Суперстан: Мухаммед пайгамбарыбыз (С. А. В.) өмүр баяны - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мухаммед пайгамбарыбыз (С. А. В.) өмүр баяны Мухаммед С.А.В пайгамбарыбыздын толук 4-чыгарылышындагы китеп

#81 Пользователь офлайн   seli   07 Май 2017 - 10:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ.


АЗИРЕТИ АБУ БАКРДЫН КЫСЫМГА АЛЫНЫШЫ.


Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир күнү Аркамдын үйүндө алгачкы мусулмандардын көпчүлүгү менен олтурган. Азирети Абу Бакр баш болгон мусулмандардын көңүлү бир Алла Талланын буйруктарын бутпарастарга жеткирүү эңсөөсү менен толгон эле. Алар үчүн мындан улуу, мындан да зарыл иш жок болуп сезилчү. Бул максатты жүзөгө ашыруу үчүн ачык аракет жасайлы деп Пайгамбарыбыз (с.а.в) өтүнүштү. Бирок Пайгамбарыбыз (с.а.в) коопсуздукту ойлоп жатты. Аткени мындай ишти баштоо азырынча эрте болчу.

- Биз азыр азбыз, ойубуз ишке ашпай калат, - дейт.
Бирок алардын көңүлдөрү ыйманга толуп ташкандыктан бир орунда тура албай калышкан болчу. Ушуну жүрөгү менен сезген Пайгамбарыбыз (с.а.в) алар менен бирге Харам мечитине барышып, бир жерге отурушту, бутпарастардан дагы бир топ киши жүргөн.

Алла Таллага жана анын Элчисине (с.а. в.) ыйман келтирүү арзуусу менен жанып күйгөн азирети Абу Бакр жүрөгүнүн түпкүрүнөн келген чындыкты айтуудан өзүн токтото албай, ошол жерле турган бутпарастарга кайрылып, Аллахка ыйман келтирүүнүн ыйыктыгын жана улуулугун , ал эми айкелдерге сыйынуунун караңгылык экендигин айта баштайт.


Мусулмандарды жек көргөн, аларга душмандыгы ашып ташкан бутпарастар азирети Абу Бакрга ошол замат кол салышат, бети-башын канжалата тепкилеп жиберишет. Ал алардын колунан өз уруусу Тайм уулдарынын арчалоосу менен гана кутулган.

Учуна ткңемир койулган бут кийимдердин тепкисинде калган Азирети Абу Бакр эсин жоготуп коёт. Аны ошол абалында үйүнө алып барышат. Күн бою эсине келбей, кечинде гана эсине келет.

Бирок ошончо тепки жеп, азап тарткан өзү эмес эле башка бирөөдөй, оозунан биринчи ушул сөздөр чыгат:

- Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) эмне кылып жатат, анын абалы кандай? Ага акаарат көрсөтүшүп, тилдешти эле?

Азирети Абу Бакр ушул сөздөрү менен Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) канчалык берилгендигин далилдеп турду. Анан Пайгамбарыбыз Мухаммедди (саллаллаху алейхи васаллам) көзүм менен көрмөйүнчө санаам тынчыбайт деп, апасынын таяп-жетелөөсү менен менен экөө Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) келишет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен досу Абу Бакр көп жылдан бери көрүшпөгөн достордой бири-бири менен кучакташып көрүшүшөт. Азирети Абу Бакр Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) апасынын да мусулман болуп, тозоктон кутулушун суранат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) дуба кылат. Ушул чын дилден чыккан өтүнүч чыныгы дуба менен биргелешип, азирети Абу Бакрдын апасы Уммул Хайр Салмаа дагы мусулмандыкты кабыл алат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   seli   07 Май 2017 - 11:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

БУЛАРДЫН БААРЫ СЫНОО ЭЛЕ.


Алгачкы мусулмандар тарткан кордук - кыйноолор, зордук - зомбулуктар Алла Таала тарабынан келген чоң сыноо болчу. Бул улуу иш бир гана "ыйман келтирдик" деп айттуу менен бүтпөйт эле. Ыйманга берилгендиктеринин, көрсөткөн сабырдуулуктарынын сыналуусу керек болгон.

Мындай азап-тозокторго карабастан Алла Таалага чындап ыйман келтиргендер калып, эки жүздүүлөр иргелмек.

Мына бул аятта ушул тууралуу айтылган:
*"Чынында биз алардан мурункуларды да ( түрдүү кыйынчылыктар менен) сынаганбыз. Аллах (сыноосу менен ыйманында) чынчыл болгондорду да анык билет, жалганчыларды да сөзсүз билет".*

Кандай болгон күндө да, зулум - кысымдар эч качан акыр аягына чейин чындыкты, акыйкатты жеңе алган эмес. Тескерисинче акыйкат качан болсо да зулумду, караңгылыкты жеңип келген.





БУТПАРАСТАРДЫН ЖАҢЫ ИШ-АРАКЕТТЕРИ АБУ ТАЛИБГЕ АРЫЗДАНУУ.

Бардык душмандык мамилелер Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) Ислам динин жайуудан баш тарттыра алган жок. Анын үстүнө аны абасы Абу Талиб дагы анын айткандарына жана кылгандарына каршы чыкпай, тескеринче, аны коргочу.

Бутпарастар бул жолу башка бир жолду колдонууну чечишет. Алардын чоңдорунан он киши Абу Талибге келип:
- Эй, Абу Талиб, - дешет, Сенин иниң биздин буттарга акаарат айтты, динибизди жамандады, бизди акылсыз деп, ата-бабабызды да туура эмес жолдо болгон деп жатат. Эми сен аны ушул жолдон баш тарттыр, же болбосо бизден биротоло бөлүнгүн!

Абу Талиб ушул сунуштан кийин эмне кылмак? Бир жакта уруусунун каада-салты, экинчи жакта бир тууганынын жанындай жакшы көргөн баласы. Кайсынысын тандайт?

Акыры, бутпарастардын өтүнүчүн аткарбай, аларды сылык-сыпаа гана узатып коет.

Биринчи арыздарынан эч кандай натыйжа албаган бутпарастар, Абу Талибге бир топ убакыттан кийин дагы бир ирет кайрылышат:

- Эй, Абу Талиб! Сен биздин аксакалыбызсың жана эл сыйлагандардын бирисиң. Иниңди жасаган иштеринен баш тарттырыш үчүн сага кайрылдык. Бирок сен талаптарыбызды орундаткан жоксуң. Эми мындан кийин анын ата-бабаларыбыздын динин жамандашына, бизди акылсыз деп айыпташына, кудайларыбызга (айкелдерге) акаарат айтуусуна чыдай албайбыз. Сен, же ушул иниңщи тыясың, болбосо эки таратын бири жок болгонго чейин аны менен да, сени менен да салгылашабыз.

Абу Талиб коркунучтуу абалга келип такалганына көзү жетти. Өз уруусунан бөлүнүп калгысы келнен жок. Бирок Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) да кыя алган жок. Эми эмне кыла алмак? Терең ойлонуп көргөндөн кийин, Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) жанына чакырып алып:

- Бир тууганымдын уулу! Уруубуздун башчылары мага келип , аларга айткандарыңды мага билдиришти. Мага да, өзүңө да боор оорут. Экөөбүз тең көтөрө албаган жүктү үстүбүзгө жүктөбө. Урууңа жакпаган сөздөрдү айтуудан эми баш тарт, - дейт.

Абал өтө татаалына айланып кетти. Ошол күнгө чейин уруусу ичинде жалгыз коргоочу Абу Талиб эледа! Эми ал да коргоодон баш тартабы?

Мындай сунушту уккан Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) унчукпастан, бир саамга ойлонуп отуруп калат. Дал ошол учурда Алла Таала жардамга келет:

*"Жаратканыңдын наамын эскер жана ага бүтүндөй беерилип, кулчулук кылгын. Ал Чыгыш менен Батыштын Жаратуучусу. Андан башка эч кандай кудай жок. Мындан ары, сен анын коргоосуна өтөсүң".*

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бул ыйык кабардан кийин чыныгы коргоочусу - Жараткан Алла Таала экенине толуп- ташкан ишеничин айгинелеп, төмөнкүчө жооп кайтарат:

*- Оо,абаке! Күндү оң колума, айды сол колума беришсе да, мен ушул динимден, ушул жолумдан баш тартпаймын. Же Аллах ушул динди дүйнөгө тегиз таратат, же болбосо мен ушул жолдо жанымды беремин!*

Болоттон да бекем эркке ээ болгон Пайгамбарвбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) бул динден эч качан баш тартпастыгына ишенген Абу Талиб:

- Ээ, инимдин уулу, - деп аны кучактайт, - ишиңди уланта бер, каалагыныңды кыл! Сени мен эч качан, эч кимге бербеймин!

Ушул сөздөн кийин, бутпарастар Абу Талибдин инисин жанын сайып коргооруна көздөрү жетип калышты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   seli   07 Май 2017 - 19:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

БУТПАРАСТАРДЫН ЖАНЫ КАСТЫКТАРЫ         


  Бутпарастар кийин Пайгамбарыбыз Мухамедге (саллаллаху алейхи васаллам) жалаа жапмай адат табышат. Алар кантсе да Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) эл алдындагы кадыр-баркын, урматтын томондотуп, бул аркылуу иштерине тоскоолдук кылмакчы болушкан.          

Ушул максатты коздоп, урмат кылышкан чондорунун бири Валид бин Мугыйранын айланасына топтолушат.         
  Валид бин Мугыйра аларга:         
 - Курайштар, дейт, - мына ажылык убагы да келип жетти. Араб уруулары биздин жерге туш тараптан агып келе башташат. Алар, созсуз,  биздин Мухаммед жонундо угушса керек. Силерден да бир топ нерселерди сурашат. Ошондуктан ал жонундо, биз бир пикирде болушубуз керек. Бирибиздин пикирибиз бирибизге карама-каршы болбошу керек.       
   Бул ото айлакерлик менен айтылган сунуш эле. Жооптордун бири-бирине карама-каршылыгы, албетте эч кимди ишендире алмак эмес  жана мындан ары создоруно ишенбестик корсотушмок. Ошондуктан ажыга келгендерге  анча таасирдуу боло алышмак эмес. 
         Курайш бутпарастары пикирлерин айта башташты:        
  - Козу ачык дейли.         
Валид алардын пикирине кошулган жок: 
        - Жок ал козу ачык эмес. Коргонбуз козу ачыктарды. Ал окуган нерселер  козу ачыктардыкына окшобойт. Козу ачык кээде туура, кээде жалган суйлой берет. Бирок биз Мухаммеддин жалган айтканын  эч качан уккан жокбуда!   
     - Анда жинди дейли.       
 Бирок Валид буга да каршы болот:   
      - Жок, ал жинди эмес. Жиндилерди коргонбуз, бирок ал жиндиге такыр окшобойт.       
 - Анда биз аны акын деп коелу.        
Валид бул сунушту да четке кагат:       
 - Жок ал акын да эмес, биз акындардын ырларын туру менен билебиз. Бирок анын окугандары, эч кандай ырга окшобойт!       
  - Анда сыйкырчы дейли.     
  Бул пикир да Валидге жаккан жок:     
   - Жок, жок! Ал сыйкырча да эмес. Биз сыйкырчыларды да, жасаган сыйкырларын да коргонбуз. Анын окугандары  сыйкырчылардыкына да окшобойт.

