Бул ырым кыргызымдын атын даңктап келе жаткан спортчебери,
көптөгөн байгелердин ээси, Кыз Сайкалдын дал өзү, Кыргызымдынсыймыктарынын бири Айсулуу Тыныбековага арналат.
Сулуу көрдүм
Кыргыз эли үчүн бу дүйнөгө жаралган,
Катарында биздин курамада саналган.
Чамынып ыйык спортко бел байлап
Өз ордун дал ошондон таба алган.
Сулуу көрдүм, жаздай болуп жайнаган,
Баскан жол, багытынан эч тайбаган.
Алдыга умтулуп Мекен үчүн
Жан аябай улуу ишке баш байлаган.
Сулуу көрдүм, жөнөкөйлүктөн танбаган,
Спорт деп машыккандан кумар канбаган.
Жан дүйнөсү назик жана терең
Жери үчүн, эли үчүн күрөшүүдөн талбаган.
Сулуу көрдүм, жигиттерди сүрдөнткөн,
Кыргызымды алга карай гүлдөткөн.
Багынтып бийиктерди келатат
Жолдор табып жомоктогу дүйнөдөн.
Сулуу көрдүм, сыймыктардын бирөөсү,
Тийишкенди тик качырат мүнөзү.
Анан бирок аздектеген жан болсо
Ажарынан нур төгүлгөн гүл өзү.
Сулуу көрдүм, кантип коем мактабай,
Кыргызымдын эли үчүн аскадай.
Жакшы адамды жакшы деш керек
Жана бер Айсулуу, энебиз Даткадай!
- (2 )
-
- 1
- 2
Кыргызстаным ырларым сага
#22 24 May 2017 - 11:25
Акыркы жазым
Көрдүм бул дүйнөдө жашоо барын,
Таттым байлыгын да жана азын.
Канчалык алдыга умтулган менен
Бул менин балким акыркы жазым.
Дос күттүм, бар эле жана касым,
Кыз сүйдүм, сүйдүм анын назын.
Багынткан менен бийиктерди
Балким бул менин акыркы жазым.
Ким билет, ким сезет канча дагын,
Өмүрүм менин, гүлдө гүлдө багым.
Өрт жутуп келаткан менен
Ушул жаз - балким акыркы жазым.
Из калбай өмүрүм өтүп баратканын,
Эстесе, жүрөк сыздайт, бүт тараптарым.
Артымда эмне калаар көрүнүктүү?
Аттин ай, балким бул акыркы барактарым.
Артымда изим калбай, арман арман
Бул менин балким акыркы жазым.
Көрдүм бул дүйнөдө жашоо барын,
Таттым байлыгын да жана азын.
Канчалык алдыга умтулган менен
Бул менин балким акыркы жазым.
Дос күттүм, бар эле жана касым,
Кыз сүйдүм, сүйдүм анын назын.
Багынткан менен бийиктерди
Балким бул менин акыркы жазым.
Ким билет, ким сезет канча дагын,
Өмүрүм менин, гүлдө гүлдө багым.
Өрт жутуп келаткан менен
Ушул жаз - балким акыркы жазым.
Из калбай өмүрүм өтүп баратканын,
Эстесе, жүрөк сыздайт, бүт тараптарым.
Артымда эмне калаар көрүнүктүү?
Аттин ай, балким бул акыркы барактарым.
Артымда изим калбай, арман арман
Бул менин балким акыркы жазым.
#23 24 May 2017 - 12:32
Адамзат
Капилеттен көрүп калып сыртынан,
Кап, адамдар бирин бири иргейт ээ.
Канааттанбай бул жашонун көркүнө
Канча адамдар калп сөздөн кирдейт не?
Тирүүлүктүн ырахатын эч сезбей,
Күлчү жерде жан жыргатып күлбөйт ээ.
Бут тосушуп бир-бирине,эх адамдар
Бул өмүрдүн аз экенин билбейт не?
Ыгын таап очокко сен жакпасаң,
Шамал отту кайра өзүңө үйлөйт ээ.
Эмнегедир эртеңкисин ойлобой
Эр жигит эстүү кызды сүйбөйт не?
Эми гана канат байлап учкан адамды,
Кайра турмуш бүктөп аны ийлейт не?
А бирок акыр жашоодо чындык бар
Ак ийилип жалганга башын ийбейт ээ.
Аттиң десем бул жашоодо теңсиздик,
Ай жарыгы жакшыга эле тийбейт не?
Анткен менен кордойм деген кор болор
Аргымак эч качыр кейпин кийбейт ээ.
Капилеттен көрүп калып сыртынан,
Кап, адамдар бирин бири иргейт ээ.
Канааттанбай бул жашонун көркүнө
Канча адамдар калп сөздөн кирдейт не?
Тирүүлүктүн ырахатын эч сезбей,
Күлчү жерде жан жыргатып күлбөйт ээ.
Бут тосушуп бир-бирине,эх адамдар
Бул өмүрдүн аз экенин билбейт не?
Ыгын таап очокко сен жакпасаң,
Шамал отту кайра өзүңө үйлөйт ээ.
Эмнегедир эртеңкисин ойлобой
Эр жигит эстүү кызды сүйбөйт не?
Эми гана канат байлап учкан адамды,
Кайра турмуш бүктөп аны ийлейт не?
А бирок акыр жашоодо чындык бар
Ак ийилип жалганга башын ийбейт ээ.
Аттиң десем бул жашоодо теңсиздик,
Ай жарыгы жакшыга эле тийбейт не?
Анткен менен кордойм деген кор болор
Аргымак эч качыр кейпин кийбейт ээ.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео








