Апам атама турмушка чыканда болгону 17гана жашта экен. Атам жана апам дегенда тема ачкам катта болсо кечирим сурайм. Апама акыркы 3жылда келсем эле кечке атам жонундо соз кылат. Былтыр тай энем отуп баарыбыз тай энеми комгон сон тай эжелерим тайкелерим менен чер жазышып отурсакда апам атамын кылыктарын айтып элдин баарын бирде културуп бир сыйра ыйлаткан. Атам бар видиолорду дисктерди койсон эле дей берет. Же тагдыр же бешене же Алланын сыноосубу 1,5жарым ай болду тошоктон турбай калды. Атамы алган цирроз печени деген оору апамада жабышты калды. Чуркабаган барбаган эшигибиз калбады. Операция болбойт. Жон гана поддерживающие лечение кылабыз дешти. Агада макул болуп эки жолу больницага жатып чыктык. Экинчисинде болду жакшы созунор менен жакшы тамагынарды аябай карай бергиле тарактатып ар жака алып барып апаны кыйнай бербей дешти. Ары карап ыйлап апамы карап жылмайып уйго алып келдик. Акыркы уч кундон бери бут бардык нерсени дайындап баштады унуда жакшы чыкбай тилида булдуруктап созу тушунуксуз болуп. Кулагыма келме айт дейт. Жакын отуруп кулагына тынбай келме айтып атам. 27жашымда апамын коз алдымда ушундай азап чегип атканы ичиме туз куйгандай эле ачышып атат. Колуман эч нерсе келбей Алладан апамы кыйнаба жаратканым деп тилеп калдым. Ыйласа аалам астын устун болгондой сезилет. 15-июлда 60жашка чыгат 60жылдык той кылабыз деп кыялданат элек. Ээ жараткан апама берген дартынын дабасын кошо бер. Эч кимдин апасы азап чекбесин.
Алтыным апам
#3 24 May 2017 - 00:59
Кудайым шыпаасын берсин!эч кимдин башына мындай сыноону салбасын!
Ата энебиз аман жаныбызда журсо,туболук олбочудой сезилет
#4 24 May 2017 - 02:59
Аллахым шыпаасын берсин!Ата-
энелерибиздин омурлору узуун болсун.Эч бир ата-эне оорубаса экен ылайым.
#8 05 June 2017 - 00:06
Кудайым ырайымдуу, шыпаасын кошо берсин, тойлорду кылгыла, ылайым 60жылдык эмес,100жылдыктарында кылып,бул оорулары туштой унутулуп кетсин аамин. ( Созсуз намазга жыгылып,дуаны туура кылып журунуздор ИнШаАллах жакшы болот)

Супер-Инфо
super.kg
видео









