Ачылбас бактым
#21 04 Июнь 2017 - 16:18
Ал баламан кийин коп эле жолу боюмда болуп, бирок 2-3ай болгондо эле тушуп калып, токтобой койду. Жаню да окуусун бутуп кредитный компанияга жумушка кирди.Мен болсо оюмда бир гана балалуу болуу болуп, больница, табып деп барбаган жерим калбады. Бир куну дагы боюмда бар экенин билдим, мурда кубанчы элем бул жолкусунда ыйлап тушуп калат да эми кайрале деп настроюм тушуп отурсам, кайн энем эмне болду деп сурадыле ушинтип бар экен деп ыйласам. Апам кулот жинди ошого да ыйлайсынбы болду эми муну эч кимге айтпа. Коз тийет, соз тийет Кудайдын буйурганы болот деп чыгып кетти. Кайн эжеме айтса шаардан эле карап торотолу бул жакта врачтар жакшы билишет эмеспи дептир. Уйдогудор кенешип мен шаардан врачтын козомолундо болуп торомой болдум. Жаню болсо жумушка жаны киргенге ал чыгалбай, айылда эле калмай болду. Бишкектен частный клиникага учетко тургузуп кайн эжем жакшы кам корду. Ал учурда Жаню баттан мага келип журду бирок алыс болсон болок адамдардай сезилип баштайт экен. Же мага ошол учурда жазаган мамилеси ошондой ойду ойлоттубу билбейм. Анын мага салкындап калган мамилесине ыйлап алам. Кайн эжем болсо эптеп балалуу болуп алсанар кайда бармак эле кайрале сага келет деп коюп журду.
#23 04 Июнь 2017 - 16:28
Аялдын журогу сезет деген чын экенин ошондо билдим. Мен Жанюнун туз журбогонун сезип, туюп журсом да тилимди тишиме катып журдум. Ай кунум жакындап уул тородум, ыйлаган унун угуп Аллага мин иреет ыраазы экенимди кайталап жаттым. Айылдан кайн журтум озумдун ата энем келишип, бизди озгочо кубаныч мн уйго чыгарып кетишти. Ал куну кайн эжем дасторкон даярдап, жентек той кылып берди. Мени 2чи этаждагы комнатадан чыгарышкан жок эс ал деп, Жанюнун мурдагыдай болбой калган мамилесин чындап байкадым. Козун ала качып менден, телефонун улам улам карап эле кыйпычыктап атты. Мен озум ушул жашоону тандагам, мен да бир учурда баш аттап суйуу деп кетип калгам деп ичтен сызып отурдум.
#26 04 Июнь 2017 - 19:59
Уйдогу коноктордун маанайлары эн сонун болуп, улам баламды колуна алышып бири Периге окшош десе, бири ой койчу ай Жанюнун эле кочурмосу экен деп атышты. Бирок биздин бул кубанычыбыз ага тиешеси жоктой, ичинен убайым жеп, башкача эле болуп атты. Бир болмодо болсок да, экообуз эки башка дуйнодо жургондой болуп атканыбызды апам байкап калыптыр. Эч ким жок болгон жерден сурады эмне талашынар бар деп. Сизге эле ошондой корунуп атсак керек жакшылебиз дегениме, мм ким билет эми деп койду. Конокторубуздун сапары байып айылга кетишти. Уйдо оз туугандар эле калдык, кайн атам Жанюга сен шаарда эле калып 10кундой туруп кичине тыныганда баргыла деди. Пери силер мн эле кете берсин мени шаарга которушкан жумушумдан,
ысыкта бала мн кыйналат го деп камкор киши болду. Кайн энем чалкасынан кетти эмнеге сен шаарга которуласын уй булоон, тиричилигин айылда болсо деп. Жаню болсо мен элдей болуп жумушумдан которулсом да жакпайм силерге деп машинасын катуу айдап кетип калды.
#28 04 Июнь 2017 - 20:25
Кайсы маалда келгенин билбейм эртен мн турсам кайн атам экоо суйлошуп отурушуптур.
Чайга отурганда атам Пери сени биз мн эле кете бер, балам жумушунан бияка которулуптур 1ай иштеп, анан айылга бармай болду деди. Ичимден ит олуп турса да атама каршылык соз айтуу мумкун эмес эле. Айылга кетип атканыбызда мен звонок кылып турам деп башка ашыкча суйлогон жок. Суйлошконубуз 1жумада 2жолу болуп турду. Бул суйлошуу да биз учун оор болчу. Уйдогу тиричиликти сурагандан башка соз чыкчу эмес. Эмки айда которулам кийинкиде болуп атып 6ай корушкон жокпуз. Анан бир куну кутуусуз эле мас болуп келип сен кет, менин башка алып алган аялым бар, анын боюнда бар уйлонушум керек деп чыр салды.
#29 04 Июнь 2017 - 20:39

Билдирүүнү түзөткөн: regina86: 04 Июнь 2017 - 20:40
#31 04 Июнь 2017 - 22:04
Эх ушул эркектер акча кармап калса эле дуйнону кармап тургандай болушат. Эркекти акча копто аялды акча жокто сына дешет. Чындыгында аялдар сабырдуу. Эх жашоо
#32 04 Июнь 2017 - 22:09
Чогуу жашап жургон жылдарда экообуз кыйкырып урушкан кундорубуз эч эле болгон эмес, майда барат бултундап калган таарынычтарды кошпогондо.
Жанюдан бул созду коптон бери айтаарын билип журсом да, бозоруп эмне дееримди билбей отуруп калдым. Ага чейин деле 6айдан бери чогуу жашабайбыз 1айда бир жолу чаласын, мен сага киммин озу деп уруш чыгарсам деле болмок, бирок кайн атам менен кайн энем козумдун кареги мн айланып турушса, эч нерседен кем кылышпаса уруш чыгаруу оюма деле келген эмес, мен ал уйдо келин эмес кызындай эле жашап калган элем. Козумдон жаштар молтуроп агып эле туруп калдым, апам келип баласын жакка бир жаап. Кыйкырып урушуп кирди сага кочодогу шуркуяны алып берет деп ойлобо. Шырпыктай кезинде озун алып келип алып эми кереги жок болуп калдыбы деп. Мага баласынын да кереги жок, мени балам десенер экоону тен кетиргиле деп кетип калды. Апам баладан айланган акмак деп кыйкырып кала берди. Кечинде атам келгенде айттыле иттин баласы, мен озум суйлошом аны менен деди ызырынып, баарыбыз ойлонуп эле ондуу деле тамактаналган жокпуз.
#33 04 Июнь 2017 - 22:21
Ошол кезде, алып качкан жерде кала берсем болмок экен деген окунуч болдубу, же каргап койдубу деген ойлор?
Билдирүүнү түзөткөн: Lady_90: 04 Июнь 2017 - 22:27
#35 04 Июнь 2017 - 22:51
Жаню менен эртеси телден эмне деп суйлошту билбейм, бирок коп суйлобой тунт болуп коп ойлончу болду. Мас болуп келип гараждагы машинанын терезелерин талкалап, уйдон мени кетиргиле деп чыр салган концерти жума сайын кайталанып калды. Акыркы жолкусунда атамдын давлениясы которулуп, тез жардам чакырып алып жонодук. Врачтар тынч койгула эс алсын деп бизди палатасына киргизген жок. Уйго барып баламды уктатып коюп ойлонуп жаттым, ушул кунго чейин кайн атам мн кайн энемди кыйып таштап кеталбай жакшыле чыдадым. Эртен ыраазычылыгымды айтып, балам менен кетем деп чечим чыгарып, тан атканча уктай алган жокмун. Эртеси эрте туруп кийимдерибизди сумкага салып даярданып койдум. Апам турганда чай берип атсам, кошуна жашаган туугандарыбыз келип эмне болдунар деп атама камынып жоноп калдык. Барсак врач дары жазып берип уйго алып кете берсенер болот деп кагазын сунду. Уйго келсек туугандар тоок шорпо бышырып кутуп отурушуптур.
Мен кетееримди кайсы маалда айтсам деп ылайыгын келтиралбай журдум. Тамак ичилип буткон сон аркы терки эле создор болуп атканда, озумду кармап атама кетееримди айттым. Ата баланын ортосуна уруш болушун каалабайм, мен сиздерге ыраазымын деп, атам отурган жерге барып бутуна чоголоп суранам мени койо бериниздер,
ыраазы болунуздар деп ыйладым. Отургандын баары шыпшынып калышты. Мен мындай жолго барганымдын себеби атам Жаню менен урушкан сайын давлениясы которуло берчи, арты жаман болуп кетсе мен озумду кечире албайт элем. Айтпай деле кетип калууну ойлонгом бирок мени аш менен уруп аткан адамдарга таш мн жооп бергим келбеди. Атам болду кызым ыйлаба, сен айткандай болсун деди. Кенешип отурушуп эртен мени ата энеме оздору жеткизип бермей болушту. Мага болсо кундо Жанюнун номеринен укмуш согунгон создор менен менин кетип калуумду талап кылган смстер тушот. Эртеси сумкаларымды алып балам экообузду атам уйго жеткизип келишти. Атам мн кайн атам экоо оздорунчо огороддун башынан суйлошушту.
Апам болсо уйдо мага эмне болдунар деп чыйпылдап сурап журот. Атам уйго кирип чай ичип небересин ооп, жыттап коштошуп чыгып кетти. Анан апама эмне болгонубузду айтып бердим, атам копко ойлуу отуруп куда жакшы киши баласы бирок аны жолдобой калыптыр деп ушкуруп койду.
#36 04 Июнь 2017 - 22:57
#37 04 Июнь 2017 - 23:12
Кандай гана жашоо ээ. Эх эркектерге дабаа жок экен гоо. Уйундо ай чырактай жубайлары кутуп жатса не деген кудайга жакпаган акмакчылык иштерди кылышат. Бешененизге баланыз ыймандуу, акылдуу, сизге кайрымдуу болуп чонойсун
#38 04 Июнь 2017 - 23:14
тиги Аликтин табасы канып отурган болсо керек ажырашып кетти ушуну кормок деп
#39 04 Июнь 2017 - 23:15
суйуу деп ала качкан жерден алып кеткенден кийин ушундай кыянаттыктар болбосо
Билдирүүнү түзөткөн: Asiet: 04 Июнь 2017 - 23:17
#40 04 Июнь 2017 - 23:18
Ата энемдин уйундо жургонумо 15кундой болуп калганда, кайн атам келип мени озунчо чакырып келген себебин айтты. Бишкектеги кайн эжемдин швейный цехин мага бергенге суйлошуп коюптур, азырынча алаксып иштете турсан, кийинчереек сага башка цех ачып берем деп калды. Мен ата болбойт го Жаню укса жинденет го десем. Мен неберем учун чуркап атам, менин неберем бейпил жашоодо, ыйлабай чоноюш керек. Энени баладан ажыратуу кандай оор экенин мен жакшы билем, озум энесиз осконум мага жетет деп козу жашылданып кетти. Мени туура тушун биздин май берип бакканыбыздан сенин жанында суу ичип чонойгону жакшы бала учун деди. Кайн атамды кетирип коюп, уйдогулор мн кенешсем кыйналып калбайсынбы жаш балан менен деп кыйылып атып макул болушту. Уйдо деле кичуу байкем мн женемен тартынып, женемдин каш кабагын карап жургум келген жок.