Жолдошунузду кундошунуз окутуп албады бекен?
Ачылбас бактым
#62 05 Июнь 2017 - 14:58
Куйоонуздун экинчи аялы ж.о да маалымат бере кетсениз эмне болуп таанышып,эмне болуп суйушуп калышыптыр?
Эмне учун сизден алыстап кетти дегендей?
Эмне учун сизден алыстап кетти дегендей?
#63 05 Июнь 2017 - 15:05
Койнок тандамай, тойго келчулордун списогун тузмой, ырчы чоорчулар мн суйлошмой кундор отуп жатты. Баламдын болсо эч нерсе мн иши жок, ал байкушум эмнени тушунсун. Мен болсо уй булоо куруп, жоопкерчиликтуу жубай, келин наамын алып атканым деле мееме кирбей, душманыман оч алып атканыма эле кубанып журдум. Жанюнун апасы деле суйунгон имиш жакшы болуптур, бак берсин деп. Той куну да жакындап ата энем туугандар, атамдын агасынын уйуно чогулдук, эртеси куну мени ошол уйдон узатмай болушту. Апам болсо Байелден камсанаба мен айылга ала кетем, сен бер деген куну жеткизип келем деп, Кудайым багынды ач[moderated] деп чачыман сылады. Уйдо элдин баары эртенки тойдун камын коруп журушот. Тундосу эч эле уктай албай кыйналдым, баламды бекем кучактап, мойнунан чачынан тойбой жыттап, ыйлап жаттым. Балабыз ата энесинин жанында чогуу журбогонуно,
озумду куноолорумду же Жанюну куноолорумду билбей, баламан кечирим сурап тан атырдым.
#64 05 Июнь 2017 - 15:10
aylin_kg (05 Июнь 2017 - 14:58) жазган:
Куйоонуздун экинчи аялы ж.о да маалымат бере кетсениз эмне болуп таанышып,эмне болуп суйушуп калышыптыр?
Эмне учун сизден алыстап кетти дегендей?
Эмне учун сизден алыстап кетти дегендей?
Жумушуна жакын жердеги кафеде иштейт экен ал келин. Тамактанганы кирип журуп таанышкан го. Кантип суйушуп калганын ким билсин. Мен кош бойлуу кезим оор отуп, Бишкекте болуп бат баттан больницага жатып, врачтын козомолундо болуп журуп торогом. Жаню ал учурда жаны эле жумушка кирген кези болуп мени мн шаарга чогуу келе алган эмес.
#66 05 Июнь 2017 - 15:52
Той!Той!
Той!Той!
Мына бугун той, той, той деп бапылдап ырдап жердем ойготту. Танга маал козум илинип уктап калган экем. Турсам эле женемдер бол эми эрге тийчу кыз да сендей уктайбы, жуунуп, койногунду кийип, даярдан азыр чачынды жазап, бетине макияж кылчу кыздар келет деп шаштырып калышты. Койнокту кийип, отуруп бердим. Чачымды ары бери жулмалап бир нерсе кылды окшойт, бетиме да бат эле макияж жазап койду. Ойдо туруп артыма бурулуп кузгуну карап, тан калдым чын эле мен ушундай болуп эрге тийип атамбы деп. Коп учурда туну ыйлап жургонго шишик болуп турчу, козум жок бакыраят. Комнатадагылар да бугун озгочо сулуусун деп, бетимден опкулоп бутушпойт. Куйоо балдар келди болуп чурулдап калышты. Оз каада салтын кылышты окшойт, болмого назик кичинекей гулун кармап, жылмайып Азат кирип. Бетимден суйуп жатып, жаным мен бугун озгочо бактылуумун деп кулагыма шыбырады. Мен денемди майда калтырак басып, толкунданып бир ыйлагым келип аран турдум.
#67 05 Июнь 2017 - 16:10
Уйдон чыгып жатканда да бир баламды, бир апамды кучактап ыйлап бутпойм, биринчи жолу эрге тийип жаткансып. Макияж былжырап эле болбой калды, тиги кыз анан машинадан кайра жазап берди. Той оз жолу мн жакшы болду. Гулянка жургондо Азаттын досторунун аялдарынын кантип эле жон жерден бир баласы бар келинди алсын, боюнда болуп калып албасан сотко берем деп кыйнап, тийип аткан экен деген создорун угуп калып, кулкум келип журдум. Азат шаардын чет жакасындагы жаны конуштардын биринде турат экен. Той да, тойдун эртеси да болуп, уй булоолук жашоо башталды. Эже женелеринин башкача коз караштарын байкадым, алар деле сиздер Жанюнун аялын окутуп алган эмеспи дегениниздердей эле ойдо болушту окшойт.
#69 05 Июнь 2017 - 17:43
Азатка сенин башынды имерип, окутуп алган окшойт деп ойлошту го десем, ооба сени коргон куну эле менин башым айланып суйуп калгам деп кулуп койду. Мени жаны уй булоодогу абысындар катуу сынайлы деп суйлошуп алышкан окшойт. Мен жок болмодо баштары бирикселе, соз кылган адамы мен болдум. Уйлонгонубузго 20кун болгондо кайн энем тойду карызга акча алып откозгонбуз,
ошону иштеп таап, озунор кутуласынар деди. Макул деп ишибизге жакыныраак,
мурда мен балам мн жашап жургон квартирага келдик.
#70 05 Июнь 2017 - 17:53
Азатка турмушка чыкканым, менин жашоомдо кетирген экинчи чоон жанылыштыгым экенин бат эле тушундум.
#74 05 Июнь 2017 - 18:37
Адам аласы ичинде дейт, көпөлөктөй айланчыктап,
таттуу сөздөрү менен арбап турса ишенгенсиң да. Негизи каргап коюшкан окшойт. Каргабаган тагдырда деле канча адам нааразы болгон да ошондо. Адамды нааразы кылса жаман деп коюшат го. Негизи ушу зордоп ала качпса да. Жигит болсоң сүйдүрүп ал, жула качпай.
Билдирүүнү түзөткөн: tynara81: 05 Июнь 2017 - 18:38
#77 05 Июнь 2017 - 19:39
Мен цехти иштей баштадым, Азат болсо торг агент болуп иштейт экен оз ишине кайра барды. Уйлонгонубузго эки ай болуп калганда, балам куса болуп ооруп, апам сагынычы тарасын деп мага алып келип берди. Балам келген кундон коп отпой Азаттын кичинекей балага кылган муздак мамилесин байкадым. Балам да Азатты мага жолоткусу келбей, кучактап ыйлайт, кызганып. Азатка мурдале айткам да менин конулумду табам десен, балам мн тил табыш деп. Байел айылга кеткенде андан откон романтик адам жок болуп калат. Баламда мамама барам деп ыйлай бергенинен,
апам жеткизип келген. Азат болсо балан ушинтип эле бизге келе береби деп кабагын буркоду. Жиним чыгып кыйкырдым балам мен тируу турганда жанымда болот, мен сага аны башындале айткам балам озумдо болот дегем, эсине кел деп жарыла болгон ачуумду чыгара суйлондум.
#78 05 Июнь 2017 - 19:55
Унчукпай телевизор коруп отуруп калды. Баламды кагып силкип урушпай оноло тушконсуду.
Байелди чон атасы да алып кетип ойнотуп келип журду. Бир жолкусунда Байелди алып кеткенине 3кун болгондо, цехте отурсам кыздардын бироо Байелди жетелеп бироо эшикте журот деп калышты, чуркап чыксам Жаню экен. Корбогонумо 3.5 жылдай болуп калган да, суйуноорумду билбей же уруша албай эле нес болуп туруп калдым.