cheksiz-oilor-
tajatty (07 Апрель 2017 - 00:21) жазган:
Эмнеге акылдуу адамдардын достору аз
болот?себеби…
.
1. Сиз башкалардан өзгөчө ой
жүгүртөсүз. Сизди башкалардын
пикирлери кызыктырбайт, себеби бул
жашоодо өзүңүз тандаган жол менен
кетесиз.

.
2. Сиздин жасалма кыймыл-
аракеттерге убактыңыз жок.
Башкаларга жагынуу максаттарын
көздөбөйсүз. Ошондуктан сиз көбүнчө
өзүңүз жүрөсүз.
Модадагы,музыкадагы акыркы
тренддерге кызыкпайсыз.
Башкалардын көңүл чордонундагы
нерселерди билбөөдөн коркпойсуз.

.
3. Белгилүү адамдардын жанында
калп эле жүрүп популярдуу болом
деген жасалма , социалдык маска
таккан адамдарды дароо сезесиз да
алар менен мамиле курбайсыз.
4. Сиз аз сүйлөйсүз, көп угасыз.
Себеби, көбүнчө айланаңызда болуп
жаткан нерселерге көз салууну
жактырасыз. Социалдык
баракчаларга күнүнө 10дон сүрөт
жүктөө, “лайк”тар жана
“подписчик”тер үчүн жашоо сиздин
стилиңиз эмес. Сиздин жашооңуз
мындан өйдө турат.

.
5. Сиз негативдүү адамдар менен
мамиле курбайсыз. “Досторум клубка
кетип жатат, мен эле барбай калдым”
деген ойлор сизди
тынчсыздандырбайт. Себеби, сиз үчүн
үйдө апаңыздын жанында болуу
маанилүүрөөк. Сиз өзүңүз каалаганды
жасайсыз жана баалуулуктарыңыз
өзгөчөлөнөт.

.
6. Сиз бирөөлөргө бактылуу
экениңизди далилдебейсиз. Өзүңүз
менен өзүңүз бактылуусуз. Сиздин
рухуңуз күчтүү жана башкалардан көз
карандысыз адамсыз.
7. Сиз чыныгы досторуңуз ким экенин
билесиз. Сизге достордун саны
маанилүү эмес. Өзүңүздөй ойлонгон
адамдар менен достошосуз.
8. Сиздин жашоого масаттарыңыз
бийик. Башкалар эртеңки күндү
пландаганда, сиз жашооңузду
пландайсыз. Майда күнүмдүк
нерселерге башыңызды оорутпайсыз.
Өзүңүдүн максаттарыңызга жетүүдө
башкалардын эмне дегени сизди
кызыктырбайт.
Мени эле айтып койгондой го.))