Түн ичи. Отурасын, а сен уктабай,
Айдан карайм элесиңди жадабай.
Жарык чачып жан дүйнөмө
Болот дейм бу түнү flash in the night.
- (2 )
-
- 1
- 2
Сен жөнүндө Ыр саптары
#2 24 May 2017 - 00:16
Көз тийбесин сага
Жылмайсаң, жарашат күлкү сага,
Өзүмдөн-өзүм кызганам кайра.
Өзгө көздөн алыс жүрө кой жаным
Бирөөнүн сугу түшпөсүн сага.
Жароокер жансың, жүрөккө дааба,
Жашоодо сенсиз жетишсиз аба.
Каткырып күлсөң баарына бирдей
Бирөөнүн көзү тийбесин сага.
Баладай назик, көңүлүң таза,
Жүрсөң болду жылмайып гана.
Суук көздөн алыс боло кой жаным
Бирөөнүн көөнү түшпөсүн сага.
Дүйнөдө түркүн адамдар көп
Бирөөнүн көзү тийбесин сага.
Жылмайсаң, жарашат күлкү сага,
Өзүмдөн-өзүм кызганам кайра.
Өзгө көздөн алыс жүрө кой жаным
Бирөөнүн сугу түшпөсүн сага.
Жароокер жансың, жүрөккө дааба,
Жашоодо сенсиз жетишсиз аба.
Каткырып күлсөң баарына бирдей
Бирөөнүн көзү тийбесин сага.
Баладай назик, көңүлүң таза,
Жүрсөң болду жылмайып гана.
Суук көздөн алыс боло кой жаным
Бирөөнүн көөнү түшпөсүн сага.
Дүйнөдө түркүн адамдар көп
Бирөөнүн көзү тийбесин сага.
#3 24 May 2017 - 00:19
Сенин уячаң
Бакыт күнгө бүгүн мен жол ачам,
Балкып, анан кайра-кайра нур чачам.
Дайым мени эстен тандырат
Ак жүзүңдөгү сенин уячаң.
Айлуу түнгө бүгүн мен сыр катам,
Аста басып, анан, анан кыр ашам.
Дайым мени эстен тандырат
Ай жүзүңдөгү сенин уячаң.
Жаным сага бүгүн мен ыр жазам,
Сагынчымды ичтеги сен туялсаң.
Дайым мени эстен тандырат
Нур жүзүңдөгү сенин уячаң.
Бакыт күнгө бүгүн мен жол ачам,
Балкып, анан кайра-кайра нур чачам.
Дайым мени эстен тандырат
Ак жүзүңдөгү сенин уячаң.
Айлуу түнгө бүгүн мен сыр катам,
Аста басып, анан, анан кыр ашам.
Дайым мени эстен тандырат
Ай жүзүңдөгү сенин уячаң.
Жаным сага бүгүн мен ыр жазам,
Сагынчымды ичтеги сен туялсаң.
Дайым мени эстен тандырат
Нур жүзүңдөгү сенин уячаң.
#4 24 May 2017 - 00:22
Сен – Күн, мен - Ай
Тагдырым мага, эх ченебей арман күн сунган,
Сураба жаным, мендеги алды эңсөөдөн курган.
Күнүм сенсиң – жүрөктөрдү жылытаар
А мен Аймында, сага эч жолукпай турган.
Сен чыксаң, мен жалп этип кайра өчкөн,
Жашымды тыйбай, жамгырдай төккөн.
Кылымдар бою кездешпес жанбыз
Сен – Күн, мен –Ай, кайгыга ойлор чөккөн.
Күнсүң сен, жарык шоола баарына чачкан,
А мен Аймында, жашырып жүзүм жапкан.
Тагдырым мага, эх ченебей арман күн сунган,
Сураба жаным, мендеги алды эңсөөдөн курган.
Күнүм сенсиң – жүрөктөрдү жылытаар
А мен Аймында, сага эч жолукпай турган.
Сен чыксаң, мен жалп этип кайра өчкөн,
Жашымды тыйбай, жамгырдай төккөн.
Кылымдар бою кездешпес жанбыз
Сен – Күн, мен –Ай, кайгыга ойлор чөккөн.
Күнсүң сен, жарык шоола баарына чачкан,
А мен Аймында, жашырып жүзүм жапкан.
#6 24 May 2017 - 00:26
Тосуп алчусуң
Жазда барсам калчу элең жасанып,
Саамай чачың жазгы желге таралып.
Бир азга гана кечиксем
Тосуп алчусуң көздөрүңө жашалып.
Жайда барсам толкун жээкке чабылып,
Күн шооласы жер бетине тегиз агылып.
Кичине эле эгер кечиксем
Тосуп алчусуң эркем мени сагынып.
Күздө барсам жамгыр болуп төгүлүп,
Күмүш өңдүү жалбырактай көрүнүп.
Бүгүн эрте келипсиз деп
Тосуп алчусуң кубанычка сен бөлөнүп.
Кышта барсам ызгаар суукта шашылып,
Бороон уулуп, тоскоол болот асылып.
Сизге сүйүүм аппак кардай деп
Тосуп алчусуң кээде мага таарынып.
Жазда барсам калчу элең жасанып,
Саамай чачың жазгы желге таралып.
Бир азга гана кечиксем
Тосуп алчусуң көздөрүңө жашалып.
Жайда барсам толкун жээкке чабылып,
Күн шооласы жер бетине тегиз агылып.
Кичине эле эгер кечиксем
Тосуп алчусуң эркем мени сагынып.
Күздө барсам жамгыр болуп төгүлүп,
Күмүш өңдүү жалбырактай көрүнүп.
Бүгүн эрте келипсиз деп
Тосуп алчусуң кубанычка сен бөлөнүп.
Кышта барсам ызгаар суукта шашылып,
Бороон уулуп, тоскоол болот асылып.
Сизге сүйүүм аппак кардай деп
Тосуп алчусуң кээде мага таарынып.
#8 24 May 2017 - 00:32
Айтканыңды койдум жазып
Сен жөнүндө кечке ойлоп тынбадым,
Элестелип куса кылып сымбатың.
Эстеп кетип айткан сөзүндү
Карегимди чырак кылып ыр жаздым.
Кулач жайып кыялдана керилип,
Күлкүң күмүш, сен перидей сезилип.
Акындардай бир ыр жазгын деп
Айткан элең алма-бактан кезигип.
Жалжал карап, аста күлүп кылгырып,
Арнап мага мээримиңди сыр кылып.
Чуркап келип кулагыма шыбырай
Сүйүүбүздү жаз дегенсиң ыр кылып.
Айдын нуру тиги тоодон ашаарда,
Ой туйлатып, уйку качып жатаарда.
Сүйүүбүздүн тазалыгын ардактап
Айтканыңды койдум тизип саптарга!
Сен жөнүндө кечке ойлоп тынбадым,
Элестелип куса кылып сымбатың.
Эстеп кетип айткан сөзүндү
Карегимди чырак кылып ыр жаздым.
Кулач жайып кыялдана керилип,
Күлкүң күмүш, сен перидей сезилип.
Акындардай бир ыр жазгын деп
Айткан элең алма-бактан кезигип.
Жалжал карап, аста күлүп кылгырып,
Арнап мага мээримиңди сыр кылып.
Чуркап келип кулагыма шыбырай
Сүйүүбүздү жаз дегенсиң ыр кылып.
Айдын нуру тиги тоодон ашаарда,
Ой туйлатып, уйку качып жатаарда.
Сүйүүбүздүн тазалыгын ардактап
Айтканыңды койдум тизип саптарга!
#9 24 May 2017 - 00:42
Кездешүүдөн берчи кабар
Ойноок көзүң ай нуруна эх төгүлүп,
Бир укмуштуу бир сыр келчү көрүнүп.
Тагдыр чиркин мага ыйгарбай
Бир жашабай, кеттик болбой бөлүнүп.
Сырдуу көздөр, менден эми бекинип,
Күтөм деген жерге жетсем теминип.
Жок дегенде күндө бир маал
Кызыгыңды көрсөм дегем кезигип.
Кайра, кайра оргуштап сенин илебиң,
Санаа тартып, жүргөнүңдү мен сезбепмин.
Кездешүүдөн берсең кабар
Таман жыртып, түн жиретип жетмекмин.
Көрсөм дегем, күтө бербей буулугуп,
Көөдөнүмдө, көкүрөктө муз тоңуп.
Түбөлүккө эркем сен менен
Өмүр гүлүн сүрсөм дегем бир болуп.
Жаз келип, жыты атыр гүл гүлдөп,
Кайың-терек калган кезде бүт бүрдөп.
Берсең кабар чын дилден
Кездешүүгө жетмек элем күн-түндөп.
Эстей берип, жакшы көргөн адамды,
Баягы жерге барсам сени же табамбы?
Кездешүүдөн берип кабар
Сагынычтан сактап калсаң жаманбы?
Жашоом көрксүз, туман басып калганда,
Эзген жүрөк сүйүп жетпей эх арманда.
Күткөн жүрөк кубанычка толобу
Кездешчү күндүн аппак таңы атканда.
Ойноок көзүң ай нуруна эх төгүлүп,
Бир укмуштуу бир сыр келчү көрүнүп.
Тагдыр чиркин мага ыйгарбай
Бир жашабай, кеттик болбой бөлүнүп.
Сырдуу көздөр, менден эми бекинип,
Күтөм деген жерге жетсем теминип.
Жок дегенде күндө бир маал
Кызыгыңды көрсөм дегем кезигип.
Кайра, кайра оргуштап сенин илебиң,
Санаа тартып, жүргөнүңдү мен сезбепмин.
Кездешүүдөн берсең кабар
Таман жыртып, түн жиретип жетмекмин.
Көрсөм дегем, күтө бербей буулугуп,
Көөдөнүмдө, көкүрөктө муз тоңуп.
Түбөлүккө эркем сен менен
Өмүр гүлүн сүрсөм дегем бир болуп.
Жаз келип, жыты атыр гүл гүлдөп,
Кайың-терек калган кезде бүт бүрдөп.
Берсең кабар чын дилден
Кездешүүгө жетмек элем күн-түндөп.
Эстей берип, жакшы көргөн адамды,
Баягы жерге барсам сени же табамбы?
Кездешүүдөн берип кабар
Сагынычтан сактап калсаң жаманбы?
Жашоом көрксүз, туман басып калганда,
Эзген жүрөк сүйүп жетпей эх арманда.
Күткөн жүрөк кубанычка толобу
Кездешчү күндүн аппак таңы атканда.
#10 24 May 2017 - 01:39
Ишенбе
Жүрөгүмдө сенин сүйүүң айыккыс беле,
Көңүлүмө жакын туруп алыссың неге?
Жараланган сезимдердин арасында
Ажырап, ажырап сен экөөбүз айрылдык дебе.
Көздөрүңө байлап алдың тузаксыз эле,
Жан-дүйнөмдөн алыстап узаксың неге?
Коштошуп сезимдердин сересинде
Бөлүнүп, бөлүнүп сен экөөбүз узадык дебе.
Элесиң тартылып мага, тарткандай желе,
Жашоо бизге оор жүгүн арткандай неге?
Балкыган сезимдердин кучагында
Ишенбе, ишенбе ушактарга, ар кандай кепке.
Жүрөгүмдө сенин сүйүүң айыккыс беле,
Көңүлүмө жакын туруп алыссың неге?
Жараланган сезимдердин арасында
Ажырап, ажырап сен экөөбүз айрылдык дебе.
Көздөрүңө байлап алдың тузаксыз эле,
Жан-дүйнөмдөн алыстап узаксың неге?
Коштошуп сезимдердин сересинде
Бөлүнүп, бөлүнүп сен экөөбүз узадык дебе.
Элесиң тартылып мага, тарткандай желе,
Жашоо бизге оор жүгүн арткандай неге?
Балкыган сезимдердин кучагында
Ишенбе, ишенбе ушактарга, ар кандай кепке.
#11 24 May 2017 - 01:42
Кетти беле
Түн сырынан гүлдөр күлүп сырдашып,
Түн узатып жүрчү элек го жытташып.
Кош жүрөктүн оттон ысык илеби
Кетти беле узап бизден кырды ашып?
Күн нурунан деңиз бети чайпалат,
Куса деген жүрөгүмдү саймалап.
Узун түндө жыттап, жыттап мен сени
Узатчу элем алкымыңдан аймалап.
Ал күндөрүбүз кетти беле табылбай,
Жүрчү элек тоскоолдорго багынбай.
Көз ирмешпес ойго эми бурулуп
Кездешпес күнгө калсак болду кабылбай.
Түн сырынан гүлдөр күлүп сырдашып,
Түн узатып жүрчү элек го жытташып.
Кош жүрөктүн оттон ысык илеби
Кетти беле узап бизден кырды ашып?
Күн нурунан деңиз бети чайпалат,
Куса деген жүрөгүмдү саймалап.
Узун түндө жыттап, жыттап мен сени
Узатчу элем алкымыңдан аймалап.
Ал күндөрүбүз кетти беле табылбай,
Жүрчү элек тоскоолдорго багынбай.
Көз ирмешпес ойго эми бурулуп
Кездешпес күнгө калсак болду кабылбай.
#12 24 May 2017 - 01:43
Сен сагынба
Күн шооласы ак булутка жашынып,
Кечиккенсип шамал барат шашылып.
Көргүм келип а мен болсо өзүңдү
Күтөм сени билесиңби сагынып.
Күндөр өтөт кусалыкты жашырып,
Калган белем бир өзүңө багынып.
Күдөр үзбөй а мен болсо жүрөмүн
Карагаттай көздөрүңө зарыгып.
Ойгоном, чоочуп түштөн апкаарып,
Сен сагынба, сагынычтан саргарып.
Сүйүүң сенин аппак кардан ак болсо
Көргөндөр анда суктанышаар таң калып.
Күн шооласы ак булутка жашынып,
Кечиккенсип шамал барат шашылып.
Көргүм келип а мен болсо өзүңдү
Күтөм сени билесиңби сагынып.
Күндөр өтөт кусалыкты жашырып,
Калган белем бир өзүңө багынып.
Күдөр үзбөй а мен болсо жүрөмүн
Карагаттай көздөрүңө зарыгып.
Ойгоном, чоочуп түштөн апкаарып,
Сен сагынба, сагынычтан саргарып.
Сүйүүң сенин аппак кардан ак болсо
Көргөндөр анда суктанышаар таң калып.
#13 24 May 2017 - 01:44
Неге жолуктуң
Асылым, өзүңдү эми унутайын дегенимде,
Сагынычты эч жашыра албайт экенмин.
Эстебейм, бүттү баары деген менен
Сезбепмин, алсыз жүрөк сен жакка кетеерин.
Түн ичинде жылдыздар да сен, сен дешет
Сени эми эскербейм деп жүргөнүмдө.
Жада калса шуулдап бак-дарактар
Шыбырай беришет баары сен жөнүндө.
Сен жөнүндө, ооба, баары сен жөнүндө,
Кусанын өртү акырын өчөөрүндө.
Жайнап кайдан мага кайра жолуктуң
Жан дүйнөм башка жанга эми көчөөрүндө!
Асылым, өзүңдү эми унутайын дегенимде,
Сагынычты эч жашыра албайт экенмин.
Эстебейм, бүттү баары деген менен
Сезбепмин, алсыз жүрөк сен жакка кетеерин.
Түн ичинде жылдыздар да сен, сен дешет
Сени эми эскербейм деп жүргөнүмдө.
Жада калса шуулдап бак-дарактар
Шыбырай беришет баары сен жөнүндө.
Сен жөнүндө, ооба, баары сен жөнүндө,
Кусанын өртү акырын өчөөрүндө.
Жайнап кайдан мага кайра жолуктуң
Жан дүйнөм башка жанга эми көчөөрүндө!
#14 24 May 2017 - 01:46
Сага деп
Акырын билинбей өчүп барат жаным,
Эч сезбей убакыт өтүп баратканын.
Сени эстеп буулугуп айлуу кечте
Сага деп ушул ырымды жаратамын.
Сагынам, сагынычты кантип таратамын,
Ыр менен балким өзүмө мен каратамын.
Аздегдеп сүйүүмдү жүргөн менен
Билемин бир күнү аны да канатамын.
Чыга албай, туңгуюк менин тараптарым,
Уча албайм, сындырдың сен канаттарым.
Мончоктоп жаштар тамып жатса
Сага деп жазылат ар бир барактарым.
Сүйүүгө балким мен анда жарабадым,
Жалооруп сен да, сен да карабадың.
Сыр кылып жүрөккө сактап алып
Сага деп жазгандан мен тажабадым.
Акырын билинбей өчүп барат жаным,
Эч сезбей убакыт өтүп баратканын.
Жаздагы гүлдөрдөй жайнаар элем
Бир кылып койсо кайра Жаратканым.
Акырын билинбей өчүп барат жаным,
Эч сезбей убакыт өтүп баратканын.
Сени эстеп буулугуп айлуу кечте
Сага деп ушул ырымды жаратамын.
Сагынам, сагынычты кантип таратамын,
Ыр менен балким өзүмө мен каратамын.
Аздегдеп сүйүүмдү жүргөн менен
Билемин бир күнү аны да канатамын.
Чыга албай, туңгуюк менин тараптарым,
Уча албайм, сындырдың сен канаттарым.
Мончоктоп жаштар тамып жатса
Сага деп жазылат ар бир барактарым.
Сүйүүгө балким мен анда жарабадым,
Жалооруп сен да, сен да карабадың.
Сыр кылып жүрөккө сактап алып
Сага деп жазгандан мен тажабадым.
Акырын билинбей өчүп барат жаным,
Эч сезбей убакыт өтүп баратканын.
Жаздагы гүлдөрдөй жайнаар элем
Бир кылып койсо кайра Жаратканым.
#15 24 May 2017 - 01:48
Өмүр сүрмөк эмесмин
Сен мени сүйөөрүңдү сезгенимде,
Жаныңдан такыр чыкпай койбойт белем.
Балбылдаган көздөрүңө суктанып
Карагандан анда мен тойбойт элем.
Сен мени жактырганың билгенимде,
Бакытка эх, тумчугуп тойбойт белем.
Сен үчүн деп ызгаар суукта
Билесиңби анда да мен тоңбойт элем.
Сен мени тандаганың билбестен,
Мен сени карабайт деп ойлойт элем.
Ошондо аттиң сүйөөрүңдү билсем
Өзүңсүз анда өмүр сүрбөй койбойт белем.
Сен мени сүйөөрүңдү сезгенимде,
Жаныңдан такыр чыкпай койбойт белем.
Балбылдаган көздөрүңө суктанып
Карагандан анда мен тойбойт элем.
Сен мени жактырганың билгенимде,
Бакытка эх, тумчугуп тойбойт белем.
Сен үчүн деп ызгаар суукта
Билесиңби анда да мен тоңбойт элем.
Сен мени тандаганың билбестен,
Мен сени карабайт деп ойлойт элем.
Ошондо аттиң сүйөөрүңдү билсем
Өзүңсүз анда өмүр сүрбөй койбойт белем.
#16 24 May 2017 - 01:49
Сени эстеп
Канча жыл өттү андан бери жарышып,
Ошол жылдар сени өзгөртүп салгандыр.
Кандай болуп калдың экен сен өзү
Бактылуулук балким өз кучагына алгандыр.
Канча жыл өттү, жаз жайга алмашып,
Мүнөзүң сенин башка болуп калгандыр.
А бирок билем, мен сүйгөн көздөр
Бакыттан жылдыз сымал дагы жангандыр.
Кундуздай эле эх, сенин чачтарың
Сылай турган бирөөнү балким тапкандыр.
Сакталып турат алигиче билесиңби
Сен үчүн, сен үчүн деп андагы жазган ыр.
Канча жыл өттү андан бери жарышып,
Ошол жылдар сени өзгөртүп салгандыр.
Кандай болуп калдың экен сен өзү
Бактылуулук балким өз кучагына алгандыр.
Канча жыл өттү, жаз жайга алмашып,
Мүнөзүң сенин башка болуп калгандыр.
А бирок билем, мен сүйгөн көздөр
Бакыттан жылдыз сымал дагы жангандыр.
Кундуздай эле эх, сенин чачтарың
Сылай турган бирөөнү балким тапкандыр.
Сакталып турат алигиче билесиңби
Сен үчүн, сен үчүн деп андагы жазган ыр.
#17 24 May 2017 - 01:51
Өбөйүнчү
Бүгүн сени бир ирээт көрөйүнчү,
Ыр арнап сага гана төгөйүнчү.
Эреркеп кубанычтан мен анан
Ак жүзүндөн бир жыттап өбөйүнчү.
Бүгүн сени сөзсүз бир көрөйүнчү,
Астыңды ырлар менен төшөйүнчү.
Миңдеген кыздардын арасынан
Тандап сени өзүм эх, өбөйүнчү.
Эртен эгер жашоо бүтсө
Кучагыңда бүгүн анда өлөйүнчү.
Эч ким жок далдоо жерде
Жыттап сени, кечке өбөйүнчү.
Бүгүн сени бир ирээт көрөйүнчү,
Ыр арнап сага гана төгөйүнчү.
Эреркеп кубанычтан мен анан
Ак жүзүндөн бир жыттап өбөйүнчү.
Бүгүн сени сөзсүз бир көрөйүнчү,
Астыңды ырлар менен төшөйүнчү.
Миңдеген кыздардын арасынан
Тандап сени өзүм эх, өбөйүнчү.
Эртен эгер жашоо бүтсө
Кучагыңда бүгүн анда өлөйүнчү.
Эч ким жок далдоо жерде
Жыттап сени, кечке өбөйүнчү.
#18 24 May 2017 - 01:53
Сактайм махабат формуласын
Ансызда билем, тагдырыбыз бирге кошулбасын,
Сенден бөлөк черткен эмес жүрөктүн добулбасын.
Андагы экөөбүз жараткан тунук сүйүү
Сактап келем махабатыбыздын формуласын.
Сенсиз мага жер жарылсын, мейли тоо куласын,
Сындырсынуюп турган көнүлүмдүн тоңдурмасын.
А бирок анда да сактап калам
Сен экөөбүз жараткан махабат формуласын.
Периштем менин, күтүүм сенсин, жолукпасым,
Мейли деймин жүрөгүм акырын соолгундасын.
Эч ким чече алгыс экөөбүздүн
Сактап өтөм махабатыбыздын формуласын.
Сактайм түбөлүккө махабат формуласын.
Ансызда билем, тагдырыбыз бирге кошулбасын,
Сенден бөлөк черткен эмес жүрөктүн добулбасын.
Андагы экөөбүз жараткан тунук сүйүү
Сактап келем махабатыбыздын формуласын.
Сенсиз мага жер жарылсын, мейли тоо куласын,
Сындырсынуюп турган көнүлүмдүн тоңдурмасын.
А бирок анда да сактап калам
Сен экөөбүз жараткан махабат формуласын.
Периштем менин, күтүүм сенсин, жолукпасым,
Мейли деймин жүрөгүм акырын соолгундасын.
Эч ким чече алгыс экөөбүздүн
Сактап өтөм махабатыбыздын формуласын.
Сактайм түбөлүккө махабат формуласын.
#20 24 May 2017 - 11:28
Бүгүн сөзсүз жолугалы
Кел жаным бүгүн биз сөзсүз жолугалы,
Жаны таанышкандай сүйлөшүп отуралы.
Балким бүгүн бар, эртен жокпуз
Кел жаным бүгүн биз сөзсүз жолугалы.
Кел жаным азыр биз сөзсүз көрүшөлү,
Ичтеги сырлардан айтып төгүшөлү.
Эртен балким кеч болуп калар
Кел жаным азыр биз сөзсүз көрүшөлү.
Кел жаным бүгүн биз сөзсүз кездешели,
Өткөн кез, жакшы күндөрдү эстешели.
Эртенкини эч ким билбейт
Кел жаным бүгүн биз сөзсүз кездешели.
Кел жаным бүгүн биз сөзсүз жолугалы,
Эртен эмес, бүгүн сөзсүз жолугалы.
Кел жаным бүгүн биз сөзсүз жолугалы,
Жаны таанышкандай сүйлөшүп отуралы.
Балким бүгүн бар, эртен жокпуз
Кел жаным бүгүн биз сөзсүз жолугалы.
Кел жаным азыр биз сөзсүз көрүшөлү,
Ичтеги сырлардан айтып төгүшөлү.
Эртен балким кеч болуп калар
Кел жаным азыр биз сөзсүз көрүшөлү.
Кел жаным бүгүн биз сөзсүз кездешели,
Өткөн кез, жакшы күндөрдү эстешели.
Эртенкини эч ким билбейт
Кел жаным бүгүн биз сөзсүз кездешели.
Кел жаным бүгүн биз сөзсүз жолугалы,
Эртен эмес, бүгүн сөзсүз жолугалы.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео










