Уй сааганды үйрөткүлөчү Уйдун сырын билгендерден жардам кутом
#61 01 March 2017 - 16:16
Жайында жайлоого барганда саадым музоолору бутуму тепселеп таштады
) колум да талып кетти )) бирок уйронсо болоткен
#62 01 March 2017 - 16:45
))уй саап атканды эстеп кеттим.Бышылдап көздүн кыйыгы менен тиктешкенде,
полустартта отурасың да бутуна илээшип калбайын деп.Бутун көтөргөндө жөн эле тура качпайсың,сүтү бар челегиңди иле качышың керек.Куйрук менен чуулдатып сабап атканына да карабай,көздү бекиткенче жармашып саачу элек.Куйрукту булгап туруп чапканда башка тийип,куйруктун учу айланып келип көз-мурунду аралап кетет го.Кээде торпогун(музоосун)бошураак байлап алсаң нак тебелендиде калып,сааган сүтүңдүн жарым-жартылайы өзүңө төгүлүп турасың.
Таенемдикине барганда ушул жоруктарга кайыл болуп кызыгып саачумун.
Тебенээк же жүрөнөөк уй болсо эки бутун тушап койуп сааган оң.Музоосун баш жагына жанаштырып байлап койсо,эркелешип болгончо саап аласың.Желинин жууганда жылуураак суу менен жууп,саап атканда катуу катуу тартып,бат-баттан саабаса "ийисинип" кетет,сүтү тартылып.
Таенемдикине барганда ушул жоруктарга кайыл болуп кызыгып саачумун.
Тебенээк же жүрөнөөк уй болсо эки бутун тушап койуп сааган оң.Музоосун баш жагына жанаштырып байлап койсо,эркелешип болгончо саап аласың.Желинин жууганда жылуураак суу менен жууп,саап атканда катуу катуу тартып,бат-баттан саабаса "ийисинип" кетет,сүтү тартылып.
Куйругун бир бутуна жаааакшылап бантик кылып байлап койсонуз чап-чуптан кутуласыз)))) Уй дагы сезет окшойт коркуп сертендей берсен кычый берет нары басып бери басып нуждасын болуп-болуп чыгарып Башында жакшылап договор тузуп жакшылап подход кылса унчукпай туруп берет. Мал ээсин тартпаса арам олот дегендей биздин уй озумо окшош кок бет болчу Кандай мамиле кылсан Ошондой жооп берет)))))Ошо жактарын Дагы байкаштырып алсанар ашыкча болбос тил табышып аласынар уй менен)))))
#63 03 March 2017 - 18:46
Ыы)) Теманы улап уй сааганды эле эмес, сутун тартып каймак чыгарганды да жакшылап кошо уйронуш керек экеен деп койбопсунда таеже))
Сам воздух родных мест-другой ,сам запах земли -особенный.
#64 04 March 2017 - 11:12
7-Кл бардым окшой акыркы жолу жайлоого..кеч жаштар чыгып ак чолмок,беш тартмай ж.б оюндарды ойночубуз .оюнга алаксып тунку 2-3 киревиз уйубузго,2-3 саат уктап алып уй саап атып,уйдан коркмок тугул ,саап атканыбызды унутуп уйга башты койгон боюнча уктап калчумун )))сут тартып атып да коз илинип кетип токтоп калчу серператор женем эй кыз десе чочуп кетип ,кайра улантчубуз ....кызыгуу болсо тез эле уйроносун ..мен айылга каникулдарда барып атып эле уйронгом уй,бээ саганды ...10 жылдан бери унутуп да калдык окшойт эми (((
#65 09 March 2017 - 22:58
Азыр ушу теманы ачпай турсамда болмок экен деп коем,1айда уйронуп алса болот экен.Мага окшоп 3маал 2уй саасанар.Сут тартышты да уйрондум.Жакшы уйронуп алган адамга чын эле оной экен
#66 09 March 2017 - 23:32
Азыр ушу теманы ачпай турсамда болмок экен деп коем,1айда уйронуп алса болот экен.Мага окшоп 3маал 2уй саасанар.Сут тартышты да уйрондум.Жакшы уйронуп алган адамга чын эле оной экен
3маал саадырса парода уй окшойт. Тепбесе эле болду саай бересин. Эми торпогуна эмизбей ийдирип алып саасанар андан да жакшы болот. Торпогу менен таякташбай каласынар:-)
#67 05 April 2017 - 23:29
Оной эле вроде))) Мен деле озум эле уйрондум. Башында бир колдоп акырыныраак саап, кийин эки кол мн эле бутун тушап туруп каттуу-каттуу саап калдым)))
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#68 08 April 2017 - 22:49
Менда олло кызыгам,уй сааганды буйруса уйроном.Аракет кылып коргом жаш болчум колдон келбеген жее кызыгуум болбогон.Ээ сут чыкпайтго деп саабай койгом.Ошшо жаримтаяям саап королекмииин.
Слова - еще не дело
Ф. М.Достоевский
Ф. М.Достоевский
#69 11 April 2017 - 19:39
Ээ ошонун не окуусу бар))). Мен бешинчи классыман саайм. Тушап саасаныз ошого конуп калат. Жаны тууса торпогун жетпей тургандай байлап коюп саасаныз ийип берет оз эле
#70 11 April 2017 - 19:45
Посое бани уй чааганды жаман корчум айылда жургондо. Бир жолу мамам жок болчу. Банядан чыгып куйругун байлап,саап аткам. Куйругу чыгып кетип,чаптыле.
.. фуууу кайра тушком баняга..
#72 28 April 2017 - 20:07
Негизи мен деле билбейм бир дагы сааган эмесмин.Уйга чопту салып берип туруп, ал чоп жеп жатканда срразы чаканы алып алдына сала коюп мамактарын тартып тартып ийсен эле сут чыга берсе керек дейм да.Только уйдан олгудой корком.Ошонум жаман да.
#73 29 April 2017 - 07:04
Ушул уй сааганды качан уйронот болдум экен. Уйду коргондо желмогузду коргонсуп эле качып жонойм. Айылга уй сааганды уйроном деп бардым эле окшободу...)
)
#75 04 June 2017 - 09:33
Малдар жайлоого кетип кутулдум саагандан.
Сузмону малдар келгиче жете турган кылып басып койдум,эми жайда чалаптан уруп,жармадан салып жата беребиз.)))))
Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#76 04 June 2017 - 10:34
Оной эле уйронуп кеткем. Уй жоош болсо, эч кандай кыйынчылык болбойт.
Салам
#78 18 June 2017 - 19:06
Онорлуу олбойт дегени чын окшойт деп калдым.Турмушка чыкканга чейин жанына баралбайт элем.Турмуш баарына кондурот болуп кайын журтум мал кармашат экен.Былтырлары апам саашчу мен кээде гана.Быйыл кышында озум 3уй саап анын сутун тартып,айран кылып сатып,каймагын май кылып малдар жайлоого кеткиче полный косметикамды камдап алыып жыргап жургон кезим.Майларды азыр унга кошуп кууруп ыссыкта олоо сонун атала жасап берип атам балдарыма.
#79 23 June 2017 - 12:43
Мен уй сааганда байкуш уй деле тажап кетет болуш керек. Торпогун кармап турган кайним ээ жене турунчу мен озум эле шуулдата койоюн деп уят кылат. Коп саабаганга опыт жок болуп шашпай саайт окшойм да.
#80 05 July 2017 - 17:19
Жаны келин болуп барганда кайненем саап журду. Анан куйом уй саап уйрон дегенинен экобуз эрте туруп саай баштагам же сут жакшы чыкпайт кучум жетпейт уйду да жудотуп таштадым. Ал да сезет экен эч жакшы саадырбайт.
Чака жарым да толбоду барып илип койдум. Эртеси дагы сааганы турсам кайненем сут саап казанга бышырып жатыптыр. Мага саабай эле кой деп айтыштан тартынган окшойт. Ошо бойдон саабай койгом

Супер-Инфо
super.kg
видео



















