Сагынып жүрөм
#363 02 Июнь 2017 - 18:22
Азат суйлоп жатты ,мен делдейип угуп турдум.ошол мен куткон кун да келип биз экообуз АК дасторкон устундо тааныштык.Сени алгачкы коргон кундон эле журогумдун торунон орун алдын.Жигитин бар экенин билсем ,ал мага чынын айтсам тыйынга да арзычу эмес,мен сени эч нерсеге карабай суйдум.Сенин жон Гана мени жанымда болгонун мага бакыттын кучагы болчу.Бирок Меку айтчы озун ,ушул кунго чейин сага Бир ооз соз айтпадым ,баарын поступкам менен билдиргим келди ,бирок Эми озун айтчы мен ,мен кимсин сага ? Менин сенин жашоондо тыйынчалык ордум барбы ? - деп коздорумо тике карады.А мен шылкыйып турам,колумдан кармап жанына отургузду да,эх Азат ,Азат эсине келгендей курмосун чечип мага жаап койду.ичимден эми Аймээрим кылгылыкты кылдынбы,Эми олуп баратсан чындыкты айт ,деп озумду кокутуп аста соз баштадым.ООБА баарын билем,Азат суранам мени кечирчи,кечире алсан.мен акмакмын ,акмак болдум ,актангым келбейт ,Анипа эженин конулу учун сени менен таанышкам, сага ушундай азап беришимди билгенде балким башкача жол тутат белем билбейм ,мен сени ишенесинби Бир тууган агамдай жакшы кором ,сыйлайм,урматтайм ,бирок мени кечирчи мен сени башкача коро албай койдум,сенин ордун менин жашоомдо чон аябай чон,сага кантип ыраазычылыгымды билдирууну да билбей турам,колундан келсе кечир мени ,отконду чийип салуу колумдан келбеди,эрким жетпеди ,сени алдап колдоноюн деген оюм жок,тек Гана сага ушул создорду эртерээк айтууга батына албай убакытты откордум,суранам сенден Азат сен соссуз бактылуу болосун,бирок мени менен эмес,буюрса-
деп коз жашыма ээ Боло албай солкулдап ыйлап жаттым .
Билдирүүнү түзөткөн: Kuyruchuk_25: 02 Июнь 2017 - 18:59
#364 02 Июнь 2017 - 18:31
Азат да ушкуруно менин колумдан кармап,Аймээрим эч качан коз жашынды токпочу,сенин коз жашына эч нерсе ,эч Ким арзыбайт ,менин создорумо капа болбо ,бирок Бир кун келип тушуносун сени мен суйгондой эч Ким суйо албайт ,сен менин тунук суйуумсун,Мекумсун ,мейли мен сени эч качан зордобойм,сен бактылуу болсон ,мен бактылуу болом ,бирок Мырза сени бактылуу кыла алабы? Сен даярсынбы ? - Деди .устумдон бироо 30 тонна жукту ыргыткандай эле женил тартып калдым.Билбейм Азат башым айланып калды,бирок баарына козумду жумуп Мырза менен кол кармашып кетууго даярмын- деп тастайып айтып турдум.Азат канчалык озун токтоо кармаганы менен ,эх Бир кездеги озумдун абалымды Азаттан коруп турдум.экообуз унчукпай отура бердик.Же Азат туруп кетпеди,же мен.
#365 02 Июнь 2017 - 18:35
Бир мезгилде эсине келгендей Кой Меку мен кеттим,уйуно кирип эс ал- Деди.Акырын туруп курмосун бердим,макул деп жузумдон акырын суйду да ,бурулуп кетти.артынан узата карап турдум,озумду биринчи жолу жек кордум,кантип деп.мурда башка бироолордун ушундай кылгандарын окуп же угуп калсам ,ашатчумун ичимден адамгерчилик деген болушу керек да деп,эмичи мени Ким ашатат деп озум менен озум суйлошуп уйго кирдим.
Билдирүүнү түзөткөн: Kuyruchuk_25: 02 Июнь 2017 - 18:35
#366 02 Июнь 2017 - 18:40
Саат танкы 9:30 дан отуп калыптыр .Телефонумду уйго калтырып чыккан элем.Мырзадан СМС келиптир ,Жаным кутман тан !!! Саат 1 лерге даяр болуп тур ,Бир Жака барабыз.- деп окуп эмнегедир озумду Ушунчалык жаман сезип турдум.макул деп жооп жазып койдум.Азат мага ватсапптан сурот жонотуптур качанкы Бир мезгилде эжем экообуз Царицыно эс алуу багында жылмайып тушкон сурот ,тек Гана тиктеп турдум ,Азаттын создору кулагыма угула берди .
#368 02 Июнь 2017 - 18:51
Азаттын альбомдон тартып алган мен АК койнокчон тушкон сурот.Бактысыз сурот.ойлонуп терезеден сыртты карап отурам .чын эле Мырза мен Эми эмне болобуз.кандай болот мындан кийинки кадамдарыбыз ? Озумдун суроомо озум жооп таппайт элем.ошол кундон кийин Азат копко чейин мага чалбай журду,анча мынча Ден соолук сурап ватсапптан жазып коет .Куугум кирип калган убак ,Мырза экообуз чайханада тамактанып отурабыз ,Мырза Машинадан капчыгын алып келгени эшике чыгып кетти.чалуу келип калды телефонуна карасам Аруузат деп чыгып жатат ,трубканы котордум - Алло .Алло Аймээрим сенби? Зарина эле ,ме сага ,ооба мен кандай дедим .Зарина мурдакыдай эмес жоошуп калыптыр,жакшы Рахмат ,Мырза менен суйлошоюн дегем ,сенин жанындабы э? - Деди .Ооба ,азыр келет очурбой турсан ,Мырза келди ,трубканы бердим,айласы жок менин жанымда суйлоошууго туура келди.Да угуп жатам ,жакшы озун кандай ,кыйналбаптырбы жолдо ? Ооба макул эртен барам деп очурду...Мырза мени карап кулуп коет,кызымдын аты Аруузат ,мен чекчейип эле отурам ,анан десем,Ошо Зарина Москвада да билесин,кызымды таенеси алып келиптир Деди .мен оозумдан созум тушуп эле отуруп калдым ,канчалык сыр бербейин деген менен ,Ушунчалык жаман болуп кеттим.Кызым деп суйлогону Бир кызыктай угулду мага.
#370 02 Июнь 2017 - 20:46
Иииии анан??????????
Бул учур абдан эле тааныш мага эххх,жазынызчы коооптон
Бул учур абдан эле тааныш мага эххх,жазынызчы коооптон
#371 02 Июнь 2017 - 22:04
Менин кунумдун эн маанилуу нерсеси болуп калды.Жазыныз эми кутуп отурам
#376 04 Июнь 2017 - 00:55
Аймээрим кандайсынар?
Мен да Азат мн кол кармашып кет демекмин. Суйуу никеден кийин башталат. Ата-энен да ыраазы болот. А Мырзага болгон суйуун журогундун тупкурундо аруу таза махабат болуп кала берсин.
#378 04 Июнь 2017 - 02:35
Чайханадан чыгып Мырза мени уйго жеткирди,уйго кирип алып аябай кызык абалда калдым.бир тушунуп жеткеним эч качан мурункудай мамилебиз болушу мумкун эмес экени болду.буулугуп тамагыма Бир нерсе тыгылып калгандай,ызама чыдабай адатта ыйлачу жаным ,бул ирет эмнегедир козумо жаш келбеди ,тек Гана журогумдун муздап калган Бир бурчу ,ошол муздактык кенейип бараткандай.
..баарын Бир баштан ойлонуп ,талдап баштадым.эмнеге ар дайым Заринаны куноолодум,
жаман кордум ? Эмне учун Бир да жолу Зарина жонундо жакшы ойлободум,бугунку кутуусуз суйлошуубуз ушуларды ойлонууга туртку болду.Зиркилдебей ,жашоосуна тан бергендей ,суйлогону ушундай сезилди мага.Мырзанын кызым деп бактылуу Боло ,чечекейи чеч Боло жылмайып турганын эстеп туталанып ары бери болмодо басып журдум.канынан жаралган ,ушул кичинекей наристеден кызганып жатамбы? Жок андай эмес ,баары Бир огойлойт экенмин да !!!! Тообо Буга чейин канчалаган китептерди окуп ,башкы каармандарды тилдеп жургонумду эстеп ,озумо тан калдым.Аймээрим эх Аймээрим шайтандаба деп жаттым озумо озум .Корсо Оз башына келгенде Гана тушунот тура Адам баласы ,Буга чейин озумду периште сезип жургонумду карасан,тообо ушул кантип болсун ,ооба кызы бар ,билбейт Белен ,болдучу чарчадым эртен ойлоноюнчу деп ,Тарс куладым да жатып алдым .
Билдирүүнү түзөткөн: Kuyruchuk_25: 04 Июнь 2017 - 02:36
#379 04 Июнь 2017 - 02:50
Ошондон 2- 3 кундон кийин Мырза менен жолугуп суйлошуп отурабыз ,анан кутуусуздон эле Аруузаттын суротун корсотчу дедим ,Мырза мени тан кала карап эле макул - деп телефонун алып мага карматты.Аруш кызым деген Папканы ачтым.кипкичинекей бобоктайдын суроттору,Заринага окшош экен кызы,Мырзага да кичине тусполдошуп кетет .100 дой суротту кордум да ,кайра озуно бердим.ортобузду жымдырттык каптады.
Билдирүүнү түзөткөн: Kuyruchuk_25: 04 Июнь 2017 - 02:51