Күйөөм келбей коёбу деп корком Kenesh bergilechi
#301 02 Апрель 2017 - 20:55
Мен билип турам ал өз чечими менен эмес Ата-энесинин сөзүнөн чыга албай , үйлөнүп алды. Эмне демекмин бактылуу болсун.
#303 02 Апрель 2017 - 21:25
dinar-87 (02 Апрель 2017 - 21:05) жазган:
Нурлан не болду
Султанбы? Ал мен турмушка чыккандан кийин кыйла өзүн таштап кыйналып жүрүптүр тааныштардан укканым бойунча. Кийин деле Московский номер менен чалып калчу алсам уунчукпай тыншап тура берет эле. Ал мен турмушка чыккандан кийин 2 жылдан кийин үйлөндү. Угушум бойунча учурда өзү жалгыз эле Москвада экен.
Билдирүүнү түзөткөн: timaika9195: 02 Апрель 2017 - 21:26
#305 09 Апрель 2017 - 18:28
Абдан өкүнүчтүү окуя экен.Мейли күйөөңүз балалуу болуп жашап кетсин!Ар адам артында туяк калбасын билип туруп жашай албайт да жары менен.Сиз да албетте бактылуу болосуз болгону убакыт керек не зря сказано любовь не всегда счастье приносит деп
#306 09 Апрель 2017 - 22:39
Ммм ...турмушта эмнелер гана болбойт.Коп нерсе жазайын дейм убактым жок да. Анын устуно ушунун баарын окуйм деп 35 минута олтурупмун.
Ото аянычтуу бирок... Сен да созсуз бактылуу болосун. Ар бир адам бактылуу болушка ээ. Ал учун тоодой эмгек жана эрк керек.Аллах сенин да бир куну бактынды ачат.Билесинби Аллахым жакщы коргон адамына сыноосун коп берет.
#307 10 Май 2017 - 20:07
Timaika9195 кандайсын азыркы жашон туралу жазып тур куйон уйлонгондон бери байланышпадынбы сени тушунуп турам мен дагы азыр сенин тагдырындай болуп жаткан учурум кайнене мн кайынсиндимдин айынан куйом мн урушуп кеткеним жакшы эле тезирек унута белем бир бирибизге кату суйлобой эки жолго тушкон жаман экен
#309 19 Май 2017 - 02:51
#310 21 Май 2017 - 15:46
Salamatsynby Aika baikashym boiuncha ysymyn oshondoi e. Sen da oz baktyndy taap baktyluu bolosun buirusa. Sabyr kyl sindim. Ali jash ekenine karabai bashyndan oor synoolordu otkoruptusun. Myndan ary da jashoondo ozgoruulor bolso jazyp tur.
#311 21 Май 2017 - 19:54
Саламатсыздарбы.
Айтканыныздар келсин рахмат жакшы тилектер учун. Азыр Кудайга шүгүр жакшы баары. Жумушум, жашоом ойдогудай эле. Бир гана ата - энем, бир туугандарымды сагынып кыйналып жүрөм. Жошоомдо азырынча өзгөрүү деле жок баары бир нукта өтүп жатат. Жумушка барам, үйгө келем. Москванын түнөргөн асманы бир ааз маанайымды түшүргөнсүйт.
Карап отуруп өзүмө окшоштуруп койом. Жаз келип айлана жашыл болсо дагы күндүн кабагы ачылбайт, көктөм жазды күтүп күтүп, акыры үмүтү үзүлгөндө шолоктоп ыйлап да алат, бирок кайра эле үмүт кылат, бирок анын күткөн жазы келди. А менин жашоомдо баары жакшы болсо дагы эмнегедир маанайым суз, мен дагы жазды күткөндөй күтүп жүргөндөймүн.
Бирок менин жазым келбесин билем. А айтмакчы ал мага 3 күн мурун смс жазды, номеримди кайдан тапканын билбейм. Смс ин окуп көзүмө жаш келип тамагым буулуп турду. " Саламатсынбы,
жакшы жүрөсүнбү? ден- соолук, иштерин жакшыбы? Өзүм жөнүндө айтсам, уксан керек, үйлөндүм . Билем, мага капа болдун, мени сүйгөн эмес да деп ойлодун. Баары сен ойлогондой эмес,
#312 21 Май 2017 - 20:05
Эми сага мынтип айтканга акым да жок, бирок мени кечирчи жаным. Жашоо токтоп калбайт экен, уланып жатат бирок бир жерим эле кем болгонсуйт,
жашоом жакшы болсо да конулум толбойт, журогум эншерилип турат. Эми сени качан кором? Кай жерде болсон да бактылуу болчу, сенин амандыгынды тилейм. Сени бактылуу кыла албадым. Кечир. Жолукканга чейин аман бол !!! Сени сагындым козум."
#313 21 Май 2017 - 20:09
Мына ушундай смс келди. Мен жооп берген жокмун. Анан телефон чалды, эч сыр бербей баары жакшы деп, аны унутуп койгон адамдай суйлоштум да, эми чалбаныз деп очуруп салдым. Телефон очкондон кийин ыйласам керек деп ойлоп жаттым эле , кызыык... бир тамчы жаш чыкпады го козумдон.
