Суперстан: Ачылбас бактым - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ачылбас бактым

#1 Пользователь офлайн   aruuke0000   04 Июнь 2017 - 01:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 23 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 19:28

Саламатсыздарбы форумчулар. Бул ник курбу кызымдыкы, мен коп жылдан бери журок сырын окуп келем. Азыркы учурдагы оз башымдан откоруп жаткан турмушумду баяндап бергим келди. Балким кимдир бироого сабак болоор менин каталарым.
Мен орто жашаган эле уй булоонун кичуу кызымын. Ата энем эл сыяктуу эле мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенишет. Мектепте окуп жургондо шоктугум жанда жок эле. Чонойгон сайын жигит жандап, кыз каадасы кылып назданып да калдым. 9классты буткондон кийин ата энемдин каалоосу менен мед училищага тапшырып окуп калдым. Ии баса мен жигитим жонундо жазбай калган турбайынбы. Ал экообуз мен 8кл окуп жургондо таанышып калганбыз. Биз классташ кыздар болуп эки кундун биринде эле пикнике чыкканды жакшы корот элек. Ошондой кундордун биринде тоого дагы жоноп калдык, анча деле алыс эмес болчу. Бир машинага баарыбыз эптеп тыгылып отуруп алып жонойбуз. Ага кечинде звандасак кайра айылга жеткизип койот эле. Ал жакта менчиктеп, биздики деп алган бак шактуу да ордубуз бар эле. Ошол ордубузга башка бир балдар тасмалын жайып эс алып отурушкан экен. Барып эле бул жер биздики, силер жылып кеткиле деп кыйын болуп баштадык. Алар биз да бул жерди сатып алганбыз деп кулуп калышты. Ошентип акыйнек айтышып ызылдап атсак биз баласы ай туугандар биринчи раунд бутту, реклама кылалы тамак бышты. Озок жалгап алалы анан кайра улантабыз деди, ал жерден баарыбыз кулуп калдык. Тамак устундо алар мн таанышып, тамашалашып кунолдуу отурдук. Мен ал куну озгочо деле ал балдарга маани бербедим, жон эле катардагы таанышуудай болгон. Кеч курун уйлорубузго кетмей болуп, тел номерлерибизди алмашып коштоштук. Уйго барсам апам дагы темселеп журуп келдинби, элдин кыздарын карачы уйундоле отурат деп урушуп кирди. Атам болсо ой энеси кызым азыр кичине антип уйдо созулуп отурчу да маалы болот деп, бетимден ооп койду. Ал куну чарчаган экем эртеле болмомо кирип уктап калдым. Сонун болуп уктап атсам кечкеле соткама звонок келе берди, бирок мен ойгонуп алган жокмун. Эртен мн туруп соткамы карасам 3 чалуу, анан 2смс келиптир бироосу тундо келген экен. Бейпил тун периште, деп келиптир мага ким жибергени кызык болду. Ошону мн уй тиричилике аралашып кетип унутуп калыптырмын, бир маалды скрытый номерден звонок келди алсам
Кандайсын
-жакшы, ким бул
Мен Жаннат кечоо таанышпадык беле
-аа кандайсыз
Жакшы, чарчабаптырсынбы
- жоок, неме мен азыр бошобой аттым эле десем, макул анда анан чалам деп очурду. Ошентип телефондогу суйлошуулорубуз кобойуп, биз конушуп бараттык. 2айдай телде суйлошуп журдук анан бир куну жолукпайлыбы деди, мен мурдагы пикникте аны жакшы эстей алган эмес элем. Кандай неме болдукен деп кызыгып жургон элем, жолугууга макул болдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   aruuke0000   04 Июнь 2017 - 10:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 23 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 19:28