Билдирүүнү түзөткөн: seli: 07 Май 2017 - 19:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   seli   15 Май 2017 - 22:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Бардык ой- пикирлери жокко чыгарылган бутпарастар, бул ишти Валидге тапшырышат:

- Анда сен өзүң айтчы.

Валиддин сөздөрү абдан таң калыштуу эле:

*- Туура, анын сөздөрүндө бир башкача, кандайдыр бир жагымдуулук бар. Ал окуган сөздөн жагымдуураак сөз жок. Ал сөздөр - нур. Ал ушунчалык жагымдуу, таттуу, тамыры семиз топуракта, суусу мол бакчада өскөн, бутактары айланага көрк чачкан, шагы ийилген курма дарагына окшоп кетет.*

Бутпарастар аны ушул айькандарынан кийин шектене башташты. Катыгүн! Алардын эң акылдуусу, данышманы Валид да мусулман болгонбу?

Аларды таштап, Валид үйүнө кетип калганда, ого бетер шектене башташты. *"Валид дининен чыкты"* деген сөздөр да чыгып кетти.

Ал көпчүлүктөн бөлүнүп, Пайгамбарыбыз Мухаммедге (саллаллаху алейхи васаллам) кандай жалаа жабууну ойлоп, үйүнө кеткен эле. Бир жыйынтыкка келгенден кийин, курайштарга кайра келип мындай дейт:

- Силердин негизги жалган жалааңар бат эле билинип калат. Бирок ошол пикирлердин ичинен *"сыйкырчы" * дегениңер оңдуураак болот го... Себеби ал ушунчалык таасирдүү , жагымдуу сөздөрдү айтып жатат, ал сөздөрү менен бала менен атанын, бир тууган менен бир туугандын, күйөөсү менен аялынын,уруу менен уруулардын ортосуна от жагып жатат.

Ушул пикирге токтолушат. .. Эми алар бир ооздон Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) *"сыйкырчы" * демекчи болушту. Ушул жалаа менен калкты андан алыстатууга аракет кылышмак.

Жараткан Алла Таала төмөндөгү аяттарын түшүрүү аркылуу Валид бин Мугыйранын айлакерлик сөзүн ачып салды:

*"Анткени ал (Куранды угуп, кандай жалаа жапсам деп) ойлоп, план түздү. Кырылгыр, кандай гана (жаман) план түздү?! Дагы кырылгыр кандай гана (жаман) план түздү?! Андан соң ал (ойлогон пландарына) карады. Андан соң (Курандан эч кандай айып таба албастан) кабагын чытыды жана (жүзүн) бырыштырды. Андан соң (Аллахтан) жүз бурду жана текебердик кылды. Анан ал: *Бул (Куран Аллахтын сөзү эмес, тескерисинче) мурункулардан калган бир сыйкыр, бул жалаң гана адамдын сөзү" деди. Жакында Мен аны тозокко киргиземин! (Оо Мухаммед ) тозоктун эмне экендигин билесиңби? Ал эч бир каапырды калтырбай жалмайт, ошол бойдон жөн койбойт, үзгүлтүксүз түрдө терисин кууруйт". *

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бутпарастар айткан көзү ачыктардан эмес болчу, себеби көзү ачыктардын сөздөрү так эмес болжол менен айтылат. Аткени анын сөздөрү туура жана акыйкат эле. Айткан сөздөрү так, ачык божомолдон узак, далилдери менен даана, түшүнүктүү болчу.


Ал жиндм да эмес эле. Анткени достору эле эмес, айыгышкан душмандары да акылмандыгына баа беришчү. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бутпарастар айткандай акын да эмес эле. Себеби анын айткандары ачык - айкын, акындын ырларындай кыялдануудан алыс болчу.

Жараткан Алла Таала бутпарастардын бардык жалган жалааларынан кийин жиберген ыйык кабар аркылуу элчисине сындай деди:

*"Оо, Мухаммед), сен (инсандарга Куран аяттары менен) үгүт - насаат кыла бергин! Себеби сен Жаратканыңдын жакшылык - сыйы менен көзү ачык - төлгөчү да, жинди да эмессиң".*
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   seli   15 Май 2017 - 22:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

*"ХАБАШИСТАНГА КӨЧҮҮ"*

Биздин замандын 615-жылы.
Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлыгын жарыя кылгандан беш жыл өткөн.

Бутпарастардын күн сайын артта баштаган кыйноо, зордук - зомбулугу Мекке мусулмандары үчүн адам чыдай алгыс абалга келген эле. Мындай жагдай диний ибадаттарды ээн - эркин аткарууну кыйындата берди.

Ошондуктан Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бир күнү мусулмандарга:

- Силер жер жүзүнө тарагыла! Аллах силерди дагы бир күнү бириктирет, - дейт.

Сахабалар:
- Оо Аллахтын Элчиси, кайда баралы? - деп сураганда, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Хабашистан тарапты көрсөтүп:

- Силер Хабаш өлкөсүнө барсаңар жакшы болот! Хабаш өкүмдарынын жанында эч ким зулумдукка учурай элек. Ал жак дурус жер. Аллах силерге ал жерден жеңилдик берет деген үмүтүм бар, - дейт.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) ушундай сунушунан кийин биринчи жолу он эркек, беш аял болуп, он беш кишилик бир жамаат диний ишенимдерин коргоо максатында жерин, журтун, ата - энелерин, тууган - туушкандарын жана үй - жайын таштап, тааныбаган чет өлкөнү көздөй алыскы сапарга аттанып, жашыруун жолго чыгышат. Кызыл деңиз жолу аркылуу Хабашистанга барган жана Хабаш өкүмдары тарабынан өтө жакшы кабыл алынган төмөнкү адамдар Исламда биринчи хижрат кылышкан

- Усман бин Аффан, аялы Рукыя,

- Зубайр бин Аввам,

- Абу Хузайфа бин Утба, аялы Сахла,

- Мусаб бин Умайр,

- Абдурахман бин Ауф,

- Абу Салама, аялы Умму Салама,

- Усман бин Мазун. (Хижратчылардын башчысы)

- Амир бин Рабиа, аялы Лейла,

- Сухайл бин Байда,

- Абу Сабра бин Аби Рухм, аялы Умму Гүлсүм.

Азирети Усман, аялы Рукыя менен бирге баарынан мурда жолго чыккан эле. Муну уккан Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):

*"Лут Пайгамбардан кийин үй - бүлөсү менен бирге Аллах жолунда көчкөн - Усман болуп эсептелет" * деген.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) Хабашистанды тандап алышынын юир нече себеби бар:

1. Баарынан мурун, ал жер Меккеликтер өтөжакшы тааныган жер болгон. Анткени ушул өлкө менен мурдатан эле соода байланышы бар эле.

2. Хабаш өкүмдарынын адилеттүү болушу. Адилеттүүлүгү менен таанылган өкүмдар Нажаши, албетте, ошол куугунтук жеген мусулмандарга зулумдук көрсөтпөйт болчу.

3. Хабашистан калкы ошол мезгилде христиан дининде эле. Ошондуктан, христиандардын мусулмандарга карата мамилеси, бутпарастардын мамилелерине караганда башкача болушу шексиз эле.

Меккеден чыгып кеткен сахабалар Хабаш нажашиси жана анын калкы тарабынан өтө жылуу кабыл алынат. Ушул жерде жайланышкандан кийин, ибадат, диний ишеничтерине эч кандай тоскоол жана кыйынчылыктарды көрүшкөн жок.

Хабашистанга көчүп барган мусулмандардын жакшы кабыл алынышы бутпарастарды тынчсыздандырбай койгон жок. Алар мусулмандарды ошол жерде да өз жайына койгулары келишкен эмес.


*"ХАМЗА (Р.А) МУСУЛМАНДАРДЫН КАТАРЫНДА" .*


Ошондон дагы бир жыл өттү. Ислам өтө тездик менен жайылып бараткан. Жүрөктөргө рухий жыргал тартуулаган ыймандын жайылышы бутпарастардын уйкусун качырып жатты. Алар кылган тоскоолдуктар эч кандай натыйжа берген жок.

Эр жүрөк Хамзанын ыйман келтириши бул жылы өзгөчө чоң окуя болгон.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) атасынын бир тууганы Хамза, кимден болсо дагы, акыйкатсыздыкка эч качан жол бербеген эр эле. Курайш ичинде да даражасы жогору болгон. Жараткандын Туура жолу ушундайча экен, кимдин кандай, кантип ыйман жолуна түшүшү белгилүү эмес. Хамза да күтүлбөгөн бир убакта Ислам динине кирет.

Бир күнү аңчылыктан кайтып келе жаткан. Жолдо Абдулла бин Жуудандын азат болгон күңү кезигип:

- Эй, Умааранын атасы, - дейт, - бир тууганыңдын уулу Мухаммедге Абул Хакам бин Хашим (Абу Жахил) жана досторунун кылгандарын көрсөң, сен чыдап тура албас элең!

Хамза айбаттуу көзү менен күңдү карап:

- Абул Хакам бин Хашим ага эмне кылды? - деп сурайт.

- Ага ушул жерде ар кандай кордуктарды көрсөттү, акаарат айтты. Мухаммед болсо ага эч жооп кайтарган жок!

- Айткандарыңды сен өз көзүң менен көрдүңбү?

- Ооба, өз көзүм менен көрдүм!

Аябагандай жинденген Хамза үйүнө да кирбестен, курал - жарагы менен бирге Каабанын жанында олтурган Абу Жахил менен анын досторунун жанына чаап барат да, көпчүлүктүн орьосунда олтурган Абу Жахилдин башын жаа менен жара чаап салат. Абу Жахилдин башы оор жаракат алат.

- Аны сөгүп, акаарат кылган сенсиңби?! Мына мен да анын дининдемин! Күчүң жетсе, ошол кылгандарыңды мага көрсөтчү, кана? - дейт.

Абу Жахил актана баштайт:

- Ал бизди акылыңар жок деди, айкелдерибизге акаарат көрсөттү. Аталарыбыз тутулган жолдон башка жолго кирди.

Хамза өтө кескин жооп кайтарат:

- Силер Аллахтан башкага кудай жеп ишенип, сыйынып жатасыңар. Силерден акылсыз ким бар? Мен күбөлүк кылам, Аллахтан башка кудай жок, дагы күбөлүк кыламын, Мухаммед - Аллахтын Элчиси.

Хамзанын ушундай сөзүнөн кийин Абу Жахил да, жанындагылар да, эч нерсе кыла алышкан эмес. Тескерисинче, Абу Жахил:
*"Чынын айтсам, мен бир тууганыңдын уулун аябай жаман сөздөр менен сөгүп, акаарат айттым. Мага чала болот",* - деп, күнөөсүн мойнуна алган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   seli   24 Май 2017 - 22:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

БУТПАРАСТАРДЫН ЖАҢЫ СУНУШУ.


Ыйман чөйрөсү барган сайын кеңейе берди. Куран кубат - күчү менен адамзат рухун нурга бөлөй баштаган.

Бир күнү курайш төбөлдөрүнүн бири Утба бин Рабиа бутпарастарга:

- Эгер мен Мухаммедге бир сунуш жасасам кандай деп ойлойсуңар? Менин ойумча, ал ушул сунуштардын кээ бирин кабыл алат, биз да анын каалагандарын аткарабыз. Ошону менен ал, балким, бизге каршы чыкканын коёр? - дейт.

Көпчүлүк тарабынан сунуш кабыл алынып, Утба Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанына келет:

- Ээ, Мухаммед! Сен урмат - сый жагынан бизден жогорурааксың. Бирок сен урууңа чоң бир маселе чыгардың. Алардын биримдигин бузуп, акылсыз экендигин жарыяладың. Кудайларын жана диндерин жамандадың. Алардын ата - бабаларын каапыр деп эсептедиң. Эгер сен мени уга турган болсоң, кээ бир сунуштарым бар. Буларды угуп ойлонуп көрүүңдү өтүнөмүн. Балким, кээ бирин кабыл аларсың.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):

- Айтабер, Валиддин атасы! Сени угуп жатамын, - деп айтаар менен, Утба сунуштарын айта баштайт:

- Сен жайган ушул диниңдин аркасы менен мал-мүлккө ээ болгуң келсе, сага байлыгыбыздан бөлүп берели, сен баарыбыздан бай болосуң.

- Эгер кандайдыр бир атак - даңк кааласаң, сени өзүбүзгө башчы, бий кылып шайлайлы! Жок, эгер бул сага келген, кутула албаган кандайдыр бир ооруң, жиндерден келген сыйкырларың болсо, табыптарды таап келип, сени дарылаталы. Сени куткарганга чейин мал - мүлкүбүздү коротконго даярбыз.


Утба сунушун айтып бүтүп, сүйлөө кезеги Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) келет.

- Ээ, Валиддин атасы, айтып бүттүңбү? - деп сурайт.

Утба:
- Ооба, - деп жооп бергенден кийин Пайгамбарыбыз (саллалаху алейхи васаллам):

- Андай болсо эми мени уккунуң, - дейт да, бисмилла келтирип, *"Фуссилат" * сүрөсүн башынан баштап 36-аятына чейин кыраатын келтирип, айбаттуу түрдө окуй баштайт:

*"1. Ха, мим.*
* 2. (Бул Куръан) Мээримдүү жана Ырайымдуу (Аллах) тарабынан түшүрүлгөн. *

* 3-4. Ал биле турган коом үчүн (момундарга) куш кабар берүүчү жана (каапырларды азаптан) эскертүүчү арабча Куръан абалында (түшүрүлүп), аяттары иреттүү баян кылынган Китеп. Кийин (каапырлардын) көпчүлүгү (анын аяттары тууралуу ой жүгүртүүдөн) жүз үйрүштү, демек, алар "угушпайт" .*

* 5. Алар айтышты: "Көңүлдөрүбүз сен чакырып жаткан нерседен тосулган, кулактарыбызда болсо кереңдик бар жана сен менен биздин ортобузда бир тосмо бар. Демек, сен да өз ишиңди кылабер, биз да, албетте, өз иштерибизди кылалы".*

*6-7. (Оо, Мухаммед, аларга) айткын: "Эч шек күмөн жок, мен да силерге окшогон адаммын. Мага жаратканыңар Жалгыз Аллахтын Өзү экени ыйык кабар аркылуу берилип жатат. Ошондуктан силер Анын Өзүнө туура (ибадатта) болгула жана Андан кечирим сурагыла! Зекетти ( тиешелүүлөргө) бербей турган,өздөрү акыретте каапыр болгон бутпарастарга болсо кыйроо болсун!" .*

*8. Албетте, ыйман келтирген жана жакшы иштерди кылгандар үчүн бүтпөс - түгөнбөс чыйлыктар бар.*

*9. Айткын: "Акыйкатта силер Жерди эки күндө жараткан Аллахка каапыр болосуңарбы, жана башкаларды Ага теңештиресиңерби? ! Бул (Аллах) бүткүл ааламдардын жаратуучусу го.*

*10. Ал (Жердин) үстүндө тоолорду пайда кылды жана аны (Жерди) берекеттүү кылып, ошол (Жерде) анын жемиштерин (жер калкынын ырыскы - насиптерин) толук төрт күндө белгилеп бөлүштүрдү. (Бул тактоо) суроочулар үчүн.*


*11. Андан соң түтүн абалындагы асманга жүз буруп, ага жана Жерге:*
*"(Менин буйругума) ыктыярдуу, же мажбур келгиле!" деген эле, алар: "Өз ыктыярыбыз менен келдик, (буйругуңа мойун сундук) дешти.*

*12. Анан эки күндө жети асманды тургузду жана ар бир асманга (ага буйрулган) иш - милдетин кабарлады. Биз ылдыйкы асманды чырактар - жылдыздар менен кооздодук жана аны (апаат - балээлерден) сактадык. Бул Кудуреттүү жана Билүүчүнүн тагдыр - өлчөөсү.*

*13. Демек, эгер алар (Мекке бутпарастары мына ушул түшүндүрмөдөн кийин да жалгыз Аллахка ыйман келтирүүдөн) жүз үйрүшсө, анда айткын: "Мен силерди дал Аад жана Самуд (урууларын урган) чагылганга окшогон бир чагылган - кыйроодон эскерттим." *

*14. Ошондо пайгамбарлары алардын алдынан да артынан да келишип: "Жалгыз Аллахка гана сыйынгыла" , - дегенде, алар: "Эгер Жаратканыбыз (пайгамбар жиберүүнү) каалаганда, албетте, периштелерди түшүрмөк. Мына (силер болсо периште эмес тескерисинче, адамзат болгонуңар себептүү) биз силер элчи кылып жиберилген динге каапырбыз" , - дешти.

*15. Эми Аад (уруусуна) келсек, ошондо алар Жер жүзүнө туура эмес бой көтөрмөлүк жана "Күч - кубат бойунча бизден кыйын ким бар?" - дешти. Акыры алар өздөрүн Жараткае Аллах күч - кубат жаатында алардан кыйын экенин билишпедиби? ! Жана Алар Биздин аяттарыбызды танып, жокко чыгаруучу болушту.

*16. Мына, ошентип, аларга ушул дүйнө тирүүлүгүндө кор кылуучу азапты таттырып койу үчүн шумдуктуу күндөрдө үстүлөрүнө бир коркунучтуу бороон жибердик. Шек - күмөнсүз акырет азабы-кор кылуучу азап. Эми аларга (өздөрү сыйынып өткөн айкелдери тарабынан эч кандай) жардам келбейт.*

*17. Эми Самуд (уруусуна) келсек, ошондо Биз аларды (Туура жолго) үндөгөн элек, алар Туура жолду таштап койуп, сокурдукту - жүзүкаралыкты ыктыяр кылышты. Ошондуктан өздөрү кылган нерселери (каапырдыкты тандагандарды) себептүү аларды кор кылуучу азап чагылганы урду.*

*18. Ошондой эле Биз ыйман келтирген жана такыба болгондорду (Самуд уруусун чындык жолуна чакырган Салих Пайгамбар жана ага ыйман келтиргендерди чагылган балээсинен) куткардык.

*19. Аллахтын душмандары тозокко (айдалыш үчүн) топтолуп, тизилип тура турган Күндү (эстегин).

*20. Эми качан алар (тозокко) келишкенде, дүйнө тирүүлүгүндө кылып өткөн бузукулуктарынан суралышат, бирок алар өз кылмыштарынан танып кетүүгө аракет кылышат. (Ошондо) алардын кулактары, көздөрү жана терилери алар кылып өткөн нерселери тууралуу өздөрүнө каршы күбөлүк берет.*


*21. Алар терилерине: "Эмне үчүн бизге каршы күбөлүк бердиңер?" - дешкенде, (терилери): "Бизди бардык нерсени сүйлөткөн Аллах үйлөттү. Силерди алгач Ал жараткан жана силер дагы Анын Өзүнө кайтарыласыңар да", - дейт.*

*22. Силер (дүйнөдө күнөө иштерди кылганыңарда шерменде болуудан коркуп, адамдардан жашыныраар элеңерго, бирок) кулактарыңар, көздөрүңөр жана терилериңер өзүңөргө каршы күбөлүк беришинен (сактануу үчүн алардан) жашырынчу эмес элеңер, (аткени силер кыямат күнүндө бүт тулку бойуңарга да тил берилишин билбейт элеңер). Бирок силер Аллах кылып жаткан ишиңердин (адамдардан жашыруун кылган күнөөлөрүңөрдү) билбейт деп ойлодуңар.*

*23. Анан Жаратканыңар тууралуу ойлогон мына ушул күмөнүңөр силерди кыйратты (тозокко түшүүңөргө себеп болду). Анан силер зыянкорго айланып калдыңар.*

*24. Эми эгер алар (азапка) чыдашса, мына ошол тозок жайлары (азаптан тарта беришет), эгер аркага кайтарууну талап кылышса, эми алар кайтарылбайт. *


*25. Биз алар үчүн (аларды Туура жолдон азгыра турган) "досторду" даярдап койдук, мына ошол ("достору" ) аларга алдыларындагы (күнөөлөрүн) да, аркадагы (күнөөлөрүн) да жакшынакай кылып көрсөтүштү жана аларга да , өздөрүнөн мурда өтүп жок болгон, инсан - жинден турган үмөттөр катарында ак сөз - азап туш болду. Чындыгында , алар зыянкор болушту.*

*26. Каапыр болгон кишилер (бири - бирлерине Мухаммед окуп жаткан убакта) силер бул Куранга кулак салбагыла жана ( аны башкаларга да угуза албасын үчүн оозуңарга келген сөздү) кобурай бергиле,(ошондо), мүмкүн, жеңүүчү болоорсуңар, дешти.*

*27. Демек, албетте, Биз мына ошол каапыр болгондорго каттуу азапты таттырабыз жана аларды өздөрү кылып өткөн каапырлык - бузукулуктары үчүн эң жаман жаза менен жазалайбыз. *

*28. Бул (каттуу азап), Аллахтын душмандарынын жазасы болгон тозок. Алар үчүн, Биздин аяттарыбызды тангандыгы себептүү ошол жайда түбөлүк калуу (азаптануу) бар.*

*29. Каапыр болгон кишилер (тозок отунда азап тартканда) айтышты: "Оо, Жаратуучубуз, Бизди (Сенин Туура жолуңдан) азгырган инсан-жинден болгон кишилерди бизге көрсөткүн, аларды аяктарыбыздын алдына алып, тээ алар (тозоктун түбүндөгү) эң пас кишилерден болушсун" .*

*30. Албетте: "Жаратуучубуз Аллах", - деп, андан соң (Жалгыз Аллахка кулчулук кылууда) туура - туруктуу бекем болгондордун алдыларында (өлүм убагында) периштелер түшүп (айтышат): "Коркпогула жана кайгы чекпегиле. Силерге убада кылынган бейиштин кушкабары менен шаттангыла! *

*31. Биз дүйнө тирүүлүгүндө да, акыретте жа силердин досуңарбыз. Силер үчүн (бейиште) көңүлүңөр тилеген бардык нерсе бар жана силер үчүн ал жайда өзүңөр каалаган нерселер бар.*

*32. Бул Кечиримдүү жана Мээримдүү Аллах тарабынан (силерге) болгон урмат сый."*

*33. (Адамдарды) Аллахтын динине үгүттөп үндөгөн жана өзү да жакшы иштерди кылып, "шек күмөнсүз мен мусулмандарданмын" , - деген кишиден да жакшыраак сүйлөөчү ким бар?*

*34. Жакшылык менен жамандык тең болбос. Сен (ар кандай жамандыкты) эң жакшы сөздөр менен кайтаргын! (Ошондо) капысынан сени менен ортоңордо душмандык болгон киши ысык ишеничтүү достой болуп калат.*

*35. Ага (жамандыкты жакшылык менен кайтаруу артыкчылыгын) жалгыз сабырдуу, чыдамкайлар гана жетишет, ага жылдыз улуу насип ээси гана жетишет.*

*36. Эгер сени шайтан тарабынан айрым бир азгырык жолдон азгырып (айтылган арьыкчылык ээси болуудан кайтаруучу болсо), ал абалда Аллахтан башпанеек сура. Анткени Ал, Угуучу жана Билүүчү." *

Ушул сүрөнү сажда аятына чейин окуп, саждага жыгылгандан кийин, Утбага бурулуп:
- Эй, Валиддин атасы, окугандарымды уктуң, эми калганын өзүң ойлонуп көр! - дейт.

Курандын окулушундагы керемет, маанисиндеги жагымдуулук Утбанын үн өзгөртүп жиберет. Муну курайштар да байкашты. Бири - бирине карап: *"Таң калыштуу, Абу Валиддин кейпи өзгөрүп калыпты!" , - дешет.

Алардын жанына кайтып келгенде:

- Кана,эмне алып келдиң, сүйлө, - деп сурашат.

Утба:
- Кудай акы, мен өмүрүмдө угуп көрбөгөн сөздөрдү уктум. Уккандарым ыр дагы, сыйкыр дагы, көзү ачыктык дагы эмес! - дегенден кийин сөзүн мындайча улантат:

- Эй, курайш калкы! Мени уккула, силерне менин кеңешим ушул, Мухаммедди дайына койгула! Ага жолобогула! Ага тийбегиле! Ант болсун, менин андан уккандарым өтө улуу кабар. Силер аны, сырткы араб урууларына калтырсаңар, жакшы иш кылган болосуңар. Алар ага тоскоолдук жасашат. Эгерде, ал арабдарга үстөм келсе, анда анын жеңиши - силердин да жеңишиңер, Анын атак - даңкы силерге да атак - даңк алып келген болот. Анын аркасы менен адамдардын эң бактылуу болосуңар.

Утбанын айткандары курайштарга жаккан жок. Ага каршы чыгышып:

- Эй, Валиддин атасы! Ал сени да тили менен арбап алыптыр, - дешет.

Утба болсо:

- Анда билгениңерди кылгыла! - деп жинденип кетип калат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   seli   24 Май 2017 - 22:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

БУТПАРАСТАРДЫН    БАШКАЧА  БИР  СУНУШУ.      

    Бутпарастардын кылган сунуштардын  бардыгын Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кабыл алган жок, анан алар жаны сунуш менен келишет.  Алар бир куну  Пайгамбарыбызга (саллалалху алейхи васаллам) келип:     
  - Биздин сага кайырдуу бир жаны сунушубуз бар, - дешет.     
 - Ал кандай кайырдуу  сунуш экен?     
 - Сен биздин кудайларыбыз  Лат менен Уззага бир жыл сыйын, биз да сенин Аллахына бир жыл сыйыналы.        
Бул,  курайштардын салган бир тузагы болчу. Алар Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) ушул сунуш менен алдагылары келишкен. Бирок Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам), албетте, мындай тузакка тушмок эмес. Жараткан Алла Таала ушул окуядан кийин ;Каафирун суросун тушургон:     
   Мээримдуу жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен.    
      (Оо, Мухаммад), айткын: "Эй каапырлар! Мен силер сыйынып жаткан нерселерге кулчулук кылбаймын. Жана силер да мен сыйынган (Аллахка) кулчулук кылуучу эмессинер.  Мен силер сыйынган нерсеге кулчулук кылуучу эмесмин. Жана силер да мен сыйынган (Аллахка) кулчулук кылуучу эмессинер. Силердин дининер озунор учун, менин диним озум учун!".       
  Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бул тушурулгон сурону аларга окуп бергенде, бутпарастар акыркы айлакерлиги да таш каап калганн сезишип, умут узушту.

Билдирүүнү түзөткөн: seli: 24 Май 2017 - 22:34

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   seli   24 Май 2017 - 22:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Кечиресиздер, ортодо бир тема калып кетиптир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   seli   24 Май 2017 - 23:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

БУТПАРАСТАРДЫН УЧ СУРООСУ. Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) динине каршы чарасыз калган Меккелик бутпарастарынын оюна жаны бир пикир келет: жоот аалымдарынан Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) тууралуу сураштыруу керек! Бул максатта Мадинага барган жоот алымдарга бутпарастар жолугуп, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васалам) суйлогон создорун, кылган нерселерин айтып беришет. Андан кийин: - Силер колунарда Тоорат бар элсинер. Ушу адам (Мухаммед) жонундо бизге бир маалымат берсенер деп силерге кайрылдык, - дешет. Жоот аалымдарынан томонкудой жооп келет: - Ал кишиден: "Откон доордогу жети жигиттин башынан откон тан калыштуу окуясы эмне эле? Жер жузунон Чыгышынан Батышына чейин жеткен кишинин окуясы кандай? Рухтун чындыгы, манызы эмне?" деген суроолорду бергиле. Эгер ушул суроолорго жооп берсе, билип койгула, ал, Жараткан Аллахтын Элчиси. Силер Ага баш ийгиле, эгер жооп бере албаса, анда ал адам жалганчы. Ага эмне кылсанар озунор билгиле. Бутпарастар эми талуу жерден кармагансып, кубануу менен Меккеге кайтып, Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) келишип, жогорудагыларды суроолорду беришет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жообун бериш учун жообун сурап: - Силерге эртен жооп беремин! - дейт. Бирок , жооп берип жатып, "Иншаллах" (Кудай буйурса) деп айтууну унутуп калган эле. Ушул себептен он-он беш кундой ыйык кабар келген жок. ПАйгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жаны туталанып, бир орунда тура албас абалга келет. Бутпарастар болсо: "Мухаммед бизден бир кун сурады. Ушунча убакыт отсо да , бизге эч нерсе билдирген жок!" деп ойдо томон соз суйлогондон кийин Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ого бетер жаман абалда калып, эч ким менен суйлошпой калат. Акыры кутургон ыйык кабар келип, бутпарастардын суроолоруна томонкудой жооп берилет: "(Оо, Мухаммед), болбосо сен узун заман ункурдо уктап калышкан ункур жана жазуу ээлерин биздин ажайып кереметтерибизден деп ойлогондурсун? Ошондо алар ункурго баш калкалап барышты да, айтышты: "Оо, Жаратканыбыз! Бизге Оз даргойундон мээрим того кор, биздин ишибизди ондой кор!". *ЭСКЕРТУУ:* Курани Каримдин аяттарына таянып, аалымдардын жазгандары бойунча "ункурдо уктап калган жигиттер" ангемеси мындай болгон: Иса пайгамбардын заманынан кийин РИм империясынын бир жеринде Дакьянус атуу залим падыша чыгып, адамдарды айкелдерге сыйынууга мажбур кылып, буйругуна мойун сунбага адамдарды кыйнап олтурчу экен. Кундордун биринде букараларынан бир нече жигит анын буйругунан баш тартышып, айкелдерге сыйынышпай жатканы угулат. Падыша аларды ордосуна чакырып, бул кабардын чын-тогунун сураганда, алар: "Биз Аллахтан башка эч бир нерсеге сыйынбайбыз" деп жооп беришет. Ошондо падыша аларга: "Силер жаш, келишимдуу, куч-кубаттуу жигиттер экенсинер оз жанынарга жабыр кылбагыла. Ме силерди олтуруп жиберууго козум кыйбай турат. Ошондуктан эртенкиге чейин ойлонуп коруп, мага жообун айткыла деп аларга бир кундук моонот берет. Жигиттер оз ара кенешип: "Аллахтан башкага сыйынгандан коро ушул бактысыз журтту таштаганыбыз жакшы" дешип, тун карангысында шаарды таштап кетишет. Жолдо жайлоодон отуп бара жатканда, аларга ошол жердик бир койчунун ити да кошулуп ээрчип алат. Танга маал бир тоого жетип барышып, чон ункурго жашырынышат. Бул окуядан кабардар болгон падыша оз аскерлери менен алардын артынан тушуп, ошол ункурдун оозуна жакындап келет, бирок аскерлер ага киргенден коркушат. Ошондо Дакьянус аларга ункурдогу жигиттер ачаарчылык жана чанкодон олушсун деп ункурдун оозун бекитип таштоону буйурат. Бирок Алла Таала Озунун чыныл, ыйманда туруктуу пенделерин жок болуудан сактайт. Аларды узак убакыттар бойу уйкуга батырып, мемиретип уктатып коет. Ойгонушканда, арадан уч жуз жыл откон эле. Мындан бейкапар жигиттер бир, же жарым кун уктап калсак керек деп ойлошот жана бироосу жашыруун турдо, шаарга жей турган азык - оокат алып келуу учун жонойт. Ал жигит базарга келип тамак сатып алып, жанындагы тыйынды сунганда, сатуучу айран тан болуп: "Бул Дакьянустан калган тыйынго, бир жерден казына таап алдынбы?" - деп сурайт. Жигит да айран - тан - болуп: "Эч кандай казына таап алганым жок, бул демейде биз иштете турган тыйын", деп жооп берип, Дакьянус эмне болгонун сурайт. Бул арада тополуп кеткен адамдар анын алда качан олуп кеткенин айтышып, жигитти падышанын алдына алып барышат. Бул падыша момун , такыба киши эле. Жигиттен озу жана жолдошторунун башынан откоргон окуяларын уккан сон, жигитти кое берип, аскерлери жана шаар калкы менен ошол ункурдун оозуна барышат. Ичкеридеги жигиттер Дакьянус бизди алып кеткени келди деп ойлошуп, олум алдында акыркы ирет намаз окуп алууга камынышат. Падыша жана анын адамдары ункурго киришип, аларды намаз устундо корушот жана намаздарын бутургондон кийин, падыша жигиттердин ар бири менен кучакташып корушуп, алардын баштарынан кечирген окуялар, Аллах пенделерин кыямат кунундо эсеп - китеп кылуу учун кайра тирилтиши чындык экендигине далил болорун айтат. Кийинки аяттарда болсо "Ункур ээлеринин2 башынан откон окуялар айтылган (Кахф суросу 9-26- аяттар). Бутпарастардын экинчи суроосуна томонку аяттар менен жоо берилген: "(Оо, Мухаммед), дагы Зулкарнайн жонундо сурашат. Айткын: "Эми мен силерге ал жонундогу кабарды окуп беремин". Суронун мындан кийинки аяттарында Алла Тааланын Зулкарнайнга коп мумкунчулук бергени, ал аркылуу Батышка сапар тартып, кезиккен элди жакшыдыкка чакырганы айтылат. Зулкурнайн андан ары Чыгышка жол алып, ушул жакта да бир калка кезигип, аларды да жакшы иштерди жасоого чакыргандыгы баян кылынган. Бутпарастардын учунчу суроосуно томонкудой аят менен жооп берилет." (Оо, Мухаммед) сенден (рух) жонундо сурашат. Айткын: "Рух жалгы Жаратуучумдун буйругунан. Силерге абдан аз илим берилген" . Бутпарстар сураган суроолоруна кемчиликсиз жооп алышты. Пайгамбарыбыздын (саллалаху алейхи васаллам) жолун туура корушсо дагы, ага ыймвн келтируудон баш тартышты, Алла Таалага шек келтирууну уланта беришти. Жараткан Алла Таала, айрыкча, Пайгамбарыбызга (салллаллаху алейхи васаллам) да ошол Кахф суросундо томонкудой эскертуу берген: "Бир иш учун "Аллах кааласа" дебестен, "Мен муну эртен созсуз жасаймын" , деп айтпагын. (Бул созду айтууну) унутуп калган кезинде (ойуна тушоору менен) Жаратуучунду эстегин. "Жаратуучум мени ого бетер жакынкы жакшылыкка жана ийгиликке жеткизет деп айткын". ПАйгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ушул эскертуудон кийин, кыла турган ишинин алдында "Иншаллах" деп айтууну эреже кылып алган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   seli   24 Май 2017 - 23:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