#314 21 Май 2017 - 20:19
Тимайкасы жок эле Айка дейинчи,Тиманы унутунуз дейин... Баарын окуп чыктым,ыйлап алдым... Бактынызды табыныз эми,чойрону озгортупсуз,
жашоону да озгортунуз,
жан дуйнону озгорто албасаныз да жакшы тааныш кутунуз,жаны жашоо баштаныз...
#316 18 Июнь 2017 - 16:25
Саламатсыздарбы!
Жашоо дегениң эч нерсеге карабай өтө берет тура. Менин Москвага келгениме билинбей төрт ай өтүптүр. Мен бул жака келгенден бери жалгыз калган күнүм болгон жок, жумушка барсам жумуштагылар менен алаксып, үйгө келсем квартирадагылар менен алаксыйм. Ошентсе да жан дүйнөм жарты болуп, ар дайым жетим баладай томсорот. Жан дүйнөмдө жалгыздык, боштук өкүм сүрөт. Өзүм дагы жалгыздыкты эңсеп калам. Эч ким жок көлдүн жээгине барып көпкө отуруп айланамда болуп жаткан тирүүлүктү,
бул турмуштун сыноосун, азап- кайгысын унутуп, менин жашоомдо эч нерсе болбогондой,
башка дүйного, кайгысы жок күндөргө, таптаза аруу балалыгыма кетким келет. Жумуш графигим 5/2 болгондуктан дем алыш күндөрү мен жашаган метродогу көлдүн жээгине кетип калам. Шаардын ызы- чуусунан тажайм. Эки үч саат отуруп үйгө келсем квартирадагылар " Ой сен кайда бардын? ким менен айланып келдин? " " күйөө бала менен Кфс ге барган окшойсун ээ " деп тамашалап калышат. А мен болсо , " Кайдагы күйөө бала? менин бирөөгө жолугуп же учурашып жүргөнүмдү көрдүнөрбү?
" деп күлүп калам.
#317 18 Июнь 2017 - 17:44
Айтмакчы мен өзүмдүн жумушума жакын жерге квартирга чыгып алдым, метродо көпкө жүрүп кыйналганымдан,
авамдардан уруксат сурап. Чогуу жашаган эжелер жакшы Кудайга шүгүр. Өзүмдө болсо жанылыктар бар. Акыркы жолу Тима чалганда көпкө сүйлөштүк. "Жок дегенде ден соолук сурашып туралы, ичимде сага айтпай калган көп сөзүм бар айтып женилдеп алайынчы"
деди. Биринчи нике баарыбир башка экен, баскан- турганынан,
сүйлөгөнүнөн,
күлгөнүнөн сага окшош жагын издей берип жинди болуп калайын деп атам. Жанымда жүргөнүңдө жакпаган сапаттарын азыр артыкчылык болуп сезилет, Кайсыл жака бассам дагы сенин элесин көрүнгөнсүйт.
Тандырды көрсөм сен нан жаап атканда жаныңа барып нандан мурда өзүң бышып калыпсын го деп тамашаласам,
сиз жаап көрүңүзчү анан көрөбүз сизди дагы, деп тултуйуп калганыңды эстейм..
#318 18 Июнь 2017 - 18:05
Сайдагы чоң сууну көргөндө, сенин эки челекти көтөрүп алып суунун бойуна барып, сууну көөпкө карап өтура берет элен, анан мен жиним келип алыстан баратканда эле шашып челектеринди жуумуш болуп отуруп калат элен. Айрыкча ушул нерсе көз алдымда, ар дайым сууга барганда кызыл халат, аппак жоолук салынып алат элен эмнегедир, үйдө башкача светте жоолук салынып жүрсон да сууга жөнөгөндө ак жоолугунду салынып алчусун. Ошол учурда маани берген эмесмин, бирок азыр сууну көрсөм сенин аппак жоолугун эске түшөт. Н.... ны ( аялы) көп жолу сенин атынды айтып чакырып алам. Мен эмес атам менен апам дагы аны чакырганда сенин атынды айтып алышат адашып, ал болсо жини келип тултундап калат". Чынында мен Тиманы мынчалык көп нерсени байкап жүрөт деп ойлогон эмесмин, мынчалык сезимтал, жан дүйнөсү назик экенин билген эмесмин ушунча чогуу жашасак дагы. Баарын угуп отуруп токтоно албай шолоктоп ыйладым канчалык өзүмдү кармаган сайын. Ыйлабачы сен, жүрөгүм ооруп кетет сен ыйласан дегеничи. Оо Кудай ушунча да кыйнайсынбы бизди? Ушундан көрө бир бала берсен азыр чагуу болот элек го.!!!!
((((
#319 18 Июнь 2017 - 18:16
деп ичимден нааразы болуп кеттим. Сиздер азыр болду аны унут, баары бүттү, сүйлөшкөндө эмне пайда деп айтаарсыздар,
бирок жүрөгүм таптакыр унутуп салууга жол бербей атса эмне кылайын? Бул жака келгенден бери таанышабыз,
кыз- жигит бололу деп сөз айткандар деле бар бирок мен алардан Тиманын элесин издейм, окшош жагын издейм, тилеке каршы эч кимиси окшобойт. Метродо, көчөдө ага фигурасы окшош жигитти артынан көрсөм ошол болуп кала тургандай шашып алдына өтүп бетин карайм, жок башка адам(((.