Озумчоле толкунданып даярданып ,болжошкон куну айтылган жерге бардым. Аяр колумдан ооп учураштык. Мен элестеткендей бала экен деп ичимден суйунуп калдым. Паркты айланып, шириндик жеп, создорубуз бутпой журуп коштоштук. Мен кичине басаарым мн эле бир бала чуркап келип ооо биздин Жанюнун жанкасы ушу кыз турбайбы деп бакылдап калды. Сымбаттуу жигиттин жанкасы деген созго мен байкуш уялып бетим кызарып чыкты. Жанат басып келип болду эми койо бер Перинин шашылыш иштери бар экен деп, узатып ийди. Бул жолугушуу экообузду мурдагыдан да жакындатып койду. Ал атасынын оптовый дуконундо соода кылчу. Чогуу коп жагымдуу, кайталангыз кундорду откозуп журдук. Мен 9классты бутуп кетип атам десем, аябай капа болду. Эртен шаарга окууга кетем деген куну да суранам бугунку кунунду мени мн откозчу деп суранды. Биздин эле айылга турмушка чыккан эжем бар болчу, ал эжемди бугун менин уйумо туноп кетсин деп ата энемден да сураттым. Кечки саат 8де мени тосуп алып, сенин кетееринди ойлосом озумду койоорго жер таппай калып атам деп кучагына бек кысып алды. Ал кечти экообуз айыл четинде машинасында бири бирибизге тойбой карап, суйлошуп откоздук.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   aruuke0000   04 Июнь 2017 - 10:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 23 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 19:28

Тунку 12ге чейин деп суранган элем эжемден. Жаню, журу эжеге тапшырайын ато косяка илеешип калбайын деп жылмайды. Машинасынан тушоордо мага кичинекей пакет сунду, эженин балдарына таттуларды ала кирчи деп. Мен дарбазадан киреерим менен тел чалып, Пери ал пакетте сага да чупа чупс салып койгом унутпай же деди. Мен уйго кирсем эжем уктабай кутуп отуруптур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   aruuke0000   04 Июнь 2017 - 11:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 23 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 19:28

Эжем экообуз тамактанып, сырдашып отуруп кеч жаттык. Тошогумо жатып алып Жаню берген пакетти эстедим да алып келип, ачып таттуулардын ичинен чупа чупсту да таптым. Кулкум келип, сыртын ачып тан калып калдым, чупа чупска шакек тагып койгон экен. Ошо мынча кичинекей чупа чупс дейм да, муну кантип жазады экен деп тан калдым. Омурумдо биринчи жолу алтын белек алышым эле аябай бир чети суйунуп, кайра кой эртен албайм деп берип салайын деп ойлондум.Эртеси эртен мн апам чалып эртереек чыгалы кун ысып кетелекте деди. Бети колумду жууп алып эжекемди опкулоп коюп чуркап жонодум. Уйго барсам баары чогулуп отурушуптур, жакшы создорун кеп кенештерин кулака куюп, таксиге салып коюшту. Шаарга тайежемдикине келдик, мурда эле апам синдимдикине жашайсын деп айткан эле да. Мени жайгаштырып, дайындап коюп апам кайра айылга кетти. Жаню мн телде суйлошкондо мен бул белекти алалбайм десем, ал сага жаккан жокпу. Размери туура келбейт бекен деп жаман болуп кетти. Жоок просто так алалбайм десем. Аа ошол элеби, албасан мени сыйлабаганын деп тушуном деди. Студенттик кундор да башталды, шаарга конуш мен учун оор деле болгон жок. Кундо бош убактым апам анан Жаню мн суйлошуп отуп жатты. Тайежем эч оокат кылдырбайт эле. Кундордун биринде айылдагы мандайлаш кошуна жененин иниси Алик чалып калды. Ал экообуз ага чейин жон эле тааныштардай суйлошуп калчыбыз корушкон жерден. Чалып сен шаарга кетип калдынбы, эмне мага айткан жоксун деп кирди. Сиз кызыксыз го мен сизге озунчо отчет беришим керек беле деп жактырган жокмун. Тамаша, анан окуудан кыйналган жоксунбу, шаардык болойун дединби деп суйлошуп кеттик. Ал менден 8жаш улуу байке болчу. Ошондон кийин бат баттан чалууну адат кыла баштады. Мен чалса албай, алсам да бошобой атам деп кача баштадым. Жанюга ал байкенин чалганын айтсам жини келип номерин берчи деди, берсем чалыптыр. Алик болсо девушкан болсо эмне экен чуркаган эмес, буйурган алат деп коюп салыптыр. Мына сага тынч жашоомо бир проблема пайда болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   aruuke0000   04 Июнь 2017 - 11:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 23 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 19:28