⚜ *"ШАЙТАНДЫН АЗГЫРУУСУ" * ⚜

Күтүлбөгөн бир убакта, өтө тез ыйман келтирген Хамза үйүнө кайтары менен аң - сезиминде шайтандын азгырыктары пайда болду:

*"Сен курайштын сыймыгы элең. Ушул дининен кайткан Мухаммедге баш ийдиң. Жакшы иш кылган жоксуң."*

Шайтандын ушул азгырыгына дуушар болгон түз эле Каабага барды да:

*"Оо, Жараткан, жаңы кирген диним туура болсо, жүрөгүмө да аны бекем орното көр. Менин жолумду жарык кыла көр!",* - деп дуба кылды.

Арадан бир күн өткөндөн кийин Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) барып, башынан өткөндөрдү айтып берет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) болсо ага Исламды түшүндүрүп берет. Жүрөгү ыйманга толгон Хамза Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам):

*- Сенин чындыкты айтып жатканыңа күбөлүк беремин, эй, бир тууганымдын уулу! Эми диниңди мага толук түшүндүрүп бер,* - дейт.

Хамзадай эр жүрөк баатырдын мусулмандардын катарынан орун алышы Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) жана мусулмандарды аябагандай сүйүнтсө, бутпарастарды да ошончолук күйүндүргөн, капаланткан эле. Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) көрсөтүшкөн зордук - зомбулуктарынын айрымдарынан баш тартууга аргасыз болушкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   seli   29 Май 2017 - 09:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

КЫРКЫНЧЫ МУСУЛМАН - АЗИРЕТИ УМАР. Биздин замандын 616-жылы. Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлыгынын алтынчы жылы. Атактуу баатырлардын бири болгон азирет Хамзанын мусулмандар катарына отушу, аркасынан бир нече мусулмандардын Хабашистанга кочушу курайш бутпарастарын терен ойлондура баштады. Кылар айла таппай кайгыра башташты... Эми бардыгынын ичинде бир пикир, бир максат окум суруудо: созсуз турдо ушул Абу Толибдин жетими Мухаммедди батыраак бир жансыл кылышы керек. Ушул маселени суйлошуу учун топтолгон курайштар акыры Абу Жахилдин сунушун кабыл алышты: Мухаммед олтурулсун! Бирок ушул коркунучтуу аткарууга кимдин дити барат? Абу Жахил: - Мухаммедди олтургон адамга мен 100 кызыл, 100 кара тоо, дагы мынча алтын, мынча кумуш берем, - дейт. Эч ким ушул опурталдуу ишке барууга даай алган жок. Бирок алардын арасында бироо бар болчу: узун бойлуу, кен далылуу, эч кимге мойун сунбаган, эр журок, жаш жигит. Ошол жигит: - Мен аткарамын! - деди. Бул Хаттаб уулу Умар эле. Анын бул ишти жасай ала турганына толук ишенген бутпарастар бир ооздон: - Ооба, бул ишти сен гана аткара аласын, - дешти. Кылычын белине курчанып, коздору канталаган бойдон Каабаны тегеренди да, Сафаа добосу тараптагы Аркамдын уйун коздой бет алат. Жолдон мусулман болгон, бирок анысын жашыруун кармаган тууганы Нуайм бин Абдуллага кезигет. Азирети Нуайм, Умардын кебетесин корор менен суроо узатат: - Ээ, Умар кайда баратасын? - Курайшты болуп жарган Мухаммедди жайлаганы! - дейт максатын жашырбастан. Ушундай коркунучтуу кабардан кийин, тобо чачы тик турган Нуайм аны ушу пикиринен баш тарттырыштын жолун издей баштайт. Умарга: - Ото оор ишти аткарууга баш койупсун. Мухаммеддин сахабалары анын жанынан бир саамга да айрылышпайт, сен максатынды ишке ашыруу ото кыйын. Ойлонуп корчу, бир жол таап аны олтурдун дейли, андан кийин Абдуманаф уулдары сенин жер жузундо эркин журушуно жол берерине козун жетеби? Сурдуу коз карашы менен теше тиктеген Умар: -Сен да анын тарабындасынбы ыя? - дейт. - Эй, Умар, сен мени жайыма койда, оз уй-булонду кара. Куйоо балан Саид бин Заид жана карындашын Фатима да мусулман болуп Мухаммеддин динине баш ийишти. Барып элден мурда ошолорду тыйбайсынбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   seli   29 Май 2017 - 09:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Умар эмне кылаарын билбей алдастап калат. Уккандарына оболу ишенгиси келген жок, аны териштиргиси келбей жолун улантты. Бирок ичиндеги күмөн саноону жеңе албай, жарым жолго жеткенде пикирин өзгөртүп, карындашынын үйүн көздөй жөнөйт.

Ошол убакта, кайрымдуу сахаба Хаббаб бин Арат, Саид бин Зайд жана аялы Фатимага жаңы түшүрүлгөн *"Таахаа" * сүрөсүн окуп берип жаткан.

Үйгө жакындаган Умар, ушул үндү угат. Эшикти бир-эки жолу каттуу кагат. Ачылбаган соң, күчкө салып омуроолоп ичке кирип барат.

Фатима эшикти тарсылдатып ургулаган бир тууганы Умар экенин сезип, Куран барактарын бир тарапка жыйнаштыра салат. Хаббаб бин Арат дагы бир жерге жашынып калат.

Умар үнүн орой чыгарып, күлдүрөй:
- Эмнени окуп жатасыңар? - деп сурайт.
- Эчтеке жөн эле сүйлөшүп жатканбыз, - деген жооп келеери менен, Умардын жини ого бетер кайнады. Корко карап турган күй баласын алка жакадан алып:

- Демек, уккандарым чын экенда, силер дагы Мухаммеддин динине кирипсиңер, туурабы?- деп аны жерге көтөрүп чабат. Фатима күйөөсүн куткаруу үчүн арачалаганга аракеттенет. Умардын сок билектей муштумунан кийин ал да жерге сулайт. Мурдунан кан жая бергенден кийин мусулмандыгын жашыруунун эми эч кандай мааниси жок экендигин түшүнгөн Фатима, ордунан турат да:

- Эмне кылсаң ошо кыл, Умар! Мен күйөөм экөөбүз эми мусулманбыз. Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирдик, - деп кыйкырат. Аркасынан күбөлүк келмесин келтирет.

Бул келменин таасиринен, ал жердегилер селейе катып калышат. Адам баласы карындашын "Жараткан Аллах" дегени үчүн кантип эле, зөөкүрчө сабап, ооз - мурдун канжалата тепкилөөгө дити барат? Бети - башы кан болгонуна карабастан, ыйманын ачык жарыя кылуудан баш тартпаганда, кайсы таш жүрөк ээрибейт, кайсы жүрөк ынсапка келбейт?

Умар эмне кылаарын билбей калат. Жүрөгүндө толкундоо пайда болгонун сезет. Бүткөн бою титиреп, жерге отура кетет. Терең ойлонгондон кийин:
- Кана, жанатан окуган нерсеңерди мага алып келгилечи, Мухаммедге эмне түшүрүлгөн көрөйүн, - дейт.

Фатима оболу күмөн санайт. Агасы берекклүү Куран барактарына акаарат көрсөтөт деп коркту, бирок Умар ага "коркпогула! " дегенден кийин жеңилдей түшөт.

Куран барактарын таза адам гана кармай алат. Анткени Умар бутпарас дининде болгондуктан, рухий түрдө таза деп саналбасы анык. Ошондуктан Фатима :

- Сен Аллахка шерик кошкон динден болгонуң үчүн таза деп эсептелбейсиң. Ага таза болгондо гана кол тийгизе алат. Ордуңдан туруп жуунуп кел! - дейт.

Умар ордунан туруп, тулку бойун толук жууп келет. Андан кийин Фатима каткан жеринен Куран барактарын алып чыгып ага сунат.

Умар сабаттуу эле. Окуп жазууну билчү. Колундагы баракты окуй баштайт:

*Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен.*

*"Таа Хаа. (Оо Мухаммед), Биз сага бул Куранды кыйналып жапа чегишиң үчүн эмес, тескерисинче (Аллахтан) корко иурган адамдарга нарк - насаат болсун деп түшүрдүк. (Ал) жерди жана жогорку асмандарды Жараткан Аллах тарабынан түшүрүлгөн" .

Умар окуп да, ойлонуп да жатты. Курандын чексиз сөз кереметине каршы эчтеме дей албай апкаарвп отуруп калды. Азыр эле кылычын кынынан сууруп, Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) өлтүргөнү жаалы менен бараткан адамдын ачуусу бат эле тарап кетти. Бир аз мурун канталаган көздөрүнөн, эми нур жанып, ички дүйнөсү да жумшап, өзгөрдү. Сүрөнүн:
*"Чындыгында мен Аллахтан башка(эч кандай) кудай жок, Мен гана бармын, демек сен мага кулчулук кыл жана Мени эстөө үчүн намазды толук аткар"* деген аятты окууру менен үнүн бийик чыгарып:

- Бул кандай сонун, кандай сырдуу, кандай гана улуу сөздөр! Ушул сөздөн таасирдүү эч кандай башка сөз болушу мүмкүн эмес! - деп жиберди.

Бул сөздөр Умардын дили ыйман нуруна бөлөнгөнүнүн алгачкы белгиси болчу. Умардын ушул сөзлөрүн уккан Куран мугалими Хаббаб жашырынган жеринен чыгып:

-Сүйүнчү, оо, Умар, - дейт, - тилегеним Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) сага болгон дубасы ишке ашсын. Кечээ кечинде ал:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   seli   29 Май 2017 - 09:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

*"Оо, Аллахым! Исламды, Абул -Хакам бин Хишам (Абу Жахил) менен, же болбосо Умар бин Хаттаб менен күчтөндүр" * деп дуба кылган болчу.
Бири Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) өлтүрүү жонүндө сунуш киргизген, экинчиси ушул сунушту аткарууну көксөгөн эки адамдын аттары эле!

Эми Умардын Пай[moderated]рыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жана Ислам тууралуу түшүнүгү толугу менен өзгөрдү. Дароо Пай[moderated]рыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) алдына барып, ыйман нурунун кучагына бөлөнүүнү каалап турду.

Ошол замат:
- Аллахтын Элчиси азыр кайда? - деп сурайт.

Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) Аркамдые үйүндө сахабалары менен бирге экендигин угаары менен Хаббаб менен бирге долго чыгат. Күзөтчү, Умар кылычые байланып келе жатканы жөнүндө үйдөгүлөргө кабар берет.

Бир кишиден башкасынын баары кабатырланышып, Пайгамбарыбызды (с.а.в) карашат. Ал Хамза эле. Бул улуу Ислам батыры кылычын кармап:

- Тим койгул, келсин. Корко турган эмне бар? Жакшы ниет менен келсе, урмат - сый менен тосуп алабыз. Эгер жаман максат менен келсе, аны өз кылычы менен жайлап салабыз! - дейт.

Анын буйругунан кийин эгик ачылат. Умар айбаттуу көрүнүшү менен ичкер кирип келет. Жүзүндө ачуулануу эмес, жагымдуу жылмайуу бар эле. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алецхи васаллам) көзүнө көзү чагыда түшөт. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) рухий сүрүнөн өзүн жоготуп койгондой болду. Баарын унуткандай, Пайгамбарыбыздын (с.а.в)нурдуу көздөрү жүрөгүнө жана рухуна кайталангыс таасир этип жатты.

Бир аздан кийин Пайгамбарыбыз (с.а.в) ортодогу жымжырттыкты бузуп:

- Эй Хаттабдын уулу Умар, эмне үчүн келдиң?- деген суроону узатат.

Андан кийин анын кылычын кармап:
"ОО, Аллахым! Ислам динине Хаттаб уулу Умар менен күч - кубат бере көр", - деп луба кылат.

Пайгамбарыбыздын (с.а.в) суроосуна ал:
- Аллах жана элчисине жана анын Аллахтан алып келгендерине ыйман келтирүү үчүн келдим, - деп жооп бергенден кийин күбөлүк келмесин келтирип, мусулман болот.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) жана анын сахабаларынын сүйүнүчтөрү чексиз эле. Баары бир ооздон: "Аллоху акбар! Аллооху акбар!" деп айтып жатышты.

Мекке көчөлөрүнлө *Аллооху акбар! Аллооху акбар!" деп айтылган үндөр жаңырып турду, андан ары нурдуу толкундар аркылуу көккө көтөрүлдү...

Эми Умар мусулман эле. Ал кыркынчы мусулман болуп калды.
Ал эми мындан кийин эр жүрөктүүлүгүн, баатырдыгын жана күч - кубаттын бутпарастыкка, караңгылыкка эмес, Ислам динине арнамакчы. Курайштардын таршырмасы менен Пацгамбарыбызды (с.а.в) өлтүргөнү келген Уиар эми анвн жан жолдошу болгон эле. Жигиттигине ыймандын чексиз күчүн кошкон Умар мындан кийин Алла Таала үчүн, Пайгамбарыбыз (с.а.в) үчүн бутпарастарга каршы күрөш жүргүзмөкчү. Оттой жанган Умар Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в) нурунан күч - кубат алып, дүйнө тарызында адилеттүүлүктүн өкүлү катары кийин *"Адилеттүү Умар"* деген атка конот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   seli   29 Май 2017 - 09:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Мусулмандардын Харам мечитине барышы.

Эр жүрөктүүлүктүн булагы болгон ыйманды жүрөгүнө орноткон азирети Умар эми бир орунда тура албас абалга келет.

- Оо, Аллахтын Элчиси, биз өлсөк да Аллахтын дини үчүн өлөбүз, жашасак да Анын дини үчүн жашайбыз, туурабы? - деп сурайт.

Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам):

- Ооба, Жараткан Аллахка ант беремин, силер өлсөңөр Аллахтын дини үчүн өлгөн болосуңар, жашасаңар да Анын жини үчүн жашаган болосуңар, - деп жооп берет.

- Андай болсо эмне үчүн жашырынып жатабыз? - дейт Умар, - Сени акыйкат дин менен жөнөткөн Аллахка ант беремин, бутпарастардын чогулган жерине коркпостон, тартынбастан барып Исламды жаямын.

Бул сөздөн кийин Пайгамбарыбыз (с.а.в) эң алдыда, оң тарабында ащирети Умар, сол жагында азирети Хамза жана башка сахабалар артынан ээрчип, Аркамдын үйүнөн Каабаны көздөй бет алышат.

Харам мечитине эч коркпостон кирип барышат.

Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в) башынын алып келинишин күтүп отурушкан бутпарастар бул көрүнүшкө өтө таң калышты. Алар коркуп алаңдашып, бир туруп Умарды, бир туруп Хамзаны карашып, бир оокумда:

- Эй , Умар, аркаңдагы кимдер, эмнене алып келдиң?-деп сурашты.

Азирети Умар:
- Аллахтан башка кудай жок жана Мухаммед Анын элчиси менен келдим, - деди да, минтип кошумчалады:

- Эч ким ордунан кыймылдабасын, болбосо башын кыя чабамын!

Бутпарастардын айласы куруду. Үн жок, сөз жок туруп беришти. Пайгамбарыбыз (с.а.в) ээн - эркин Каабаны айланып, намазга жыгылды. Калган мусулмандар да намазын биринчи жолу эч жашырбастан, коркпостон, тартынбай ачык окушту.

Ушул көрүнүштү сахабалардын бири азирети Абдулла бин Масуд төмөнкүчө баяндайт:

*"Умардын мусулман болушу - Ислам үчүн чоң жеңиш, мусулмандар үчүн чоң сыймык болгон. Умар мусулман болгонго чейин биз Каабанын айланасында ээн - эркин намаз окуй алчу эмеспиз".*
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   seli   30 Май 2017 - 17:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

МУСУЛМАНДАРДЫН ЭКИНЧИ КЕРБЕНИНИН ХАБАШИСТАНГА КӨЧҮҮСҮ.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) пайгамбарлыгын жетинчи жылы, 616 - жыл.

Хабашистанга көчкөн биринчи мусулман кербени , жогоруда айтылгандай ошол мамлекеттин өкүмдары тарабынан жакшы кабыл алынып, диний ибадаттарын ээн - эркин жана каалагандац аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Бул абалдан кабардар болгон Пайгамбарыбыз (с.а.в) Меккеде калган башка мусулмандарга да Хабашистанга көчүшүн сунуш кылат.

Пайгамбарыбыздын (с.а.в) атасынын бир тууганы Абу Талибдин уулу Жаффардын башчылыгында Хабаш өлкөсүн көздөй жол тарткан экинчи топ 10 аял, 72 эркектен турган.

Алар көчүп кеткенде, Пайгамбарыбыз (с.а.в) Меккени таштаган жок. Жараткан Алла Тааланын жардамы, колдоосу менен ыйык жана улуу кызматтын аткарууну уланта берген.

КУРАЙШТАР КӨЧҮП КЕТКЕН МУСУЛМАНДАРДЫН АРКАСЫНДА.


Курайш бутпарастары мусулмандардын экинчи ирет Хабашистанга көчушунөн чочулап турушту.

Мунун алдын алыш үчүн курайш бутпарастары өз ара кеңешишет. Акыры, элчилерди жөнөтүп, ал жердеги мусулмандарды Хабаш өкүмдарына айтып, кайра алып келүү бүтүмүнө токтолушат.

Элчи катары Амир бин Аас жана Абдулла бин Аби Рабия шайланат. Нажаши баш болгон Хабаштын аттуу - баштуу адамдарына кымбат баалуу белек - бекчектерди тартууламай болушат.

Бутпарастардын негизги максаттары мындай эле: ошол мамлекет башчыларын колго алуу менен, Хабаш нажашисин (өкүмдарын) мусулмандар менен каршылаштырып, өз максаттарын ишке ашыруу.

Хабаш өлкөсүнө барган элчилер мамлекеттик адамдарга кымбат баалуу белектерин тарьуулагандан кийин, келген максаттарын төмөнкүчө билдиришти:

- Бизден кээ бир акылсыз жаштар ата бабабыз туткан жолдон чыгышты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   seli   30 Май 2017 - 19:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Силердин дининерге да окшобогон, жаны бир дин - мусулманчылык менен чыгышты. Ушул тапта алар силердин окумдардын коргоосунда. Биз аларды кайрадан оз элибизге алып кету учун оз уруубуз тарабынан жонотулгонбуз. Окумдарга ушул отунучубузду билдирип, бизге жардам корсоткуло, анын мусулмандар менен суйлошушуно жол бербегиле. Аларды кайтарып алуу учун бизди колдоп мындай дегиле: "Элчилер албетте, оз адамдарын жакшы билишет. Алардын айып каталарын да башкалардан жакшы билишет". Сарайдын адамдары ошол кымбат баалуу белек-бечкектерге алданышып, бутпарастарга колдоо корсотууго убада беришет. Элчилер ошолордун ортомчулугу менен окумдардын алдына чыгып, максаттарын томонкучо билдиришет: - Оо, окумдарым! Бизден чыккан , иштерибизди бузган ушул адамдар эми бул жерге да сенин дининди , олконду , калкынды бузганы келишти. Сени ушул жонундо эскерткени келдик. Булар Марьям уулу Исаны кудай катары корушпойт. Сенин алдына келгенде таазим кылып ийилишпейт. Сен аларды бизге бер, алардын жазасын биз беребиз. Элчилер максаттарын ото куулук менен билдирип, окумдардын христиан экендигин билишкендиги учун алар "Марьям уулу Исаны кудай катары корушпойт" деп качкын мусулмандарга ачуусуну келтирууну каалашкан. Сый - белектерди алып, убада беришкен сарай адамдары да бутпарастарды кубаттап: - Окумдарым, булар туура айтып жатышат. Албетте, алар башкалардан жакшы таанып, билишет. Алардын оз урууларына, оз элине элчилерге кошуп кайтаралы, - дешет. Бутпарас элчилер он жооп кутуп жатышканда, нажаши окумдуу уну менен: - Жок, болбойт, - дейт, -коргоосуз, айласыз калып, биздин жерди, бизди башкалардан жогору баалап баш калкалап келген адамдарды мен эч кимге бере албайт экенмин. Эгер иш элчилердин айтканындай болсо, аларды оз башчыларын тапшырамын, элине кайтарып беремин. Эгерде, тескерисинче болсо, аларды коргоп, эркин жашоосу учун шарт тузуп беремин. Андан кийин нажаши мусулмандарды чакыртат. Качкын мусулмандар, оздоруно азирети Жаафар бин Абу Талибди окул кылып шайлап алышып, окумдардын сарайына келишет. Ал жерде курайш элчилери менен бирге нажаши чакырткан кечилдер да бар эле. Азирети Жаафар нажашинин алдына келип. салам берди, брок ийилип жугунгон жок. Сарай адамдары Жаафарга: - Сен эмне учун окумдарга жугунгон жоксун? - деп сураары менен: Биз жалгыз Аллахга гана жугунуп, сажда кылабыз, - деп жооп берет. - Эмне учун? - Себеби, Аллах бизге элчисин жонотту. Ал Аллахтан башка бироого сыйынуубузга тыйуу салды. Ошол кезде элчилер: - Окумдарым, айтпадык беле, булар ушундай, - дешти. Нажаши мусулмандардан: - Силер олкобузго эмне учун келдинер? Ал - акыбалынар кандай? Соодагер да эмессинер, менден суранычынар да ьолгон жок. Анда мага, менин олкомо келген максаттынар кандай? Силердин жаны чыккан Пайгамбарынардын абалы кандай? Мага эмне учун силердин мамлекеттен келгендер салам бергениндей салам бербейсинер? - деп сурады. Азирети Жаафар суроолорго дароо жооп бербестен: - Окумдарым, - дейт, - мен уч соз айтамы, эгер туура айтсам, мени колдонуз, эгер жалган болсо жазаланыз. Оболу ушул адамдарга(элчилерге) айтыныз, бироо гана суйлосун, башкалары унчукпасын. Элчилерден Амр бин Аас суйломой болду. Андан кийин азирети Жаафар нажашиге кайрылып: - Ушул адамдан суранызчы, биз туткунга алынып, ээсине тапшырыла тургандай, эмне, кулбузбу? - дейт. - Эй, Амр, - дейт, - булар кулбу? Амр: -Жок, - деп жооп берет, - алар эркин адамдар! Анда биз, куноосуз адамдардын канын токкон кылмышкерлербизби? Нажаши: - Эй, Амр, булар кан токкон кылмышкерлерби? Амр: - Жок, алар бир да адамдын мурдун канатышкан эмес. Азирети Жаафар нажашиден: - Калктын мал - мулкун уурдап алып, толобой качып жургон ууру_ кески адамдар эмеспизби, ушуну сурап корунузчу? - дейт. Нажаши: - Эй, Амр, ушул адамдардын толобогон карыздары барбы, болсо, мен эле толоп берейин. - Жок алардын эч кандай карыздары жок! Андан кийин нажаши: - Анда силер булардан эмне каалап жатасынар? - дейт. Амр: - Булар менен биз башта бир динде болчубуз. алар динибизди таштап. Мухаммеддин динин кабыл алышты, - деп жооп берет. Бул жолу нажаши азирети Жаафардан: - Силер мурунку ишенген дининерди эмне учун таштап, башка динге баш ийдинер? Коомунарда диниде болбосонор, менин динимде да болбосонор, анда бул кандай дин? Мага дининерди тушундуруп бергилечи? - деп сурайт. Азирет Жаафар мусулманчылыктын негизин тушундуруп берууну жон корот: - Окумдарым:, биз карангылык ичинде жашаган бир элек. Айкелдерге сыйынып, арам нерселерди жечуубуз. Ойубузга келген ар кандай жамандыкты кылуудан баш тартчуу эмеспиз. Жакын тууган - туушкандар менен мамилебизди узуп, коншуларыбыз менен жакшы мамиледе болбой, алсыздарды эзчуубуз. - Биз ушундай жаман абалда турганда, Аллах тарабынан ат-тегин, созунун тууралыгын, акыйкаттыгын, даанышмандыгын, ишенимдуулугун, адамгерчилигин билген бир адам бизге Пайгамбар болуп жонотулду. - Ал бизди Аллахтын бар экенине жана бир экенине ишенууго, Ага сыйынууга, аталарыбыздын оз колдорубуз менен жасаган айкелдерге жана таштарга сыйынган динден баш тарттууга чакырды. - Ошол сбептуу уруубуз бизге душман болду, сиздин олконузго келдик. Сизден башпаанек сурадык. Сизди башкаларлан жогору кордук. сиздин жеринизге зулумдукка дуушар болбойбуз деп умут кылабыз. Азирети Жаафар окумдарга салам беруу, бирок ийилип, жугунбоо жонундогу маселени мындайча тушундуруп берет: Салам беруу маселесине келсек, биз сизге Пайгамбарыбыздын саламын бердик. Биз бири-бирибизге ушундайча салам беребиз. Бейишке кире тургандардын саламдашуусу да ушундайча боло тургандыгын Пайгамбарыбыздан уйрондук. -Ийилип жугунууго келсек, биз аллахтан башкасына сажда кылбайбыз. Азирети Жаафардын ушул создору ото терен таасир тийгизди. Бутпарастар болсо, турган жеринде унсуз-созсуз туруп беришти. Нажаши бир аз ойлонгондон кийин азирети Жаафарга: - Жанында ушул нерселеринди далилдеген бир нерсе барбы? - деп сурайт. Азирети Жаафар: - Ооба, бар, - деп Мариям суросунун башын окуп берет: " Каф, Ха, Яа, Айн, Саад. (ОО, Мухаммед, ушул) Жаратканын Оз пендеси Закарияга кылган мээримин эске салган окуясы. Эстегин: ал Жаратканына тымызын жалбарып дуба кылып, (мындай) деген эле: "Жаратканым, чындыгында менин соок - муундарым бошоду, карылыктан башым (чачым) агарды. Жаратуучум, мен Сага дуба кылып (эч качан) умутсуз болгон эмесмин". Андан кийинки аяттарда Мариямдын бойуна азирети Иса кантип буткону, Исаны кантип дуйного келгени, бир кереметтуулук катары кандайча бешикте суйлогону, андан кийин Аллах тарабынан пайгамбар болуп жонотулгону баяндалган эле. Окулган аяттар нажашинин жан дуйносуно ото чон тасир калтырды. Козунон аккан жаштар, аппак сакалын суулады. Ошол жерде турган кечилдер да коз жаштарын кармай алышкан жок. Курандын рухий балуулугуна сугарылган ички дуйносун бир азга тынчтандыргандан кийин нажаши: - Кудай акы,- дейт, - бул бир эле чырактан чачыраган нур, Муса да, Иса да ошол нур менен келген! Андан кийин бутпарастарга бурулуп: - Аллах учун мен буларды силерге бербеймин, алар жонундо жаман да ойлобоймун , - дейт. Нажашинин ушул кутулбогон чечиминен кийин бутпарас элчилер баштарын шылкыйтып, сарайдан чыгып кетуудон башка аргалары калган жок. Буга карабастан элчилер, озгочо арабдын чыгаан саясатчысы Амр бин Аас ушул ишти ушул бойдон таштабай турганын айтып, жаны тактиканы ишке ашырууга бекийт. Эртеси куну кайрадан элчилер нажашинин алдына барып, мусулмандардын азирети Иса жонундо жаман нерселерди айтышарын билдирет. Окумдар мусулмандар менен кайра козмо - коз суйлошмой болду. мусулмандарды чакырып алып: -Азирети Иса жонундо ойунар кандай? - деп сурайт. Азирети Жаафар: - Биз азирети Иса жонундо ПАйгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) бизге аллах тарабынан билдирилген нерсеси н гана айта алабыз - дейт, ал Аллахтын кулу жана, элчиси жана Аллах (башка рухтарды жараткандай эле) жоноткон бир рух. Ал дуйнодон жана эркектен баш тарткан намыстуу кыз Мвриямга берилген Аллахтын бир созу. (Тактап айтканда, Жараткан Аллахтын "Бол!" деген бу йругу менен атасыз дуйного келген) Мариям уулу Исанын абалы ушундайча. Мусулмандардын азирети Исаны ушундай кабыл алышы нажашини ото кубандырат. Колуна бир чыбык алып, жерге бир туз сызык чийип, мындай дейт: - Биз силердин ортобузда ушундай гана айырмалык бар экен. Анткени биз да аны силердей эле кабыл алабыз. Элчилер (бутпарастар) нажашинин мусулмандарды коргоодон баш тартышын кутуп жатканда, эми умуттору биротоло узулду. Нажаши мусулмандарга: - Силерди жана ошол Пайгамбарынарды куттуктаймын. Ал Аллахтын Элчиси. Анткени, биз ал жонундо кабарды ИНжилден окуганбыз. Ал пайгамбар жонундо Мариям уулу Иса да адамзатка кабар берген. Аллахка ант болсун, эгер ал ушу олкодо болгондо, бутун жууп, кызмат кылаар элем, - дейт. Туура жолду жана чындыкты баамдаган нажаши Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбар экенин колдогон создорунон кийин мусулмандарга болгон мамилесин мындайча билдирет: - Баргыла, олкомдогу каалаган жеринерде зордук - зомбулуктан алыс, коопсуз, эркин жашай бергиле. Силерге жамандык кылгандар оз жазасын алат. (Ушул создорун уч жолу кайталайт). Мен силерден бироонорду капа кылып, тоодой алтынга ээ болорумду билсем дагы, мындайга барбаймын. Нажашинин ушул кескин жана чечкиндуу создорунон кийин , элчилердин кайра МЕккеге кайтуудан башка айлалары жок. Кала берсе, нажаши алар алып келген белекткрин кайтарып берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   seli   30 Май 2017 - 20:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

АЙДЫ ТЕН ЭКИГЕ БОЛУУ МУЖИЗАСЫ . Курайш бутпарастары Пайгамбарыбыз Мухамеддин (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлыгын тастыктаган бир нече мужиза-кересеттерине кубо болушса дагы, курулай кежирликтеринен баш тартышпай, ага ыйман келтирген жок. Коргон ар кереметтерди байкамаксан болушуп, калкты да, оздорун да курулай алдап жатышты. Кээде Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) жаман абалда калтырыш учун, адам баласынын ойуна да келбеген, нерселерди аткарууну талап кылышчу. "Эгер чындыгында эле Аллах тарабынан милдеттендирилген бир пайгамбар болсон, мына ушуну жасачы королу!" - деп айтышчу. Алардын максаты ыйман келтируу эмес, жон эле Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) ынгайсыз абалда калтыруу болчу. Бирок Жараткан Алла Таала, бутпарастардын алдында суйуктуу элчисин (саллаллаху алейхи васаллам) эч убакта кыйын абалга таштабастан, ар дайым жардам берип турган. Дагы бир куну Абу Жахил, Валид бин Мугыйрага окшогон бир топ бутпарастар, Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) келишип: -Эгер сен, чындыгында, озун айткандай, Аллах тарабынан жиберилген пайгамбар болсон, бизге Айды экиге болуп берчи. Айдын жартысы Абу Кубайс тоосунун, экинчи жарымы Куайкыан тоосунун устунон корунсун, - дешет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): -Эгер ушуну жасасам, ыйман келтиресинерби? - деп сурайт. Алар: - Ооба, ыйман келтиребиз, - деп жооп кайтарышат. Элге сунулган таслиминин туура экендигин далилдоо учун бул кереметтин аткарылуусун суроо-пайгамбардын милдети, талап кылынган мужизаны аткаруу Алла Тааланын иши болмок. Ай толуп турган, тактап айтканда эн жакшы корунгон 14-у тун эле. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Алла Тааланын буйругу менен жылып бараткан Айды соомойу менен кезеп туруп, ылдый карай сызды. Ушул кыймыл менен Ай экиге болунот. Бутпарастар каалагандай жарымы Абу Кубайс тоосунун устундо, экинчи жарымы болсо Куайкыан тоосунун устундо болуп корунот. Пайгамбарыбыз (салаллаху алейхи васаллам) ошол жерде тургандарга: Кубо болгула! Кубо болгула! - дейт. Бутпарастар ушундай апачык мужизаны корушсо дагы, ишенгилери келген жок. " Бул болгону бир сыйкыр" дешип, оздорун курулай алдоого отушту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   seli   30 Май 2017 - 21:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

БАШКА ТАРАПТАН КЕЛГЕНДЕРДИН ДА АЙДЫН БОЛУНГОНУН КОРГОНДОРУ. Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) ыйман келтирбоонун аракетинде болуп откон окуяны "сыйкыр" дешкен бутпарастар оз ара акылдашып, томонку чечимге келишти: "Эгер Мухаммде сыйкырланган болсо, анын сыйкыры буткул дуйнону камтыбайт да.Башка жактан келген адамдардан да сурайлы балким алар да биз коргон нерсени корушкондур? ". Башка жактан келгендерден сурап корушту. Аларда Айдын экиге болунуп, эки тоонун устунон корондорун айтышты. Бирок бутпарастар баарыбир кежирлигин ташташпай, "ыйман келтиребиз" деген убадаларына турбастан мындай дешти: "Абу Талибдин жетиминин сыйкыры асманга да таасирин тийгизди! ". Бул жерден томонкудой суроо келиши мумкун: "Эгер Айдын болунушу чындап эле болгон болсо, буткул дуйного маалым болмок, адамзат таарыхында бул жонундо айтылышы керек эле да?". ЖООП: Айдын болунушу Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлыгы далил болушу учун ошол жердеги бутпарастарга тункусун аз убакытка гана корсотулгону учун, Айдын чыгышы дуйнонун бардык жеринде бирдей болбогону учун жана туман, булуттар сыяктуу корууго тоскоол болгон себептердин болушу менен бирге, ошол доордун илими бугункудой жалпы болгон эмес. Ошондой эле астрономия илими менен алек болгондор аз санда гана болгону учун, окуянын буткул дуйнодо корунуусу жана адамзаттын жалпы тарыхына отуусу албетте, мумкун эмес. Ошол доордо каапырлардын ото эле аша чаап кеткен кежирликтери тарыхта белгилуу, Курандын "...Ван-Шаккал Камар" (...жана Ай жарылды) деп айтышы менен Куранды жокко чыгарган ошол каапырлардын эч бироосу ушул аятты жалганга чыгара алган эмес, тактап айтканда,ошол окуяны коруп туруп танып кете алган эмес. Эгер ошол окуяны Мекке каапырлары даана корбогондо, бул кабарды курал катары колдонуп, Пайгамбарыбыздын Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлыгын жокко чыгарганга абдан чон аракет кылышмак. Ал эми ушул окуяга байланыштуу тарых китептеринде каапырларды жактаган эч нерсе айтылбайт. Бирок, Куранда "ВАйакуулуу сихрун мустамирр" (Бул кучтуу сыйкыр дешет) деген аят баян кылгандай тарыхта томонку нерсе айтылат: Ошол окуяны коргон каапырлар "Бул сыйкыр" жана "Бизге сыйкыр корсотту, эгерде башка жердеги кербендер корушсо, анда чындык. Корушпосо, анда бизге сыйкыр корсотту дешкен". Анан эртеси эртен менен башка жактан келген бир кербен "Ушундай бир кызык окуяны кордук" деп билдиришкен. Анан каапырлар "Абу Талибдин жетими асманга таасирин тийгизди" деп каапырлыкта кала беришти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   seli   07 Июнь 2017 - 01:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

МУСУЛМАНДАРГА КАРШЫ ЖАСАЛГАН БОЙКОТ. 617-жыл. Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлыгын жарыя кылгандан жети жыл отту. Бутпарастар кыйноо менен, зордоо менен эч кимди дининен чыгара албастыгына коздору жетти. Анткени ошончо зордук - зомбулуктарга карабастан, бир да мусулман оз дининен чыккан жок. Тескерисинче, мусулмандардын саны кундон - кунго кобойуп баратты. Азирети Умар менен азирети Хамзанын мусулман болуусу аркылуу, мусулмандар бул эки эр журок баатырды арка тирек кылып, куч - кубатка толсо, бутпарастар кантер айлаларын таппай кайгыга батышты... Дагы бир жактан, бутпарастар нажашинин олкосуно кочуп барышкан мусулмандарды ойлогондорундай кайра кайтарып келе алышкан жок. Тескерисинче, Хабаш падышасы аларды коргогонго бекем турду... Ошондуктан улам бутпарастар жаны аргаларды издеп, башкача саясат жургузууго отушту. Акыры кенешип, мусулман болсо да, болбосо да, Хашим уулдарынын баардыгы менен байланыштарын узууго чечим чыгарышат. Кенешмеде кабыл алышкан чечимдерин бир кагазга жазышат: 1. Мындан кийин Хашим жана Мутталиб уулдарынан кыз алынбайт. 2. Хашим жана Мутталиб уулдарына кыз берилбейт. 3. Хашим жана Мутталиб уулдарына эч нерсе сатылбайт. 4. Хашим жана Мутталиб уулдарынан эч нерсе сатып алынбайт. Ушул чечимге озгочо маани беруу максатында кагазга жазып, аны Каабанын дубалына илип койушат. Бир добуштан бул чечимди эч качан бузбоо максатында ант беришет. Бул чечим аркылуу алар хашим жана Мутталиб уулдарынын айласын кетирип, керек болсо тукум курут кылууну коздошкон эле. Мындай абал астында Хашим жана Мутталиб уулдары ар кайсы айылдарга тарап отурукташкан уй - булолорун чогултуп, Меккенин туштук жагындагы "Абу Талиб конушу" деп аталган жылгага жыйналууга аргасыз болушту. Бир гана Абу Лахаб ал жерге кочподу. Эми бул айыл менен бутпарастар байланыштарын толугу менен узушкон болчу. Кокустан ал жерге барып калгандар болсо каттуу жазаланчуу. Абу Лахаб озу Хашим уулдарынан болгонуна карабастан, оз бир туугандарын ачкачылыктан кырылышын каалап, ушул жонундо колунан келген бардык иштерди жасап жатты. Жаш балдардын ачкадан ыйлаган ундорун бутпарастар кулактарынын сыртынан кетиришти. Мусулмандар башка уруулардан эч нерсе ала албагандыгына байланыштуу, оор ачкачылыкка дуушар болушту. Жегенге эч нерсе таба албагандыктарынан, дарактын жалбырактарын, кээде эски-куску терилерди таап, отко кактап жегенге чейин барышты. Бойкотко туш болгондордун эптеп жан аргасы кылып жашоосун улантуусуна ПАйгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) башында туруп Абу Талиб жана ХАдича энебиз колунда болгон байлыгын жумшашып, бут урууну ачкалыктан кырылып калуудан сактоого аракет корушту. Ошондо да, баары бир ачкалыктан куткарып кала алышпай, мусулмандар мусулман болгондугу учун гана аябай оор кыйноону баштан откоруп жатышты... Бутпарастар бул аесуз, таш журоктук менен жасаган кылыктары аркылуу коздогон максаттарына жетебиз деп ойлошсо да, абал алардын ойлогонундай болгон жок. Бул бойкот Ислам дининин таралышына эч тоскоол боло албай, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) оор кыйынчылык ичинде озунун чакырыгын бир азда узгултукко учуратпастан уланта берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   seli   15 Июнь 2017 - 19:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

БОЙКОТТУН БУЗУЛУШУ. Бойкоттун башталганынан бери уч жыл отот. Жараткан Алла Таала бутпарастардын КАабанын ичине илишкен чечимдери жазылган баракты кубо курт курт аркылуу жок кылды жана бул окуяны Озунун ыйык кабары аркылуу элчисине билдирет. Баракта кубо жебеген бир гана "Бисмика Аллахумма" (Аллахым, Сенин атын менен баштаймын) деген жазуу калат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) абалды Абу Талибге тушундуруп айтат. Андан кийин Абу Талиб бутпарастарга мындайча сунуш менен кайрылат: - Бир тууганымдын уулунун кабар бергени бойунча Аллах силердин Каабага илген барагынарды бир куртка жедирди жана "Аллах" деген создон башка, зулумдук, туугандар менен байланышты узуу жонундогу бардык жазууларды жок кылды. Каабага барып ошол баракты карап коргуло, эгерде ал туура айткан болсо, анда кылган зордук-зомбулуктарынардан баш тарткыла. Эгер ал жалган айткан болсо, анда мен аны силерге кармап берем. Эмне кылсанар оз эркинер. Каабага барган бутпарастар Абу Талибдин айткандарын оз коздору менен корушот. Айран-тан калышса дагы муну дагы эле Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) керемети катары кабыл албастан, "Бул дагы сыйкыр" дешип, чындыкка коз жумушту. Бирок бир нече беделдуу кишилердин кийгилуушусу аркылуу, 619-жылы бойкот токтоп, калкка жарыя кылынган. Бул жылы Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлыгынын онунчу жылы эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 12:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: