандай болот. Кийинки күндөрдө күндүзү үйүндө отурбай, жанындагы айылдарга кыдырып кетип, жайлуу кабар угууга ынтызар болор эле. Серикбайдын жанына жана кечке жакын келген. Адетинче жаңылык, ийгиликтүү кабар барбы деп сураганда, бир калыптуу белгисиздиктен башка эч бир жубатарлык сөз угалбады. Аягында жымжырттык боюн сездендирип чочуткандай болгон соң, жанындагылар менен ар нерсени айтып аңгеме куруп отурду.
Карыянын жанындагы эки жигит ал сыяктуу эмес. Алар алда неге ишенимдүү, кайраттуу, демдүү сыяктуу отурган. Мунун бири Серикбайдын дайыма жанында жүрүүчү бышык, сөзмөр жигити Баймагамбет. Ал төмөнкү жакта обон созуп, дабырап, оргутуп сүйлөшүп бара жаткан жигиттерге карап:
— Мынакей, астыңкы айылдан шерне жеп кайтып баратышат. Бүгүн ушу Тегерек-Саздан отуз-кырк токту-козу желсе керек го?!
— Отузду айтасың, Көк-Дөбөнү кошсоң ушу Шырганак аймагынан элүү козу жөн эле желген чыгар,— деди экинчи жигит Өтө.
— Көп желди деп ушуну айтат бекен? Улукту талап, малын жесең, мынабу жердеги келгиндердин калаасын чапсаң, ошону айтат... өзүңдүн корооңдогу коюңду жейсиң да, көп желди дейсиң,. — Баймагамбет келекелеп койду
Казак-орусту чаппай эле ашыңды аман-эсен алып калчы, «бадырак, баатыр акеси сен тийбесең, мен тийбеймин» деп ушул ага сен тийбей, сага ал тийбей тынч турсаңар жетет да,— деп Жакшылык акырын күлгөн болду.
— Ал тынч койбой тие берсе кантесиң, карыя?.. Көнө бересиңби?
— Көнбөсөң, ошондо көнбө! Бирок казак-орусту чаппай эле өз үйүңдө отур да, өз башыңды аман алып кал.: Антемин, минтемин деген сөздү дегеле кулагым жактырбайт.
— Элдин мынабу жүргөн жигиттери андай дешпейт, Кармаша турган болсоң мыктап кармаш. Жөөлөшүп көрөбүз дейт.
Жөөлөшөрү барбы?!
— Э, жөөлөшпөй турган эмнеси бар?! — деп Өтө жиреп кетти. — Жөөлөшөрбүз. Антпесе, ушу эл ат-айгырын эмнеге жаратып минип жүрөт. Курал найзаларын эмнеге таптап жүрүшөт. Муну эмнеге жасап жатышат? Чарбаларын эмнеге эскерүүсүз талаага таштады? Ошонун баарын жөөлөшөмүн деп, чыдаймын деп жасап отурушпайбы?
— Куралың кайсы?! Мен билбеймин. Биздин Жуматай согуша турган куралым деп карагайдын башына учтуу темир кадап алыптыр. Найзабыз дейт. Мылтыгың кайда, кылычың кайда? Солдат сенин жаныңа келип берер, мага найзаңды сай деп.
Көпчүлүк унчукпайт... күймөлгөндөй телмиришет. Бирок Баймагамбет эртеден бери бул сөздү көп уккан, көп жигиттин буга каршы чыккан жообун да билчү.
— Согушка кетсе, бир эсеби табылар. Курал албайт, кайрат алат, бир-эки жолу жүрөгүн чайылтып чочутуп жиберсе, солдаттын өзү эле куралын таштай берет. Өз куралы менен өзүн кыйратабыз, ошондой эмеспи? — деп Өтөгө карап көзүн кысып күлүп койду.
— Ой, теңир ай, калың Албан түгөл жыйылып канат жайып каптаса, солдат өткөндөгү жармаңке башындагыдай бүжүрөп калат. Ушу аярланган сөздөн жек көргөнүм жок. Согушка чыкканда чал аттуунун бардыгын оолак жерге апарып, бир сайга камап таштоо керек,— деди эле отургандын баары күлүп калды.
— Согушуп жатат го тиякта кыргыз. Каракол айланасындагы улуктардын баары үрпүйүп, эси кетип, каңгып жатат дейт. Кыргыздан кембизби? — деп Серикбайга карады Баймагамбет. Бул сөздү бүгүн түштөн бери угулган бир шыбыштан улам айткан эле.
Тегерек-Сазга коңшу айылда күндүз шерне жеп, калың жыйын топтоп, күрөштүрүп, оодарыштырып, ойноп жатканда, жармаңке жагынан келген бир кызыл тебетей жигит тиякта кыргыз согуш баштаптыр деген кабар айткан.
— Кыргыз согушка куралы бар чыгар?! — деп азыраак үмүттөнгөндөй болуп Жакшылык Серикбайга карады.
— Анда да курал бар дейсиңби, бирок өжөр, кайраттуу, намыскөй эл. Баштаса баштагандыр. Ылайым ошондой болсун! — деди Серикбай.
Баятадан бери үндөбөй отурган Серикбайдын сөзгө киришкен аңгемечилердин башын көтөрткөндөй болду. Эл ортосунда эртели-кеч сүйлөнүп жаткан узун кулак кабардын баарын түгөл угуп, толук жыйып баарына тең элебей ишене бергич Өтө:
— Атаң гөрү, кыргыз бир баштаса, токтобойт. Албан-Бугу тизе кошо турган кезиң жетти, алар эрте баштан камданып жатат деген. Алардын ат, айгырын кармап, жигит аттууларынын топтолуп атка мингенине, найза-мылтык жыйганына көп болду деген.
— Ат минип, найза, союл кармоо менен оңдоло турган болсо, ушу Албан да тегиз ушуга киришиптир го... Каркыра айланасындагы элдин тынч отурганы жок дешет. Баарында тең бирден күлүк тапталып жатса керек. Узак баатыр Түнкатардын жылкысындагы не бир учкаяк аттарды дамелүү жигиттерге карматып мингизип жатат дейт,— деди баятадан унчукпай отурган кара чал Калдыбай.
— Э, өзүбүз ошону иштебей отурбайбызбы? Ушу Тегерек-Саздагы айылдарды азыр кечке маал аралап чыкчы. Күндүз-түнү желе менен катар мамылардан эч кимдин аты кетпейт. Баары тең алда нече таң ашып, ичин тартып чабууга жарап калыптыр. Не бир семиз багландардын эти казан-казан болуп куурулуп, капка салынып жатат. Жигит аттуунун дайын эмеси жок,— деп Баймагамбет ордунан обдулуп койду.
— Эгин-тегинге саламын деген жалгыз кула кашканы мен да байлап отурамын. Анын эмнеси бар экен! Ушу жолдон калган жан — жан, мал — мал, энесин... улукту жармаңкеден чыгарып алып Жаркентке чейин бир дыркыратса болоор эле. Албан баласынын жалгыз арманы ошол... мен эмнеге карап калайын... керек десе, Жансейит да таптаган эки атынын бирин Кунапияга бериптир. Ошондон кедей болуп калмакмынбы? Бул кесепет кезден аяй турган, аяна турган эчтекем жок... — деп Өтөбай да бир көтөрүлүп алды.
Баймагамбет Жансейиттин аты аталганда күлүп жиберди.
— Ал ит өзү менен өзү болбой, бүгүн мынабу Көк-Дөбөдө жүзгө жуук жигит жыйналды эле, өзүмдүкүн берип болдум, эми Албан жигиттеринин бири жөө болбосун, ат керек дегендер өзүмө келсин. Айла кетсе Осмон тилмечтин жылкысынан алсам да, ушунда жылкысы бардын баарынан ишенимдүү күлүктү таап беремин деп жар чакырып жүрөт,— деп отурган элдин баарын күлдүрдү.
Серикбай Осмонду айтканда калың элдин ичиндеги чириген жумуртканы, ишенимсиз жалгыз бузукуну эске алгандай болуп:
— Осмон тууганы эмеспи. Ал бир укса Жансейиттин сөзүн угат. Антпесе улукка артын такап жем издеген кузгун сыяктанып элди жакалап пайда издеп жүргөн Осмон эч кимге колунан ат бербес. Берсе ал Осмон болбос эле.
— Ал го жармаңке башынан чыкпайт. Албандын баары кырылган күндө, жалгыз башын ала качып кайра барып күн көрөм деп жүрөт ал?.. Орустун тескери жазуусун билдим деп, эл тилегинен, ата-баба жолунан безип кеткениби? Мунун эмне билгени бар?.. — деп Жакшылык Серикбайга карады. Серикбай:
— Эмне билгени бар дейсиң, жармаңкеден чыксам, бирөө жамандап коёт, элге кошулуп кетти деп улук жаман көрөт деп коңулга тыгылып отурат. Ага элдин кереги жок. Адбан болбосо, башканы барып да саай алат. Тигил Жебирбайдын баласы Албанды саап, ушу жайдын өзүндө короолуу кой жыйып алып отурбайбы? Башы бүтүн элди а3гырып, бөксө баштуу кылбасын дегиле...
— Баса, жеген жемин элден оолак алпарып жесе экен, Төрө деп, билет экен деп, аңкоо элдин ошондон акыл сурап жүргөнү да бар көрүнөт,— деди Баймагамбет.
— Эл болгондо кайсы эл дейсиң, өзүнүн туугансымагы Да барып жүргөн. Кечээ ошонун айылы Караколдо баланча жүз солдат бар, баланча замбирек бар, жармаңкеге баландай солдат алдырды Акжелке, мында азыр пулемёт да бар. Казак каршылык кылса кырылат. Акжелке бир ооз кабар берсе Жаркенттен баландай аскер каптап келгени олтурат. Эртең эле элдин жели чыгып, басылат. Ошондо башчы болгон кишилер жазасын тартат деп айтышат дейт, ошонун айылынын бир карыясы,— деди Өтө.
Ошондо жаза тартчу ким болот экен? — деп Жакшылык Өтөгө карады.
Кимди аяйт дейсиң, эч кимди ылгабайт.
— Мына, ушундай сөздү быкшытат алар, мунусу элдин жүрөгү чайылып, сестенсиң дегени го. Жазалаганда Узак сыяктууну, биз сыяктууну жазалайт го.
— Осмон айтты деп жазганган киши болсо, бара берсин. Ушу сөздү кечээ Абакирдин айлындагы бир жыйында да бир эмес, эки эмес, жанагы карыя кайта-кайта айта берген экен. Жансейит менен Абакир: «Осмонуң менен
кошуп акылыңды... Эми үнүңдү чыгарба?!» — деп чочутуп жибериптир, — деди Өтө. Серикбай:
— Жансейит андан жазгана турган эмес. Бүгүн Осмондун жылкысынан ат алып берсин дегенди ошондон кийин атайы айтып жүргөн көрүнөт.
Баса.
— Баса, антпесе болбойт. Жалгыз улук эмес, кытыгысына тийсе, эл да улуктан кем тийбей турганын сездирүү керек.
— Билбеймин, анткен менен ошол Осмонуңдун айылы элдин жыйыны болсун, тилек-батасы, курал-шайман жыйып камдануу жагынан болсун — баарынан тең боюн ала качып, четирээк турган көрүнөт,— деди Жакшылык.
Бул кабарды да Өтө уккан эле.
— Аның ырас. Ушу аймакта тиричиликти унутпаган жалгыз айыл ошолор. Кечээ эгин-тегинине киши чыгарып, уй көтөртүптүр дейт. Осмон: «курулай жээликкендерин койсун. Эгин-тегинин жыйноого киришсин» — деп жармаңке башынан катын-баласын жибериптир да, энеси менен агайын-туугандарына жанагыдай деп тапшырып жибериптир.
— «Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы». Өрттөнүп жаткан элдин кейпи бу, али да мал-мүлккө көзү тойбой, ойдон-кырдан шыпырып-сыйрып жаткан Осмондун кейпи тигил. Антпесе, беш жылда элдин алдына чыккан бай болобу? Антпесе, Осмон тилмеч болобу? — деп Серикбай күрсүнүп койду.
— Тиричилик демекчи, ушу айылдын эгини бышып, күбүлүүгө айланыптыр деген кабар келип жатат. Чөп болсо, ал да чабылбай жатат. Бул кандай күн болот?.. Эгиндин чыгышы мыкты эле. Кайран казына чачылып калганыбы, чиркин! Бирдеме кылып жарым-жартысын болсо да жыйдырып албадык,— деп Серикбайдын айылынын тиричилигин башкарып жүргөн агайыны Карачал убайым тартты.
Серикбай мунун кийинки күндөрдөгү ушу сыяктуу санаркоолорун көп угуп кажыгандай түрү бар эле. Ошондуктан 'кабагын чытып:
— Кой эми наалыбай, кой дегеним качан? Ушу элди ойноп жүрөт дейсиңби өзүң? Талаадагы эгин түгүл колдогу короолуу кой, үйүрлүү жылкыдан да безээрсиң, шашпай тура тур.
— Безип кеткенибизче бирдеме керек эмеспи? Түштүк өмүрүң болсо, күндүк мал жый деген... — дей берди эле:
— Күндүк малың бар болсун! Ушу колуңдагыга ээ болуп турсаң да болот. Ушу да жетет. Мага байлык керек эмес. Мен Осмон эмесмин. Дүнүйөкор кылгың келет го, мен эгин жыямын десем, эртең ушу элдин баары эгини менен чөбүнө кетет. Жана өзүң эмне уктуң, кулагыңдан агып кеттиби? Элдин бардык жигити ат минип, курал асынып күтүнүп жатат дегенди уккан жоксуңбу? Ошонун ичинде бирөө байлыгына, колунда бардыгына ишенип казынасын үйүп коюп отурат. Эр башына күн тууган деген ушул. Бул күндө баштын амандыгынан, элдин намысынан башканы тилейин деп отурган киши жок. Аттан, камдан, тиричиликти ташта, колдо барыңды ортого сал. Эртең ураан чакырылган күнү аталган жерге түгөл жыйыл. Чарбага, дүнүйөгө алаңдаба. Ушул өткөөлдөн өтпөй туруп тынчтык жок, мал, дүнүйө арам. Тобуңду жазба, чачыраба, күндүз-түнү дайын тур. Бир эркекти четке кетирбе! Бүгүн болбосо, эртең башталат деп, атайы ушул элге ушундай акыл берип отурган жокпузбу? Ошону айтып отуруп, мен тиричиликти ойлоп тыкандык кылсам, эл кантмек? Кимди кармайсың, андан кийин? Чакырганда ким даяр, болот? Буудайымды терип жүрдүм эле дейинби? Эмнени айтамын? Эмнени айтамын, Албан баласына.
— Э, башкалар тиричилигин ойлобой отурабы? Тигине, жибериптир го Осмон кишилерин!
— Осмон Албандын баласы бекен? Ал арам шыйрак. Ал. элден чыккан жат болуп кеткен. Ал Албандын арбагынан садага кетсин.
— Бир Осмондон башка тиричиликти ойлогон тирүү жан жок. Элдин баарынын тең эгин-тегини бышып турат. Бирок эч ким кыбыр эткен жок,— деди Баймагамбет.
Серикбай чал ачуулуу эле, анткени үйдөгү катын-калач да бүгүн Осмондун сөзүн угуп, бирдеме деп күбүрөп отурушкан.
— Мага Осмон кылган ишти үлгү кылба, сен. Осмон дүнүйө-мүлктүн кулу болсо, такыр кедей Жансейит эмне кылып отурат? Жалгыз атын эл керегине жарайт деген' жигитке мингизип отурат. Ошону ойло. Тигил Узак, тигил Жамаке эмне кылып отурат? Осмон сыяктуу эле мансап күтүп, улук боло турган Абакир эмне кылып отурат? Баары тең чарбасын суудай чачып, артыгын ортого салып жатышат. Сен үй десең, эртең керек кылса, ушу колумдагы аз жылкымдын бардыгын тең мен да ушу Тегерек-Саздын керек-жарагына, үлүшүнө беремин. Билдиңби? — деди.
Бул мезгилде төмөнкү жармаңке жактан чыгып, Серикбайдын айылын беттеп келе жаткан эки атчан дөң башында аңгемелешип отурган Серикбайларга карай бурулган эле.
Аттарын кара тер баскан жүргүнчүлөр буларга карай беттегенде эпкиндеп келе жатты. Бул кезде күн батып, күүгүм кирип калган. Айыл-айылдын дүрдүккөнү басаңдап, ар жерде кемегеде лапылдап жанган оттор гана көзгө айкындалып турган. Айылдын көп чуусунун ичинен кийинки убакытта үздүксүз үргөн иттердин үнү гана басаңдагандай, биресе күчүктүн үргөнү борсулдап, артынан чоң дөбөттөр, безилдеген ачуулуу канчыктардын үнү жабыла чыгып, айыл-айылдын бардыгын азан-казан кылгандай болгон.
Күн караңгылаган сайын иттер тобу милдетине туталана киришкендей. Өткөн-кеткендин бардыгына ызылдап үрүп, алыста көрүнгөн караан-сараан болсо, алдынан чыгып жол тороп, айылга келгенди айылга апкелип, өтүп бара жатканды өзү кууп жибергендей канжыгага асылып арсылдап узатып салып, айылдын эсендик, тынчтыгын өз моюндарына толук көтөрүп алгандай боло турган.
Эки аттуу Серикбайдын айылына жакындап келгенде алдынан тобу менен камап чыккан көп ит азыр булар дөбөнүн башына келгенге чейин уу-чуу этип, өзгө дабышты угузбай аймакты азан-казан кылды.
Атчандардын карааны, кебетелери оңойчулук менен таанылган жок караңгылыктан. Дөбөнүн этегине келгенде гана айыл жакка караган күмүш үзөңгүлөрү жарк-журк этип, эки аттын ээр-токуму бир-бирине шыңгыр-шыңгыр угулду. Бирөө жарашыктуу кийимчен, күмүш ээр-токумдуу узун бойлуу, экинчиси жанындагы аткошчусуна окшойт.
Бул Узак, Жамакеден Тегерек-Сазга кабар алып келе жаткан кабарчы Көкбай болучу. Жармаңке башында калың Албан жыйылып, Акжелкеге жооп бергенден бери карай эки жумадай убакыт өттү. Ошондон бери жайлоожайлоонун ар кайсынысында эр-азамат түгөл камданып, ат-шайманын дайындап, жеке-жеке даярдануудан башка, эл-элдин арасындагы катыш-кабарды да ирээттеп алган эле.
Күн сайын жармаңке башындагы улук иштеп жаткан кам-даярдык болсо, же болбосо четтен — Каракол, Жаркент жагынан угулган жаңылык болсо, баарын тең элдин ирдүү адамдары өз тегерегине жарыялоодон башка, тегеректеги Албан урууларынын бардыгына тең кабарчылардан жиберип, маалымдап отурушту. Ошондуктан эртели-кеч жаңылык кабарлар үзүлбөй, биринин артынан бири чыгып, каршы-терши кыдырып турган.
Албан уруусунун ичи түгөлү менен ушундай ирээттелип алгандан бери карай Узак, Жамаке, Турдукожо, Серикбайлардын айылдары күндө келген жаңылыктарды тарата турган штаб эсебинде болгон. Жалгыз муну менен тынбай, ар бир угулган кабарга карай он-чакты ирдүү кишилердин кеңеши болуп, өзгөлөргө аны иштетүү, муну иштетүү керек деген чечимдерин да жиберип турушкан.
Албандын калың ортосунда улукка тирек болуп, элге кастык кыламын десе, жардамы тие турган жери жармаңке болгондуктан элдин көзү Каркыра жайыгына көбүрөөк кадалгандай болуп, анын эмне иштеп, эмне ойлоп жатканын эл билүүгө, угууга тийиш. Акжелке али бардык жардамчы улуктары менен ошондо отурушат. Тегеректеги он чакты солдатты жыйып, казак-орус калааларынан аз-аздап астыртадан жигиттерден жыйып алып куралдандырып жаткандары да бар эле.
Ошондуктан Узак, Жамаке ушу жармаңкеге кулактарын көбүрөөк түрүп, анын ар бир козголушун аңдыгандай, тешиле карап, байкап, багып отурган. Бирок жармаңке башына барбайт. Андагы казактан калган тилмеч, окугандар болсо, бир ооз кабар алып бербейт. Эл козголушунан боюн оолак алып качышат. Ошондо да жармаңкенин ниетин билбей коюуга мүмкүн эмес. Каракол, Жаркент, Алма-Ата жагынан чыккан жаңылык болсо да ошондо келет.
Ушунун баарын эсептеп келип, аксакалдар кеңеши Жаркентке башынан өздөрү тилектеш болуп, ичтиртен кабар алып бере турган бирин-серин кишини издештирген. Ал киши да оңой эле табылган болчу. Ал — жармаңке башында туруучу өзбек соодагери Султанмурат деген эптүү, эстүү адам эле. Казак, кыргыздын падышага багытталган нааразылыгын ичинен бу да кубаттаган. Ошондуктан жармаңке башына туш-туштан келип жаткан жүргүнчүлөрдүн бардыгы менен аңгемелешип, керектүү кабарды мезгили менен толук алып, Узак, Жамакелерге такай жеткизип турган. Кийинки кезде жармаңке башындагы бирин-серин солдаттан аңгемечил, оозу бош тааныштардан таап алып, Акжелке жасап жаткан аракеттерден да аны-муну угуп турган. Мунун жыйган кабарын эл кишилери ар түрдүү амал менен ала турган болгон. Жалпы элдин жармаңке башына баруусу азайган соң, эми дайыма Султанмуратка келе бере турган бирди-жарым киши болсо, анын баскан-турган жүрүшү алакандай жармаңкеде алактап турган улуктардын көзүнө түшүп калышы оңой нерсе эле. Ушуну ойлоп Узак, Серикбай акылдашып туруп, Султанмураттан астыртан кабар алуу үчүн ар уруудан он-чакты киши чыгарган. Ар күнү булардын ар кайсысы келип кетет. Кээде экиден, үчтөн келет.
Кээ кезде, асыресе, кийинки убакыттарда алгачкы он киши бир-бир кирип чыккан соң дагы тыңыраак адамдарын жибере турган болгон. Булар беш-алтыдан да келет. Кээде шектенбегендей болсун деп, өгүз мингизип, жалгыз-жарым кедей-кембагалды да жиберет. Келгендердин баары айтылган тартип боюнча соода кыла келет. Ар күнү дүкөндөн ар түркүн майда-чүйдө буюм алат. Бирок бир кадак самын, же бир кесим чыт гана ала турган болсо да, шашпай кыдырып, соодалашып жүрө турган казак адетинин ушу кездерде пайдасы тийген. Алуучусу жок болуп каңгырап турган дүкөнчүлөргө аңгеме да керек. Ошондон улам дүкөндөрдү кыдырып жүрүп, Султанмуратка арналып жиберген кабарчы шек алдырбай келип шек алдырбай кайра кетет.
Бүгүн ошол адет менен жармеңке башына түштө жиберилген киши Үч-Күңгөй тоосунун боорундагы жайлоолорго чоң кабар алып келиптир. Ошону угаары менен Узак, Серикбайга ушу Көкбайды чаптырган. Аттан түшүп саламдашып, Серикбайдын жанына келип отурган соң Көкбай катуу жүрүп келип тердеп, думугуп кеткендиктен чоң кара тебетейин колуна алып, дароо сөзгө киришти.
— Бүгүн Султанмураттан кабар келди. Караколдон кабарчы келиптир. Бул жардык казак, кыргыз, уйгурдун бардыгын тең түгөл көтөргөн көрүнөт. Лепси, Талды-Коргондон бери карай казак көтөрүлүптүр. Жер оодарылабыз, көнбөйбүз, бербейбиз деп тегерегиндеги калааларга чабуул жасап, курал жыйнап, каршылашууга камданып жатат дейт. Аскер чыгып, согушуп калгандар да болсо керек. Андан бери Пишпек, Алма-Ата, Каракол айланасындагы элдер да көтөрүлүүгө баш койду. Кыргыздар казак-орус калааларына тегиз чабуул баштаптыр. Жызакта чоң каршылык болуп, калаанын үстү түгөл кыргын майдан дейт, уйгур менен кыргыз казактан озгон көрүнөт. Булар чапкан калаалар жетим-жесир болуп, өрттөлгөнү өрттөлүп, кырылганы кырылып, Пишпекке, Караколго, Токмокко чубап жатат дейт. Улуктун үрөйү учуптур. Кыргыз Пишпектен Караколго мылтык, жарак-жабдык алып келаткан солдаттын кербенин талап алыптыр. Ушул күндө бардык кыргыз мылтыкчан, куралчан дейт.
Сөз тыңшоочулардын Серикбайдан башка бардыгы Көкбайдын аңгемеси башталгандан эле сурөмөлөп:
Мына, мына, бали, бали, ээ!..
— Баракелде... баракелде... — деп ийигендей мекиренип, өбөктөп тыңшап отурган Өтө: — Айттым эле го, кыргыз ишти баштаптыр деп! «Атаң гөрү», бир баштаса алар токтобойт.
— Кыргыз эмес, уйгурлар да ошол жолго түшүптүр де?!
Эл болсон. уд!ундай бол... ой тилегиңди берсин,— деди Баймагамбет.
— Бул чын кабарбы өзү? Кабарды апкелген ким экен? — деп Көкбайга карады Серикбай.
Чын чыгаар... Анык болсо керек... — деп Өтө сөзгө аралашты.
— Чындыгы ушул, кыргыздын ирдүү кишилери Албандын карыяларына ушунун баарын жеткиз деп атайын кабар жибериптир, — деди Көкбай.
Башчысы ким? — деди.
— Башчысы Баатыркан, Кыдыр, Сооданбек. Азырынча кабарчылар ошолордун атын айтат. Ишке киришкен карапайым эл. Бир кыргыздын баласы моюн буруп калган жок. Баары тең ат үстүндө, жоо-жаракка түгөл кол коюшуптур. Жанагы кабарды бир гана Каркыра эмес Алма-Атага, Пишпекке, мынабу Асыга да жибериптир, кошулуп, камданып атка минишсин. Мурдагы айткан саламдары чын болсо, Узак, Жамаке, Серикбайлар эми тегеректеги калааларды эске алышсын. Куралданышсын. Жармаңкени кыйратсын деп айтыптыр дейт Улукту куусун дешиптир.
Баракелде, сөзүнө! Ой, тилегиңди берсин.
— Эркек мына ушулар экен го. Эми токтоло турган эмне калды? — деп Баймагамбет сабыры кетип сурданып, биресе жүгүнүп, биресе ыргалып, малдаш токунуп отуруп тыбырчылагандай болду.
Али да салмак менен сабырдуу сүйлөп, Көкбайдын кебете-кешпирине ойлоно карап отурган Серикбай:
Эми карыяларың эмне дейт?
— Карыялар «эми бул кабарды улук да укту. Улук мында отурбас, кетээр, бирок кетээринде бирин-серинди болсо да кармап кетпей тынч кетпес, эң оболу эл кишилери сактык кылышсын. Жигиттерине тегиз кабар берсин. Оболу айланадагы майда калааларды эске алабызбы, кандай кылабыз? Серикбай, Турдукожо, Абакир мында келсин. Кенешип алалык. Дагы бирер күн мынабу кабар аныкпы, учкайбы, дарегин толук билелик дешет.
Серикбай:
Курулай үйдө жатып дарегин күткөнчө, эми ошол кыргыздын ичине киши жиберүү керек го. Сөз байлашуу керек го,— деди.
— Аныңыз ырас. Ал жерде да баарыбыз ошону айтыштык. Ошону менен отуруп жана мени менен бирге Сооданбектер менен оозмо-ооз сүйлөшүп кайтуу үчүн үч киши аттанды. Канат жаялык, биригелик, тизе кошуп, ишти бир баштайлык деп, Асыга да киши жиберилди. Туш-тушка кетип жатышат,— деп Көкбай сөзүн бөлдү.
— Андай болсо, жарайт эми, Баймагамбет, сен ат камда. Биз Көкбай менен айыл жакка барып тамак ичелик. Өтө, сен азыр Абакир, Турдукожого, ушу тегеректеги айыл-айылдын бардык белгилүү кишилерине кабар кылгыла. Тургула эми. Кудай буюрса бирдеме болоор. Арбак жар болуп, оң сапарын берсин,— деди.
Айтканың келсин, кулунум. Кудай жолуңду берсин.
— Оо, оң сапар бере гөр. Райымбек атанын арбагы жар боло гөр,— деп эки чал кемшеңдеп көздөрүнө жаш алды. Кийинки кезде чарбачыл болуп жүрчү Карачал да мурдагы убайымдарын унутуп, элге кошулуп көтөрүлүп кызып алгандай эле.
Эки жигит Серикбайдын сөзүнөн кийин орундарынан ылдам туруп, кетүүгө камынган. Көкбай Өтөгө карап:
— Турдукожо, Абакирди да, Секең менен бирге карыялар чакырткан, алар да ошол жакка аттанышсын.
— Секең кетсе Абакир мында керек болуп жүрбөсүн, бирөө калганы туура го? — деп Баймагамбет отургандарга карады.
— Абакир мындагыны ирээттесин. Эми иштер илгерилөөгө баштанды го. Кабарды да, иши да эми биринин үстүнө бири кошула берет чыгаар. Баарыбыз кетип калсак мындагы эл карбаластап калар, бирин-серин башчы кишилер эл ортосунда кала турсун,— деди Серикбай
Эч ким каршы сөз айткан жок. «Макул, макул, ошондой-ошондой» дешти. Ошол түнү эле эл жатканча Көкбайдын кабары Шырганактын боорун жел менен кошо жортуп, кыдыракей жар салып, тегеренип чыкты. Катын-балага чейин айт күнүндөй сергек, маанайы жарык, нөшөрлүү добул алдындагы куюндаган шамалдын илеби менен желпилдеген түндүктөй, жайлоо-жайлоонун баарындагы кары-жаш, эркек-ургаачы дебей бой сергитип кайраттангандай болду.
Бул түндө таң атканча үздүксүз чабагандап, иттер үрүп, айыл-айылдын арасында шатыратып чабышкан атчандар, тамашалуу шаттык аралашкан күлкү, дабыраган нечен түрлүү добуштар эркек, ургаачынын созолонткон обондору, кызыктуу оюн-шоогу жайлоо түнүн топураган той күнүнө оолаштырып жибергендей болду. Түндүгүн жаап, отун өчүрүп жаткан айыл жокко эсе. Аймак-аймактын баарында жалпылдап жанган оттор. Асылып жаткан казан-казан эт. Түн асманына ойноп учуп жаткан от учкундары — баары тең казактын баласын колтугунан көтөрүп алып учуп, алда неге жүр-жүрлөп тургандай болду.
Бул маанай бир чырганактын боору эмес, жыты Албандын бардык көк шиберлүү, карагайлуу, суусу мол жайлоолоруна түгөл жайылган маанай болучу. Ушу түндө жолдогу элдин нечен түркүн тил менен алда нече түргө түшүп уйкусуз түн өткөрүп дабырттап, чуулдап, балача балдырлап бой жасап жаткан тиричилигин көрүп отуруп, I таң атканда Серикбай, Турдукожолор Узак, Жамаке менен убадалашкан жерге жетишкен эле.
Бийик тескейдеги көп ак үйлүү маңкайган айыл, короо толгон кой менен, жанындагы кишенделүү, аркандалуу көптөгөн сулуу сайкүлүктөрү менен, өз-өзүнө ишенгендей маанайда экен. Ыраазылык, токчулук кебетесин көрсөтүп, чердейип, көзүн жумуп тынчтык алып каалгып тургандай. Мында да жаздын түнүн уйкусуз өткөргөн эл таң аппак болуп атканда көз илиндирип алмак болуп, жаңы гана тынчтыкка бой бериптир.
Айылда кара койчудан башка туруп жүргөн сергек жан көрүнбөйт. Түнү бою тыным албай жол жүрүп чарчаңкырап келген жүргүнчүлөр элди ойготпой, эл турганча биз аз тыныгып алмак болуп, ортодогу чоң үйгө кирип жатып калышты.
Улуу шашке ченде Серикбай ойгонгондо башка элдин баары турган экен. Төр айланасында Жамаке, Узак сыяктуу сакалдуулар отурат. Оболу ошолорду көрүп салам берип, башын көтөрүп алды. Айланада тегерете отурган ылгый кара тебетейчен кары-жаштын баары тең бакылдап демигип сүйлөшөт. Алдыларына кымыз да келип калган экен.
Жанында отурган Турдукожо өзгөчө желденип омуроолоп, көөдөктөнүп:
— Тур, тур эмнеге жатабыз! Оболу сүйүнчүмдү бер,— деп келип Серикбайдын башындагы топусун жулуп алды.
— Эй, эмне кеп эле?! Эмне айтайын дедиң эле? — Асыдагы кызыл тебетейлер көтөрүлүптүр, кабарчы келип отурат. Тизме аламын деп келген улукту бардык солдаты менен кырып-жоюп салышыптыр. ..
— Ыраспы? Чын айтабы?! — деп Жамакеге карады... бардык үй ичиндеги улуу-кичүүнүн жүзүндө толук ыраазылык менен жымыйган кубаныч бар.
Ырас айтат, Асынын кызыл бөркү сенден озду,— деп Жамаке кары жүзү катмар-катмар болуп жыйрылып, акырын күлдү да: — Алды-артын байкайлык деп жатып элдин эң артында биз кала турган болдук. Улук эсин жыйганча камынтпастан, үстү-үстүнө сокку берип жибере турган кез келди... Мынабу ашыңды ич, кеңешелик,— деди.
VI
Кечээ күнү Асыда мурун Ала-Тоо айдыңы көрбөгөн чоң окуянын болгону ырас болучу. Бул жайлоонун калың эли Албандын чоң урууларынын бири Кызыл бөрк болучу. Мындан башка этек-жеңин жулдуруп төргө качып чыккан жөө кишидей, тоо этегинде жайлоо күзөтүнөн айрылып, казак-оруска берип тоо жакалап, карагай кесип, Асыга келип жер жыттап отурган Алма-Ата уездинин Жанышы, Каңлысы, дагы башка ар уруудан жыйналган кодура курама эл боло турган.
Асы — Ала-Тоонун кыр аркасынан оюп алган аштоодой, узун кең жашыл аймак. Төшүн жогору берип, керилип суйкайып турган сулуунун оң ийнин жапкан калың кара тармал чачтай болуп, Асынын оң жагын карагайлуу тоолор басат. Аймактын боюнда көк жээк болуп аккан Асы суусуна айланадагы катмарлуу калың улуу бийик, кыртыш-кыртыш узун адырлардан салаа-салаа болуп тунук булак, мөлтүр көк суулар шаркырайт.
Жардын күн чыгышы ийрилип бүткөн узун адырлар. Ошонун этегине чейин туташ жайылган кең жашыл жайык, улуу колтук сыяктуу. Жайыктын бети кара курттай кайнаган төрт түлүк мал. Ийин тирешкендей жылга-жылга болуп тарамдалып, бой жасап жаткан казак дүнүйөсү — жайлоо малы канатын жазып, көк жайыкты каптай басып, эреркеп доорон сүрөт. Көк-жашыл талаага төгүп койгон жасалгадай айлананы жандандырып, жашартып тургандай. Демейде эле толук турган дүнүйөгө көрк бергендей. Калың эл жайлата жайласа да аймак кызыгынан, жашыл төрүнөн, жаштыгынан айрылган жок. Күтүрөгөн калың малдын ортосунда камыштуу айдың көлдүн аралыгындагы каз, өрдөктүн жумурткаларындай болуп, бөлөк-бөлөк уя сыяктуу ийрилип, тегеректелген сансыз көп аппак айылдар. Жайлоонун бүткүл тиричилиги көз алдында, тай казанда кайнаган суудай болуп, каршы-терши козголушуп, жандуу тиричилик күнү кайнайт.
Мезгил августтун башы болгондуктан, Асынын түнү салкындап, күзгү жааны көбөйө баштаган эле. Бүгүн да түшкө чейин асманды сургулт туман басып келип, бир далай убакыт жаан жааган. Азыр чаңкай түш болгондо калың булуттун бардыгы жыртылып айрылып, туш-тушка жайылып көчүп кетип жаткан.
Жуулуп тазаргандай ачылып, көк мөлтүр болуп турган асмандан Асы аймагына жайнаган жарык күндүн шооласы да түшкөн эле. Бирок дал ушул кез аштоодой Асы жайлоосунун булут арасында тургандай, качанкы бир конушундай кылып көрсөтө турган. Анткени, айланадагы катмарлуу, калың карагайлуу кара тоолордон ак сур туман али кеткен жок. Ала-Тоонун башына чөгүп өткөн, түнөп өткөн кара кочкул коюу сур булуттун төмөндөп учкан жартысы карагайга, жарташка жабышып, жайыла каптай үйүлүп, үйрүлүп турат. Жалкоотай болуп акырын каалгыган ак туман Асы айланасындагы тоолорго чубатылган селдедей оролуп, буралып жүрөт.
Бийик тоо менен дал кошулган жери коюуланып, кочкулданып кетет. Кыйналып, өрттөнүп кошулгандай, карагайлуу бийик чокунун башы туман ичинде түркүн түстүү сулуу, закымдуу кезине маашыркап, булуттуу кабагын чытыган сыяктанат. Оордук менен, азап менен эмес, көңүлдүн жайлуу, ырахаттуу, тынчтыгы менен эреркеп чытыган сыяктуу. Тумандуу асман кубантып калкыткандай. Закымдуу кыял булуттуу, салмак менен кош-кошун айтып, жогору көтөрүлүп, тоонун башынан ашып барат.
Жайыктын үстүндө кең асманда кезек-кезек мамыктай болуп ак булуттар кыдырат. Көк-жашыл талааларда, кичинекей дөңдөрдө айыл, мал үстүндө момундук белгисиндей болуп ак булуттун жеңил, жайлуу көлөкөсү түтүндөй, буудай төңкөрүлүп, сызылып өтөт. Бозомтук аба менен жаркыраган жарык оошот. Адам оюндагы өкүнүчтүү элес менен күнчубактуу кызыктуу ырахат саатынын оолашканы сыяктуу, армандуу кечээги ысык күндөр менен күдүктүү, күптүү бүгүнкүнүн оолашканы сыяктуу.
Кечээ Асыга Алма-Атадан чыккан көп аскер келген. Ичиндеги башчысы, уезд жардамчысы Хлыновский бул Асыдагы Кызыл бөрктүн сыр бербегендей томого туюк нааразылыгын сезгендей. Алдында болуш, тилмеч аркылуу угулуп жаткан жайсыз кабар бар эле. Анын үстүнө Жаркентке караган Албан жармаңке башына жыйылып, «бербейбиз» деген жоопту айтыптыр. Күңгөйдөгү кыргыз да алай-дүлөй болуп жатат. Ала-Тоонун коюн-колтугунун, ой-кырлардын бардыгы ийин тирешкен карагайдай болуп, биригип туташкан каршылык белгисин билдирип турган кез. Бир Асы гана эмес, Алма-Ата, Пишпек, Жаркент, Каракол, Лепси, Талды-Коргон — бардыгы тең өрттөнгөнү дайындалып күтүнүп турушат.
Алма-Ата улугу бул жайды жакшы билүүчү. Ошондуктан казак ортосуна көп чыгып, катаалдык менен атагы жайылган Хлыновскийди атайы чыгарган. Жанында тогуз солдаты бар, бир нече майда чиновниктеринен ондон аша киши эле. Бирок Асыга атайылап келген жумушу — адамдардын тизмесин алуу. Элдин аябай аңдып, багып отурган дарттуу маселеси. Туңгуюк жаранын үстүнө кирип, табыптын кандуу макисиндей, элдин тынчын кетирип, туйлатып турган маселе.
Бул маанайды мурунтан күтсө да, кечээ Асыга келгенден бери улук биротоло сезген, эл кабагы карыш жабылган, суук көз менен карайт. Улуктарга арналган үйдү да болуштар араң дегенде апкелип тиккен. Союш, жасалга-жабдыктарды да араң берген.
Демейде кайпаңдап жүрүүчү болуш, кандидат, старчындардын да маанайы түшүп, кур сүлдөрү жүргөн сыяктуу. Өздөрүнө арналып тапшырылган жумушту чама келгенче башкага жүктөгүсү келет. Орусча билбеген бор кемик, жоон курсак болуш кайта-кайта улукка келип:
— Таксыр, элдин жайын билбеймин. Жалгыз биздин колубуздан иш аткаруу кыйын болуп турат. Ушул элдин Дөөлөтбак, Жылкыбай сыяктуу карыялары бар, ошолорду жаныңызга чакырып алсаңыз кантет? — деп алда нече ирет айткан.
Улук башында болушту жер-жеберине жеткире зиркилдеп, урушуп, кууп чыкса да, көзүн алайтып, жер тепкилеп чамынса да, кээ бир старчынды боз үйгө каматып, арес кылып койсо да аягында болуш сөзүнө эрксиз көнгөн да:
— Ошолорду чакырып кел. Жаныбызда болсун,— деген. Бүгүн таң аткандан бери Дөөлөтбак, Жылкыбай жанына ээрчите келген көп карыялары, жоон семиз байлары, кызыл бөрктүн ирдүү кишилери менен улуктун жанында болушту.
Элдин кабагын астыртан сезип байкап алган улук өздөрүнүн калаадан чыккан тобун азсынып, анын күчүнө анык ишене албай эртеден бери жаанга, ылайга карабай Асынын тегерегине жыйып жаткан. Келгендердин ичинде көпчүлүгү санакчы, бир катары сот, приставалардын жиберген стражниги, дагы башка ошолор сыяктуу ар түрдүү жумуш менен жүргөн бирин-серин селсаяк кишилер болучу. Жыйында жыйырма чакты адам болду. Казак жыйынында мурунку убакыт болсо чоң топ сыяктуу көрүнөөр эле. Топтолуп келген беш солдат болсо да элди үрпүйтүп, чогуусу менен чочутуп-үркүтүүгө жарай турган. Бүгүн жыйырмадай курал асынган адам айланасына келген соң, ороңдогон улук кежектеп, кейректей басып, эл кишилерин чочутуп кагажытууга киришти. Бирин-серин чабарман старчынды өз колу менен сабап жиберип болуш, бий карыяларды боюн жаздырбай айкырып, ныгырып, бет каратпай жазгандырып турду.
«Түш ченде Сөгөтү болушунан жумушка алына турган ; жигиттердин тизмеси тизилмек. Улук келип ныгырып, тизме алганы жатты. Элдин болуш, бийин, карыясын жыйып алыптыр. Тизмени бергени жатат. Тилмеч тизмени улукка алпармак. Дөөлөтбак, Жылкыбайлар унчукпай отурушат. Моюн сунуп калышыптыр. Улук чочутуп, атайы жазгандырганынан заарданып турган көрүнөт» — деген кабарлар Асы аймагындагы бардык элге жаандан кийинки күркүрөгөн күндүн добушундай болуп дароо тарады. Эл дүр этип кабарлашып- камданып бир айылдан бир айылга аттуу-жөөлүү болуп чубуруп, ар жерге калың-калың топтор жыйналып калды.
— Кокуй, балдарды алып кеткени калыптыр.
— Солдат каптап кетиптир.
— Дөөлөтбак, Жылкыбайларды кыстап жатат дейт! — Азаматтардын кеткени го эми. Эл башына күн тууганы го?
— Кайда бул элдин эркеги? — деген сөздөр кары-жаш, улуу-кичүүнүн оозунда чалкып жанган өрттөй болуп жалындап кетти.
— Оо, кудай, оо арбак! — деген катындардын добуштары да чыкты. Ар жерге топтолуп жыйылган жыйын бир тууган жеринде чыдам таппай экинчи жыйынга келип кошулуп, андан үчүнчүгө карай жөө-жалаңдап чубап, жогору карай лакылдап каптап келе жатты.
— Жүргүлө, эмне турабыз?
— Ушундан келгенди көрөлүк. Далай элди ыйлаткан кандай экен, билсин.
— Кайда мунун болушу, старчыны кайда?!
— Карыялар эмнеге алардын жанында отурушат?..
— Баса, ошону айтсаңчы. Ала бер өзүң деп, эмнеге мындай чыга бербейт!
— Эр-азаматтар кайда?! Эмнеге аттарына минбейт, эч болбосо, айдыңын эмне көрсөтпөйт? !
— Булардын жүрөгүң чайылтуу керек эле. Эч болбосо, алгачкы жолу бетин кайтарып, тизмени бербей жиберүү керек,— дешкен топ ичинен нечен түрдүү сөздөрү тыным албай кобур-собур чыгып, көпчүлүктүн кызуусун арттырып келе жатты.
— «Эр-азаматтар кайда» деген сөзгө жооп айткыч да табылды. Бул алдынкы кеткен топторго жаңы гана энтигип жеткен жөө жүргөн койчу чал болучу.
— Кызыл бөрктүн союл кармоого жараган азаматы жана эле тегиз аттанып, мынабу Жоордун ашуусуна карай беттеп, карагайга кирди.
Койчу, ыраспы?
— Кай жерге жыйылды? Качан өттү? Эмне болуп көрбөй калдык?
— Жана бир калың топ тигил тарапка кеткен эле, жылкыбы дедим эле. Алардын кеткени ырас болсо керек.
Ой, тилегиңерди берсин. Алган беттеринен жалгасын.
Э-э, арбак колдой гөр. Э-э, Райымбек ата!
— О, кудай, эр-азаматты сактай көр, балдардын алы эмне болот? Көргөн күндөрү эмне болот? Жалгызым,— деп кедей кемпир ыйлады.
Көзүнүн жашы кетип, жалынып жүргөн картаң байбиче, кыз-келинге чейин жаштарын сүртүп, кызарган жаштуу көз менен улукка тигилген үйлөргө жалтак-жалтак карашты.
Ой, ким баштап кетти, канча жигит,— дешип кайта сурады.
Баса ким баштады?? Бул кай убакытта жыйналып калды?
— Ырас эле, мурунтан сүйлөшкөн сөздөрү, жыйындары жок туруп эле эмне кылып дайын боло калды?
Дайын болбой, ушу кордукка ким карап отурат? Башыңа күн түшпөй турган чыгар.
Ооба, башыңа күн түшсө, заматта сүттөй үйрүлөрсүң, Албандын баласы.
Кабарчы чал көптүн алдына чыгып, таягына сүйөнүп знтигип туруп:
— Улук тизмени алгызды деп кабар чыгышы менен эл артка жүгүрүшкөн жокпу? Айылдан айылга топтолуп күймөлүп жыйылган топтор бир сааттын арасында эки-үч жүз киши болуп калды. Колдоруна мылтык таап алгандары бар.
Ооба, мылтыгы бар жигиттер бар го...
Табылат, табылат ээ!
— Мылтыктары аз эле, бирок баарында тең союл, чокмор бар. Жыйылып алган соң кайда, кайда барабыз дешкенде, кызыл Ыбырай: «Жүр, артымдан ээрчи, мынабу токойду кесип өтүп, дал ошол улукка тиккен үйдүн желкесинен чыгабыз. Андан соң тизмени чыны менен ала турган болсо, көрө жатабыз» — деп ошол баштап кетти. Жигит аттуулар баары ошону коштоп, арбак көтөрүп чаап жөнөштү. Арттарынан да агылып кетип жатты. Биздин Матай да кунанына минип кетти.
Бул алдыңкы топ эле. Аңгеме тыңдап отурганда, арттарынан келе жаткан дагы бир нече топтор келип кошулду. Арткылар чалдын аңгемесин көздөрү менен көргөн экен, толук ырастады.
Эл тегиз Ыбырайдын атын хан көтөрдү.

#5 21 May 2017 - 12:08
Арбагыңдан айланайын-ай.
Баса эр башына күн тууганда, ошондой бир жигердүү жан неге чыкпасын.
Ыбырай калмакты, кытайды, кыргыз, казакты да түгөл көргөн.
Ал согуштун да жөнүн билет...
Оо, албы?!.. Ал билет.
— Эрдин, азаматтын заманы бузук заман болуп турат го. Антпесе, ал чын баатыр эмеспи.
-— Баатыры баатыр, денесин көрбөйсүңбү?
— Карасоюлга келгенде жалгыз өзү так беш кишиге төтөп берүүчү эле! Иши кылып жолу ачылсын!..
Сапары оң болсун.
Жигиттердин тобун баштап ээрчитип кеткен Ыбырай экени ырас эле. Ал кең далылуу, зор, жоон кызыл жигит боло турган. Жашы отуздун ичине келген, кылдай катуу, бургудай кара муруту, чокчо сакалы бар эр жигит эле. Кызыл тебетей ичинен өзүнө шайлап он чакты мыкты жигитти ээрчитип алып, калмактан, кыргыздан, айланадагы казактан үйүр-үйүр жылкы тийип, биринен бирине өткөзүп ылайым ат үстүндө жүрө турган.
Атагы чыккан эр, өжөр, кыраакы, сергек ууру эле. Кийинки кезде качыбыраак да жүрдү. Өзүнүн да, жолдошторунун да бардаңке мылтыгы, алты атары, айбалта, найзалары дайын боло турган.
Таң эртеңки айыл-айылдан чубуруп жаткан топ өз айылынын үстүнө келгенде бул жанындагы он, он беш жигити менен ылгый жараган сайкүлүктөргө минип, кылжелектүү найзаны көтөрүп чаап келип:
— Жүргүлө менин артымдан. Бүгүнкү күндөн калган жан — жан, мал — мал. Кырк жыл кыргын болсо да ажалдуу өлөт. Уезд болмок түгүл, жандаралы болсо да көрүп алайын. Тек тизмеге кол койсун. Ошондо оюнду баштайбыз. Жүр, эмнеге турасың,— деп тоого карай калың топту чубуртуп чаап жөнөгөн. Азыркы убакытта булар тигил Жоордун төмөнкү кара чатына кирип алып бой жашырган соң, арткы элдин бардыгына кабар жиберип жыйгызып алып, ошол арага туруп, тегиз жыйылган жыйынга бир аз кызуу сүйлөп ишенимдүү сөздөр айткан. Ошондон кийин артынан чуулдап, кубанып ээрчиген бир нече жүз жигитти баштап алып, алдына өзү түшүп, калың карагайдын бир кабат ичи менен тоо кыялап, биресе кырга чыгып, биресе терең чат, сайларга түшүп кетип, улуктардын кыр желкесине жакын беттен агылып каптап келе жатты.
Ошентип бир сааттай жол жүргөн соң Ыбырай баштаган кол жар таштуу чаттын жайыкка чыга турган оозуна жакындап келгенде, Ыбырай жигиттерин бир буйгат колтукка ийирип токтотуп таштап, өзү жанына бир жолдош алып карагай ичин аралап этекке карай куюлуп чаап кетти.
Тиккен үйлөрдүн дал желкесинде капка сыяктанып бүткөн кош жар таш бар эле. Ошого келгенде аттан түшүп, ойдогу жыйынга серепчилеп карап отурду, белги күтту. Деми дирилдеп, муруту түктүйүп сурданып, качырып кирчү мезгилин күттү.
Корум таштын башынан томогосун тарткандай ойдогу кыймылды кирпик какпай кадалып карап: «Түлкүнүн кызыл жону качан булаң этет» — деп телмирип күткөн ач кыраандай болуп, ойдогу улукту азыр алып түшө турган жеми сыяктуу аңдып карап отурду. Оюнда ашыктырган кызуулук бар. Бул күнгө чейин ызага батырып, зыгырын кайнатып келген душманына эми тишин кайрап, кызыккандай өчүккөндүк бар.
Артында тиленип жалангандай болуп уурданып туруп, чыдамы кеткен көп жигити турат. Алар корум таштан кача турган олжону тоого чыгарбай, жайыкка түшүрүп алып кеткени көөкөрдөй куюла турган алгыр өңдүү, оозу кандуу кумайык сыяктуу.
Көптү билген кары аңчы кача турган бетти мурдатан болжоп алып, ошол өрүштү алды менен келип өзү алып, эми өңүттөп багып ажалдуу кийикке сугун кадап отурганга окшоду.
Бул кезде Хлыновский айланада болуп жаткан абалды эскербей, кенебегендей болуп, алдындагы каршылыгы жок болуш, старчындар менен момун карыялардын тобуна заарын чачып, каарданып, сес көрсөтүп турган. Аз болсо да айтканы аткарылганга окшоп, эл кишилери жыйналып, каршы алдында муңайым кебете менен унчукпай отурушат. Тизмеге киши кетти. Ал эски тизме, эч нерсеси анык эмес, чала, чатак тизме. Эми ошого карап, старчындын ичиндеги жигиттердин толук санын алып, азыр эле тизме түзүшмөк.
Хлыновский Асыга келип, өз колу менен тизме түздүрүүсүнө Алма-Ата улугу саясий маани берген. Эл алгачкы кезде уюлгуп үркөт. Ошол үркүү үстүндө бирине-бири малча сүйкөнүшүп барып, аягында жалпак канатын жайып, туташкан каршылыкка бет коюп кетүүгө болот. Ошондуктан үйүгүшүп, эмне кыларын билбей, далдырап турган чагында чоң калаадан атактуу улуктан ар жерге бир нече киши, курал асынган солдат менен чыгып, топту сестентип отуруп, өз колу менен тизме тизип жиберсе, анын артынан эл жалтактап, чочулап келип, аягында каамытка башын киргизет. Жалгыз эле алгачкы далдырап аңырайып калган кезин кетирбей, ишти тез бүтүрүү керек. Ошол убакытта эң алгачкы дүрдүккөн топту кол менен жетелеп алып кетсе, калганы артынан өзү да умтулуп чубай берет. Алдыңкыны көрүп, шумдук эмес экенин сезет.
Экинчи өзгө элге: «Асыдагы Кызыл бөрк көндү, эчтекеси кеткен жок. Эл болсо, ошондой болсун» — деп жалган кабар таратуу да керек. Хлыновский Асыга келгендеги максаты ушул. Ушуну эр башына келе турган милдет деп .түшүнгөн, кул сыяктуу жоон моюн тоңкулдак төрө жыйылган эл кишилеринин: «Азыр айтабыз, сүйлөшүп көрөбүз» — деген сөздөрүнүн бир да бирин тетири бастырбай, тизмеден башка бир ооз сөздү сүйлөтпөй ийирип турду.
Бул абал таң эртеден бери тизме келгенче болгон эле.
Дөөлөтбак, Жылкыбай менен келген эл кишилери болуштан, старчындан үмүт кылганды алда качан унутса да, соңку убакытка чейин эч болбосо Дөөлөтбак менен Жылкыбай бирдемени айтаар деп үмүт кылган. Ошолорго кайта-кайта жалтакташып:
Ушу тил катпай өлөбүзбү?
Баса бирдеме деп эмнеге башташпайт? !
— Дөкө, элдин жайын көрүп отурасың. Томого туюк тизме берип, бир ооз айтпай кайтканда элге кайсы бетибиз менен карайбыз?
— Сөзүңдү укканы отурабы? Ныгырып турганын көрбөйсүңбү? Эмне дейт,— деп Жылкыбай Дөөлөтбак үчүн жооп берип, жанындагы элдин күңкүлүн жактырбады. Бирок өз көңүлүндө да мынабу сыяктуу болуп жаткан калың нааразылык бар эле. Ал ичинен: «Тизме алса алар, каршылашабыз деп ушу карган башыбыз менен түрмөгө түшөлүкпү? Эл жигит жыйноого келгенде өз акылы табар. Кимди кармап алар экен көрөмүн» — деп ичинен гана эрегишип, сыртынан улукка каршылашпай, унчукпай отурган.
Дөөлөтбак Жылкыбайга ушу сыяктуу сөздү айтса да, улуктун өзүнө карап сүйлөгөн сөздөрүнө жалпаңдап, ылдамыраак жооп берип, тизме алуу гана эмес, жигит алууга да ошончолук күйшөлө койбой турган сыяктуу.
Ошентип отурганда улук тилмечти тизмеге жиберген. Буга чейин эки карыяга карап камалып отурган эл кишилери:
Бул эмне өзү?
Бул күндү итке берсин.
— Биз ушунда эмнеге отурабыз?! — дешип, күбүр-шыбыр этип, нааразы болгон жүз менен томсорушуп таңкалгандай болуп, бир-бирине кайта-кайта карашты. Баарын тең Дөөлөтбактын унчукпай отурган отурушу бөгөөт болгондой, ошол кыйнагандай болду.
Бул жыйында эл кишилерине бир ооз сөз айтпай, сырты момун болуп унчукпай отурса да өзүнүн, эмне кыла турганын анык билип отурган Дөөлөтбак карыя эле. Ал Алма-Ата уездине караган кызыл бөрктү көп замандан бери оозуна каратып, бийлеп келе жаткан жоон, мыкты карыя боло турган.
Ата-бабасынан бери карай ушул өндүрдүн элин бийлеп, төштөп келген жоондук беделинен башка, мунун айылы бардык Албан ичиндеги эң бай, эң көп айыл болучу.
Асынын түштүк жагында ичке өзөндүн айдыңында капкара чуңкурдай болуп көк туманга оронуп, ийин тирешкен калың карагайлуу аймак бар. Ошол чакан талаа аймагы Дөөлөтбактын атасы Деркенбайдын ата конуш мекени болгон. Кызыл бөрккө караган чүйгүн конуштун эң кыртыштуу жери ошол эле. Малга жайлуу мыкты жер.
Ошол аймактын өнө бою — тоо, талаасында калың карагай, көк өзөн, чалкыган дарыясы бар дегендей — ушунун бардыгы тең Деркенбай, Дөөлөтбактын нечен миңдеген жылкысына, алда нече миң кой, ири карасына толуп чымчып буугандай болуп, ширелип, быгып, толукшуп турган. Тукуму өскөн бир атанын балдары бул күндө үч жүзгө жакын жан болгон. Ошол үч жүз жандын энеси кары байбиченин али да көзү тирүү эле.
Ушу сыяктуу мал менен башынын байлыгы кызыл бөрк кчинен Дөөлөтбактып атын кыдыр даарыган байдын атындай атандырчу. Төрт түлүгү шай болугиголуп турган бул турмуш аны өзгөлөргө касиеттүү кишидей көрсөтө турган. Ошондуктан ак дегени алкыш, кара дегени каргыш болуп турган замандар болгон.
Ошол Дөөлөтбак бүгүнкүгө чейин артынан ээрчип келген эл кишилерин унчукпай отуруп улук алдына оодарып, жыгып бермек ниетте эле. Ошондуктан кыбыр этпей кебелбей, улукка жабыша түшүп, атайы жым-жырт болуп отурган. Башында, алгачкы жигит алат деген шобурат чыкканда, бул да көп менен бирге «бербеген туура» деген сөзгө чыгып калгандай болгон.
Дал ошол кезде калаадан уулу келген. Ошол чала-була орусча окуган, кийинки кезде соодагер болуп учу-кыйыры жок мал таап, айылды, дүнүйөнү бийлей баштаган. Калаада кээ бир улуктар менен тааныш, тамыр да болгон. Ошонун эмдүү чоң эпкини атасынын алгачкы сөзүн токтотуп, «тек жүрсөң, ток жүрөсүң, бай болосуң» деген кепке келтирген.
Ошону менен улукка да, элге да бир ооз сөз айтпоого сөз байлашкан. Чындап кысмакка алып кетсе, улук жакка чыгуу керек. Казак бекерге кыргын болот. Мал, дүнүйө чачылат, эптеп баш калкалап турууну туура табышкан.
Ошентип, адетте элге ар бир чоң иштин кезинде бирдеме айтып отурчу өнөкөтү бар Дөөлөтбак унчукпаган соң, өзгө кызыл бөрктөр баш бириктирип камкордук көрбөй, сөз байлабай, айланасы менен катнаш да жасабай тымып калышкан. Бүгүнкү кабардын Асы элин башына чагылгандын огу түшкөндөй үркүтүп чочулатканы ушундайдын салдарынан болучу.
Дөөлөтбак унчукпаган калыбында отура берди. Маңдайындагы элдин чыдамы түгөнүп келип, аягында:
Минтип отурганча кетелик.
Кой, кетелик. Эми эмне кылса, улук өз билгенин кылсын.
— Ырас, эмне кылса да, бизге кылсын. Элге кайсы бетибиз менен карайбыз? — дешип, ушу чечимге тегиз келип калганда, тизмени чабарманга көтөртүп, тилмеч кирип келди.
Ушу эң акыркы камчы сыяктуу болуп Дөөлөтбак, Жылкыбайдын тегерегинде отурган Кызыл тебетейдин баары бирдей:
Ал тургула.
— Тур, тургула... — дешти да, ыргып турушуп, улуктун, солдаттын кыжыңдап, ана-мына дешкендерине карабастан, оң жактагы кичине белес астындагы коңшу айылга карай чубуруп, топтолуп жөнөштү. Солдаттар айкырып, кыйкыргандай болду эле:
— Биз болуш, старчын эмеспиз, эл кишиси болсо тигил карыялар бар,— деп бир-экөө сурданып жооп берди да, жүрүп кетишти.
Булар белден ашып, эң четки айылга келгенде баятадан төмөнкү айыл-айылдан жыйылган катын-калач, кемпир-чал, бала-чаканын бардыгы алдыларынан калың тобу менен каршы басышты. Жанагы ар жерде үйүлүп жүргөн (Топ кишилер азыр да алда нече жүз кишидей болгон экен. Баары тең томсоруп муңдуу. Көпчүлүктүн жүзүндө бугуп турган ачуу ыза бар. Катын-бала көздөрүндө мөлтүлдөп, ийменип турган жаштар.
Алдыларынан булар кезиккенде эркектер жакындай берип:
Алып кетмек болду... эр-азаматтар, кош болгула...
Айрылдың, айрылдың кулунуңдан, — дей бергенде, алдыңкы катындар тобу демейки кошоктун добушуна салып:
Кулунум, жалгызым...
— Куураган улук... ботоюм... — дешип сайды азан-казан кылып чуулдап коё беришти. Жоктоо, зарлоо, калың ызы-чуу көктү жаңыртты. Селдей каптаган бойдон ..чуулдап, ыйлактап, белеске чыгып калышты.
Төрөлөр ызы-чууну уга салып каптап келе жаткан топко көзү түшүп, куралдарына умтулушту. Көп мылтыктын куроктору шырт-шырт, шарт-шурт ачылып жабылып, колдо кармалып кезелип калды. Дал ошол чакта желкедеги жарташтан самсып чыга келген калың колдун кыйкырык-чуусу да угулуп калган эле.
Улуктар тобу ошол жакка жалт-жудт карашып:
Бул жакта, мында...
— Буларды кара,— дешип өңдөрү качып шашкалактап, мылтыктарын кезеп калышты.
Ыбырай баятадан бери аңдып отуруп эл кишилеринин көпчүлүгү улуктун үйүнөн топурап жөнөгөндө жанындагы жигитин чуркатып, артындагы ашыгып турган жигиттерин тезинен дароо жыйгызып алган эле.
Катындардын чуусу Ыбырайга да, бардык жигиттерге да эң соңку белги болгон. Коркконго кош көрүнүп, улуктарга каршы алдына чыккан катын-калачтын тобу да жасанып келе жаткан жоо сыяктанды. Булар айлананы карап камап алып, эл атайы согушка, көтөрүлүшкө тегиз белсенип чыккан экен деп ойлошту.
Улук тобун дал ушул кезде эч ким башкарып бийлеп, башчылык кылган жок. Ар кимисинин көз алдына калың элдин каптаганы турган душмандыгы элестеп, эми ажал сааты таянган сыяктанды.
Шашып кабарлашып, кокусунан үркүп чочуп калган топ алгачкы: «мылтык ал» деген кыйкырык менен бирге тегиз куралданып калган эле. Ошол оболку эпкинден эси чыгып алактаган топтун ичинен кээ бирөөлөр биротоло эсин жоготкондой түрү бар. Азыркы абалда улук тобунун атышты баштоосу олдоксон экенин биле турса да бир, эки, үч солдат буйрукту күтпөстөн, желкеден чыккан жигиттер тобуна каратып тарс-тарс мылтык атып жиберишти.
Ыбырайдын тобу жаңы гана ызы-чуу менен көрүнөөгө чыгып чептей туташып алса да, алдыларынан тизиле калган солдаттардын мылтыгын көрүп, бир саамга ойлонгондой, арбашкандай болуп унчукпай турган. Бирок көпчүлүктүн турушу ушу болгону менен Ыбырай өзү жанында мылтыгы бар жолдоштору менен мурдатан эле куралдарын колуна кармап даяр турган. Кезенип кезек күткөндөй.
Солдаттардын алгачкы огунун артынан экинчи, үчүнчү мылтык добушу да, күрс-күрс этип удаалап, илээшип өтүп, улуктун үйүнө өзгөлөрдөн жакыныраак келип турган эле. Алгачкы мылтык ошолорго карай кезелген. Колдун бул четинде мылтык жок эле, зуу-зуу этип ызылдап өткөн октордон аттары кошкуруп, үркүп, оргуп-оргуп кетти. Бул жердеги көпчүлүк кетенчиктеп жапырылып, өргө карай жөнөштү. Чочуп үркүп, аткып кеткен аттары өйдөгө карай ойноп чыга берди.
Ошол кезде Ыбырай алдындагы таштак бетке өрдөп чыга берип:
— Ат! — деди да, өзү жанагы жыккан солдаттын мылтыгынан чыккан жеңил көк түтүн тарай бергенде бардаңкени басып жиберди.
Дал ошол кезде жанындагы үч-төрт мылтык да үн кошуп күрс-күрс этти. Жарташтуу, карагайлуу тоо зор добуш менен жөткүрүп-жөткүрүп жибергендей болду. Булардын түтүнү суюла бергенде, Ыбырай көздөп аткан солдаттын делдектеп барып артына карай учуп түшкөнү көрүндү. Эки жак апыр-тапыр болуп атышып калды. Катын-калач мурун угуп көрбөгөн көп мылтыктын добушуна карабай, алдындагы улуктарга карай али да чуулдап топтобу менен чубуруп келе жатты.
Азыркы каршы-терши атыштын согуш майдан экенин укканы да, укпаганы да бар. Бирок ким-кимиси болсо да жандан кечип, чоң толкундай улуктарга карай каптай турган болду. Солдаттардын мылтыгы, алгачкы ирет тапыратып бир-эки атылгандан кийин басаңдай баштады.
Хлыновский:
— Токтот, токтот, атпа, атпа!.. Артка чегин... Мынабу ойго төмөн карай,— деп буйрук берип, камалган топтун алдын тосуп ыктай жөнөдү.
— Чегинүү, чегинүү керек.
Атышпоо керек... киши салып токтотуу керек,— деп баштады.
Бирок ошол сөздү айтса да, эч кимиси такат кылалбай, ойго карай ылдам-ылдам басып чубуруп, чегинип бара жатты.
Орундарында болуш, старчындар, Дөөлөтбак, Жылкы' байлар калды. Кеңседеги барлык кагаз, тизме да журтта кала берди. Тилмеч улуктарды ээрчип кетти. Солдаттар кайра бурулуп карай албай, тегиз жөө жалаңдап жөнөп берди. Ыбырай алгачкы мылтык добушу чыкканда үрпөңдөп калган жигиттердин бардыгын, өзү бир солдатты жыккан соң айкырык салып, кайта жыйып алды.
Ошол кезде адегенде чочулап калса да, артынан эсин жыйып алып, кайта келген жигиттер качып бара жаткан солдаттарды көрүп:
— Эми каптоо керек! Капта! Капта! — дешип жарташтын далдаасынан чыгып илгери карай умтулуп киришти.
— Жок, каптаба! Кырылып каласың, чапкылаба! Токто,— деп Ыбырай айкырып токтотуп салды.
Эми алар качты, эч кимисинин аты жок, тегиз жөө, Узаңкырай түшсүн. Колдорунда курал жок. Бекерге кырыласыңбы? Оболу мынабу кеңселерди басып ал. Ошондон кийин эки жарылып, эки жагынан камап отуруп, алыстан Уруш салабыз. Энеңди... Өңчөй жөө немелердин азыр эле заарасы учат, эми кан чыгарбай туруп куралын алабыз,— деди.
Ал сөздөр бул убакытка чейин акылы ордуна келбей чочулап, биресе коркуп, үркүп кетип, биресе ташкындап, өзгөчө баатырсынып кетип, боюн бийлей албай турган топтун жүрөгүн орнуктуруп, саал эстерин жыйгандай болду.
Жөө баскан топ качкан бетинде токтобостон жарты чакырымдай жерге кетти. Мылтыктарын курулай кайта-кайта чочоңдоткону болбосо, атууну тегиз басаңдатып токтоткондой болду. Бирок биротоло басылып калды дебесин деп анда-санда кеңселерден ашырып бир ок, эки окту гана тоого жакын жерлерге атып жатты.
Ыбырай да азыркы абалда ошолор кылганды кылып турду. Тигилер канча атса, бу да ошончо атты. Мурдатан машыккан жигиттер мергендигинин аркасында качып бара жаткан топтун арты менен эки жагынан бардеңкесинин огун бурк-бурк эттирди да турду. Бул октор аларды атайы ойдон төмөн карай айдап бара жаткан сыяктуу эле.
— Куу ошондон, кууй бер, азыр кишисине тийгизбе! Бирок арткы топтун апкытынын түбүнө түшүрүп ат! — деп жанында өзү менен бирге кезек атып турган жигити Касенге кайта-кайта акыл айтып турду.
Ушу атыш менен, ок менен арбашып Ыбырайдын тобу турганда, өзгө жигиттердин көпчүлүгү аттын башын коё берип, кеңселерге келип үгүлүп түшүп топурап жатты.
Солдаттар качканда, аңырайып туруп калган катындардын тобу да ушу кезде кеңселерге жеткен эле. Чаап келип жаткан жигиттердин кээ бири жер тарпыган ачуу менен тигилүү турган үйлөрдү союлдап өттү.
Улукка көрсөткөн сесиби, болбосо кыжылдаган кектин бирдеме издеп кур карбаңдап шашканыбы, айтор, казактын ачуусунун бир түркүн көрүнүшү ушу болду. Алгачкы чапкылап келген топ ичинен эки-үч жигит бош турган боз үйлөрдү союл менен салып-салып өткөндө кийин келген топтун далайынын союл, чокморлору бир нече үйлөргө тапыр-тупур тийди.
Булардын ичине алда кимден коркорун билбей пааналап качып тыгылган болуш, старчындар, үйгө тийген союл өз баштарына тийгендей болуп, курулай эси кеткен чочулоо менен алактап, колдорун көтөрүп жазганып, баштарын калкалай берди.
Акырында топ эсин жыйып, көпчүлүк аттан түшүп, басып келип үйдүн ичиндеги кагаз, кийим, жууркан-төшөк, килем, кийизди туш-тушка чачып бычак менен тилгилеп, таш-талканын чыгарды. Жыйырма-отуздай киши тизме ушу чыгаар деп колдоруна түшкөн китеп аттууну аябастан айрып жатты. Булардын көбү төрөлөрдүн жолдо окууга алган жазыксыз романдар эле. Тизменин өзүн таап алгандар да жанагындай кылышты. Шуудураган калың кагаздуу чоң китеп бир сааттын ичинде тилим-тилим ойку-кайкы болуп кол-колдо чачылып, тытылды. Катын-калач менен аралашып кеткен жарым-жарты эл улуктардын үйдө калган кийим-кечегин жулуп-жулуп алышып кейпинен кетирип, жеңин жең, боюн бойчо барча-бурча кылып алып, дарылдатып айрып жатты. Дөөлөтбак, Жылкыбайлар алда качан жан соогалап безип кетишкен эле.
Бул кезде солдаттардын карааны узап, чакырымдан ашык жерге кетип калышты. Али да ылдыйлап чубуруп ойго карай качып баратышты... Алдыларында жаткан бир калың жылкы бар эле. Ошого карай беттеди...
Ошону көрүп алып Ыбырай кеңселерге чаап келип кыйкырыкты салып жүрүп, жигиттерди кайтадан атка мингизип алды. Бирок, жылкы ичине барган солдаттардын бир-экөө атка минип калыптыр. Ошолор кыялап, Алма-Атаны беттеп жанды сабап качып жөнөштү.
Алдындагы көп жылкыга жакындап солдат каптай жүгүргөндө, өзгө эч кимиси эчтеке кармай албаса да, ошолордун арасындагы эки казак орус эки мыкты айгырды кармап алган. Аларга Хлыновский:
— Чап, Алма-Атага! Сөгөтүдө согуш башталды. Казак кыргын жасап жатат деп айт. Тезинен жүз киши, эки жүз киши аскер жиберсин. Пулемёт жиберсин,— дегенге гана чамасы келди. Астына ат тийген казак-орустар өзгө сөзгө карабастан, ноктолоп, жайдак минген айгырларын теминип борбойлоп чаап жөнөштү.
Буларды көрүшү менен айылда атка минген жигиттердин жыйырма-отузу кууп жөнөдү. Ыбырай:
— Кетирбе! Экөөнү тең өлтүр... Ал кабарчы. Куткаруучу болбогула! — деп өзү калган калың топту эки жарып, жөө качкандардын эки жагынан чыгып алып, алыстан атыш салып бара жатты...
Ошентип, түн болгонго чейин кууп отуруп, Асынын эң төмөнкү ылдыйына чейин айдап барып таштады. Бул кезде солдаттардын саны онго жетер-жетпес гана эле. Өзгөсүн жолду карата атканын атып, атпаганын тобунан бөлүп алып калып союл менен уруп жыгып ыраспасын чыгарып таштаган. Ыбырай тобунан алгачкыдан башка эч ким өлгөн да, жаралуу да болгон жок. Коркок төрө Хлыновский мурун өзү өз болуп, кыр баласынын мындай ачуулуу жайын көрбөгөндүктөн, эми бир да бир кишисин өлтүрүп алсак, өзүбүздү тегиз кыргынга учуратар деп жолдошторуна «мээлеп атпа» деп буйрук кылган. Жалгыз гана кысылган жерде айыл жигиттеринин аттарын атып жыгып отурду.
Эрөөлчүлөр да улукка «ушу кылган да жетер» деп калган топту түгөл кармап, кырууга бекинбеди. Арты жаман болор, улуу кыргын болуп кетер» дешип, кубалай берген. Акыры аларды кууп чыгарганда, күн баткан соң Ыбырай өз колун баштап, кайра кайткан. Жолду карата ок тийип жаралуу болгон беш солдатты көрдү. Калгандары союл тийип жыгылгандар экен. Аларды туткун кылып алып, элге келишти. Бул кезде алгачкы Алма-Атага качкан экөөнү кууп жеткен жыйырма киши да келген эле.
Булар мындай чыкканда өздөрүн өздөрү байкабаптыр, ичинде жалгыз бир бытыралуу куралдан башка мылтык жок экен. Ошону менен бир солдатты атып өлтүрүп, экинчисинин огу көп болгондуктан кармай албай калышыптыр. Түн кирип кутулуп кетиптир.
Мындагы жигиттердин башчысы Ыбырай болуп «кап-кап» дешип сандарын чапты. Алма-Атага кабар жете берди. Эми ал бүгүн кылган ишине каар жана жаза күтүү керек. Ошону ойлоого келгенде акыл кынабына жаңы гана түшкөндөй болуп:
Эми эмне болсо да кетүү керек... Жер которуу керек, улуктар кырат... — дешти.
— Кача көчкөндөн башка эмне бар? — деп ошол түнү эле Асы таш талкан болуп, көчүүгө киришкен. Булардын көздөгөн жагы Каркыра... Ошондон аркысы беймаалим... Эми алдыңкы элге Кызыл бөрктүн ишин иштеп камдана берүү керек. Ошондуктан Шырганактыдан чыгып, Серикбай келип жаткан айылга эртең менен эл туруп жатканда кош айгыр менен Асыдан түнүндө чыгып кеткен чабарман кабарчы да келип жеткен эле.
VII
Серикбай туруп үй-ичи жыйылган соң Узактын үйүнө чай кайнатылды. Аш үстүндө журттун башчылары аңгемелешүүдө эле. Болуп жаткан окуялардын жайынан ар ким ар түркүн сөздөргө кетип отурганда, Узак мурутунан акырын жылмайып күлүп:
— Ушу улуктан айланса да болот, демейде ыйкы-тыйкы болуп жүргөн Албан баласын чоктой ийирип, бир тилектин жолуна түгөл кошуп берген жокпу?! — деди.
— «Айыл ити ала болсо да, бөрү көрсө биригер» — деген, тооруп турган карышкыр кимди кимге өчүктүрбөс дейсиң,— деди Жамаке.
— Тек, жол болгой эле, кызыл карын жаш баланын көз жашын, жараткан ээм көрбөй коёр дейсиңби! — деп Серикбай күрсүндү.
— Көп тилеги көл деген... жолубуз болот! Эмнеси бар экен... жол болот деген ушу... Кызыл бөрк эмне кылып отурат, укпадыңбы? — деп Турдукожо Серикбайдын убайымына нааразы кебете менен карады.
Узак алгачкы бир оюнун соңунда эле:
— Ак падыша тос-тос кылып алып кеткен эле, кудайга шүгүр, картайган чагымда болсо да элдин бир атанын баласындай жамырап табышкан күнүн бир көрдүк. Жалгыз арман: жаш чагыбызда келбеди, эмне кылыш керек!..
— Баса, ошому айтсаңчы, биресе болуштук деп жулмалашып, бирде улукка пара берүүгө жанталашып, итчилеп үрүп күн өткөрүп, эми бул күнгө келгенде өлүмтүгүн сүйрөгөн бир куураган чал болуп отурабыз,— деп Жамаке армандуу жалын менен «өх» деп күрсүнүп алды.
— Чиркин-ай десеңчи, баатырдын баягы жейрен оёзду шайлоо кезинде жумурай журттун көзүнчө как башка камчы менен салган жалындуу жаш чагы болсо... — деп Турдукожо чалдардын арманын уккандай болду.
Мунун айткан сөзү Узактын ушундан он-он беш жыл мурун кылган иши эле. Жейрен оёз эл шайлоонун үстүндө: «Атаган кишиңди шайлаймын» — деп Узактан атактуу сары жорго атты алып, дал шайлоодо каршы жактын ташын ашырып жиберип, баатырды алдай турган болгон. Ошондо Узак топ алдына чыгып келип:
— Андай болсо, кечээ парага алган атымды бер, көзүңдү... — деп келип камчы менен баштан ары тартып жиберип, мамыдагы атын чечтирип минип алып жүрүп кеткен. Бул аңгемени Турдукожо козгогондо Узактын мурунку кездеги далай-далай иштери эсине түштү.
— Ал бир тепсем темир үзбөйүмбү деп эки ийинди кажып жеп, кутуруп жүргөн тентек заман эле го... Далай улукту далай жерде ит кылган элек. Бирок ошонун бир да бири берекелүү иш эмес, кереги эмне эле? Жулкулашып, силкишкен ылгый өз бооруң, өз элиң эле. Ошону жеңдим дегенге мас болуп, сандалып адашып өттүк.
— Эр болсом мынабу ишти ошондо иштесем боло дейсиң го. Ырас, ырас... арман-ай,— деди Жамаке.
— Кийиз туурдуктуу казактын бүгүнкүдөй ынтымак тилеги кошулуп, эл болом деп туу көтөргөн, ураан салган бир күнүн көралбай өттүк. Эми мына, сойгон койдон бузуп-жарып, он эки жиликке бөлүп борчолоп таштаган заманда чыгып, биз да киши болдук, деп жүрөбүз. Мактанаар, жубанар иш барбы?
— Мына мунуң армандуу иш экен, баатыр, чын жакшынын арманы ушу го,— деп Турдукожо ыраазы болуп, көзү жалооругандай болду.
Жамаке Узактын сөзүнүн ыңгайына баш ийип, өз ичинен да ошол арманды туура көрүп, жолдошунун сөзүнө катуу ойлонуп калган эле.
— Ээ, ырас, ырас — деп башын ийкеп отуруп: — Бүт дооронуң желдей сызып берекесиз өткөнү ырас. Эми жанар отуң өчкөн чакта, жакшылык кылдың эмне, жаманчылык кылдың эмне,— деп бир аз унчукпай отуруп,— «мурун баатыр болсоң да, сенин башың бул күндө жерде жаткан куу тезек», дептир го илгеркинин бир кызы... Бүгүнкү биз дагы ошолбуз...
— Эмнеге андай дейсиз? — деди Серикбай кары жолдоштору аягандай болуп Жамакеге оңурайып карап,— эмнеге доорон өтсүн, мына мындай тилек үстүндө арман болот бекен?! Жакшылык кылсаң, кайсы кезде болсун анын аты жакшылык эмеспи? Так ушу өткөөлдө эмне көрсөң да өлөр чагыңда абийир-аброюң олуя чокудай болуп турганда асман менен сүйлөшүп өлбөйсүңбү теңири деген.
— Баса, арман бул күндө жок, кетти,— деп Турдукожо көтөрүлүп алып сүйлөөгө айланганда Узак жактырбагандай болуп кабагын түксүйтүп:
Ооба, айтарсың, айтарсың! — деди.
Дал ошол кезде тыштан Айтбай жүгүрүп келип:
— Кокуй, эмне кылып отурасыңар, солдат айлананы курчап камап алды! — деди. Эл-журт капилет кабардан сескенип, үрпүйүшүп аңырайып калды.
Узак кесесин төңкөрө салып:
— Каап, каап,— деди да. —Ушу жыйындан кутулууга чамаң келгениң кутулуп кет эми. Эмне отурасың, тур! — деп Жамакеге айкырып жиберди. Ошол кезде айыл айланасында мылтык тарс-турс атылып калды. Эл камданып ордунан турганча он чакты солдат кылыч, бешатарларын жылаңачтап алып, үйгө кирип келди.
Айыл айланасында дагы да жыйырмадай солдат турган эле.
Үй ичиндеги бардык элди тышка алып чыгып, жармаңкеге карай унаа-пунаага мингизип алып жөнөдү. Айылдан бир кишини четке чыгарбады. Бул топтон эч бир жан качып кутула алган жок. Албандын бардык баш көтөргөн, каршылык ойлогон башчысын бир гана жерден чогултуп жыйнап алып, боодой тизип, жармаңкеге апкелип камап таштады.

#6 21 May 2017 - 12:09
Кечеги күнү Асыда болгон окуя бүгүн эртең менен жармаңке башындагы улуктарга да маалым болгон эле. Бул кабарды Алма-Атадан чыгып, кечээ түштө Асыны басып өткөн соодагер жүргүнчүлөр апкелген. Алар эмне окуя болгонун бирин-серин кишиден угуп алып, бул жерге токтолбостон илгерилеп жүрүп кеткен. Булар ичинде Эшик, Тургендин жармаңкеге карай келе жаткан эки-үч казак-орусу бар эле. Ошолор Асыдан чыгып, белес ашып алган соң, өзгө соодагерлерден бөлүнүп алып, токтобостон чапкан. Ич ара казактын ачуусунан чочулап коркуу да бар эле.
Булар эртең менен эрте келип, уйкуда жаткан тааныш урядникти ойготуп алып, кечээ болгон окуяны билдирищкен. Ошондон кийин жарым сааттын ичинде жармаңке башындагылар: улугунан баштап, солдаттарына чейин болгон окуядан кабарланышкан. Толук кабарланышып, шашылыш түрдө аскер кеңешин уюштуруп, үрпүйүп камданып, дайындалып алышкан.
Акжелке бул убакытка чейин камсыз да эмес эле. Ал алгачкы жыйында элге башчылык кылган кишилердин сөзү менен бардык иштеп жүргөн иштерин Каракол аркылуу Алма-Атага билдирген. Жардык күткөн. Анын үстүнө Караколдогу өзүнөн чоң улуктардан кыргыз ичинде, өзгө казактар арасында эмне болуп жатканы тууралуу, жармаңке башында эмне иштөө керектиги жөнүндө да кеңеш берип, буйрук иштерин сураган эле. Ошол алгачкы байланыштан бери карай Каракол, Каркыранын арасында эки жактын кабарчысы кезек-кезек да тыным албай жүрүп турду.
Кийинки күндөрдө Каракол: «Кыргыз көтөрүлүшү өөрчүдү. Нагыз чоң эрөөлгө айланды. Бузуктар, кан ичерлер каптап кетти. Калың эл бузукучулукка кирип дит койду. Эми казак-орустун майда калаалары камсыз отурууга болбойт. Казак ортосунда окчун отурган калааларга коркунуч чоң. Тезинен ошолордун жигиттерин жыйып куралдандыруу керек. Казав колуна курал түшүрбөс жагын эскергиле. Курал түгүл темир шаймандан да эчтеке казакка берилбей турган болсун. Казактын атын да такалабасын. Жармаңке башына жүз-жүз элүүдөн аскер чыгарып, ошону такай таратпай сактагыла. Солдаттар казак-орус калааларынан алынсын. Кабарды үзбөгүлө. Эрөөл башчылары эмне кылып жатат. Эл ичинен кабар бере турган ишенимдүү кишилердин санын көбөйткүлө. Тыным таптырбай кабарчы жиберип кабар билип тургула. Элди бүлдүрүп жүргөн кишилер жакында толук кармалып жазасын тартат. Ошолордун тизмесин тизе бергиле. Алма-Атадан жардык күтүп турабыз. Ал кабар жакында келет деген сыяктуу далай-далай жардык үстү-үстүнө келип жаткан.
Бул ушундан бир жума мурун келген кабарчылардын айтканы эле.
Ушу айткандардын бардыгын Акжелке ойдогудай кылып аткарып турган. Тегеректеги Жылаңач, Нарынкол, Сары-Жаз сыяктуу майда калаалардын жигит аттуусу чубап келип, ыктыярдуу аскердин тобун түзгөн. Көбүнө мылтык, курал жетпей, алынбай. калганы да бар эле. Азыр жармаңкенин жүздөй куралдуу солдаты бар. Араларында душманга өчөшүп, каршы жутунушкан старосталар, коңшу элдер менен жер талашып жүргөн жоон байлар да бар эле. Бардык аскерге ушулардын камдаган уусу бар. Ошондуктан жармаңкедеги Акжелке аскери ашыгып иш бүтүрүп, казак айылдарына ойрон салып, чаап кыйратчу кезин майрам күнүндөй күтүшкөн эле. Жармаңкени колуна кармаган күчтүн ээси, куралы ушу болсо, мындан башка астыртан жүрүп, жайлоо-жайлоодо ичкелеп, жансыз кабар жеткизип жаткан кабарчылары да бар. Бул экинчи түрдүү курал болгон.
Бирок ушу кийинкинин саны көп эмес, кабары да анык, толук далилдүү эмес. Бардык милдетти аткарып жүргөн бир гана Ракымбай. Эмне кабар келсе, ошол аркылуу келет. Ар жерге киши жибертип, элдин эмне айтып, эмне иштеп жүргөнүн астыртан тыңшатып, анан ошонун баарын Ракымбай өзү тыянактап, билгизбей жылып келип Акжелкеге айтып кетип турган.
Ушу абал менен күн өткөн сайын окуянын өсүшүн, өөрчүшүн тилеп, Узак, Жамакелерди кармап камай турган саатын азыркы өмүрүнүн максатындай көрүп, дүрдүгүп жүргөн улуктарга кечээ кечинде Караколдон келген кабарчы көңүлдөгүдөй жакшы буйрук апкелген эле.
Бул улуктар башында көп убакытка чейин казактын козголушунан, көтөрүлүшүнөн чочуп коркуп шашкалактап келсе да, аягында төрт-беш күндөн бери тегерегине жыйып алган аскерлери жүзгө жеткен соң, көкүрөктөрү көтөрүлүп, курсактары кампайып, чердейе баштаган. Алгачкы корккон күндөрүн эске албоого тырышып, ошондогу коркутуп ныгырган эл башчыларын эми аяшпай турган ата жоосу кылып алган эле.
Али да коркуу, ичтиртен сестенип чочулоо жок эмес, бирок ошентсе да жогорудан келген буйрукка таянып, колдо даяр турган куралдуу аскерге таянып, бир аз иш кылып көрүүгө болот эле.
Ошол абалдын үстүнө кечээ кечинде келген буйрукта: «Кыргыз бүлгүнчүлүгү ашып-ташып кетти. Бул дарт өзгөлөргө да жайылып кетиши кыйын эмес, жигит бербеймин деп отурган казак да буга кошулуусу мүмкүн. Ошол ишти жасатпай, окуянын алдын алуу үчүн эми тезинен Албан уруусунун башчыларын түрмөгө салуу керек. Мурунку өзүңөр көрсөткөн тизме боюнча, ошол күнкү жыйынга башчылык кылган он жети киши толук кармалсын», — деген.
Кабар кечинде келсе да, түнү бою ким-кимди, кандай, кай кезде кармоо тууралуу кеңештер болуп, тун ортосунда чечим чыгарылган эле. Ушул абалдын үстүнө эртең менен Асы окуясынын каңшаары жетти. Ал чочутуп коркутуп келди. Мурун жүрөктөрү түшүп, кайтадан көкүрөктөрү көтөрүлүп манчыркай баштаган улуктар уйкусунан ойгонгон жерде мынабу шумдукту укканда дагы да бир аз убакытка чейин ылдыйлап, эси чыгып калган болчу.
Ушул абалдын үстүнө таң азандан Ракымбай жетип келди. Ал Камандуу-Карагайдагы бир ниеттеш жакын айлына конуп чыгып, эртең менен жармаңкеге келе жатып, Тамгалуу-Ташта отурган айылдын айланасында аркандалуу жүргөн көп атты жана мамыда байлануу турган бир нече токулуу аттарды көргөн эле. Булардын баарынын тең үстү чыланган терге бөлөнгөн. Тер кадимкидей катып калган экен. Түнү бою жолдо кыйналып келген түрлөрү бар. Арасында жалы төгүлүп, бүгүлүп турган айгырлар да бар. Эн тамгасы кызыл бөрктүкү болчу.
Мамыдагы аттардын ичинен Серикбайдын кызыл жоргосун да тааныган. Ошол бойдон айылды жакалап акырын өтүп бара жатып жанындагы жалгыз жолдош жигитин жиберип, дөң башындагы бир чалдан айылдагы кишилердин ким экенин астыртан сураткан. Аңкоо чал Ракымбайдын да, анын жигитинин да ниетинен кабары жок чалалык маңыроолугу менен угуп-билген аңгемесинин баарын айтып берген.
Жолдошу чалдын кебине токтолуп калган соң, Ракымбайдын өзү да чалдын жанына салам берип келип, болгон аңгемени баштан аяк кайта-кайта сурап, билип алган эле.
Ошол бойдон түз келип Акжелкеге:
— Албандын бардык башчысы Тамгалуу-Ташта жыйылып жатат,— деп угуп-билгенин баяндаган.
Ошондон кийин улуктар тезинен кеңешип:
— Эми күтүүгө болбойт. Иш бүтүрүү үчүн эң оңтойлуу саат ушул. Тамгалуу-Ташта башчыларынан башка жай адам жок. Ушуларды тезинен барып колго түшүрүп алса, калган эл быт-чыт болот.
Эми күтүп болдук. Асыдагы кабарды уккан соң, эл дагы дүүлүгөт.
— Баса, эми окуянын алдын алуу керек. Эң оңтойлуу шарттын баары ушул саатта өзү чырмалышып келип турат. Азыр аскер жиберип, тигилерди түрмөгө салуу керек,— деп Акжелкенин сөздөрүн тергөөчү коштогон. Урядник, пристав да пикирине кошулган.
Бул кеңеш узакка созулган жок. Ошону менен аз гана күймөлгөн соң, урядник жанына отуз солдатты ээрчитип алып, Тамгалуу-Ташка келип, жогоруда айтылган ишти иштеген.
«Албандын бардык башчысын Тамгалуу-Ташта кармап алып, жарманкеге апкелип камаптыр» — деген кабар түш ченде жармаңке айланасындагы жайлоо-жайлоонун баарына жетти. Бирди ыйлатып, бирди кайгы менен күрсүндүрүп, бүтүндөй элди кабагын түшүрүп үркүткөндөй болуп, бул кабар тез жайылып кетти. Башчыларынан бир заматтын ичинде айрылып калган уруу-уруунун бардыгы тең көзгө камчы тийгендей эзеңгиреп, жашып калды. Эмне кыларды билбей камалып, дүрдүгүп шашкан кур карбалас. Курулай кайта-кайта айта берген убайымчылык. Улуу-кичүү түгөлү менен жалгыз гана каргышка сүйөнүп:
Тилегиң катсын, көзүң ачылбасын!
— Оо кырылып кал, өрттөнүп өл, атың өчсүн!.. — деп бардык эл тегиз күңгүрөнүп, наалат айтууда эле.
Бирок бул эң алгачкы сааттар болучу. Аздан соң элдин акылы ордуна келип, бир жагынан Асынын көтөрүлүшүн угуп, кайтадан бириндеп кайрат жыйып, демигип тилин чыгарып, ары-бери козголуп дүүлүгө баштады. Бул күнү боюна кайрат жыйган элдин бардыгы: «Өткөндөгүдөй каптап жармаңкеге барабыз. Кишибизди сурайбыз, алар жазыктуу эмес, калың эл жазыктуу. Кыла турган болсоң, ушу элдин баарына кыл дейбиз...» — дешип кайта алоолонду. Жайлоо-жайлоонун ашыгышта тапкан акылы ушул болду. Ошондуктан топ-топ болуп, туш-туштан жармаңке башына карай дагы да тебетейчен Албан агыла баштады. Бирок бүгүнкү жыйын өткөндөгү жыйын эмес. Канча айткан менен эл андай көбөйө албады. Бирин-серин жайлоодо:
Жооп алып туруп бошотор. Элден мурун байкайлык... кантээр экен?
— Өздөрүнөн да кабар келбес бекен? — дешкен чабал кептер да болду. Жана жармаңке тегерегине келген элдер алдын ала бири менен бири сүйлөшүп, баш ийкешип аттанган эмес. Ошондуктан ар жайлоонун кишилери ар бөлөк топ болуп, ар убакта келип өзгөлөр менен баштары курала да албады.
Топ-жыйындуу жер Тегерек-Саз эле. Мындан Каркырага карай чыккан үч жүздөй киши болучу. Башчысы: Абакир, Баймагамбет, Жансейит эле. Узактын айлында болгон кишилерден жалгыз аман чыккан Баймагамбет эле. Аны таң заардан турган соң Серикбай Акбейитке бир жумушка жумшап жиберген. Ошону менен солдаттар келгенде айылда болбой аман калган.
Узактын айлына келип жат кабарды ыйлап-сыктаган катын-калачтан угаары менен ал куюндатып чапкылап отуруп кабарды Тегерек-Сазга жеткизип, андан Абакирге баштатып, эки жүздөй киши болуп, жармаңкени беттеген. Булар желип-жортуп Каркырага карай жөнөгөндө тегеректе ар жерде чачырап жүргөн бир нече бөлөк-бөлөк топтор кошулган. Ошону менен жыйыны үч жүзгө жакын калың топ болуп, жармаңкеге жакындап калган эле.
Алдыларынан чапкылап отуз-кырктай куралдуу солдат чыкты. Булар эл кишилерин жармаңкеге апкелгенден бери карай тегеректеги жайлоодон келе жаткан кишилердин бардыгын жарманке башына жибербей кийин кайтарып:
— Ал кишилерден жооп гана алынат. Бүгүн соода жок. Жармаңке башында силер кыла турган иш жок. Кайткыла, тарагыла,— деп кайтарып жаткан. Түштөн бери жайыктын ар жеринде дүрдүккөн топтун көпчүлүгүн ушундай деп таратып да жибергендери болгон. Абакирлерге да ошону келип айтты, тарагыла деди.
Бул сөзгө Абакир:
— Биз элдин жиберген элчисибиз, кишилерибиздин жайын сурайбыз. Эл атынан арыз айтабыз. Жибер бизди! — дегенде, солдат ичинде турган казакчага жүйрүк казак-орус:
— Арызды мындай көп киши айтпайт. Баарың бирдей барбайсың. Элдин баары кайтып жатат. Кайткыла! — деп дагы айтты.
— Биз кишибизди көрүп, улукка сүйлөшүп кайтабыз. Ал кишилерде жазык жок. Мынабу эл жазыктуу, ошону айтабыз. Бизди коё бергиле, коё бергиле!
Жибергиле!
— Арыз айтабыз... жибергиле бизди жармаңкеге, — деп Абакирдин сөзүн коштоп көп добуштар дабырап коё берди. Эл болбой солдаттан өтүп, акырын жылып жөнөй баштады. Ошол кезде солдаттардын башчысы айкырып:
— Кайткыла кийин биз силерди жибербейбиз. .. улуктар жиберүүгө буйрук берген жок,— деди. Абакир элдин алдына теминип чыгып, ачуулуу добуш менен:
— Эмнеге буйрук берген жок? Эл арызын укпай турган кайдан чыккан улук?! — дегенде башчы орус Абакирге карап бир эсеп ойлогондой болуп туруп:
— Андай болсо, барың барбайсың, эки кишини башчы кылып чыгаргыла. Ошолор сүйлөшүп кайтат. Ошого мына, сен жүргүн,— деп Абакирге нускады.
— Барамын, мен эле барамын... — деп Абакир атын теминип илгери чыкты. Жанына Картпайды эл кошту.
Ошентип экөөнү ээрчитип солдаттын башчысы кетип калды.
Калгандарга: «Кайткыла, кийин чегингиле. Кишиңер келет, бошотулат» — деп алдап-соолап туруп солдаттар аларды кийин жылдырып, жармаңкеден ары карай узатып алып кетип бара жатты.
Абакир келгенде Акжелке менен тергөөчү түшкү тамактарын ичип алып, кызара отуруп кеңешип жаткан эле, Жармаңкеге киргенде Абакир көчөдө Осмонду көрдү. Ага жакын барып улукка айта турган сөзүбүздү жеткиз демекчи эле, бирок тилмеч солдаттар апкеле жаткан Абакирди көрүп тескери айланып, карабай кетти. Далысын салып, качкалактап бараткан Осмонго Абакир кыйкырып:
— Качып баратасың го! Жарайт эмесе, бар, бар... Сен сыяктуу чириген жумуртка кайда калбаган! — деди. Осмон укпаган киши болуп башын ийнине катып, көзүн жерден албастан бурулуп кетти.
Улуктар Абакирдин сөзүн тыңдаган жок. Арызын какмалап айткызбаймын десе да, Абакир күймөлбөстөн жарыша сүйлөп айтып жатты. Бирок улук муну таңазар алган жок, кулагын салып тыңшап уккусу да келбеди. Абакирге каршы жер сабап, зиркилдеп ачууланып, тактайды жара тээп, заар чачып:
— Сен болушсуң, падышаны, улукту унуттуң. Өзүңө тапшырылган милдетти, кызматты таштадың. Сенден бузуку киши жок! — деди.
Абакир шашкан жок.
— Бузукулук сенден өтүп мага келе элек. Жеп коём дейт чыгарсың. Кудай — ак да. Жазыгым болсо бузуку болормун. Жазыксыз кишиге эчтеке кыла албайсың,— деп демейдеги кыйкырып сүйлөгөн добушуна салып, көзү канталап кетти. Бирок кийинки жообунан соң улук сөздү токтотту да, жанында турган солдаттарга:
— Муну да апарып камагыла! — деди. Ошондон кийин Абакирдин ана-мынасына карабастан, тыңдабастан, өзгөлөрдү камаган үйгө апарып жаап таштады.

#7 21 May 2017 - 12:11
VIII
Бүгүнкү күн ушундай чоң иштерди бүтүрүп таштап, көптөн бери ашыгып даярданган аракетине мыктылап киришсе да, жармаңке улугунда «эл кантер экен» деп жалактаган күдүктөнүү бар эле. Күнү бою жармаңкеге жайлоо-жайлоодон үздүксүз чубай берген эл ошол күдүктөнүүнү күчөтүп, сестендиргендей болду. Ошондуктан улуктардын кеңеши бүгүн түндө бир нече кишини Караколго жиберүүгө чечим кылышты.
Түн кирди. Түрмөдөгүлөргө урядник келип:
— Силерди түрмөгө салдырган Караколдон келген буйрук. Ошондо бир далайыңдан жооп алат. Ошого Жамаке, Узак, Абакир,— деп санап, он чакты кишинин атын атады да,— ушулар азыр Караколго жөнөйсүңөр. Ошондо барып жооп бересиңер,— деди да аталган тизме боюнча топ кишини алып чыкты. Булар тышка чыкканда Караколго алып бара турган айдоочу солдаттары менен ат араба дайын турган экен. Отургузуп алып түнүчүндө Караколго алып жүрүп кетишти.
Жармаңкенин түрмөсүнө апкелип тобу менен камагандан бери карай Узактар улуктун да, солдаттын да кебетелерин абдан байкап, баамдагандай болушкан. Булар мурунку ат алып, акча алып, жемсөөсүн толтургандан кийин жоошуп, жорголоп кете турган адетинен айрылган. Андагысын унуткан сыяктуу. Алда кандай ниет менен сурданып түксүйгөндөй түрлөрү бар.
Ошол кебетелерин көрүп Жамаке:
— Мынабу капырлардын сүрү бузулган экен. Мен бошонуудан күдөр үздүм. Эркек токту курмандык дешчү эле. Бизди эмне кылса ошо кылсын, тек эл аман болсун,— деди.
Жанындагы жолдошторунун баары тең бул сөздү укканда унчугушпады. Баарынын тең ичинде чоң күдүк уялап .калгандай. Сырт менен катнаштары болгон жок. Өз ара да сүйлөштүрбөй, көп солдат камап, аңдып багып турду. Ошондо арадагы бир ыңгайлуу учурда Узак, Жамаке, Серикбай болуп сүйлөшө калып:
— Эми эмнеси болсо да, эл жубунан жазбай, жигинен айрылбай, көшөрүшүп көрсүн. Сыртка сөз чыгарууга жылчык табылса, ошол саламыбызды айталык,— деп сөз байлашкан.
Бул чечим түрмөдөгүлөрдүн ала-буласыз бир ниет менен, зор ачуу менен нык сүйлөшкөн бүтүмү эле. Ошентип, кечти күтүп жатышты. Үстүлөрүнө Абакир келгенде булар томсоруп гана каршы алышты. Бошоңдоп, мүсүркөшкөн жок. Жалгыз гана Картбай Абакирди түрмөгө чейин узатып келип, Абакирди камап келе жаткан солдаттардын ийнинен түрмөнүн ичинде отурган Турдукожонун башын көрөр замат, Турдукожо:
— Элге салам айт. Берекесинен, ынтымагынан айрылбасын, сестенбесин, — деп гана айтып калган. Андан аркы сөзүн угузбай солдаттар Картбайды кууп жиберген.
Ушул абал менен түн болгонго чейин отурганда түрмөдөгүлөр өздөрүнө улуктун эмне кыларын билалбай, томого туюк жагдайда келген эле. Каш карайганда урядник келип Караколго барасыңар деп он чакты кишини алып чыкканда, булар артында калып бара жаткандарга кайта-кайта: «Кош... кош... кудай аман-эсен көрүшүүгө жазсын. Арбак колдосун...» — деген сөздөрдү гана айтышып, чыгып кетишти. Түрмөнүн ичи кайтадан жым-жырт болуп, ээндеп, жетимсиреп түнөрүп калды.
Картбай түрмөгө түшпөй аман калган соң бул күнү жармаңке башынан кетпөөгө бекинип Самуратка келип, ошонун үйүнөн түрмөдөгүлөр тууралуу кенен-кесири кабар алып отурган эле.
Акырында түндө Узактарды жөнөткөнү жаткан экен, деген кабарды угушу менен атына мине салып, Тегерек-Сайга карай чапты. Мунун эмки ниети түн бою колго тийген жигиттери менен Каракол жолуна жетип, тоо ичинде айдалган кишилерин согушуп ажыратып алып калмак эле. Ушу чечимди айдалгандарга угуза албады. Бирок Самурат экөө болуп сүйлөшкөндө ашыгышта тапкан айла ушу гана болду.
Жазалууларды Караколго жеткизе турган айдоочу Каркыра жайыгынын жым-жырт түнүн жара тилип, шалдыраган араба, шатыраган курал менен добуш салып жөнөй беришти. Эки-экиден чегилген семиз аттар капилет буйруктун кысмагы менен токтоосуз желип-жортуп, кээде чаап, ашыгыш илгерилеп келет. Каркыранын Караколго карай беттеген жагы көпкө чейин созулган көк шибердүү жазык болот. Жыйырма-отуз чакырымдай жер жүргөн соң гана Ала-Тоонун кыргызга караган жагына барып илинет. Такыр жолдо ашыгып чапкан көп аттын дүбүртү менен бирге темир курал-жарак да шатыр-шутур этет. Айдоочу тыным албай, чырм этпей жөнөп келет.
Ушундан озомун деген чапчаңдык менен Каркырадан чыгып, жолдогу Көк-Дөбө элин кабарландырып, Тегерек-Сазды кыдыра чапкылап, жигит аттууну дүркүрөтүп Картбай да чапкан эле. Бирок мурун түн баласында аттарын аркандан чыгарбаган боз улан, эр-азамат алда неден камсыз, дайынсыз калыптыр. Жармаңкеден түн менен келген шашылыш буйрук, чукул кабар көпчүлүктү кенебей камсыз жаткан жеринен тапты.
Тартипке, ирээттүүлүккө салынып көрбөгөн жайлоолор бүгүн түнү эч бир жаманаттылык күтпөй, шалаакыланып калган экен. Ошондо да айыл баш сайын эки-үчтөн ат дабылып, дайын атка дайын жигиттер минип калган эле.
Жайлоо колу жүз чамалуу киши болуп, камданып жыйылып алып, башчысы Баймагамбет Жансейит, Картбай болуп Караколдун жолун кесип туюктап алабыз деп арбактап сүйлөп, Шырганактыны бөктөрлөп, түштүк менен күнчыгыштын борборуна жакын ат коюп чаап жөнөгөн кезде жайдын кыска таңы кылаңдап, сызылып атып келе жаткан убакыт болуп калган эле.
Бүгүнкү ниеттин жолунда атын да, куралын да, жанын да курман кылгандай эпкини бар жүз жигит иргелип, жалындап чыкканы менен, булар ойлогон максат ишке ашпай турган болду. Кечигип калышты. Айдоочулар жай жүрө турган чыгаар деп болжошту эле, андай болбоду.
Токтобостон чапкылап отуруп, күйүккөнүн жолго таштап, эч нерсеге алаңдабай, токтолбой, Ала-Тоонун бөктөрүндөгү кара жолго алдыңкы Баймагамбет, Жансейит баштаган топ келип туурасынан чыкканда, булардын саны алтымыш, жетимиштей эле. Өзгөлөрү бөлөк-бөлөк топ болуп, арттарында үзүлүп-созулуп келе жаткан. Жолго жеткен соң алдыңкы топ аз гана тыным алып тер басып, каржалып калган аттарын аркы-терки бастырып, артын күтүп жүргөндө, Караколдон түн катып келе жаткан үч арабачан уйгур кезикти.
Арабакечтердин айткан кабары боюнча Тегерек-Саз жигиттеринин бул жүрүшү курулай арам тер экенин билишти. Азыр күн улуу шашкеге жакындап калды. Уйгурларга түн ортосунда тоо ичинде жолуккан жүргүнчүлөр бул кезде Караколго жетпесе да жакындап калган кез болуптур.
«Каап» деген жалындуу арманга туш келген калың топтун оозунан түркүн-түркүн кеп чыкты. Жигиттер эми кайда барарын, эмне кыларын билалбай үйүгүшүп, сандалып кала берди.
— Эми эч болбосо жармаңке башында калганына арачы бололук. Ошолордон тил-кат алалык,— деп Баймагамбет айтты.
- Камсыздык, кенебестик түбүбүзгө жетти го... кетти го эзил кайран эрлер!
— Эми жашыбайлы. Абдырабайлы. Тобубузду жазбайлы. Башка салганды көрөрбүз. Жигит аттуулар мындан ары күн-түн дебей дайындыкта болсун. Кабар күтөлүк. Жармаңкенин улугун кысалы. Эч болбосо, мынабу башчылардан жаманатты кабар келе турган болсо, ана-мынаны коюп, ушу жармаңксни басып алалы. Эч болбосо, калганын арачалап калалы. Курал алалы,— деген сөздөрдү айтты. Ушу сөз чечим сыяктуу көрүнүп бүгүнкү жолсуз жүргөн көпчүлүккө убактысынча болсо да жубатуу боло турган сыяктанды.
Ошентип, топ кайтадан Тегерек-Сазга кайтты.
Бул кезде, дал улуу шашке маалында жазалууларды алып качкан айдоочу Караколго кирген эле.
Жарташтуу калың тоонун койнуна салынган кичинекей калаа кийинки күндөрдө буга чейин көрбөгөн өзгөчө жагдайларды башынан өткөрүп турган. Бул калаа саатына чейин кекчил, мыкты, эч кыргыздын ачуусунун астында такай сескенип, чочулап жаткан. Өз ичинде өз күчүнө ишене албаган кооп күдүктөн башка буга айланадагы дыйкан, казак-орустун майда кыштактарынан жетим-жесир болуп, качып келе жаткан катын-калач, бала-чака, кары-картаңдын үркүндүсү да чоң кабатырлануунун белгисин көрсөткөндөй болгон. Келгендердин бардыгынын кыштактары ойрон болгон, малдары таланган, эгиндери өрттөлгөн. Чабылган майда кыштактардын көпчүлүгүндө коркурап аккан адам каны. Жакынынын, жан ачырынын канын көргөн да бар. Баштарына жесирлик, жетимдик келип, жөлөгүнөн, эркегинен айрылган. Эмне кылса да далай жылдан бери унчукпай жым болуп катып, нес болуп турган ак карлуу Ала-Тоо, мемиреген аска-таш соңку күндөрдө чат-чаты, коюн-колтугу, жылга-жыбытынан ачуулуу кектин отун чачкандай болуп турат. Далай жылкы падышалык улуктун арамга булганган саясаты көптөн берки сактап келе жаткан уусу менен тоо койнун тоздуруп, канжарга түртүп туйлатып алып, эми ошол кесиринин залдарын коңшу отурган эмгекчи элдердин арасына араздык оту сыяктуу кылып чыгарып салды.
Кыргыз айылын дыйкан казак-орус чапса, булардын калаасын өрттөп, эр-азаматын тирүү жанын кыргыз кескилеп кыйнап, качырып турат. Арада араздык сыры ачылды.
Каракол айланасы кан сасыгандай адамдын өлүгүнө толуп кетти. Күн өткөн сайын бүлүнчүлүктүн аймагы кеңип жайыты жалындап келет. Жаратылышы жеринен суук, улуу аскадан жер силкингендей күрсүлдөп таш кулап, дүйнөнү башына көчүрүп дүң салып жатты.
Ушул абалдын үстүндө жаткан Караколго эртели-кеч калканч издеп качып-бозуп келип жаткан мужуктардын арабалары менен катар, эртели-кеч жанындагы кыргыз, казактан колго түшкөн «айыптуулар да» араба-араба болуп келип, түрмө алдына төгүлүп жатты.
Бирок кичине калаанын кичине түрмөсү акыр заман 'болгондо жер дүйнөнү бир өзүнүн ичине сыйгыза турган таруунун кабыгындай болуп, күн-түнү топурлаган адам булагын өз ичине батырып шимирип, сормо саздай соруп, үнүн чыгарбай жутуп турду. Таң атса, түрмө ичи бошоп калат. Анын эсебине калаанын тегерегиндеги буйгаттуу чат, ууру сайлар казак, кыргыз эрөөлчүлөрүнүн сөөгүнө толду. Карышкыр, суур, кашкулактар, чаңкылдак сары, тазкара, алакарга, кузгундар сыяктуу жырткычтар асман менен жердин арасын түгөл майрамдоодо. Нечен түрдүү үн салып, кубанычтуу жырткычтар жыйыны каракөз, кызыл жүздөрдөн ырыскысын алып жеп жатты.
Кечеги болумсуз тынчтык, байкерчилик күнүндө ата-энеси үйрүлүп айланган алма бет бала бүгүнкү күндө жыттанган сулп этке айланып жорулар тишинин арасында жулунуп, сыдырылып ашалып жатты. Ошол шыбага кезегине келбегендер өз бети менен чубуруп сейректеп, түгөнүп барат. Бир кезде тиричиликти тилеп дүкүлдөп соккон жүрөк да өмүрлүк жашоосунан жаңылган. Үйүлүп каткан бир гана кара кан болуп, ал дагы жыгылганын, жеңилгенин мойнуна алып турат.
Ушундай жагдайда айланасы адамдын кан-жинине толгон «касап» калаасына жакындап келе жатканда, арабадагы жазалуулар ар бир сай, жылганын жанынан өткөндө жеңдери менен мурундарын басып, бирине-бири эчтеме айтпаса да ичтей чочулап сыйынып өтүп жатышты.
Келиши менен буларды да түрмөгө камады. Бирок, көп буйдалып жайландырган жок. Белгисиздик абалында эки-үч сааттай убакыт өткөн соң, дал түш ченде түрмөгө өкүмдарлар келип: Узак, Жамаке, Абакир үчөөңөр жооп бересиңер деп ээрчитип алып жөнөштү. Буларды жоопко чакырган Караколго келген оёз дешти.
Кеңсеге үчөөнү үч солдат кынынан суурулган кылыч менен күзөтүп алып келгенде чакыруучу жалгыз оёз эмес, жанындагы дагы бир чоң төрө бар экен, ал Алма-Атадан келген аскер прокурору эле.
Оёз жазалуулардын жайын маалим этери менен, тергөөнү ошол прокурор баштады. Жашыраак, семиз, зор сары улук даражага манчыркаган текебер, эсириңки неме көрүнөт. Антсе да мурун ичтеринен «эмнеге болсо да чыдадык» деп бекинип алган, андан бери жол боюнда көп нерселерди көрүп, угуп, түрмөдө да бирин-серин кыргыздан өзгөлөрдүн көрүп жаткандарын аныктап билип алган күнөөкөрлөр эми улуктун сырт кебетесинен сескене турган, жазгана турган абалдан өткөн сыяктуу эле.
Булар өздөрүн ошончолук төмөнсүп, жашыган, күнөөлүү киши сыяктуу көрсөткөн жок. Келген жерде сыпайы, тарбиялуу коңур момун кебетеде турса да, бойлорун эркин кармады. Улуктарга: «күнөөсүзмүн, заарыңдан корко албаймын» — дегендей ишенимдүүлүк менен, чоң салмактуулук менен карашты.
Тилмеч буларды билбеген өзбек экен. Казакча сөздү жакшы туюнуп, улуктун суроолорун казакча түшүнүктүү кылып которду. Прокурор оболу өзгөлөрдөн жашы жагынан, аксакалдуу көрүнүшү менен да өзгөчөрөөк сыяктанып турган Жамакеге карады да, алды менен ошондон сурак ала баштады.
Төрө колуна кагаз, калем кармап отуруп, алды менен аты-жөнүн, жашын, болушун сурады. Жамаке жолдон чарчап, кажып келген кары жүзүн адеттеги түксүйгөн суук калыбынан жаздырбастан, кашын анда-санда кекенүү менен жыйрып туруп, алгачкы суроолорго бир ооз сөз менен кыска жоопторун берди.
Жамакенин оюнда: улук жооп алганда эмне, албаганда эмне? — баары бир үстүбүздөн келген жамандоолор жеткиликтүү болгон. Жоопко карап бул оңолбойт, ошондуктан анчейин чиелештирбес үчүн гана жооп айткан болуу керек. Жооп чубалган узун сөз эмес, айтор, бирдеме десе болор деп гана ойлогон. Өз жообун ушундай бермекчи эле.
Ошол жайын аягына чейин ойлонуп чыкпастан улук:
- Элиңер жигит бербейбиз дегени ыраспы? — деп сурады.
- Дегени ырас.
- Ал сөздү элге ким үйрөттү, ошону айт, башчысы ким?
- Эмне үчүн бербейбиз дейт?
— Жигитти биротоло бербейбиз дейби? Жок, же баландай шартыбызды аткарбасаң бербейбиз дейби? Элдин ичинде улук мына мындай иш иштесе, көнөбүз дей турганы барбы?
Бул Жамакенин күтпөгөн суроосу эле. Анын оюна ушу суроо менен катар тезинен бир чечим келгендей болду. Эчтеме чыгарына ишенбесе да, болумсуз болсо да, бир кичине үмүт элестегендей эле.
— Эл, берсек кара жумушка бербейбиз. Нагыз солдат кыла турган кызматына алсын дейт. Муну башынан айтышкан.
— Кара жумушта болсо согушка кирбейт, аман калат, Андай болгондо солдаттыкты эмнеге тиленет?
— Биз да солдат болуп жүргөн эл сыяктуу калкпыз. Биздин да эркегибиз — эркек, ургаачы эмес. Ошондуктан башка элдер катарлуу тең орунда болобуз. Колубузга курал берсин дейт. Прокурор кекетип суук жылмайып:
- Куралды кай жерде алгыңар келет? — деди.
Сен ошол элдин аксакалысың, эстүү адамысың, сен да ушуну айтасыңбы?
— Мен да ушуну айтамын.
— Бул натуура сөз. Эч кимден минтип аскер алынбайт. Сен элге мунун терс экенин түшүндүрүүң керек. Ошону сен туюндура аласыңбы? Элдин айтканы аткарылбайт.
- Ал болбосо, эл да болбойт.
— Мен кантип иштеймин? Элди мен кантип көндүрөмүн? Улук башың менен сен көндүрө албаганда, улуктугум, кайратым жок, көптүн бири кара казакмын, кары казакмын, мен кантип көндүрөмүн?
— Сен айтсаң токтойт. Сен ал элдин башчысысың. Элди айтканга көндүрүп жигит алып бересиңби, же мурун 6ч бир казак угуп көрбөгөн жазаны көрөсүңбү? Айт азыр ушуну! — деп прокурор жанатан берки сөзү өтпөгөнгө, даарыбаганга катууланып келип, ордунан туруп, тактайды бир тээп, кабагын түйүп Жамакеге карады.
Жамаке ызалуу жүз менен ууртун зордук менен тартып жылмайды да:
- Мен сага жалган убада бере албаймын. Ал ишке чамам келбейт,— деди.
- Көнө албаймын...
- Көнөсүңбү, карган ит, болбосо көндүрөбүз!
- Эмесе менин карган ка...ы кесип ал, билдиңби!
Ага да ошол шартты койду эле, Узак:
— Сени менен мен кай сөздө биригүүчү элем. Айтаар жооп, берер убадам жок. Сени менен сүйлөшпөймүн. Апарсаң, чоң улугуңдун алдына апар,— деди.
— Сен да Жамакенин сөзүн айтасыңбы? Ушу айтканыңды гана кубаттайсыңбы? Жок, башка да айтарың барбы? — деди прокурор.
— Мен сени менен сүйлөшпөймүн. Сенин ишиң зордук. Зордукчу менен сүйлөшчү беле? Жооп бербеймин,— деди. Мындан кийин эки-үч кайырган суроого тымтырс жооп катпады.
Солдаттар аны да алып кетишти.
Мындан кийин Абакирге кезек келгенде, ал көзү канталап, жүзү ачуу менен сурданып ашыгып тургандай эле.
— Менин айта турганым: же Жамакенин айтканын кыл, же болбосо элдин экинчи айта турган сөзүн аткар, мурда ак падышага караганда солдат албаймын, алымын гана аламын деген. Бүгүн ал сөзүм ката экен, эми солдат алгым келди десең, илгертен берки элден алган алым-салыгыңды түгөл кайтар. Ошондон берки элдин чыгымынын бардыгын колуна түгөлдөп санап бер да, солдатыңды ал, ага көнбөсөң өзүң бил, эл ошону иштейин дейт. Менин жообум ушул,— деди.
Ушундан кийин оёз, прокурор экөө болуп ары-бери салып калчаган, коркутуп-үркүткөн, урушкан сөздүн эч бирине да күнөөкөрлөр жашыган жок. Өзгө эч бир сөздөрүнө жооп бербей, ушу айткандарын кайта-кайта айтып туруп алган соң: «Кайта апарып камагыла! » — деп буйрук кылды да, улуктар үчөөнү тең түрмөгө кайра салдырды.
*************************************
#9 21 May 2017 - 12:12
IX
Прокурор, оёз жооп алып, түрмөгө салгандан бери карай үч күн өттү. Бул убакытта сыртынан да, түрмөнүн ичиндеги башка туткундардан да, Узак, Жамакелер эч тыңгылыктуу кабар албады. Узун кулак сыяктуу угулган чала-була шыбыштар: «жакында уйгурлар көтөрүлгөнү жатат. Кыргыз тегиз атка минип, курал алыптыр. Түрмөгө Узактар сыяктуу колго түшкөн бир нече кыргыз башчыларын жанындагы жыйырма, отуз кишилер менен апкелип камап таштаптыр. Уйгур кишилеринен да бир далай баштуу адамдар ушу түрмөдө жаткан көрүнөт. Баары тең эмне болорун билишпейт. Бирок элдерине «көнбө, алыша бер», деп кабар айтып, улуктун сөзүн моюнга албай, жашыбай жаткан жайы бар»,— деген имиш-имиш кабарлар гана угулат.
Бир жакшысы — Каркыра жагынан апкелген Албандын кишилеринин бардыгын тең бир камерага камаган эле. Али топторун жазган жок. Буларга мурун жаткан, артынан кармалган казактардан да жети-сегиз киши апкелип кошуп, ушу күндө бир камерада жаткандардын саны он сегиз болуп калган. Баарынын тең айыбы бирөө эле. Жигит бербеймин деген эл башчылары.
Калың элден суурулуп чыгып, камак үйү, күчтүү туткунга алынган күнөөкөрлөргө күндүк өмүрдүн өзү да жылдык болгон сыяктуу, толуп жаткан белгисиздикке, табышмакка толгондой көрүнөт. Саат сайын бир өзгөчө катаалдык, кастык күтөт. Түсү белгисиз болсо да, затым маалым сыяктуу. Ушундай ичте сакталган, чыйратылган күдүктөнүү, кооп үстүндө эмгексиз, эрмексиз отурган топ ар түрдүү сөз сүйлөп, бирде үмүттөнүп, амандыкка ишенгендей сөз сүйлөсө, бирде биринен бири жашырбай ачык айтып, чоң кооптор бар экендигин да сөз кылышат.
Кайдан чыкканы, кимден келген кабар экени белгисиз, бирок бүгүн эртеден бери: «Кашкар көтөрүлүш чыгарыптыр, ал жакта падыша солдаттары жеңилиптир, эми Кашкар аскери ушу жакка карай беттеп мусулман аттууну төрөлөрдүн зордугунан куткармакчы» — дейт дешкен сөздөр чыгып кетти. Бул кабар да күндөгү күдүктүү; коркунучтуу кабар менен аралашып келип жатчу болумсуз үмүт сыяктуу. Буга казак камерасындагы көпчүлүк ишенгидей да жагы бар эле. Бирок Узак, Жамаке буга башынан ишенген жок. Булардын ишенбөөсү өзгөлөрдүн да күдүгүн күчөттү.
Антсе да түрмөгө түшкөндөн бери созулган томого туюк табышмактуу абалга булардын тапкан жалгыз айласы ошол сыяктуу болуп, төлгө салып киришкен эле. Кээде жети-сегизи бир жерге жыйылып, кээде экиден, үчтөн короолошуп отуруп, жалпак, кең далистин үстүндө буурчак таштарынан төлгө тартышат. Күн сайын эртели-кеч салынган төлгө жалгыз кабарчы, жалгыз көмүскө үмүт бере турган эрмек сыяктуу.
Бүгүн Кашкар кабары угулгандан бери ага арнап салынган төлгө жок эле. Ошондуктан элдин көбү бир калыптуу сөздөрдөн, жүдөөлүктөн кажыгандай, жалккандай болуп, далис үстүндө жантайышып каалгып жатканда, Карбос деген аксакал башын көтөрүп Абакирге:
— Эй, Абакир, төлгө ташыңды апкелчи, Кашкар тууралуу эмне сүйлөр экен,— деди.
— Ооба, жайчылыкта төлгө ташка тыным бербейбиз. Төлгөнү сала турган болсок, эми салалык да, канча айтса да жакшылык го мына мунун өзү,— деп Субанкул да башын көтөрдү.
Абакир камданып, ташын алып, тактайдын ортосуна малдашын курган боюнча, унчукпай арты менен жылып келди. Бул убакытта Узак, Жамакелер да башын көтөрүп, түнөрүп карашып күтүп отурушту.
— Жакшы кеп — жарым ырыс дейт эмеспи, мынабу кишилер ишенбейбиз деген менен, өзүм али да ошондон күдөр үзгөнүм жок. Ошол жакта, айтор бизге жайлуу бирдеме бар,— деп Абакирдин жердеши Нуке да акырын жылып келди. Абакир али да унчукпай сурданып отуруп төлгө тартты.
Кумалактын баш-аягы түгөл тартылып болгон соң эл тегиз бир далай убакытка унчукпай отурушту да аягында бирине-бири: «Сүйлө, сүйлө, сен сүйлө» дешип, колдору менен үчтөн, төрттөн үйрүлүп түшкөн топторду козгоп-козгоп коюп, кайта-кайта жүрөктөгү үч кумалакты жылдырып келип, аягында:
Оңду-солду айкашып келип түшкөн кумалак ушу.
Ырас, буга караганда кабары да, өзү да келди.
Баса, мынабу кан майданга аралаш го.
— Эмнеси. болсо да камыр-жумур болуп бир келет. Кашкардан аскер келди. Кудай буюрса, бошойбуз, түбү аманчылык, тынччылык,— деп жанагы Субанкул, Нуке айткан сөздөрдүн бардыгына корутунду сөздү Карбос аксакал айтты.
Көпчүлүк баарынын ортосундагы агасы Карбостун сөзүн дубалуу сөздөй көрүп;
Айтканың келсин, ачкан балың пайгамбардын балы болсун.
— Ушу айтканың келсин, карыя, оозуңа кудай салгылык кылсын!.. — дешип журт жабырашып алкыш айтып, эми кумалакты жыйышмакчы болгондо баятан бери унчукпай отурган Абакир:
Силер ошондой дейсиңер го. Мен ага ишенбеймин. Кумалак андай сүйлөп турган жок. Мен билген кумалак чын боло турган болсо, бир чоң кыргын болот. Ошондо жарымыбыз өлөбүз, жарымыбыз чыгабыз,— деп Карбоско тикирейип карап, унчукпай тынып калды. Элдин баары:
— Оозуңа таш.
— Тил-оозу таш капсын.
Типу, типу, түкүр жерге! — деп Нуке да Абакирди түрткүлөдү.
Кумалак жыйылган соң ар ким орду-ордуна кайра жылып барышып, жантая кетишти. Экиден, үчтөн гана үйрүлүп, бирине-бири бурулуп жатып, акырын-акырын гана аңгемелешет. Анткени, кумалактын аяк жагында эшиктин тешигинен белгилүү адет боюнча эки сук көз дагы келип кадалып, уурдана жалтактап, булардын алжайын байкап, аңдууга келгенин билишкен.
Кулпулуу кара эшиктин кичинекей тешигинен шыкаалап караган ошол эки көз камерадагыларды ар качан чочулатып келгендей таасир бере турган. Алгачкы түрмөгө отурган күнү эле ошол сугалак, сук көздөр эки-үч жолу карап, кайта жоголуп кеткен кезде Жамаке өзгөлөргө карап:
— Түрмөдө кишини чочутуп, жүрөгүңө ийнедей кадалган капыр ушу кичине тешик. Көрүп турган кордугуң, ошону көрсөтүп зарланып, ийниңе чыгып турган чоң душманың улугуң да, ошол тешиктен караган суук көздөн толук көрүнүп турат. Жүрөктү опкоолжутуп, кажыта турган да ошол,— деген болчу.
Ошондон бери элдин баарына тең тешикке кадалган көз булардын өпкөсүнөн өткөн дарттай, маңдайыңа карап кезеген ажал огундай болуп көрүнө турган. Кээде жалтылдап, кээде жылпылдап аңдуучу көздөр камеранын ичин оңду-солду кезгенде, тактай үстүндө отурган казак күнөөкөрлөрү, караңгы түндө күн жаркылдагандай, чагылган ойногондой унчукпай томсоруп, ичинен тынып калышчу.
Кумалактын арты ушундай же томсоруу, же болумсуз гана күбүр-шыбыр кепке айланган эле. Тынчтык менен бир саамдай убакыт өттү. Ошол кезде баятан бери кабагын катуу түйүп, ооналактап, тынчтык алалбай отурган Жамаке катуу күрсүнүп, көкүрөгүн өйдө көтөрүп:
— Капыр-ай, бул кандай болуп баратат? Менин шайым кетейин деди го, ичимди өрттөп баратат,— деди да, кайтадан чалкасынан түшүп, чыдамы түгөнгөн азаптуу кыйноо менен ичин басып бүктөлүп кетти. Баары үрпүйүп чочулап калды.
Эмне дейт, эмне болуп калды? Баатыр-ай?!
Эми эле сопсоо эле го, эмнеликтен болду?
— Кайсы жериң, кандай ооруп турат өзү? — деп Карбос Жамакеге карай жакындады. Баарынын эси чыккандай шашкан, үрпөйүшүп. Баары бирдей кыйналып жаткан карыяга карай жүткүнүштү. Аздан кийин Жамакеге телмирип карап отуруп, эмне болуп калганын билбей таңданыша баштады.
— Ичи-боорумду өрттөп эзип баратат. Эмне болуп кетти дейсиң? Эмнеси болсо да, жанагы жеген тамагыман болду... Мага... Ошондо бирдеме кошуп бердиби деп ойлойм. Баятадан бери чыдаган болуп отурган элем... эми шайымды оодарып баратат... Бүткөнү ушу чыгар, катын-бала, эл-журтка салам айткыла... Кошкула эми,— деди да кайтадан бүктөлүп, бир жыйрылып, бир жазылып жанын кыйнаган азапка түштү.
Улам барган сайын жүзү көгөрүп, карт кабагы карыш жабылып, таштай түйүлүп, дем алышы оордоп, ычкына баштагандай болду. Көзүн ачпайт. Эмки кайгы-дартты соңку кыйноо саатын жумулуу көз менен өткөргүсү келгендей. Өмүр бою антип-минтип, алдаган болуп, ар нерсени көрсөтүп, кадырлуу да, жакшы да киши болгон сыяктанса да агайынга, элге абройлуу салмагы зор башчы болгон сыяктанса да, аягында келип токтогон акыркы шатысы бардык ошол өткөн күндөгү болумсуздун баарын жокко чыгарган, мазактаган, адаштырган сыяктуу жатты.
Талаада, түрмөдө, жоо туткунунда өлгөн өлүм — жашы жетимиш ашкан чагында Жамакенин башына келген каза оор жаза сыяктанды. Ичте тумчуктурган оор дарт бар. Кескилегендей тилим-тилим болуп бирде күйүп өрттөнүп, бирде жара тилгендей ачышып, курушкан дене кыйналуу менен бирге көңүлдөгү соңку сезимдин азыркы абалдан жийиркенүү, түңүлүп, сууп бара жаткандай. Аз убакыттын ичинде өлүмгө бардык сезими менен бой берип алып, бир ирет бар күчүн жыйып келип:
— Түрмөдө, жоо колунда өлүп баратам, ошону арман кылбасам, башка арманым жок... Жамакенин өлүгү... качанкыга өлбөй... сүйрөтүлө бермек... бирок жалгыз арманым... айтор... жоодон өлгөн соң, канткенде да... кан майданда каршылашып өлбөдүм... кары колум... эч болбосо.., жаздыгын ала өлбөдү... — деди.
Жанындагылардын көбү Жамакенин өзү менен бирге башынан эле чочунуп күдөр үзө баштаган эле. Айланада отурган агайындын бардыгынын көзүнөн дыбышсыз жаштар тамчылады. Эч нерсе айтышып сүйлөшкөн жок. Жамакенин айтканы ырас. Төлгө салаардын алдында бир чай кайнамдай мурун бардык туткундарга сорпо сымак бир нерсени алып келип берген. Ошондо «мынабу Жамаке чалдыкы» — деп атын атап бир табакты Жамакеге сунган. Эмнеси болсо да ошондон болду. Көңүлдө сайрап угулуп турат. Прокурорго берген жообу алардын эсине түштү, Анын үстүнө жашы жеткен чал. Муну башка жаза менен өлтүрүү кыйын. Аттырып салуу закондон тышкары жумуш, ошондуктан өз ажалынан өлдү деш үчүн атайын астыртан уу берип отурат.
Бул жайды өзгөнүн баарынан мурун ачык, толук түшүнгөн Узак эле. Ал башынан эле, эң алгачкы кармалган күндөн бери эле, ушундай бир иштин баарынын башына келе турганын билгендей болчу. Ошого ичинен өз башын абдан дайындаган. Жүрөгүн ордуна келтирип, көнүктүрүп алган эле.
Ошондуктан бүгүнкү кумалакка да, ага карап үмүт кылган жаш-карыга да эч нерсе айтпаган. Үмүт кылып желпинген эмес. Ошондой эле өзгөлөрдү чочуткан Абакирдин сөзүнөн да анча чочулап, коркуп сестенген жок.
Жамаке эзелки замандан бери жубу жазылбай келе жаткан үзөңгү жолдошу, жан шериги эле. Экөөнүн бирин бири туюнуп, ичи-тышы менен жанбиргелиги өзгөчө боло турган. Өз тушунда экөөнүн таттылыгындай таттуулук, бирдик эч кимде болгон эмес. Кайсы иште болсо да, булар ал-жайларын айтышпай билишчү. Кабак менен нече түрдүү табышмак жайларды баамдашып, сүйлөшпөй, ичтеринен гана макулдашып коюша турган.
Ушу жолу эл каршылыгына башчы болуп, чоң сөздү карманып чыгарда да, экөө өзүнчө кездешип эки-үч ооз сөз менен туюнушуп, түпкүрдөгүнү билишип келишкен, Башка жерде, кең конушта, айылда болсо, Узак Жамакенин башын кучактап отуруп ыйлаар эле. Ичтегисин айтып, бугун чыгараар эле. Эгилип-төгүлүп отуруп арманын агызар эле. Бирок азыр ошонун кайсынысын иштесе да, Жамакенин да, өзүнүн да намысына тие турган сыяктуу көрүндү. Досун ыраазы кылбай иренжите турган, капа кыла турган сыяктуу. Жамаке, Узактын ниети — чоң ниет, экөөнө бирдей орток ниет болгон — ошол жолдо бүгүн Жамаке өлсө, эртең Узак да өлөт. Жамакеге сен өлөсүң деп ыйласа, анысы Жамакенин ниетин болумсуз көргөн, ката тапкан, кемсинткендин белгиси болор эле. Экөө тең бул ишке көрүп, билип туруп киришкен. Эмнеге болсо да чыдайбыз, көтөрөбүз дешип, нык убадалашып алып киришкен. Жана туткунда, жоо колунда отуруп ыйласа экөөнүн тең сөөгүн сындыргандай, өздөрүн өздөрү кордоп, кичирейтип жашыткандай болор.
Мындайды Жамакеден да, өзгө бардык казактан да, Узак өзгөчө анык түшүнөт. Мурдатан бери мунун айрыкча мүнөзү ушундайда көрүнүп, ушундайда сыналган. Сөз боло турган, душманга таба болор дей турган жер келсе, андайда бул этинен эт кесип алса да, былк этпей, сыр бербей, карышкырча дабышын чыгарбай өлүүгө жарачулардан. Жамакенин кайгысы кабыргасын сындыргандай ичине терең батса да, Узак бошоңдоонун ордуна сурданып, тиштенип, эч кимге тил катпады. Көзү кыпкызыл болуп, ачууланып тешиле карайт. Карарып, унчукпай отуруп алды.
Жалгыз гана Жамаке акыркы ирет буга карап, «кош» дегенде:
— Өмүрү кабак менен туюнушуп өттүк эле. Менин эмне абалда отурганымды да билип жатасың. Кош, карыям, шеригим, эмне айтайын. Жаның кудайга аманат. Артыңдан мен жетермин... өкүнбө... арман жок! — деди.
Ошондон ары өзгөнүн баары кемшеңдеп, кайта-кайта мурдун тартып ыйлашып, Карбос «яссинди» окуп ыйман айтып, үшкүрүп отурганда Узак унчукпай гана Жамакенин жүзүнө карап жым-жырт отурду. Убакыт өткөн сайын Жамакенин абалы оордоп, кыйналып бара жатты. Тилден калганына бир дадай убакыт болду. Акыркы убакытта жалгыз гана тумчуктурган кыйноо азабына туш келгендей. Анда-санда оозунан көк көбүк аңтарылат.
Ичин өрттөп тилгилеп бара жаткан оорунун күчтүүлүгү орошон жат түрү суук сыяктуу. Кара өзөгүнүн ичинде бычагы бар душман колу аралап аңтарып жаткан сыяктуу. Ичи-боору тилинип, жыртылып, өрттөнүп келип түйүлүп ооруганда тынчы кетип, алы куруп тумчугуп кеткендей болот. Кур гана түйүлтүп ооруткан оору эсин оодарып, акыл-оюн жутуп бара жаткандай болду.
Катуу кыйнаган оору кары жүзүнө да өтө суук, кейпи жаман тамгасын баскандай. Демейде бырыш катмары мол, карыянын жүзү мынабу көрүп жаткан азап үстүндө таанылгыстай болуп өзгөрүп кеткен. Бардык жүзү тазарып, күл беттенип, өлүм тамгасын басып, көгөргөнсүп калган. Түктүү кабак жыйырылып келип катуу жумулгандыктан, көздүн ордун толук басып алган сыяктуу. Анда-санда чоң зордук менен алайып, ачылып жабылган көздөрүндө тигил дүнүйөнүн түптүз караңгылыгын көрүп кетенчиктеп, чочулап турган сыяктуу. Көзүнүн карасы азайып, агы көбөйгөн. Түз карабайт. Жогору карай чапчып чалкалай берет. Чочуткандай болуп канталап, алаят. Маңдайынын, бетинин бырыштары жыбыраган курттай болуп, демейдеги кебетесин, тиричилик ажарын жоготуп баратты.
Кыйналуу толкунун асыресе анык көрсөтүп турган уурту менен эриндерин ыкчынып келип жымырып, ичинде миң буралып толкуган дарт менен бирге кыйналып, жөтөлгөндө, оозу биротоло жоголуп, ордуна көзгө көрксүз ийри-буйру бырыш-тырыш сызыктар гана калат.
Ушундай ичи-тышын бирдей өрттөгөн кыйноо, адам айткысыз азап үстүндө эки сааттай жатып Жамаке кайтыш болду. Жолдоштору тегиз кайгырып, ыйлап отуруп, ыйманын айтып дем салып, акыркы болумсуз жардамдарын берип, кызматын кылуу менен бирге эң акыркы жалындуу, армандуу «кош-кошун» айтышты. Дене кайраты бүтсө да, жан кайраты али далайга жетерлик эпкини бар асыл карыя ошону менен кете берди.
Камерада ошол күнү, түнү бирдей Албандын кишилери Жамакеге кайта-кайта куран окуп, күрсүнүп кабак чытып каралуу болуп отуруп, уйкусуз түндү өткөрүштү. Эртесинде таң азандан сырттагы өздөрүн кайтарып жүргөн кишилерине Жамакенин көз жумганын айтты.
Булардын ал-абалын билемин деген кишилерди такай киргизе берчү эмес. Күнүнө бир мезгилде бир гана киши көрүшүүгө мүмкүндүк алчу. Ошол «кеңчиликтен» пайдаланып Абакирдин артынан издеп келген катыны кирген экен. Алыстан күйөөсүн көрүп, мындай шумдукту мурун башынан өткөрбөгөн момун, алсыз аял жалгыз сүйөнүчү эки көз болуп, мөлтүлдөтүп жаш агызып, амандашпастан бышактап ыйлоого кирген эле. Абакирдин өзүнө да бул көрүнүш катуу таасир этти. Өзгөчө бошоңдоп, мууну калчылдап бараткандай болду. Ичине ысык чок таштаган сыяктуу. Күйүт, амалсыздык дарты билинди. Бирок, ошол абалды байкаган сайын өзүн өзү тез колго алып, токтотуп отурууга аракеттенди. Башынан ошентмекке бекинген. Ошол себептүү ыйлап турган катынына жакындай берип, амандашпастан:
— Ыйлаба, көз жашыңдын мында тыйынча да кереги жок. Ыйлай турган болсоң азыр кайра кайткын! — деп өзү да бир тамчы жашын ирмеп алып: — Көп сүйлөшүүгө убакыт жок, бекер келипсиң, ошончолук алыстан. Балаңды да, өзүңдү да бир аллага тапшырдым. Бар, кайт! Кечээ кечинде Жамаке кайтыш болду. Тамакка кошуп бирдеме берип койдубу деп күмөнсүнөбүз. Тамакты ичери менен кетти. Ошондон башка сөз жок. Элге-журтка ошону айта бар. Кош! Кудайга аманат! — деп катынын сүйлөтпөстөн кайта айланып басып кетти.
Бул кабар Каркыранын тегерегине жеткенде жайлоо-жайлоонун бардык элин дүрт эткизгендей болду. Алды болуп Асыдагы Кызыл бөрктөр качып келип, үркүндүн алдын баштаган соң, андан бери кыргыз, уйгур кабары да үстү-үстүнө келип жаткан соң, Каркыранын жанындагы Албан буунуп-түйүнүп, бир чоң ишке даярданып калган өңдүү болчу. Эми кай кезде, кай иштин тушунда баштала турганы белгисиз. Бирок элдин боюн ээлеген ачуу менен кек күн өткөн сайын ташкындап, көбөйүп келе жаткан. Ушул соңку күндөрдө Караколдон эртели-кеч алып кеткен кишилери тууралуу кабар алып жармаңке башындагылар тууралуу үзбөй, ат тезегин кургатпай бирөөдөн бирөө кабар алып, амандык-эсендиктерин билип турушкан.
Бирок алардын түрмөдө жатышы созулуп барат. Ошондуктан бир-эки күндөн бери: кишилерибизди сурап алабыз, эл болуп жыйылып жармаңкеге барып, чыгарып бер, бошот дейбиз, дешкен ар түрдүү чечимдер болгон. Иш жалгыз жармаңкенин өзүнө калса, Жансейит, Баймагамбет, бүтүм кылган сөз боюнча Каркырага алда качан чабуул жасоого да, эл тегиз таш түйүн болуп дайындалып, белсенип алган эле. Бирок мындагыларды ошондойчо алабыз десек, же ошондой алсак да, тиги Караколдо жаткандар аны менен бошонбойт. Мындагы иштин сазайын ошолор тартып, оордуктун баарын ошолорго түшүрүп аларбыз, деп ошол жакты ойлоп, токтолуп турушкан эле.
Кантсе да, бир иштин баштала турган кези келет эмеспи. Жаранын оозу ачылууга айланып, сары суу басып кетти. Жукарган, тешилгени турган жерлер көп. Кайсысынан чыкса да бир кыймыл, бир сыр чыгат. Ошону ойлоп жайлоо-жайлоонун эли, дамелүү Жигиттери аттарын күн-түнү колдо сактап, босогодон найза, белден кылыч сыяктуу куралын кетирбес болгон. Жатпай-турбай издеп жүрүп мылтык, алты атар таап алгандар да бар эле Андай сейрек курал бул күндө элдин бардыгында саналуу сүрдөй сакталуу. Мурун мылтыкты көп кармаган мерген болсо же билеги күчтүү жүрөктүү ар деп таанылган азаматтар болсо, ошолорго тапшырылып берилип жаткан Бул куралды тапшыруу менен бирге эл атынан тилек айтылган Эски казактын карыя батасы менен бирге эски мурас сыяктуу болгон эркиндикти жоктоону милдет кылып тапшырган.
Ушундай күдүктүү, күптүү жагдайда томсоргон катаал жүз менен камданып, дайындалып келе жаткан элге, кечээ кечинде Жамакенин көз жумган жаман кабары келип угулган Караколдогу туткундарга тамак жеткизип, эртели кеч кызмат кылып, ал-жайын аман-эсендигин билип турууга чыгарылган он-он беш киши бар эле. Алар Абакирдин катынынан Жамакенин кабарын уккан соң, ошол арада түрмөнүн улугуна барып карыянын сөөгүн сураган. «Өзүбүз аруулап таза жууп, колубуз менен коёбуз, кишибиздин сөөгүн бергиле» — дешкен. Буга түрмөнүн улугу өз алдынча жооп бералбай, астыртан оёзго акылдашып келип Жамакенин сөөгү берилбей турганын айткан.
Элге Жамаке тууралуу кабар жиберүүдөн мурун Капаколдун башындагы жигиттер мындагы улук аттуунун бардыгына барып, сүйлөшүп, иштин жайын билип чыккан. Оёз прокурорду да көрүшкөн. Эч кимиси жарытып жооп берген эмес. Арыздарды дурустап уккан да Киши болгон жок. Айтор эптеп жооп бериш үчүн түрмөдө өлгөн жазалуу кишини закон боюнча эл колуна берүүгө болбойт. Мусулман адети менен молдого жаназасын окутуп, өзүбүз койдурабыз деген болду.
Каркырага Жамакенин өлүмү жөнүндөгү кабарды апкелүүчүлөр ушу сөздү кошо ала келишкен. Көп элдин аласыз ак көңүлү менен, жалпы кадырлаган карыясынын жаман өлүмү менен бирге, мына мындай кылып сөөгүн да бербей коюу, кулак укпаган шумдук сыяктуу болду.
Каркырага барабыз, мындагы улук аркылуу кишибиздин сөөгүн суратабыз, колубузга алабыз» — деген шартка токтолуп, жайлоо-жайлоонун бардыгындагы элдин башын бир жерге кошкон жалпы тилек сыяктуу болду.
Ошентип кабар келген күндүн эртесинде Каркырага туш-тушунан калын-калың топтор үзүлбөй агылып келип жатты. Чак түш ченде далайдан бери каңгырап ээн турган жармаңкенин башы баягысындай аттуу-жөөлүү болуп жыйылган эл тобуна лык толду. Базар ортосу каршы-терши кыймылдаган калың кол болуп кетти. Көчө-көчө атчан, өгүз, тай, кулундуу бээ минген албандарга ширелишип толуп чыкты.
Чет-четтеги али да болсо ондон, жыйырмадан тарам-тарам жолдор менен чубаган тебетейчендер арылган жок. Токтоосуз агылып жатты. Бардык жыйын ичиндеги адамдардын жүзүндө бир гана суроо бар. Баары тең жыйыларын жыйылып алып: «Эми кантебиз? Эмнеден баштайбыз? Көптөн күткөн ниетти эми ишке ашырабызбы, жокпу? Али да тосорубуз, күтөрүбүз барбы?» — деген суроого такалышкан эле.
Бүгүнкү жыйынга андай кыл, мындай кылды айтып башчылык кылган киши жок. Бирок башчыбыз, бүтүмсүз козголгон калың жыйындын тилеги да, шарты да өз ичинде айтышпай, шерттешпей эле калың топ ымдоо-жымдоо менен туюнушкан сыяктуу. Ичтеги чын нааразылык менен, ошондон тууган каршылык ниети, эми тешип чыгар жерин гана күтүп турат. Ошондуктан эл тегиз кумсарган, ачуулуу сүйлөшүп дүрдүгүшөт. Эч ким ээлигип-жээлигип, күлүп-ойнобойт.
Бирин-серин оюн-шоокчул жигиттер, күлдүргү жеңил мүнөз адамдар арасында болбосо, мурунку мындай жыйында боло турган нечен түркүн оюн-тамаша азыр аты менен жоголуп өчкөн сыяктуу. Элдин жүзүн, кабагын багып жүргөн урядник казак-орустар Акжелкенин кеңсесине ушундай маанайдын бар экенин тыным албай жеткирип турду.
Таң азандан элдин минтип агылып келерин билбеген, күтпөгөн улуктар жармаңкеге бүгүн өзгөчө көп элдин келип калганын түшкө такаганда гана байкаган эле. Четтен тыным албай дүбүрөп келип жаткан атчандарды да ошол кезде байкашты.
Элди мүмкүн болушунча жармаңке башына көп келтирбөө керек. Калың жыйындар болсо, аны таратуу керек болучу. Бирок бүгүнкү элдин жыйыны башында аз-аздан башталып, бириндеп отуруп куралып алды. Башында кенебей, байкабай отурганда жармаңкенин ичине алда нече жүздөй киши эрте келип кирип алыптыр. Ошондон кийин жармаңкенин ичинде тирелип турган топтун өзү да өлчөмдөн тышкары көп болгондуктан, сырттан келип жаткан бирин-серин кишилерди кайта кайырып, жолотпоймун десе, тескери болот сыяктанган. Андай менен чегине жетип, араң турган элди көкүтүп, өчүктүрүп алууга болот.
Коркок улук ушуну эсептеп, жармаңкеге келип жаткан топту токтото албады. Бирок эмнеси болсо да, чарасыз, камсыз отурууга болбойт. Ошондуктан урядник сыяктуу улуктар жармаңке башында аскер аттуунун бардыгын пристав кеңсесинин айланасына апкелип, базардын жанында жүргөн улук аттууну, кызматчыларды да түгөлү менен Подпороков өзүнүн жанына чакыртып алган. Алдырган кишилеринин ичинде казак тилмечтери да бар болучу. Буларды казак менен катнаш азайгандан бери күндө чакырып, күндөгү керегине жаратпаса да, ошондой казак элинин тобунан, көптүгүнөн жазганган күнү атайы издетип жүрүп жанына чакыртып ала турган жармаңке улуктарынын адети бар эле.
Ушундай тайлуудан таяк койбой бир жерге жыйып камданып болуп, эми эл топтору эмнени айтып, эмнени ниет кылып жүргөндөрүн билүүгө кайта-кайта астыртадан киши жиберип, эл жагынан иш күтүп отурган.
Булар күткөн ишти эл түш оой баштады.
Көчөдөгү элдин көптүгү өзгөчө. Ийне саяр жер калтырбагандай. Дүпүр-дүпүр баскан оор салмак билинет. Аттар котолошуп, үзөңгүлөр кагышып, кажашкан аттар салмак менен ыргалып, туш-туштан Акжелкенин кеңсесин камап, курчап келет.
Жыйын ийин тирешкен учу-кыйыры көрүнбөгөн көптүгү менен кеңсе айланасын каптап басып алды. Анда-санда ар жерде өз ара бирин-серин сөз менен тил катышканы болбосо, көпчүлүктө ун жок, ширелишкен тымтырстык үстүндө кара булуттай түйүлгөн ачуулуу, ызгаарлуу топ калың кара колдой болуп тегеректелип, канатташып алганда, кеңседеги улук аттуунун бардыгы баягысынча дагы да тышка чыгышты. Эл буларды көргөндө биринин үстүнө бири энтелеп басып кетти. Улуктардын солдаттары бөлөк жакта калып, өздөрүн атчан казактардын тобу ортосуна кысып өзүнчө бөлүп алды.
Акжелке бул абалды алды жагын жалтактап туруп байкап көрсө да, эми эч бир айла кылууга болбой калган эле. Ошондуктан эмнеси болсо да элдин ыгы менен кетмек болуп:
— Эмне айтасыңар? Эмнеге жыйылдыңар? Арыз айтчу башчыңар ким? Эмнеге сүйлөбөйсүңөр? — деди.
Буларды курчап алган жыйындын алдыңкы катарындагы кишилери Баймагамбет, Жансейит, Картбайлар эле. Бардык өзгө топтун ичинен жигердүүлүк менен, өзгөчө ызгаардуулук менен айырмаланып чыккан Тегерек-Саз эли болду. Асыресе, бул арага жыйылган топ катууланган маанайда эле. Ошондуктан Акжелке жанагы сөздү айтып токтоору менен бир нече добуш:
— Жамакенин сөөгүн бер!
— Кишибиздин өлүгүн колубузга бергиз!
— Сен каматтың, эми сен өлгөн кишибизди колубузга алып бер!
— Түрмөдөгү калган кишилерибизди чыгарып бер!..— деп көз кызарып, бет сурданып, күрөө, чеке тамырлары адырайып, бир нече ачуулуу жигиттер катуу-катуу сүйлөп жиберди. Булардын ичинде Жансейит, Баймагамбет да бар эле.
Акжелкени бул сыяктуу туташкан ачуулуу чуу сестендирип, чочутууга айланды. Анын өңү кубарып, жорголой басып, жагынып сүйлөөгө бет алып, көптүн айдыңына тиктеп кароого чыдай албай бугуп калды.
— Эл-журт, сиздер сөзгө кулак салыңыздар. Эл кишилерин каматкан жогорудан келген буйрук. Биз эч нерсени өз бетибиз менен жасаган жокпуз. Жогорку улуктун буйругун гана ишке ашырабыз. Караколдогу улук бизден чоң. Айткан тилибизди алса — алат, албаса — коёт. Жамакенин өлгөнү ырас, бирок сөөгүн бербей отурган — биздин жоон улук. Ага мен эмне дей аламын?!
— Сен кармап бергенсиң. Анын айтканын сен иштегенсиң. Эми: «Мындагы эл нааразы болуп, эрөөлгө чыкканы жатат. Менин тилимди ал, кишибиздин сөөгүн бер» — деп, Караколго кагаз жаз, киши жибер,— деп Баймагамбет жооптошо баштады. Ага ал көнбөсө кантесиң? Менде ал-күч жок. Аны кантесиң?
— Ал көнбөсө, Алма-Атага телеграмма жибер. Мынабу элдин арызын аткарган дурус. Кишисин өздөрүнө берүүнү макул көрөмүн де! Мынакей, ушул элдин бардыгынын жыйылып келген сөзү — ушу сөз. Биз кишибиздин сөөгүн алабыз.
— Ооба, өлтүргөнүңөр да жетет. Сөөгүн бербей отура албайсың,— деп Жансейит бир жагынан кадалды.
— Кишибиздин сөөгүн алып бер. Акжелке, эл сени билет.
— Сен кылдың ушуну, эгер кишибиздин сөөгү тийбей турган болсо, сен кылды деп билебиз,— деп желке жагынан дагы бир нече добуштун кадалганын байкады.
Улуктардын бардыгы тең эки жагына жалтакташып, ар бир сүйлөгөн кишилердин өңдөрүнө телмирип, эстери чыгып, кысыла баштаган эле. Акжелке да айтаарга сөз таба албай курулай жалтактоого айланды. Ошол убакытта тергөөчү өз тилинде:
— Айтканыңарды жасаймын. Алма-Атага телеграмм жиберели деп убада бериңиз,— деп күңк этти.
Ошондон кийин Акжелке:
— Жамакенин сөөгүн колуңарга берүү керек. Бул бир жаңылыш кеткен ката го деп ойлоймун. Эгер бербейбиз деген сөз чын болсо, Алма-Атага телеграмма жиберелик, Бирок жалгыз мен эмес, силер өзүңөр да эл атынан, эл кишилери да жибергиле, бирге жиберели,— деди.
Баятадан Баймагамбет, Жансейиттер менен Акжелкенин сүйлөшкөн сөздөрүн жакшылап кулак салып тыңдабай бир жерден кыйкым таап урушууну күтүп турган эл, мынабу сөздөн кийин бардык кыжаалат оту токтолуп басаңдап, акырында өчө баштады. Бирөөдөн бирөөгө:
— Акжелке Алма-Атага телеграмма берелик. Жамакенин сөөгүн жогорку улуктан сурайлык. Бербегени туура эмес деп жатат,— дешип Акжелкенин акыркы сөзү элдин баарына күбүр-шыбыр, дабыр-дабыр эткен добуштар менен бирге онду солду аралап тарап жатты. Ошонун тарашы менен бирге көпчүлүк азыркы сөзгө канааттанып, токсуна калып, адеттеги момундугуна түшүүгө айланды. Мурунку жыйрылып турган ачуу эпкининен кайтып, жоошуй баштады.
— Кантсин байкуш. Мунун колунан келери ошол чыгар.
— Туура айтат. Өз колунан келгенин аябайын десе, андан ары эмне кылмакпыз.
— Бир гана нерсе, ошол айтканын азыр бүтүрсүн.
— Азыр, азыр бүтүрсүн.
— Телеграммды азыр жазсын деп айткыла. Ой, тигил
жерде сүйлөшүп турган ким? Азыр бүтүрсүн ошол айтып турганын! — деп арттагы көп добуш кайта-кайта өйдөлөп чыгып, ушу бир сөздү алда нече жерден сан кишинин оозу менен айткызып, улуктарга жеткизип жатты.
— Азыр жазып, бүгүн эле жибермек болду,— деген кабар кайта чыкты. Баймагамбет, Жансейит да алдыларында жоошуй түшүп, жорголоп турган улуктарды көрүп, эми эмне кыларды билбей далдырап калышкан эле. Ошол кезде улуктар эптеп-септеп суурулуп, кеңселерине карай козголо баштап, элге:
— Эми, эл-журт, тарагыла. Бул жерде баарың үймөлөктөгөн менен эмне чыгат? Телеграммага кол коё турган кишиңер калса болду. Калганыңар айылыңарга кайта бергиле. Эки-үч күнсүз кабар келбес. Эгер жакында кабар келип калса өзүбүз билдиребиз, — деп баары кетип бара жатты.
Жансейит жанагы убадага адегенде көп менен бирге ыраазы болуп, токтолуп калса да, улуктардын кысылыңкырап турган жайынан пайдалануу үчүн дагы бир нече талап коюуну макул көрүп:
— Андан соң мынабу түрмөдө жаткан кишилерибизди да чыгар. Алар жазыктуу эмес, эл жазыктуу. Күнөөлүү десең бардык эл күнөөлүү болуу керек. Жеке Серикбай, жеке Узак эчтекени өз жанынан чыгарган жок. Эгер кишибизди берсең макулдашабыз. Анда жакшы улук болосуң. Антпесең, биз сени күнөөлөөдөн бошотпойбуз. Акжелке, кишибизди бер! — деп кыйкырды. Элдин баары ошол сөздү коштоп:
— Биздин кишилерибиз чыга турган убакыт болду.
— Саргайтып бүттүң, аларда жазык жок.
— Ушул турган баарыбыз тең жазыктуубуз, алар жазыктуу болсо, кылар болсоң, баарыбызды кыл! — деп дагы да көп-көп добуштар, суурулуп кетип бара жаткан улуктардын артынан чубатылып, созулуп угулуп жатты.
Бирок ушу сөздөр айтылса да, эл кетип бараткан улуктарды токтоткон жок. Мурдагыдай ызгаары жок, кысып, каймыктырып да салалбай, бошоңкурап бара жатты. Артындагы элдин көбү бет алды козголуп, жик-жиги менен тарай да баштаган эле. Ошондуктан Акжелке кайта-кайта кыйкырып жооп сурап такымдап жан койбогон Жансейиттен кутулмак болуп, артына карап туруп:
— Ал кишилерди каматкан жогорку жердин улугу. Жакында дагы башка жардыктары келер деп күтүп турабыз. Көп узабас, бошотор деп да ойлойбуз. Алар тууралу чыдай тургула, ашыкпагыла, — деди да, топтон суурулуп чыгып узай берди. Эл:
— Шаша турган убакыт келди.
— Качанкыга чейин саргайып жатышат?
— Чыгартып бер кишибизди... чыгарбасаң, эл жакшы бойдон турбайт, бузулушабыз.
— Элдин чыдамы кетти. Эми мындан аркыны көтөрөр жайыбыз жок.
— Баса, ошону айт... кишилерибиз чыкса чыкты, чыкпаса таарынба бизге... улук болсоң, тынччылыкта улук чыгарсың. Элге тырмагың батып, момун журтту ызалап иренжите берсең, көрүп аларбыз.
— Эми аз күн сынаарбыз, көрөбүз... ошондо айтканды кылбай турган болсоңор, байкашабыз сени менен. Акжелкесиңби, көкжелкесиңби, кимиң болсоң, аның бол! — деп калың жыйын кыйкырган добушу менен мурун эч убакытта айтпай турган сөздөрүнүн баарын тең айтып жатты.
Бирок улуктар мунун баарын өз кулактары менен уккан жок. Жарым-жартылайын укса да, байкабаган, укпаган киши болуп кете беришти. Элдин көпчүлүгүнө ушул кыйкырыктар улуп-уңшуп турган калыбында дем чыгарып, бейкутчулук бергендей болуп, мурунку жалынды басаңдата берди. Бүгүнкүгө арналган ачуу иш жүзүнө чыкпай, көп дүргүүлөрдүн кыйкырыгы, ачуу кеги коркуткан сыяктуу айбаты менен чыгып бара жаткандай болду.
Алардын таң эртеңки кебетесине караганда бүгүн бир соктугуш боло турган сыяктанса да, жыйын эч бир өзгөчөлүк, тентектик кылбай, улуктун жылпылдаган жукпас сөздөрүнө алданып, жоошуп, басаңдап, момун маанайда тарады.

#10 21 May 2017 - 12:13
X
Көпчүлүккө берген убада боюнча ошол күнү жармаңкенин улуктары Алма-Атага да, Караколго да атаган кагаздарын жазып, телеграмын да берген эле. Эл кишилери көзмө-көз өз алдыларында жазылып, кабарчы, чабарман менен, шашылыш почта менен жиберилген кагаздарды көрүп, убактысынча ыраазы болуп тарашты.
Жазылган кагаздын толук сөздөрүн эл кишилери өзү окуп, аныктап билишкен жок. Эл арасында орусча кат билген казактан бир да киши жок болучу. Жазылган сөздөрдүн маанисин көпчүлүккө Осмон айтып берди. Ага тапшырган, айт деген Акжелке болучу. Осмон кыскача мазмуну ушу деп айтып берди.
Телеграммада — өлгөн кишинин сөөгүн берүүнү эл сурайт. Элдин мунусун орундаткан дурус. Антпесе элдин нааразылыгы күчөйт көрүнөт. Бүгүн жармаңке башына алда нече миңдей киши жыйналып келип, бизден ушуну түгөл сурады. Чоң улуктун айткандарын эске алып, орундатуусун өтүнөт. Муну шарт кылып коёт. Антпесе, өкмөткө нааразылык көрсөтүүдөн, ал түгүл андан да чоң иш жасоодон тайына турган эмес. Абактыга алынган кишилерди да бошотууну сурайт. Ушул тууралу буйрук камдоону, жол көрсөтүүнү сурайбыз. Телеграмманын толук сөздөрү ушул эле. Мунун ичинен Осмон осолураак, оңтойсуз сөздөрдү чыгарып таштап, эл менен бирге жармаңке башындагы өкмөт кызматкерлеринин да Жамакенин сөөгүн берүүнү сурайт деп, кыскача кайрып гана которгон.
Арадан төрт күн өткөндө Караколго Алма-Атанын жооп буйругу келди. Каркырадан жиберилген телеграмма менен бирге ошол күндөрдө Алма-Ата улуктарына, Каракол, Каркыра жагынан алда нече кошумча кабарлар жетип жаткан.
Элдин баары бирдемени күтүп жүрдү. Белгилүү бир убакытта соктугууга камданып, дайындалып жүргөн сыяктуу. Абактыдагы кишилерге гана жалтактап бөгөлгөндөй, эгер алардын отуруусу созула берсе, же болбосо аларга берилди деген бир жазаны кулагы чалса, жамы журт туташ эрөөлгө чыга турган сыяктуу. Азыркы казак элинин анык ал-жайы ушу деп, күн сайын ушуга окшогон кошумча кабарды Каркыра, Каракол экөө тең туш-туштан жеткизип жаткан.
Уезддик шаардын улугуна ушундай маалыматтарды жеткизүү менен катар, жергиликтүү кеңселер соңку убакыттагы өкмөт саясатынын анык бетин түшүнө албай, албан түрдүү жардык күткөндөй болчу. Бир эсептен жаз ортосунан берки кепке караганда кыргыз, казак сыяктуу мол жерге ээ болуп отурган жапайылар көтөрүлүш, эрөөл жасаймын десе, жасап көрсүн. Азыраак ээликтирип алып, кинени өз мойнуна арта турганда упай салып, өзүлөрү иштеген ишти өздөрүнө күнөө кылып, катуу кыргын ачуу керек. Боздуруп-тоздуруп, тукумун курутуп жиберип, алар отурган асыл жердин бардыгын казынага алуу, каалаган кишини абактыга отургузуу керек. Ошондуктан, бул элдер көтөрүлүштү чыгарса чыгарсын. Бөлүнөт, жарылат, өкмөткө жоо болуп каршылык ойлойт деп сезгенүү, коргонуу керек эмес. Кайта астыртан байкоо салып, ошондой кыймылга өздөрүн айдап салуу керек. Көпчүлүккө билдирбей, сездирбей отуруп, түртмөк салып, жарга түртүп ачындыруу керек да, ошондон кийин кыймылына карап туруп кол салуу, талкан кылуу, орду-түбү менен жок кылуу керек дей турган. Жаз ортосунан бери уезддеги улуктар менен алардын жер-жерге чыгара турган приставдары да 25-июнь жардыгы менен катар уккан чоң шобурат ушул эле.
Башы ошондой делинип башталган соң, мындагы улуктар ошол бет менен ээленип, жаланып: «бөрк ал десе баш алып», алдаяр деп алып-учуп турган. Бирок булар казак, кыргыз ичин ойрондоп бүлдүрүп, жиндей кубулган жаманчылыктарды иштеп турса да, соңку убактарда алгачкы сүрдөөн менен нускаган жаңы, тың буйруктар болбоду. Алгачкы сөз, оболку багыт барбы, жокпу — аны да аныктап билбейт. Аны айтышпай турган сыяктуу болуп барат. Булар оболку белгиленген бута ушу деп бир жагынан казак, кыргыздын калың элин албан түрдүү орунсуз буйрук, зордук менен жарга түртүп ачындырып, кыңк эткен башчыларын көгөнгө тизип, чубуртуп абактыга салып жазалап отуруп, ошону менен бирге маңдайдагы өзү менен кездешкен, алдыларына келген казак-орус дыйканга жанагы өздөрү ойлогон ниетти угузуп ынандырып тура турган. Ошол багытта баёо, аңкоо, момун эки элдин атайын ортолоруна от салып араздаштырып, өчүктүрүп, бирине бирин жоо кылып көрсөтмөк болгон. Бул багыттагы иштери да талаага кеткен жок. Эң алды менен казак-орустар бул амалга оңой келип, баягыдан бери улуктун союлчусу болуп кококтоп калган адет менен казак элин опузалап, үркүтө кыймыл кыла турган болду.
Булар казак, кыргызга, беттегени, тап бергени жаралуу аюудай кыжынып, тишин кайрап дайын отурду. Бышып жеткен, дайындалган иштин бир тарабы ушул түрдө. Бул саналгандардан башка бир түйүн дагы, бир жакшы чиеленишкен тузактай болуп элдин башчылары түгөл колго түшүп олтурат. Арасынан Жамакеси өлүп, анын сөөгүн бербөө керек деген акыл табылды. Өкмөткө берсе да, бербесе да баары бир болор. Бирок элге баары бир эмес. Ага бербей койсо, чыны менен кектендирип өчүктүрөт, Баласымак аңкоо эл ошого от түшкөндөй туйлап, дагы да күнөөгө, айыпка карай аяңдап, мурункунун үстүнө дагы да белчесинен бата берди. Ошол элди коздура турган, кутурта турган иш болууга жараган соң, Жамакенин сөөгүн берүү деген маселе жармаңке башындагы Акжелкеден баштап, Караколдун улугуна да, андан ары Алма-Атадагы чоң улуктарга да бир чоң, ири, негиздүү маселе сыяктуу көрүндү.
Аягында Алма-Ата улугу бул маселени чечти. Чечкенде бул күнгө чейин соңку убакыттагы багыт, саясат тууралу толук кабар алалбай, алгачкы сокмок менен келе жаткан жергиликтүү улуктарга жол көрсөтүп багыт бергендей кылып чечти.
Ал оболу Жамакенин сөөгү берилбесин деген. Экинчи, элдин бүлгүнчүлүгүнө жетекчи болгон башчылар абактыдан бошотулбайт. Алар кепил эсебиндегилер. Эгер эл ушул күндөргө чейин бузуктук, бүлгүнчүлүктөн тыйылбаса, абактыдагы кишилери түгөлү менен чоң жазага тартылсын. Бирин калтырбай жоготуу керек. Казакка, кыргызга, уйгурга да — бардыгына да иштээр иш ушу. Эгер андан ары эл көтөрүлүшү боло турган болсо, аны да аябай, өз колдорундагы бардык күчтөрдү жумшап, эрксиз багындырып басып алгыла. Эч кимди аёо болбосун. Кандай катуулуктан болсо да жазганбоо керек.
Анын үстүнө казак, кыргыз казак-орус сыяктуу калаа, посёлкада тургандарга залалын тийгизүү, малын алып, үйлөрүн өрттөп, кишилерин өлтүрүп жатканы бар деп угулат. Эл-элди аралоого чыккан кызмат адамдарынын да өлгөндөрү бар. Керек десе, почтага, аскердик кербенге да чабуул жасагандары бар дешет. Бул — калың элдин ачык жоочулук жолуна чыкканы. Андайга аяныч, ыракым, кечирим деген нерсе болууга мүмкүн эмес. Аянбай кырып отуруп тентекти жоошутуп, азоону көндүрүп, жөнгө салуу керек. Бул күнгө чейин иштелген башсыздыктын кеги күчтүү болуу керек деп, барлык улуктардын арасына катаал буйрук жайылтылды. Жер-жердин улуктарын биротоло кайрап, эпкиндетип ишке кириштирүү үчүн Петербордон эл каршылыгы менен алышууга келген карт жандаралдын ошол күндөрдө бардык улук арасына жайылган белгилүү катаал сөздөрү тиркелген экен. Ушу төрөнүн өзү да ошол жандаралдын атынан чыгыптыр. Мунун уезд акимдерине тапшырган буйругунан туулуптур. Төрөнүн ар жеринде жандаралдын тапшырууларын, буйруктарын атап-атап келип эң аягында: — «Падыша солдатынын каны тамган жерде эч бир бөтөн эл тиричилик этпесин» деген каардуу сөзүн куран сөзүндөй тууга байланган ураандай кылып келтириптир.
Каракол улугу буйрукту алышы менен оёз прокурор баштаган аскердик кеңеш жасап, ортосуна абакты улуктарын, куралдуу солдаттардын башчыларын алып отуруп абактыдагылар тууралуу жашырын сөздөр сүйлөштү. Бүтүм кылып байлаган сөздөрүн кечиктирбестен орундатмакчы болушту.
Бүгүн таң эртеңден бери казак камерасындагы туткундар ичтен да, сырттан да эч бир кабар ала алган жок. Жалгыз гана апкелип берген тамакты гана алды. Эч кайсынысын тышка чыгарган өз кишилер менен сүйлөштүргөн жок. Күн бою абактынын айланасына казак, кыргыздан эч кимди жолотпой, зекип, коркутуп кууп жиберип турду. Тегинде соңку убакыттарда калаага азып-тозуп келгендер көбөйгөндөн бери карай казак, кыргыз адамы көчөдө ээн-эркин жүрө албай турган да болгон. Кыргыздын жоочулугун көрүп, же өздөрү жаралуу болуп, же тууган-туушкандарынан айрылып келгендер, көчөдө казактын, кыргыздын жүзүн көргөндө айкырып боктоп, жабылып сабап, кээ бирөөлөрдү өз тобунун ортосуна алып келип кергилеп өлтүрүп да тургандары болгон. Ошондуктан Узактарды күткөн жигиттер жандан кечип гана эмгек кылып жүрүшкөн эле.
— Бүгүнкү абактынын кейпи күндөгүдөн да катайыңкырап, бузулуңкурап турган соң Узак, Абакирлер абактынын өз ичинен бирдеме шыбыш укпас бекенбиз деп байкаган эле. Ал талаптардан да эч нерсе чыкпады. Камераларынан чыгарбай, өзгө туткундар менен аралаштырбады.
Бүгүн ушу абактынын суканы жаман. Бул кандай болоюн деп турат?! — деп көптүн ичтей жүдөгөн күдүгүн Карбос карыя сыртка чыгарды. Алда неден таң эртеңден бери мунуң тула-бою оорлоп, жер тартып тургандай. Ошону менен бирге көңүлүндөгү далайкы салмагынан жеңилдеп сергигендей бир өзгөчө лепилдеген сергектик белгиси да байкалган сыяктуу. Сырткы терисине ичинин кеңдиги сыйбагандай.
— Сурку бузулуп турат. Бирок эмне чара?! Эмне кылуу керек? — деп Нуке өзгө жолдошторуна карады.
Журттун баарынын жүзүндө катуу күчөгөн коопкүдүк белгиси менен бирге: «эмне болоор экенбиз, кандай күнгө учурайбыз, мунун арты кайда алпарып согот? — дегендей табышмактуу суроолор билинип турду.
Тумчуктургандай белгисиздик Узактын чыдамын тоздургандай, муундургандай таасир этти. Ошондуктан ал эшиктин тешигинен карап турган солдатка:
— Ээй, бүгүн бизди неге чыгарбай койдуң? Сырттан келчү кишибизге неге жолуктурбайсың? — дегенде эки көзү кылыйып, кичирейиңкиреп турду да, эшиктин ар жагынан:
— Саат алтыда манифест болот,— деп зыргып кете берди. Кылыйганы күлгөнүбү, болбосо «ушунум чын» деп ымдаганыбы, отурган эл уга албай калды.
Бирок көздүн жөнү бир башка, баарынан да айтылган сөз ажалдын огундай дүрт эттирип чочутту. Абакирдин денеси уюп, талыкшып кеткендей болду. Өңү да кубарып, катуу сезгенип, үркүп кеткендин белгисин көрсөтүп турган эле.
— Мунун айтканы бир шумдук го. Эми «кош» дегенден башка эмне калды? Карыя, ыйман айта бер! — деп Карбоско карап чалкайып барып керегеге сүйөнө кетти.
Ушунун артынан Карбос ар бир кооп үстүндө иштей турган адаты боюнча сүрө «ясинди» окуй баштады. Добушу күбүр-күбүр этип, бир үзүлүп, бир угулат. Жыртылып чыккандай тамагы кеберсиген сыяктуу. Эч кимден бир ооз сөз чыккан жок. Бардык адам жым-жырт селейип каткандай. Дене тиричилигине айрылып, кур гана болумсуз сүлдөр калгандай. Абакир алгачкы керегеге сүйөнүп калган калыбында али да таштай катып калжыйып турду. Дене-бою өзүнүкү эмес, бөтөн бир буюм сыяктуу сезилип, өзү кайсы, дүнүйө кайсы экенин айра албай, түгөл аралашып, улашып кеткендей, чаташкандык, күңүрттүк байкалат.
Өзгөнүн баарынан мунун чочулоосу күчтүүрөөк, өзгөчө бөлөкчө сыяктуу. Калган эл ошону байкагандай болуп Абакирдин алдын ала сунуш кылганын жаман ырым сыяктуу көрүштү. Бул жай бирине бири сүйлөгөн сөз менен, тил менен билинген жок. Бир гана карашкан көздөн, тынчсызданган кабактан угулгандай болгон эле. Азыркы чоң кооптуу күтүү үстүндөгү жымжырттык бул адамдарды өзгөчө сезимдүү кылып, элбиретип жеңилдентип тургандай. Дененин бир гана козголушу, беттин бир бырышынын болумсуз гана кыймылы болсо ошого чейин отурган элдин баарына бирдей түптүгөл таанылып, окулуп койгондой болот. Келечек белгисиздик саатты ысык кандуу дене менен, бардык сезимди жүйрүк жан менен түгөл сунуш кыла кулап, зарыга күткөндүктөн, мынабу жымжырттыктын ичинде бул адамдардын тилдери сүйлөшпөсө да, бири менен биринин жаны жымдашып, белги беришип, алдын-ала билип турган сыяктуу.
Ошондой айланадагы болуп жаткандарды кылт эттирбей баамдап турган кыраакылык, өзгөчө сезимдүүлүк Абакирдин азыркы жайын буларга даана тааныткан. Бирок азыркы саатта ага булар берер кайрат жок. Үйрөтөр акыл да жок.
Муну көп менен бирге сезип отурган Нуке Абакирди кандай да болсо, азыркы алынан түртүп чыгарып жибермек болуп:
— Кайниме эркелейинчи, — деп келип, Абакирдин тизесине башын салып жантая кетти.
Бул козголуш ойлогонундай таасир этти. Абакир коркунучтуу түш менен аралашкан уйкудан ойгонгондой жымыйып эсин жыйды да, чыны менен эркелеткендей болуп жездесинин бетин сыйпады. Бой жылынып жаңыдан кан жүгүргөндөй болду. Өзгөчө бир сезимдүүлүк менен табышмактуу мээримге батуунун сааты буларды баладай агартып, аңкоолондуруп турду. Баарына тең тазалык канатын бүтүргөндөй. Ошондуктан мына бу экөөнүн жасаган балалык мүнөздөрү эч кимге жат да, өрөскөл да көрүнгөн жок. Дал азыркы абалдарына ошол керек эле.
Ушуну менен эт бышымдай убакыт өткөндө эшиктин сыртында шарт-шурт добуштар чыкты. Ашыгып, карп-курп кактыккан көп кишинин дабыр-дубур басыгы угулду. Камеранын ичиндеги толгон адам түгөлү менен селт этип чочуп, эшикке жалт-жалт карады. Аңгыча болбой, бардык абактын ичи тозоктун үнүндөй жат суук үн чыгарып, көп мылтык добушу күрс-күрс, батыр-бутур угулуп калды. Камера ичи дары менен ажалдын жытына толуп бара жатты. Коңшу камералардан өкүргөн, алдас урган, абактыны башына көтөргөн нечен түркүн жалынычтуу да, кектүү да, дарттуу да, жаралуу да кыйкырыктар, ызы-чуулар угулду.
Казак камерасында полдун үстүндө олтурган адамдар адегенде бирине бири умтулуп, бир жерге үйүлүп, бирине бири сүрдүгүп жыгылып, аягында жан жакка тарай баштаган эле. Алыстан жалынган, өкүргөн, сыйынгандардын добушу угулат. Ок тийген, өлүмгө баш ийгендердин акыркы онтогону, каргышы угулат.
Ушул убакытка чейин казак камерасы аман эле. Бир мезгилде жанагы каалгадан караган көз кайта айланып бир шыкаалап калды да, жанындагыларга айкырып буйрук кылды. Ошону менен бирге каалганын тешигинен үч-төрт беш аттардын ажал жыттуу моюндары камера ичине жылмаң-жылмаң этип кирип келди. Кире сала үзүлбөй тапырлаган добуштары менен бирге жарк-журк эткен кызыл отторун чачып, бурк-бурк түтүндөрүн чыгарып, оңду-солду кайчыланып үстөккө-босток ок жаадыра баштады.
— Алла, алла! Арбак, ээ, арбак!
— Кош, кош!..
— Айланайын, Райымбек ата... сактай көр, оо, кудай! — деген коркунучтуу, жалынычтуу, чочунган кыйкырыктар казак камерасын да башына көтөрүп, мылтык тили менен бирге алсыз үндөрүн үзбөй жатты. Алгачкы октор менен бирге учуп-учуп түшүп, шылк эткен денелер да бар эле. Алардын баарынын тең үнү бир саамда өчкөндөй. Бир гана, жалгыз бир гана добуш:
— Уу-х... уу-х жа...ны...м. Жа...ны...м... алла... алла! — деп үздүгүп гана угулду. Кээ бир ок тийген денелер жаткан жеринде туйлап, бир кайкалап, бир жыйрылат. Оңду-солду оонап бүктөлүп чыйырчык атып жатканы да бар. Абактынын ичи шырылдап аккан канга жуулуп кетти. Кээ бирөөнүн көөдөнүнөн, маңдайынан аккан ысык кан айланасынын баарын боёп, жанчылып жыгылып жатты, мылтык үнү токтобой, ээ-жаа бербей тарсылдап, тозоктун күнүн туудуруп турду. Бир заматта камеранын ичи туташкан көк түтүн болуп кетти да, эми тар эшикке кадалып турган көздөр камера ичиндеги адамдардын өлгөн менен тирүүсүн аныктап көрө албай турган, түгөлдөй албай турган болду.
Бул убакытка чейин өлгөн кишилердин жер оонап жатып калганы жети-сегиз. Калганы жаралуусу бар, аман-эсени бар дегендей алгачкы мылтыктын атылган добушу менен бирге бет алды томолонуп жыгылып түшүп, андан подвалдын астына качып кирип кеткен эле. Мындан калган үчөө-төртөө эшиктен мындайраак турган мештин жанына келип жыгылган. Бул арада турган Субанкул, Абакир, Узак болучу. Абакир менен Узактын тула-боюнан кан жайылып турат. Дене бойлору ып-ысык болуп, алда кандай дүүлүгүү менен кыйнагандай. Мылтык бардык абактын ичинде али да үзүлбөй тарсылдап турду. Тешиктеги көп темирлер бирине-бири соктугуп, тар тешикте кысылып оңду-солду айкашат. Жогору да, төмөн да үңүлөт. Ар бир козголушу менен бирге кызыл от жарк-журк этип, ажал отундай жаланып, муун-муун түтүн да бурк-бурк чыгат.
Ар бир жат дыбыш менен бирге, азырынча чымын жаны чыкпаган туткундардын коркунучка толгон көөдөнүнөн:
— Ээ кудай, ээ, арбак!
— Аксарбашыл, аксарбашыл!
— Чыны менен бүткөнүбүзбү?
— Кырылганыбызбы? ! Алла, алла! — деп жазганып, чочунуп туруп, үзүп-үзүп айткан жалыныч өкүнүчтүү арман тили чыгат.
Чай кайнам убакыт өткөндө абактынын түпкүр жайындагы мылтык добуштары чукулунан токтой калып, ошол жактан коридорго карай аңтарыла, чуулдап жүгүргөн калың ызы-чуу угулду. Ал жакта көп кыргызды камаган чоң камера бар эле. Добуш ошолордун жатагы жактан чыкты.
— Бошондук! бошондук! Кыр, жой!
— Жаздыгыңды ала жат!
— Атаң көрү!..
— Кет, көзүңдү жогот..,
— Кыр, жой! Ээ, арбак! Ээ бабам! —деген калың ызы-чуу угулду... Мылтыктар токтоп басылып калды. Суук курал кур гана качкан колдо шатырлап, безип бара жаткан сыяктанды. Бул кезге чейин казак камерасына кадалган үч мылтык али да ажал белгисиндей болуп сугун кадоодон токтогон жок эле. Сырттагы добуш меш жанында тургандарга алды менен угулуп, тезинен кайрат берип, акыркы дарманын каршылыкка алышууга карай айдагандай болду.
— Өлсөк, каршылашып өлөлүк, аяна турган эмнебиз калды эми. Умтул! Карма тиги мылтыкты,— деген Узак айкырыкты салып жиберип, эшикке карай тап берди.
Муну менен бирге Абакир, Субанкул да:
— Баса, эми эмне калды? Эй, арбак!.. Ээ, кудай! — деп келип, эшиктен шыкаалап турган мылтыктарды кереге жактан жакалап келип төмөн карай жулкуп-жулкуп тартып калды. Ошол арада коридорду бойлоп бет алды качкан көп солдаттар менен бирге бул камеранын алдында тургандар да мылтыктарын таштап качып жөнөштү.
Ушу кезде подвал астында калган бирин-сериндер да сүйрөлүп чыгып алдыңкыларга кошулуп калган эле. Солдаттан камера айланасы арылган сыяктуу болду. Коридор бойлоп жүткүнүп чуулдап, тарс-турс жүгүрүп келаткан туткундар болуучу.
Ушу жайды чала-була түшүнүү менен бирге камеранын ичинде кыбыроого чамасы келген жандардын бардыгы тең эми эшикти бузуп, чымын жанын касаптар үйүнөн сүйрөп чыгууга киришти.
— Буз эшикти!
— Кыйрат мына муну, сууруп сал тиги подвалдын тактайын! — деп бирөөгө бирөө буйрук кылып, колуна түшкөн нерсе менен тактайлуу эшикти тарс-турс ура баштады.
Полдун чоң тактайын өзгөдөн мурун Абакир сууруп ала койду. Мунун азыр да аркасы оттой жанып, ысып жүрсө да боюн жеңип кулатып бараткан оордук жок. Дарт билинбейт сыяктуу. Ошондуктан бардык дарманы менен чоң тактайды кулачтап көтөрүп апкеле жатып:
— Жетинин бири кыдыр дегениң кайда?! Он сегиз кишиден бирди чыгарбайсыңбы, а кудай! — деп, али күнгө мисбакбай турган таштай суук кудайына чыны менен өрттөнүп нааразылангандай болуп, айкырып келип: — Ээ, Райымбек ата! Ээ, арбак! — деп, эшикти калың жалпак тактай менен түймөчтөп коюп-коюп жиберди.
Ары жаш, ары карылуу, зор денелүү Абакир өзүнө ок тийсе да кайратынан айрылбагандай кажарлуу, өзүнө ишенимдүү сыяктуу эле. Баятан бери мунун боюн уютуп, жеңип, басып турган коркунуч мына эми кайнаган ачуу менен ызанын астына түшүп жоголуп кеткен сыяктуу. Соо денени тешип кирген ок, ошол дененин чыгарган ысык каны менен бирге, эң алды менен мындагы адамдардын ичиндеги коркунуч менен чочулоону да ала, чыккан сыяктуу.
Абакир менен бирге Субанкул, Узак да эшикти бир-бир тактай менен тарс-турс урду. Каалга чыйкылдап, мыгынан чыгып, калдырап кетип баратты. Чакан калаанын жөнсүзүрөөк болуп салынган абактысында ошончолук ишенимдүү мыктылык, чоң бекемдик жок эле.
Айтор, өлө турган болгон соң каршылашып, алышып өлүү керек. Ошондо гана шейит болосуң деп эртеден бери айтышып, нык ишенишкен көңүл менен камера ичиндеги чамасы бардын бардыгы туткунчулук каалгасына бардык күчтөрүн салган эле.
Аягында Абакир беш-алты жолу коюп жиберип, эми дагы да алгачкыдай эпкин менен күүлөнүп келип дагы бир-эки ирет үстү-үстүнө берип-берип калганда, кара каалга чалкасынан кыйшайып барып кулап кетти. Денесин сүйрөөгө чамасы бардын бардыгы да:
— Ээ, аксарбашыл, ээ, теңири, бере гөр! — деп, чуу-чуу этип алдыңкы бошоп чыккандардын арты коридордон арылганча булар да кошулуп шатырап качып жөнөдү.
Бирок абактынын ичинде солдат болбосо да, тыштагы чоң коргондун ичинде адеттеги күзөттө жүргөн кароолдор али да бар эле. Абактынын ичине кирип, камераларды аткылаган солдаттар алгачкы кыргыз тобу эшикти бузуп чыгып, калың селдей болуп өздөрүнө карай каптаганда эси чыгып качып жөнөгөн. Арасында курал-жарагынан айрылып калганы да бар эле. Өздөрү кырып, кан жошо кылып өлтүрүп турса да, ошол өлүмгө айдап турган топтор бети-башы кан болуп, ажал тамгасын басып алган түстөрү менен өзүлөрүнө карай жүгүргөндө солдат аталуулар көр ичинен опурулуп-коңторулуп келаткан кектүү, суук жүздүү, суз кайратты көргөндөй болуп, каршы карап турууга чыдай албай качып жөнөгөн.
Алардын алды дүрүлдөп качкан туткундар менен бирге чыгып, эсин жыйып алып кайтадан куралданып да калган эле. Ошондой-ошондойлордон куралган он чакты мылтык абакты үйүнүн ар жагына карай чачырап чыгып, дубалдан секирип чыгамын деп тымтыракай качып, карбаластап жаткан туткундардын бир далайын али да атып жыйып, канга чөмүрүп жаткан. Казак камерасынан чыккан качкындар дал ошо кезде келип илинди.
Бул убакта күн кечкирип, калаа ичине иңир караңгысы кирүүгө айланып калган эле. Эгер азыркы тоскоолдон аман-эсен чыга тургандар болсо, бирдеме кылып качып кетүүгө ошонун өзү бир сүйөнүч сыяктуу болуп көрүндү. Абакир өзү качуу менен бирге Узакты да колунан кармап сүйрөп жүгүрүп келе жатты. Булар чыккан мезгилде дал абактынын эшигинин алдында турган солдат жок экен. Сол жактагы дубалдын жакын жеринен жаңы гана секирип кеткен бир уйгурду көздөрү чалып калды да, ошого карай жүгүрүштү. Субанкул Абакир менен Узактын артында эле. Жүгүрүп дубалга жете бере Узакты колтугунан, бутунан көтөрүп, дубалдан ашырып таштаган Абакир эми өзү секирүүгө бет алганда, арт жагынан буларга карай кезелгендей болуп тап берген мылтык үнүн укту. Ошол кезде жан учургандай болуп Абакир дубалдын үстүнө чыга бере аржагына кулай томолонуп түштү. Дубалдан аша берген, артындагы Субанкулдун:
— А-х-х... калдым... мен... кош!.. — деген сөздөрүн гана угуп калды. Ага ок тийип чалкасынан серең этип барып, аягында жыйрылып бүктөлүп жатып калды.
Дубалдан түшөрү менен Абакир Узакты кайта кармап көтөрүүгө аракеттенди эле, анын козголорлук шайы болбой калган экен. Бутун шилтеп баса албады. Алдында тула боюнан агып жүргөн кандын өзү да буга далдап, талуу жерди таап тийген октун бардыгын билдирип турган эле. Бул убакытка чейин өзгөчө чыдамдуулук кылып тиштенген тарамыш, кайрат менен гана зорго сүйрөтүлүп келген экен. Анын үстүнө дубалдан кулап түшкөн убакытта картаң дене окус жыгылып мертинип, алсырап калыптыр. Анын азыр өлүмгө бой бергениби, же жанчылып чаалыкканыбы, айтор, өңү-түсү көгөрүп, тирилик ажары кетип, бою суунуп бара жатты. Басууга биротоло жарабай турган сыяктанды.
Ошол абалында Абакир аркасына салып, сүйрөп алып кетмекчи болду эле, өзүнүн да алы кетип башы айланып, ичиндеги дарт теңселтип жыгып бара жатканын байкады. Узак менен бирге сүлдөрү куруп, жыгылып кетти.
Башында калган акыркы сезим Узакка жолдошунун жайын уктургандай болду. Ал:
— Өх... бүткөнүм ушу го... бар эми... кош... Албан баласына тирүү калсаң салам айт... арман жок... эл үчүн...— деди да көзүн жумуп кайта алсырап баратты. Ошол убакытта тарсылдаган мылтык добушу жакын жерден дагы угула баштады. Эми көчөгө чыгып аткылай баштаган экен. Бөгөлүп, аялдап турууга убакыт калбады.
— Кош! Кайран Узак... жамандыгым болсо, кечкин, жаркыным! — деди да, Узактын бетине карап туруп жөнөй берди. Акыркы ирет Узактын кирпиги козголуп, ишарат кылып ээк кагып, коштошкондой болду.
Абакир жакын жердеги дубалдан дубалга секирип отуруп, алдында өзүнөн мурун качып чыккан эки уйгур, бир кыргызга кошулуп төртөө болуп, бир короодон бир короого түшүп абактынын четинен узап кетип баратты.
Булар ошол түнү бир ээсиз үйдү таап, аз гана отуруп эстерин жыйып алып, эл уйкуга кирген соң калаанын адамдарынан уурданып, жашырынып жүрүп отуруп, качып кете берди.
Көчөдө келаткандарында үргөн ит эстерин чыгарып шаштырып жиберди. Бирок ит добушуна чыккан куугунчулар болгон жок. Иттен кийинки бөгөт калаанын көчө-көчөсүндө чиркелиштире тартып таштаган нечен катар арабалар, калаа сыртында ойку-кайкы кылып казган орлор болду.
Ушуга карап качкындар бүгүнкү окуянын ички жайын толук түшүндү. Бул калаа маңдайдагы элдин чабуулун, жоочулугун күтөт. Ошондуктан мына ушундай баш коргой турган кам көрүшүп, калаасын бууп-түйүп, тосмолоп дайындап отурат. Абактын ичиндегилерге катуу жаза тарттырганы да ушундан.
— Аттиң, ошол күткөн жоо эмнеге келбеди? Эмнеге кекке кек, канга кан агызбады? Не бир асыл, жаны жайсаң жакшылар көз жумду го. Мынабу улук, мынабу душмандын шумдугунан. Аттиң! Аттиң! — деген арман.
Жоо колунан кутулуп талаага чыккан соң кыргыз, казак, уйгур дебей төрт качкын талаада отуруп, бир тууган боорун жоктогон туушкандардай болуп, ушундай жалындуу армандарын айтып отуруп, ботодой боздошту.
* * *
Каракол кыргынынын кабары Каркырага жеткенде калың элдин кан жыйынынын ортосуна замбирек огу түшкөндөй таасир этти. Жат кабар жайлоо-жайлоонун бардыгына кечке жакын бир мезгилде тийген эле. Эл ары-бери чапкылашып, кечки жайытта жүргөн жылкыдан дароо топтоп, ат, айгырлар кармалып, токулуп жатты. Эми кырылуу, кыруу, колго түшкөн улукту колмо-кол мууздоо, канды кан менен жууп ошону менен бирге бул жерди турактабай, талак кылып, бардык өткөн дооронго, өмүргө илгертен берки баёо жай тиричиликке кош айтышып жайылып көчүү, тез кек алып, кези келгенди өрттөп салып жөнөй берүү — эмки калган кунарсыз күндүн, куурап калган күндүн бардык камы да, тилеги, максаты да ушуга гана арналды.
Ошондуктан эркек аттуулар ат кармап минип, найза учтап, мылтык октоп, айбалта, чокмор сыяктуу куралдарын шайлап, дайындап жатканда, аялдар үй ичинин жүгүн жеңилдетип, ашыгын азайтып, өтө керек болгон аспаптарын гана теңдеп бууп-түйүп, өзгө буюм аттууларын кайда таштаарын, кимге тапшырып кетерин билбесе да эми керексиз, талак болгон дүнүйөдөй көрө баштады.
Үйдөгү жолго бөгөөт боло турган буюм-тайымдардан башка сырттагы тирүү казына — төрт түлүк малдын өзүнүн да канчасы буюрары, канчасы колунда калары белгисиз. Анткени үрккөн элдин жагдайы муну көрсөтүп олтурат. Айрым көчтөр артынан кууган аскерден каймыгып, ашыга кача турган болгон соң короолуу кой, бадалуу уй, далайын ар жерге чачып, ээсиз таштап кетти. Жашы улуу карыя, улгайган эркектер болсун курал кармаган боз улан, катын-калач, бала-чака болсун — баарынын оозунда кайта-кайта айтылчу бир гана сөз:
— Дүнүйө-мүлктүн баары тең жан садагасы. Мал да, жер да аманчылык-тынчтыкта, эр азаматтын эсенчилигинде жакшы чыгар. Алардын башына күн түшкөн соң дүнүйөнүн, казынанын, мал-мүлктүн эмне кереги бар деше турган.
Бул ниеттин жолунда баласы солдаттыкка илине турганы да, илинбей турганы да — баары тең ушул ниеттин жолун көздөшүүдө. Ушул убакытта Түнкатар, Дөөлөтбактай бирин-серин малын кыйбаган, токтугун, тынчтыгын кыйбаган байлар болбосо, же Осмон сыяктуу улукка жагынган тилмечтер болбосо, башкалардын ынтымак-бирдиги бар эле.
Белгисиз чоң кыйын сапар алдыбызда деп бир атанын баласындай, бир үй-бүлөдөй буунуп-түйүнүп жолго дайындалган эл. Бири билбегенди бири билди. Улуулар билгенди бала билди, бирөөнүн сүйлөгөнүн журттун баары тең сүйлөдү. Ушундай баш-аягы бирдей абалдын үстүндө туташып чырмалышкан элдин ортосунда жок дегенде бирөө болсо да, эртең бет алды көчүп кеткенде бара турган жердин жай-мааниси кандай, көп элди бөлөк эл батыра ала турган пейил болор бекен? Кеңдик кандай? Андайдын эч бирин да билбей кабарсыз жагдайда эле. Муну көпчүлүгү да билбейт. Көп ичинде керек десе жалгыз-жарым, жеке адам да билбейт. Адегенде мындай суроолордун кысмагына кала турган болсо, же көчөбүз деген сөз сүйлөнгөн кезде; «калмакка барат экенбиз, аны менен Узак жакшы экен. Үч жылга кең-кесири батырып сактап чыгам деп айтат»,— экен деген сөздөр чыккан. Ушу күнгө чейин элдин кары-жашынын карманып, малданып жүргөнү ушул гана сөз. Муну сынай турган, өрөскөөлдөй турган, күдүккө айланта турган киши жок. Антип айтчулар табылса, элдин бириккен тилегин бузуучу, көпчүлүктү иритүүчү эсебинде таанылат.
Булардан башка элде көпчүлүктүн бел байлаган ишине, көптүн ыкластанган ниетине сын да, акарат да жок. Таш түйүн болуп нык байланган, чегеленген. Өл деген жерде өлүшү, отко түш деген жерде ойлонбостон, айланбастан отуна да түшүүгө калың топ чыны менен дайын сыяктуу.
Жарманкенин жаман кабарынан кийинки, үч-төрт күндүн ичиндеги, жарманкенин башына элдин калың тобунун барып келгенден берки көпчүлүктүн ал-жайы ушуңдай эле. Бул күндөрдө мурунтан бери атына, кадыр-баркына, же айткан-дегенине, не беделине калың эл болуп баш ийип берчү башчы жок. Андайлардын бардыгы тең туткунда, жазада. Бирок, андайлар жок болгон сайын элдин калың тобу уруу-уруу, болуш-болуш, жайлоо-жайлоо болуп түгөлү менен бирине бири боор тартып, бир жолу аралашып, чыны менен канат жазып туташып кеткен сыяктуу. Эмки бирдик, ынтымак, туташтык башчылар аркылуу гана туулган ынтымак эмес. Нагыз калың, көпчүлүктүн өзүнүкү. Эркек, ургаачы, кары, жашын түгөлү менен бир жерге ийрип, жыйган. Бир гана ураан, бир гана кара өзөктү как жарган намыс тилиндей тилек бар.
Ошондуктан эл арасындагы катнаш мурункудан да күчтүү. Кызуу эпкин менен ээлигип, дайындалуу, күтүүнү да мурункудан алда канча тартиптүү, кандай иши болсо да чапчаң жүргүзүлүүдө. Козголуш, кыймылдын бардыгы тең урчуктай үйрүлүп, болуп көрбөгөн тездик менен өрлөп турган сыяктуу. Аяк-башы кең, баёо, кеңирсиген кең жайлоо бул күндөрдө боюн жасаган кыз баладай. Мурун эч убакта көрсөтпөгөн көркүн көрсөтүп, эпкиндеген жалыны менен учкундап, жайкалып турган сыяктуу эле бул жолу. Ошол жагдайдын үстүнө Караколдун шумдук кабары жетиши менен эл ыйлап-сыктап, чочуп-үркүп бошоңдоонун ордуна бир заматтын ичинде таштай катып, ачуу менен, кек менен кайрат жыйнап, чыйралып алды.
Ошол түнү эле жүз-жүздөгөн куралдуу, шаймандуу эр жигиттер шайланган сайкүлүктөрдү минип жарманкенин айланасындагы майда кыштактардын бардыгына жакалай чабуул жасап чыкты. Бул чабуулдар бүткүл жайлоонун күчүн бириктирип тизе кошуп алып иштеген иши эмес. Ар аймактын элинин өз-өз бети менен мына бу угулган шумдук кабарга берген алгачкы жообу эле. Мунун баары алдыда боло турган чоң кыймылдын башы, ошого алдын-ала жасалган жарыш сыяктуу иштерди иштеп, эрте баштан дайындалып алуу керек. Бирин-серин болсо да, курал-жарактарды колго түшүрүп алууга болот. Жана жарманкени чочутуу керек. Алдын ала үшүн алып, үркүтө берүү зарыл.
Мына ушундай далай себептер жыйылып келип, бүгүнкү күндү кызыл-кыргын чабышка айландырган. Бирок али да бардык Албан уруусу бир жерге жыйылып, бир жерге күчүн топтобогондуктан, ар жайлоонун эли өз-өз тушундагы майда кыштактарга карай беттешкен. Таң атканга чейин Шырганакты элинин тобу өзүнө жакын жердеги кыштактардын бир-эки зайымкесин чаап, өрттөп, мал-мүлкүн түгөл айдап алып, андан аркы жердеги Жылаңач калаасына да чабуул жасады. Бирок бул мурунтан отурукташкан көп казак-орустун чоң калаасы эле. Элдин чабуулун күткөндөй, камдуу, сак экен. Алдыңкы зайымкелердей кишисиз, каруу-жараксыз болуп кездешкен жок. Шайланган жигиттердин чабуулун уюмдашкан көп мылтык менен каршы алып, калаасына жуутпады. Бул убакытта таң да атып калган эле. Жалгыз иштелген иш — таң алдында калаадан чыккан жүргүнчүлөрдөн беш-алты кишини өлтүрүп, бир-эки короого тоо жагынан жашырынып келген эки-үч жигит өрт койду.
Иштеген иштери ушуну менен бүтүп, күн чыгууга жакын Жансейит баштаган көп жигит түн бою жасаган чабуулуна ыраазы болуп эми: «Жарманке! Жарманке! » — дешип ашыгып чапкылап, ошондой карай беттеди. Ушундай ишти Акбейит, Жел-Каркыра, Тамгалуу-Таш али да топ-топ жигиттерди аттандырып ар жерде ар башка топ куруп, желпинип алган. Бул түнкү чабуулда казак топторунан кишиден чыгым чыккан жок. Бир гана жери — беш-алты жигиттин алдындагы аттарына ок тийди.
Жер-суу менен коштошо турган күн да такап келди. Эми бүгүнбү, эртеңби кетишет. Кеткенде кектүү жүрөк, томсоргон жүз, түйүлгөн кабак менен кетмек. Артта калып бараткаң зордук, зомбулук, ызалык, кыянат доорону менен ошонун баарын туугузган жат мүнөздүү, жоо ниеттүү улукка айыкпай араздык, арылбай турган наалат, каргыш айтып кетмекчи. Ошол ызалыктын каршылыгы калың элдин кан жүрөгүндө түбөлүккө сактамак да, өздөрү менен бирге ала кетмекчи. Бүгүнкү түндүн иштери — ошол наалат айткан жүрөктүн эң алгачкы ирет чечилгени, бетин ачканы.
Иштин башы түндө башталган бойдон желеси үзүлбөстөн келерки күндүн таңына аралашты. Эми топ жарманкенин үстүн карай ооду. Түнкү чабуулда болгон жигиттер жайлоо-жайлоолоруна кайтып, алдындагы аттарын ооштуруп, чала-була тамактанып тыным алган соң, бардыгына кең «Жарманкени карай каптасын, тайлуудан таяк калбай ошонун айланасына жыйылсын. Бардык аспап-курал колдо болсун. Бүгүн бар кайратты сала турган күн. Бүгүн кетенчиктеп, бой алакчылап келбей кала турган киши болсо, ал элдин тилегинен, ынтымагынан тышкары калган, четке чыккан, көпчүлүккө бөтөн киши болгону. Келчүлөр тез камданып бөгөлбөй келсин. Дамелүү жигит, ишенимдүү курал, күлүк ат — бүгүнкү күн үчүн кызмат кылсын. Бүгүндөн калган жан — жан эмес, мал — мал эмес» — деген буйрук кабар туш-туштан бардыгына эпкиндей чапкан сайкүлүктөрдүн тизгин учу менен бирге учуп, шашылып тарап жатты.
Буйрук кандай тартиптүү, шашылыш, күчтүү болсо, ошону менен бирге камданган элдин жыйыны, чабуулу да ошончолук эпкиндүү эле.
Мезгил чаңкай түшкө жакындаган убакытта жарманкенин күн батыш жагындагы көк жайык кара тебетей Албан элинин таандай кайнаган калың тобуна ширешип, лык толгондой болду. Узун көк белдин Шырганактыга караган жагы ичкелеп аккан мөлтүр булак, аттар болсо ошол жерден бир аз суутулуп, ээр-токумдары кайра токулуп, басмайылдары кайра тартылып, алдыда боло турган чабуулга даярданып жатты. Калың колдун ар жерге топтолуп жыйылган атчандардын ортосунда узун найзага байланган кызыл ала туулар да көрүнөт. Ар жердеги топтун арасында биринен бирине карай мезгил-мезгил чапкылап чыккан кабарчылар көрүнөт.
Соңку бир аз убакыттан бери гана келүүчүлөр саамыктай баштады. Мына эми жыйылар күч жыйылып болуп калган сыяктуу. Мынабу этекте жалпайып, кичирейип бүрүшүп турган жарманкеге ушу колдун өзү да каптай чапса, тамтыгын калтырбай турган сыяктуу.
Бүгүнкү жыйындардын ортосунда көпкө нуска берип, айкырып-кыйкырып башчылык кылып жүргөн киши аз эмес, көп. Бирок ошол көбүнүн ар кайсысынын айланасында аз болсо, бир нече жүздөн аскери бар. Кол-колдун бардыгында жогору көтөрүлүп шукшурулган тик сайылган чокмор, союл, шылк этме, найза, жаркылдаган айбалта, эл колу түгөлү менен тик качырып сайышка түшчү кол сыяктуу. Мол денелүү калың элдин ачуу менен үрпүйгөн жүнү, сузданып тикирейген кайраттуу төбө чачы сыяктуу. Мисирейген, тик сайылган ачуу, кайрат белгиси бар.
Жалгыз гана жарманкенин күчү канчалык, кандай түрдө экени белгисиз. Ошол белгисиздин ичинде эң алды менен үн чыгара турган мылтык болуу керек. Ага жооп бере турган жалаңдаган сүрдүү курал казак колунда канча камданганы менен аз гана болуп чыкты. Бешатар аттуудан жокко эсе, азыноолак барданке гана бар. Андан башка көпчүлүктүн ишенгени аркар, тоо теке ата турган жалгыз ок. Андан калганы бытыралуу мылтык, бирин-серин кош ооз. Айтор, мылтык добушун көбөйтүү үчүн кээ бирөөлөрүнүн койнуна тыгып алган жаман чолок алты атарлар да бар. Курал дегени ушу. Бирок бардык элдин жүзүндө сан куралдан өйдө турарлык чоң ишеним белгиси, ири кайрат ажары бар.
Бирөөгө бирөөнүн сырт кейпи, жалындуу жүзү, эпкиндүү чапчаң козголуштары ушу жайды сездирүү менен бирге баятадан бери жыйылып жаткан топтун арасында сүйлөнгөн сөздөн да ошол билинди. Бүгүнкү топторду кыркалекей кыдырып жүрүп сүйлөгөн жигиттер да болгон. Алар: Көкбай, Баймагамбет, Жансейиттер эле. Бир бөлөк топторго Картбай да айкырып, элирип туруп көп-көп ишенимдүү күчтүү сөздөр айткан. Ошолордун баарынын айта турган сөзүн Көкбай аныктап, ачып, түшүнүктүү кылып сүйлөгөн.
Ал эми Шырганакты эли эми чабуулга чыгабыз деп атка тегиз минишип, Көкбелдин бетин карай козголо бергенде таскактатып чаап келип:
— Оо, жигиттер, баарыбызды ата-бабанын арбагы колдоп, жолубуз оңтойлуу болсун. Бул тилекти тилебеген жан жок. Жаш-кары, жакшы-жаман түгөлү менен ушундай ак тилектин үстүндө алдыбызга ор казса да чыдадык, эми келип бардык эр азаматты кыргынга салам дейт. Анын айдоосуна барып кырылганча, ушу тууган жерибизде, калың элибиздин алдында ушу элдин намысы, элдиги үчүн кырылалык. Бирибиз калганча көжөрүшүп, чыдап көрөлүк. «Кырк жыл кыргын болсо да ажалдуу өлөт» — деген. Өлсөк ушул ниет үчүн өлүмгө баралык. Эркек токту курмандык, биз өлсөк эртең дагы бир уул туулат. Түпкүлүгүндө элдин туусу жыгылбасын. Алышпасак атар таң, чыгар күн жок. Эми чыдаар да, токтоор да жайыбыз калган жок. Өлсөк мынабу өлгөндөрдөн артык эмеспиз. Ушундай жолдо мурун казак баласы иш кылып да, өлүп да көргөн эмес. Алган бетибизден жалгасын,— деп келип айкырып-кыйкырып, аржагы үйсүн, Албан бабаларын, бержагы Райымбек, Шоруктун арбагы колдосун — оң сапарыңды бер, жар боло көр, ээ, арбак! Ээ, теңири! деп кыйкырыкты салып жиберди.
Көкдөбөнү каптап турган калың кол бир ооздон:
— Ээ, арбак, арбак! — деп, чуулдаган бойдон белден аша бере жарманкени карай бет алды. Шамалдуу күнкү талаанын өртүндөй узун кырканы кара таандай каптап алып, уюлгуп, чалкып лап койду.
Ташыган күчтөй жаланган кара чаар топ дүркүрөгөн селдей акты. Тоо башын асманга чапчып буркураган калың чаң басты. Этекке карай тоо теги аңтарылгандай болуп, жер күңгүрөнүп, дүнүйө чууга толду. Жер силкинип тоо ойрон болуп, аскалардын чокусунан орчук-орчук таш кулаганда угула турган күтүр-күтүр, шатыр-шатыр, үндөр чыкты. Жаркылдап чагылган түшүп, күңгүрөнүп асман жарылгандай айбаты суук каңшаар сезилди, угулду. Узак убакытка созулуп, бир калыптуу угулуп, баскан жерин калтыратып дирилдетип турду. Ооздугу менен алышып, жер сүзгөн жараган күлүктөр тизесин кемиргендей болуп элирип, каршы уруп келе жаткан эле.
Ышкырган желектүү, өңкөй найзалуу, чуусу сүрдүү калың тон этекке түгөл келип куюлган кезде алдыдан баятан бери үндөбөй, унчукпай жым-жырт болуп турган жарманкенин үнү чыкты. Үзүлбөстөн тарсылдап көп мылтык сүйлөп жиберди. Атылган жалгыз мылтык эмес, пулемёт да киришкен экен. Ысык күндө ажал огу ызылдап издөө салып чыкты. Каалгып турган асманды зуу-зуу тилип жиндей ойноп өтүп жатты. Алдыңкы топтун эң алдыңкы катарында тизе кошуп жай жылжып келаткан кол шамал кыйшайткан өрттөй болуп жапырыла чалкый жөнөлдү. Кыйшая берди. Катардан жыйырма-отуз ат булак-булак чыккан чаңдын астында жулмаланып, кулап-кулап түштү. Үстүндөгү ээлери ат-маты менен жыгылып, серең-серең этип, учуп-учуп түшүп жатты.
Жарманке таң эртеден бери тездик менен нык дайындалган эле. Эң оболу дайындык кечээ кечтен, Каракол кабары келгенден бери башталган. Түн бою жарманкеден четте жүргөн куралдуу аскердин бардыгын тыным албай кабарландырып бир жерге, Каркыранын түзүнө жыйып чыккан. Таңга жакын жүздөн ашкан куралдуу аскер дайын болуп, эми келерки күндүн кабарын ток пейил болуп күтүп отурганда, айлана-тегеректеги бардык калаа-кыштактардан агылып-төгүлгөн казак-орустар келе баштаган.
Акжелке менен аскер командири аларга жеткидей кылып мылтык таап берди. Мылтыгы жокко кылыч, найза беришти. Булардан башка жарманкенин башындагы кызмат ээси улук атангандар да камданып, тегиз куралданып алды.
Азыр казактын саны көп болсо, мунун топтолуп түйүлгөн түсү суук, кайраттуу күчү көп. Ошондуктан эми коркуу, жазгануу дегенди эч кимиси ойлобогондой түргө келген эле. Жарманкеде согуштун, атыштын адисин көбүрөөк билген аскер адамдары азыркы куралданып дайын турган күчтөрүнө ишенсе да, жаман айтпай жакшы жок деп иштин эң начар болуп бузулган кезинде иштей турган камды да дайындаган.
Бул жагынан иштелген нерсе: эң оболу жарманкенин айланасына базар башындагы араба, трашманке аталуунун бардыгын жыйып алып келип, айландыра тиркештирип .тизип, бирине бирин байланыштырып койгон. Таң атардан баштап жарманке башындагы көп элдин иштеген иштери ушу болчу. Бул жумушка солдат, дыйкандарды салуудан башка да, базар башынан кетпей жаткан өзбек, татар соодагерлерин, уйгур, кашкарлыктын жүргүнчүлөрүн, ашпозчу мээнеткечтерин — бардыгын тең апкелип чеккен.
Ошону менен азыркы убакта жарманке айланасы жакалай тизилген, бирине-бири мыктап тиркелген арабалар менен тосулган. Улуктун кеңселерине жакындаган жерлерде арабалардын эки катардан тизилип турганы да бар. Жарманке буунуп-түйүнүп казак чапкынчыларына ушундай бөгөт жасап алган эле. Мунун үстүнө эгер эл колу буга да карабай коюн-колтук алышып ишке кирип ала турган болсо, колдоруна түшүп, кармалып калбас үчүн, бардык жарманке башындагы адамдарга тегиз салт аттар дайындалган, алар түгөлү менен токулуу турган. Жарманкенин ортосундагы чоң короолордо тизилип күтүп турду. Шайтан сайып ошондой күн боло калса деп Акжелке, урядник, командири менен акылдашып, кийинки күндөрдө тегерек четте өз бетинче жүргөн жалгыз-жарым казактардан алда нече аттарды жыктырып алган.
Анын үстүнө бүгүн эртең менен он беш-жыйырмадай солдатты урядникке баштатып, кез келген айылдын жылкысын алып, кез келген элдин короолуу коюн топтоп айдап келүүгө буюрган. Койду камоого түшкөнү турган жарманкеге жаратмак. Казактын өзү издеп тапкан душмандыгын өз эсебине өткөрүп, чыгымын тарттыруу керек, Жылкыны малынан айрылган, дүнүйөсү өрттөлгөн чарба ээлерине үлөштүрүп бөлүп бермек. Ошону менен алардын көңүлүн жубатмак. Биротоло өз артынан ээрчитмек. Андан бери да азыркы жүргөндөрүнө ат берип, чабуулга каршы согушка чыгармак болгон.
Ушундай чоң коомчулук менен иштей турган башкы камдардан башка, Акжелке улуу шашкеден бери Көкжотонун аркы бетине жыйылып жаткан казак тууралуу да кыска-кыска кабар алып турган эле. Андагы топ кеңейип этек алып ээндеп келе жатат, дегенди уккан соң, Акжелке менен командир соңку күндөрдө ичтерине катып жашырып жүргөн бир сырын дагы да сыртка чыгарып, Көкжотого жакындатып койгон. Мунун өзү мурунку күнү Караколдон алдырган пулемёт болучу.
Мындай курал болгон жерде казак тобун касап кылып кырып салууга да болот. Өзү куралсыз, өзүндө согуштук эч бир адис-айласы жок койчо топураган калың казак пулемёттун оозуна карай бир жошулуп барып берсе мурун эч татып көрбөгөн шыбагасын алат. Ушуну ойлогондо жарманке улуктары ичтеринен тегиз ыраазы болуп жымыйыша турган. Казактын алдында аурулуу капкан, узатасынан казылган түпсүз ор дайын турду. Таң эртеңден бери ар бир арабанын түбүндө ажал огу аңдып, шыкаалап карап, «кандуу башың бери тарт» деп отурат. Баарынан да ишенимдүү, баарынан да артык кайрат берип, көп огу бар пулемёт кезелип турду.
Жотодон чапкан элдин тобуна элден мурун каршылык отун чачкан ушу пулемёт эле. Мунун башында Акжелке менен командир өздөрү келип байкоо жүргүзүп карап турган. Алгачкы тытырлап чыккан тунгуч октор менен бирге чаңга капталып топурап кулап жаткан атчандарды көргөндө Акжелкенин кыбаасы кангандай болуп:
— Ата бер, урдура бер. Мизи кайтты. Жалтайлады. Үстөмөндөтүп шыпыр, кыр, жой! — деп мөрөйү ашкандай бой түзөп бара жатты.
Пулемёт менен катар арабалардын арасында тизилип отурган солдаттар да тынымсыз атууга киришкен эле. Эң алдыңкы катарда чаап келе жаткан колунун ичинде Баймагамбет, Жансейит, Көкбайлар да келе жаткан. Кай кезде келгени белгисиз, мурун Асы тарапта иштеген эрдиги угулганы болбосо, өзү көп жыйынга көрүнбөй жүргөн Ыбырай да азыр ушу топко келип кошулуп, алдыңкы катарга туруп калган экен. Жарманкеден тытырлап атылган ок булардын катарындагы бир нече адамды учуруп-учуруп жиберген кезде баарынын алдындагы аттары мөңкүп-кайкып, үркүп алып жөнөп кетти. Мурун согуш, атыш көрбөгөндүк кылып, капталдап, кыйшая жөнөшүптүр.
Ошол алгачкы жыгылган топтун артына ала Көкбай да ат-маты менен томолонуп түштү. Астындагы ат оңкосунан барып жыгылганда, бул өзүнө да ок тийген чыгар деп ойлоп, ыйманын айта баштаган эле. Бирок ат жыгылып калып, өзү башынан ашып түшкөндө эч жери оорубаган экен. Амандыгын билип, дароо атып туруп, чаң ичинде мылтыгын жарманке жакка кезеп, арабалардан окчунураак калып ошоякты карап чаап келаткан бир атчан казак-орусту көздөп туруп басып калганда тигил атынын аржагына учуп барып түштү.
Көкбай ошол кезде байкады. Казак колу нөшөрлөй жаап, тынымсыз от бүркүп турган пулемётко бет багып кашкайып чыдап тура албай төмөн карай жөнөлгөн экен. Бул али толук басылбаса да, суюлуп калган чаңдын ичинде жөө калыптыр. Жалгыз да калган чыгармын деп жан жагына алаңдай берди эле, оң жагында бир жардын коңулуна жабышып жарманкеге карай бурк-бурк деп ок жиберип жаткан бир нече кишинин тобун көрдү. Алардын арасынан:
— Бери кел. Кач бери, ок тиет! Эңкейип жүгүр! — деген катуу кыйкырыкты укту.
Ошондо гана билди. Бул Ыбырайлар экен. Жанында он чакты мылтык менен жаткан жолдоштору бар. Баятадан бери үзбөй ок чыгарып атып жатышкан экен. Көкбай эмгектеп жүгүрүп булардын жанына келе бере мылтыгын октоп алып шыкаалап жата калды. Дал ушул кезде пулемёттун добушу жайлап барып басылган эле.
Баятан бери пулемёттун кай жерде экенин аныктап билгени болжоп отурган Ыбырай өзгө жолдошторуна жалпы жарманке коомуна карай аткыза берип, өзү ошол пулемёттун огу чыгып турган жерди таап алып, ылгый дал ошол тушту кароолго байлап атып отурган. Жанагы пулемёттун токтолушу мунун акыркы огунун түтүнү басылар-басылбас болгон кез менен дал келди. Чынында пулемётту атып отурган солдаттын маңдайына ок тийип, чалкасынан учуп түшкөн эле. Пулемёт бир жери сынгандай болуп, бытыр-бытыр этип барып какалып туруп калды.
Ыбырай мындай иш болор деп ойлогон жок эле. Башында бул өз жанында Асы тараптан кошо ээрчип келген бир топ мылтыкчан жолдошу менен келип аралашып, алдыңкы катарга чыгып чаап келе жатканда аты окко учуп жыгылган Көкбайды көрдү. Андан соң дал ошол убакытта Көкбай менен бирге окко учкан да бир нече жигитти көрдү. Баарынын тең жыгылышы жаман көрүнгөнү менен ок төмөндөп учуп турду. Аттарына гана тийген сыяктуу. Ошону байкай салышы менен жарманкенин четинде окко учкандарды басып калганы чапканы турган аттуу аскердин тобун көрүп өз жолдошторунун баарына:
— Аттан түшүп атыш,— деп буйрук кылып, эң алды менен өзү түшө калып жанында келаткан жигиттердин көбүнө: — Тик жыгылгандарды жыйнап алып кет; — деп кыйкырып, айкырып жарлык тараткан.
Ошол сөз айтылганда курулай дыргаяктап эси чыгып келаткан жигиттердин көбүнө эс киргендей болду. Мунун кыйкырыгын катарында келаткан Баймагамбет да уккан эле. Ал ошол жерде аттан кулаган жигиттерге карай жыйырма чакты киши менен кайта беттеп келип октон аман калган жолдошторун атка мингиздирип алышып өр талаша чапты. Булар да ушу жакка карай бет бурган калың топтун алдынан чаап, ошол жакка жакын жердеги бир дөбөнүн ыктоосуна келип илингендей болду. Башка калың кол да ошол дөбөнүн этегин пааналап жүткүнүп барып токтоп туруп калды.
Элдин бети жалт бергенде жарманкеден чабуулга камданган солдаттар али да камоодон чыгалбай турду. Анткени бардыгы он-он беш гана мылтык болсо да, Ыбырайлар тобу башы көрүнгөн, карааны кылт эткен кишилерди тап жылдырбай боо түшүрүп кулатып турду.
Арабанын артында жатып кезелген мылтык эч кимди кыйраталган жок. Эл бети жалт берип кеткен соң алардын кароолдоруна илинбес болуп атуу өлчөмүнөн кыйгачтап өтүп кетти. Жолдогу арабалар элдин караанын аныктап көрсөтпөй турган болду. Алар буйрук алып, орундарынан козголуп, жаңы жерге орношконго эл колу жанагы дөбөгө барып илинди.
Элдин дал соңку беттеген тушунда отуруп ок чыгарганы менен алар Ыбрайлар тобунун же атын жыгып, же анда-санда бир кишисин кулатканы болбосо калың колдун баарын бирдей жуушатып жибере албады. Анткени эл тобунун алдыңкы катары булар жаткан жерден чакырымга жакын алыс жайланышкан эле. Шашкалактап кароолго салынып атылбай жаткан мылтыктар мынчалык оолак жерден эчтекени кыйрата албады.
Атыштын оолак жерден боло турганын Ыбырай эртеден бери эсептеп отурган. Бирок жарманкенин маңдайындагы, асыресе. Көкжото жагындагы жер шартын: жар болсун, дөбө болсун, бардыгын тең Ыбырай эртеден бери эсепке алгандай эскерип отурган, ошондуктан, «ок чыгара турган жер Көкжото эмес. Ал жерден аткан мылтык эч кимге тийбейт, анчейин бошко бытырайт. Эгер чын атышабыз десеңер мага ээрчиген жигиттер Каркыра суусунун жээгиндеги жарга жетип токтогула. Атышты ошол жерден салабыз. Андан кийин токтоо керек болсо жарды бойлоп кете беребиз» — деген.
Азыр да Ыбырай ошол айтканын кылып эки жактагы топтун эч кайсысына тийбеген эң жайлуу орунду менчиктеп алып, ошого нык бекинип отурду. Андан соң жарманке ичиндеги аскерди эч кайда жылдырбай турган, кыя бастырбай турган болду.
Көп колдун жарманкеге карай беттеген, дабылдатып каптаган чаңы Ыбырайдын тобун өзгөнүн баарынан узатып, өзөн жээгиндеги жарга аман-эсен апкелип жеткизди. Алгачкы пулемёттун окторунан аман өтүп кеткен соң, кийинки атылган октор ылгый булардын башынан ашып түшүп арткы жактарга кадалып жатканда, булар келип аттарынан түшүп орношуп калган. Ошону менен пулемёт добушу токтоп, жарманке жаадырган октор сээлдеген кезде жанында жакын жаткан Көкбайга Ыбырай катуу добуштап:
Булардын пулемёту токтоду. Башында отурган киши жыгылды белем, бирок азыр кайта атылат. Капыр пулемётко каршы калың кол чабалбайт. Бекер кырылат го. Эми тигил элге: «ошол ордуңан чыкпай отуруп ал»,— деш керек. Арт жагын байкап көрөлүк. Биз ушул жерде жатып, жарманкеден эч кимди сыртка чыгарбайбыз. Эми элге бар да, айт: «Тобу менен бой көрсөтпөсүн, эптеп, кабат-буйгат жерлер менен төмөн карай жазылып, жарманкени курчоого тырышсын. Жана мылтыгы барларын иргеп чыгарып, жөө мергендерин ошол беттеги такырга жаткызып, жарманкени аткылатсын. Ошону менен кечке чейин камап атып көрөлүк. Эмнеси болсо да элди ушул келген жеринен кайта кайтарбайлык. Кеч болуп, күүгүм кирген убакта чабуулду кайта баштайбыз. Ушу дурус эмеспи?!— деди.
Көкбай:
— Дурус! Иш ушундай болсун. Окторуң кечке чейин жетеби?
— Жетет. Окту үнөмдөп, чактап чыгарабыз. Башы көрүнгөн кишини атпайбыз, курулай бет алды талаага ок жибербейбиз. Ошентип атсак эле ок жетет. Кабатыр болбогула.
— Байкушум, эркек деген силер экенсиңер го. Ыраазымын, баатыр, жолуң болсун.
— Жарайт, мактооңду артынан айтаарсың, бар эми,— деди.
Көкбай ушундан соң жардын жээгин бойлоп, бугуп жүгүрүп отуруп өз кишилерине карай беттеп келатканда, ушул жардын ичине эл тобунан чыгып жөөлөп келип орношуп алып мылтыктарын жарманкеге карай куруп жаткан жыйырма-отуз мергенди көрдү. Көкбай жакындай бергенде булардын баарынын мылтыгынан берекелүү ынтымактуу добуштар желесин үзбөстөн күрс-күрс этип, ажал отун чача баштады.
Кичине дөбөнүн далдаасына барып илинген соң, Картбай менен Баймагамбет элдин баарына жанагы Ыбырай айткандай кеңешти айтып, көпчүлүктү ошол арага бекитип коюп, жөө мергендерди баштап өздөрү жөөлөп жер боортоктоп отуруп, ыктоого келип түшкөн экен. Азыркы Ыбырай тобунун окторуна жанашып, чылбыр созуп чырылдап чыккан октор ошолордуку экен.
Көкбай буларга Ыбырай сөзүн кыска-кыска айтты да, илгери карай башка топко жөнөдү.
Мунун алдында кичине жотонун жонунда да жарманкеге карай бет түзөп, катарынан тизилип мылтыгын кезеп жаткан он-он беш жаш улан бар экен. Ыбырай колун кадимки эски тартиптүү аскер сыяктуу, жарманкенин күн батышы менен түштүгүнө карай созулуп, ар жерде ыктуулап мылтык тизип, тартип менен атыш баштаганы көрүндү.
Бирок эл калың, кара кайрат, кара күч мол болгон менен ушу жыйындын ичинде элүү-алтымыш мергенден башка эч биринде мылтык жок. Ошондуктан алар жотонун астында курулай топтолуп турушкан экен. Көкбай буларга келип ар жердеги топторго кыскача жайды маалым этип болуп, эми каш карайганча ушу жерден тап жылбай туруу керек экендигин айтты.
Жигиттер тобу доолашпай, ары-бери кетишпей кабыл алды. Көпчүлүктөн үн чыкпайт. Дендароо болуп эсеңгиреп, сестенип калган сыяктуу. Пулемёт тажаалдай коркунучтуу түрүн анык айкын көрсөткөндөй болуптур. Эл түрдүү каршылык жоочулукту күтсө да мындай болот деп ойлобогон, эскербеген. Жүрөгү чайылып калгандай.
Топ-топтун ортосунда али күнгө:
— Жанагы атылган эмне деген нерсе? Замбирек дегени ушубу? Ай, ушу чыгар. Капырда тыным деген болбойт экен го.
— Капырай, кенедей да басаңдап калбайт экен?
— Ошол тартылдактын баарына такай ок чыгарып турат көрүнөт.
— Кудай сактады. Кантип гана тегиз кырылып калбадык? Алиги замбиреги жок дегени кайсы? Ал ит бүт куралын жыйып, куп гана шайланып отурган экен го өзү.
— Бизде болсо керек десе жаман бирдеңке да жок... алгызат дейсиңби?
— Ай, алдырар түрү жокко. Жүз болсо жүз, миң болсо миң — баарын бирдей жуушатат да отурат мынабу замбиреги.
— Ой, замбирек эмес дейт, муну. Замбирек дегенди кайдан чыгардыңар?
— Баса, замбиректин огу бирөө эле болот. Түшкөн жерин ор кылып казып кетет дегени кайда? Мына мунуң бир башка шумдук экен.
— Ой, замбирек болбосо бул иттин аты эмне экен? Билгендериң барбы? — деп жанагы замбирек деп сүйлөгөн кара сакалдуу, бүтүк көздүү кызыл киши астындагы сары атын үзөңгүсүнө тээп өйдө көтөрүлүп, моюнун созуп туруп журттан сурады.
— Атында эмнең бар, атын билгенде кантмек элең? 'Атын билбесең да тааныдың го эмне экенин. Отуз-кырк кишиңди орок оргондой бир жолкусунда кыркып түшүрдү,— деп көп ичинен бир добуш жооп берди.
Бул топ өзгөлөргө караганда тандалыңкырап өзүнчө бөлүнүп чыгып турган топ эле. Булардан жакын турган топтордон бул убакта жөө мергендер тандалып өзүнчө топтолуп жаткан.
Мына бул топ алардын ишине да күдүктөнүү менен карап турду. Эмне кылса да эмки согушту керексиз деп таап, бети кайтып жалтайлап калган эле. Баш калкалаганды макул табышкан сыяктуу. Өзгөлөрдүн баарына бул алалык али жайылган жок. Алар мергендерин чыгарсын, пулемёттун токтогонун сөз кылсын, Ыбырайлардын эрдигине ыраазы болуп, алкыш айтсын, айтор али да болсо ишенимдин, үмүттүн үстүндө. Жашоо отун, кайрат-жигерин өчүрбөгөн сыяктуу.
Мынабу бошоңдоп калган топ алардын жанына карай барса үндөбөйт. Кур гана сөздөрүн угуп, жымжырт бо;луп турат. Сыртын салган бул топтун арасында ишенимден айрылган добуштарын ар түркүн күдүгү угулат. Бирок буларга да азыр майдандан кетип калууга болбойт. Кетүү үчүн көрүнөө чыгуу керек. Мындай чыгып көзгө көрүнчү болсо жанагы шумдуктуу курал дагы да сүйлөп кетиши мүмкүн. Анын колу кай жерге болсо да жетет. Кызыл-кыргынга салышы мүмкүн. Ошондон жазгангандыктан согушту токтотуу тууралуу эчтеке айткан жок. Бирок эптеп түнгө илинсе, жылып жөнөмөкчү сыяктуу. Араларында бөтөн киши болбой, өз ара сүйлөшкөндө белдүүлөрү:
— Өзгө казак өз билгенин өзү бүтүрсүн, бул жердеги Алжан тобу, эсиң барда элиңди тап,— дешсе, дагы бирлери мындай деп коштойт.
— Баса, дабырабай, чуулдабай тароо керек. Баары бир көчөт экенбиз. Муну жеңген менен бардык улукту жеңе алмаксыңбы? Ушуну менен согуш бүтүп, тынчтык орнойбу? Жеңип алган күнүңдө да, өлтүрө турганың бир жүз, эки жүз солдат болор. Ошону менен жоонум тукуму куруп кетет дейсиңби?
— Анын өзү да оңойчулук менен өлө койсо десең?
— Ырас да, өлө коёбу? Балким, өз таалайыңды жуушатып салар? Аны бир кудайдын өзү билсин,— дешип, ушу топтун ичиндеги Алжандын бардыгына уруу жиги аркылуу иритки салып, алардын эң бош талуу жерин кажай берүүгө айланды.
Алжан Албандын ичиндеги саны көп уруунун бири болсо да эскиден бири: «Албан эмес, тууганы начар» — деген бир жалаа сөз айтыла турган. Ошол чын болсо керек. Ушу аңгемеге карап, Албан аттуулар ары көптүгүнө, ары күчтүүлүгүнө сүйөнүп, Алжанды ар качан кемсинтип, корсунтуп, четке кагып жүрө турган. Көп Алжан кедей да, төмөн да боло турган. Ар болуштун ичине бөлүнүп, чачырап кирген Алжан андан бетер өздөрүн төмөн санады.
Ошондуктан, бүгүнкүдөй көпчүлүктүн жонуна салмак түшүп, калың кайратман көп менен катарлашып туруп көрсөтүү керек болгон убакта көптүн катарында бир кыйындыкка чыдашууга келгенде, булар ар качан ушундайча жалтактап, сыйгаланып кете бергич туруктуу эмес боло турган. Бирок ошондой мүнөзүнөн улам: «Жоону көпчүлүк качырат, жакшы аты Баракка калат» — дегендей, жакшы иштин атагы Алжанга калабы, Албандын өзгөсүнөн артылбайт. Ошолорго тиет. Биздин кара сорпо, кызыл май боло турган эмне жөнүбүз бар деп доо айтыша турган. Чынында Алжандын алигиндей мүнөзүнүн чоң себеби ушул эле. Бирок ошол адет жай убакытта болсо да, Алжан баласынын дайыма колдоно турган мүнөзү болуп кеткен. Бүгүн да ошонусуна бой урууга айланып турду.
Бул кезде жарманке менен эл тобунун атышы алгачкы кызуу кезиндей болбой, эки жак тең бирин-бири алдыртан байкашып, аңдышып атыша турган болгон эле. Эки жак тең алгачкыдай бет алды үркүтүп от чыгарганды коюп, эмки аткан огун өлүмгө арнап ата турган болду.
Көкбай далдаада токтолуп турган топко келип буга эми иштей турган иштин ирээтин айтып жүргөндө, Алжан тобу да көп менен бирге баягы капыстан мылтыктын атын укту.
Пулемёт дейби, пулемёт дейби ошондой бир мылтык болот дешет го, ошол болсо керек,— дешип жатты.
— Бул замбиректин атасы болсо керек. Бирок огу көп, коркунучу зор капыр болсо керек,— деп баягы сары ат минген неме Алжан тобуна келип, уккан жайын маалымдап жатты.
— Капыр экенин өзүбүз да көрдүк. Анын эмнесин айтасың. Ким жакшы деп турат? Ушу да бир кудай аманаты сөздү айта бере турган киши экен өзү,— деп, сыртынан күңкүлдөп сынап тургандар да болду.
Көкбайга Жансейит келип кошулган эле. Ал азыр күлкүчү, баягысынан бетер тамашакөй болуп алыптыр. Көптөн бери жоготкон көңүл жайын, маанайын кайта тапкан сыяктуу. Маңдайы чып-чып тердеп, анда-санда бетинин терин алаканы менен шыпырып таштап:
— Бүгүн мен кырамын. Кызыл Ыбырайдын эмне кылып жатканын көрдүңбү? Пулемёттун өзүн да какалтып койду. Тун болсун. Мынабу жарманкени бүгүн күл кылабыз. Жарманкенин кара сорпосун ууртабай көчпөймүн, кетпеймин,— деп жүрүп, кырк-элүүдөй жигитти тандап алып: — «Жарманкеге келаткан куралдуу солдат, жүргүнчү улук болсо, туткун кылабыз»,— деп калың топтон жырылып кеткени жаткан эле.
Дал ошол кезде элдин артындагы жотодон калың жылкыны тапыратып куюлтуп кууп келе жаткан он-он беш киши көрүндү.
Журт тегиз чуу этип:
— Мынабу жылкы айкелаткай солдатко.
— Баса, бул ушу жарманкеден чыккандар го, апкеле жатканы эл жылкысы го.
— Шырганакты элин чаап кайтып келетат,— деп Алжан тобу чоочун киши сыяктуу курулай кеңешке айланып бара жатканда, дөңгө жакын турган жүздөй киши Көкбай, Жансейит баштап, жылкы айдагандарга карай чу койду.
Дагы да жер дүңгүрөп чаң каптап кетти. Көп аттын дүбүртү жин ойногондой дабыш чыгарды. Жылкы айдагандар алдыларынан кокус чыккан кооптуу көрө салып, эси чыгып үркүп жөнөштү. Жылкы аттуунун бардыгы алдындагы куугундун жолу менен этекке карай дүрүлдөп уюлгуп желип чаап жөнөгөндө солдат аттуулар түштүктөгү ойго жакын кыйшая чаап жарманкеге качып кирмек болду. Эл тобу да ошондой көздөй уюлгуп жөнөдү. Булар качкан жоону жарманкеге киргизбей бетин буруп алып кетмекчи эле.
Эки жагы тең бири качып, бири кууганды гана ойлоду. Мылтыкты бирин серини болбосо, эч ким да аткан жок. Аз убакыттын ичинде бирине-бири кыялап чапкан топ өпкө туштарына келип кошулуп калды. Калың түтүндөй бурк-бурк чыккан чаң гана көрүндү. Жарманке бул жагдайды көрүп, өз кишилерин таанып жардам бермекчи болгон эле. Ошондуктан аз гана убакыт баягы пулемёт кайра тытырады. Бир аздан кийин ал дагы токтоду. Анткени эл тобу тигилердин арасына кирип, эки жак айкашып калган.
Жарманке пулемёттон башка аттуу аскер чыгарууну ойлогон эле. Ага жар боюнда жаткан Ыбырай, Баймагамбеттер туташ ок атып, от чачып, аскерди тыгылып турган жеринен сыртка чыгарбады. Эмнеси болсо да эл тобу менен жанагы аз гана солдат аралашып кете турган болду. Калың топко бүгүнкү бардык согуш ичиндеги эң кубанычтуу, оңтойлуу, көңүлгө кубанычтуу, көтөрүңкү маанайдагы мезгили ушу чак болду. Чаң ичине аралашып сансыз калың топтун арасына келип такалган солдаттар мылтыкты колдоно албай коюн-колтук аралашкан соң кылычтарын жылаңачтап алып, ошону менен кайрат кылмак болушкан эле.
Казактын найза, союл, ай балта гана кармаган жигиттерине бул жагдай көңүлдөгүдөй ыңтайлуу болду. Көптөн бери өз ара сүйлөшкөндө эл жигиттери: «Аттиң, мылтыксыз гана келип кармаша турган күн болсо»,— деше турган. Мына ошол оңтойлуу мезгил жаңы келгенин көргөн соң, бардык жигит жигерленип, кайратына келип өз жоосуна эпкинденип келип киришти.
Айтканындай алгачкы кезде солдаттын кылычы бир казактын башына тийген жок. Топ ичинде алдыңкы катарда келген Көкбай, Жансейиттер колдорундагы чокмор, союл менен кылыч кармаган солдаттарды маңдай талаштыра койгулап, бойлоруна даарытпай, алыстап уруш салып киришти. Алдыңкы катарда келген булар бет алдындагы жоолорун бир-бир салып учуруп түшүргөндө өзгө солдаттар коюн-колтук аралашмак болуп жакындай умтулган эле. Мындайлардан эл жигиттери жалтайлап, качкалактап согуш салды. Анткени көпчүлүк качып жүрсө да арты менен да урушат эмеспи. Кууп келе жаткан жоосун аттын жалына кыйшайып жантая берип тизеден да, томуктан да, билектен да уруп кетет.
Алдыңкы уюлгуп качкан жигиттердин артынан түшүп кууган солдатты, артынан түрө кууган жигиттер да кыябына келтирип ура турган болду. Билек күчү мыкты болгону менен солдат аттуунун бардыгы тең башына тарсылдап тийген союлга чыдабай кетти. Анткени, тизеге, талуу денеге канчалык сокку тийип жатса да, жыгылып калбаган солдат, дал башына келип чала чарпып тийген союл болсо тумактай учат. Биротоло өлүп калгандай болуп, төбөсүнөн оңкобаш атып барып жыгылат. Ушул кагылышта эрөөлчүлөрдүн колунан төрт-беш жигит жаралуу болуп, он беш чамалуу солдаттын он эки, он үчү колго түшүп, туткун болду. Көп ичинен жарманкеге качып барып кирген экөө эле болучу. Анын бири урядник болуп чыкты. Туткун болгондордун куралын жигиттер бөлүшүп алды. Урядник улуктар тапшырган иш менен барып, жакын жердеги жайлоолорго аянбай колду салган эле.
Бир жерде отурган он чакты айылдын бардык жылкысын жыйдырып ийритип коюп, ичине ээн-эркин аралашып, ылгый жарактуу ат, айгыр, туу бээлерден гана тизип отуруп жүздөн ашык жылкы тандап алып, келе жатканы ошол болучу. Өзүнүн астындагысы ошол барган айлындагы белгилүү күлүк экен. Бул бардык Албанга аты чыккан, жарманке башында да байгени далай жеңген Матай дегендин кула жээрде аты эле. Урядник барары менен жылкыдан ошону таанып өзү карматып минип алыптыр. Кула жээрде бул күндөрдө нечен жолу таң ашып табында жүргөн, ээси кез-кез минсе да, бүгүнкү согушка минип барууга кыйбай, окко учуп кетээр деп айлында калтырган эле.
Ошол кула жээрде урядникти калың элдин жабыла'' кууган куугунунан аман алып чыкты. Урядник оболу этекке түшүп, жазыкка карай качып ойноктоп өр талашып барып, андан жарманкеге карай бет бурганда, артында мылтыксыз кууп келаткан топтон кула жээрде алдыга шуу этип озуп чыгып кетти. Ошону менен урядник аман кетти. Бирок ал кеткени менен колго түшкөн олжо эл тобуна мол сыяктуу көрүнүп, жоого каршы кайрат жыйып желпинип калган эле. Ошонун кызуусу менен дөң астындагы кол жарманкеге карай дагы бир каптап чаап көрдү.
Ошентсе да таң эртең менентен берки согуштун бардыгынан элге ушу чабуул катуу залал келтирди. Бул жолу пулемёт да жүздөн ашкан мылтыкка түгөл тытырлап берген эле. Эл бет багып, кашкайып барууга чыдай албай аз убакытка дагы кайта артка серпилди. Ошону менен кайтадан дөбөнүн далдаасына жыйылганда аркы бетте элүү-алтымыш жигиттин жуушап калганын көрүштү. Алардын арасында Көкбай да калган эле.
Ушундан кийин бардык элдин мизи кайтып, басаңдап, жашып калды. «Алгызбайт, болбойт, бошко кыргын табабыз» — деп коркунучка баткан журттун добушу көп жерден угулуп, күчөнүп чыгууга айланды. Жакынынан, туушкандан айрылгандардын бир боорум деп ыйлаган жашыктыгы, боштугу да көрүндү. Эми эл кайта каптап согушууга жарабай тургандыгына нык көрсөттү. Баятадан берки согушка аралашпай кетенчиктеп турган Алжан тобу күндүн батышын ашыгып күткөндөй болуп кызарып уясына кирип бара жаткан күндү тез жоголсо экен деп, ичтиртен кубангандай болушту. Жалгыз тилеги караңгылык сыяктуу эле.
Бүгүнкү күндүн согушу ушуну менен бүттү. Каш карайган соң элдин бардыгы жыйылып, акылдашууга келгенде күндүзгү калың колдун жартысынан артыгы кетип калганы билинди. Калган журттун башчылары али да чыдашып, камап көрмөкчү болду эле, ага:
— Эртең эрте келип, таңга маал дагы согушалык. Сөздү ошого байлашалык. Азыр ат да, адам да кажып бүттү. Куу талаада эмнени такат кылабыз? Бекерге кырылабыз го. Эртең дагы согушат экенбиз,— деп иритки салуучулар көбөйүп, сөз бир жерге байланбай, калың топ караңгы түндү жамынып, жан-жакка жик-жиги менен ыдырап-ыдырап кетип жатты. Ошону менен эл жатаар кезде жарманкенин айланасында казак колунан эч ким калган жок, далай күнкү жалын, жигердүү эпкин пулемёттун эки үч ирет ырымдаган. каршылыгынан жалтайлап, сестенип калды.
Жалгыз гана жарманке бул жайдан кабарсыз эле. Күнү бою эл жыйынын көрсөткөн мүнөзү мындагы журтту катуу сестендирген. Ошондуктан жарманке ичинен чыгып, эл тобуна каршы барып, чабуул жасоого жарай турган эч бир аскер, эч бир жан чыккан эмес. Керек десе пулемётко да каршы чабуул жасап, толкундай күркүрөп булкунуп чаңдатып жүргөн элден аскер да чочугандай болуп, аларды улук да, согушууга зордой албаган.
Жарманке анын үстүнө күнү бою аткылашууга жараган элдин огун да көрдү. Пулемёт сыяктуу жарактары жок болсо да элге мылтык саны көп сыяктуу. Ок шайманы да, дары дармеги да бир талай атышып чыдашууга жарай тургандай көрүндү. Жар боюнда кечке чейин жатып кадалып аткан мергендердин огунан жарманке ичиндеги бир далай жан жаралуу болуп, каза тапты.
Мунун баарынын тушунда коркконго кош көрүнүп, өзүнүн күчү артык болуп турса да, жоо тарабында бир белгисиз табышмактай санаган чочулоо да бар эле. Калың казак жайлоонун ортосунда мына мындай карааны калың топтун ортосунда камоодо отурган төрөлөргө азыркы өздөрүнүн абалы чоң кооптуу, күдүктүү көрүнгөн.
Ошону менен каш карайып, түн киришин жарманкеде ашыгып күткөн эле. Жоолашкан эки жактын бүгүнкү согуштан алган таасирлери ушундайча болгон. Бирин-бири үркүтүп-коркутканы, ичтей жүдөтүп, сестендиргени болбосо, экөө тең жака жыртып, кол батырып кыймыл кылган жок. Бирок анык жоо сыяктуу суук, жат көрүнүш, айбат көрсөтүүгө эки жак тең жарады.
Аттарга тегиз ээр токулуп, улук аттуунун кеңселери таңылды. Катын-калачтары түгөлү менен арабаларга отуруп орунтуктап алышты. Эл жатаар маалда бардык жарманке Жаркентке карай кетчү кара жол менен чубап-убап жөнөй берди. Абактыдагы Серикбай, Турдукожолорду ала кетишти.
Туткундардан башка казактардан бул обоз кире менен кеткен эки гана киши бар. Ал — Осмон менен Жебирбаев. Эки тилмеч кечеги күнү жарманке башынан чыгып, тергөөчү менен бирге Сары-Жаз калаасына барып бүгүн түштө, нагыз атыш башталган кезде кайтып келген эле.
Сары-Жазда казынага ат алып жаткан өкмөт комиссиясынын бир адамын: «эрөөлчүлөр өлтүрүп кетиптир» — деген кабар кечээ түштө жарманкеге келип, ошону изилдөөгө тергөөчү бара турган болгон. Өзү барууга бекинген соң, ал адеп боюнча Осмонду ээрчитип алып, артынан Акжелкенин кеңеши менен Жебирбаевди да алган эле.
Булар кечээ кечке барып тергөөсүн жасап, таң ата кайра кайткан. Барган кишилерде бул үчөөнөн башка дагы үч-төртөө бар эле. Бирок казак мынабу экөө гана болучу. Кайтканда жолдогу бир бекеттин баарына бирдей ат-көлүк жетпей, өзгөлөрдүн баары даяр атка минип эки тилмечти атайы тандагандай таштап кеткен.
Булар мине турган ат тигилер узап кетип калган соң гана тийген эле. Ошону менен жарманкеге жакындап калганда элдин калың колу жасап жаткан чабуулду көрүп, талаада чапкылап келаткан эки-үч казакка кездешип, болуп жаткан окуя тууралуу толук маалымат алган эле, Бирок экөөнө азыркы абалды эскерткен казак:
— Жарманкеге барасыңарбы, жок элге барасыңарбы? — деп сураганда экөө тең күңкүлдөп үндөбөй калып, эл кишилери кетип калган соң гана жарманкеге келген.
Жарманкенин Каркырага, Тамгалуу-Ташка караган жагы жоодон аман. Бул жагында эртеден кечке бир дагы согуш болгон жок. Күндүз дүзалда нече ирет жарманкеден чыгып, маңдайындагы элдин кой-жылкысын, уюн топтоп айдап келип жаткан аскерлер да ушу жактан чыгып, ушу жак менен тегеренип кайтып келишкен. Тилмечтер да ошол ыктан пайдаланып, ушу жактан келип, базарга кирген. Булар келгенден кийин да согуш бир үзүлүп, бир башталып, анык аякталбай, созулуп жатты.
Тилмечтер колдорунда курал болбосо да, Аклжелке менен тергөөчүлөр турган жерге келип, көздөрүнөн алыстабай улам көрүнүп турушкан. Башында буларды эске алып, эсептеген улук болгон жок. Жалгыз гана кечке жакын Акжелке Осмонду байкап:
— Мен сени айылга качып кеткен экен десем, мында экенсиң го,— деди.
Осмон соңку күндөрдөгү улуктардын өзүнө караган түр-кейпинен сезгенинкиреп, жетим козудай түрткүнчүктөп, жалтактап жүдөп жүргөн эле. Мынабу сөз биротоло коркутту. Эми эмне болсо да улуктардын жанынан кыя баспай, бирге өлүүгө бел байлаган, ошого эки тилмеч тең бекинген эле.
Түш оой бергенде жарманке башына тегеректеги жакын айылдардын беш жүздөй коюн айдап чубуртуп төрт-беш солдат келген. Ошол койлорду жарманке башындагы бардык жанга: «Керегинче союп жеп тамактангыла» — деген уруксат болгон эле. Анын артынан базар башындагы соодагерлерден баштап бардык аскер болсун, жалпы кызмат ээлери болсун, айтор, ким болсо ошо болсун, бардыгы тең баш-башына бир-бирден ирик, кочкордон карматып алып, күнү бою кыргын салып чыкты. Көп кой жөн гана мууздалганы болбосо, союлбай, союлган болсо бузулбай асылбай да ышпалдасы чыгып кызыл ала бойдон деңкейип жатты.
Тилмечтердин боюндагы бардык казакчылык, «элчилдик» ошол абалды көргөндө гана чыккан сыяктанган эле. «Мынабу малдын ыраспасы чыкты го» — деген болуп, өзгөгө батпаса да, соодагерлерге бирдеме айтты эле, бирок эч кимиси алардын бул сөздөрүн элеген жок. Ошону менен тынчтанып кала берген.
Алдыдагы абалынын эмне болорун билбей, улуктун кабагынан ичтей сезгенип, шашкалактап калган Осмон өзүн улук ичинен эскерген эч ким болбогон соң, кечке жакын бир татар соодагерди пааналады. Соодагер жарманке башынан улуктар кете турган болсо, алар менен бирге Жаркентке кошо кетмекчи эле. Осмон муну менен сүйлөшүп, убада кылышып анын арабасына түшүп кете турган болду. Ичтеги эсеби улуктардын өздөрү ээрчитип албаса да, каарына калбайын, Жаркентке мен да бирге барайын. Ошондон ары дагы да ишенимин алармын, түшүнүшөрмүн. Азыр казакка жанашпай, мынабу сыяктуу татар, өзбектин жанында болсом, түбүндө ушулардын күбөлүгү менен да өз башымды актоого болор. Эгер бул абалдын үстүндө бир казакка жанашпасам, анда эч бир сөзүмө да ишенбес, казактын күбөлүгүн да далилге албас деп ойлогон.
Ошентип тааныш соодагер менен сөз байлашып, анын арабасынын үстүндө жатып калып бир мезгилде ойгонсо, таң агарып калган экен. Жарманке каңгырап ээн калыптыр. Соодагер арабасын чегип, ашыгып камданып жаткан экен. Тегеректе төрөдөн, аскер аттуудан бир да жан калбаган. Бирок жарманке башынан келген казак да жок. Көчкөн элдин жутундай ээсиз калган жарманкени көрүшү менен Осмон да соодагер менен бирге тез камданып, убада боюнча ошонун арабасына түшүп алып Жаркентке карай жөнөй берди.
Кечээтен бери атайын четке чыгарып куугандай муну казак тобуна карай итерип, кээде көрүп турса да элебей кетип, кээде унутуп кетип, кээде сөз менен кекетип, өз ортосундагы арам шыйрактай санаса да ошол мүнөз-кыймылдын баарын жасаган улуктардын артынан намыссыз, жигерсиз жалтаң көз тилмеч дагы да ээрчиди. Байы таштап кеткен көңүлү бош, ачуусу жок катындай, ошол жазалаган, мазактаган эрине күйүтүн артмакчы, жалынмакчы, багынмакчы болуп, бекинип алып беттеди.
Ошол бет менен кара жолго салып келе жатып, жарманкеден беш-алты чакырымдай жерге чыкканда жол боюнан сулап жаткан көп кишинин өлүгүн көрдү. Ар жерге чачылып, түркүн түрдө жыгылган. Кээ бирөөлөрүнүн аралары төрт-беш кадам. Бир жерде экөө-үчөөдөн жатканы да бар. Он-он беш кадамдай жерде жаткандай да көрүнөт. Кийимдери менен карайган такыр баштарына караганда, баары тең казакка окшойт. Чынында эле тегиз казак экен. Ушулардын ичинде чалкасынан түшүп, кыбыланы беттенип өлүп жаткан Серикбай көрүндү. Мунуң оозу бир аз кыйшайып ачылып калган. Ок чекесине тийиптир. Узун болуп өскөн кайраттуу чачын оң жак саамайынын тушуна жабыштырып үрпүйтүп, күйдүрүп кетиптир. Теңгедей жерде кара күрөң кан уюп, тешилип турган октун орду эле. Ошол жаранын айланасындагы чачтары тегиз тикирейип, жан жакка бытырай качкандай болуп чачылып, үрпүйүп турат.
Жүзүндө корккон, үрккөн белгиси жок. Эки кашынын арасында жогорудан төмөн карай упузун болуп созулган ичке бырыш бар. Кабактары түйүлүңкү. Бүткүл бет ажарында сууктук, бекигендик көрүнөт. Ошону менен бирге актыгына, жазыксыздыгына ишенген сабырдуулук, кең ишеним, тазалык ажары бар. Бирөө үстүнө сүр чапанды айкарасынан жаап кетиптир. Ыракымы түшүп, жаны ачыган колдун иштеген иши сыяктуу.
Серикбайдан бир эки кадамдай жерде Турдукожо жаткан экен. Мүмкүн душмандары «атып өлтүрдүк» деп кеткен соң, дагы бир аз кыйналып барып оонап түшкөн чыгар. Ал эт-бетинен түшүп жатат.
Ушундай ар жерде жаткан өлүктүн бардыгы тең Осмондун тааный жүргөн адамдарынын өлүгү болуп чыкты, Бардыгы тең Каракол абактысында өлгөн эл башчыларындай, жарманке башындагы абактыга камалып отурган көрөсөндүү кишилер экен. Мунун ичинде ошол жумуштан башка иш менен отурган бир да киши жок. Бардыгы тең — улуу ниеттин, элдин ураанынын курманы. Өз көңүлдөрүндө «шейитпиз, акпыз, эл тилегинин жолуна чалынган «эркек танабыз» деп өлгөн жандар. Жүрөктүү баатырлары, тегиз намыс кулдары эле.
Ушулардын жанынан шыйпаңдап тамак аңдыган короочу иттей болуп, тилмеч өттү. Өлгөндөрдүн арбагына акыркы жаза, акыркы мазак ушу тилмечтин өзү болуп көрүндү. Татар соодагерлеринин арабасына түшүп, мына буларды кырып салган улуктун артынан шимеңдеп кетип бара жаткан Албан баласы, илими бар, окуган казак. Бул элин сатып, куу кулкундун айынан кетип бара жаткан кейпи менен бардык иштелген ири иштерди булгагандай түр көрсөтөт. Ошол ниет жолунда өлгөн эр азаматтарынын сөөгүн кордогондой түргө келген эле. Ичинде болумсуз болсо да, өмүрүндө бир ирет болсо да, кенедей гана каршылык добушу ойгонуп, өзүн-өзү уялта тургай, сөгө турган сынчыл добуш чыгышы керек эле. Азыр да анын белгиси көрүнгөн жок. Курулай бетин сыйпап бата кылган болду да, ар кимисине эликтегендей карап өтө берди. Көөдөнүндө ит өлгөндөй, сасып-быкшыган арам өзүмчүлдүк менен бирге, өзгөчө, жакшы орношкон сезимсиздик, ырайымсыздык бар эле. Анын арсыз маңдайы көң теридей калың эле. Элеңдебей, бөгөлбөй Жаркентке карай жөнөй берди.
Ошол күнү улуу шашке ченде Каркыра жарманкесинин ордунда алоологон кызыл от менен аралаш капкара болуп булактаган, уюлгуган булуттай калың кара түтүн жатты.
Кечээги жарманкеге жыйылган журттун баары бирдей келбесе да жартысынан ашыгы топ-тобу менен кайтадан ураан салып, дагы да Көкжотону бетке алып туш-туштан агылган эле, бирок бүгүн көпчүлүк кечээгидей ачыкка чыгып согушмакчы эмес. Такай камоодо сактап, ошону менен жарманкенин тыйтыгын курутуп алсыратмак. Андан ары оңтою келсе түнүндө, же болбосо эртең, бүрсүгүнү болсо да айтор коркутуп туруп, жарманкени талкандап, ичиндеги улук аталууну кармап алып кырмакчы эле. Эң болбосо ушуларга кылгылыкты кылып, аз да болсо кегибизди алып кетебиз дешкен эле. Ошону менен катар элдин баары тең төөсүн комдоп, үйлөрүн таңып, көчүүгө киришкен эле. Жанагы ниет менен жарманкеге карай беттеген жигиттер, туш-тарапты учулап келгендер ичинде эч бир жан калбай каңгырап турган ээн жайды көрүштү.
Андан кийин бардык эл көчө-көчөнү ээлеп алып, ичинде ары бери кесип басып жүрүп туткунда отурган кишилердин дарегин издеген эле. Эч кимди, эч бир белгини таба албады. Көчөлөрдө чачылып жаткан ар түркүн дүнүйө-мүлктөр бар эле. Ар жерде мууздалуу бойдон союлбай калган кочкор, баглан козу, байлануу калган аттар, короолордо калган топтошкон кой да бар экен. Тирүү малдарды бошотуп чыгарып алып, ошондон калган дүнүйө-мүлктүн эч бирине карабастан жарманкеге туш-тушунан өрт койгон.
Далайдан бери жаан көрбөй ысык күндө какшып/ куурап турган жыгач дүкөндөр, тактай чатырлар куураган чөптөй болуп алоолоп жана баштады. Баягы замандан бери Албан жайлоосун армансыз жайлап, таттысын-даамдуусун шимирип жутуп, жондонуп турган жарманке бүгүн эң акыркы саатына, өлүм күнүнө жетти. Көп замандан бери чоң айкөлдүк, кеңчилик менен чыдап келген эл эми булкунуп келип, катуу туйлады. Астын-үстүнө көңтөрүп таштагандай, дүнүйөсүн ойрон кылгандай болуп туйлады.
Ошону менен өмүр бою душман ниети менен келген эски жармаңке чоң өрттүн кучагына кирип, кара түтүндүн астында тумчугуп, быкшып, жоголуп бара жаткан чакта калың Албандын эли да удургуп көчтү. Каз-катар болуп, кайткан каздай тизилип, үркүп-көчүп жөнөй берди.
Артында кара түтүн болуп жармаңке калды. Ээсиз болуп каңгырап Ала-Тоонун жайлоосу калды. Аңгырап кыштоо, коңурсуп журт калды. Киндик кесип, кир жууган момун наристе күнү калды. Албан Албан болгону кыштын жутун, жаздын илдетин көрсөтпөстөн, жер киндиги ата конуш Мекени калды. Тоо-тоонун салаасында ээсиз чуулдап, короо-короо кой калды. Тоо толгон аркар, бугу, элик, кара куйрук, тоо текедей жапайы коңшулары да калды. Алдында белгисиздикке толгон тумандуу күндөрү кучагын жайды. Артынан наалат айтып, алдына карай жол тартты.
Калың Албан тобунан адашкан каздай жалгыздап, куу талаанын кубарган байы Дөөлөтбак калды. Бул Асы багытындагы согушта жөөлөп, каңгып калган Хлыновскийге ошондо түнү менен коштолгон ат менен киши жиберип, баарын тең аман-эсен Алма-Атага жеткиздирип салып, теңир жалгасын деген батасын алып калган эле.
Дөөлөтбактан башка Текестин, Сырттын тоолорунун таш-ташына, ууру коңулдарына тыгылып жүрмөк болуп, Түнкатар бай калды. Журтта калган көркоо иттей болуп, .улуктардын кербенинин артынан ээрчий Осмон менен Жебирбаев тилмечтер калды.
АЯГЫ

Супер-Инфо
super.kg
видео