Аликтин ата энеси уйго да куда тушуп келишкен экен. Апам чалып менден сен суйлошуп журдун беле деп сурады. Жок мен аны мн суйлошпойм менин башка жигитим бар деп тызылдадым. Апам анда анан суйлошобуз деп очуруп койду. Бул октябрь айы болчу. Ошол туну уктай албай ошол Аликтен мени алыс кыла кор деп Кудайдан тиленип чыктым. Эртеси апама чалсам кызым алар жакшы уй булоо экен, суйлошуп байкап корбойсунбу деди, суйлошо албайм ал мага жакпайт апооу менин башка жигитим бар суйлошконубузго 2жыл болуп калды деп койдум. Апам мени уят кыла корбо, биздин урууда жигит жандап, ата энесине каршы чыккан эч ким болгон эмес деп койду. Жанюга куда тушуп келгендер тууралуу эч нерсе айткан жокмун, ал шаарга да бат баттан келип турду. Жолукканда дайым мага таттуларга толгон пакет алып келет эле. Суйлошуп отурганыбызда колумдан опкулоп, манжаларымды тиштегилеп ойной берет эле. Курбу кыздарым жигитим мн обушуп, анан засос коюп салып деп айтып берсе оло жиним келчи. Эмнеге обушосун ал сенин тийип алган куйоон беле деп. Жаню колумдан ооп, жолукканда бекем кучактап койгону болбосо ашыкча кетчи эмес. Окуума да кызыгуум жакшы болуп, буйурса тыпылдаган мед айым болом деп кыялданчумун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   aruuke0000   04 Июнь 2017 - 11:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 23 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 19:28

Номеримди озгортуп Аликтен да кутулгам. Ноябрьдын 15и куну ошол Аликтин эжеси, кошуна жене чалып калды. Учураштык, мен шаарга келдим эле сенин номеринди апанан алдым. Бараар уйум шаардын четинде болуп жатат, эртен больницага эрте барганга сенин тайежендикине туноп алайынчы деди. Тайежем айылга той ашка барганда ал женени кызмат кылып жургонунон тааныйт эле да, макул каяктасыз десем. Мен вокзалда турам келип эле алып кетпесен, шаарды жакшы билбейм деп калды. Оюма жаман нерсе келбей эле, азыр барам деп кийинип жоноп калдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   aruuke0000   04 Июнь 2017 - 12:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 23 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 19:28

Жолдон Жаню менен да телде суйлошуп бардым. Барып биздин айылдан таксилер келчу жакка барып, женеге чалсам албайт го. Жиним келди мага чалып кел деп коюп озу кайда журот деп. Кутуп турсам кайра чалып калды мен жолдун берки тарабында сени кутуп турам, сен ары жагына отуп алыпсын деп. Чуркап жонодум жолдон отуп ары жак бери жагымды карап женени издеп калдым. Кара машина жай жылып келатканын коргом, бирок маани берген эмесмин. Токтоп ичинен 2бала тушуп мени кыйкыртып, машинага салып жоношту. Эки жагымда эки бала колумду бекем кармап алышып аяш кылып баратышат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   aruuke0000   04 Июнь 2017 - 12:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 23 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 19:28

Шаардын четине чыкканда машина токтоп, бироону кутуп калышты. Мени каяка алып баратасынар, теринерди тескери сыйрытам, олтуртом, жанчытам деген создорумо кулак салышкан деле жок. Соткамы да чонтогумдон жанале алып коюшкан экен. 10муноттой отурсак эле дагы бир машина келип токтоп ичинен толтура маанайлары беш болгон балдар тушуп башташты го. Ана сага Алик да журот аппак рубашка, кара шым кийип. Коруп эле тушундум мени ошол Алик алып качып атканын. Берки балдар кыйраткан иш кылып коюшкансып куттуктап, кучактап атышты. Бери басып келип, эшикти ачып кандай каражан деп ырсаят. Ишин болбосун кандай экеним мн, мени каяктан алсанар ошол жерге жеткизип кой, мен баары бир отурбайм деп бакырдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   aruuke0000   04 Июнь 2017 - 13:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 23 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 19:28

Ошондогу абалымды эстесем азыр да жаман болом. Алик мн жашаганча олгонум артык, мен баары бир отурбайм деп озумо ишенип бараттым. Айылына кечки 9дарда жеттик. Уйуно жулмалап киргизе башташты, ал уйго кирсем эле кайра кайтып чыгалбашыма козум жетип, алымдын жетишинче каршылык кылдым. Колидордогу плитанын устундо турган чайнекти да тееп, ысык сууну токтум. Бут кийимимди чечкенге аракет кылышты эле, тепкилеп жолотпой койдум. Тордогу комнатага суйроп киришти, жоолук салмай башталды. Кошогону жулуп, жоолукту мыжып алып койо бербей чыр салып атып. Алым да кетип калды. Чачым саксайып, ыйлай берип козум шишип, кыйкыра бергенге тамагым да бутуп калды. Тан атканга чейин бир апалар, кайра женелер, анан достору болуп очередь менен келин отургузуу процесин жазашты. Саат 6ларда баары чыгып кетишти болмодон, озум эле калганда ууфф деп диванга отуруп калдым. Разносго тамаш аш салып бир эже келип отуруп, кел эми чарчап алын калбады чай ичип ал эртен ооруп калсан озуно жаман дедиле жок эже рахмат мен эч нерсе ичким келген жок дедим. Ал эже бир аз отургандан кийин мен диванга жолонуп отуруп уктап кеткен экем. Бир маалда куугун келди, женелери келди болуп ызылдашып калышты. Мен болсо суйунуп алгам азыр кетет экем деп. Женелерим анан эжем келиптир, эжем киргенделе кучактап ыйлап кирдим. Мени калтыра корбонуз, билесиз Жанюм бар, мен мында жашай албайм деп боздоп, буркурап ыйладым. Уйдогу апалар болсо алардын кулактарын ушалап журот, биз деле, силер деле ушинтип барып жашап калганбыз бала жакшы бала деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   aruuke0000   04 Июнь 2017 - 13:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 23 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 19:28

Ыйлап атсам женем тел сунуп апам суйлошом дейт деди, алаарым менен эле Перизат сен эси жоктук кылба, баш аттаган жаман болот. Кесир болот, жаман деле бала эмес экен. Суйуу деген нерсе эртен эле очот деп келатканда жоок деп кыйкырып эле тел ди ыргытып салдым. Ошентип боздоп, сыздаганыма карабай мен ошол уйго келин болуп калмай болдум. Кайра ойлоном мени кечетен бери Жаню деле издеген жокпу деп. Эжемен тел алып ага чалып мени ала качып кетти деп эле ыйлап башка соз суйлой албай койдум, эжем сотканы алып очуруп койду. Жаню болсо угаары мн ата энеме барып каяка алып кетти, ким деп уйго кирип барыптыр. Апам урушуп кубалап чыгып салган экен. Анан кайра байкелеримди ээрчитип, Жанюнун дуконуно барып атасына жолугуп, кызыбыз отуруп калды. Баланарды жибербегиле бир уй булоону бузбасын деп айтып келиптир. Аликтин уйундо болсо той да башталды. Ырдап, бийлеп аткандар куттуктоо создору мага эч эле тиешеси жоктой, туш коруп аткансып мен бир чекитти тиктеп отурам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Sarinakg   04 Июнь 2017 - 13:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 12 Апрель 17
  • Соңку аракети: 18 Дек 2020 15:03

улантабер кутуп окуп жатавыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   aruuke0000   04 Июнь 2017 - 13:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 23 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 19:28

Ачка тогумду деле билалбай, мен олом же качып кетем деген эле ойдо болуп аттым. Кеч кирип нике да кыйылды бирок эмнегедир ал жерде макулдугумду эч ким сураган жок. Тошок салып, мени отургузуп коюп чыгып кетишти, терезеде алма салынган тарелкада бычак да бар экен, кесип жегенге коюшкан окшойт. Мен олушум керек деп бычакты колума алып алдым, бирок жан таттуу болуп туруп алды. Эшик ачылып Алик кирип кошогону ачкандале тура калдым, эмне коркуп кеттинби бул мен эле деп колун сунуп келатканда, жолобо мага колунду тийгизсен эле мен анда венамды кесем десем Алик озу да бозоруп кетти. Макул мен сага тийбейм озуно келчи, мен бул дивангале жатам деп кошогону жапты. Мындан аркы жашоомду элестете албай канча ыйлап жаттым билбейм, уктап кетиптирмин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   aruuke0000   04 Июнь 2017 - 14:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 23 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 19:28

Женелерим ойготушпаса канча уктайт элем билбейм. Жакшылесинби кыйналып калгансын го деп чачымды тарашты. Мен болсо эч эле суйлогум келбей былтыйам. Женелерим ал куну кетишти. Жаны келин деген наздуу, улбуроп, жузу тамылжып бактылуу болуп бир башкача болот го менде болсо булардын бироосунун да дайыны корунгон жок. Суудан башка эч нерсе ичпей, мага суйлоп аткан киши менен деле ишим жок тируунун олугу болуп калдым. Аликти болсо коройун деген козум жок. Терезеден коруп калсам да бакырып, тытмалап олтургум келип журду. Мен кошогонун ичинде ал сыртында диванда жатып 3кун да отту. 4чу куну эртен мн мага Аликтин карындашы соткамды берди. Жандырсам Жанюдан баш айланчудай толтура непринятый смс тушуп атты. Мен жандырганым ага смс болуп барыптыр, чалды алсам Пери жаным оз конулун менен калдынбы ал жакта? Деп сурап кирди, жоок мен айла жок эле журом ушу жашоодон коро олсом болмок деп ыйлап кирдим. Жаню бир аз унчукпай туруп эле очуруп койду, мына баары бутту жашап калыптыр деп ойлоду деп дувалга жолонуп ыйлап жаттым. Кечки 6ларда уйдо коноктор бар болчу, сыртта ызы чуу болуп калышты. Баары чуркап эшике жабылышты. Жаню дос балдарын, милиционер жездесин ал болсо толтура коллегасын алып келген окшойт. Бытылдашат бала деген эшикте, Пери деп кыйкырганда эшике ыргып чыктым го Жанюнун унун кантип тааныбай калайын. Ал жерден чыр болуп атып мен Жаню мн кетип калдым. Аликтин атасы апама чалган экен биз айылдан чыга береерде, ата энем, туугандар байкелерим тосуп алышты. Машинадан тушо калып эле апам Жанюну башка козго койгулап уруп кирди. Мен сага жолобо, барба дегем деп эле. Атам болсо мени кучактап ыйлап журот. Анан атам апамды жулкуп токтотуп урушуп кирди. Мен бир жолу сени угуп кызымды калтырдым эле кебетесин карачы 3кундо кандай арыктаганын, мен кызымдын коз жашын коргум келбейт. Озу каалаган балага турмушка чыксын багын тилейли деп. Апам акшыя бизди карап козумо коргозбой жоголгула, бугун уйуно алып кет деп Жанюга кыйкырды. Атам байкуш алакан жайып батасын берип, бизди бул жерге турбай жоногуло деп кетирип жиберди. Жолдо мени Жаню бекем кучактап баары жакшы болот буйурса деп келатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   asi.gulum   04 Июнь 2017 - 14:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

9-класста ала качтыбы? Түшүнбөй калдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   aruuke0000   04 Июнь 2017 - 14:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 23 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 19:28

Мен мектепке 1жыл кеч баргам. 17жашымда турмушка чыккам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Angel92   04 Июнь 2017 - 14:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   nargis   04 Июнь 2017 - 15:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кутуп жатабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   doni-beku   04 Июнь 2017 - 15:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 06 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 02 Апр 2018 21:12
  • Жынысы:Аялзаты

Анан????
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   aruuke0000   04 Июнь 2017 - 15:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 23 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 19:28

Бул менин биринчи эн чон жанылыштыгым болуптур, аны ал учурда кайдан билмек элем. Озумду суйгон мен суйгон адам жанымда болсо болду деп, кетип бараттык. Озубуздун айылга жетип калганда токтоп эс алып алалы дешти. Алдыдагы машинадан жездеси келип кандай келатасынар, кайнимди аз жерден олтуруп койо жаздадын го деп кулуп, бактылуу болгула эч жамандык корбогуло деп бешенемен ооп койду. Мен Аликтикинде кийип жургон койнок мн эле Жанюнун уйуно бардым. Баары даярданып турушуптур, сыягы чалып айтышкан го. Мени ал уй булоо жакшы кабыл алды. Ата энеме кулдук уруп барышып, той кунун да белгилеп келишти. Жаню экообуздон откон бактылуу адам жок. Мен болсо уктап жаман туш коруп, ойгонгон адамдай эле болуп журдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   aruuke0000   04 Июнь 2017 - 15:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 23 Июнь 16
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 19:28

Кайн атам абдан жакшы адам экен мени кызым деп келегой, алагой, жейгой деген создон башкасын укпадым. Кайн энем деле дурус, анда санда эле кайн эжемдер келип кеткенден кийин кагынып силкинип калганы болбосо. Тоюбузду Жаны жылдан кийинкиге калтырбайбыз деп декабрьдын 22си куну откозушту. Тойдо апама кичине таарынып бултундамыш этип кайра жазылдым. Той жакшы отту. Мен болсо окууну деле унутуп, эми Жанюга жакшы жубай, эстуу келин болушум керек деп уйдоле тиричилик мн отуруп калдым. Уйдо ашыкча деле иш жок болчу, баарысы тен сооданын тилин таап алышканга коп убактыларын дукон, базардагы контейнерде откозушчу. Ал убакта Жаню 4курс болуп калган кезиле. Сессия убагында эле шаарга барып келбесек, коп учурда айылда эле жашачубуз. Уйлонгонубузго 1жыл болуп калганда менин 2жумалык боюмда бар экенин билип кубандык. Мен ошол учурда эч кимге деле айткан эмесмин уялып, Жаню баарына суйунчулоп салыптыр. Кайн атам озгочо кутту го биздин алгачкы небере уул баланыкы деп. Таксикоз да менде катуу болот экен. Ичкен жегенимди эле кусуп больницадан дары сайдырып журдум. 6ай болуп чоноюп калган кезде кан кетип атып, баланы сактай алышкан жок. Уул бала экен, ичимди былкылдатып тепкилеп суйунтуп жургон кезде баламан корбой туруп ажырап абдан жаман болдум. Баарыле жашсынар дагы балалуу болосунар деп жооткотуп журушту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 02:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: