- Бизге жонокой келин керек. Акчасына таянып, кокту тиктегениндин кереги жок. Ансыз да сенин жанында балам озун ынгайсыз сезет. Сага билинбейт. А мен коруп эле жатам. Аял куйоосунун камкордугуна муктаж болгондо гана эркек озуно ишенип чыныгы кожоюн болот. Анын устуно акча бар жерде ошончо коопсуздук болушу шарт. А сенде акча бар, бизде коопсуздук жок. Тен тени менен тезек кабы менен деген чын окшойт. Билсен бизге сенин материалдык эч нерсен керек эмес.
Кыскасы, мен ынгайсыздык жаратып жатканымды ото кылдаттык менен, созду тээ теренден баштап тушундуруп бир саат божурады. Азиз унчукпай Аяна, Раяна менен алектенип уйдун ичинде айланчыктап журду. А мен унсуз отурганым менен кайненемдин акыркы создорун уккан деле жокмун.
Билдирүүнү түзөткөн: aikera1992: 04 Июнь 2017 - 15:38