Суперстан: Кыргызстаным - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргызстаным ырларым сага

#21 Пользователь офлайн   lovvver   24 Май 2017 - 11:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 66
  • Катталган: 20 Март 17
  • Соңку аракети: 15 Сен 2017 14:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул ырым кыргызымдын атын даңктап келе жаткан спортчебери, көптөгөн байгелердин ээси, Кыз Сайкалдын дал өзү, Кыргызымдынсыймыктарынын бири Айсулуу Тыныбековага арналат.

Сулуу көрдүм

Кыргыз эли үчүн бу дүйнөгө жаралган,
Катарында биздин курамада саналган.
Чамынып ыйык спортко бел байлап
Өз ордун дал ошондон таба алган.

Сулуу көрдүм, жаздай болуп жайнаган,
Баскан жол, багытынан эч тайбаган.
Алдыга умтулуп Мекен үчүн
Жан аябай улуу ишке баш байлаган.

Сулуу көрдүм, жөнөкөйлүктөн танбаган,
Спорт деп машыккандан кумар канбаган.
Жан дүйнөсү назик жана терең
Жери үчүн, эли үчүн күрөшүүдөн талбаган.

Сулуу көрдүм, жигиттерди сүрдөнткөн,
Кыргызымды алга карай гүлдөткөн.
Багынтып бийиктерди келатат
Жолдор табып жомоктогу дүйнөдөн.

Сулуу көрдүм, сыймыктардын бирөөсү,
Тийишкенди тик качырат мүнөзү.
Анан бирок аздектеген жан болсо
Ажарынан нур төгүлгөн гүл өзү.

Сулуу көрдүм, кантип коем мактабай,
Кыргызымдын эли үчүн аскадай.
Жакшы адамды жакшы деш керек
Жана бер Айсулуу, энебиз Даткадай!

Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 11:24

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   lovvver   24 Май 2017 - 11:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 66
  • Катталган: 20 Март 17
  • Соңку аракети: 15 Сен 2017 14:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Акыркы жазым

Көрдүм бул дүйнөдө жашоо барын,
Таттым байлыгын да жана азын.
Канчалык алдыга умтулган менен
Бул менин балким акыркы жазым.

Дос күттүм, бар эле жана касым,
Кыз сүйдүм, сүйдүм анын назын.
Багынткан менен бийиктерди
Балким бул менин акыркы жазым.

Ким билет, ким сезет канча дагын,
Өмүрүм менин, гүлдө гүлдө багым.
Өрт жутуп келаткан менен
Ушул жаз - балким акыркы жазым.

Из калбай өмүрүм өтүп баратканын,
Эстесе, жүрөк сыздайт, бүт тараптарым.
Артымда эмне калаар көрүнүктүү?
Аттин ай, балким бул акыркы барактарым.

Артымда изим калбай, арман арман
Бул менин балким акыркы жазым.

Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 11:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   lovvver   24 Май 2017 - 12:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 66
  • Катталган: 20 Март 17
  • Соңку аракети: 15 Сен 2017 14:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Адамзат

Капилеттен көрүп калып сыртынан,
Кап, адамдар бирин бири иргейт ээ.
Канааттанбай бул жашонун көркүнө
Канча адамдар калп сөздөн кирдейт не?

Тирүүлүктүн ырахатын эч сезбей,
Күлчү жерде жан жыргатып күлбөйт ээ.
Бут тосушуп бир-бирине,эх адамдар
Бул өмүрдүн аз экенин билбейт не?

Ыгын таап очокко сен жакпасаң,
Шамал отту кайра өзүңө үйлөйт ээ.
Эмнегедир эртеңкисин ойлобой
Эр жигит эстүү кызды сүйбөйт не?

Эми гана канат байлап учкан адамды,
Кайра турмуш бүктөп аны ийлейт не?
А бирок акыр жашоодо чындык бар
Ак ийилип жалганга башын ийбейт ээ.

Аттиң десем бул жашоодо теңсиздик,
Ай жарыгы жакшыга эле тийбейт не?
Анткен менен кордойм деген кор болор
Аргымак эч качыр кейпин кийбейт ээ.

Билдирүүнү түзөткөн: lovvver: 24 Май 2017 - 12:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 13:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: